Article Archive for Year 2007
Бүгүн дагы бир тааныштарым менен сүйлөшүп жатып, кайрадан эле саясатка көңүл бурдук. Бирок бул саамда, экономика жагына. Анан мен, “илгерки” кичинекей кезимдеги “экономикага инвестициялоо деген эмне?” ойлонуп, “аа, бул завод куруу болсо керек” деп ойлогонум эсиме түшүп, аларга айтып досторум менен саам күлдүк. Бирок, бул күлө турган сөз эмес го?!Анан баягы эле азыркы өлкө саясатын кемчиликтерин талкуулап жатып, бир нерсеге такалдык: “Тилекке каршы, өлкө башчыбыз, экономикалык өсүш дегенди – завод куруу деп түшүнсө керек” деп.Себеби, чынында эле, бизнестин үстүнө жамгыр жаагандай болгон бюрократиялык барьерлерден арылтуу, чымындай жабышкан налогдорду пайызын азайтып, бул секторго эркиндик берүү тарабында иш жүргүзүлбөй эле, кайдагы бир “заводду” эки жылдан бери кура албай бийликтин дагы айласы кетти. Ал заводдо ким иштейт десең, же ал эмне, бардыгын жумуш менен камсыз кылгандай бекен? Мен, жана менин тааныштарым 3000 сомго заводго иштеген жаткан жокпуз.Андан көрөкчө, демилгелүү жеке рынокко эркиндик берип, алар аркылуу алга сүрөө деген ой жетишпей жатса керек деп кейидик.
19 апрелде Кыргызстандагы оппозиция тарабынан уюштурулган демонстрациянын куулуп таркалышынын аркасынын бийлик эйфориясы күчөп, уюштуруучу жана катышуучуларды куугунтуктоону баштаган. Азырга чейин бул уланууда.Жыйырмадан ашык 19 апрел күнү митингдин милиция тарабынан куулуп жатканындагы аларга каршы таш ыргыткан жаш балдар азыркы учурда ГКНБ (Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитети) имаратында кармалып жатышкан экен. Аларга, массалык тополоңду уюштурган жана катышкан деген айып коюлуп, Кылмыш Жаза Кодексинин беренелерине ылайык сот иши күтүп турат.Ал тургай, “Канжар” аттуу жаштар кыймылынын жаш лидерлери азыркы учурда качкында жүрүшкөндүгү факт. Жалын деген бала, азырга дейре дайыны жок, издөөдө. Ал эми Адилет Айтикеев болсо Таластагы үйүнө барса, ал жерде дагы куугунтукта жүргөнүн билип, кайра ал жерден дагы качкан.Азыркы учурда бул балдар бөлөк өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүнөн “саясый качкын” наамын алууга дагы аракет көрүп жатышкан кездери. Адилет Айтикеев бүгүн интернет бетине http://adilet_aitikeev.livejournal.com аттуу блог ачты. Азырга дейре, бийлик өкүлдөрүнөн куугунтуктоонун бүтүүсүнө ишенип, алиге күтүшүүдө.

Бүгүн бириккен фронттун жолбашчысы “Темир Феликс” журналисттер менен “12 каминов” аттуу эс алуу клубунда бейформал жолугушуу өткөрөт имиш. Ал эми фронттун “колбашчысы” генерал Суваналиев болсо же кримчөйрөнүн мурунку башчысы Рыспек Акматбаев ат салышкан жерден депутаттыкка талапкерлигин коёорун, же Нарын областынын губернатору болуп кетээри жөнүндө ойлонуп жаткан кези.Бул эки жолбашчы менен колбашчы апрель митинги баштала электе чындап эле борбор калаада, жана башка региондордо чоң колдоого ээ болушкан. Бирок, апрель митинги көптөгөн суроолорго чекит коюп койду.Эгерде алар 2010 жылга жакшылап даярдык көрүп, күч менен эмес, акыл менен жеңе турган күчүн көрсөтсө, анда менин оюмча алар жеңишке оңой-олтоң эле жетишмек.Ал эми азыр болсо бул саясатчыларга болгон коомчулуктун ишеними жоголгондуктан, Фронттун дагы келечеги мага көрүнбөйт. Буга дагы бир мисал болуп, албетте жакшы мисал эмес, бирок ошондой болсо дагы, жакында Агым гезити тарабынан даярдалган саясатчылардын рейтинги.Ал жерде Феликс Кулов 8-орунга ээ болгон, ал эми Курманбек Бакиев 9 орун. Алгачкы орундарды Омурбек Текебаев, Темир Сариев, Бакыт Бешимов, Алмазбек Атамбаев, Мелис Эшимканов, Кубат Байболов, андан кийин жетинчи орунда Омурбек Суваналиев алышкан.
Саламатсыңбы менин кутмандуу окурманым!!!Ал-абалың жакшыбы? Мүшкүлдүү заманды баштан кечирип жатканыбызда, баардык ой-максатың ишке ашып жатканына ишенем.Мына ошентип мен дагы сен үчүн өзүмдүн жекече тунгуч блогумду ачып отурган убактым. Ушул блогдо менин сен сыяктуу окурмандарыма бир учкай маалымат берип, өзүмдү тааныштыра кетем.Аты-жөнүм Рыскулов Амантур Каныбек уулу. Ысыккөлдүн Жети-Өгүз деген жеринен болом. Азыркы учурда Борбордук Азиядагы Америка Университетинин экономика факультетинде 4 курста окуйм. Азырынча, өзүм тууралу айтайын дегеним ушул, кадырлуу окурман. Дале сапарыбыз алдыда болгон соң, биз бири-бирибиз тууралу кененирээк маалымат алып дагы жай-баракат баарлашарбыз, бирок ал иштер болочокто.Эми мен нени кеп кылып, не жөнүндө жазарымды бираз маалымдай кетсем . Сага да, мага да кызык маселерди талкулап, аларды ийне-жибине дейре изилдесек. Өлкөбүздүн турмушунда не бир катаал, не бир шумдук окуялар болуп жаткан учурда жазарга далай неме табылар, бирок ошентсе да, алардын ичинен эң маанилисүн өз көз карашым менен сенин алдыңа сунуш этсемби деген асыл ой, ак ниет. Аттиң, арман, колдон келсе баарын эле жазып чыгар элең, бирок бул жалганда убакыт дегениң ченелип эле берилет экен, ошол себептүү маанилүүлөрүн гана чамамдын жетишине карап ар кылдуу талкуулого аракет кылам.Ушул сапарда, азиз окурманым, мага көмөктөшүп, өз ой-толгооңду, сын-пикириңди айтып, мени менен чогуу бол.Кеңешип кескен бармак оорубайт деген сыңары, баарыбыз биргелешип иш алпарсак ишибиз алга жылар.Анда эмесе, кутмандуу окурман алга кеттик.Терең урматым менен,Амантур Рыскулов
25 май күнү «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жана «Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзамдарына президент Курманбек Бакиев тарабынан кол коюлду.Aйтылган эки мыйзамда:- ишкердик субъектеринин үстүнөн текшерүү жүргүзүүдөгу тартип, текшерүү процессинде атайын текшерүү органдарынын жана ишкерлердин укуктары жана милдеттери, ишкердикти коргоо;- мамлекет тарабынан ишкердиктерди колдоонун жана өнүктүрүүнүн жалпы жоболору, мамлекеттин чакан ишкердиктерди колдоп стимулдоонун формалары жана жолдору каралган (http://www.president.kg/press/news/2283)Биринчи мыйзамда атайын текшерүү органдары (салык инспекциясы ж.б) жана ишкердик субъектилеринин (жеке ишкерлер, юридикалык жактар) ортосундагы мамилер каралган. Бул мыйзам текшерүүлөрдүн түрлөрүн системалаштырган жана орунсуз текшерүүлөргө жол берилбестигин көрсөткөн. Мисалы: текшерүү кезинде атайын органдар тарабынан акчалай штраф салууга, текшерүүго тиешеси жок документ же түшүндүрмө талап кылуу жана ишкердиктин коммерциалык сырын жайууга тыюу салган (Статья 4).Кийинки мыйзамда болсо чакан ишкердиктердин мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү жөнүндө айтылган. Анын мисалдары: чакан ишкердриктерди колдоонун жана өнүгүүсүнүн инфраструктурасын куруу, жеңилдик шарттарын түзүү жана ишкердик ачууда регистрация процессин оңойлотуу ж.бБул эки мыйзам мамлекет тарабынан ишкердикке колдоо көрсөтүүнун даана белгиси деп айтса болот. Бирок, бул мыйзамдар кагаз жүзүндө эле кала бербей, ишке ашып тартиптери сакталса, жыйынтык көрсөтсө – бул ар бир ишкердин каалоосу.
Бул макала Neweurasia нын кыргызча бөлүмүнүн жаңы автору, жаш изилдөөчү Ажара Дуйшембиева тарабынан жазылган, жана биринчилерден болуп биздин интернет-бетке жарыяланууда.
Кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы – гениалдуу “Манас” эпосу элибиздин каада-салтын, үрп-адатын, социалдык түзүлүшүн, рухий баалуулуктарын чагылдыруу менен эчендеген кылымдарды карытып, муундан-муунга өтүп оозеки түрдө сакталып келген. Бекеринен Ч.Валиханов “Манасты” “… кыргыздардын бардык мифтеринин, жөө жомокторунун, уламаларынын энциклопедиялык жыйнагы” деп жазбаса керек2. Ал эми академик В.В.Радлов “Манас” эпосун “…элдин бардык турмушунун жана бардык умтулууларынын чагылышы” деп баамдаган3.
“Манас” эпосун дүйнөлүк коомчулукка белгилүү себептерден улам биринчи кыргыздар эмес, Валиханов, Радлов, Алмаши сыяктуу чет элдик окумуштуулар тааныткан. Алар эпостун айрым бир эпизоддорун котормолор жана комментарийлер менен коштоп жарыялап, дүйнө аалымдарынын кызыкчылыгын пайда кылышты. Түрк илимий чөйрөсүнүн кыргыздардын улуу баатырдык эпосу менен таанышуусунда да котормо негизги ролду ойногон. Read the full story »
Акыркы жумадагы Талас аймагында болгон митингдин чуулгандуу түрдө таркатылышы, ал жердеги премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин машинасынын жабыркашы, жергиликтүү активисттердин милиция кызматкерлери тарабынан кармалышы чындап эле Жер-Үй алтын-кен комбинатынын тегерегиндеги кандайдыр бир таза эмес мандем бар экендигин билдиргенсиди.Бүгүн Таластагы митингден милиция кызматкерлери тарабынан кармалган Лира Тантабаева менен сүйлөштүм. Аны бир күн кармап, анан жаш ымыркай баласы бар болгону үчүн гана коё беришкен экен. Ошол. Бул эже мага кээ бир окуялар жөнүндө айтып берүүгө үлгүрдү.Көрсө, Талас жарандык коомунун лидерлери Алмазбек Атамбаевди Калба айылына жолугушуу өткөрүүгө чакырышкан экен. Бирок, ал каршылык акциясы өтүп жаткан Манас айылындагы айылдык мектепте өткөрүүнү сунуштаган. Буга жергиликтүү лидерлер таң калышкан имиш.Андан соң, Лира эженин айтуусуна караганда, премьер-министр өз сөзүндө «Не Акаев открывал Джеруй, а Майрам, силердин апчеңер, страной правил не Акаев, а силердин апчеңер, баарын кылган силердин Майрам эжеңер, эмне үчүн өзүңөрдүн күнөөңөрдү билбей туруп, азыр кыйын болуп жатасыңар» и «Джеруй открывал не Акаев, всем правила Ваша сестра Майрам, вы талассцы почему не видите своей вины и строите из себя». Өкмөт башчысынын ушул билдирүүсүн жергиликтүү областтык телекөрсөтүүсү дагы көрсөткөн экен. Булардын баарын аты аталган эжекебиз өзүнүн жолдомосунда жазган экен. Анын ою боюнча, Атамбаев атайылап элди провокацияга жумшаган.
Баса, Атамбаев манас айылына өзү менен кошо көп сандагы милиция, УВД, ГОВД, РОВД кызматкерлерин ала келген. Өзү кетип калгандан кийин ал жердеги митингди таркатуу иши башталган дешет. Ал жакта баягы эле провокатор бирөө кийирилген имиш, ошол адам милиция кызматкерлерине каршы, премьер-министрдин кортежине таш ыргыткан экен. Ушул эле адам бир аздан кийин пикетчилерге каршы көрсөтмө берген.
Бүгүн Кыргызстан мекенчил партиясынын лидери Назарбек Нышанов өзүнүн версиясы боюнча өлкөдөгү паракор адамдардын тизмесин калың катмар элге жарыялады. Анын билдирүүсүнө ылайык азыркы истеблишменттин дээрлик баардыгы коррупцияга малынганын, бирок алардын ичине азыркы өлкө башчысы Бакиев кирбешин билдирет.Таң калыштуу нерсеси, тизменин алгачкылары болуп Аскар Акаев, анын аялы, бир туугандары, бөлөлөрү, жээндери, балдыз-бажалары киргизилген. Андан соң тизмени Акаевдин учурунда кызмат ордун ээлеген мамлекеттик чиновниктер кирген. Алардын дээрлик бардыгы азыркы Бакиевдин доорунда дагы өкүм сүрүп, “кресло” ээлеп келе жаткандар. Бул катарды оппозиция лидери Феликс Кулов, азыркы өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев жана башкалары дагы түзүшөт.
Албетте, эч ким булар паракор эмес деп айта албайт, бирок, бул “жүрөгү чоң” Назарбек аганын саясый маданиятынын төмөн экенин көрсөтүүдө деген ойдомун. Себеби, мынчалык тизме түзгүсү келсе, эмне үчүн тандоо мамиле кылат? Эмнеге президенттин аты жок болот, таптаза болуп кетсе да? (күлүүдөмүн
)Мыйзамга ылайык ар бир тизмеге түшүп калган адам “мекенчил” Нышановго каршы даректелген, кадыр-барк жана аброюн коргоого сотко арыз жаза алышат. Себеби соттун далилинен мурун эле, бул жаран алардын атына эл астында чиркөө коюууда. Анын үстүндө, бул коомдук пикирди чогулткан сурамжылоонун жыйынтыгы эмес.Кызыктуу факттарды эскертип кетким келип жатат. Назарбек Нышановдун партиясы былтыркы жылы ушул маалда жолдомо жазышкан. Анда алар Россия Федерациясынан 100 миллиард доллар 1916 жылы болгон окуя үчүн талап кылган. Мындан тышкары Акаев учурунда Кытайга сатылып кеткен Үзөңгү-Кууш жерин мекенине кайтарып берүүнү Кытай Өкмөтүнөн талап кылган. Анан дагы, бул “акылман” Акаевдин учурунда көбүрөөк демократия бар болчу деп чыгып, Бакиевдин өзүн Акаев менен көмүскө бүтүмгө барган деп айыптаган. 2005 жылы өтө турган Президенттик шайлоого Нышанов талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган, бирок регистрациядан өткөн эмес. Ошол эле учурда ал Курманбек Бакиевдин Президенттикке болгон кандидаттык регистрациясын жокко чыгаруу сунушу менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Өзүнүн арызында ал азыркы өлкө башчысын убагына жете электе баштаган агитациясы жана жумуштук шартына байланыштуу шайлоочуларды сатып алып жатканын билдирген. Ал эми азыр болсо Бакиевди паракорчулар тизмесине кийирбегени таң калтырууда.Баса, бул жаңылыкты окуп жатып анын өзүн паракорчу деген ойго көмүскө туюмумда келдим. Анан, кайра НЛП (нейро-лингвистическое программирование) боюнча кайсы бир убакта өткөн тренингди эстедим. Анда биз шайлоо кампаниясында колдонулган кара пиар технологияларын анализдеп жатканда, тренер айткан эле, бөлөктөрдү паракор деп айыптагандар өздөрү паракор сезилет деп.Сиздердин оюңуздар кандай?



Акыркы пикирлер