Кыргызстандыктын көз-карашы: Казакстан – регионго кол жетпеген.
Саясат1 пікір
Ушул февраль айынын башынан орто ченине чейин өзүм көнүп калган Бишкектен чыгып, жогоруда аттары аталган өлкөлөргө барып келдим. Негизи, Латвияга эле барышым керек эле, бирок башкаларын дагы көргүм келип, аларды салыштырууга ниеттендим. Ошентип, Кыргызстандан Өзбекстанга Казакстан аркылуу ашып, андан соң Латвияга учуп, автобус менен Белоруссияга келип, поезд аркылуу Украина, Россияга келип, акыр аягында самолет менен Мекенге учуп келе бердим. Эмесе, биринин артынан бирин, нуктан чыкпай көркөмдөп айтып берүүгө чамынайын.
Казакстан: регионго кол жетпеген.Казакстан коңшу мамлекет болуп, анан дагы дүркүрөп өсүп жатат деген кептерди угуп, анын борбор шаарларынын ажайып кооз келбеттерин сүрөттөр, сыналгылар аркылуу көргөндөн бейм, айтор бул өлкө көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн таптакыр башкача туюлат.Экинчи борбору болуп эсептелген Алмата шаарына барып калганымда, Бишкек экөөнүн ортосундагы абдан чоң айырмаларын көрүүгө болоор эле. Ал эми бул өлкөнүн айыл-кыштактарынын оор абалда экендигин, өзгөчө Чымкент, Тараз шаарчаларын тегеректеген аймак таптакыр бөлөк картинаны берет.Алмата өзүнүн кайсы убак болбосун токтолбостон иш жүзүндө болуп турган турак-жай, чоң-чоң мекемелерге имараттарды куруу менен алектенгени эсте калаарлык. Анан дагы, көчөлөрү кең, салыштырмалуу таза, автоунаалары сан жеткиз, жана чет-өлкөлүктөрдүн даг көп жашагандыгы дагы шаарга көрк берип тургандай. Ал эми Астана болсо өзүнүн улуттук орнаментин кошуп, жалтыраган жасалма бийик-бийик имараттары менен таанымал.Ал эми, региондорго чыкканда таптакыр башка картинага туш болуп, кантип эле ушул айыл же кыштак ушунчалык кооз шаарлары бар мамлекетке таандык болсун деген суроо дагы туюлушу мүмкүн. Маселен, мурдагы Жамбыл деп аталган азыркы Тараз шаары, анын тегерегиндеги аймактар кадимки эле Кыргызстандын кичи шаарларын жана айылдарын эске салса, Чымкент шаарынын Өзбекстанга чектешкен жерлери биздин түштүктөгү Тажикстан, Өзбекстан менен чегарабызды эле эске салат.- «Паспортуңарды бергиле!», – деп жанына жүдөө, кир кийимдерин үстүлөрүнө илип алган, арак жыттанган адамдарды эрчитип алган бир милиция кызматкери мени кошуп жанымда кетип бара жаткан төрт баланы токтотту. Бул маалда, Казакстандын Өзбекстанга багытталган чегарасына басып жетейли деп калган маалыбыз эле. Паспортторду чогултуп алып, анан бажы декларацияңар канакей деп, туруктуу түшүнүк бербей эле, аркасына эрчите баштады.- «Байке, Кыргызстандыктар декларацияны толтурушпайт… Бизге эч ким толтургула деп дагы айтпайт… Биз көпе жолу ушинтип эле өтүп жүрөбүз, паспортубузду кайрып бериңиз», – деп жаштар анын аркасынан ээрчий басышты.- «Жүрсөң мени менен», – деп төртөөнүн ичинен бирөөсүнө, тиги милициянын жанында ээрчип жүргөн бомж сыяктуу киши өзүнө тарта, анан «Келлеңерди (Башыңарды) иштеткиле, 3 миң теңге бергиле да кете бергиле, болбосо өзүңөргө эле проблема таап аласыңар!», деди ал.Ошол маалда айланада жүктөрүн жондоруна асынышып, шаша-буша адамдар өтүп, жалт этип милицияны караша, өздөрүнүн жолдоруна түшүп кетип жатышты. Ал эми бул аймак чегарага жакын болгондуктанбы, айтор, кичинекей магазинчелер, акча алмаштыруучу жайлар адамдарды өздөрүнө чакырышып, ал эми көчөлөрдө кебетелери кара жумуштан саргайган, кир жана айрылган кийимдерди үстүлөрүнө имерген жумушчулар өзбек-казак тилдеринин синтезинен чыккан кандайдыр бир жаңы тилде сүйлөшкөндөй.Ушинтип, тегерекке көз чаптырып, тигил милиция жана анын бомж досторунан кантип кутулаар амалын издеп жатканда, машине менен бөлөк казак милиционер келе калып, эмне болуп жатканын сурады. Балдар «байке, жардам бериңизчи, бизди жөндөн-жөн эле кармап жатат» деген сөзгө ал дагы мыйыгынан карап, өзүнүн берки бизди кармаган коллегасына жылмайып, анан «мейли кете бергиле» деп үн катты да, паспортторду кайтарып берди.Ошентип, аркада өнүгүүдөн артта калган Казак элети калып, алдыда ошол эле өлкөнүн чегарасы, андан соң Өзбекстандын борбор калаасы күтө турду. Алгач Казакстандын чегара кызматы таң калтырды, ал жактан, меникинен башка терезеге кайрылышкан балдарга «эмне үчүн паспортуңарга Казакстанга кирди деген штамп бастырган жоксуңар» деп, миграциялык баракчага көңүл бургусу келбеген бажы кызматкери үн катты.Кичинекей ID паспортунун кайсы жерине печать басмак эле? Анын үстүндө Казакстанда Кыргызстандыктар ар дайым эле өтүп, эч кандай бажылык декларацияны, же паспортторуна печать койдурбай эле өтүп келишкен. Алар болгону гана миграциялык баракчаны толтурушуп, ошого жараша эч кандай проблемасыз эле өтүп жүрүшкөн. Бирок бул маалымат Бажы кызматкерин канааттандырган жок.Ал болсо, силерди кайра артка жөнөттүрөм, тигил чегарадан печать бастырып келесиңер деп коркутууга аракет кылганда, кай бир балдар «Эже, башка жол жокпу?» дегенде «Я могу пойти к вам на встречу» деп орусчалай айтып, анан канча теңге керек десе, минимум 3 миң деп туруп алды. Ошентип, тиги балдар акча төлөп, анан араң чегарадан өтүштү.- «Казак бажылары ушундай, жөндөн-жөн эле акча сындыра беришет», – деп ал жактан өткөндөн кийин өзбек жаңы тааныштар айта калышты.
Уландысы (Өзбекстан, Латвия, Белоруссия, Украина, Россия жана Кыргызстан тууралуу) болот.



[...] Казакстан – региондорго кол жетпейт. Ушул февраль айынын башынан орто ченине чейин өзүм [...]