Оппозиция Милицияга Кайрылды
Саясат3 пікір
Сүрөт Елена Скочилого таандык. Бишкек, 2007
Бийлик ар дайым милиция кызматкерлерине таянып, өз иштерин жүргүзүп келишет. Андыктан, ар кыл оппозициялык кыймылдар дал ушул укук коргоо органдарынан көптөгөн жакшы дагы жаман дагы нерселерди күтүп келишет.
Бүгүн Элдик Курултайдын Борбордук Аткаруу Комитети укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылуу жасашты. Бул ачык кайрылуу офицерлерге, прапорщиктерге жана аскер кызматкерлерине багытталган.
Өлкөдөгү азыркы оор кризистик абалдын эң башкы себеби мамлекеттик бийликтин бардык бутактарына Бакиевдердин үйбүлөөсү ээлик кылып менчиктеп алгандыгында, 2005-жылдын 24-мартындагы элдин жакшы жашоого карата үмүтү, тилеги тепсендиде калгандыгында деп оппозиция кеп баштады.
Азыркы шартта мыйзамдуулук менен укуктук тартиптин Бакиевдерге эч кандай тиешеси жок. Алар өздөрүн мыйзамдан жогору, кол тийбес абалга койуп алышты. Алам дегендерин алышат, кылам дегендерин кылышат. Өлкөбүз ачыктан ачык эле таланып, тонолуп жатат, колго илинер байлыктарынын баары сатылууда. Мындай кыянатчыл саясаттын запкысын азыр ар бир үйбүлөө тартууда. Беш жыл мурдагы элдин жашоосун азыркы жашоо менен кантип салыштыра алабыз. Жада калса Кудай берген Токтогулдагы суу да сатылып кетип, үч жылдан бери свет күндө өчүп, эл тезек терип жан сактоого мажбур болду.
Өзүнүн катында, оппозиция милиция кызматкерлерине бир нече суроо дагы узатышты – Ушундай шартта эл бийликке нааразы болбогонда кимге нааразы болот? Ушундай бийликти каргабаганда эл эмне алкыш айтмак беле?
Тексттин авторлорунун айтымында, өз максаттарын ишке ашыруу үчүн бийликтегилер сиздерди мыйзамсыз жолго түртүп, нааразычылыгын ачык билдирген адамдарды камагыла, ургула-сабагыла деген мыйзамсыз буйрук да беришкени жашыруун эмес.
Азыр 21-кылым, ааламдашуу мезгили, эл аралык коомчулук бар, Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк шериктештик алдында өзүнө алган милдеттенмелери бар. Эң негизгиси кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл, “кулак кескен кул” абалдында жошоого көнбөйт. Беш-он кишини камаса болот, коркутса болот, бирок бүтүндөй элди эчким коркута албайт.
Элдик курултайдын борбордук комитети укук коргоо органдарынын жеке инсандык акыл-эсиңине ишенээрин билдирди.
Бийлик кланынын тукуруусу менен мыйзамсыз аракеттерди жасоодон мурда өз ата-энеңерди, бир туугандарыңарды, айылдаш, жердештериңерди ойлогула, алар деле жыргаган турмушта жашап жатышкан жок. Балдарыңарды, неберелериңерди унутпагыла, алардын келечеги кандай болот – ошону ойлогула. Өзүңөрдүн эртеңки жашооңорду да эстен чыгарбагыла.
Адилетсиз коомдо куугунтукка түшүп, ак жеринен жапа чегип калуу ар бириңиздердин башыңарда турат. Сиздерге: “кызматтасыңар, ант бергенсиңер, буйрукка баш ийүү керек”- деп айтып жатышат. Бирок, сиздер “Бакиевдердин бийлигин коргойбуз, алардын колундагы элге каршы колдонулуучу куралга айланабыз” – деп ант берген эмессиздер да, деп бул кайрылууну жыйынтыкташты.



Абдан туура жазышкан. Эми алар менен чындап жакшы иш алпарышса, алар бийликти колдобой коюулары мүмкүн. Андан соң, митингдерге чыгып, талаптарды алдыга койсо болот.
[Reply]
Эмир Аалы Reply:
April 6th, 2010 at 8:36 am
[Reply]
[...] here, and here, including some from a blogger on the ground in Talas; cross-posted on Demotix), and commentary of the [...]