Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Саясат

Алмата жол полиция башкармалыгы кыргызстандык мигранттарга коомдук транспортту айдаткысы келбейт

Алматанын автобустарын алматалыктар гана айдоого тийиш. Мындай пикирин кечээ КТК каналынан Алмата жол полиция башкармалыгынын начальниги Мукан Досымбаев билдирди. Ал түштүк борбордун коомдук транспортун айдатуу маселесинде мигранттарга эле эмес, Казакстандын башка шаарларынын жашоочуларына да ишенбей турганын белгиледи.

Мукан Досымбаев бул норманы атайын мыйзамга киргизүүгө аракет кылууга ниети бар экенин да белгиледи. Анын айтымында, статистика боюнча карап келгенде башка жактан келген айдоочулар, айрыкча Шымкент, Тараз шаарларынан, ошондой эле Кыргызстандан келген айдоочулар жол эрежесин көбүрөөк бузат.

Бүгүн буга байланыштуу салтуу болуп калган атайын “Автобус” операциясы өз ишин баштады. Бир нече күн бою полициялар коомдук транспорттун айдоочуларын өзгөчө көзөмөлгө алат.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.