Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Year

Article Archive for Year 2009

Кыргыз Ырчылары АКШда болуп келишти
Written by Гульсали, Sunday, 27 Dec, 2009 – 17:15 | No Comment

Лос Анжелес шаарында кыргыз ырчыларынын АКШ дагы жыйынтыктуу концерти болуп ѳтту. Кыргыз элинин суйуктуу жаш эстрада жылдыздары Омар, Максат Бегалиев, Бактыгуль Бадыева, Арсен жана Микаэль ѳз мекендештерине эстен кеткиз, шандуу кече тартуулап кетишти . Ырчыларды чыдамсыздык менен куткѳн жердештерибиз, “Кыргыз Клуб” бей ѳкмот уюму уюштурган бул кечеде, кѳптѳн толгон сагынычтарын жазып, жан эргиткен кыргыз обондорун угуп, кѳнулдуу маанайда уйлѳрунѳ кайтышты.

Эскертип айта кетсек, кыргыз ырчылырынын бир айга созулган гастролдук концерттери Нью Йорк, Чикаго, Филадельфия жана Лос Анжелес шаарларында ийгиликтуу болуп ѳтту. Концерттердин жыйынтыгын чыгаруу менен бирге, ѳзумдун жана жалпы эле “Кыргыз Клуб” уюмунун жааматынын атынан бардык мекендештерибизге чон ыраазычылык билдиргим келет. Ошондой эле, кыргыз эстрада жылдыздарынын АКШ га келуусунѳ колдоо кѳрсѳткон Кыргыз Республикасынын маданият жана байланыш министри Раев Султан Акимовичке терен ыраазычылыгыбызды узатабыз.

Жаныш Осмонов, Лос Анжелес

7 миң окуучу Түрк лицейин бүтүрүштү
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 26 Dec, 2009 – 16:57 | No Comment

Себат лицейинин Генералдык Директору Орхан Ынанды Учур газетасы менен маегин Нурланбек аттуу блогчу кабарлаган. Төмөндө негизги маалыматтар:

Быйыл “Себат” билим берүү мекемесинин ачылганына 17 жыл толуптур. 17 жылдын ичинде 7 миңден ашуун улан-кыздарыбызды уядан учурдук. Булардын 61%ы Кыргызстандын, 15%ы Европанын, 6%ы АКШнын, 14%ы КМШнын, 4%ы Индокитай өлкөлөрүнүн кадыр-барктуу жогорку окуу жайларын бүтүрүштү жана ошол өлкөлөрдө үзүрлүү иштеп жатышкандары дагы көп.

Учурда аты аталган мамлекеттерде билимин улантып жатышкан студенттерибиз көп. Окуучуларыбыз 1994-жылдан тартып дүйнөлүк олимпиадаларга катышып келишет. Ал олимпиадаларда 14 алтын, 34 күмүш, 51 коло медалдарга ээ болдук. Бул жеке эле “Себаттын” ийгилиги, жакшылыгы эмес, жалпы кыргыз элинин, Кыргызстандын билим берүү системасынын ийгилиги деп баса белгилегим келет.

Келечекте кыргыз балдарынын ичинен дүйнө коомчулугунун таңдандырган Эйнштейн, же Билл Гейтс сындуу генийлер чыкса мен таңгалбайм. Анткени, Кыргызстан балдары абдан таланттуу жана акылдуу. Бир нерсени тез өздөштүргөнгө шыгы бар.

Путиндин мигранттар менен коштошуусу
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 26 Dec, 2009 – 10:09 | No Comment

Би-Би-Сиге таандыкОруссиянын премьер-министри Владимир Путин чет элдик жумушчу мигранттардын санын 700,000 адамга кыскартуу чечимин кабыл алды. 2,000,000 тышкы мигранттардын арасында Кыргызстандык жумушчулар аз эмес, жана ар кыл маалыматтарга караганда, бир миллионго жетпеген биздин жердештер бул өлкөдө жумуш менен алектенип келишет.

Профсоюздар менен жолугушуу учурунда Владимир Путин быйылкы жылы мигранттардын санын эки эсеге азайткандыгын белгилеген. Ал эми 2010 жылы дагы дээрлик эки эсеге азайтуу эки жылдын ичинде мигранттардын расмий санынын төрт эсеге төмөндөгөнүн көрсөтө турган болду.

Анын айтымында бийликтин өз жарандарына жумуш ордун түзүп берүү аракеттери эки проблемага келип такалууда: (1) КМШ өлкөлөрүнө болгон визасыз режим жана (2) Оруссия жарандарынын мигранттар иштеген кара жумушка иштөөгө көңүлдөрүнүн жоктугу.

Бирок, бул фактыларга карабастан Кремль күчкө салуу менен, профсоюздардын тилине кирип, тышкы жумушчулардын ордуларын бошотуу талаптарын коюуну чечкен.

Төмөндө Бибиси кызматынын Росстатка таянып жасаган диаграммасында Кыргызстандыктардын саны арбын экендигин көрсө болот.Бибиси

Путин Оруссия жарандарынын кара жумушка ишөөдөн баш тартып жаткандыгын билдирсе, анда Оруссиянын көзкарандысыз профсоюздар федерациясынын төрагасы айлык акыны көбөйтүүгө чакырды.

Орус бийлигинин өзүнө ор казып жаткандыгын түшүнбөй жаткандыгы таң калыштуу. Жумушчулардын айлык-акыларын көтөрүү жана тышкы жумушчуларга кош айтуу өлкөдөгү күнүмдүк продукциянын баасын жогорулатып жиберээри анык. Демек, бул учурда ички көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна, Оруссия жаңы проблемалар менен кездешет.

“Правда” чындыкты гана жазат?!
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 25 Dec, 2009 – 8:55 | No Comment

Мамлекеттик гезиттерди сатып алууга мажбурлоо алигиче уланып келе жаткандыгын бардыгыбыз деле билсек керек. Ошентсе дагы, бул фактылар мамлекеттик ишканалардын кантип “жыйынтыктуу” иштеп жаткандыгы тууралуу кабар берсе керек. [inspic=270,left,fullscreen,300]Азаттык үналгысыны Нарын шаарындагы мектептерде «Эркин Тоо», «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Кут Билим» жана жергиликтүү облустук «Теңир Тоо» гезиттерине алдыдагы жыл үчүн жаздыруу жүргүзүлүп, анын акчасын мугалимдердин эмгек акысынан кармап калуу пландары тууралуу билдирген.

- Биз ар бирибиз 96 сомдон акча берет экенбиз. Мындай бөлүштүрүү Нарын шаарына аябай көп берилген экен. Биз минтип гезиттерге жаздырууга каршыбыз, -дешет мугалимдер.

Административдик ресурс шайлоо учурунда гана иштебестен, күнүмдүк турмушта дагы терең колдонулуп келе жаткандыгы, жана мугалимдердин өз аттарын айтуудан айбагып жаткандыктары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин кескин кыскаргандыгын, жана Совет доорунун тажрыйбасына кайрадан баш багып жаткандыгын түшүндүрөт.

Сүрөт 2008 жылы Нарын шаарында тартылган, жана ал Мирсулжан Намазалиевге таандык

Үч кыргыздын Кореядан чыккан үнү
Written by Мирсулжан Намазалиев, Thursday, 17 Dec, 2009 – 2:41 | No Comment

Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы Йонсей университетинин бизнес бөлүмүндө окуусун улантып жаткан мекендешибиз Диана Раева «Silkroadians» журналына макала жазган. Аталган журналда Орто Азиядагы өлкөлөрдүн материалдары чагылдырылып, тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат. Бул материал кыргыз тилинде которулуп, Заман Кыргызстан жана Кыргыздар.ком барактарында чыгарылган.

0207_korea_4

Кыргызстандагы жаштар

ДИАНА РАЕВА

Менин атым Диана, Кыргызстандан болом. Ал жактагы Кыргыз-орус Славян университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүн аяктап, учурда Йонсей университетинде окуумду улантуудамын. Кореяга келгениме көп болбосо да, бат эле бул өлкөгө көнүп кеттим. Бул шаар мен үчүн аябай өнүккөн шаар көрүндү. Өзгөчө көчөлөрдүн кыйма-чийме, ызы-чуу болгону жана метро станциялардын жанындагы адамдардын шашканы таң калтырды. Андан сырткары, Кореянын тамак-ашы даамдуу жана өтө ачуу экен. Менин оюмча, Корея эки жактуу тыйынга окшош, бир жагынан катаал салты, маданияты менен консервативдүү сезилсе, экинчи тараптан техникасы өнүккөн жана автоматташтырылган өнөр жайы менен прогрессивдүү өлкө катары таанылды. Ал эми Кыргызстан Кореяга такыр окшош эмес. Мен бул жакка келгенимде кореялык жаштар кыргызстандык жаштар жөнүндө көп суроолор узатты.

Read the full story »

Кыргыз Ырчыларынын Америкадагы Саякаты
Written by Гульсали, Wednesday, 16 Dec, 2009 – 2:39 | No Comment

АКШда кыргыз шоу-бизнесине таанымал жылдыздарынын атап айтканда Динара Акулова, Омар, Арсен, Бактыгүл Бадыева, Макс Бегалиев жана Микаэлдердин концерти кызыктуу өтүп жатат деп Кыргыздар сайтында маалымат жарыяланды. Алар Нью-Йорк, Филаделфия жана Чикагодо болушту. Эми Вашингтондо жана Лос-Анжелесте болушат.

13633_194258397522_569102522_2978471_6299677_n

Концертти Микаэль алып барды. Жылдыздар өздөрүнүн эң мыкты деген ырларын ырдашты. Америкадагы мекендештер кыргыз эстрадасынын супер жылдызы Динара Акулованы өзгөчө тосуп алышты. Сезимди козгогон кыргыз ырлары, сагынган кол чабуулар…. бардыгы сонун өттү.

Read the full story »

Кыргызстан артка катуу кетенчиктеди
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 14 Dec, 2009 – 3:18 | No Comment

Кыргызстанда үй-бүлөлүк-кландык башкаруу системасы орноду, жана аны эларалык индекстер тастыктоодо деп айтат журналист Үсөн КАСЫБЕКОВ. Анын пикиринде, бара-бара кемелибизден кетип баратканыбызга эл аралык институттардын кийинки учурлардагы байма-бай ыроолоп жаткан баасы (рейтинги) айгине күбө болуп бере алат. Төмөндө анын макаласынан айрым үзүндүлөр:

  1. Атап айтсак, ООНдун быйылкы адам өнүгүүсү боюнча докладында Кыргызстан жашоо сапаты боюнча дүйнөдө 120-орунга татыды. Бул постсоветтик өлкөлөрдүн эң артында чаң жутуп калганын билдирет. ООН Кыргызстандын рейтингин аныктоодо төмөндөгүдөй критерийлерге таянганы айтылат: калктын жашоо деңгээли, социалдык жактан корголушу, медицинанын абалы, билим берүү, жаратылышты коргоо жаатындагы иш чаралары, жашоонун узактыгы, ВВПнын (ички дүң продукциясынын) ар бир адам бөлүштүрө келгендеги өлчөмү, илимдин абалы. Кыргызстан ООНдун рейтингинин негизги параметрлери боюнча артта калган өлкөлөрдүн катарынан орун алган.
  2. Эл аралык уюмдар да Кыргызстандагы прессанын эркиндигин такай белгилеп келгени бар. Азыр болсо кыйла артка кетенчиктеп кеткенибиз дүйнөлүк институттар тарабынан үзбөй айтыла баштады. “Чек арасыз реперторлор” эл аралык уюмунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына караганда, сөз эркиндигинин деңгээли кыйла төмөндөп түшүп кетти. “Прессанын эркиндик индексинен” алганда, Кыргызстан дүйнөдө 125-орунда туруп калды. Бул өткөн 2008-жылга караганда он беш тепкичке ылдыйлап түшүп кетти дегендикке жатат. Баарынан өкүнүчтүүсү прессанын эркиндигинин кедеринин кетишин мындан ары уланта турган жоболоңдуу жосун сакталып калганында. “Чек арасыз репортерлордун” аныктамасы боюнча масс-медианын эркиндиги боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан граждандык кандуу согушту башынан кечирген, авторитардык Тажикстандан кийинки орунга сүрүлүп калды.
  3. Кыргызстандын кендирин кесип келатканы чиновниктердин арасындагы өнүгүп кеткен коррупция экени белгилүү. Эл аралык Transparency International уюмунун рейтинги боюнча, Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 162-орунга эптеп илинди. Коррупциялык индекси 1,9 баллга татып Гвинея-Бисау, Ангола, Конго жана Венесуэла сыяктуу өлкөлөрдүн катарында эң акыркы орунга татыгаан. Борбор азиялык өлкөлөрдүң ичинен Кыргызстанга караганда Түркмөнстан (168-орун) менен Өзбекстандын гана (174-позиция) абал начарыраак.
  4. Жакында Дүйнөлүк банктын Doing Business долбоорунун рейтинги жарыяланды. Анда Кыргызстанда ишкерлерге салынган салыктын бир жылдык сан өлчөмү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турары айтылат. Кыргызстан дүйнөдөгү 183 мамлекеттин ичинен 6-орунда чыгыптыр. Doing Bisiness иликтеп чыккан эсепке караганда, биздин өлкөбүздө салыктын 75 түрү колдонулат экен. Бул жагынан Черногория (салыктын 89 түрү бар), Өзбекстан (106), Беларусия (107), Румыния (113) жана Украина (147) гана алдыда турат. Ошентип, Кыргызстан мамлекеттик чиновниктер айтып жүргөндөй ишкерликке, өндүрүшкө өбөлгө түзбөстөн, тескерисинче аларды салыктын сандаган түрлөрү менен кылкындыра муунтуп, баш көтөртпөй жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет.

Борбор Азиянын Интернет Жаштары
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 5 Dec, 2009 – 14:30 | No Comment
P1080525
P1080506
P1080509
P1080512
P1080517
P1080519
P1080520
P1080522
P1080523
P1080524
P1080526
P1080527
P1080530
P1080532
P1080533
P1080534
P1080535
P1080536
P1080537
P1080538
P1080539
P1080543
P1080545
P1080547
P1080548
P1080549
P1080550
P1080552
P1080553
P1080555

Душанбе, Декабрь 5, 2009. “Борбор Азиянын санариптик жаштары” конференциясы.

Электр энергиясынына болгон баанын көтөрүлүшүнө өздүк каражатыңыз жетиштүүбү?
Written by Гульсали, Monday, 30 Nov, 2009 – 2:52 | One Comment

АРТ.кг гезитинде чыгарылган сурамжылоонун кызыктуусу, анда коомдук ишмерлерден электрэнергиясынын баасынын осуп кетишине болгон пикирлери жарыяланган. Алардын оздорунун канчалык денгээлде толой ала тургандыгы суракка алынган.

undefined

Жыпар ЖЕКШЕЕВ, коомдук ишмер:
- Албетте оор мезгилде электр энергиясынын көтөрүлүшү калың журтту кайгыга салат. Чындыгында айыл жерлеринде шалаакылык, жалкоолук деген нерсе көп. Электр жарыгынын өчкөнү барыбызга залакасын тийгизбей койбойт. Эң биринчи мекендештерибиз өз камын өздөрү көрүүлөрү зарыл. Көмүрдүн камбаттаганы журтубузга бир топ эле кыйын. Мисалы, мен көп кабаттуу үйдө турам, электр жарыгы өчкөндө жашоо токтоп калгандай эле абалда болобуз. Биз жакта газ да жок, эми эл көргөндү көрөбүз. Кыргыздар чыдамдуу калкпыз да, бул кышты да чыдамкайлыгыбыз менен өткөрүп жиберибизге толук ишенем.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ,”Ата Мекен” партиясынын лидери:
- Өзүмдүн каражатымды айтсам, эптеп күн өткөзүүгө кудуретим жетет. Бирок, карапайым калкка албетте кыйынчылык туудурбай койбойт. Биринчиден, калкыбыздын 75 пайызы жакыр жашашат. Экинчиден, баа адилеттүү эмес, жакырчылыкка дагы да болсо өбөлгө түзүлүүдө. Негизи электрдин 90 пайызы өзүбүздө өндүрүлөт. Ошентсе да электрдин баасы 40 эсеге көтөрүлгөнү акыйкаттыкка жатпайт. Read the full story »

Алматада кыргызстандык жана өзбекстандык 17 кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулду
Written by Гульсали, Friday, 20 Nov, 2009 – 2:46 | No Comment

sexual slavery“Алматада 17 кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулду”,- деп кабарлайт “Kazakhstan Today” Алмата областынын ички иштер департаментинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын булагынын берген маалыматына таянып.

“Алтын Орда” базарынын жанында жайгашкан “Жибек Жолы” мейманканасында Алмата областык ИИДнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан сойкулук менен алектендирген притон табылды. Ал жерден 17 кыз бошотулду”,- деп кабарлайт булак.

Ал аталган мейманкана Тажикстанды Казакстандын Тараз, Алмата, Шымкент, Кызылордо шаарлары менен байланыштырып турган трафиктин байланыштыруучу звеносу экендигин да белгиледи.

Мындан тышкары мейманканадан кыргызстандык жана өзбекстандык кыздар куткарылган.Бул каналды уюштурду деп Каз акстандын 38, 29 жана 19 жаштардагы атуулдары шектелүүдө.

Жаштар + Интернет = Жаштар веб-сайты
Written by Мирсулжан Намазалиев, Tuesday, 17 Nov, 2009 – 12:00 | No Comment

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун Жаштар программасы «Интернет Саясаты боюнча Жарандык Демилге» Коомдук фонду менен биргеликте «Жаштар + Интернет = Жаштар веб-сайты» аттуу сынак жарыялайт.

Сынактын максаты – социалдык жактан маанилүү веб-сайттарды түзүү аркылуу Кыргызстандагы жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга жана иш алып барууларына өбөлгө түзүү

Долбоордун милдеттери:
- Социалдык жактан маанилүү веб-сайттарды түзүүгө жаштарды кызыктыруу;
- Жаштарга ылайыктуу долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүү;
- Кыргызстанда жаңы медианы өнүктүрүүгө шарт түзүү;

Сынакка 14-28 жаштагы Кыргызстандын жарандары катыша алышат.

Сынакка катышууну каалагандар кайрылууну (заявканы) 6-декабрь 2009-жылы кечки саат 24:00кө чейин жибериши зарыл;
Катышууну билдирген кайрылууну youthwebsite@gmail.com электрондук адреске жибериңиз.
Кайрылуулар толук кабыл алынып буткон соң, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Жаштар программасынын жана «Интернет Саясаты боюнча Жарандык Демилге» Коомдук фондунун эксперттик комиссиясынын кароосуна берилет.

Сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- Сайттын социалдык жактан маанилүүлүгү;
- Сайттын креативдүүлүгү, өзгөчөлүктүүлүгү жана кайталанбастыгы;
- Сайтты маалыматтар менен толуктоо сапаты;
- Сайт менен иштөөдөгү дизайн жана жөнөкөйлүк;
- Сайтты иштеп чыгуу үчүн белгилүү стандарттарды жана технологияларды пайдалануудагы өзгөчөлүктөр.

Сынактын алкагында 5 жеңүүчү аныкталат. Башка катышуучуларга кошумча сыйлыктарды ыйгаруу укугу уюштуруучулардын чечими менен жүргүзүлөт. Сыйлыкка төмөнкүлөр кирет:
- Сайтты иштеп чыгуу же өнүктүрүү үчүн 1000 АКШ доллары;
- 1 жылдык акысыз хостинг;
- Сайтты иштеп чыгуу жана дизайн жасоо боюнча кеп-кеңештер;
- Сайтты өнүктүрүү боюнча техникалык жардам.

Жеңүүчүлөр төмөнкүлөргө укуктуу: коммерциялык максаттардагы жарнамаларды жайгаштырууга, сайттын структурасын жана тышкы көрүнүшүн өзгөртүүгө, сайттын компоненттерин жакшыртууга жана кошумчаларды киргизүүгө.

Жеңүүчүлөр төмөнкүлөргө милдетүү: сайттын иштешин кароого жана так маалыматтар менен камсыз кылууга.

Бардык кошумча суроолор боюнча (312) 66 34 75 (кош) 104 телефону аркылуу кайрылыңыздар же youthwebsite@gmail.com электрондук адресине жазыңыздар.

Бишкектеги биринчи кар
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 9 Nov, 2009 – 8:52 | No Comment

Бишкекте биринчи кар жаады. Күңүрттөнгөн күз апапакай кышка айланууга биринчи кадамын таштады.
Bishkek-the first snow 1 Read the full story »

Күз кышка айланууда
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 7 Nov, 2009 – 19:49 | No Comment

Кечээ эле күздүн узактыгы жөнүндө сөз кылсак, бүгүн минтип нөшөрлөп жааган жаандан коргонуп, качан кар жаай салат экен деп сестенип олтурган учурубуз. Төмөндө бүгүнкү жаандан, жана саргайган жалбырактардын жерге оонап, тал теректердин кыштын келээрин баамдап тургандыгы тууралуу бир нече сүрөттөрдү бул жерге коюудамын.Raining in Bishkek
Raining in Bishkek Read the full story »