Article Archive for Year 2007
[inspic=46,right,,200]Кубанабыз баарыбызЖаңы жылда жылына.Көңүлүбүз бөлөнүпӨмүрдүн шаң ырына.Жараткан чачкан кут болсо,Баарыбызга тең жетсин.Жаңы үйлөнгөн жубайларгаЖаңы жылым бакыт берсин!Келсин Жаңы жылым, келсин!Элге бакыт-таалай берсин![inspic=45,left,,200]Аруу сезим, тун сезим,Ыйман, ырыс ала келсин!Келсин Жаңы жылым, келсин,Тынчтык берсин, бакыт берсин,Кош айтып өткөн жылыбызКайгы-муңду ала кетсин![inspic=43,right,,200]Жаңы жылды тособузЖакшы тилек, ой менен,Шаңдуу көңүл, шапар менен,Шарап аткан той менен.Таарыныч, капалык болсо,Досту досу кечирсин.Жаңы жыл бейкут жыл болсун деп,Аксакалдар бата берсин!Сөзү, обону: Бек Борбиев
Текшерүүчүлөр азайды:
Ушул өтүп бара жаткан жылдын экономикалык көз-караш менен алып караганда эң керектүү өзгөрүү – бул 25 май күнү «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жана «Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзамдарына президент Курманбек Бакиев тарабынан кол коюлгандыгы болду. Бул мыйзамдык акт ишкерлердин ишине тоскоол кылып, коррупцияны күчөтүп жаткан чиновниктердин текшерүү санын азайтууга алып келүүсү керек эле. Бул жөнүндө Нурбек Абабакиров макала жаза салган.
Завод.Завод.Завод. – же, Президенттин жомогу:
Ошол күндөрү таанышым менен сүйлөшүп калып, Бакиевдин экономикалык саясатын талкууга алдык. Анан мен, “илгерки” кичинекей кезимдеги “экономикага инвестициялоо деген эмне?” деп ойлонуп, “аа, бул завод куруу болсо керек” деп ойлогонум эсиме түшүп, аларга айтып досторум менен саам күлдүк. Бирок, бул күлө турган сөз эмес го?! “Тилекке каршы, өлкө башчыбыз, экономикалык өсүш дегенди – завод куруу деп түшүнсө керек” деп. Себеби, чынында эле, бизнестин үстүнө жамгыр жаагандай болгон бюрократиялык барьерлерден арылтуу, чымындай жабышкан налогдорду пайызын азайтып, бул секторго эркиндик берүү тарабында иш жүргүзүлбөй эле, кайдагы бир “заводду” эки жылдан бери кура албай бийликтин дагы айласы кетти. Ал заводдо ким иштейт десең, же ал эмне, бардыгын жумуш менен камсыз кылгандай бекен? Мен, жана менин тааныштарым 3000 сомго заводго иштеген жаткан жокпуз, – деп билдирген элем.
Капиталды амнистияладыкпы?:
Быйылкы жыл экономикада дагы бир нерсеси менен эсте калды. Ал, капиталды амнистиялоо аракети болчу эле. Бирок, амнистиянын жакшы пландаштырылбагандыгынан, ал эффектиси жок болду да калды. Демилге жаңы көтөрүлүп келе жатканда, мен Neweurasia’га төмөндөгүдөй жазган элем: Чынында эле, капиталды амнистиялоодо эмне жаман жагы бар? Жокко эсе!… Өлкөдөн качып кеткен капиталдарды кайтарсак, өлкө ичиндеги мыйзамсыз акчаларды легалдаштырсак, эмнеси жаман? Бирок, бул жердин “бирогу” бар. “Капитал” өзүнөн-өзү эле амнистиялана бербейт. Бир нече кадамдарды дагы жасоо зарыл. Маселен, салык саясатын карап чыгыш керек, анын ичинен бажы алымын жоготуп, салыкты азайтуу зарыл (бул учурда алар легалдуу ишин улантып кете алат). Толуктаганда, чыныгы либералдык реформаларды баштоо зарыл.
Баа кымбаттады:
Июль айынан тарта Кыргызстандын базарларында ун, дан жана нандын баасы кымбаттады. Керектөөчүлөр нандын баасы 1 сомго, ундун 1 кг 3-5 сомго, ал эми буудай данынын баасы 2-4 сомго кымбаттады деп Азаттык үналгысына шилтеме жасап, андан соң өзүнүн оюн дагы билдирип Кыргыз Мырза баяндады. Чындап эле, экономикадагы быйылкы жылдын негизги чечилбеген маселеси ошол баанын кымбаттоосу эле.Кыймылсыз мүлк агенттигинде иштеген бир тааныш эжем мага төмөндөгу нерсени айтканында, мен ишенбестиктен эки-үч жолу тактап сурадым. Анын айтымында, аларда азыр Бишкектин борбор тарабынан 17 с. жердин баасы 600 000 доллар деген жарыя турат, деп мүлктүн дагы кымбаттоосу тууралуу баян кеткен.
ВТОго киргиздик:
Экономикада дагы бир кабар болду. Анда, Кыргызстан Украинанын Дүйнөлүк Сода Уюмунун катарына кирүүсүнө уруксат берди. Тээ илгертеден (Советтер Доорунан) калган 27 миллион долларга жакын карызды доолап, өз айтканынан кайтпаган Кыргыз Өкмөтү акыры ошол өлчөмдөгү акчаны гуманитардык жардам катары алмай болду.
Бизнес ассоциациялардын альянсы пайда болду:
Марат Джаанбаевдин чакыруусу аркылуу Бизнес Ассоциациялардын Улуттук Альянсынын (НАБА) жыйынында катыша алдым. Хаятта өткөн форумдан кийинки болгон бул биринчи жыйында алар «бизнестин бириккен добушу» боло турган жаңы шериктештиктин уюмдук түзүлүшүн жана башка стратегиялык иш-аракеттерди талкуулашты. Мен үчүн ушундай компания жана бизнес мекемелерин бириктирген ассоциациялардын парламенттик шайлоо алдында өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана элдин жыргалчылыгына алып келе ала турган жергиликтүү жана чет элдик бизнесмендер үчүн жана экономикалык демилгечиликке ылайыктуу шарттарды түзүү тууралуу идеяларын сүрөмөлөө үстүндө чогулушканы кубанычтуу болду.
Эч нерсеге жетишкен жокпузбу?
Биздин жаны авторубуз Мелисбек, озунун кичинекей жылдын жыйынтыгын чыгарган эле. Анда ал 2007 жылы эмнеге жетиштик? Саясатта – артка кайттык. Экономикада – артка кайттык. Маданиятта – статикалык турдо турабыз жылбай, – деп билдирген. Эми биз озубуз эмне деп ойлойбуз?
Биздин ушул блогду баштаганыбызга 7 айдын жүзү болгон экен. Жылдын бүтүп бара жаткандыгынын себебинен ушул жылкы негизги саясаттагы окуяларды, ушул кыргызча блогго таянып жыйынтыктасам. Мындай жыйынтыктоолор Neweurasia порталынын бардык өлкөлөрүнүн Веб-баракчаларында болмокчу.Бул жылдын эң негизги окуялары болуп апрелдеги митинг, референдум жана парламенттик шайлоолор эсептелишти. Ал эми буларга мен убактысы келгенде токтолом. Анда эмесе эң башынан баштасак:
Атамбаевдин Таластагы чатагы:
Атамбаевдин кортежинин Таласка барып келгендиги жөнүндө дагы айта кеткен элем. Анда, «Не Акаев открывал Джеруй, а Майрам, силердин апчеңер, страной правил не Акаев, а силердин апчеңер, баарын кылган силердин Майрам эжеңер, эмне үчүн өзүңөрдүн күнөөңөрдү билбей туруп, азыр кыйын болуп жатасыңар» и «Джеруй открывал не Акаев, всем правила Ваша сестра Майрам, вы талассцы почему не видите своей вины и строите из себя», – деп айткан Атамбаевдин сөзүн ымыркай баласы бар Лира Тантабаева эже менин офисимден айтып берген эле.
Үзөңгү-Кууш – 2?
Айрым саясатчылардын билдирүүсүнө караганда, казак туугандар чек арадагы блокпосту 7 чакырым аралыкка Кыргызстандын ичине Түптүн Каркыра жайлоосунун тушунда киргизип коюшкан имиш. Бул маселени иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн да болуучу. Кандай болгондо да, улутубуздун кызыкчылыгын жогору коюп, мамлекетибизге зыян келтирбегендей кылып иш алып барышса деген эле ой. Мына ушундай маалыматка таянып, Амантур Рыскулов аттуу авторубуз макала жазып чыккан. Ал жерде ким болгон, ким болгон эмес, бирок баарынын чоо-жайын иликтеп бүткөндөн кийин гана чечим кабыл алып, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын биротоло бекитип берсе, – деп ал айткан эле.
“Апрелдиктер” саясый куугунтукталууда:
Ошол эле жумада мен апрель митингине катышкандардын үстүндө куугунтуктоо болуп жаткандыгы жөнүндө билдирген элем. Анда мен Адилет Айтикеевдин өзүнө блог ачып, алигече сот ишин токтотоор деген үмүттө жүргөнүн айткан элем. Бир аз убактан кийин, сиздер билгендей Адилеттин үстүнөн издөө салынып, ал жакында гана СИЗОдон чыгып келди.
ШПИОНистан :
Быйыл Кыргызстанда дагы бир тема – шпиондук болду. Бул саам Жогорку Кенештин ишкери Жыпаркүл Арыкованы кытай элине Кыргызстандагы жашыруун маалыматтарды берип турган деген айып коюлган. Бул жөнүндө Neweurasia’га дагы чыккан.
АнтиАмериканизм по кыргызски:
27 июнда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн “Жаштар достук, мекенчилдик, маданиятты урматтоо үчүн, экстремизм жана наркоманияга каршы” аттуу эларалык жаштар конференциясына катышып келдим. Организатор катары россиялык ар-кыл уюмдар болгону менен, негизги күч – Коллективдүү коопсуздук келишим уюму (ОДКБ) болду. Бул талкуулоо столуна Армения, Белорус, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиядан дагы өкүлдөр келип катышышкан. Эң башынан эле Америка, батышка каршы ар-кыл сөздөр айтылып баштаганда эле, бул жерде негизги фокус – антиамериканизм экенин баалап билүү оңой-олтоң эле иштей, - деп мен ал жакка катышуучу болуп барып келгенден кийин жазгам.
Хизб-Ут-Тахрир жаныбызда. Исламисттик лобби:
Мындан дагы күлкүмүштүү окуяга мен жекече түрдө өзүм күбө болдум. Менден Хизб-ут-тахрирдин мүчөлөрү интервью алышкандыгы жөнүндө жазып чыгып, бул кыймылдын ишине тыюу салынуусу керек деп алардын өздөрүнө айттым. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары акыркы күндөрү абдан эле көп Хизб-Ут-Тахрир партиясынынн мүчөлөрүн милициянын кармап жаткандары жөнүндө билдиришүүдө. Бул радикалдуу ислам кыймылы Кыргызстан жергесинде абдан эле тез ылдамдыкта өсүп жаткандагын билдиргендей, деп дагы билдирдим.Кыргызстанда диндик коз-караштардын кучошу, алардын саясаттагы ордунун жогорулоосу азыр баарына маалым болуп турган учурда, дагы бир мусулман диндик уюмдар мамлекетибиздин башмыйзамынын долбооруна жаны озгортуулорду киргизууну суранышты. Бул ислам лоббисттик күчтөрүнүн активдештирилүүсү деп Neweurasia’да билдирилген.
ШОС, кимге ал дос?
Бул жылдын эң негиги мааракелеринин бири болуп Шаңхай Кызматташуу Уюмунун Бишкеке өткөн саммити болду. Спирттик ичимдиктерди ШОСко катышуучулардын автокаттам көчөлөрүндө сатууга дагы тыйуу салынгандыгы, Бишкектеги адамдардын баардыгына паспортун жанына алып журуусу сунушталгандыгы жөнүндө дагы маалымдалган.
Башмыйзам реформасы. Партияларынын чыңалуусу
Башмыйзам реформалоо процессин кыргыз партияларынын чыңалуусу коштоп келүүдө. Негизги басым саясый лидерлерге жасалбай, алардын партияларына берилүүдө. Мунун негизги себеби ачык айкын эле көрүнүп тургандай: референдумда Жаны Конституция кабыл алынса, анда Парламенттик шайлоолорго 100 пайыздык партиялык тизме болмокчу. Мына ушундай макаланы мен жазып чыккан элем. Чындап эле партиялар чыңалып, шайлоого даярдыгын көрүп жүрүшкөн эле.
Референдум. Участкалык шайлоо комиссиясы биздин ордубузда тандады.
Быйылкы жылдын негизги саясый тармагы боюнча мааракеси деп Референдумду айтсак болот. Референдум болооруна бир күн калганда мен ага келип “Колдоо” добушун бергенге караганда, келип, айтор шайлоочулардын саны 50% тен ашып берсе эле болду окшойт. Менин байкашыма караганда коомчулукта референдумга барып шайлоого анчалык деле конул жок. Копчулугу ошонун себебинен барбашы деле мумкун. Демек референдум – коркунучта турат, деген пикиримди билдирген элем.Чындап, эле ошондой эле болгондой. Референду күнү дагы тынбай ага байкоо жүргүзүп, анан албетте Neweurasia’га дагы жазып жаттым. Анда мен өзүмө шайлаганы барсам, менин тизмеде жок болуп калганымды, анан менин үй-бүлөм үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү тандап койгондугун билдирдим. Баса, ушул эле референдум учурунда исламисстердин дагы баракчалары пайда болду. Алар жөнүндө дагы бир пост бар.
Митингчилерди басуу зарылбы? Данчиктин окуясы:
Ал эми Бишкектин мэриясы тарабынан сунушталган митингчилер үчүн атайын гайд-парк куруу зарыл деген демилге көтөрүлүп чыккан. Ал ушул постко келгенден баштап эле негизги иш-аракеттери митингдерди азайтып, аларды турукташтыруу маалында. Ошол эле учурда коомдук уюмдар, укук коргоо борборлору бул демилгелерге каршы чыгып, эми жакында келе жаткан 10 декабрь – Дүйнөлүк Укук күнүнө карата ушуга жараша Коомдук Уктурууну уюштурууну болжолдошуп жатышкан кербези эле.
Жаштардын талкуусу. Билим. Илим. Ж.б.:
Бүгүнкү күндө жалпы студенттердин 24 пайызын (54 миң студент) болочоктогу экономисттер, 10 пайызын (24 миң) болочоктогу юристтер түзөт. Ал эми өлкөбүз үчүн эң маанилүү болгон айыл-чарба багытында окуган студенттер 1.6 гана пайыз (3700). Дагы бир маанилүү технологиялык адистиктерде 6.7 пайыз (15 миң) студент окуйт. Учурда эң тездик менен өнүгүп жаткан кызмат көрсөтүү жана туризм тармагын тейлөөчү адистиктерде болгону 1500 же болбосо 0.6% пайыз. Мына ушундай статистикага таянып, мен Билим берүү системасын кайсы нукка буру зарыл экендигин талкууладым.Тынчтык атту ОшТУда иштеген лаборанттынблогу аркылуу дагы коптогон талкуулар журду. негизгиси болуп, ет олкодо окуп келген жаштарга бул жактан иштегенге шарт тузуу керек, аны кантип тузсо болот деген тема болду.
Парламенттик шайлоо – накта кир, сапатсыз болду:
Андан кийинки саясый маараке – парламенттик шайлоо болуп калды. Шайлоого агитацияга уруксат берилеерден мурда эле партиялар агитацияларын баштагандарын блоггерлер билдиришти. Болгону 26 ноябрда гана шайлоо агитациясына марш берилген.Химиялык лаборант байке откондо озуно блог ачып, аны кыргыз тилинде жургузуп жаткандыгын айткан элем. Албетте кыргызстандыкта кантип эле саясат болбосун, ал дагы Социал-демократтар партиясынын лидери Бакыт Бешимов менен кантип жолугушканын баяндап берди. Анын баяны тууралуу дагы Neweurasia чагылдырды.
Чынында эле, биз эмнеге жетиштик ушул жылы? Саясатта.
Көөнөрбөс мурасым – менин Манасым:
Ажара деген кызыбыз биринчилерден болуп кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы – гениалдуу “Манас” эпосу элибиздин каада-салтын, үрп-адатын, социалдык түзүлүшүн, рухий баалуулуктарын чагылдыруу менен эчендеген кылымдарды карытып, муундан-муунга өтүп оозеки түрдө сакталып келгендиги жөнүндө жазып чыккан. Сөзүнүн жыйынтыгында, Ажара «…боордош түрк элинин окумуштуулары дүйнөлүк дөөлөттөрдүн айрылгыс мүчөсү болгон “Манас” эпосун изилдөөдө олуттуу аракеттерди жасап, илимий эмгектери менен кыргыз жана түрк элдеринин арасындагы маданий жана руханий жакындык, окшоштуктарды далилдеп жатышат», – деп бүтүргөн. Мындай дээрлик узун, адабий жана илимий тил менен жазылган макаланы оку укай-бирибиз үчүн кыйын болсо дагы, аны окуп, көңүлүбүз куштар болу пандан ары ишибизди уланттык.
Ала-Качуу – уят иш:
Коомдо ала-качуу проблемасы абдан актуалдуу жана кайгырыштуу болгондуктан, Neweurasia’нын кыргызча блогунун авторлору ошол тематикадагы макалаларды катар-катар кылып чыгарууну чечтик. Ала-Качууда кыздар өздөрү күнөөлүү, алар өздөрү болочок жолдошторун сотко берип ташташса, мындай болбос эле деп мен чыктым. Менден кийин Нурбек Абабакиров болсо ала-качууга чуркашкандар эркек эмес, алар мындай наамга татыксыз деп айтып чыкты. Максат Аскеров болсо, ушинтип эле жүрө берсек, ала-качып, жакшы жашоо болобу деп жазды. Ушул макалалардын баарысы орус тилине которулуп, ал аркылуу орусча сүйлөгөн окурмандар дагы маалымат ала алышты.
Милициянын кордугу:
Прагада жашаган авторубуз Айбек Дунаев болсо бөлөк теманы көтөрүп чыкты. Анда ал милициянын зомбулугу жөнүндө жазып, өзүнүн кыргызстанга келип конгондогу аэропорттогу милициянын пара издеп, аны токтоткондугу жөнүндө кеп салган. Аны уланта, мен дагы ошол эле аэропорттун Оштогу бөлүмүндөгү милиция кызматкерлеринин мени таанышымдан акчаны догурунуп талап кылышкандары жөнүндө жазгам.
Тез жардам эмей эле кеч жардам го:
Тез жардам кызматынын иши абдан жай болуп, коптогон адамдар убагында медициналык жардам алууга улгурбой калып атышат. Ушул боюнча, откон жуманын ичинде болуп откон озумо тиешелуу окуяны айтып берейин деп жаңы авторубуз Кыргыз Мырза Neweurasia’га макала жазды. Көрсө анын жеңесинин толгоосу кармап (алгач алар ушинтип ойлошкон экен), алар эки сааттан ашуун убакытты Тез-Жардамдын унаасын күтүүгө сарпташкан экен.
Шоопурлар МАИден кантип коргонушат:
Жолдо капыстан Мамлекеттик автоинспекциясынын патрулдук кызматы кутуп турганын автоунаа айдоочулары кайдан билип алышат? Эмне учун, азыркы Ысык-Колдогу бархат сезону учурунда МАИ кызматкерлери жеткиликтуу денгээлдеги эреже бузуучуларды кармай алышпайт?, – деген суроолорго мен алматыдан келе жаткан айдоочу менен баарлашканым жөнүндө жаздым. Neweurasia чындап эле ушундай кызыктуу маалыматтарга бай боло баштаган.
Киноиндустрия. Кыргызвуд:
Кыргызстанда кино тартуу, кино-өнөр жайы тууралуу көп сөздөр болот. Анан ар-дайым өзүбүздүн актерлорубузду, режиссерлорубузду жемелегенден башка эч нерсе кылбайбыз. Быйыл мен бир киного топ түзүп берип, досума колдоо көрсөтөйүн деп барып, кинонун биздин өлкөдө кандайча тартылаары жөнүндө баяндадым. Баса, ушул каргашалуу айда белгилуу актриса Сабира Кумушалиева дуйнодон кайткан.
Коррупция чар-тарапта:
18-ге жашы жете элек менин тааныш кызым байыл Казакстанга баруусу зарыл болгондуктан Нотариуска барып, акча менен оңой-олтоң эле ишеним кат жаздырып алгандыгы жөнүндө өзүнүн блогунда билдирген. Анын темасын улап, коррупцияга Жаны чыдабаган Ажара деген кызыбыз жүрөккө тийген коррупция аттуу макала жазып чыккан.
Мектепте абал кандай:
Башталгыч класстарда окуучулар укмуштуудай коп болуп, класстар жетишпегендиктен, мектеп администрациясы кай бир класстарды бириктирип салган. Анын жайынтыгында азыркы учурда ар бир класста 37-40 адам окуп, окууга мумкунчулуктор кыйла кесилген. Бул жагдайды менин билгенимдин себеби, менин кичу карындашым ошол жерге окуйун деп барган эле, деп Кыргыз Мырза кабарлады.
Маршруткастан:
Кыргыз Мырза ушунчалык кейиштүү проблемаларды көтөрүп чыккандыгынанбы, айтор, анын макалаларында көптөгөн пикирлер калтырылып келет. Ал танкы саат 7 ден 9 га чейин Бишкек шаарынын четкирээк аймактарында жүздөгөн адамдар “маршрутка” күтүп, жумуштарына же окууларына жетишип калуунун камын көрүшөт, деп айткан. Көпчүлүк учурларда, алар кечигишет, себеби ал маршруткалар ар-дайым толтура болуп, токтобостон жүрүп кете беришет.
Советтик адамдардын ою:
«Союз учурунда бизге көмүр, ун, тамак-аш жетиштуу болуп, биз эч нерсе жөнүндө кам көрбөй, жыргап эле жүрчүбүз…», – деп көпчүлүк ошол доордо жашап калган адамдар айтышат.
Спортту дагы унутпаган экенбиз:
Кыргызстандын чемпиону, Нарындын «Дордой-Динамо» клубу экинчи жолу катары менен Азия Футбол Федерациясынын «Президентинин кубогун» утту. Финалдык беттешүүдө, биздин команда Непалдын «Махендра Полис» командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңип чыкты. «Дордой-Динамо» «Механдро Полис» менен ойноп, 3:0 эсебинде чоң эсеп менен жеңип чыккан, деп Туркияда жашаган биздин авторубуз Марлен Акималиев спортту унутпай жазып чыккан.
Аферисттер:
Бир тууган байкем Бекжандын уюлдук телефонуна 0772 12 54 87 номурунан чалуу келип, ага жагымдуу кабар жеткиришти: ал 5000 сом өлчөмүндөгү байге утуп алганы жөнүндө эле. Бирок көп өтпөй эле, бул адамдар аферисттер экендиги билинди. Ушул окуянын чоо жайын баарын айтып берген элем. Бизден кийин дагы бул аферисттер бөлөк адамдарды алдоого аракет кылгандыгы жөнүндө билдик.
Мемуар:
Алгачкылардан болуп, өзүнүн эсине калган окуяларды, саясый жана экономикалык абалды жектеп, мемуарга окшоштуруп жазган Изкубар эже болду. Анын узакка созулган бул эскерүүсүндө көптөгөн кызыктуу маалдарды окуса болоор эле.
Аяз ата эмес, Санта Клаус бизде:
Швециялык инженердин фирма Аяз Ата Түндүк уюлдан кетип Борбор Азиядагы тоолу Кыргызстанда жайгашуусу керек деп эсептеп чыкты, деп билдирет БиБиСи уналгысы 5 декабрда. Ошол эле куну Neweurasia’нын автору CXW дагы ушул жонундо англисче жазып чыккан эле. Бул маалыматты кыргызча окурмандарга билдирип чыккан Кыргыз Мырза болду.
Автоунаа пробкасы:
Бирок, пробка 200-300 метрге узак болуп светофорлордун иштебегенинен чоюлуп кетти. Алгач, эмнеге мынчалык көп күтүп турабыз деп таңыркаган элем. Анан, баарын түшүнгөндөн кийин, көргөн көзүмө өзүм ишенбей, айтор таңыркадым, деп Мирсулжан Бишкекте ушунчалык узун пробканы көрүп, таң калгандыгын баяндаган.
Neweurasia’нын ишке кириши:
Май айынын отузунда мен алгачкы посту жазып, анда «Азырга чейин нагыз кыргыз тилиндеги блогду глобалдык интернет-бети көрө элек эле. Эми бүгүнтөн баштап, кыргызстандык жаштар өзүнүн мамлекеттик тилинде ар-кыл маалыматтарды жазып, аны менен дүйнөлүк коомчулукту тааныштыра бермекчи», – деп билдирген элем. Ал маалда жаңы-жаңыдан баш бириктирип, автор издеп жүргөн кезибиз.Баса, ошол эле июнь айында Neweurasia’нын жаңы блоггерлеринин жолугушуусун өткөргөн элек. Ушундай жыйындарды ар-дайым өткөрүп турабыз дедик эле, азырга чейин жолугуша элекпиз, тилекке каршы.Кыргызча жазган блоггерлер жөнүндө эки жолу пост жазып, аларды биздин окурмандарга тааныштырган элем. Биринчисинде Жеңишбек Дыйканов байке жөнүндө жазсам, экинчисинде болсо ОшТУ да иштеп жаткан жаш окумуштуунун блогу жөнүндө жана Агым гезитинин кабарчысынын блогу тууралуу жазгам.Жалгыз гана Интервью ушул жылы биздин бете чыкты. Чындап эле интервью алып, аны жазып чыгуу тозоктой эле экен. Бирок ошого карабастан, Жеңишбек байке менен сүйлөшкөн талкуумду мен биздин бетке чыгарган элем.
Блоггинг эмнеге керек?
Блогдор жөнүндө дагы бул саам унутулган жок. Өзүм талдоо жүргүзүп, блоггингдин керектүүсүнүн беш себебин жазып чыктым. Бул пост англис тилине дагы, орус тилине дагы которулган.Биздин Neweurasia тобу жана Чехиялык «Transitions Online» өкмөттүк эмес уюму Бишкекте үч күндүк жаңы ММКлар тууралуу дарсты 1 ноябрда баштады. Ушул иш-аракетти уюштуруу үчүн чындап эле көптөгөн убакыт дагы талап кылынды. Негизинен конференциянын ишинде блогдошуу, RSS- жана башка интернет-баракчаларында пайдаланылуучу технологиялар, веб-дизайн жана башка маселелер каралып, катышуучулардын алдында чет өлкөдөн келген эксперттер келип, сүйлөп беришмекчи. Ушул конференциянын 5 негизги жыйынтыгы жөнүндө дагы жазылган. Анан дагы, көпчүлүк ошол жыйындын катышуучулары эми Ригада өтө турган БарКэмпке дагы катышканы жөнөгөн жатышат.8 декабрда Борбор Азиялык Америка Университетинде он бештей жаш адамдарга блог деген эмне, аны менен кантип иштесе болот, блогчөйрө деген эмне ж.б.у.т. суроолорго жооп берүүгө аракет кылган дарсыбыз өттү, деп Neweurasia’нын тренингин өткөргөн сөн, Мирсулжан, б.а. мен кабарладым. Катышуучуларга «Блоггингдин негизи» деген темада презентацияны мен айтып бердим. Ал жерде Яндекстин орус тилчи блогчөйрөнү изилдеген статистиканы, Technorati’нин эсеп-кысаптарын баарын коюп, андан тышкары Кыргызстандык блоггерлердин күндөлүктөрүнүн скриншотторун дагы ал жерге коюп, айтор, бир нерсени түшүндүрүүгө аракет кылдым.
Блоггерлердин күчү эмнеге жетет?
Кыргызстандын жана Узбекистандын блоггерлери аркылуу Флэш-Моб өткөрүлгөн. Анын негизги маңызы – Алишер Саиповдун каза болгондугуна 40 күн өткөндүгү боюнча эскерүү кылуу эле. Бул тууралуу жаңы авторубуз Тимурдун сүрөттөрү чыккан.
Жаңы медиа тармагындагы интернеттен эмне кылса болот?
Мен коптон бери эле кантип ушул биздин радиолорду чет мамлекетте туруп алып укса болот деп ойлонуп жаткан элем. Корсо, биздин блогдо ссылка берилип турган экен. Ал – RadioTime. Кирип, эки радиону туз эфирде уга аласыздар. Менин оюмча болоктору дагы ушул системага кирип калышаар. Баса, кыргызстандын радиолорун дагы бир сайтта укса болот экен. Ал iRadio Bishkek www.kg сайтында укса болот. Бардыгы эле тушунуктуу болсо керек. Анда эмесе, ийгилик!, деп Кыргыз Мырза билдире кетти.
Neweurasia’нын эң мыкты блог таймашы:
Neweurasia блогунун тобу Борбордук Азия боюнча эң мыкты блог аттуу таймашты ачты. Бул таймаштын жеңүүчүсү Global Voices’тин кезектеги саммитине катыша алат. Андан тышкары, көптөгөн-көптөгөн белектер, байгелер катышуучуларды күтөт. Ушул конкурс ушинтип жаңы медиага Neweurasia’нын тийгизген зор ролун жыйынтыктайт. Кийинки жылы мындан дагы көбүрөөк иш кылаарбыз деген үмүттөбүз.
[inspic=40,,fullscreen,150] Read the full story »
Жалган. Азыркы учурда көптөгөн Россиядан, КМШдан келген, аты бар заты жок байкоочулар, биздеги шайлоону эң бийик деңгээлде өттү деп жатышат. Бирок ошол эле учурда, жергиликтүү, даражасы зор бейөкмөт уюмдары, эларалык комиссиялар бул шайлоодо Кыргызстан Адам укугун коргоодо жана демократияны өнүктүрүүдө артты көздөй сапар тартты деп жатышат.16 декабрда шайлоого байкоочу катары, же Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп катышышкан менин досторум ал күнү болгон укук бузууларды көргөндө ыйлагыбыз келди деп айтышты мага. Аларды санабаганда эле дурус болмок, бирок санай кетейин: (1) массалык түрдө шайлоочуларды унааларга салып келип, аларды белгилүү бир партияга шайлагыла деп мажбурлашкан, (2) массалык түрдө бюллетендердин урналарга салыныштары, (3) байкоочулардын эркин түрдө байкоо жүргүзүүлөрүнө тоскоолдук кылуу, ал Тургай, кай-бирлеринин машинелерин талкалап, өздөрүн сабаган учурлар дагы болгон, (4) бөлөк партияларга добуш берем деп мурунтан айтып алган шайлоочулар өздөрүнүн аттарын тизмеден таба албай калышты, (5) протоколдорду фальсификациялоо, ж.б. толгон токой укукбузуулар болду. Мен өзүм, барып, атайылап туугандарымдын тизмесин дагы текшерип коеюн деп, жеңемдин атынан кап-кайдагы эле бирөө салып койгонун билип, скандал көтөрдүм.Мындай шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбоо керек!
Биз борбордук азиянын эң мыкты блогу – 2007 таймашын ачып жатып, абдан чоң кубанычтабыз!Сиз кандайдыр бир учурдун ичинде блог ачып иштешкенсизби? Сиздин оюңузча сиздин блогуңуз дагы көңүл бурууга татыктуубу? Сиз дүйнөнүн төрт бурчунда жашаган блоггерлер менен таанышкыңыз келеби?Эгерде сиз толук ишенимдүү түрдө «ооба» деп жогоруда айтылган үч суроого жооп берсеңиз, анда бул таймаш сиз үчүн! Эгерде сиз жүрини өзүңүздүн блогуңуздун Борбордук Азияда эң жакшы экендигине ынандыра алсаңыз, биз сизди Global Voices дун 2008 жылдын башталышына пландаштырылган жылдык саммитине жөнөтөбүз!Global Voices – бул дүйнөлүк «байланыштыруучу блог» десе дагы болот, себеби ал чогултуп, координация иштерин жасап, төгөрөктүн төрт бурчунан онлайн-талкуунун, сөз эркиндигинин чырагын жандырып турат.GV бардык тараптан үн-добуштардын угулушуна чоң салымын кошуп, алардын инструменттеринин, институттарынын жана эки тараптуу байланышын камсыз кылат.Бул конкурска катышу үчүн сөзсүз эле түрдө кандайдыр бир белгиленген теманын үстүндө иштөө кереги жок. Жүри төмөндөгүлөргө таянып, чечим чыгарат:Жөнөкөйлүк: сөздүн түзүлүшү, тилдин жөнөкөйлүгү, өз убактылыгы, ачыктык жана ишенимдүүлүк.Чыгармачылык мамиле: теманын оригиналдуулугу, юмор, жаңы стилдик чечимдерди колдонуусу.Дизайн: татыктуу дизайн, мультимедиа элементтеринин колдонулуусу (анимация, графика, аудио, видео).Колдонуучуларга түзүлгөн оңтойлуулук: интерактивдүүлүк, колдонуунун жөнөкөйлүгү, шилтемелер, пикир калтыруу функциялары.Сиздин блогуңуз орус, англис, өзбек, казак, кыргыз же таджик тилдеринде болуусу зарыл. Сиздин англис тилинде сүйлөгөнүңүз, түшүнгөнүңүз зарыл, чебеби сизге Global Voices дин саммитинде дос-блоггерлер менен жолугушуудан өзүңүзгө керектүү маалымат алып калууңуз керек.Башкы байгеге кошумча дагы ар кыл байгелерди Казахстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын эң мыкты блогдоруна дагы берилет.Фотоблоггерлер: Фотоблогдорду текст менен салыштыруу кыйын болгондуктан, биз өзгөчө байге аларга уюштурдук. Борбордук Азиянын эң мыкты фотоблоггери сүрөт тартууга керектүү каражаттарды 250 доллардын ченинде беребиз.Жүринин мүчөлөрү:Евгений Морозов, TOL, жаңы медиа директоруБектур Искендер, Kloop.kg нин негиздөөчүсүАдиль Нурмаков, Global Voices’дин Борбордук Азия боюнча региондук редакторуКлэр Вилкинсон, neweurasia’нин бирден-бир негиздөөчүсүКызыгдарсызбы? Өзүңүздүн блогуңузду таймашка чыгарыңыз! Таймашка катышууга арыз таштоонун эң акыркы – 31 декабрь 2007 жыл. Жеңүүчүлөр 2008 жылдын 15 январында жарыя кылынат.http://www.neweurasia.net/bestblog
Баардыгыныздар билгендей, 2008 жылдын январь айынан баштап кыргызстанда монеталуу тыйындар чыга баштайт. Ал эми томондогу тыйындардын кайдан пайда болгонун табыныздарчы:[inspic=37,,,150] [inspic=38,,,150][inspic=39,,,150] Read the full story »
Эки кун мурда Ош шаарында жашаган химиялык Лаборанттын шайлоо боюнча жолугушуусу тууралуу жазган элем. Анда ал, чет олкодо окуп келген жаштардын кайра кайтып келгендегисине шарт тузуп беруу жонундо айткан эле.
Ал постуна, мен комментарий жазып, ал жерден “Бешимов агай кандай идеяларды айтты? Ошолорду дагы жазсаныз, мага кызыктуу, мага эле эмес, баарыбызга кызыктуу боло тургандай” деген суроо берген элем. Бугун ал байке, аты Тынчтык экен, томондогудой жооп берди:
Бешимов агай коп эле нерселерди айтты, бирок анын баары тилекке каршы эсте да калган жок. Ток этер жерин айтсам, Кыргызстандын географиялык абалын оз пайдабызга колдонушубуз керек биринчиден. Сингапур, Индия сыяктуу олколорго окшоп информациялык технологиялар боюнча жана башка нерселерди сервис кылышыбыз керек, ошого ылайык кесиптерге окутканы жонотушубуз керек жаштарды. Аларга кызмат шарттарын тузуп берип, оздору кыска убакыт ичинде башка жаштарга кызмат тарды тузо турган болуш керек…
Дагы эсте калганы, биздин табиятыбыз бай жана тилекке каршы изилдене элек…Канчалагн дары чоптор жана башка нерселер бар, баалу кендерди айтпай эле кой…Химия, биология физика адистиктерин онуктуруп ошол табигый байлыктарыбызды изилдеп анын аркасынан пайда корушубуз керек…
Тынчтык, озунун мисалын келтирип, бирок ошол эле учурда олкобуздогу абалдын кандай экендигин корсотуп бере алды:
Озу менин да 5 ай мурун, окуну жаны бутуп келгенимде идеям жана пландарым ушундай эле. Оштогу Улуттук Илимдер Академиясынын Туштук Болумуно ишке орношком, кенже илимий кызматкер болуп. Менин идеям дары чопторду, алардын составындагы биологиялык дары касиеттери бар заттарды изилдегим келет деп айтсам ал жердин директору башын ийкеп “жакшы, жакшы, кылыш керек” деп коюп эч кандай колдоо корсоткон жок. Илимий топ тузолу, ишти баштайлы анда десем, бизде андай илимий иштеди кылганы шарт жок деп койду.
Карасам ал жерде эч ким эч нерсе кылышпайт экен. Кундо жон эле ишке келип олтуруп олтуруп кетишет…анан айдын аягында уялбай айлык алышат. Июль август ичи ошол жерде журдум…бул жерде эч кандай перспектива жок экен дедим да университетке кетип калдым…эч болбосо сабак берип бир аз болсо да пайда келтирерлик иш кылайын деп …
Тынчтыктын жооп жазганына рахмат айтып, томондогудой жооп жаздым: “Мен дагы мумкунчулук болгон жерде ошол чет олкодо окуп келген жаштарга бул жактан иштегенге шарт тузуу керек, аны кантип тузсо болот деген аз-маз божомолдорумду айтып калам. Сиздин персоналдык мисалыныз ушул проблеманы примитивдик турдо тактап, бул чечиле элек маселенин чечим кутуп турганын далилдейт”.
Откондо эле Вечерний Бишкек гезитинен Вест Поинтто (коргонуу куч тармагында иштей тургандарды даярдайт) окуган кыргызстандыктын маегин окудум. Ал дагы ушул эле маселени кичине которо кетти. Ал дагы, кайра келсем, менин демилгелерим ишке ашабы, же мени укпай коюшабы деп кооптонот. Ал дагы Кыргызстан окмоту менен АКШ мамлекеттик деапартаментинин кошулган программасы аркылуу кеткендиктен, кайра кайтып келуусу абзел. Бирок, биздин шартыбыз ушундай болуп жатса, ал 2 жылдан ашык бизде калабы?
Сиздин абал боюнча. Университетте дагы изилдоочу лабораториялар (тийиштуу турдо) жок болгондуктан, ал жак деле перспективасы жок экендиги корунуп турат. Себеби, практикалык турдо изилдоо жургузуп, иштегенге мумкунчулук жок. Эл-аралык уюмдардан ошол изилдоо жургузгонго жардам боло алат бекен? Жаш илимпоздорду колдоо боюнча программалар болуусу абзел. Алар аркылуу, ОшГУнун мекемесинде эле, анын студенттерин практикага аралаштырып, ушул ишти кылсаныз болоор бекен?
Саламатсыздарбы! Мен жаны автор болгондуктан, бул менин биринчи постум. Ага карабастан, аз да болсо коптой коруп, менин бул кичинекей анализимди окуп, талкуулашыныздарга чакырам.2007 жылы эмнеге жетиштик? Саясатта – артка кайттык. Экономикада – артка кайттык. Маданиятта – статикалык турдо турабыз жылбай.Саясатта артка кайттык деген эмнени тушундурот? Апрель айында Кулов жана анын командасы тарабынан откорулгон митингдин айынан абдан эле артка жылдык. Андан сон, саясый куугунтуктоолор башталды. Референдум абдан чон укук бузуулар менен отту. Ал эми ушул отуп жаткан парламенттик шайлоолор дагы административдик ресурсту колдонуу менен отуп жатат.Экономикадан деле эч жакшы нерсе коргон жокпуз. 3 пайыздык экономикалык осуш 10 пайыздык инфляция менен коштолгону жан куйгузо тургандай. Анан дагы, тамак-ак продуктуларынын бааларынын кымбатташы, доллар курсунун тушушу абдан эле терс таасирлерин тийгизди.Сиздердин оюнуздарды уккум келет!
Бишкек таймс гезити азыркы учурда актуалдуу билим беруу тармагына кичине сереп жургузуп, аны аз дагы болсо изилдегенге аракет кылган. Атайын “Билим берүү тармагында качан тартип болот?” деген макаласында анын автору томондогудой цифраларды берип кетти:
Бүгүнкү күндө жалпы студенттердин 24 пайызын (54 миң студент) болочоктогу экономисттер, 10 пайызын (24 миң) болочоктогу юристтер түзөт. Ал эми өлкөбүз үчүн эң маанилүү болгон айыл-чарба багытында окуган студенттер 1.6 гана пайыз (3700). Дагы бир маанилүү технологиялык адистиктерде 6.7 пайыз (15 миң) студент окуйт. Учурда эң тездик менен өнүгүп жаткан кызмат көрсөтүү жана туризм тармагын тейлөөчү адистиктерде болгону 1500 же болбосо 0.6% пайыз.
Базар экономикасынын башталышы менен бир топ мугалимдер башка ишке өтүп кетишкен, деп билдирет Бишкектик Таймс. “Дагы бир бөлүгү чет өлкөлөргө кетишти. Бүгүнкү күнү эң престиждүү деп эсептелген АУЦА, МУК, КРСУ сыяктуу университеттер каражатынын көптүгүнө салып бир кезде башка окуу жайлардын кадрдык каймагын калпып кеткен. Азыр да маал-маалы менен калпып турушат. Аларда айлык акы да бир кыйла жогору. Ушул ж.б. себептерден улам аталган окуу жайларында билим сапаты жогору. Албетте, мындай шартта абитуренттер окууга тапшырууда жогорудагы окуу жайларга басым жасашы табигый көрүнүш”.
Мисалы, бухгалтердик эсеп жана аудит кесибинин ээлери 32 ЖОЖдо даярдалса, финансы кредит кызматкерлерин 31 окуу жайында даярдалат. Адистиктердин мындай кайталанышы тигил же бул ЖОЖдо административдик башкаруу кызматтарынын көбөйүшүнө эле алып келбестен, материалдык-финансылык каражаттарды рационалдуу эмес пайдаланылышына, окуу жайлардын педагогикалык потенциалынын төмөндөшүнө түрткү болот. Окутуучулардын “нагрузкасынын” максималдык нормативи 1.75 ставка болсо көпчүлүгү эки, кээси төрт-бешке чейинки окуу жайда лекция окууга жетишип жүрүшөт.
Макаланын автору Чолпонбек Сыдыкбаев “киши башына окуу жайдын туш келиши боюнча дүйнөдө рекорд койдук” деп жазат ошол макаласында. Макалада бардык суроолор боюнча туура эле жазылган экен, бир гана акырында бул байкенин берген сунуштары абалга дал келе албай тургандай. Маселен, ал:
“Мурдагы билим берүү министри Досбол Нур уулу бир катар окуу жайларды, филиалдарды жабууга аракет кылып көрдү эле, бирок министр бүтүндөй коллективдердин жаалданган каршылыгына кабылды. Кийинки министр Каныбек Осмоналиев райондук, облустук деңгээлдеги бир катар ЖОЖдорду, алардын филиалдарын принципиалдуулук менен жапкан. Эми үчүнчү жолу айланып казыгын таап жаткан Ишенгүл Садыковна тажрыйбасы мол жетекчи катары ЖОЖдорду тартипке келтирээрине ишене туралы…”, – деп айтты.
Менин оюмча, билим беруу системасында реформаны алып келуу учун созсуз турдо эле кыскартууларга чуркабай, бул проблеманы негизинен кыркууга аракет жасоо керек деп эсептейм. Ошол эле биздин советтерден жолдоп калган системаны озгортууго аракет кылуубуз зарыл!
Мен коптон бери эле кантип ушул биздин радиолорду чет мамлекетте туруп алып укса болот деп ойлонуп жаткан элем. Корсо, биздин блогдо ссылка берилип турган экен. Ал – RadioTime. Кирип, эки радиону туз эфирде уга аласыздар. Менин оюмча болоктору дагы ушул системага кирип калышаар.Баса, кыргызстандын радиолорун дагы бир сайтта укса болот экен. Ал iRadio Bishkek www.kg сайтында укса болот. Бардыгы эле тушунуктуу болсо керек. Анда эмесе, ийгилик!



Акыркы пикирлер