Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Медиа, Саясат, Экономика

Кыргызстан артка катуу кетенчиктеди

Кыргызстанда үй-бүлөлүк-кландык башкаруу системасы орноду, жана аны эларалык индекстер тастыктоодо деп айтат журналист Үсөн КАСЫБЕКОВ. Анын пикиринде, бара-бара кемелибизден кетип баратканыбызга эл аралык институттардын кийинки учурлардагы байма-бай ыроолоп жаткан баасы (рейтинги) айгине күбө болуп бере алат. Төмөндө анын макаласынан айрым үзүндүлөр:

  1. Атап айтсак, ООНдун быйылкы адам өнүгүүсү боюнча докладында Кыргызстан жашоо сапаты боюнча дүйнөдө 120-орунга татыды. Бул постсоветтик өлкөлөрдүн эң артында чаң жутуп калганын билдирет. ООН Кыргызстандын рейтингин аныктоодо төмөндөгүдөй критерийлерге таянганы айтылат: калктын жашоо деңгээли, социалдык жактан корголушу, медицинанын абалы, билим берүү, жаратылышты коргоо жаатындагы иш чаралары, жашоонун узактыгы, ВВПнын (ички дүң продукциясынын) ар бир адам бөлүштүрө келгендеги өлчөмү, илимдин абалы. Кыргызстан ООНдун рейтингинин негизги параметрлери боюнча артта калган өлкөлөрдүн катарынан орун алган.
  2. Эл аралык уюмдар да Кыргызстандагы прессанын эркиндигин такай белгилеп келгени бар. Азыр болсо кыйла артка кетенчиктеп кеткенибиз дүйнөлүк институттар тарабынан үзбөй айтыла баштады. “Чек арасыз реперторлор” эл аралык уюмунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына караганда, сөз эркиндигинин деңгээли кыйла төмөндөп түшүп кетти. “Прессанын эркиндик индексинен” алганда, Кыргызстан дүйнөдө 125-орунда туруп калды. Бул өткөн 2008-жылга караганда он беш тепкичке ылдыйлап түшүп кетти дегендикке жатат. Баарынан өкүнүчтүүсү прессанын эркиндигинин кедеринин кетишин мындан ары уланта турган жоболоңдуу жосун сакталып калганында. “Чек арасыз репортерлордун” аныктамасы боюнча масс-медианын эркиндиги боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан граждандык кандуу согушту башынан кечирген, авторитардык Тажикстандан кийинки орунга сүрүлүп калды.
  3. Кыргызстандын кендирин кесип келатканы чиновниктердин арасындагы өнүгүп кеткен коррупция экени белгилүү. Эл аралык Transparency International уюмунун рейтинги боюнча, Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 162-орунга эптеп илинди. Коррупциялык индекси 1,9 баллга татып Гвинея-Бисау, Ангола, Конго жана Венесуэла сыяктуу өлкөлөрдүн катарында эң акыркы орунга татыгаан. Борбор азиялык өлкөлөрдүң ичинен Кыргызстанга караганда Түркмөнстан (168-орун) менен Өзбекстандын гана (174-позиция) абал начарыраак.
  4. Жакында Дүйнөлүк банктын Doing Business долбоорунун рейтинги жарыяланды. Анда Кыргызстанда ишкерлерге салынган салыктын бир жылдык сан өлчөмү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турары айтылат. Кыргызстан дүйнөдөгү 183 мамлекеттин ичинен 6-орунда чыгыптыр. Doing Bisiness иликтеп чыккан эсепке караганда, биздин өлкөбүздө салыктын 75 түрү колдонулат экен. Бул жагынан Черногория (салыктын 89 түрү бар), Өзбекстан (106), Беларусия (107), Румыния (113) жана Украина (147) гана алдыда турат. Ошентип, Кыргызстан мамлекеттик чиновниктер айтып жүргөндөй ишкерликке, өндүрүшкө өбөлгө түзбөстөн, тескерисинче аларды салыктын сандаган түрлөрү менен кылкындыра муунтуп, баш көтөртпөй жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.