Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Саясат

Референдумду өткөрүүгө даярдык көрүү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгында референдумду өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча штабдын кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешмедеги алгачкы маалымат өлкөнүн түштүгүндөгү соңку абалга арналды. Аталган штабдын мүчөсү Калмырза Иманалиевдин айтымында, – «Жалал-Абадда абал турукташа баштады. Областтык администрациялар менен шаар бийликтеринин иш процесси өз нугуна түштү. Качкындардын өз тууруна кайтып келиши уланууда.

Ош шаарындагы айрым кварталдарга гуманитардык жардамдарды жеткирүүдө тоскоолдуктар жаралууда. Ал таштандылардын толук тазаланып бүтө электигинен улам.

«Манас» аэропортундагы топтолгон гуманитардык жардамдарды жүктөп-түшүрүү жумуштарында кол күчү жетишпей жатканда, элдик кошуундун өкүлдөрү абалдан чыгууга жардамдашууда. Кара-Суу районунда күнүнө 80 тонна буудай унга айлантылып, ички керектөөдөгү нанга болгон муктаждыктар чечиле баштады. Наабайканаларда иш жандуу».

Түштүктөгү кырдаалга карап,-«референдумду 1-2 жумага артка жылдыруу болбойбу?»- деген суроолордун да эл арасында пайда болуп жатканы жашыруун эмес. Ошондуктан, бул багыттагы түшүндүрүү ишинде Кыргызстан тезинен укуктук талаага кирип, Конституцияны мыйзамдаштырып кабыл алуу – учурдун кечиктирилгис зарылчылыгы болуп жатат, ошол себептен референдумдун 27-июнга белгиленген мөөнөтү эч кандай өзгөртүлбөйт,- деп маалымдалууда.

Кыргыстандын аймагынан сырткаркы өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандары үчүн 29 добуш берүү участкалары иштөөдө. Элчиликте каттоого алынбаган тышкы мигранттар болсо аларга кошумча бюллетендер таркатылат.Россия Федерациясындагы мигранттар консулдуктарга кайрылышса болот. Андай түйүндөр Иркутск, Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларында жайгашкан. Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында дагы добуш берүүчүлөрдү кабыл ала турган штабдар бар.

Референдумга катышууда тышкы эле эмес, ички мигранттардын да чаташуусун алып келчү көрүнүштөр жок эмес. Бул жагынан кайсыл жерде каттоодо тургандыгына карабастан, добуш берүүчү адам референдум күнү кайсыл аймакта жүрсө ошол жердеги участкаларга барып өз укугунан пайдалана алышат,- эң башкысы жалпы элдик добуш берүү өнөктүгүнө элдин катышуу көрсөткүчүн бурмалоого жол берилбейт.

«Алдыдагы референдумга саналуу эле күндөр калды. Анын аралыгында Конституциянын жаңы редакциясынын маани-маңызын жер-жерлерде түшүндүрүп, үгүт кербендери иштеп жатат. Алардын катарында чыгармачыл адамдардан турган «Үмүт кербени» дагы бар. Өнөрпоздор тобу Жалал-Абад областынын 2 шаарында, Талас областында болушту. Кечээ Нарын областынын Жумгал жана Кочкор райондорун кыдырышты. Ал эми эртең, 17-июнда Ысык-Көл областын бүтүндөй айланып чыгуу турун Ысык-Көл, Тоң райондорунан башташат»,- деп билдирди референдумду өткөрүүгө даярдык көрүү штабы өткөргөн жыйында Убактылуу Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары Сүйүнбек Касмамбетов.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.