Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Саясат

Нарын шаарында электр жана жылуулук тарифтерине болгон митинг

Нарындагы митинг

Нарындагы митинг

Демократия жана жарандык  коом учун коалициясынын  Нарын окулчулугунун маалыматына караганда Нарын шаарында электр жана жылуулук тарифтерине болгон митинг 10-март 2010 жылы саат 11-00дон 14-00го чейин шаардын ортосундагы Стадиондо 5000ден ашуун адамдын катышуусу менен болуп отту.

Митинг башталганга чейин бир топ милициялар борбордук аймакта чогулушка, андан сон Губернатор жана мэриянын толук составы болуп 11-00догу ачылышка кашышты. Ачылышта «Ак жол» партиясынын окулдорун митингден чыгып кетуусун калк талап кылды.

Андан сон уюштуруучу кыймылдын мучолору регламентти тааныштырып каалоочулар, озгочо алыскы жана региондордон келген жарандарга соз беруусун такташты. Митиг калктын ото чон активдуулугу менен болуп, 24-февраль 2010 жылы болуп откон митингдеги талаптарды бийликке катуу коюшту, андан сон калын калктын сунушу менен бир топ актуалдуу койгойлор которулуп элдин бийликке болгон кыжырлануу абалын жаратты.

Калын калкка Бишкектен келген Р.Отунбаева, Т.Тургуналиев, А.Шыкмаматов, Т.Сариев, Т.Акунов баш болгон делегаттар оз ойлорун айтышты. 3 саатка созулган митинг аягында облустун губернатору эл алдында эч качан Жетим тоо сатылбайт деген созун берди, ал эми талаптарды кийинки жумада премьер министирге барып коерун баса белгиледи.

Чогулган калк кокойундогу кок буусун чыгара кыйкырган сон, Президенке кайрылууну бир добуштан колдоп, андан сон аны жиберууго кыймыл мучолоруно тапшырышты. Баса белгилей кетчу нерсе, бул жолку кайрылууда калк 3 эмес, 10 талап менен жолдошту. Эгер талаптарды 16-мартка чейин оорундатышпаса, 17-мартта «Президент жана анын составы бийликтен кетсин» деген талап менен Бишкекти коздой жоо журуш баштаарын эскертишти.

Митингдин катышуучуларынын кайрылуусу төмөндө:

Нарындагы митинг

Нарындагы митинг

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.С Бакиевге

КАЙРЫЛУУ

Биздин сизге кайрылуубуздун себеби, 24-февраль 2010-жылы Нарын шаарындагы РТС аймагындагы Нарын – 70 паркында «электр жана жылуулукка болгон тарифтердин жогорулашына» каршы тынчтык митинги болуп өткөн. Ал жерде калктын кабыл алган кайрылуусунун негизинде бийлик 10 къндън ичинде коюлган 3 талаптардын оорундатылышы каралган. Көп узабай министирлердин орун басарлары, вице-премьер министр жана вице-спикер баш болуп эл менен жолугушуу өткөрүлгөн.

Жыйынтыгында, эч бир тараптан канааттадыраарлык жоопту калк ала албаган себептъъ 10-март 2010 жылы кайрадан тынчтык митингине чыгууга аргасыз болушту. Бул жолку тынчтык митингине чогулган калктын талаптары дагы эле ошол бойдон калууда:

1. Электр жана жылуулукка болгон тарифтердин кайра карап чыгуу менен мурунку абалына калтыруу;
2. Бийик тоолуу аймактардагы калкка болгон кошумча 50%дык төлөмдөр өзгөрүүсүз калтырылсын;
3. 110кВттык жещилдиктер кайрадан калтырылсын;
4. Жер, суу, тоо кендери сатылбасын;
5. Электр жана жылулукка болгон пенияларды туп тамырынан алынылсын;
6. Север жана восток электро тармагы эл байлыгы боюнча калсын;
7. 17-марттагы элдик курултайды Нарын эли колдойт;
8. И.Исаков боштондукка чыгарылсын;
9. Ыссык-Кол жана Петровка окуясындагы камактагылар бошотулсун;
10. Тынчтык митингилерин уюштуруучуларга болгон кысымдар токтотулсун;

Жогорудагыдай коюлган талаптарды тынчтык митингине чогулган 5 000 ашуун калыщ калк бийликке коюу менен биздин Президентибиз болгон К.С. Бакиев сизге да кайрылуу жолдодук. Биздин талаптарды тез аранын ичинде карап чыгуу менен оорундата албасащыз 17-мартта «Президент жана анын составы бийликтен кетсин» деген талап менен митинг – Бишкекке карай жъръш менен уланат.

Сизди татыктуу чечим кабыл алуу менен талаптарды оорундата алуущузга ишеним арткан жалпы Нарын облусунун калкы!

10-март 2010 жыл.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.