Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Year

Article Archive for Year 2008

Сүрөттү басыңыз: Сүйүктүү модельерби?
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 23 Jun, 2008 – 13:51 | 6 Comments

Борбордук Азия өлкөлөрүндө Советтер Союзунан калган илдетпи, же болбосо, өздөрүнүн «ажолоруна» болгон катуу сүйүүнүн кесепетиненби, же, «ажолордун» катуу өтүнүчү менен даярдалганбы, айтор, шаар-шаарлар президенттин портреттерине көмүлүп турат. Айтор, бүгүнкү көрсөтө турган нерсе, Баткен шаарындагы жалгыз Бакиевдин билборду:[inspic=209,,fullscreen,400][inspic=210,,fullscreen,400]

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 474 млн кубометрди түзөт
Written by Гульсали, Saturday, 21 Jun, 2008 – 11:42 | No Comment

Кабар агенттигинен алынган керектуу маалымат:20-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 474 млн кубометрди түзөт. Бул туурасында Кыргызстан өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин басмасөз-катчысы Зухра Маминова билдирди. Туптуура бир жыл мурда өлкөнүн башкы суу сактагычынын көлөмү 12 млрд 725 млн кубометрди түзгөн. Июнь айынын 19 күнүндө орточо агым секундуна 749 кубометрди, ал эми чыгаша – секундуна 230 кубометрди түздү. Өткөн жылы секундуна 682 кубометрди жана чыгаша секундуна 382 кубометрди түзгөн.Токтогул суу сактагычынын көлөмүнүн өсүшү июнь айынын 19 күнүндө 840,84 млн кубометрди түзгөн. 2007-жылдын ошол эле күндөрүндө суунун көбөйүшүнүн көлөмү 507,41 млн кубометрди түзгөн. Өнөржайэнерго министрлиги бардык керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга чакырат жана электр энергиясын керектөөнүн лимиттеринин ашып кетишкен региондордо пландуу чектөөлөр киргизиле тургандыгын белгилейт

Саламатсыздарбы!
Written by Мирсулжан Намазалиев, Thursday, 19 Jun, 2008 – 15:46 | No Comment

Көптөн бери блогдун жаңыланбашынын негизги себеби биз саякаттап, Кыргыз жерин изилдеп жүрөбүз. Азыркы учурда Баткендебиз. Бул жактагы проблемалар, талаш маселелер жөнүндө жакын арада жаңылыктар болот.

Кыргызстан Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатты
Written by nuraz, Monday, 16 Jun, 2008 – 11:28 | One Comment

2008-жылдын 14-июнь күнү классик жазуучу Чыңгыз Айтматов жерге берилди. Ал репрессия курмандыгы болгон атасы Төрөкулдун сөөгү жашырылган «Атабейтке» коюлду.Эртең мененки саат 9дан 12 ге чейин Улуттук филармонияда эл сүйүктүү жазуучусу менен коштошту. Буга өлкө башчысы Курманбек Бакиев, министрлер кабинети, андан сырткары Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Татарстан ж.б. алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн келген расмий делегациялар катышты.2 жарым сааттан ашкан коштошууда эл агымы үзүлбөй, бир катарлары үлгүрбөй да калышты. Кыргыз байрагы жабылган улуу жазуучунун денесине көптөгөн көздөр тигилип, залда бышактаган үндөр угулуп, арман күү, муңдуу реквием менен жүрөк өрттөгөн кошок жаңырып турду.Карысы, жашы келди. Кыргызы келди, дунганы келди, корейи келди, орусу келди. Ошентип, эли улуу жазуучусу менен коштошту.Саат үчтөргө жакын улуу жазуу Чыңгыз абанын денеси «Атабейитте» атасы Төрөкулдун жанынан түбөлүккө жай алды. Аны түбөлүк жайга замандаштары, калемдештери, жакындары, таааныган-тааныбагандары урмат менен узатты.Р.S: Атабейит мемориалдык комплекcи 1937-жылдары репрессияга кабылгандар жашыруун атылып, шашылыш көмүлгөн жай. Кийин жарым кылымдан ашык убакыт өткөндөн кийин 90-жылдардын башында тереңдеги чындык ачыкка чыккан. Ал жердеги казуулардан табылган 137 адамдын сөөгү кайрадан ариеттеп көмүлгөн. Алардын арасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да атасынын сөөгү документтери менен табылган. Ал жерге «Атабейт» деген аталыш Ч.Айтматовдун сунушу менен берилген.

… Аааламдай сиздей аз эле,Алатоо болуп угулчу,Атабыздын аты эле,Алыскы башка өлкөдө ал өзүнчө маселе.Тарыхты билбей кээ бир элБизди тааныбай калса эч элеКыргызмын дебей кыргызым,Чыңгыздын элимин дечү эле.

Деген Элмирбек төкмө акындын Жоктоо ыры жаңырып турду.

Кыргызстан толук бойдон Чынгыз абаны узатууда
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 14 Jun, 2008 – 16:33 | No Comment

Бардык маалымат баракчаларында – Гезит, Маалымат агенттиктерде, Блогдордо жана форумдарда, социалдык тармактарда – Чынгыз абабыбыздын бул дуйнодон кайтып кеткендигин эскерип, Кыргызстан эли аза кутуп олтурган учурлары. Ушул себептен, ал тугул башка суроолор боюнча пост жазууга конул келбейт экен.Эх, Чынгыз аба! Рахмат сизге, Кыргызстан элибизге кут алып келип, бакыт таркатканынызга!

[image] – Кыргызстан –
[image] УЛУУ ЖАЗУУЧУ МЕНЕН КОШТОШУУ (сүрөт баян, 2-бөлүк)
[image] ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ Ч.АЙТМАТОВДУН СӨӨГҮ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ
[image] УЛУУ ЖАЗУУЧУ МЕНЕН КОШТОШУУ (сүрөт баян)
[image] Ч.АЙТМАТОВ МЕНЕН КОШТОШУУГА МИҢДЕГЕН АДАМДАР КЕЛИШТИ
[image] КЫРГЫЗСТАН БҮГҮН УЛУУ УУЛУН АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТАТ…
[image] ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН ЖАЗУУЧУНУН МУРАСТАРЫ
[image] ТЕГЕРЕК ҮСТӨЛ: КАЙРАН ЧЫКЕМ…
Чынгыз Айтматов менен жарандык коштошуу зыйнаты
Written by nuraz, Friday, 13 Jun, 2008 – 19:31 | No Comment

Урматтуу мекендештер, устубуздогу аптанын ишемби куну – жалпы Кыргызстан аймагында аза кутуу куну экенин баарыбыз билет чыгарбыз. Бул улуу жазуучубуз Чынгыз аба Айтматовдун дуйнодон кайткандыгына байланыштуу.Чынгыз Айтматов менен жарандык коштошуу зыйнаты 14-июнда Кыргыз мамлекеттик филармониясында 9:00 до башталат.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов дүйнөдөн кайтты
Written by nuraz, Thursday, 12 Jun, 2008 – 3:34 | One Comment

[inspic=206,right,,250]Дүйнөлүк маданият, азыркы адабият, Кыргыз Республикасы жана анын эли орду толгус чоң жоготууга учурады. 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматов дүйнөдөн кайтты.Ч.Т.Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Карабуура районундагы Шекер айылында репрессияга туш болгон мамлекеттик ишмердин үйбүлөсүндө туулган. 1948-жылы ал ветеринардык техникумду, 1953-жылы Кыргыз айылчарба институтун, 1956—1958-жылдары жогорку адабий курстарды (Москва) аяктаган. Андан кийин журналист, «Литературный Киргизстан» журналында редактор болуп иштеген. СССРдин ири адабий басылмалары — «Новый мир» жана «Литературная газетанын» редколлегиясынын мүчөсү, «Иностранная литература» журналынын редактору болгон, чыгармачыл союздарга жетекчилик кылган, ал эми 90-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.

1952-жылдан баштап анын «Ашым», «Газетчи Дзюо», «Кайракта», «Сыпайчы», «Ак жаан», «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аңгемелери жарык көрө баштаган. Ч.Айтматовго анын дүйнөнүн көптөгөн элдеринин тилдерине которулган «Жамийла» повести дүйнөлүк атак-даңк алып келген. 1963-жылы «Тоолор жана талаалар баяны» жыйнагы үчүн Айтматов Ленин сыйлыгына татыктуу болгон. Жазуучунун чыгармалары, анын 60—80-жылдардагы «Бетме бет», «Кызыл жоолук жалжалым», «Бото көз», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары!», «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повесттери, «Кылым карыткан бир күн», «Кыямат», «Кассандра тамгасы»,”Тоолор кулаганда”(«Түбөлүк колукту») романдары маданий маанидеги дүйнөлүк окуяга айланып, Чыңгыз Айтматовду ХХ жүз жылдыктын акырындагы XXI жүз жылдыктын башталышындагы залкар жазуучулардын бири, рухий турмушту эң татаал абалында чагылдырууга жөндөм-шыгы жеткен жаңы типтеги сүрөткер катары таанытты.

Read the full story »

БЛОГ Кыргызстанды өзгөртүүдө!
Written by Мирсулжан Намазалиев, Tuesday, 10 Jun, 2008 – 9:10 | No Comment

Күн сайын блогго кошулган адамдардын саны көбөйгөндүгүнөн, Кыргызстанда өзүнүн пикирин билдирүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Бир нече жыл мурун Кыргызстандагы саясатчылар, журналисттер, бизнесмендер, студенттер өздөрүнүн веббаракчаларын оңой-олтоң эле ачып, достору, колдоочулары менен ушунчалык жакын болуу абалын элестетүү кыйынчылыкка турчу эле. Ал эми азыр болсо бардыгы өзгөрдү.Өзгөрүүнү мен кантип сезе алам деп суроо салаарсыз. Анда эмесе, жоопту окуганга шашылыңыз!Биринчиден – интернетке кирип, кайсы бир блог-платформаны ачып, ал жерден каттоодон өтсөңүз, демек сиз өзүңүзгө блог ачкан болосуз, жана ал жерге эмне кааласаңыз ошону жазып, досторуңузга дарегин берип, айтор, электрондук дарегиңизди кандай колдонсоңуз, ошондой оңойчулук менен блоггер боло аласыз! Read the full story »

Ысык-Көлдө эсалуунун баасы дагы кымбаттады
Written by Гульсали, Monday, 9 Jun, 2008 – 15:58 | One Comment

Баалардын өсүүсү албетте берметтей болгон Ысык-Көлдөгу эс алуу жайларына тийишпей коймок беле. Кай-бир бейформал билдирүүлөргө караганда, пансионатта эсалуунун баасы быйыл 20 пайыздан дагы ашып түштү деп билдиришет.Бул баанын өсүшүнүн негизги себептери болуп газ, нефть жана электрокүчтөрдүн туруш баасынын көтөрүлүштөрүндө, жана албетте алардын натыйжасында келип чыккан тамак-аш продуктуларынын кымбатташы. Кабар агенттиги «Бүгүнкү Казакстан» гезитине чыккан маалыматты өз бетине чыгарган:

“Казакстан сегодня” маалымат агенттигинин иликтөөсү боюнча Ысыккөлдөгү пансионаттарга путевканын баасы быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 15 – 20 пайызга жогорулаган. Мындай өзгөрүү азык – түлүккө карата баанын өсүүсүнө байланыштуу болууда. Мисалы, анчалык кымбат эмес деп саналган пансионатта бир күн эс алуу акысы үч маал тамак – ашын кошкондо 25 АКШ доллары турат. 2007 – жылы бул баа 20 доллар болгон. Мындан шарты жакшы пансионаттардын баасы 120 – 140 доллар (2007 – жылы 100 – 110 доллар). Ал эми ысык суусу, бассейни жана башка баардык шарты жогорку деңгээлдеги “Карбен 4 сезонго” пансионатында бир күн эс алуу баасы 200 доллар (2007 – жылы 150 – 160 доллар болгон).Бирок казакстандык эс алуучулар Кыргызстан туристтик сезонго канчалык көңүл бурган менен путевканын баасы наркына жараша болбой жатат дешүүдө. Кыргыз өкмөтүнө караштуу Туризм агенттигинин маалыматы боюнча быйыл Ысыккөлгө бир жарым миллионго жакын турист келиши мүмкүн. Алардын 60 пайызы казакстандыктар жана калганы Россия, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин эс алуучулары болот.

Баса, кошумчалай кете турган нерсе, Ысык-Көлдүктөр туристтик акыбалдын жакшы болуп туруусун гана көздөйт. Ал тургай, кээде пансионаты бар, же болбосо ошол жерде иштеген адамдарга жолугуп калсаң, алар «бизге саясаттагы туруксуздук абдан терс таасирин тийгизишет. Көпчүлүк учурда биздин конкуренттер – бөлөк өлкөлөр – ушундай мүмкүнчүлүктөн колдоно калышып, өздөрүнүн өлкөлөрүнө туристтерди алып келип калышат», деп калышат.

Бакиевдин Филантропиялык Идеясы
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 9 Jun, 2008 – 15:31 | No Comment

Биздин блогдун орусча бетинде Курманбек Бакиевдин Санкт-Петербургда өткөн Экономикалык форумдагы БУУнун эгидасынын алдында түзүлүүчү Дүйнөлүк Экономикалык Программа идеясына каршы болгон оюмду жаздым.Орусча жазган кебимде, бул идея – толук бойдон паразитизмди туураарын, жана ар-дайым эле өнүккөн өлкөлөрдөн жардам күтө берүү булл жөнөкөй бомждун канчалык акча бербе ошончолук кайырчы болгондугун эскерткендиги жазылган.Бакиевдин кебинде, Глобалдык Институттар жана алдыңкы экономикалар өнүкпөгөн өлкөлөргө жардам берүүлөрү абзел деп айтылган. Мына ушул кептерге болгон ой-пикирди, биздин орусча беттен дагы окугула, урматтуу окурман.

Индия өкмөтү медицина тармагында жогорку билим алуу системасын жеңилдетсе, анда Кыргызстанга студенттер келбей калышат.
Written by Мирсулжан Намазалиев, Sunday, 8 Jun, 2008 – 9:06 | No Comment

Баарыбыз билгендей эле, Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясында жана Кыргызстан Эларалык Университетинде (КЭУ) көптөгөн индус, пакистандыктар медицина тармагынан билим алып келишет. Бирок, алардын негизги максаты сапаттуу билим алуу эмес – жөн гана диплом алып, мекендерине кайтуу.

- Бул жакка (Кыргызстанга) тапшыруу оңой жана арзан болгондугунан Индиядан ушул жакка келгенбиз. Индияда тапшыруу үчүн, окуу үчүн абдан чоң акчалар сарпталат, жана окууга өтүү экзаменин тапшыруу абдан кыйынчылыкка турат. Ошондуктан, миңдеген индиялык студенттер жыл сайын, Кыргызстан, Кытай, Россия университеттерине жаадай жаап, окууларын улантышат, – дейт менин индиялык таанышым Рашид.

Рашид Индиянын Бомбей шаарынан болот, жана азыр КЭУнун медицина факультетинин төртүнчү курсунун студенти. Бир жылдан соң, ал мекенине кайтып барат, ал жактан мамлекеттик медицинадык экзаменин тапшырат да, андан соң бир жыл мамлекеттик тажрыйба ишине киришип, бул тармакты тажрыйба жүзүндө үйрөнөт.

- Кыргызстанда сен мугалимге баа койдуруу үчүн акча берсең 99,9 пайыз ал алат, жана сага баа коюп берет экен. Бирок, бактыма жараша мен бир дагы жолу берип көрө элекмин, өз күчүм менен окуйм, – деп кошумчалады Рашид.

Рашиддин айтымына караганда, бардык эле индустар бул жерге сапаттуу билим алуу үчүн эмес, дипломдун барагын алууга келишет. Бардыгы тең өз алдыларынча окушуп, медицинанын бүт тармагын камтыган чоң-чөн китептерди окушуп, өздөрүнүн экзамендерине даярданышат. Китептердин дагы көпчүлүгүн Индиядан сатып алып, Кыргызстанга алып келишет.Негизги кайгарган нерсе, биздин Университеттер сапаттуулугу үчүн эларалык студенттерди тартпай, оңой-олтоңдугу менен тарткандыгы. Бул Университеттерде ал тургай англисче жакшы сүйлөп сабак берген мугалимдер дагы жокко эсе дешет.Бул жердеги негизги коркунуч – эгерде Индия өкмөтү медицина тармагында жогорку билим алуу системасын жеңилдетсе, анда Кыргызстанга ал жактан студенттер деле келбей калышат, жана жогоруда аттары аталган окуу жайлар негизги кирешелерин жоготушат. Себеби, Индия чоң жана өнүккөн өлкө болгону менен, өзгөчө элет жергелеринде доктурлар такыр жетишпей келет.