ru.neweurasia.net
Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Кыргыз тилине байланышкан 17 кызыктуу сайт

Коом, Маданият »

Авторы Төлөгөн Аматов on Friday, 27 January 2012 | Пікір жоқ

Акыркы убакта кыргыз тили тууралуу жана анын тегерегинде көбүрөөк кеп кылына баштады. Тил үйрөнүүгө арналган же жардам берген интернет булактарына кыскача сереп сала кетүүнү чечтим.

Бирок буга чейин “Кыргыз тилин эмне үчүн үйрөнүш керек?” деген суроого өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларынын биринин студенти Маргарита Скочилодон мекендештерибизге лирикалуу жооп:

«Биздин жер жылуулукка, жарыкка, көк-жашылга, сүйүүгө каныктырылган. Баарында жеңилдик жана мээрим сезилет.

Ал эми кыргыз тили – желдин аймаганындай жумшак. Ушул жер үчүн атайылап ушундай жаралгандай. Ал биздин тоолорубузду, өзөн сууларыбызды, кайталангыс токойлорубузду сүрөттөө үчүн жаралган. Жана жерде жок сулуулук, Кыргызстандын жүрөгү – Ысык-Көл так ушул тилде сүрөттөлүшү керек.

Биздин Ысык-Көлгө бир да океан, бир да деңиз тең келбейт. Ысык-Көл – бул кичинекей, жылуу көл. Ошол эле учурда горизонтко, оролуп келген толкундарга көз жүгүртсө, анын жаны бар экенин, ал жандуу экенин жана өз толкундарынын шыбыры менен биз менен сүйлөшүп жатканын сезсе болот.

Кай бир жерде, сенден болгону эки жүз чакырым аралыкта Ысык-Көл шарпылдап турганын билүүнүн өзү – бакыт. Ал эмес ушул көз ирмемде, так сенин өлкөңдө. Жана мен кыргыз жеринде – эң кооз жерде – жашаарымды, кыргызстандык катары ушул ыйык сууга кол тийгизе аларымды, тоо-токойдун, албууттанган дарыялардын, бутка оролгон чөптүн тилинде, көк карагай, кызгылт күн чыгыш менен көпкөк көлдүн тилинде – КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ – сүйлөөрүмдү сыймык менен айтам!»

Жалғасын оқыңыз »

Кыргызстандагы интернет провайдерлер

Коом »

Авторы Төлөгөн Аматов on Tuesday, 10 January 2012 | Пікір жоқ

Бул график Кыргызстандагы провайдерлер Интернетке кантип кошуларын чагылдырат.
Ар бир провайдердин астында AS (Автономдуу Системдин) номуру жайгашкан.

Өткөн жылга салыштыргандагы негизги өзгөрүүлөр:
- Мегалайн эми КыргызТелеком аркылуу эмес, түздөн-түз Казакстан аркылуу туташат.
- Elcat аркылуу азыр Fastnet жана Megacom туташат.

AS тууралуу маалымат булагы: http://as-rank.caida.org/
Графиктин автору: Тилек Мамутов

Бишкектеги интернет провайдерлеринин камтуу аймагын жөнүндө маалымат

Эл аралык валюталык фонд
Авторы adilet on Friday, 30 December 2011
Пікір жоқ

Эл аралык валюта фонду (МВФ) – БУУнун адистештирилген мекемеси. МВФтин пайда болуусу 1945-жылы 27 декабрда 29 мамлекет тарабынан келишимге кол коюлуп, ушул күн МВФтин пайда болуу күнү катары таанылган. МВФ 1947-жылдын 1 мартынан баштап, Бреттон-Вуддук …

Кыргызстанды каржылап келе жаткан финансылык уюмдар
Авторы Рысбек Арунов on Wednesday, 28 December 2011
Пікір жоқ

Эгемендикти алган жылдары, Кыргызстанда экономикалык абал ич жылытаарлык эмес экенин баары эле билсе керек. Орусиянын борборунан каржыланып келген Кыргыз өкмөтү, көз карандысыздыкты алганда, аябай кыйын кезеңге туш болуп, өлкөнүн бюджети жада калса социалдык тармакта иштеген …

“Ачык асман” режимин ишке киргизүү авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет
Авторы Мирсулжан Намазалиев on Tuesday, 27 December 2011
Пікір жоқ

Кыргызстандын деңизге чыкчу жолу жок болгондугу азыркы убакта олуттуу деле тоскоолдук эмес. Географиялык жактан евразия континентинин так ортосунда жайгашканыбызга кошумча, ачык асман саясатын ишке киргизүү бизге атаандаштык  артыкчылык түзөт берет.
Ачык асман саясаты – бул эрежелерди …

Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүсүнүн натыйжалары
Авторы Мирсулжан Намазалиев on Monday, 26 December 2011
Пікір жоқ

20 декабрда Кыргызстандын ДСУга (Дүйнөлүк Соода Уюму) киргенине 13 жыл болду. ДСУга кирүүнүн кандай жыйынтыктары бар? Кыргызстан 13 жылдын ичинде кандай пайда көрө алды?
ДСУга кирүүнүн биринчи максаттары бул соода режимин либералдаштыруу жана эркин сооданын принциптерин …

Визасыз режимди колдоо боюнча ачык кат
Авторы Мирсулжан Намазалиев on Thursday, 22 December 2011
Пікір жоқ

Коомдук уюмдардын коалициясы жана бизнес коомчулук Жогорку Кенешти 41 өнүккөн мамлекеттер үчүн визасыз режим боюнча, мыйзамды кабыл алуу процессин тездетүүгө чакырат.
Биринчи сунушталган тизмеде 57 мамлекет үчүн визасыз режимдин киргизилгендигине карабастан, коомдук уюмдардын коалициясы жана бизнес …

Twitter дүйнөсүнө кош келиңиздер!
Авторы Lazat on Thursday, 22 December 2011
Пікір жоқ

Мобилдүү, коммуникабелдүү жана заманбап интернет технологиялары менен жакындан тааныш  болуу  – учурдун талабы. Андыктан, твиттер дүйнөсүнө кош келиңиздер!
Твиттер деген эмне?
Twitter (Твиттер) -  140 белгиден турган кыска кабарды жарыялоого мүмкүндүк берген микроблогинг платформасы.  Twitter – англис …

Өкмөт жаңы түзүм менен эффективдүү иштей алабы?
Авторы Мирсулжан Намазалиев on Wednesday, 21 December 2011
Пікір жоқ

Коомчулуктун кароосуна өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоору сунушталды. Жаңы долбоор өкмөттүн ишин оптималдаштырабы же кезектеги пайдасыз өзгөртүү катары кала береби?
Жаңы долбоордо министрлик статусундагы 5 мекеме алынып салынды:

Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги
Табигый ресурстар министрлиги
Социалдык коргоо министрлиги
Мамлекеттик …

Кыргызстандын тышкы карызы
Авторы Рысбек Арунов on Monday, 19 December 2011
Пікір жоқ

Ушул убакка чейин чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан, дүйнөлүк жана регионалдык банктардан канчалаган пайызсыз кредитинда, пайызы бар кредитин алып келе жатабыз, ал келген финансы каражаттарынын мамлекет, эл үчүн иштегенин эч ким көрө элек.
Ал каражаттар кумга …

Кыргызстанда таза соттор барбы?
Авторы adilet on Wednesday, 14 December 2011
Пікір жоқ

Кыргызстандагы сот системасы кандай иш алып барат, соттор кандай чечимдерди чыгарат, ал жакта кандай адамдар иштейт – деген суроолор ар бир кыргызстандыкты кызыктырат. Анткени, сот системасы мамлекеттеги бийликтин бир бутагын түзүп, жасаган жумуштары калктын жашоо …

Оштогу бир күн жана биринчи JashtarCamp2011
Авторы Lazat on Monday, 12 December 2011
Пікір жоқ

20 ноябрда эртең менен саат 5те уйкудан зорго ойгондум. Дем алышта таң атпай туруу мен үчүн бир тозок десеңиз. Бирок, бул күнү боло турган Жаштар Кемпти эстегенде, атып эле …

Сот бийлигинин мышык ыйлачудай абалы
Авторы Рысбек Арунов on Saturday, 10 December 2011
Пікір жоқ

Кыргызстанда бийлик бутактарынын бири болуп сот бийлиги саналат. Сот бийлигинин өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп – көз карандысыздыгы саналат. Ушу күнгө чейин, Кыргызстандагы сот бийлиги, бийликтин башка бутактарына көз каранды болуп, чечимдерди бирөөнүн кызыкчылыга чечип берип, элдин …

Кыргыз элинин байлыгын соргон коррупция
Авторы Рысбек Арунов on Saturday, 3 December 2011
Пікір жоқ

Канча жылдан бери эле коррупция менен күрөшүп келебиз, бир да пайда чыккан жок. Ар бир жаңы келген жетекчи, сөзсүз коррупция менен күрөшөм, кыскартам, жоготом деп, элдин көңүлүн көтөрүп келет.
Ошенткени менен бир да жетекчи алгылыктуу иш …

Кыргызстан Интернеттен көчүрүү ылдамдыгы боюнча Борбордук Азияда экинчи орунда турат.
Авторы Төлөгөн Аматов on Friday, 2 December 2011
Пікір жоқ

«Пандо Нетворкс» уюму изилдөө жүргуздү, ошого ылайык Кыргызстанда Интернеттен берилиштерди көчүрүүнүн орточо ылдамдыгы седундасына 165 килобайтты тузөт.
Ушул көрсөткүч боюнча Кыргызстан Борбордук Азияда экинчи орунга чыгат.
Дүйнөдөгү 224 өлкөдө 20 миллиондон ашык компьютердин көчүрүү ылдамдыгын талдап …