Article Archive for Year 2008
Кыргызстандын экономикалык сферасында абдан чугулгандуу чыр болуп жатканын Ким билет, Ким билбейт. “Кыргызөнөржайкурулуш” деп аталган банк Улуттук Банк тарабынан консервацияга кабылып, азыркы учурда бул мекемеге банктык, акча-насыя иштерин Улуттук Банктын макулдугусуз эч кандай ишке ашыра албастыгын билдирет.[inspic=51,right,fullscreen,200]Рисктерди башкаруу начар болгондугу бул банкты банкроттук абалга алып келди. Бул банкта жакшы риск-менеджерлер болгон эмес деген созун Улуттук банктын башкармасынын орун басары Кубанычбек Боконтаев билдирген. Бирок, жакында эле бул банк Кыргызстандагы эн мыкты банктардын катарына кирген эле. Бирок, кайрадан мындай иштердин козголушу бир нерсенин кыныры болуп жатканына шеек келтируудо.Бул банктын мурдагы жетекчиси Муратбек Мукашев шайлоо учурунда оппозициялык «Асаба» партиясы менен тизмеге чыккан эле. Андан тышкары улуттук банктын иштери тууралуу кичине башкача оюн айткандыктанбы, айтор душман таап алганындай. Эми ага толук бойдон мамлекеттин негизги валюталык мекемеси каршы чыгып жатат.Муратбек Мукашевдин Азаттыкка билдирген ою боюнча, ушу тапта таасирдүүлөрдүн аракети менен “басып алуучулук” программасы иштеп жатат:
- Басып алуу деген программа бар. Бул абыдан оор жумуш. Анын ичинде тажрыйбалуу кекселер, кантип иштөөнун ыгын алгандар жөрөшот. А.Акаевдин тушунда мен бир бутуман ажырагам. Эми болсо бирөө телефон чалып, экинчи бутумду кайрып саларын айтып опулдады. Мен аяксыз деле жашай бере турганымды, ишимди токтотпой турганымды айттым.
Азаттыктын билдиргенине Караганда, социалдык фонддун “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын кудуретсиз деп таануу туралуу сотко кайрылган доо-арызы 23-январда каралат. Ал эми “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын Улуттук банк төрагасынын орунбасары К.Бөкөнтаевдин коммерциялык банкка тикелей көзөмөл жүргүзүү боюнча буйругун жокко чыгаруу жөнүндөгү арызын Бишкeктин райондор аралык соту кароого киришти.
Көчө-көйдө тоңуп калгандардын саны быйыл жылдагыдан арбыганын адистер коңгуроо кагууда. Жаңы жылдын алгачкы он күнүндө республикалык моргко 65 адам сөөгү түшкөн. Алардын сегизи катуу аяздын курманы болуптур.Адистердин айтымында, Кыргызстанда быйылкыдай аяз көптөн бери болгон эмес. Катуу чилде адамдардын өлүмүнө да алып келүүдө. Айрыкча, ар кайсы жер-төлө, коңулдарда күн өткөргөн үй-жайсыз адамдар катуу жапа чегип, сууктун алгачкы курмандыктарына айланып жатышат.Кыргызстанда үй-жайы жок жүргөн селсаяктардын саны миңдеп саналат. Алар негизинен чоң шаарларды байырлап, кайыр сурап, же таштанды терип күн өткөрүшөт. Мамлекет тарабынан мындай адамдарга жок дегенде түнөк уюштуруп берүү демилгелери бир нече ирет көтөрүлгөн. Бирок, ал аракеттер утурумдук өнөктүк түрүндө гана калып келатат.Ошентип, Кыргызстандагы быйылкы катуу суук көчөдө калган адамдарга байланыштуу дагы бир проблеманы ачыкка чыгарууда. Маалыматтын булагы – БиБиСи.
[inspic=48,,fullscreen,450]
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, отуп кеткен жылдын октябр айына карата тышкы карыздын саны 2 млрд доллардын тегерегинде болгон. Ошол айдагы толоолор 3,7 млн доллардын кичине кобуроок болуп, пайыз боюнча 2 млн доллар болгон. Октябрь айында бардыгы биригип 5,7 млн доллар тышкы карызды жабууга корогон.Доллардын курсунун биздин улуттук валютага карата ылдый тушуусу тышкы карызды тейлоонун женилдешине алып келди, – деп Минфиндин башчысы Тажикан Калимбетова билдирди. Министрдин айтымына караганда, курстун айырмачылыгы болгондуктан Кыргызстанга онойураак болуп калды. «Биз 434 млн сомдой акчаны экономдодук. Бул каражаттар баары бир тышкы карызды жабууга жумшалат».Мен оюмча, азыркы учурда доллардын баасы ушундай томон. Ким анын жогорулап кетпесине кепил бере алат? Анын устундо, биз бардык карызыбызды жакынкы аралыкта толойун деген ишенимибиз жок да.
Акипресстин “Апенди” аттуу форумунда эки аялдуулук жонундо кеп куруп жатышкан экен. Кызыктуу факттар, маалыматтар берилиптир. Окуп корсонор болот.Маселен, Лолита деген комментатор томондогудой маалымат жазган:
Откондо бир орус тааныш кызыма жолугуп калсам мен куйоого чыктым дейт, ислам динин кабыл алдым дейт . болсун деп ага суйунуп жатсам артынан экинчи жанылыгын айтты. корсо экинчи аял болуп тийиптир. эмнегедир биринчи аялы ал жонундо кийин билиптир. бул кандайча? анда исламды озуно ылайыктыштырып бура берсе болобу? эн негизгиси мен озум эки аял алууга каршымын. же ал мени ууландырып олтурот, же мен аны атып салам.
Ал эми дагы бироосу, андан аша кетип, “Эки аял алуунун озу бул ата бабабыздан калган эле нерсе, ага эмне эле мынчалык куйуп жатасынар, эгер сиздин куйоонуз жок болсо, созсуз ойнош кутосуз, мунун озу эле куноо, а ансыз жашоо кыйын, аялдар учун дагы эркектер учун да. андан коро экинчи аялы болуп жашаган ак болсо керек”, – деп жазган.
Негизи, ислам дининде коп аял алууга мумкунчулугу бар, ЭГЕРДЕ биринчи аялы торой албаса, жана куйоосунун эки аялын бага турган шарты болсо, биринчи аялынын уруксааты менен. Же биринчи аялы торой алган учурда деле, куйоосунун кучуно куч кощулуп,ошончолук эле дагы аял алгысы келип турса,жогоруда айткандаи уруксат менен жана эки аялына тен бирдей мамиледе, бирдей каражат менен уй-булоосун бага турган болсо. Антпесе, мусулманбыз деп еле, эч кандай шарты менен болбой еле,аялына билгизбей жаш кыздарга уйлонуп алып жатпайбы,40 тан ащканда еле, омей биринчи аялы бала-чака тороп берген ысык-суугуна чыдап чогуу 10-15 жылдан кийин еле карытып салыщат екен, кайдан аялдар да 40 жашка келгенде сексуалдуу болушат. Эми айта берсе коп соз, – деп башка бироосу тактаган.
Улуттук статистикалык комитетинин 14 январда билдиргенине караганда 2007 жылы Кыргызстанда 20% инфляция тузгон, Ички-дун продукциясы болсо 140 млрд. сом болгон. Экспорт болгону 1 млрд. доллар болуп, ал эми импорт болсо андан 2,5 эсе коп болгон, б.а. 2,5 млрд. долларды тузгон.Негизги капиталга инвестиция катары келген акчанын саны 24 млрд. сом болгон, башкача айтканда бир миллиардга жеткен эмес.Ошол эле УСКнын билдиргенине жараша, орточо айлык баасы 3836,8 сом болуп, 71,3 мин адам ишсиз деп такталган. Эскерте кетейин, Кыргызстанда расмий статистика реалдуу статистикадан абдан айырмаланат.
Жакында эле Таласка барып келдим. Мурун мен мектепте окуп жургон учурда Талас шары ОЗУ эле ичинен 3-ко болунчу эле: центр, поворот анан ойдонку заготзерно деп. Бул саамда барсам, ошол болунуш ошол бойдон эле калыптыр. Тетирисинче, жаштардын криминалга аралашуусу дээрлик кучоп, кочодо карангыда чыккандан жергиликтуу калк коркуп дагы калган экен. Анда эмесе прикол сурот, Таластын базары жагынан таап алдым:[inspic=47,,fullscreen,400]
ТФФ(Түркия Футбол Федерациясы)нын 1-лигасында салгылашкан ГиресунСпор клубунда ойногон Антон Алекс аттуу Кыргызстандын атуулунун “аут” тобун колдонгону 2-3 күн Түркиянын башкы спорт сайттарынын бири болгон www.fanatik.com.trда сүйлөшүлдү. Ал видеону бул шилтемеден көрө аласыздар.http://fanatik.ekolay.net/Fanatik/Default.aspx?aType=Detail&catid=89&articleID=97773



Акыркы пикирлер