Кыргызстанды каржылап келе жаткан финансылык уюмдар
Коом, Саясат, ЭкономикаПікір жоқ
Эгемендикти алган жылдары, Кыргызстанда экономикалык абал ич жылытаарлык эмес экенин баары эле билсе керек. Орусиянын борборунан каржыланып келген Кыргыз өкмөтү, көз карандысыздыкты алганда, аябай кыйын кезеңге туш болуп, өлкөнүн бюджети жада калса социалдык тармакта иштеген адамдардын айлык маянасын төлөгөнгө шайманы келбей калган.
Ошондой кыйын кезеңде, өлкөнүн туңгуч президенти А.Акаев жана Легендарлуу Парламенттин чечимдери аркылуу Кыргызстан бир нече эл аралык уюмдардын мүчөсү боло алды.
Гиперинфляциянын деңгээли өсүп, товарлардын жетишсиздиги күч алып, кыргыз эли кыйналып турган убакта, 1992-1994 жылдар аралыгында Кыргызстан Эл аралык Валюта Фондуна, Дүйнөлүк Банкка, Азия Өнүктүрүү Банкына ж.б.уюмдарга мүчө болуп кире алды. Жогорудагы уюмдардан көптөгөн финансылык каражаттарды алып, өлкөдө болуп жаткан абалды контролдоого чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Стабилдүүлүктүн орун алышы менен өлкөнүн экономикасы базар экономикасына акырындык менен өткөрүлүп, көптөгөн жаңы реформалар жүргүзүлүп баштаган. Бирок, кайдан-жайдан туңгуч президентибизди теке сүзүп, абал такыр башка нукка өзгөрүлө баштады.
Ар кайсынын башын айтып, жыл сайын эл аралык финансылык уюмдардан кредиттерди, гранттарды ала берип, келген каражаттарга өлкөгө пайдалуу эч нерсе жазалган эмес. Анысы аз келгенсип, мамлекеттин тышкы карызы канча бир миллиард долларга өскөн.
Эмесе, ар бир уюмду алып карап көрө турган болсок, эң биринчилерден болуп 1992 жылы 8 майда Эл аралык Валюта Фондуна мүчө болгонбуз. Бул уюм инфляциянын төмөндөшүнө, банк секторунун туруктуулугуна, тышкы карызды башкарууга кошкон салымы өтө чоң. 2007 жылга чейин Кыргызстандын бул уюмга болгон карызы 103 млн.$ түзгөн.
Ал эми Дүйнөлүк Банкка дагы 1992 жылы мүчө болуп кирип, Кыргызстандагы көптөгөн тармактар үчүн чоң жардамдар көргөзүлгөн. Мисалы , 1992 жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы каражаты 832 млн.$түзгөн 42 чоң проекттер ишке ашырылган. Кошумчалай кетчү нерсе, бул банк аркылуу берилген пайыссыз кредиттердин мөөнөтү 40 жылды түзөт.
Азия Өнүктүрүү Банкына 1994 жылы мүчө болуп, бул банктан 603,5 млн.$ карыз акча алган экенбиз. Ал акчалардын көбү айлана-чөйрөнү коргоого, жеке сектордун өсүүсүнө, инвестиция тартууга кеткен экен.
АКШнын Эл Аралык Өнүктүрүү Агентствосуна (USAID) 1992 жылы мүчө болуп катталып,ал уюмдун жардамы аркылуу көптөгөн тармактарга чоң жардамдар көргөзүлүп келе жатат. Мисалга алсак, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүдө, билим берүү тармагында, айыл чарба секторунда, экономикалык саясатты жүргүзүүдө, медициналык жардам көргөзүүдө, энергетика секторуна материалдык жана финансылык жардамдарын көргөзүп келе жатат.
Германиянын Эл Арылык Байланыщ боюнча коому (GIZ) 1992 жылы ачылып, экономикалык өнүгүүнү, укук жана сот реформаларды, саламаттыкты сактоону, баңги заттарды колдонуу жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүдөгү, билим берүү тармагында реформаларды ж.б. колдоодо салымы чоң.
Европанын Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкына 1993 жылы мүчө болуп, азыркы убакка чейин Кыргыз Өкмөтүнө 250млн.евродон ашык каражат бөлүп берген. Бишкекте жайгашкан Хаят мейманканасынын ремонттолушуна, Ысык-Көл областындагы электр зымдарынын алмаштырылышына ж.б.ушу сыяктуу проекттерди колдоп келе жатат.
Булардан тышкары Кыргызстанда Сорс Фонду, Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык уюму (ОБСЕ), Ага Хан фонду, ТИКА уюму, Жапониянын Эл Аралык Кызматташтык Агентствосу (JICA) ж.б.уюмдар иш алып барышат.
Кыргызстанда канчалаган эл аралык финансы уюмдары финансы каражаттарын бөлүп, пайызсыз кредит жана гранттарын берип келе жатышат. Кыскача айтканда, алар берген каражаттарга биздин өлкө жашап келе жатат десек туура болчудай.
Ошол берилген каражаттар туура жолдо, өз нугунда жумшалдыбы? Жок, алар мамлекеттин пайдасына эмес, кичинекей бир кландын же топтун чөнтөгүнө кетип, бүгүнкү күндө 19 кылымга кайтып бара жатабыз. Энергетика сектору жедеп эскирип, акыркы күндөрдөгү жемишин берип жатат.
Областтар, райондор аралык жолдор мышык ыйлачу абалга келип жетти. Азыр соо адамды издеп таппайсың, жашынан баштап картаңына чейин оорулуулар.
Абактардагы кыйноолор күчүп алып бара жатат, баңги затынын тегерениши, аларды колдонуучулардын саны күндөн күнгө өсүп жатат.
Кыскасы бизге жардам берип келе жаткан финансылык уюмдарга рахмат айтабыз, бул жакшы жагы. Ал эми тышкы карызыбыз күндөн күнгө өсүп, биздин жепжутаарларды байытып жатат. Минтип отурсак, бир күнү баары тең акча бербей койсо, чоңдорубуз өз жарандарын сата баштайбы?



Акыркы пикирлер