Article Archive for Year 2009
Кийим тигүү өнөр-жайы каржы кризисинин жана өлкөдөгү кабыл алынган жаңы салык кодексинин кесепетинен азап чегип, акыркы учурда 25-30% алардын саны азайган.Экспорттун өлчөмү сөзсүз түрдө азайып, көптөгөн кийим тигүү ишканалары казак жана орус маркеттеринде соодаларын жүргүзүүдөн жапа чегип жатса, Кыргыз өкмөтү алардын «жонуна бычак матыргандай» эле болду – жаңы салык кодекси ар бир кийим тигүү машинеден патент талап кылып, ал эми патенттердин бааларын 2-3 эсе жогорулатып жиберген.Бул рыноктун реалдуу өлчөмү бейформал маалыматтар боюнча жылына 20 миллиард сом, ал эми расмий маалыматтар боюнча 5 миллиард сом акча пайда таап турган. 2008 жылы бул чөйрөдө 200 миң иш менен камсыз болуп, үй бүлөлөрүнө кам көрүшкөн, жана ошол эле жылы кийим тигүү тармагы 23,4% темпин күчөткөн эле.
Таң калыштуу көрүнүш: биздин өлкөгө дүйнөлүк кризис эч кандай терс таасирин тийгизибеши керек деген ишенимди жаратып, аны популярдаштырган кыргыз өкмөтү ошол эле учурда жумуш ордуларынын кыскаруусун анализдөөчү маалымат банкын ачууну пландоодо.
Маалымат банкы компаниялардын HR-бөлүмдөрүн сурамжылоо аркылуу түзүлөт жана 2009 жылдын күзүнө дейре уланат. Бул иш менен бирге эле, миграция жана жумуштуулук комитети жаңы жумуш ордуланырын түзүлүү жараянын тергеп, маалымат борборуна айланат.
Оруссиянын ички экономикалык кризиске чалдыгышы, коңшу казак жергесиндеги теңгенин нарк жоготуусу, тамак аш продукцияларынын кымбатташы жана микроэкономикалык талаптардын төмөндөшү Кыргызстан аймагына залал келтирбей коёт деп айтуу жөн гана кыйын эмес, буга экономика сабагынын окуучусу деле ишенбесе керек. Бирок, кыргыз өкмөтү алигече баардыгы жакшы болот деп, кам санабоого чакырып келген.
Кыргыз өкмөтүнүн америкалык авиабазанын үстүндөгү геосаясаттык иш-аракеттерин, анын Оруссия менен тиешесин камтыган анализди жазайын деп турдум элем, Азаттыктын таңкы обосуна чыккан интервьюм эсиме келип, аны бул жерге чыгарууну сеп көрдүм. Себеби, ал жердеги менин жоопторум бардык пикиримди камтыйт. Read the full story »
Бишкек, Бишкек… Билбегенге биздин шаар,Бирге – чылбыр, экисине –тизгин шаар.Бир карасаң калдай каалга, кан сарай,Бир карасаң кара баткак, мискин шаар.Көдөөсү көп, көр-жер тарткан көлүк шаар,Көздүү жактан келип түшсөң “өлүк” шаар.Байкушуна – базар, мазар, баш паанек,Байларына – байлык, айлык, өрүкзар.Милийсасын тизип алып таңгактап,Бир көчөсүн жууп-жуктап, ардактап.Өйүз-бүйүз эл шыкалган ал жерденӨкмөттүк колонна өтөт дардактап.Миң көчөсүн жылда жамайт жырыйган,Маршрутка көп, машина көп чымындан.Үйгө барып чөнтөгүңдү аңтарсаң,Колу чыгат МАИлердин шымыңдан.“Артис тамдар” салынганы салынган,Антсе деле шаар болуудан жаңылган.Белден өйдө келе бакан кыштактар,Белден ылдый ала бакан айылдар.Уркуюшуп арасынан муз-кардын,Варикозу сыяктанып буттардын.Ташын-кумун тээп салып асфальттынТамырлары качып барат дубдардын.Тиштериңдин баары металл коронка,Бишкегиңдин баары бензоколонка.Азыр бул шаар махабаттын шаары эмес,Бир жиндинин колундагы воронка.Ээсиз үйүн кытайларга толтурган,Эри да жок, эли да жок кол сунган.Бишкек мага кемпир болуп элестейтЭски-ускусун сатып бурчта олтурган…
Америкалык «Манас» авиабазасынын жабылуусу, өлкөнүн Оруссиядан 2 млрд карыз алуусу эларалык мамилелерде бир тараптык саясаттык башаты десек жаңылышпасак керек.3 февралда Москва шаарында Курманбек Бакиев кыргызстанда жайгашкан америкалык авиабазанын жабылуусу тууралуу жарыялады. Анын айтымында, экономикалык компенсация тууралуу талкууда АКШ тарабынан реакция болгон эмес, жана амеркиалык партнерлор менен түшүнбөстүктөр Александр Ивановдун өлүмү боюнча бар болгон. Эми кыргыз өкмөтү базаны жабууну ык көрүп, анын жараяндарын баштады.Баарынан таң калтырган нерсе – бул билдирүү Москва шаарында, Оруссиянын президенти Дмитрий Медведевдин жанында айтылган.Бул билдирүү бир гана ой жаратты: кыргыз бийлигине АКШ дагы, Оруссия дагы ишенбесе керек. Акыркы төрт жылдын ичинде Бакиев чет жакада жүргөндө бир нече ирет базаны жаптырам деп убада берип, ал эми Бишкекке кайткандан кийин пикирин өзгөртүп турган. Бул саам, Медведев мырза жарым карыш жылдырбай туруп айтууга мажбурлагандай көрүндү.«Кудайдан тапкан» Оруссиядан 2 миллиард доллар өлчөмүндөгү насыя жана гранттык жардам дээрлик энергетика тармагына жумшалып, ал эми ал сектор болсо, аты аталган өлкөнүн таасиринин алдында калмакчы. Анда эмесе, Оруссиянын алдына чөгөлөөнүн экинчи турунун башталуусу менен куттуктайм!
Кеберсийт талаа. Чөккөн күн,чөл сүйрөп келет аптабын.Өрөөнгө түшкөн өрттөгүөзөндүн онтойт таштары.От жаккан мештей ысылап,үйлөр үп. Үймөк чөп жошо.Кызыл ат – кырга кызыл от,төө өркөч тоого – көз бото.Арыктын суусу балдырттап.айыл тынч өткөн түндөрдөй.Жалгыз бак – жалгыз балмуздак,жамгырсыз күндөр, күйгөн жер.Закымды жиреп унчукпай,желесин тартат зым мамы.Учалбай турат чымчыктар,шишкебек болуп зымдагы.Коруктан түшпөй кыйкырган,короздун үнү түгөнүп.Кол члгы чарчап шылкыйган,короодо талды сүйөнүп.Таранчы чоктой бүркүлгөн,жалбырттап жатат бул аңыз.Ак түтүн болуп илкигенжол гана алсыз чубалып…
«Ата Мекен» оппозициялык партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге каршы Кара-Бууралык ИИМ тарабынан куралды мыйзамсыз жасоо жана оңдоо аттуу айып менен кылмыш иши козголду. Бул маселенин эки тарабына кайрылса болот: (1) саясый куугунтуктоо жана (2) курал жаракты алып жүрүүнүн мыйзамдуулугу.
Өмүрбек Текебаевдин Азаттыкка берген интервьюсуна көз чаптырсак, анда ал «…менин булар айтып жаткан куралдарды, анын ичинде «Сайга» карабинин да алып жүрүүгө толук укугум бар», – деп билдирген.
Текебаевге каршы эсте калгандардан эле эки дискредитациялоо акциялары болуп өттү. Акыркы жылдарды эле эстесек, анын сумкасынан аэропорттон наркотик таап алышып, анда дагы чоң саясый опузалоолорго туш болгон. Эми, бул көрүнүштү мен дагы саясый «трюк» катары гана эсептеп турам.
Баса, булл жерден мен негизги козгой турган сөз – курал жаракты алып жүрүү – эркин болуусу абзелби, же, ал адамдын эркиндигине туш келбейби деген кеп. Дүйнөлүк статистикада, курал жаракка укук берген өлкөлөрдө кылмыштуулук азыраак болуп, ал эми куралга мамлекет тарабынан тыюу салынган коомдордо кылмыштуулук көбөйгөн. Мунун табышмагы – эгерде менде курал болсо, менин үйүмө кылмышкер келүүдөн, же көчөдөн токтотуп алып опузалоодон коркуу сезимдерин пайда кылган шарт.
Ал эми оппозицияга кайрадан кайтып келе турган болсок, анда, менин оюмча ар бир оппозиционер өзүнүн жанына курал алып жүрбөсө бир күнү кримчөйрөнүн зөөкүрлөрүнөн муш жесе, экинчи күнү аткаминерлерден ызаа көрүп калуулары мүмкүн.
Көл-шал түшүп жамгыржан,көнөктөттү калбырдан.Булут басты тоо башын,бурганактап кар кылган.Кыян жүрүп заматта,кырды-кырдай чабат да.”Чарт” дей түшөт асмандынчагылганы чала аткан.Желеленип аңыздар,жер – деңиздей, алыстанАгындыдай чайпалатагыш сарай, агыш там.Көк чылгый жол кенебей,көктү тиктейт теребел.Кылыч окшоп кыяк чөпкыткылыктайт беделер.Даалдап суулар чапкылап,дарак жыргап аптыгат.Санаасы жок кашкаңдап,сайдын ташы каткырат.Көшөрдү күн көшөрдү,көзү ачылбай нөшөрдүн.Өйүз менен тең болуп,өңү албырат өзөндүн.Ээн талаа. Бар атчан,эрбең-эрбең бараткан.Эмне издеди бейубак,агат, агат, агат жаан…
Интернет-интернет эле дейбиз, деги интернете жаңы көз карандысыз сайттар пайда болуп, таасир этүүгө мүмкүнчүлүк ала алабы?Бул суроого көпчүлүк адамдар бирдей жооп берсе керек. Жапа жалгыз альтернатива болуп интернет калгандан кийин, оппозициясы дагы, НПОсу дагы интернетке чуулуп келип, өз пикирлерин, эркиндиктерин ушул жерден билдирсем экен деп, өздөрүнө сайт ачып жаткандары албетте дурус.Бирок, бир нече жол тосуулар бар. Биринчиден, ошол эле «Тирүү Журнал» блогу Казакстанда жабылып калгандан кийин, Кыргызстанда дагы ачылбай, абдан оор түйшүктөргө алып келген. Ал эми өзүңө же уюмуңа эртеңки күнү таасири чоң болсо экен деп кыялданып, веб-баракча ачып жатсаң, анда сенин сайтыңды kyrgyzpress.com сыяктуу кылып бууп коет.Жогоруда аталган сайт Кыргызтелеком аркылуу кыргыз жергесинде буулуп, азыр ага бир топ жерлерден, ал түгүл интернет-кафелерден кирүү дагы кыйынчылыкка турууда.
Кыргыз Өкмөтү келе жаткан кризиске каршы иш-планын жалпы журтка жарыялады. Ал план экономисттердин көз-карашында инвестиция-багытталган, бирок протекционисттик сезилүүдө.Маселен, айыл-чарба материалдарын, продукцияларын өлкөгө алып кирүүгө чек салынат. Ошондой эле, мамлекеттин өзү банк секторуна аралашып, анын ликвиддүүлүгүн көтөрүүнүн үстүндө иштемекчи.Бул шилтемеде иш-аракеттердин тизмеси. Кененирээк анализ кийинки макалаларда болот.
Алыстап аптап көздөгү,ала бел. Айдын чөккөнү.Аштоону тиктеп алаят,ак торпок үймөк чөптөгү.Арыктап токой, тал жүдөп,айыл суз. Аста сай күлөт.Агарган бейит алдында,акырын оттоп мал жүрөт.Жон жатат боздоп “ЗИЛ” аккан,жол бойлоп турат бир ак там.Жомокпу, малбы, сүйүүбү,жок издеп барат бир атчан.Саргарып аңыз күндү өрүп,сары кыр жондор сүйрөйүп.Өтүктөн түшкөн чулгоодойжол келет бутка сүйрөлүп.Кабар жок кайткан куштардан,кан-сөлсүз асман сустайган.Кагаздай талаа… Зым мамы –карандаш өңдүү учталган…
Жаңы жыл келип, 2008 жылы болуп өткөн окуялар менен кош айтышып, 2009 жылга көптөгөн пландарын коюшкан журт эми бул жылы кандай гана окуялар болуп кетээр экен деп маң болуп олтурган чактары. Чындап эле, уй жылы ар бир Кыргызстандыкка, өлкөбүзгө кандай маанайды алып келээрин азырынча эч ким билбейт. Маң болуп туруп, аңга түшүп калбайбызбы?
Эң алгач, бардыгыңыздарды жаңы жылыңыздар менен куттуктап коюуга уруксат этиңиздер. Менин тилегим сиздердикиндей эле – бул жылы жетишкендиктер көбүрөөк болуп, ылайым жоготуулар аз болсун.
Бийлик кризиси
Жаңы жыл бийликтеги алгачкы адамдардын ордуларынан кетүүсүнөн башталды. Күрөң кардинал же болбосо «ачуулуу гений» деп эсептелген Медет Садыркулов ордунан кетип, аны менен дээрлик бирге вице-премьер-министр Эльмира Ибраимова дагы өзү берген арыздын негизинде жумушунан бошотулду.
Эске салып көрсөк, саясаттын «кухнясын» көргөн көптөгөн талдоочулар акыркы жылы көптөн-көп Курманбек Бакиевдин айланасындагы адамдардын бийлик жана ресурстарды талашуулары жөнүндө айтып келишкен. Балким, ушул окуя чындап эле Бакиевдин тобунун экиге таркашы, алардын согушунда бир тараптын жеңилиши тууралуу кептин башаты болуп жүрбөсүн?
Энергетикалык кризис
2009 жыл энергетикалык кризистин туткагына кабылып, бейкүнөө болсо дагы көптөгөн жарандарга жакпай, анын аркасынан саясый пикир келишпестиктерди жаратуусу мүмкүн.
Аны менен бирге былтыркы жылы башталган тендердин жыйынтыгы быйыл чыгып, коомдук жана саясый чөйрөнүн ашмалтайы чыгып, сунушу жок болсо дагы саясый опузалоого өткөн оппозициянын кыялдарына дагы көңүл бурууга мажбур болобуз.
Бийлик башчылары болсо, баягыдай эле коомго өз программалын түшүндүрө албай, жыртыкка жашынган чычкан сымал өз иштерин жасашып, жарандык коом менен бийликтин ортосундагы байланыштарды дээрлик толук үзүүгө баруулары мүмкүн.
Уландысы кийинки макалада…
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эларалык Адабий сыйлыктын лауреаты
Автордон: Бул жоктоо ыры улуу жазуучу жерге берилерден бир күн мурун жазылган. Эртеси коштошуу зыйнатында филармонияда Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаев коштоп турган.
Мухити соолуп кыргыздын
Муңканып турган чагыбыз.
Мурдараак жетип барганга
Муунтканы калган ажалдан
Муназа кылып алганга
Муунабай койду алыбыз.
Келбеси кетип кыргыздын
Кетилип турган чагыбыз.
Кездешип жакын барганга
Кешигиң каткан ажалдан
Келе деп сууруп алганга
Келалбай койду алыбыз.
Желеги түшүп кыргыздын
Жер муштап турган чагыбыз.
Жетсе да ажал чет жерде,
Жергелүү кыргыз элиңе
Жетелеп алып кеткенге
Жеталбай койду алыбыз
Кош эми Чыке, дүйнөдө
Өлүмгө айла жок экен.
Өөдө-ылдый өкчөй бербестен
Өзөккө тийчү ок экен.
Өкүмү катуу түгөнгүр
Өлчөөсү өтө зор экен. Read the full story »



Акыркы пикирлер