Авиабазына жабуу: бир вектордуу тышкы саясаттын башатыбы?
СаясатПікір жоқ
Америкалык «Манас» авиабазасынын жабылуусу, өлкөнүн Оруссиядан 2 млрд карыз алуусу эларалык мамилелерде бир тараптык саясаттык башаты десек жаңылышпасак керек.3 февралда Москва шаарында Курманбек Бакиев кыргызстанда жайгашкан америкалык авиабазанын жабылуусу тууралуу жарыялады. Анын айтымында, экономикалык компенсация тууралуу талкууда АКШ тарабынан реакция болгон эмес, жана амеркиалык партнерлор менен түшүнбөстүктөр Александр Ивановдун өлүмү боюнча бар болгон. Эми кыргыз өкмөтү базаны жабууну ык көрүп, анын жараяндарын баштады.Баарынан таң калтырган нерсе – бул билдирүү Москва шаарында, Оруссиянын президенти Дмитрий Медведевдин жанында айтылган.Бул билдирүү бир гана ой жаратты: кыргыз бийлигине АКШ дагы, Оруссия дагы ишенбесе керек. Акыркы төрт жылдын ичинде Бакиев чет жакада жүргөндө бир нече ирет базаны жаптырам деп убада берип, ал эми Бишкекке кайткандан кийин пикирин өзгөртүп турган. Бул саам, Медведев мырза жарым карыш жылдырбай туруп айтууга мажбурлагандай көрүндү.«Кудайдан тапкан» Оруссиядан 2 миллиард доллар өлчөмүндөгү насыя жана гранттык жардам дээрлик энергетика тармагына жумшалып, ал эми ал сектор болсо, аты аталган өлкөнүн таасиринин алдында калмакчы. Анда эмесе, Оруссиянын алдына чөгөлөөнүн экинчи турунун башталуусу менен куттуктайм!



Акыркы пикирлер