Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Саясат

Электр энергиясынына болгон баанын көтөрүлүшүнө өздүк каражатыңыз жетиштүүбү?

Авторы Гульсали on Monday, 30 November 2009
Саясат
1 пікір

АРТ.кг гезитинде чыгарылган сурамжылоонун кызыктуусу, анда коомдук ишмерлерден электрэнергиясынын баасынын осуп кетишине болгон пикирлери жарыяланган. Алардын оздорунун канчалык денгээлде толой ала тургандыгы суракка алынган.

undefined

Жыпар ЖЕКШЕЕВ, коомдук ишмер:
- Албетте оор мезгилде электр энергиясынын көтөрүлүшү калың журтту кайгыга салат. Чындыгында айыл жерлеринде шалаакылык, жалкоолук деген нерсе көп. Электр жарыгынын өчкөнү барыбызга залакасын тийгизбей койбойт. Эң биринчи мекендештерибиз өз камын өздөрү көрүүлөрү зарыл. Көмүрдүн камбаттаганы журтубузга бир топ эле кыйын. Мисалы, мен көп кабаттуу үйдө турам, электр жарыгы өчкөндө жашоо токтоп калгандай эле абалда болобуз. Биз жакта газ да жок, эми эл көргөндү көрөбүз. Кыргыздар чыдамдуу калкпыз да, бул кышты да чыдамкайлыгыбыз менен өткөрүп жиберибизге толук ишенем.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ,”Ата Мекен” партиясынын лидери:
- Өзүмдүн каражатымды айтсам, эптеп күн өткөзүүгө кудуретим жетет. Бирок, карапайым калкка албетте кыйынчылык туудурбай койбойт. Биринчиден, калкыбыздын 75 пайызы жакыр жашашат. Экинчиден, баа адилеттүү эмес, жакырчылыкка дагы да болсо өбөлгө түзүлүүдө. Негизи электрдин 90 пайызы өзүбүздө өндүрүлөт. Ошентсе да электрдин баасы 40 эсеге көтөрүлгөнү акыйкаттыкка жатпайт.

Ибрагим ЖУНУСОВ, ЖК депутаты:
- Өзүмдүн каражатым жетиштүү десем болот. Бирок, элдин каражаты жетиштүү эмес, ошондуктан жеке пикиримди билдиргенде электр энергиянын баасын өндүрүштүк жана карапайым калкка эки структурада негизделиши зарыл. Биринчиден, өндүрүш ишканаларынын электр энергияга болгон баасын өтө жогорулатуу. Экинчиден, карапайым калктын каржысын эске алуу менен электрдин баасын жогорулатсак жакшы болмок.

Бүбүайша АРСТАНБЕКОВА, коомдук ишмер:
- Илгери кыргыз электр энергиясы жок деле жашап жүргөн. Өнүккөн өлкөлөрдү карасак үнөмдөшүп иш кылышкандыктан, алардыкы баары ойдогудай. Биз деле электр энергияны, сууну үнөмдөсөк анда такыр башкача болмок. Электр жарыгын керек убакта күйгүзүп, убактысы менен колдонсок, мындай абалдан такыр чыгабыз дебесем да башкача абалда болмокпуз. Жалпы кыргыздарга айтарым, суудан баштап, баскан-турганыбызга чейин үнөмдөп иш кылсак, кыштан коркунучсуз эле чыгып кетебиз.

Асыкбек ОМОРОВ, жазуучу, “Чыңгызхан” тарыхый романынын автору:
- Кышкысын электр энергиясы СССР учурунда бир канчалаган чоң-чоң завод, фабрикалар күнү-түнү иштеп турса да өчүрүлгөн эмес. Азыркы абалда шаардын ички аймактарын өчүрүү өзүбүздүн эле аздыр-көптүр иштеп жаткан өндүрүш жана курулуштарыбызга кедергесин тийгизбей койбойт. Айрыкча курулуш мекемелерине терс таасирин тийгизүүдө.

Бегиш ААМАТОВ, коомдук ишмер:
- Экономикалык жагдайда караганда электр жарыгын гана пайдалануу учурунда электр энергиясынын сакталышы 5 эсеге азаят экен. Эл канча арыз-муңун айтып, ыйласа да электр энергиясынын баасын калыбына келтирбейт. Себеби, алдым-жуттум чоңдордун алкымы чоң да. Ошондуктан бир гана электр жарыкты пайдаланып, калган убакта тезек терип, отун жагышыбыз керек.

1 пікір »

  • Chingiz says:

    мен айтмакмын жктишбейт деп себеби мен айтканымдын наркы бизге берип жаткан сверттин баасы абдан которулду деп санасак болот. себеби биздин олко сууга бай болгону менен коп жерлерге таратып же сатып салганга маш болуп жатат. Сууну сатпай эле ал сууну Кыргыздын элине свет катары таркатып берсе ал туура болмок деп оз пикирин берген Чынгыз Талайбекович

    [Reply]

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.