Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Саясат

Чиновниктерге каршы сот иштери

Башкы прокурор Нурлан Турсункуловдун бүгүн “Ак Жол” фракциясынын жыйынында берген маалыматына караганда, өзүнүн эң негизги милдети болгон Кыргызстандын прокуратура органдары тарабынан мыйзамдардын жана дагы башка ченемдик укук актыларынын жүзөгө ашырылуусун көзөмөлгө алуу иштерин так аткаруу чаралары колго алынган. Натыйжада, 2009-жылы 8772 текшерүү жүргүзүлгөн.

«Прокурорлордун талабы менен мыйзам бузуу фактылары боюнча ар кандай деңгээлдеги 6055 кызмат адамы тартипке чакырылып, адиминистративдик жоопкерчиликке тартылды. Ал эми укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын 387 кызматкерине кылмыш иши козголду», – дейт ал.

Ошондой эле, отчеттук мезгил аралыгында прокуратура органдары тарабынан коррупциялык кылмыш жосундары боюнча 349 кылмыш иши ачылган. Андан сырткары, жарандардын 18 305 кайрылуусу каралды. Талдоолор көрсөткөндөй, жарандар прокуратурага негизинен тергөө жана таануу маселеси боюнча (47,3 пайыз), мыйзам актыларынын аткарылуусун көзөмөлгө алуу боюнча (40,5 пайыз), кылмыш жана жарандык иштер боюнча сот актыларынын негиздүүлүгү боюнча (5 пайыз), эрезеге жетелек балдар жөнүндөгү мыйзамдардын сакталуусу боюнча (0,3 пайыз) кайрылышат.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.