Article Archive for Year 2010
Кыргызстандын баардык айыл өкмөттөрү Интернетке кошулат деген кабарды таранспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов айтты. Министрдин маалыматына ылайык, электрондук өкмөт түзүү боюнча мындан 15 жыл мурда эле тиешелүү пландар түзүлгөн.
“Бүгүнкү күндө “Ар бир айыл өкмөтүнө Интернет” деген Программа иштелип чыкты. Анын алкагында республикадагы баардык айыл өкмөттөрү Интернетке кошулат. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 459 айыл өкмөтү бар. Биз азыр бул тапшырманы аткаруу үчүн 600 компьютер сатып алууну чечтик. Анткени ар бир айыл өкмөтүндө Интернет болбосо, анда биз электрондук өкмөттү түзө албайбыз. Ошондуктан алгачкы аракеттер айыл, райондордун чегинде ишке ашырылып, андан ары республикалык деңгээлге көтөрүлөбүз”,-деди Н.Сулайманов.
Кай бир айыл өкмөттөрдө интернет бар экендигин биз билебиз. Бирок, ага карабастан кичине чиновниктер дагы деле электрондук даректи эптеп септеп караштыргандан тышкары интернетти колдоно алышпайт. Таң калыштуу, ушул долбоорго Кыргызстан өкмөтү канча акча сарптады болду экен?
Жаза аткаруу тармагына казынадан жыл сайын аз акча бөлүнөт. 2010-жылга 674 725,9 сом каралган. Ал эми түрмөдөгү кишилердин саны он миңден ашуун. Жалпысынан Кыргызстанда 33 түзөтүү мекемеси бар. Алардын алтысы СИЗО, он алты жатак абагы, бир жашы жетпеген балдарды тарбиялоочу колония, ону түзөтүү мекемеси.
Жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, 2009-жылдын 1-декабрына чейин соттолгондордун ичинен 705 киши учук, 199 киши СПИД, 441 киши баңгилик, 78 киши аракечтиктен жабырланышкан. 300дөн ашуун киши түрмөдө жатып бу дүйнө менен кош айтышкан.
Ушунча адамдардын баардыгын биз салык төлөөчүлөрдүн акчасына багып келе жатабыз. Ал эми камалгандардын арасында болсо канчалаган күнөөсүз адамдар жагы бар.
Элдин ынтымакта болушу, жана падышанын акыйкаттуу болуусу – бул бардык саясый системалардын негизги максаты.
Бирок, эл өз пикирин билдирип, падышанын туура эмес болсо анын катасын билдирип туруусу үчүн эки арада байланыш болуусу абзел. Байланыштын болуусу азыркы терминдер менен лобби, эдвокаси жана башка терминдер менен атала берет.
Кыргыздарда ошол эле учурда “Кеңешип кескендин бармагы оорубайт” деген кеп бар. Бул элдин пикирин, маанайын таанып, таанышып, жана ага жараша чечим алуу жараяндарынын болуусу туурасында айтпаганда эмнени айтат.
Падыша деген кудай болбогондон кийин, демек ал жөнөкөй гана адам. Ал эми бардык жөнөкөй адам бийликтин балын татып калган соң, бийлигин ары озунтуп, өзүнүн төшөгүн майлаганга аракеттенип баштайт. Кеңешпестен ар кыл чечимдерди кабыл алып “акыр заманды” жакындатат. Ал акыр заман диндер тарабынан айтылган акыр заман эмес, ал акыр заман өлкөдөгү адамдардын кедей жашоосуна, бири бири менен талашып тартышууга, нааразычыктардын пайда болуусуна алып келет.
Дүйнөдөгү тажрыйбага көңүл серпсек, анда демократиянын дагы айрым жетишсиздиктери бар – демократия болгону менен, бийликтин укугу чоң болуп, ал эми бийликтегилер адамдын жеке жашоосуна дагы кийлигишкенге укуктары бар болсо, анда бул демократия дагы жакшы иштебей калуусу мүмкүн. Андыктан, демократиялык системада бийликтин укуктары азыраак болуп, болгону бир нече иштерге жооп бере алса, анда мындай системалар дүйнөдө жакшы өнүгүп кеткен.
2009-жылы Москвада кыргызстандык мигранттар тарабынан 914 кылмыш иши жасалган. Бул тууралуу Москва ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Владимир Колокольцев журналисттерге билдирген.
Анын айтымында 2009-жылы ар бир экинчи кылмыш ишин чет элдиктер, анын ичинде КМШдан келгендер жасашкан. 2009-жылы иммигранттар 41,5 миң кылмыш иши үчүн катталышкан.Эми, кылмышкерлердин статистикасына көңүл бурсак. Жогоруда айтылган сандын ичинен эң көп мыйзам бузуучулар өзбекстандыктар -1 816, тажикстандыктар- бир миңге жакын, кыргызстандыктар- 914 жана Кытайлык иммигранттар-111.

Мындай кылмыштуулук көбөйө бере турган болсо, анда жакында Оруссия өкмөтү дагы бир жаңы нерселерди чыгарып жиберүүсү ыктымал. Жанагы эле Колокольцевдин айтымында – “Мындай толкунду токтотуу керек, “гостролго келгендер” биздин шаарда өздөрүн бейкам сезүүсүнө жол бербөө зарыл”. Мындай пикирлер арбып кетүүлөрү дагы мүмкүн.
Эл аралык саясатты иликтөө жаатында алгылыктуу иш алып барган АКШнын The Heritage Foundation (Мурас фонду) стратегиялык изилдөө институтунун ар жылкы “Экономикалык эркиндиктин индекси – 2010” рейтингинде Кыргызстан 80-орунду ээледи.
Ар жылкы изилдөөгө ылайык, 2009-жылдын жыйынтыктары менен Кыргызстан 0,5 пункта төмөндөп, жалпысынан 61,3 балл алган. Натыйжада республика рейтингдеги экономикалык эркиндиктин “кайсы бир деңгээлде эркин” категориясына илинген.

Heritage Foundation рейтингинде 50 баллдан аз алган өлкөлөрдүн экономикасы “репрессивдүү”, 50дөн 60ка чейинкилер – “өзгөчө эркин эмес”, 60-70 балл – “кайсы бир деңгээлде эркин”, 70-80 – “негизинен эркин”, ал эми 80ден жогору 100 баллга чейинкилер – “эркин” деп эсептелет.
Былтыркы жыл боюнча Кыргызстан соода эркиндиги жана коррупциядан эркиндик категорияларында начар көрсөткүчтөргө ээ болуп, өлкөнүн экономикалык эркиндиги 0,5 пунктка төмөндөгөн. Ал эми жалпысынанреспубликада экономиалык эркиндик жай темп менен болсо да өсүү жолунда деп бааланган. Кыргызстан ишкердик, каржы, эмгек эркиндиктери жана өкмөттүн чыгымдары категорияларында жакшы көрсөткүчкө жеткен. Бирок жеке менчик укугу жана коррупциядан эркиндик категорияларында республика начар бааланган.
Экономикалык эркиндикти баалоодо категориялар боюнча алсак, Кыргызстан “ишкер эркиндигинде” – 76,6, “соода эркиндиги” – 75,9, “каржы эркиндиги” – 92,9, “өкмөттүк чыгымдар” – 80,2, “акча-кредит эркиндиги” – 62,2, “инвестициялык эркиндик” – 50, финансылык эркиндик – 50, “менчик укугу” – 25, “коррупциядан эркиндик” – 18, “эмгек эркиндиги” боюнча – 82,6 баллга ээ болгон.
“Экономиалык эркиндиктин индекси – 2010” рейтингинде биринчи орунда 89,7 балл менен Гонконг, андан кийин Сингапур (86,1), Австралия (82,6) турат. Аталган рейтингде АКШ 8-орунда (78 балл) болсо, Кытай 140-орунда (51) турат. Ал эми Казакастан 82 (61), Тажикистан 128 (53), Россия 143 (50,3), Өзбекстан 158-орундарга (47,5) илинген.
Бүгүн эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинде 2009-жылдын жыйынтыгы жана 2010-жылга карата план, программаларды иштеп чыгуу үчүн жыйын болуп өттү. Анда, 2009-жылы 7 миң 973 этникалык кыргыздар (16 жашка чейинкилери эсептелген эмес) тарыхый мекенине кайтып келгендиги айтылды.
Бүгүнкү күндө, Чүй областында 1 миң 920 адам, Ош-504, Жалалабат-2 миң, Баткен-2 миң 980, Талас-19, Ысык-көл-1, Бишкек-300 жана Ош шаарында-27 этникалык кыргыз келген. 2009-жылы кыргыз жарандыгын алуу үчүн 1миң 121 атуул арыз менен кайрылып, учурда кароодо турат.
Аты аталган министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстан эгемендүүлүктүү алгандан бери 25 миң этникалык кыргыздар келишип, анын 22 миңи кыргыз жарандыгын алышкан. Учурда, алардын 40% ка жакыны турак-жайга муктаж жана 70% жакыны жерди ижарага алып, айыл-чарба өсүмдүктөрүн эгип, жан багышат. Ал эми 20%ка жакын атуулдар жер алышып, үй салууга жетишкен. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги билдирди.


Азыр Кыргызстандагы ар бир экинчи аял тукумсуздук дартынан жапа чегишет. Канча жылдап дарыгерлерге, көз ачыктарга, бакшыларга, мазарларга барганын айтышат. Эндокринологиялык тукумсуздукту лабораторияларда аныктоо өтө көп акчаны талап кылат. Анализдерди кайра-кайра изилдөөгө көптөгөн каражат керек, карапайым калк үчүн бул албетте өтө кыйын, – дейт Заман Кыргызстан гезитине берген интервьюсунда перинатология боюнча эксперт Арсен Аскеров.
Анын айтымында, мындан он жыл мурдагыга салыштырмалуу тукумсуздук абдан эле өстү, ал бара-бара үй-бүлөлүк көйгөйгө айланууда. Аялдар арасындагы тукумсуздук үчкө бөлүнөт. Биринчиси, тукум куучулук проблемалары же болбосо турмуш курганга чейин эле төрөлгөндөн тартып жыныс бездеринин иштешинин бузулушу. Бул генетикалык ооруларга байланыштуу.
Учурда лабораториялык изилдөөлөр жогорку деңгээлде өнүккөндүктөн мунун себептерин аныктоого мүмкүнчүлүк бар. Бирок, бул багытта иштөөгө өтө чоң каражат талап кылынат. Экинчиси, жугуштуу оорулардан улам келип чыгууда. 1990-жылы союз жоюлуп, “сексуалдык революция” кулач жайып, медициналык кызматтын деңгээли төмөндөгөнүнө байланыштуу жугуштуу оорулар күч алган.Ошонун кесепетинен жатын түтүкчөлөрүнүн бүтөлүп калышы бул көйгөйдүн тереңдешине алып келген. Мамлекеттик эмес уюмдар иштеп жаткандыгына карабастан азыр деле жугуштуу оорулар олуттуу проблема катары калууда. Үчүнчүсү эндокринологиялык оорулардан улам пайда болгон тукумсуздук.
Жоогазын ыңкылабынын болгонуна жакын арада 5 жыл болот. Ал учурга чейин болгону 2 гана ай калды. 2005 жылдын 24 мартында болуп өткөн ал окуя азыркы учурда кыргызстандыктардын эсинен дагы чыгып кеткендей.
Жакынды эле Жогорку Кенештин акыркы пленардык жыйынында «Ак жол» фракциясынан депутат Кубанычбек Жолдошев Март революциясынын 5 жылдык юбилейин салтанаттуу белгилөө тууралуу ойлонууну сунуш кылды.
Президент Курманбек Бакиев өткөн жылдын 19-майында буйрукка кол койгон, ага ылайык, өкмөткө революциянын беш жылдыгына карата иш-чараларды уюштуруу жана аларды каржылоо милдети тагылган.
2006 жылы, ыңкылаптын бир жылдыгы болгондо көпчүлүк эл дагы эмне болоор экен деп күтүп келсе, азыр болсо, бул майрам унутулуп деле калды.
Аскар Акаевди кууп чыккан эл кайрадан эле анын түспөлүн кийген, Б тамгасынан башталган адамга туш болуп, бирок жыйынтык болбогондугунан, демократиялык баалуулуктарды коргоодон дагы алыстай башташты.
Фото Комсомолдук Правдага тиешелүү.
Кыргыз Улуттук Университетитинин Экономика жана каржы институтунун жетектеп келген Айылчы Сарыбаевдин экономикалык билим жана экономикалык адисттердин жетишсиздигин талкуулаган маеги Коомдук Рейтинг гезитине чыккан. Анын айткандарына толук бойдон кошулбасам дагы, кай бир учурларга чындап эле кқңүл буруу зарыл экендиги көрүнүп турат:
- Акыркы учурда экономисттердин көп болуп кеткендиги тууралуу сүйлөгөн чиновниктер өздөрү базар экономикасына жана коомдун талабына түшүнүшпөйт;
- Чиновниктердин жана депутаттардын мамлекетти башкаруу өнөрү гана эмес, базар экономикасынын негиздерине түшүнбөгөндүктөрү өлкөнү кедейчиликке алып келип, паракорлукту өстүрдү;
- Көпчүлүк адамдар өлкөдө экономисттердин көп болуп кеткендигин айтышат. Бирок, статистика тетириче маалымат берет. Экономика илимдеринин кандидаттарына жана докторлоруна болгон талап жыйынтыгына чыга албай жатат.
- Проректор, ректор жана кафедраны жетектөө орундарында элементардык экономикалык билими жоктор олтурушууда.
- Илимпоз экономисттердин эсептерине таянсак, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн ичинде болгону 68 илим докторлору даярдалган, алардын 23 азыркы учурда бул дүйнөдө жок; калган 33 докторлордун жашы 65-85 аралыгында. 5 миллиондон ашык калкка болгону 24 пенсияга чыга элек илимдердин докторлору бар.
Бир кездерде “жашыл шаар” деп суктанып келген Бишкек дүйнөдөгү эң кир шаарлардын катарына кошулду. Мындай иликтөөнү эл аралык “Нью-Йорк Сити Партнершип Консалтинг” компаниясы жүргүзгөн, – деп билдирет Азаттык. Бишкек мэриясы мындай жыйынтык менен макул эмес.
“Нью-Йорк Сити Партнершип Консалтинг” компаниясы иликтөө жүргүзүп, дүйнөдөгү таза жана кир шаарлардын тизмесин түзгөн. Анда абанын булганышы, суунун тазалыгы, таштандыларды кайра иштетүү жана жок кылуу жолдору, жугуштуу оорулардын деңгээли сыяктуу бир катар көрсөткүчтөр менен 30 шаар эң кир калаалардын катарына кирген. Бишкек шаарында таштандылар көп, тазалаш керек.
Бул тизмеде биринчилик Азербайжандын борбору Бакуга ыйгарылган. Ошондой эле Орусиянын борбор шаары Москва (12-орун), Аддис-Абеба (Эфиопия, 2-орун), Багдад (Ирак, 20-орун), Нью-Дели (Индия 21-орун), Алматы (Казакстан, 25-орун) жана башка шаарлар да эң кир калаалардын тизмесине кошулган. Мына ошолордун катарын 16-орунду ээлеп, Кыргызстандын ордо калаасы Бишкек толуктап турат.
Азыркы дүйнөлүк аэропорттор адамдарды текшерүүдө аларды дээрлик жылаңач кылып көрсөтчү аппараттарды колдонуу тажрыйбасына өтүштү. Бул демилгеге көптөгөн жеке эркиндикти колдогон адамдар каршы чыгышкан.
backscatter технологиясы боюнча биз эми ушинетип көрүнөбүз; фото: TSA
Миллиметрдик толкундар технологиясы адамдардын денесин дал ушундай көрсөтөт. Фото: TSA
Сиздер өзүңүздөрдүн денеңиздердин башка адамдарга ушинтип жылаңач көрүнүүсүн каалар белеңиз?
Кыргыз документалисттери XIX кылымдын белгилүү инсаны, алайлык кыргыздарынын башчысы Курманжан Датканын жашоо, ишмердүүлүгү тууралуу тасманы тартууга киришет. Бул туурасында Кинематография департаментинин деректири Абибилла Пазылов билдирет.
Анын айтымында, эгемендүүлүк тарыхында алгач жолу «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы “Алай ханшасы” тууралуу документалдык, андан соң көркөм тасма тартууга мамлекеттик буюртма алды. Жакынкы күндөрү тарыхчы, адабиятчы жана кинематографисттерден турган комиссия документалдык картинанын сценарийин жана коюучу-режиссерун бекитет. Белгилүү убакыттан соң, ошол эле курамдан турган комиссия мүчөлөрү көркөм тасманы тартууну уюштуруу маселесин чечет.
2010 жылдын 1 январы кыш айындагы эң чоң рекорддордун бири болуп, 16,4 градус Цельсия болгон. Кайрадан аба-ырайы күндөн-күнгө басаңдап, азыркы учурда 11 градуска чектелген.
Кыргызгидрометтин АКИpress’ке билдиргенине караганда, бул жылуу аба-ырайы шар-континенталдык климатка тиешелүү, жана бул нормадагы эле көрүнүш.
Today Jan 4th
Tuesday Jan 5th
Wednesday Jan 6th
Thursday Jan 7th
Friday Jan 8th
![]()
![]()
![]()
![]()
![]()
Mix of Sun and Cloud
Mix of Cloud and Sun
Mix of Cloud and Sun
Mostly Cloudy
Flurries
11°C
10°C1°C
8°C1°C
6°C-2°C
2°C-6°C





Акыркы пикирлер