Оппа! …зиция
Коом, СаясатПікір жоқ
Оппозициянын сезондук демонстрациясы 27 мартта бүткүл республика боюнча өттү. Ар бир маалымат булактары катышуучулардын жалпы саны канча экендигин өздөрүнүн позицияларына карата бурмалоого аракеттенишүүдө: Оппозиция өзү жалпы өлкө боюнча 20,000 адам катышты десе, Ички иштер министрлиги болгону 3,200 адам болгон деди. Адам укугун коргоочу «Кылым Шамы» уюму алардын санын 16,000 адам деп белгиледи.
[inspic=234,right,fullscreen,300]Албетте, ар бир саясый тарап өз тарабын коргоп, катышуучулардын санын кескин көбөйтүп, же азайтып жиберүүнүн үстүндө иш алып барышты дечи. Балким, ар дайым митингдердин өтүүсүнө көз салып, аларды изилдеп жана статистика кылган Кылым Шамы уюмунуку чын болсо керек.
Неси болсо дагы, бул жазгы митинг абдан тынч, жакшы деңгээлде өттү деп айтмакмын. Аба ырайынын каршы ойноп, жаандын жааганына карабай, адамдардын туруп бергендиги абдан сүйүндүрөт. Бирок, бир нече катачылыктар дагы бар деп эсептейм.
Бийлик тарабынан бул саам катачылык дээрлик кеткен жок. Алардын, демонстрацияларды кууп жибербегендиги, кадимкидей акылга калчалбаган иштеринин болбогондугу таң калтырышы мүмкүн. Бирок, саясый технологиясы абдан зор иштеп берди деп ойлойм. 24 марттагы президент Бакиевдин эми укуктар корголуусу керек деген сөзү ишке ашып жатат деп эми Массалык маалымат каражаттары коомчулукка таркатып, алардын ачууларын жибитип коюусу мүмкүн.
Ал эми оппозициянын катачылыгы дейбизби, же кемчилиги дейбизби, бул медиа-пландын ишке ашуусу кыйынчылыкка турду десек болот. Кимдер катышууда, кантип кошулса болот, эмне үчүн чыгып жатабыз деген суроолорго кадимки жарандын жооп алуусу кыйынчылыкка түштү. Кандайдыр бир бийликтин сөздөрүнө тиренип туруп, бизге сөз бергиле деп телекөрсөтүүлөргө суранышса, ал жактан көрсөтпөсө ар дайым коомдук резонанстарды жаратып, ар дайым прессада болуп турса – бул абдан чоң курал болмо эле деп эсептейм.
Фото AKIpress’ке таандык.



Акыркы пикирлер