Article Archive for Year 2012
Кечээ күнү чыгарган фоторепортаждан кийин, кичине видеотрейлер дагы чыгарууну туура көрдүм. Анда эмесе, ObbO брендинин кышкы коллекциясынын көрсөтмөсүнөн кыскача баяндама:
ObbO’нун негиздөөчүсү Сумсарбек Мамыралиевдин чакыруусу менен, ал бренддин кышкы коллекциясынын көрсөтмөсүнө барып келдим. Бул менин биринчи жолу fashion show’го барып жаткандыгым, андыктан мен көп деле нерсе биле бербейм.
Бирок, бул көрсөтмөнүн эң кызыктуу жагы, модельдердин ролун белгилүү жаш айымдар аткарды. Алардын арасында Азаттыктын кабарчысы Аида Касымалиева, Ээнсиреген Үйдүн актрисасы Марал Койчукараева, жаңыдан калыпталып, бирок көп нерсени үмүттөнткөн ырчы Гүлзада Рыскулова жана башкалар болушту.
Көп сүйлөбөй, сүрөттөрдү бул жерге илейин
Кыргызстандагы маданиятка болгон кызыгуунун өскөнүнөнбү, же маданий демилгелери көбөйгөндүгүнөнбү, айтор өлкөбүздө жаңы маданиятка арналган, орус тилиндеги Cultura аттуу журнал чыгып баштады.
Журналды барактап көрсөңүз, анын ичинде Сейтек Мухтаровдун белгилүү опера ырчысы Кристоф-Маттиас Мюллер менен болгон маегин окуйсуз, же болбосо андан артта калбаган Дина Кимдин Lady Gaga сүйгөн, дүйнө жылдыздарды тандап келген Alexander McQueen мода үйүндө иштеп кеткен Кыргызстандык Айдай Шаршекеева менен болгон баарлашууга күбө болосуз.
Журналдын 1000 тираждык алгачкы басмасы бекер таратылды. Башкы редактору Наристе Алиеванын айтымында, анын вебсайты бир жуманын ичинде жарык көрөт.
“Кыргызстан–кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” аттуу кинофестивалга КМШ, Балтия, Грузия аттуу 11 өлкөдөн киноишмерлери катышат. Алар бул эл аралык сынакка 100дөн ашык фильмдердин арасынан жогорку деңгээлин жана көп сандуулугун эске алуу менен, алардын ичинен кинофестивалдын талаптарына жооп берген кыска метраждуу тасмалар тандалып алынган.
Кинофильмдердин арасында төмөнкүлөр бар:
“Акварель” – Елена Друм (Россия), “Арбуз” – Тато Котеишвили(Грузия), “В траве сидел кузнечик” – Елена Алексане (Беларусь), «Вспомни. Осознай» – Артур Завгородний (Латвия), «Дистанция» – Янно Юргенс, (Эстония), «Лом» – Вероника Иванова (Украина – Россия), «Маяк» – Фариз Ахмедов, (Азербайджан), «Отражение» – Алмат Жаксылык (Казахстан), «Пруд» – Абдухалил Мигнаров (Өзбекстан), «Среда обитания» – Гарик Машкорян (Армения), «Телегейи тегиз» («Благодать») – Дальмира Тилепбергенова (Кыргызстан).
Жакында эле белгилүү режиссер Замир Эралиевдин интервьюсун окуган элем, анда ал кыска-метраждуу фильмдердин өлкөсү аттуу чакырыкка төмөнкүдөй жооп берген эле:
- Кыргызстанды – туризм өлкөсү, Санта Клаустар өлкөсү, таза суулар өлкөсү, таза колдор өлкөсү, демократия өлкөсү дешти. Эми кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү деп жатышат. Айтса айтышсын, эми ушулар жөн эле сөз болуп калбасын. Грузия 1960-70-жылдардын ичинде чынында кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү катары атагы чыккан. Алардын кыска фильмдери дүйнөгө көрсөтүлүп, тарап кеткен. Алардын эң эле белгилүүсү “Кувшин” , “Свадьба” болчу. Алар азыр да ОРТдан кээде көрсөтүлүп калат.
Кыргыз киносу кереметке айланып жаткан кезде кыска метраждуу фильмдер бизде деле бар болчу. Мисалы, “Кумдагы хансарайлар” фильмин шедевр десек болот. Азыр эми кесиптештерим айткандай, кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү боло алабызбы? Бул кыйын нерсе. Мен мисалы, акыркы жылдарда тартылган кыска метраждуу мыкты фильмди көрө элекмин.
Эми, чындап эле иш жүзүндө көрсөтө алгыдай болсок, сөз түрүндө калып калса, анда жыйынтык чыкпай калат го. Ал эми уюштуруучуларга биз албан ийгиликтерди каалайбыз!
Маданият тармагындагы бүгүнкү жакшы кабар болуп, кыргыз ала кийиздери жана шырдактары ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилгендиги болду.
Франциянын борбору болгон Париж шаарында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча комитетинин жыйынынды Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков жетектеп барган кыргызстандык делегация учурда катышууда.
Айтылган маалыматтарга караганда, «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун каттоодон өткөрүү 2013 жылы каралат, ал эми бул жылкы жетишкендик бул ала кийиздер менен шырдактардын дүйнөлүк маданий мурас болуп калгандыгында болду.
КМШдагы Айтматов күндөрү
Санкт-Петербургда Чыңгыз Айтматовду Путин баш болуп эскерди…
22-23-ноябрда, Санкт-Петербург шаарындагы Таврикалык сарайда “Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Аталган конференцияга Санкт-Петербург шаарында парламентчилер, окумуштуулар, журналисттер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, бизден спикер Асылбек Жээнбеков, депутаттар Каныбек Иманалиев, Абдырахман Маматалиев, Абдимуталип Кочкорбаев, Эсенгул Исаков, Токтокүчүк Мамытов, Акылбек Эшимов, Жылдызкан Жолдошова, Карганбек Самаков, Максат Сабиров, Бахтияр Кадыров, Талантбек Узакбаев, белгилүү окумуштуулар О.Ибраимов, З.Дербишева, Ж.Бакашева, Х.Шамбеталиева, жазуучунун карындашы Р.Айтматова жана Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышышты.
“Эки өлкөнүн маданияттарын жакындатууга жана байытууга өзүнүн зор таасирин тийгизди”
Аталган форумда эки өлкөнүн президенттери – Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин кайрылуулары окулду. Ал кайрылууда Владимир Путин: “Чыңгыз Айтматовдун өтө бай адабий жана идеялык мурастарына кайрадан кайрылууга укмуштай бир мүмкүнчүлүк. Эл аралык конференция Шериктештиктин коомдук жана маданий турмушундагы жаркын жана адаттан тыш окуя болуу менен, анын мүчө-мамлекеттеринин көп багыттуу өз ара алакасын бекемдөөгө жана байытууга кызмат кыла тургандыгына ишенем”,-десе, биздин ажо Алмазбек Атамбаев: “Бир тууган Россиядагы КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумунун алкагында кыргыздын улуу жазуучусу жана замандын залкар ойчулу Чыңгыз Айтматовго арналган эл аралык форумдун өтүп жатышы символикалуу көрүнүш. Жазуучунун чыгармачылык кош тилдүүлүгүнөн улам, ал биздин элдердин маданияттарын жакындатууга жана байытууга өзүнүн зор таасирин тийгизди. Чыңгыз Айтматовдун мурастарынын сейрек кездешүүчү көп кырдуулугу кыргыз элинин гана эмес, жалпы адамзаттын баалуулугу болуп калды. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгында чагылдырылган биздин элдердин жалпы руханий байлыгы, биздин бирдиктүү тарыхыбыз жана маданиятыбыз Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык бирлигинин бекем пайдубалы болуп саналат. Бул форумдун иши биздин өз ара алкабызды байытып, кыргыз-орус мамилелериндеги жаңы, кызыктуу жана келечектүү демилгелерге зор түрткү бере тургандыгына ишенем”,-деген.
Орустар Чыңгыз Айтматовду Иисус Христоско теўешти
Кыргыз парламентинин демилгеси менен КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын колдоосу астында өткөн конференциянын биринчи күнү Россиянын улуттук китепканасында «Чыңгыз Айтматовдун жери» аттуу фотокөргөзмө жана «Ч. Т. Айтматов Россиянын улуттук китепканасынын фондусунда» аттуу китеп көргөзмөсү менен башталып, конференцияны Жогорку Кеңештин Эл аралык комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев ачты. Катышуучуларга РФнын Федералдык жыйынынын Федералдык Кеңешинин төрайымы В. Матвиенконун, Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы К.Маминин жана Санкт-Петербурдун губернатору Г.Полтавченконун кайрылуулары окулду. Орусия Федералдык жыйынынын депутаты Е.Г.Тарло, казак парламентинин депутаты Б.Жылкышиевдер улуу жазуучу тууралуу сүйлөштү. Алардын ар бири Айтматовдун жазуучулук, инсандык жана атуулдук тагдырынын улуулугун, өлкөлөр аралык ынтымакты бекемдөөгө жумшаган мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлүгүнүн маңызын белгилеп, чыгармалары жалпы адамзатка буйруган көөнөргүс дөөлөт экендигин айтышкан.
Тажик академиги М.Илолов, Молдова депутаты К.Лучинский, орус жазуучусу В.Новичков жана “Невский альманах” журналынын баш редактору В.Скворцов сүйлөп, “Ч.Айтматов дүйнөгө тийгизген таасири жагынан экинчи Иисус Христос болду” дегенде залдагылар дуу кол чабышты.
30 миң доллар сыйлык
Конференция менен бир күндө – 22-ноябрда өткөн КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин жыйынында Жогорку Кеңештин сунушу менен бул Ассамблеянын Ч.Айтматов атындагы 30 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлыгын бекитүү тууралуу токтом кабыл алынып, Айтматов сыйлыгы дүйнөдө Нобель сыйлыгынан кийинки эле көлөмдүү сыйлык болуп калды. Айтматов сыйлыгы залкардын туулган күнүнө карата 2013-жылдан тартып жылына бир ирет КМШ аймагынан чыккан чыгармачыл инсанга ыйгарылып турмакчы. 30 миң доллар каражат Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан бөлүнөт. Бул сыйлык КМШ мамлекеттеринин жападан жалгыз сыйлыгы.
Айтматов айкели. Көз жаш. Узакка созулган кол чабуу.
Конференциянын экинчи күнү Айтматовдун айкелинин ачылышы менен башталып, анда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана РФ Федералдык Жыйындын Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко сөз сүйлөп, Айтматов форуму КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын колдоосунда өтүп жаткандыгы символикалуу, себеби Жазуучу өлкөлөр, улуттар аралык интеграциянын, ынтымактын айныгыс тарапкери болуп келгендигин белгилешти. Ушул эле залда Кыргыз эл сүрөтчүсү Ю.Шыгаев менен Питерде жашаган кыргызстандык сүрөтчү Т.Жумабаевдин улуу жазуучуга арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Спикерлер А.Жээнбеков (Кыргызстан), В. Матвиенко (Россия), Ш. Зухуров (Тажикстан), Казак парламентинин спикеринин орун басары К.Джакупов, Роза Айтматова, Баку университетинин профессору Л.Герайзаде, Россиянын улуттук китепканасынын генералдык директору А.Лихоманов, Россиянын Жазуучулар союзунун мүчөсү Г.Ионин, Жогорку Кеңештин Эл аралык комитетинин төрагасы К.Иманалиев улуу жазуучунун талантына дагы бир ирет таазим кылышып, мазмундуу баяндама жасашты. Конференция жүрүшүндө “Белые сны по дороге домой” аттуу даректүү фильмден үзүндү көрсөтүлдү. Андагы Жазуучунун айткандары анын адамзатка калтырып кеткен керээзиндей кабыл алынып, көптөрдүн көзүнө жаш тегеренип, узак убакытка созулган кол чабуулар менен коштолду. Бул көз ирмемдер ар бир Айтматов сүйүүчүнүн анын элесине, талантына терең таазим кылгандыгы менен таасирдүү болду.
Соңунда
“Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу” аттуу эки күндүк эл аралык конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда КМШ өлкөлөрүнө орто билим берүү стандарттарынын компоненттерине Ч.Айтматовдун чыгармаларын киргизүү сунушталды. Мындан сырткары, КМШ ПААга КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттери менен өкмөттөрүнө Ч.Айтматовдун чыгармачылык мурастарын окутууга жана жайылтууга багытталган ар жылдык тематикалык иш-чараларды өткөрүү жагын караштыруу маселеси боюнча кайрылуу жасоо сунушу кабыл алынды. Питердик жазуучу Д.Кузнецов бул күндү «Жылдын эң бараандуу окуясы» деп атады. Ошентип аалам жазуучусу Чыўгыз Айтматовдун экинчи өмүрү – руханий жашоосу жер кезип, уланууда.
Даярдаган Салима САЛИЕВА
Чыр
Ибрагим Жунусов менен Муратбек Бегалиев эмнеге тирешїїдє?
Маданият жана туризм министрлиги дирижер, композитор Калый Молдобасановдун ысымын Улуттук консерваторияга ыйгаруу тууралуу өкмөттїн токтомун аталган окуу жайдын жамаатына расмий жарыялады. Бирок аны окуу жай жетекчиси Муратбек Бегалиев жамааты менен кабыл албай, Саякбай Каралаевдин ысымы берилсин, маданият министри жумуштан кетсин дегенге чейин барышууда.
«Саякбай Каралаевдин атын сурап жатышат…»
Аталган окуу жайдын жамааты токтомду кандай кабыл алганын Кудайберген Базарбаев мындайча айтты: «Бизди Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев, проректорлор, декандар болуп 18 киши тосуп алды. Токтомду угуп, Калый Молдобасановдун жеке өзүн да, кыргыз искусствосуна сиңирген эмгегин да баалайбыз, бирок Саякбай Каралаевдин атын берсеўер туура болмок дешти. Биз єз жїйєлєрїбїздї келтирдик, алар баары бир єз пикирлеринде калышты».
«Муратбек Бегалиевдики туура эмес»
Учурунда мыкты маданият министри болгон Кыргыз Эл Баатыры Кїлїйпа Кондучалованын оюн сурасак, 90 жаштагы апабыз Муратбек Бегалиевге нааразы экен. «Муратбек Бегалиевдин Саякбай Каралаевдин атын бергиле деп жатканын окуу жайга єзїнїн атын бердиртїї аракети деп эсептейм. Бул залкар инсанды сыйлайм, бирок Улуттук консерваторияга анын ысымын берїї туура эмес болот. Калый Молдобасанов туптуура тандалган. Ал киши буга татыктуу. Андыктан мен єкмєттїн токтомун колдойм».
«Муратбек Бегалиев єзїнїн атын бердирїї їчїн далбастап атат»
Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев мындай дейт: «Бул маселе алты жыл мурун, Бакиевдин бийлиги учурунда эле кєтєрїлгєн. Курманбек Бакиевге улуу инсандар Кїлїйпа Кондучалова, Насыр Давлесов, Сабира Кїмїшалиева, Мирсаид Миррахимов, Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, Улан Сарбагышов Улуттук консерваторияга Калый Молдобасановдун ысымын берели деп кат жазып жєнєтїшсє, ал жоопсуз калган. Кєрсє, Муратбек Бегалиев токтотуп койгон экен. Андан кийинки тєўкєрїш, башка саясий окуялардан улам бул маселе каралбай келген. Эми убагы келип чечилгенде Муратбек Бегалиев каршы чыгып атат. Тєрт мєєнєткє отуруп калгангабы, айтор Улуттук консерваторияны менчигиндей кєрїп алды. Эми кєз каранды болуп кол астында иштеп жаткан эмгек жамаатын кєтєрїп жатат. Алар кєшєгє артында туура эмес кылды деп эле жатат. «Мен эле мен, мен ремонт кылдым, жасадым, кооздодум» дейт. Єз чєнтєгїнєн чыгаргандай сїйлєйт. Ремонт Роза Отунбаеванын убагында єкмєт, демєєрчїлєр бєлгєн 25 млн. сомго кылынган. Саякбай Каралаевди калп эле оозанып, єзїнїн атын бердирїї їчїн далбастап жатат».
«Туура эмес кадамы їчїн Ибрагим Жунусов кызматтан кетиши керек»
Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев Калый Молдобасановдун ысымын берїїгє каршы эмесин, ал кишинин аброюна шек келтирейин деген ою жоктугун айтат. «Ал кишини эч ким карабай калганда биз чоў жардам бергенбиз. Бир учурда Композиторлор союзунун учурдагы жетекчиси Турдубек Чокиев баш болгон бир топ адам Калый Молдобасановду гезиттерге жамандап жазып отуруп аталган союздан кууп чыгышкан. Ошондо ал кишини консерваторияга алып келгем. Муну айтпайын дедим эле, айтканга мажбур болуп турам. Дагы бир маселе, учурунда Калый Молдобасанов Кыргызстанга консерваториянын кереги жок деп каршы чыккандардын ичинде болгон. Бул факт, аны баары билет. Келерки жылы Улуттук консерваториянын түзүлгөнүнө 20 жыл болот. Ошонун урматына Манасты Манас кылып дүйнөгө тааныткан Саякбай атанын атын берели деп сунуш кылып келебиз. Аны четке кагып койгондоруна жамааттын ичи ачышып жатат. Министр Ибрагим Жунусовдун бул кылганы туура эмес. Акты ак, караны кара дебеген бул министр кызматтан кетип, калыс адамдын келишин талап кылабыз».
Салима Салиева
“Мен сүйгөн карагат”, “Асел” аттуу тасманын режиссеру Руслан Машрапов “Мен – бул сен” аттуу кыргыз-кореялык тасманы тартууга киришти. Руслан мырза менен баарлашып, андан көп кызыкты уктук.
Neweurasia: Руслан мырза, кыргыз-корея тасманы тартып жатыпсыз, анда каржылоо жагынан корейлер жардам беришет да ээ?
- Ал жагын толугу менен продюсерибиз Талант Үсөнов мойнуна алган. “Демилге продакшн” студиясы менен менин “Томирисфильмим” чогуу “Мен – бул сен” деген аталыштагы кыргыз-кореялык тасманы тартууга кириштик. Анын жарымы бул жакта, жарымы Кореяда тартылат. Көлдөн, Оштон, Сулайман Тоодон, Өзгөндөн тарттык. Жыйырма пайызы тартылды. План боюнча декабрдын баштарына бүтүшүбүз керек. Жаңы жылда Кудай буюрса экранга чыгып калат. Фильмдин бюджети чынын айтканда абдан эле чоң суммага чыгып кетти. Он, он беш күн ичинде Сеулга сапар тартканы турабыз, кеминде он киши барабыз. Жол кире эле оңой акча болбойт. Операторлукту да, режиссерлук жумушту да мен өзүм аткарып атам. Үйгө бир жумада бир келсем келем, болбосо талаалап эле жүрөм. Мунун ортосунда Акыйкатчынын он жылдыгына карата бир документалдык фильм тартып бердим. Рекламалык роликтерге, клиптерге да заказдар бар. Ушул жайда абдан жемиштүү иштедим десем болот. Түрктөр менен биргелешкен бир фильмибиз тартылып бүттү. Азыр монтаждап, бет ачарына даярданып атабыз.
Neweurasia: Эмне үчүн Кореяда тартылат?
- Биз бул долбоорду баштаганда Кореядан продюсер кошулган болчу. Идеянын жарымын ошол киши берди. “Гүл жигиттер” (Цветочки после ягод) аттуу кореялык фильминдеги Гу Жун Пёнун ролун аткарган Ли Мин Хо аттуу актер бар эмеспи, Корея тараптан кылмышкерди издеген Интерполдун агентинин ролун ошол жигит аткармай болду. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Биз жактан болсо, чоң кастингден өткөн Эржан аттуу жаш жигит ойнойт. Андан башка Шайыр Касымалиева, Жамийла Сыдыкова, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Марат Амираев ойнойт. Башкы каарманыбыз Айгерим аттуу татынакай студент кыз. Моделдик агентстводо да иштейт. Костюм жагын белгилүү модельер Замира Молдошева даярдап берди. Мыкты команда топтолду десем болот.
Neweurasia: Фильм эмне жөнүндө?
- Азыркы күндөгү аябай актуалдуу темалардын бири –адам органдарын жашыруун трансплантациялоо тууралуу. Акыркы убактарда байкасаңыз телевизордон бөйрөк алмаштырат элем, боор керек деген кулактандыруулар байма-бай чыгып жатат. Ошого катар эле аябай көп адамдар дайынсыз жоголот. Анан биз ушул проблеманы кино кылып тартсакпы деген ой менен сценарий даярдадык. Фильмдин кыскача сюжети мындай: кичинекей бала менен кыз тырмактай кезден чогуу ойноп, чогуу чоңоюп, кийин шаарга келген соң бири-бирин таппай калышат. Кыз мыкты медик жигит менен таанышып, экөө жакшы мамиледе болуп кетишет. Медик коомго аябай жакшылык кылган боорукер киши сыяктуу көрүнөт. Көчөдө кароосуз калган кишилерди топтоп, дарылайт. Көрсө, ал ошол соопчулук деген шылтоо менен артында сурап, издеп алаары жок кишилерди издечү экен. Кыз да анын торуна чалынып, аз жерден бир бөйрөгүнөн ажырап калаарда жанагы бала кездеги досу (азыр тергөөчү болуп иштеп аткан болот) куткарып калат.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА, Neweurasia.net/Kyrgyzstan
«Кыргыздардын канында 63% европеоиддик ген бар экендиги аныкталды»,-деген сенсациялык ачылышты, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров ММКларда жарыялады. Read the full story »
«Адам өмүрүндө кайсы китептерди сөзсүз окуп чыгышы керек?» деген сурамжылоонун негизинде, Баракелде маалымат сайты , 1000 кыргыз тилдүү окурмандардын тандоосундагы 20 китепти тандап жыйынтыгын чыгарды. Read the full story »
Тарыхый инсандын басып өткөн жолун толук метраждуу тасма кылып тартуу демилгесин «Айтышфильм» студиясы жана Садык Шер Нияз колго алган. Мамлекет да кайдыгер карабай 40 млн. сом бөлүп берген эле. Ооз толо айтылганы менен бул сумма кинонун чыгымынын жарымын гана жаба алат. Датка тууралуу кино тартуу 76 млн. сом талап кылууда. Чыгармачыл топ болгон күч-аракетин жумшап, кино тартуу 15-июлда башталганы турат. «Курманжан даткадан» эл чоң үмүт кылып турган кези. Бул үмүттөр акталабы-жокпу, жыйынтыгына жарым жылдан кийин күбө болобуз. Ага чейин кино тартуу иштерине болгон даярдыктар жөнүндө тасманын продюсери Фархат Бекмамбетов «Жаӊы Агым» гезитине төмөндөгүлөрдү айтып берген:
.
Кытайлар кыргыз калпагын синтепондон жасап жатышат
Ак калпак кыргыздардын улуттук баш кийими, өзгөчө орун ээлеген, элибиздин эзелтеден жамандык-жакшылык күндөрү ак калпагын башынан түшүрбөй кийип, мамлекетке, мейли, үйүбүзгө келген коноктун башына ак калпак кийгизип узатуу салтка айланган. Акыркы кездерде кыргыздын ууздары жасаган калпак азайып, синтетикадан Кытайда тигилген калпактар каптап кетти. Калпактын түрлөрү, анын баасы, сапатуу калпакты айрымалоо боюнча бул макаладан окуса болот.
Мультфильм-бул социалдык мааниси чоӊ, тарбиялык мааниси тереӊ телеберүү болуп эсептелет. Бөбөктөр мультфильмдер аркылуу ак менен каранын, жакшылык менен жамандыкты, адамдар менен болгон мамиленин түрлөрүн айрымалоону үйрөнүшөт. Биз, улуулар сөз менен жеткиликтүү түшүндүрө албаган жашоодогу ар кандай көрүнүштөрдү мотурайган бөбөктөр мультфильм аркылуу түшүнүп кабыл алышат. Ошондуктан, балдарга мультфильмди да тандап, караштырып анан көрсөтүү зарыл деп ойлойм.
Кандай гана сын пикирлерди айтсак дагы, эсил кайран СССР убагында мультфильмди экранга чыгаруудан мурун цензурадан дыккат текшерилип, анан өткөрүлгөн. Мисалы, биз сүйүп көргөн «Сениби шашпа!» («Ну погоди!») мультфильминин 17 чи сериясынан кийинкисин көрсөтүүнү тыю салышкан. Себеби, андагы карман карышкыр тамеки тартып, арак ичип баштаган. Муну көргөн бөбөк, арак ичүү, тамеки чегүү нормалдуу көрүнүш катары кабыл алып, ал тургай, анны туурап көрүүсү да толук мүмкүн.
Азыркы учурду алсак, заманыбызга жараша, түрдүү түмөн мультфильмдер көрсөтүлүүдө. Алардын көбү менимче, бөбөктүн психологиясына доо кетире турган, мыкаачылыкка үндөгөн мультфильмдер. Мисалы «Шрек» мульфильминде Фионаны көргөн кыздар, аа демек мен эркектен кем эмес күчтүү болуп, мушташып жүрсөм болот экен деп ойлоп калышы мүмкүн. Кыз деген табиятынан назик болуусу керек. Мультфильмдеги эпизоддордо Фионанын мушташканы, чымчыкты жалпайда чапкандарын көрүүгө болот. Азыркы мультфильмдерги кыздардын образына тигиле карап көрсөн, аялзатка тиешелүү наздануу, назиктик, уялчаактык, тазалык такыр көрүнбөйт, анын ордуна баарыбыз жакшы түшүнгөн «стерва» кыздарды даӊазалайт. Мисалы, мектеп окуучуларынын арасында популярдуу «Bratz» мульфилими. Мектепте окуган кыздар, окуну экинчи планга жылдырып, батыраак чоӊоюп, мультфильмдеги кыздардай койкоӊдоп жүргөндү самашат. Менин жеке оюмда, мунун бары мультфильмдин тарбиясы.
Мени да, эки кыздын энеси катары, бул нерсе ойлондурат. Ошондуктан, урматуу ата-энелер, агалар эжелер, бөбөктөрүбүздү тура эмес терс көрүнүштөрдөн сактайлы. Тарбиялык, эстетикалык мааниси тереӊ мультфилмдер да жок эмес. Мисалы, Улуттук каналда көрсөтүлүп жаткан «Керемет көч».
Бул телеберүүнүн менеджери Туребекова Назира жаралуу тарыхынан мындай дейт:
– «Керемет көч» анимациялык берүүсү алгачкы жолу 2006-жылы 14-ноябрда эфирге чыккан. Мына ошол күндөн тарта эле бул телеберүү бөбөктөрдүн жүрөгүнөн орун таба алды. Алгач эфирге чыга баштаганда окурмандардан күнүнө 20дан ашык кат келчү. Ал каттардын көбү бизден жардам сурап, мисалы, «апамдын сүйүктүү чынысын сындырып алдым, эмне кылсам болот?» деген мааниде эле. Кээ бирлерине эфирден берген жомокторубуз аркылуу жооп берсек, кээ бирлерине отуруп алып кат жазчубуз. Биздин көрүүчүлөрүбүздүн негизги бөлүгүн алыскы аймактардагы бөбөктөр түзөт. Кээ бирлери «мага Актанды, Акылайды чакырып койгулачы?!» деп чалышат экен.
Бөбөктөр сүйгөн «Керемет көч» анимациялык фильми Улуттук телевидениенин балдар үчүн телеберүүсү, «Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду» (ЮНИСЕФ), «Сорос- Кыргызстан», «Ага-Хан»фонду, КРнын Президенттик администрациясынын алдындагы Балдарды өнүктүрүү долбоорунун колдоолору менен эфирге чыгат.































Акыркы пикирлер