Саясый Ремонт: Ала-Тоо жана Оппозиция
СаясатПікір жоқ
24 марттар баштап борбор калаабыздагы негизги болуп эсептелген Ала-Тоо аянтчасында ремонттоо иштерин баштоо демилгеси көтөрүлүп, ал аймак дээрлик 1 июнга чейин жабылуусу күтүлүүдө. Бул жаңылык тымтырс болуп эле өтүп кетти, бирок, мен муну «саясый ремонт» деп атамакмын.[inspic=231,,fullscreen,400][inspic=233,right,,170]2005 жылдын 24 мартында ушул аянтчада «жоогазын ыңкылабы» ишке ашып, Акаевдин бийлигине каршы чыккан он миңдеген топ Өкмөт үйүнө кирип, андан соң Кыргызстанда «өкмөт алмашты, ыңкылап болду» деген чечим чыгарылган. Бул чечимге эларалык уюмдар, өлкөлөр каршылык көрсөтүшпөй, көптөгөн үмүттөр менен сүйүнүп күтүп алышкан эле.Ал эми, азыркы бийлик үчүн 24 март ар дайым коркунучту баамдатып, каршылык акцияларына бут тосуулардын баштапкы негизи болуп келген. Бир жыл мурун бул күн календарда кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү болуп эсептелинип келсе, быйыл бул дата көңүлгө дагы, сөзгө дагы алынбай, кадимки эле жумушчу күнгө айланып кеткен.[inspic=232,left,,170]Эми быйыл дагы кандай ыкма тапсам деп башын маң кылган «саясый технологдор», же алардын «аюу кызматын» кылып келген жергиликтүү башкармалар абдан көп акчаларды коротуп, жарык жана музыка чыгарчу фонтанды курууну чечишкен.Эске сала кетсем, оппозиция 27 марттан баштап каршылык акцияларын өткөрүүнү болжолдоп келишкен.



Recent Comments