ББ. Кыргызстанда Ким Калат?
Саясат2 пікір
ББ – Бакыт Бешимовдун аты жөнүн кыскартып жазган аталышы. Саясый аренада чечимдерди көбүрөөк акыл калчап, ой жүгүртүп кабыл алган, академикалык жана эксперттер чөйрөсунүн чыккан депутат Бакыт Бешимов Кыргызстанда болгон коркутуулардан улам, Америка Кошмо Штаттарына чыгып кетти деген маалымат кай бир маалымат ресурстарында таркатылды.
Көптөн бери Бакыт Бешимовду кайда жүрөт, эмнеге мынчалык көп убакта өлкөдө жок ж.б. суроолор туулуп келген. Азыр болсо, анын Америка Кошмо Штаттарына чыгып кетип, ал жактан университетте сабак берип, ошол эле учурда эмне үчүн анын Кыргызстандан чыгып кеткендиги тууралуу маалыматты Джэймстаун фондунун автору Эрика Марат жазып чыккан.
Бакыт Бешимов 15 сентябрдагы Джон Хопкинс Университетиндеги презентациясында Кыргызстандагы тумандашкан абалды сүрөттөп берген. Анын айтымында, Оруссиялык саясыый күчтөр жана жергиликтүү кримчөйрө кыргыз бийлиги менен биригишип, бийлик оппоненттерине каршы иштерди аткарып келишүүдө. Бешимовдун электрондук дареги жана интернеттеги коомдук тармактары анын тышкы чөйрө менен сүйлөшүүсүн токтотуу максатында жабылып калган.
[inspic=262,right,,0]Бешимов агай менен эки жыл мурун жолукканыбызда, ал мага Кыргызстандык саясый качкындар жок, алар жөн гана мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, тышка чыгып кетишүүдө деп айткан эле. Анын сөзүнөн мен дагы ошондой ойлонуп калгам. Эми, Сыргак Абдылдаев, Эдил Байсалов…, Бакыт Бешимовдордун коркутуулардын аркасынан чыгып кеткендигинен кийин, Кыргызстандык качкындардын саны бир эки жылда канчага жетет деген суроо пайда болот.



Эми журналисттер, бизнесмендер, укук коргоочулар качып башташат го
[Reply]
Anday bolboso ele boldu
[Reply]