Ычкыр саясат
Карап корсок канча кундон бери Текебаевдин видеого тартылган ычкыр «оюну» тууралуу соз тугонбой койду.Муну менен албетте суроо туулат Кыргызстанда башка тема бутуп калганбы деген. Бу ычкыр маселеси албетте биздей башы менен ойлоно албаган олко учун кыйын дечи. Мамлекеттик чечимдер саунадан же мейманкандан буткорулуп жаткандан кийин иштин буткону да.Откон бир макаламда айтпадым беле орто кылымдагы варварчылыкты коздогон азыркы сясатчылар дуйнодон откон мезгилди куткондон башка аргабыз жок деп. Бу ычкыр маселеси оной менен бутпос татаал дагы экен. Озгочо биздей каны суюк, женил-желпи, оюн зоок менен кун откоргон калкка табигат беш муноттук жыргалды да адашып ыроологон корунот. Жаратылыш берген кудуретти кундолук турмушка, саясатка курал катары пайдаланып,анан ошондон ырахат алып атса башка эмне демексин?? Булардын кылыгынан элдир-селдир эсин жоготуп бараткан психихикалык оорулууну да элестетууго болот. Дегеле «жиниккен аттарды атып салуудан» башка арга жок. Ансыз деле кырчылдашкан саясат ошого жетип калды корунот .Акаев доорун эскергенде сомду биринчилерден болуп киргизгенин анан олкону бир доордон экинчи доорго откоргонун айткан жагыбыз бар. 1995 жылга чейин ошол киши бузулган емес. Ал еми мореки колхоз Бакиев доорундагы 4 жыл ичинде оппонентинин ыштанын шыпырган окуядан башка эстей турганыбыз барбы? Азыр кыргызмын деп бир жерге баргандан да уялчу болдук. «Ушу бийлеп аткан силердин президентпи. Эгер чын эле фотоколлаж эмес болсо силердин президент – Идиот» деп бироо интернетке жазыптыр. Башка айтарга соз табалбаса керек. Анткени оз элин сыйлаган элден минтип тайрандап бийлеген еч бир падышаны учуратышпаган чыгар.Миллиондогон суйуучулордун алдында токтоо жузу менен кол булгалаган Барак Обаманын нурлуу жузунон эле эмнени табууга болот. Эгер бийлесе ошого жарашмак. Чыныгы демократия жолу менен бийликке кантип келгенин дуйно коруп турбадыбы. Протокол менен уюштурулган концерт учурундагы бийлеген кыздар денесин дуулуктуруп ээ-жаа бербей элооруп кеткен президенттен кошого артында эмнелерди кутууго болот? Эгер озунон откон дагы бир келесоосу видеого тартып жургон болсо иштин гана олгону ошол.



Акыркы пикирлер