Article Archive for Year 2010
(Фото: Азаттык)Кыргызстандын тарыхындагы эң ири сот процессии бүгүн Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда башталды. Ал жердин коопсуздукту, тартипти сактоо үчүн жүздөгөн милиционерлер курчап турушту, андан сырткары бир өрт өчүргөн машина, бир тез жардам машинасы этияттан баардык нерсеге даяр болуп турушту. Азимбек Бекназаровду айтымында, 7-апрелдеги кандуу окуяларга тиешеси бар делинип, күнөөлөнүп жаткандардын 28 нин ичинен 22сине сот өкүмү чыгарылат. Read the full story »
Үй-бүлө кургандан кийин, балалуу болгон соң ар бир адам баланын жакшы жашашы үчүн болгон аракетин жумшашы керек.
Кыргыздар айткандай ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт деп, аларды ара жолго таштоонун кереги жок. Канча кыйынчылык болбосун тууган, урук журт деген бар, тирүү ата-энеси туруп, жетим балдар үйүндө тарбияланышы акылга сыйбай турган нерсе.
Кыргызстанда жашаган сонун, саясатчылар эч зериктирбей, биринин артынан бири ар кандай шоу уюштуруп, элди алаксытып келишет. Ошондой шоумендердин бири Камчыбек Ташиев, өткөндө эле улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери үйүмө келип тополоң чыгарышып, мага кол салды деп ызы чуу чыгарды эле. Эми бул жолу элдин жүрөгүн түшүрүп, Данияр Усеновдун аялы парламенттен кетсин, болбосо мен «басып барбай коем» деп коркутуп аткан чагы.
Зергер буюмдар кимди гана болбосун кызыктырбай койбойт эмеспи. Мына ушул көз жоосун алган асемдер, өзгөчө акыркы убактарда улуттук стилдеги сөйкө-шакектер көбөйүп баратат, бул өзүбүздүн кыргыз модели кайрадан жанданып, башка моделдердин арасында өзгөчө орун ээлей баштаганын көрсөтөт.
Кыргызстанда, айрыкча айыл жергесинде арыкта аккан суусу да таза, ичкенге болот. Ал эми крандарды оңдоо зарыл, себеби суу жабылбай эртеден кечке күнү-түнү шаркырап аккан крандар толтура. Акыркы кездерде, аябай көп жерден байкадым, крандан аккан сууну биз ысырапкерчилик менен колдонуп жатабыз. Ушундай темп менен кетсек кийинки муунга эмнени калтырабыз? Барпы Алыкулов атабыз айткандай, «Суу сыйлаган зор болоор, суу кор кылган кор болоор». Келечек муун суусуз калбашы үчүн бүгүнтөн баштап, төмөндөгү эрежелер менен жашасаңыз, тонналаган таза сууну сактап калган болосуз.
Кыргызстандан кеткен эмгек мигранттарынын укуктук сабаттуулугунун төмөндүгүнөн, алардын мыйзамдуу укуктарын үйрөтүү маселелери жеткиликтүү деңгээлде уюшулбагандыктан, эң курч маселелерди жаратып жатат. Алар чет өлкөдө мыйзамсыз эмгектенип, тийиштүү органдардан каттоодон өтпөгөн жарандарыбыз укуктук жагынан катуу жапа чегип жатышат. Коңшу жайгашкан Казакстан менен Россия мамлекеттеринде мыйзамсыз жүргөн мигранттарыбыздын тагдыры эң биринчи өзүнө, үй-бүлө, ата-энесине жана мамлекетибиздин кадырына терс таасирин тийгизип жаткандыгы жан кейитет.Үйдөн жок, же Чүйдөн жок кырдаал эч кимди кубантпаса керек. Read the full story »
Кыргыздар атамзамандан бери эң меймандос экендиги жөнүндө көп айтылат. Анан да, эт жеген боюнча карышкырдан кийин турат деп калышат. Ата-бабабыздан калган салт, үрп-адаттар акыркы учурларда унутта калып бара жаткансыйт. Заман өзгөрүп, доор алмашкан сайын өзүбүздү заманбап адам катары көрсөткүбүз келгени жашыруун эмес. Улуу адамдардын “Жаштар эч нерсени билбей калды, кыргыз элинин нукура салттары ушинтип эле унутта калабы” деп кейиштүү айткан кептерин кулак сыртынан кетирип жатканыбыз анык. Конок келсе кой союп сыйлоо биздин ата-бабабыздан калган жакшы салттардын. Азыркы заманда акчаң болсо баары даяр, конок тосо турган болсоң мал базарга барып ошол эле жерден алган малыңды сойдуруп, жиликтетип, ал тургай ичеги-карынын жуудуруп алып келсең болот. Бирок эр жигиттин кой союп аны жиликтөөнү, эт бышырып табак тартууну билбегени уят.
Заманыбыз кандай болсо, ошого карап ушундай макалдар эл арасында жарала берет экен. Булардын көбү «Тамашоу» до айтылган.
Балыктар суусуз жашай албайт, кыргызстандыктар чуусуз жашай албайт. Read the full story »
Борбор Азиялык Эркин Базар Институту (CAFMI) «2010 Темплтондун сыйлыгы эркиндикдикти жылдырууда чеберчилик» премиясын студенттерди тартуудагы эӊ жакшы ыкма категориясында жеӊүүчү болду. Бул сыйлыкты башкарган Атлас Экономикалык Изилдөө Фонду CAFMIнин Жибек Жолун эркиндетүү демилгеси үчүн ыйгарды.
Демилге жаштарга негизги эркин коомдун идеяларын көрсөттү, жеке эркиндикке, эркин базарга жана мыйзамдын жогоруу турушуна өзгөчө көӊүл бурууга багытталган эле. Ага жумалаык мектептер, кинокөрсөтүүлөр, талкуулоо форумдары, анын ичинде ReCamp жана IdeaNight ишаракеттери кирген. Программа 2009 жылдын апрелинен 2010ж. июнга чейин өткөрүлүп, Кыргызстандын жана Таджикистандын эӊ чоӊ төрт шаарларында өтүп, 1500 ашуун жаш катышуучуларды тарткан.
Бул сыйлык CAFMIнин эң алгачкы алган эл аралык сыйлыгы, ошондуктан Темплтондун сыйлыгы абдан маанилүү болуп эсептелет. «Биз бул сыйлыкты алганыбыз үчүн абдан кубанычтабыз, мындан дагы көп сыйлыктарды алганга аракет кылып жатабыз», дейт CAFMIнин директору Мирсулжан Намазалиев.
«Азаттык» радиосунда бүгүн коомдогу көйгөйлөрдүн бири болгон, кыргызстандыктардын ашыкча той-ашка чачышкандыгы жөнундө талкуу болду. Талкууга жеке ишкер Анарбек Усупбаев, “Ата Журт” партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Ибрагим Жунусов Кыргызстан тамадалар ассоциациясынын төрагасы Эшенкул Барпиев катышышты. Аябай кызыктуу болду. Болжолдуу эсептөөлөргө караганда жылына кыргызстандыктар ар кандай шаан-шөкөт, той-тамаша, сөөк узатуу зыйнатына 2 миллиард ашуун доллар сарпташат. Жакшылыкка да, жамандыкка да ашыкча эле ысырапкерчилик болуп жатканы байкалат.
Жакында борборубуздагы Панфилов паркына барып, ал жердеги эң чоң айлампага (чертовое колесо) отуруп, шаар көрктүү болуп кооз имараттар көбөйгонүн байкадым. Эң чокусуна жеткенде шаарыбызда аябай көптөгөн курулуш иштери жүрүп жатканын көрдүм. Чынында, акыркы беш жылдын ичинде, саясий-экономикалык абалга карабай, көп кабатуу «элитный» үйлөр жайнап козу карындай көбөйдү. Мындай жагдай бир жагынан кубантса, экинчи жагынан ойлондурат. Ошол курулуштар сапатуубу?
Балага коюлган ысым жашоосуна чоң таасир тийгизери эчак эле далилденген. Байыртадан эле элибизде наристеге ысым ыйгарууга чоң маани баришкен. Ал эми азырчы? Жакында өзүм кыздуу болуп, ат тандоо аябай талкуудан өтүп, кеңешип отуруп, акыры Акбермет деген ысымга чоң энеси токтолду. Төрөт үйүндө болгонумда, эмнегедир быйыл айрыкча, нукура кыргызча аттарды койгон модага айланганын байкадым. Алардын ичинде, Сайкал, Жибек, Манас, Эрболот, Жаңылмырза, Даткайым жана башка ушул сыяктуулар.
Жакында тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Мурзакметов Абдымиталиптин Боз үйдүн керемети жөнүндө жазганын окуп, сиздер менен кыскача бөлүшкүм келди.






Акыркы пикирлер