Куралчан оппозиция – Буулуккан бийлик
СаясатПікір жоқ
«Ата Мекен» оппозициялык партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге каршы Кара-Бууралык ИИМ тарабынан куралды мыйзамсыз жасоо жана оңдоо аттуу айып менен кылмыш иши козголду. Бул маселенин эки тарабына кайрылса болот: (1) саясый куугунтуктоо жана (2) курал жаракты алып жүрүүнүн мыйзамдуулугу.
Өмүрбек Текебаевдин Азаттыкка берген интервьюсуна көз чаптырсак, анда ал «…менин булар айтып жаткан куралдарды, анын ичинде «Сайга» карабинин да алып жүрүүгө толук укугум бар», – деп билдирген.
Текебаевге каршы эсте калгандардан эле эки дискредитациялоо акциялары болуп өттү. Акыркы жылдарды эле эстесек, анын сумкасынан аэропорттон наркотик таап алышып, анда дагы чоң саясый опузалоолорго туш болгон. Эми, бул көрүнүштү мен дагы саясый «трюк» катары гана эсептеп турам.
Баса, булл жерден мен негизги козгой турган сөз – курал жаракты алып жүрүү – эркин болуусу абзелби, же, ал адамдын эркиндигине туш келбейби деген кеп. Дүйнөлүк статистикада, курал жаракка укук берген өлкөлөрдө кылмыштуулук азыраак болуп, ал эми куралга мамлекет тарабынан тыюу салынган коомдордо кылмыштуулук көбөйгөн. Мунун табышмагы – эгерде менде курал болсо, менин үйүмө кылмышкер келүүдөн, же көчөдөн токтотуп алып опузалоодон коркуу сезимдерин пайда кылган шарт.
Ал эми оппозицияга кайрадан кайтып келе турган болсок, анда, менин оюмча ар бир оппозиционер өзүнүн жанына курал алып жүрбөсө бир күнү кримчөйрөнүн зөөкүрлөрүнөн муш жесе, экинчи күнү аткаминерлерден ызаа көрүп калуулары мүмкүн.



Акыркы пикирлер