Article Archive for Year 2010
Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева жыл аягында гезиттерге, радио, телевидение, маалымат агенттиктерине кеңири маек бере баштады. Ошол маектердин арасынан мен үчүн кызыктуу деп, Акипресс агенттигин белгилегим келет. Мында чын эле кызыктуу маек анан сонун сүрөттөр бар экен. Орус тилинде болгондуктан, кызыктуу жерлерин кыскача кыргыз тилине котордум. Oтунбаева маегинде саясат, жеке кызыкчылыктары, пландары ,ал жөнүндөгү ушак айыңдар жөнүндө айтып бериптир. Read the full story »
Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, патриот жаштардын арасында популярдуулукка ээ болгон «Тамашоу» дагы бир бийиктикти багынтты. Жыл аягында сонун жаңылык! 18-декабрда Алматыда өткөн КВН боюнча Евразиянын Суперлигасында өлкөбүздөн барган 2 команданын бири – “Тамашоу” курама командасы чемпиондукту жеңип кайтты. Алар кубок, диплом жана 250 миң теңге акчалай сыйлык менен Кыргызстанга кайтышты.
“Тамашоу” лигасынын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаевдин айтымында, Евразиянын Суперлигасы – КВН боюнча Орто Азия өлкөлөрү ортосунда өтүүчү мелдеш. Быйылкы сезондо 15 команда ат салышыптыр. “Тамашоу” Лигасынын курама командасы биринчи жолу катышып жатат. Буга чейин өлкөбүздүн атынан “KG Club” юмор клубунун жигиттери 2 ирет чемпион болушкан. Финалда Казакстандан 3 команда жана Кыргызстандан «Тамашоудан» тышкары “Азия mix” деген команда күч сынашып, тилекке каршы, 2-3-орундарды жергиликтүү “8-март” жана “Эксклюзив” командалары ээлешти. Команданын курамына Азамат Исмаилов баштаган “Тамашоу” Лигасынын мыкты 12 жигити жана “ДНК” тобунан Мирзада барды.
Түштүктө июнь айында болуп өткөн кыргыз өзбек ортосунда болуп өткөн коогалаңда Кыргызстан чоң жоготууларга учурады, анын канчалык чоң экендигин эмдигиче эсептеп бүтүшө элек. 500 дөй жарандардарыбыз каза болуп, миңдегени майып болуп, экономикалык жактан да эбегейсиз жоготуулар болду. Толгон токой кафелер, сода түйүндөрү, базарлар өрттөлүп, күлү сапырылды. Бир эле, Жалалабадда коогалаңдан 392 ишкер 300 млн. сомдун тегерегинде жабыр тарткан. Ал эми Ош боюнча эсептөөлөр жүрүп жатат. Коогалаңдын кесепетинен ишкерлер тарткан зыянды аныктоо боюнча жумушчу топтун аткарган иштери боюнча Кадырбек Жакыпов «Кабарга» төмөндөгүлөрдү айтып берген. Бул интервьюну толук боюнча берүүнү тура көрүм.
Кыргызстанда былтыры пландык өчүрүү эмне экенин бешиктеги балдардан бери билди. Максим кеткенден бери, Токтогул суу сактагычына суу толуп, суунун көлөмү 19,2 миллиард куб метрди түзүүдө. Бүгүнкү күндө республикада электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабай эле, болгону айрым жерлерде техникалык өчүрүүлөр, тагыраак айтканда, оңдоо иштерине байланыштуу гана электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатат. Кыргызстандын энергетика министрлигинде жаңы реформа башталды. Өлкөнүн отун-энергетикалык комплексинин ачыктыгын камсыздоо багытында энергетика компанияларда талдоо жана аудит жүргүзүлгөнү турат. Бул аркылуу энергетика тутумундагы уурдоолорго бөгөт коюп, электр энергиясын жоготууларды кыскартуу, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү максат кылынууда. Бул боюнча энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ММКларга айтып берди.
Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Ошентип 2010 жыл да өтүп, баардыгы жыл жыйынтыгын чыгарып жаткан чагы. Мен да адаттагыдай 2 жыйынтык чыгардым, биринчиси мен жеке инсан катары эмнеге жеттим, экинчиси, мекеним үчүн жолборс жылы эмнени алып келди. Жолборс жылы Кыргызстан үчүн эң эле оор жыл болду десем жаңылышпайм, кылым карытаар жыл болду. Жолборс канды жакшы көргөндүктөн, бир эмес, эки жолу кан төгүү болуп, чоң жоготууларга учурадык. Дагы бир Президентти, ака үка, бала чакасын кошуп, дүйнөлүк саякатка кубалап жибердик. Эми баары башынан болсун.
“ХХI кылымдын эң барктуу жана баалуу китеби болот… Манас менен гана кыргыз эли бүгүнкү татаал мезгилде сакталып калат жана бактылуу жашоого жетишет… Бул китеп менин руханий дүйнөмдү тазалайт, дегеле менин жашоомду сактап калды… Окуганда жазылган окуялар көз алдыма элестеп, өзүмдү ошол жерде болгондогудай сездим”,- деп 18-декабрда Улуттук китепканада мааниси чоң “Айкөл Манас” китебинин орус тилине которулганы боюнча презентацияга катышкан адамдар бир нече жолу кайталашты.
Дегеле бул китептин жаралышы жана автору жөнүндө айта кетсем. Бул айтылган китеп бир эмес, он томдон турган жыйнак. Азыркы кездеги эң биринчи Манас эпосундагы тарыхый мааалыматтарды так жана, авторлордун айтышы боюнча, кырк чоронун бири Жайсаң Үмөт уулунун атынан берилген версиясы азыркы күндөгү эң ири, кандайдыр бир сыйкырдуу касиети бар көзачык Бүбү Мариям Муса кызынын калемине тааныш. Бүбү Мариям эже он беш жыл мурун эң биринчи манасчы ким болгон деген суроону Эркинбек Иманалиев сураган экен. Ошондо мурунку жашоосу Манас эмес, дегеле кыргыз тили, адабият менен байланышбаган адамдын өмүрү такыр өзгөрүлүп кетиптир. Манас бабабыз баскан мазарларына бел байлап, ошол тоо чокулары болобу, ээн талаа болобу, суугуна, ысыгына карабастан медитацияга түшүп, Жайсаң манасчынын арбагы менен байланышып, ошондон уккан маалыматты жазып калыптыр. Бул чыгарма мага, дегеле азыркы замандагы материяга гана ишенген адамдарга кабыл алуусу татаал жана мистикалык көрүнөт.
Жакында “Дело№” газетасында Убактылуу Өкмөттүн бир абдан кызыктуу №21 тескемеси жөнүндө баяндалды. Бул жашырын кагаз боюнча 13 -апрельде Улуттук Банктан 10 000 000 сом коомдук коопсуздукту орнотуу үчүн, Бакиевдин каражаттарынан алынган. Бирок, бул акчалар жана башка “бакиевдердин” миллиондору кайсы максатта жана эмне үчүн иштетилгени боюнча так маалымат дагы эле берилген эмес
Убактылуу Өкмөт бийликке келгенде экономика жана саясат тунук түрдө болоору жөнүндө айтылды беле? Темир Сариев, ал кезде финансынын министри болуп, “бакиевдин” каражаттарын тартып алганда, кантип иштетиле тургандыгы жөнүндө ачык отчет берерин убада кылган. Интернетте миллион доллардын “бөлүп алуу” жөнүндө информация пайда болгондо, өкмөттөгүлөр алгандыгын мойнуна алышып, бирок албетте, өзүнө эмес, мамлекетте коопсуздукту камдоо үчүн алынгандыгы жөнүндө айтышкан. Ал коркунуч күндөрдө коопсуздукту сактоо үчүн чындыгында эле бир топ каражат мажбурланган.
Мамлекеттик казынада ал кезде куру болчу. Ошондуктан, апрель айына чейин Бакиевдердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына тийиштүү болгон, үч коммерциялык банкта сакталган долларларды иштетип, ал эми апрель айынан кийин “туура эместигинен” конфискацияланган.
Жаңы жыл алдында, элибизге белек катары парламенттик көпчүлүктү түзгөн коалиция куралып, Өкмөт курамы бекитилип, өлкөбүз легитимдүү, нормалдуу мамлекетке айланды. Бирок баягы эле эски бийликтин өкүлдөрү кайрадан ээрге отурушту. 17-декабрь күнү “Республика”, КСДП, “Ата-Журт” партияларынын ортосунда куралган коалиция Өкмөт курамын бекитти. Ошол күнкү сессияга катышкан 112 депутаттын 88инин макулдугу менен, үч вице-премьер министр, 18 министр «оптом» кызматка отурушту. Өкмөткө биз баарыбыз жакшы билбген, жарытпаган баягы эле чиновниктер келишти, жаңылар өтө аз. Эшегине жараша, тушагы дегендей, өзүбүз аларды шайлоодо колдодук.
Кыргызстанда билим берүү cистемасы кризиске учурап, аябай оор ахыбалда калганы жаңылык деле болбой калган. Элге кызмат кылчу азаматтар саясат менен алек болуп жүрүшкөндө, элибиздин эртенкиси болгон балдардын билими жылдан жылга төмөндөп барат. Эгемендик алгандан бери, кимдер гана митинг, пикетке чыгышпады, маданият кызматкерлери, кенчилер, саясатчылар, студенттер, кудай жолунда жүргөндөр, жумушсуздар, деги койчу, бары эле чыкты, бирок, өз жумушунун фанаты болгон, бир гана мугалимдер чыгышпады. Иштей беришти, алган маяналарына көз жумуп. Ошол эле Президентти, депутаты, эл тагдырын калчагандарды деле мугалим окутту эле, анан эмнеге алардын ахыбалы мышык ыйлай турган болуп калды. Read the full story »
Кенч издөө бул көптөрдүн бала чагындагы эле кыялы болсо керек. Менин эсимде, бир мультфильмдерде же кинолордо бир адам жашабаган аралда жаш балдар чексиз баалуу кенч таап алышкан. Бирок, биз чоңоюп, балалыгыбыздын кыялын унутуп койгонбуз. Ошентсе да арабызда, кенчтерди издеген адам бар деп ойлойм. Ошондуктан, мен Кыргызстандагы тарых булактарында калган кенчтер жөнүндө жазайын дедим.
Бир жыл мурун чет өлкөлүк Суу куйгуч доорундагы Дүйнөлүк Руханий академиясынын археологдору төрт миң тонна алтын издеп Кыргызстанга келишкен. Аларды республиканын ачууланган археологдору жана ар кандай өкмөттүк эмес организациялары Кароол-Дөбө аттуу сыйкырдуу тоону коргоп калышкан.Ошол издөөчүлөр алтындарын же китепкана же асыл заттарды табышканы жокпу белгисиз. Чындыгында эле, Кыргызстанда кандай кенчтер бар экенин, жана илгерки байлыктардын артынан издөөчүлөрдө эмне кызыктыраарын билүү үчүн “Дело№” газетасынын журналисттери мындай мааалыматты топтогон.
Калмыктардын байлыктары

Read the full story »
Коалиция түзүлдү деп кесе айтууга оозум барбай жатат, кезектеги коалиция десем жарашат. Бул жолу «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов үч партиянын башын бириктирем деп 10 күндөн ашык чуркады. Натыйжада, 15-декабрда КСДП, “Республика” жана “Ата Журт” партияларынын лидерлери парламенттик коалиция жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
«5 каналдын» жетекчиси Евгения Бердникова жумуштан бошоп, документтерди өткөрүп берип жатканда гана, бул каналда иштеген журналисттерге маалым болду. Бул нерсе журналисттердин нааразылыгын туудуруп, нары жетекчисин коргоо максатында эртенден баштап «Күндеми» жана «Майдан» программалары эфирге чыкпай турган болду. Айта кетчү нерсе, бул программалар көпчүлүк жарандар үчүн кызыктуу, калың элдин катмарында популярдуу болуп эсептелет. Read the full story »
Талас шаарындагы аба ырайынын чукул өзгөрүп, жаан менен кар аралашып жаап жаткандыгына карабастан 50-60 мугалим борбор аянтка чыгышты. Эки сааттан ашуун көчөгө туру, обладминистрацияга кирүүдөн баш таракан соң, губернатор Койсун Курманалиева көчөгө чыгып, жолугушуу өткөрдү.


















Акыркы пикирлер