Би-би-си: Төрт айда 200дөн ашууну зордуктоо катталып, эресеге жетелек кыз баланын арнамысына кол салуулар кескин көбөйгөн.
Би-би-си үналгысынын веббаракчасына Султан Жумагулов тарабынан жазылган макаланы окуп алып, үрөйүм учту. Анда, Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 10-майда Бишкектин чекебелинде 27 жашар жигит алты жаштагы секелекти зордуктап кармалды. Басмасөз кызматбашчысы Бакыт Сейитов секелектерди зордуктоо окуялар кескин көбөйгөнүнө көңүл бурууда деп билдирилет.«Менин кол алдымда акыркы эки айдагы эле маалыматтар жатат: “59 жаштагы киши 8 жашар секелекти зордуктоого аракеттенген. Бул окуя 6-майда Таласта катталган”, “Ошто 10 жашар майып кызды зордукташкан”, “Ысыккөлдө 42 жаштагы киши коңшусунун кызын зордуктап коюп, анын боюна бүтүп калган”, “Чүйдө үйүгүшкөн өспүрүмдөр 14 жаштагы окуучу кызды зордукташкан”..», деп Сейитов билдирген.Макаланы толук окуу үчүн бул жерге кириңиздер.Ал эми мен ушундай үрөй учурган көрүнүштөр эмнеден улам пайда болуп жаткандыгы тууралуу сиздерден дагы уккум келет. Эмне үчүн салтка такыр жакын жолобогон, элибиздин аң-сезиминде жат болгон нерселер азыр күчөөдө?



Акыркы пикирлер