Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Саясат, Экономика

Путиндин мигранттар менен коштошуусу

Би-Би-Сиге таандыкОруссиянын премьер-министри Владимир Путин чет элдик жумушчу мигранттардын санын 700,000 адамга кыскартуу чечимин кабыл алды. 2,000,000 тышкы мигранттардын арасында Кыргызстандык жумушчулар аз эмес, жана ар кыл маалыматтарга караганда, бир миллионго жетпеген биздин жердештер бул өлкөдө жумуш менен алектенип келишет.

Профсоюздар менен жолугушуу учурунда Владимир Путин быйылкы жылы мигранттардын санын эки эсеге азайткандыгын белгилеген. Ал эми 2010 жылы дагы дээрлик эки эсеге азайтуу эки жылдын ичинде мигранттардын расмий санынын төрт эсеге төмөндөгөнүн көрсөтө турган болду.

Анын айтымында бийликтин өз жарандарына жумуш ордун түзүп берүү аракеттери эки проблемага келип такалууда: (1) КМШ өлкөлөрүнө болгон визасыз режим жана (2) Оруссия жарандарынын мигранттар иштеген кара жумушка иштөөгө көңүлдөрүнүн жоктугу.

Бирок, бул фактыларга карабастан Кремль күчкө салуу менен, профсоюздардын тилине кирип, тышкы жумушчулардын ордуларын бошотуу талаптарын коюуну чечкен.

Төмөндө Бибиси кызматынын Росстатка таянып жасаган диаграммасында Кыргызстандыктардын саны арбын экендигин көрсө болот.Бибиси

Путин Оруссия жарандарынын кара жумушка ишөөдөн баш тартып жаткандыгын билдирсе, анда Оруссиянын көзкарандысыз профсоюздар федерациясынын төрагасы айлык акыны көбөйтүүгө чакырды.

Орус бийлигинин өзүнө ор казып жаткандыгын түшүнбөй жаткандыгы таң калыштуу. Жумушчулардын айлык-акыларын көтөрүү жана тышкы жумушчуларга кош айтуу өлкөдөгү күнүмдүк продукциянын баасын жогорулатып жиберээри анык. Демек, бул учурда ички көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна, Оруссия жаңы проблемалар менен кездешет.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.