Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Саясат

Бекназаровдун Диктаты

Авторы Гульсали on Tuesday, 7 September 2010
Саясат
6 пікір
Photo by EPA

Photo by EPA

КР вице-премьер-министри Азимбек Бекназаров «Эркин Тоо» гезити уюштурган түз байланышта окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып, бүгүнкү күндө кээ бир эл аралык уюмдар саясий партиялардан кем калышпай калды деп билдирди.

«Мамлекеттин ишине киришишет, бийликти обу жок сындашат, анан өлкөдө болгон окуяларды көбүртүп-жабыртып чыга келишет. Алардын уставында маселен, бирөөндө коррупцияга каршы күрөшөөрү жазылып турса, экинчисинде адам укугун коргоо жөнүндө айтылат, үчүнчүсүндө түрмөдөгү зордук-зомбулукту болтурбоо ж.б. деп конкреттүү жазылган. Анан ошол өз иштерин кылбай, таптакыр тиешелүү эмес иштерге киришип кетип жатышат. Бул өтө чектен чыккандык болуп саналат. Тактап айтканда, мыйзамды одоно бузуу», – деди Бекназаров.

Ал белгилегендей, мындайлар өз жолуна коюлат, ашынгандары жабылат, жазаланат, «антпесе болбой калды». «Биз мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калышыбыз керек. Акыркы учурда Кыргызстанга сырткы, ички күчтөр тарабынан «маалымат согушу» жарыяланды. Биз ушундан сак болушубуз абзел», – деп белгиледи Бекназаров.

Азимбек Бекназаров азыркы учурда ишкерлер тарабынан гана жашыруун жемеленбей, көз карандысыз жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү тарабынан дагы жемеленип келет. Ага каршы аргументтердин саны жана сапаты дагы курч, бирок ага карабастан жакында эле анын позициясы вицепремьерликке дейре көтөрмөлөндү. Балыктын баш жагында жайгашкан Азикенин кылыктары өлкөнүн демократия нугунда өнүгүүсүнө күмөн туудурат.

6 пікір »

  • Mirsulzhan says:

    Бекназаровдун жанында Каримов уктап эле жатат!

    [Reply]

  • Адил says:

    Бекназаров азамат. Чын эле акыркы убакта эл аралык уюмдар кыргызстанты талкалоого гана кызыкдар корунуп турат. Мамалекеттуулукту сактап калбасак бул эл аралык уюмдун иттери олкобузду талап кетишет.

    [Reply]

    Mirsulzhan Reply:

    Бекназаровдун өзү бизди кыргызстан элин талап бүтүрбөсө эле…

    [Reply]

  • Ajymurat says:

    позициясы вице болсо да эми прокуратура менен сотторду башкара албайт. карамагында ИИМ менен ЖАББ калды. менимче Байболов эч качан Бекназаровду укпайт.а бирок чет өлкөлүк уюмдар жөнүндө айтканы жүйөлүү,чындык бар.АКШ,ЕБ,ОФ жана башка уюмдар …ар ким өз кызыкчылыгы үчүн жан үрөйт.баары эле Кыргызстандын өнүгүшүн каалайт деп айта албайбыз…

    [Reply]

    Mirsulzhan Reply:

    Легалдык түрдө азыркы учурда ал бийигирээк турат. Андыктан, анын чечимдери жана пикирлери кайсы бир деңгээлде күчкө дагы ээ.

    [Reply]

  • rahat says:

    basmachi :-) )

    [Reply]

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.