Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Саясат

Кызыктуу маалымат: Саясатчылардын Мурдагы Жашоолору

Авторы Мирсулжан Намазалиев on Saturday, 19 September 2009
Саясат
3 пікір

Учур гезитин бүгүн окуп олтуруп, кызыктуу “Саясатчылар мурдагы жашоосунда ким болгон?” аттуу макалага конул буруп калдым. Ал жерде он чакты саясатчылардын туулган кун, жылдарын салыштырып интернеттен таап чыккан тесттин жыйынтыктарын чыгарышкан экен. Томондо эки учоо тууралуу кыска соз.

Роза Отунбаева ак сөөк аял. Роза Отунбаева Францияда ак сөөктөр үйбүлөсүнөн чыккан бай аял болгон. Шаан-шөкөттү, той-тамашаларды жакшы көрчү экен. Үйүнө аристократтарды чакырып, бат-баттан пир уюштуруп турган.Сариев жыландын тилин билген. Темир Сариев 1963-жылы 17-июнда төрөлгөн. Ал VIII кылымдын ортосунда жыландардын тилин билген арап болгон. Жыландардын уусунан ар кандай дары жасап, далайды оорусунан айыктырыптыр. Ал тургай чоор тартып жыландарды бийлетчү экен.Бакиев бармэн. Курманбек Бакиев 1949-жылы 2-агустта төрөлгөн. Дал ушул сандарды жазганыбызда XIX кылымда Американын кафелеринин биринде бармэн болуп иштеген деген маалымат чыкты. Акчаны өтө көп таппаса дагы күнүмдүк жашоосуна кеңири жеткен экен. Кожоюндарына ак ниети менен кызмат кылган. Үч кыздын атасы болгон.Масалиев ковбой. Исхак Масалиев 1960-жылы 21-майда төрөлгөн. Мурдагы жашоосунда ковбой болгон экен. Америка талааларын багынтып, далай кыздардын жүрөгүнүн үшүн алып, аягында индеец уруусунан чыккан сулууга ашык болуп үйлөнгөн.

3 пікір »

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.