Article Archive for Year 2008
Аруу жел агып көктөмгө,агарып жылдыз өчкөндө.Мөңгүдөн түшкөн өзөндүнмөлт этти жашы чөптөргө.Агыш нур аздан тарап жай,ачылып айыл барактай.Тарбаңдап чуркап келататташ жолду бойлоп дарактар.Жөжөдөй алсыз, уяң да,жөө келип бул таң туманда.Жөөлөсөң кулап кетчүдөйжөлөнүп турду тулаңга…
Редактордон: Урматтуу окурмандар, ушул кундон баштап Шайлообек Дуйшеев аттуу адабий жана журналистика адисинин ыр-турмокторун блог бетине чыгара баштайбыз. Анда эмесе, ийлигик Шайлообек агай!
Кылаңгыр нурга жык толуп,булуттар булайт үлбүрөп.Атка окшойт бул таң нык тоюп,акырда турган үргүлөп.Жылгалар аздан агарып,”жылт” этет тоого төнүп жол.Арчалар белди таянып,адырлар чубайт өгүз жон.Жашыл төр. Жалбыз аңкыган,бел, бейит көзгө жай жылат.Жылкылар түшөт кайкыдантуяктар көктө шаңгырап.Жээгине мел-калт шыкалып,жең болуп жерде агат сай.Чала уйку көздөй кызарыпчарчаган чычырканактар…Жалгыз там. Бешик сырдалган,ээр токум. Жалгыз сарай тур.Ашкана. Керме кир жайган,аш үстөл. Жаайт таранчы…
Культура деген эмне? Салт деген емне? Ар бир олко жана нация бири-биринен кандайча айырмаланат? Ушул суроону озумон бугун бир Кыргыздар жолугуусунан келип сурадым эле. Баардык Кыргыздар бул АКШда коп-коп жылдан бери жашап калган, суйлошоюн десем, жакшы суйлошо албай койдум, баарынын суйлогон темасы эле башкача.
Деги эле ушул АКШга келип коп нереслерди кордум. Коп студенттер келди, жанагы Work and Tavel деген программасы менен, коп Кыргыздарга жолуктум бул АКШда легалсыз жургондор, коп студенттер дагы ошонтип калып калышты.Кээ бирлери менен жашап коруп журдум, кыйналгандарын, акча менен, жашай турган жерлерди издеп, жумуш издешип, озум деле коруп калдым ошол кундорду. Ошондо бул жакта жашап жургон Кыргыздардан жумуш жонундо сураштырып, кичине жаны жер жонундо айтып берип,корсотуп койгондун ордунда, биз кобунчо эле “жок”, “билбейм”, “озун издеп корсон”, “бул жаны жер, бул жакта жашоо деген акча”, “сен эмес, мен кыйналып жатам”, “Бул Америка, Кыргызстан эмес,озун баарын кыласын жардамсыз” – деген создорду эле угуп жаттык.Бир четинен, туура, озун бутуна турсан жакшы, озун жашоонду карап журсон,озуно жооп берсен, БИРОК макал бар эмеспи эле, “КЫРК КЫРГЫЗ БИР МЕЙИСТИ БОЛУШКОН” деген, ошону угуп алып азыр жаман ойлонуп калам, мурун ушундай болсо, азыр эмнеге андай эмес деп? Эмнеге биздин культураны БИЗ башка олкого барып озгортуш керекпиз? Озубуздун салттарыбызды унутуп, жанагы мейисти болушконун унутуш керекпиз деп?Ансыз деле озубуз 3 миллионбуз, анан бири бирибизге жардам бере албай, озубузду эле ойлоп журобуз? Ушул кыйынбы? Жанагы эле калкы 80 миллиондон ашкан турк калкы бири бирине кандай жардам берет, деги койчу, бул жаныбыздагы казактарды алсак, бири бирине жардам берип, коп-коп чогулуп турушат. Жаны жаш стундент келип калса, жардам берип уйротуп, жаны жерди корсотуп, “Мына Кыргыз Тууганым, сен дагы ушунтип жардам бересин кийин дагы бироо жаны келсе”- деп койсо журокто аяабай жакшы болуп калбайбы.Мен дагы келип кыйналып калдым, бирок мен 50-60 Кыргызстандыктардан ичинен 1-2 эле кишиден чын жардам кордум, алар дагы студенттер, алар дагы оз кучу менен келишкен бул жакка. Кыргыздай болуп эле журушот, суйлогондору, ойлонгондору… Анан бул жактан Кыргызстанда жургондой сезип, туура Кыргыздардын манерасындай кылайын десен, жаман корушот, каттуу суйлоп, каткырып, Кыргызча суйлосон, кочодо отуруп алып балдар менен отурсан, жаман корушот, анан мунун баарын Американецтер жаман корбойт, биздин эле Кыргыздар жаман корушот, “Америкага келип жакшынакай журбойсунорбу, Кыргызстан эмес ко,ошондой “МЫРКОТСИЙ привычканы унутуп”- дешет. Бул эмне дегени? Кыргыздардын культурасы “МЫРКОТСКИЙби”?Кыргызча суйлогонун унутуп, Кыргыздарга жардам бергенин унутуп, башка олконун салтын алып, кочодон каттуу суйлобой, чогулушпай. Мен азыр кобунчо, Кыргызстандагы онорлорумду сагындым, кочодо досторун менен басып, кетип бара жатсан топ-топ менен балдар отуруп алышып, кыздарга тийишип, бала отуп кетип бара жатса, “эй, бери келсен” деп.Тратуар менен баскандын ордуна, чопту тебелеп кетип, эмне учун чопту тебелеп отуп кеттин десе?,”жол ачык болуп турса, эмне учун андай айланып басмак элем, мындай эле басып кетем” – деп жооп берип коюп. Жардам керек болсо, бири-бирине жардам берип? Кундогудой эле озубуздун каныбызда калган онорлорду кантип унутабыз? Бул биздин Кыргыздардын канында! Созсуз, жаман онорлорду унутсак болот, жана айткандай бироону коруп алып “Бери келсен” деген жакшы эмес, бирок жашообуздагы салтыбызды ушунтип унутуш керекпизби?Макалдай “КЫРК КЫРГЫЗ БИР МЕЙИСТИ БОЛУШКОН” деген макалды унутпаш керек ко, канчалык алыста, канчалык кыйналышта, канча аз же коп болсок дагы бири-бирибизге жардам бериш керекпиз! Озубуздун онорубуздон бизди башка олколор билип турушат. ошол учун алыста журсок дагы бирби-бирибизге жардам берип турайлы, урушкандын ордуна!Бир мейисти азырынча болушуп, бири бирибизге чогуу жардам берип, кийин тонналап мейисте комулуп жыргап жатайлы. Озубуз кандай болсок ошондой эле болуп, озгорбой, эч салтты унутпай журойлу канчалык алыс болсок дагы.
Бишкекте оппозициялык күчтөр өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту (Азаттык). Бул саам оппозициянын ийгиликке жетүүсү абдан зор ишенбестикти жаратат. Бириккендер, баягы эле коомдук парламенте жүргөндөр да, кимдир бирөөлөр (СДПК болсо дагы) кошулгандары менен, чечимдүүлөрү жок болсок керек.Төмөндө оппозициялык меморандумга кол койгондордун тизмеги. Репортер гезити кол койбогондугу тууралуу билдирди, бирок аларды кошуп коюшкан экен. Былтыркы жылдары дагы ушул сыяктуу кылып, укук коргоо уюмдарын оппозициялар өздөрүнүн тизмелерине кошуп койгон убактылары болгон. Read the full story »
Азаттык үналгысынын веб-сайтынын көрүнүшү, платформасы өзгөрүп, азыр анны менен колдонуу, окуу оңуттуураак болуп калган.Эсиңерден чыгарбагыла. Азаттык+ программасынын вебсайты www.azattykplus.kg facebook’та.
Өкмөт Кыргызстандагы эң ири болгон үч энергетикалык компанияларды менчиктештирүү планын иштеп чыгып, аларды бир пакеттин ичинде жарым миллиард АКШ долларына сатууга камынышты. Инвесторлорго коюлган эрежелер абдан татаал жана кыйын болгондуктан, тендерге катышууга аз сунуштар болуусу абзел. Ошол эле учурда, өлкөдөгү энергетикалык абал дээрлик оор. Азыркы энергетикалык абал жана анын чыныгы бааланышы абдан кыйынчылыктарды туудурууда. Маселен, электроэнергиянын өлкөдө тартыштыгынын азабынан бизнеске абдан чоң залакасын тийгизип, көчөдөгү автоавариялардын санын ыкчам көбөйтүп жиберген. Жөнөкөй эле мисал, «Мода жумалыгында» Кыргызстандык тигүүчүлөр өздөрүнүн коллекцияларын көргөзө албай калышкан, жана товарлардын бааларынын кымбаттоосуна алып келген.Бул көйгөйдү чечүү максатында, Кыргызстан гидроэнергетикага өтө бай келбеген Казакстандан 250 млн. кВ/с . электроэнергиясын ташып келүүгө кол коюлган. Бул өлчөмдөгү кубат өлкөнү түнкү 12 ден таңкы 6 га дейре камсыз кыла алат.Бизнеске жана бутуна турган бүлөлөргө залака тийгизе турган маселе, өлкөдөгү үч фазалуу колдонуучулардын (124 миң) бул мүмкүнчүлүктөн айрылуусу. Аталган сандагы абоненттердин 86%, б.а. 60 миңи бул күнгө чейин өчүрүлгөн. Алардын баарынын кадимкидей бир фазалуу лимитке өтүүсү, көп нерселердин токтоосуна алып келет.Базарбай Мамбетов, эксперт, Токтогул суусактагычы «өлүм деңгээлине» жетпейт, себеби, суусактагыч 5 млрд. куб сууну 2008 жылдын 1 октябрынан 2009 жылдын 1 апрелине чейин чыгара алат, ал эми биз болсо 6,5 млрд. кубометрдеги суунун деңгээлинде апрелге жете алабыз (былтыркы эсеп), – деп билдирди.
3 ноябрдан баштап электроэнергияны маалдап чектөө тажрыйбасы токтотулат, жана калк жарыкты кенен колдоно алат деген билдирүү болгон. Бирок, бул убада ишке ашпай турган көрүнөт, себеби, ошол эле өнөр-жай жана энергетика министри Сапарбек Балкыбеков чектелген квотадан аша түшкөн райондор даректик жарык өчүрүүлөргө дуушар болушат, – деп мойнуна алды.
Ал эми башкы коммунист (популист) Исхак Масалиевдин пикири боюнча, калкка болгон электроэнергия чектөө тажрыйбасын мыйзамдаштыруу керек, ошондо гана мамлекеттин энергетикалык компаниялары жарандардын алдында соттордон жеңилбөө укугуна жетишишет.Кай бир чет өлкөлүк эксперттердин изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына көңүл бура турган болсок, анда, энергетикалык кризистен (чектөөлөрдөн) чыгуу үчүн эң азы үч жыл керек экен.Дал ушундай акыбалда турган өлкөнүн энергетика индустриясы өзүн жеке менчикке сатып, ал аркылуу өнүгүү стратегиясын тандап олтурат.
Бишкектин жылуулук энергоборборунун (ТЭЦ) байлык комплексин, «Северэлектро» ачык акционердик коомунун 80,49 пайыз акциясын жана ушундай эле пакеттеги «Бишкекжылуулуктармагы» ААКынын акцияларын менчиктештирүүгө тендер жарыяланат, жана аттары аталган мекемелердин башкаруу пакетине ээ болууга бир гана фирма укуктуу болот.
Бирок, ал фирма көптөгөр эрежелерге жооп берүүсү абзел. Маселен, ал жакынкы беш жылдын ичинде 367 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция кылуусу керек, жана ал компаниянын акцияларын инвестициялык милдеттенмелер аткарылбай жатып бөлөктөргө сатуу укугунан ажырайт. Андан дагы, эркин баа пайда болуу экономикалык система бул тармакта иштебейт, себеби, мамлекеттин буйругу боюнча, электроэнергиянын баасын ар жыл сайын инвестор 13 пайыздан ашык жогорулатуу мүмкүнчүлүккө дагы ээ эмес.Инвесторду мындан дагы ашык тумчуктуруу керек деп кай-бирөөлөр айтуусу мүмкүн. Балким, ал киши туура болоттур, эгерде ал эркин рынок тажрыйбасы жана экономиканын принциптери менен тааныш болбосо. Бирок, тилекке каршы, бир сырды айтуу керек: мамлекет канчалык деңгээлде экономиканын тармагын басмырласа, кийлигишсе, ошончолук тездикте кризис күчөп, бир күнү болбосо бир күнү «жарылуусу» мүмкүн.Менчиктештирүү туура идея. Бирок, мамлекет тарабынан жеке менчик ээсине жүктөлгөн убайлар экономиканын бул тармагына болгон инвесторлордун кызыгууларын жоготуп коюусуна мүмкүнчүлүк берет. Демек, энергокризис дагы көптөгөн жылдар бою улана берет.
Бүгүн саат 13:15 те «РТР-Планета» телеканалында Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевге арналган “Формула власти” телекөрсөтүүсүнүн бет ачары болот. Фильм россиялык алып баруучу Михаил Гусмандын тартуучу тобу тарабынан тартылган, деп кабарлайт Президенттин басмасөз кызматы. «Формула власти» телекөрсөтүүсү дүйнө мамлекеттеринин лидерлери туурасында баяндап, алардын ички дүйнөсүнө башкача жол менен баш багууга аракет жасайт.Маалымат: Көптөгөн дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары — Падышалар менен Канышалар, Президенттер, Премьер-министрлер жана Канцлерлер «Формула власти» телекөрсөтүүсүнүн каармандарынан болушкан. Аталган көрсөтүү мамлекет башчыларынын Администрацияларынын жана басмасөз кызматтарынын, чет өлкөлөрдөгү россиялык өкүлчүлүктөрдүн, Москвадагы чет өлкөлүк элчиликтердин жардамы менен даярдалат.Телекөрсөтүүлөрдү даярдоодо бул долбоордун чыгармачылык тобу АКШнын 26-Президенти Теодор Рузвельттин: «бийликтеги, атак-даңк менен бардар жашоодогу адамдардын жашоосу чындыгында жыргал менен ырахаттын багы эмес» деген сөзүнө таянат. 2003-жылы «Формула власти» телециклин түптөгөндөрдүн жамааты Россия Федерациясынын адабият жана көркөм өнөр жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
Канададагы либертариандык Fraser Institute уюмунун мамлекеттердин экономиканы көзөмөлдөө деңгээли тууралуу изилдөөсү боюнча, Кыргызстан быйыл 141 өлкөнүн ичинен 9-орунга ээ болуп, коңшу Казакстандан 10 сап алдыга жылып кеткен.”Экономикалык эркиндик рейтингинде”, Гонконг (9,13 балл), Эль Сальвадор 8,96 балл жана Гондурас 8,96 балл менен эң алгачкы үчилтикке кирген. Ал эми, тизмени Зимбабве (2,66 балл), Словении (2,48 балл) жана Анголы (0,85 балл) менен жыйынтыкташкан. Кыргызстан, 8,05 баллга ээ болгон. Ал эми Казакстан 7,77 баллга, Оруссия 5,64 баллга татыктуу деп эсептейт Frazer институту.Кыргыз мамлекет органдарынын экономикага тийишүүсүнүн азайганы менен албетте куттуктоо керек, бирок, чындап эле биз ушул орунга татыктуубузбу деген суроо келет.
Таң калыштуу окуялар болуп бүтпөйт, Борбор азиянын Кыргызстан аттуу аймагында. Бул саам, 21 жашар Ак Жолчу кыз, алигече студент Анастасия Завьялова, Бишкек шаардык кеңешинин экономика, инвестиция жана тышкы байланыштар боюнча комиссиясынын төрайымы болуп, ал эми 22 жашар тыштан окуган студент Абдуллабек Рахманов анын орун басары болуп шайланышты.Мунун неси жаман? Дал ушундай суроону ар ким эле берүүгө шашылса керек. Чынын айтканда бул окуянын жакшы жери бар – прецедент пайда болду, эми жаштард алга сүрөө оңойураак болуусу ыктымал. Бирок, коркунуч бар…Ал коркунуч төмөндөгүдө. Жогоруда аттары аталган жаштардын иш тажрыйбасына карап көрсөк, же жактаган идеясына карасак, анда көптөн утулганыбызда сезебиз. Маселен, либерал-прогрессивдик партия жана Ак-Жолдо жардам берген кыздын башка тажрыйбасы деле жок, жана ал «жаңы күч» идеясын бузуп коюусу мүмкүн. Себеби, биринчиден, бул кыз көз-каранды болгонуна жараша, өз идеяларын көтөрүп чыгып, чындап бизнестин, инвесторлордун кызыкчылыктарын жактоого кудурети жетпейт.
2008- чычкан жылы абдан кандуу жылдардын бири болду. Коңу Казакстанда вертолет того сүзүлүп, пилот каза тапкан. 39 жаштагы кыргыз жараны алгачкы медициналык жардамдан кийин үйүнө жөнөтүлгөн.
Чыгарманы чыгарма катары жашатып, окурманга сиңирүүдө сүрөткердин сөзгө сараңдыгы, талыкпаган эмгеги, чыгарманы өзүнүн жан дүйнөсүндө бышырып, оргуштаган деңгээлге жеткирип туруп, андан кийин окурманына сунуусу жазуучунун мыкты чеберчилигинен кабар берет. Чыгарманын тилинин жатыктыгы, сөздөрдүн салмактуулугу, фольклордук казынаны чебер колдонуу ыкмасы, окуялардын таасирдүүлүгү, ишенимдүүлүгү чыгарманын өмүрүнө өмүр кошуп, жазуучунун да жазуучулук дараметинин күчтүүлүгүн аныктап турат. М.Горький өз учурунда тилдин маанилүүлүгү жөнүндө мындай деген: «Сөз-бардык фактылардын, ойлордун кие турган кийими. Ар бир фактынын нары жагында анын социалдык мааниси жашырынып жатат. Ар бир ойдун ары жагында анын себептери катылып жатат. Мына ошол фактылардагы, ойлордогу маанилерди туура ачып бериш үчүн көркөм чыгармаларда так жана туура колдонулган сөздөрдүн болушу талап кылынат». Демек, сүрөткер мыкты искусствону жаратуу үчүн окуяны аң-сезимдин элегинен өткөрүп, артыкбаш сөздөрдөн, сюжеттик чаржайыттуулуктан кутулуусу керек.Даңазалуу жазуучу Эрнест Хемингуэй 1926-жылы өзүнүн редактору Персинске жазган катында «Менин башкы максаттарымдын бири артыкбаш сөздөрсүз китеп жазуу» деп билдирет. Ушул эки ооз улуу сөздү казактын улуу жазуучусу Абдижамил Нурпеисовдун «Кан менен тер» аттуу романына ылайык көрдүм. Бул чыгарманын аты эле айтып тургандай, тер агызып, адал мээнет менен тапкан өлбөстүн күнүмкү көр-оокатын күчкө салып моюн сундуруп, канга, болгондо да бирде кансыз кайгы-муңга, бирде канга жуурулушкан азапка салган Арал деңизинин боюндагы казак элинин ырайымсыз, адилетсиз татаал турмушу баяндалат. Казак элинин канга сиңген, эзелтен бери жыты казактын боюн өстүрбөй, кадимки бир жегич курттай ичи-боорун үңүп жеп келе жаткан кырсыктар-жер доо, мал доо, ысыпсыз барымта, айып, тартыш, кун төлөө, бакан-ооздуктар сыяктуу терс көрүнүштөгү каада-салттар таасын чагылдырылган.Окурманды ошол мезгилге жетелеп барып, катаал турмуштун күбөсү кылган сүрөткердин мыкты чеберчилигин чыгармадагы сюжет куруу, көркөм сөз каражаттарын колдонуу, образ түзүү, ыңгайына жараша мүнөздү жетишерлик деңгээлде ачып берүү, конфликт түзүү, предметтик деталдар, портретик деталдар, ар түрдүү штрихтер ж.б. көрсөтүп турат. Абдижамил Нурпеисов ар бир предметти сүйлөтүп, чыгарманын ишенимдүүлүгүн арттырган. Кайгы-муңдан арылбаган карапайым казак элинин Арал боюндагы оор турмушуна ошол учурдун жаратылыш көрүнүшүн көркөм боёктор менен байытып, пейзаждык параллелизмди чебер колдонгон. Жазуучунун сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн баш каарманы Элaмандын жан дүйнөсүнө бүлүк түшүп, уйгу-туйгу маалдагы абалын, эл башына түшкөн оор мүшкүлдүн тизгини Эламандын колунда болуп, өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат деген трагедиялуу учурун деңиздин шарпылдаган толкундары, ышкырык салып, жаны тынбаган шамалдын үрөй учурган элестери, какаганга муштаган болуп куюндун көз ирмемдик убакытта будуң-чаңга сапырган абалы башкы каармандын көңүл маанайына боёк кошуп турат. Чыгармадан мисал келтирсек: «… Кечээ кечке жуук эл журту менен коштошуп, Шалкарга бет алды. Күзгү шамал кечке карай чукул боройлоду. Ала булуттуу асман муз сүзгөн деңиз бетиндей сапырылышып, анын өз көңүлүндөй уйгу-туйгу. Калыбы мына бул асмандын да кары, жааны, кара нөшөрү менен бирге ушундай ала булуттуу ызгырылган чагы болот сыяктуу. Эң аягы булут да анын бирине токтобой, жай албай кең асмандан жол таап, үздүксүз көчүп отурат экен го!» (532-б.) – деп каармандын жан дүйнөсүнүн азапка малынып турганын кошумча деталдар менен таасын берет.Дүйнөлүк маданий өнүгүшкө чоң салым кошкон улуу шедеврлердин көпчүлүгү реализм методунун принциптерине негизделип жазылган. Сөз болуп жаткан А.Нурпеисовдун «Кан менен тери» да ушул методдун принциптерине мүнөздүү. Реализм методун Фридрих Энгельс мындай түшүндүргөн: «Реализм, искуссиво чыгармаларындагы көркөм деталдардын турмуштук чындыкта сүрөттөлүшүнөн башка, типтүү кырдаалдарда (социалдык шарт) аракеттенген типтүү мүнөздөрдүн турмуштук чындыкта чагылдырылышы – деп, реализмге дагы кошумча – …реализм, жадесе автордун көз карашына, анын түшүнүктөрүнө, карманган позициясына баш ийбей жашайт»1.Ошол доордогу, ошол мезгилдеги казак элинин каада-салтын, социалдык шартын, аң-сезимин, психологиясын, турмуштун оор драмасын реалдуу чагылдырган автор турмушту тарыхый-конкреттүүлүктө жана оптимисттик духта сүрөттөгөн.А.Нурпеисовдун реалисттик методдун принцибинде жазылган «Кан менен теринде» жаратылышты дегеле ошол учурду сүрөттөөдөгү эң негизги өзгөчөлүк, кичине, бир караганда майда деп айтарлык көрүнүштөрдү эрикпей сүрөттөгөнүндө, бирок ал максатсыз эмес, ошолор аркылуу тигил же бул каармандын мүнөзүн ачат, толуктайт. Мисал катары чыгарманын башталышында символдуу аталыш менен берилген Аккемпир, Каракатындын сүрөттөлүшү. Сюжет өнүккөн сайын Аккемпирдин да, Каракатындын да мүнөзү калыптанып олтурат. Ошол эле учурда Элaмандын сүрөттөлүшү төмөнкүдөй: «Элеман күнү бою муз үстүндө жалгыз болду. Башка балыкчыларды байкаган да, көргөн да жок. Төбөсүндө көк асман, бут алдында көк деңиз. Жабыркоо ойду жанына шерик кылып күндөгү адетинче күйпөлөктөп тор карап жүрөт. Деңиз үстүндө гана эмес, турмушта да жалгыз экенин ойлоду. Бир уядан жалгыз» (9-бет) – деп Элaмандын турмуштан жолу болбой, жалгыздыктын торуна түшөрүн, ата-энеден эрте айрылган жетимдин жан боорунан, Райдан эрте ажыраарын, алпейим энесинин акыркы сөзүн, акыркы жүзүн көрүүгө ынтызар болгон күндө да турмуштун катаалдыгынан улам үлгүрбөй каларын, акырында жалгыз каларын сүрөткер алдын ала узак сапардагы жалгыздыктын сүртүмүн берет.Чыгарманын башында Эламан чечкинсиз, аялына буйрук берип сүйлөй албаган, өтө жумшак адам катары мүнөздөлөт. Сюжеттин өнүгүшү менен кырдуу конфликттер түзүлүп, күтүлбөгөн окуялар Эламандын ички дүйнөсүн акырындык менен ачып отурат. Ар бир конфликт каармандардын психологиясын ачуудагы эң керектүү курал.Жазуучунун сюжет куруудагы чеберчилиги ага ийгиликти алып келген десек болот. Анткени чыгармада «кирди-чыкты» окуяларга жол берилбей, сюжеттик чаржайыттуулуктан алыс болгон. Сюжеттин негизинде жаткан конфликт маселеси чыгарманын башкы өзөгүн түзөт. А.Нурпеисов романдагы майда кагылыштарды күчөтүп отуруп, чоң конфликтке алып келет. Чыгармада конфликт бир эле учурда таптар ортосунда, адам менен адамдын ортосунда жана эң маанилүүсү адамдын ички дүйнөсүндө курч кагылышуу болот. Психологизмди курч түзгөн автор ар бир каарманын түйшөлтүп, бири мал үчүн, бири жан үчүн, дагы бири сүйүүнүн кулу болуп жан дүйнөсүндө сырткы «мен» менен ички «менди» карама-каршы коёт.Сүрөткер ичине чок түшүп кеткендей туталанган каармандарын бири-бирине окшошпогон кайгыда, муңда жашатат. Карапайым калк ичтеринен сызып, малынган азаптан кутулуп, баарына тегиз тийчү күндүн келерин күтүшүп, ошого карай умтулушса, байлыгынын азабын тартып жашаган чириген байлар байлыктан кол жууп калуу коркунучунда жашашат. Жан дүйнөнүн түйшөлүүсүндө ар бир каармандын индивидуалдуу тагдыр азабы, курч драматизми, терең философиясы түзүлгөн. Чыгармада Мөңкөнүн аялы Ализанын мөңкүп турган абалы, мүңкүрөйгөн ички дүйнөсү төмөнкүчө берилет: «…Бүгүн бир да нерсе карт эненин көңүлүн оодарбады. Төбөдө чакырайып туруп алган чоктой ысык күн, ызгырылган ысык, жыланды каарып күйгүзүп бара жаткан кайнаган топуракты да сезген жок. Карт эне кечке чейин үйгө келбей сары талааны жаңырыктатып сырдашып жүрдү. Опосуз шум жалгандан чеккен жабыр-жапасын айтып зарланды; бир кезде балдарынын атын атап, ушу бир тарыккан кезде аларга муңун айткандай болду. Кечке карай Ализа чарчады; тамагы кардыгып, добушу каргылданып, жыртылып чыкты; кабы тезекке толгондон кийин да үйгө кайтпай, айыл сыртындагы бейитке тартты.Ализа өңгүрөп келип, өзгөлөрдөн окчунураак жаткан он бейиттин башына токтоду:-О, ботолорум, жатасыңарбы?Ализа кабын таштай салды да мүрзөнүн жанына тизе бүктү. Куран окуду. Дубасын багыштады» (387-бет). Жаны кейип, түйшөлүп турган Ализа он баласын бирдей кара жерге берип, кем дүйнөнүн кемтиги аны ого бетер бирде жар башына такап, бирде тирүү өлүккө айландырып жатты. Ушул эле каармандын караша-каршысында Достун аялы Каракатын турат. Символикалуу аталыш менен берилип, чыгармада аткарган кызматы атына жараша. Кайненеси Аккемпирге тирүүндө жакшылык көрсөтпөй, өлгөндө кайдагы сый болсун…Чыгармадагы элдин маңдай тери менен тапкан ак мээнетинен ажыратып, карапайым калкты канга боёп, байлыгы менен атагы чыккан Алдаберген, Кудайберген, Теңирберген жана Темирке өңдүү байлар ошол учурдун типтүү образдарын түзүшкөн. Бул каармандардын биринде да ырайым, кайрым болгон жок. Автордук позициянын күчтүүлүгүн дал ушул жерден баамдасак болот. Анткени Кудайбергендин баласы Жасаганбергенди шаарга окутуп, билимге суугарып адилетсиздикке каршы коёт. Жасаганберген элдин эсебинен байып жашап жаткан байлардын очогуна күл тартуунун ордуна алардын жасаган иштерин четке кагып, туура кабыл албайт.Ошентип, роман 1916-жылдагы Арал боюндагы казак элинин реалдуу оор турмушун баяндаган трагедиялуу чыгарма. Мында кары-жаштын, улуу-кичүүнүн, аял- эркектин, кыз-келиндин не бир түрлүү образдары берилип, мүнөздөрү ачылган. Чыгарма көркөмдүк жагынан, чындыкты таамай чагылдыруу жагынан, сюжет куруу жагынан ж.б. искусстволук бийик деңгээлде турат. Бул нурпеисовдук искусство казак элинин, дегеле Орто Азия элинин адабий казынасынын улуу мурасы деп ойлойм.Кыргыз-Түрк Манас университети, Коомдук илимдер институту, Түркология бөлүмү.Нургүл Сулейманова
27 сентябрда, суббота куну саат 6:00 до Нью Йорк шаарында, Брайтон Бич кочосундо кыргызстандык жердештердин жолугушу болду.
Брайтон Бич кочосу орустардын району болуп эсептилет, озунчо эле озунду уйдогудой сезип каласын кичине болсо дагы.
Ал эми чогулуштун уюштуруучусу Кыргыз Клуб жана АКШ жана Канада дагы Кыргызстандын ельчилиги болду. Коноктордон Кыргыз Республикасынын Гос. Секретары Досбол Нур Уулу жана Кыргызстандын посолу Замира Сыдыкова жана Ата – Мекен партиясынын мучосу Равшан Жеенбеков болду.
Эн башкы суроолор Кыргызстандын абалы жана АКШ да жургон кыргыз элинин жашоосу жонундо болду. Кээ бир кыргыз студенттер Москвадан келишкендер Москвадагы абалын айтып берип, кыргыз студенттерге жакшы абал тузуп берсенер деген суранычтар болду.
Замира Сыдыковага эн башкы суроо, АКШга виза алышын женилдетишин сураныч болду. Кобунчо кыргызстандыктар виза алгандан кыйналышат. Кээ бир студенттер акысыз окууга АКШга отушуп виза алышпай калышып келе албай калышат. Жумуш визаны беришсе дагы 3-6 айга еле беришет, ал учун Кыргызстанга кайра келип визаны жаныртыш керек.
Ата – Мекен партиясынын мучосу Равшан Жеенбеков гос. секретардан Кыргызстандык студенттерге атайын программа тузуш керек деген сунуш дагы кылды. Жок дегенде ар – бир жылы жуз студенттен чет олкого жиберип аларга окууларына толоп кийин кайра Кыргызстанга келип иштегендей кылып. Анткени кобунчо студенттер оз кучу менен кетип кайра келишпей калышат, анткени ал учун чондор еч жардам беришкен емес дегендер дагы чыгышат.
Кыргыз Клубтун президенти Айбек Хакимов жакын арада Лос Анжелесте откон чогулушту айтып берди, ал жакта кичинкей балдардын суротторун аукционго коюп 1350 доллар чогултуп, Кыргызстандын кичинекей балдардын уюуно беришти. Кыргыз Клубтун максаты Америкадагы Кыргызстандыктарды жакын кылып жана Кыргызстандыктарга жардам.
Кыргыз Республикасынын Гос секретары Досбол Нур Уулу бардык суроолорду жазып, Кыргызстанга барып чечебиз деп убадасын берди.
Суроолор буткондон кийин, чаепитие уюштуруп эмки жолугушуну Филадельфияда откорушорун айтышты, Филадельфиядан келген кыргыздар.
Жашылдар партиясынын постери аларды алга суробой эле, Ак-Жолду сурогондой: [inspic=225,left,fullscreen,200]



Акыркы пикирлер