> Долбоор боюнча маалымат
Neweurasia – бул Борбордук Азиянын ишкердүү жаштарынын макалаларды жазып, аларды башкарууга бет алган веблогдордун коомчулугу.
Neweurasia долбоорунда көптөгөн адамдар бар, бирок баарын бир максат бириктирет: дүйнө жүзүңдөгү жаш кызыкдар болгон адамдардын Борбордук Азияда болуп жаткан окуялары боюнча үнүн угуу тилегинде даярдалган мейкиндик.
Макала, аналитика жана комментарийлерди алгачкы ооздон таркатуу аянты катары биз бул тарыхый кызык жана түрдүү окуяларга жана маданиятка бай регион жөнүндө, биздин күндөгү анын экономикалык потенциалы жана дүйнөлүк саясаттагы өсүп бара жаткан жаңы ролунун көңүлгө алынбай жаткан бул алкак тууралуу биз асмандагы нурдай жарык таштоого умтулабыз.
Иш-аракет
Биздин долбоор уникалдык формага ээ: биз азыркы болуп жаткан окуяларга жана керектүү өзгөрүүлөргө (мисалга алсак: Азербайжандагы парламенттик шайлоо, Армениядагы конституциялык реформа, же болбосо Кыргызстандагы ыңкылап) толук анализибизди берүү менен, башка элдерди Борбордук Азия аймактарында болуп жаткан эң керектүү маалыматтар менен камсыздайбыз.
Көп тилдүү
Биздин авторлор англис, немис, француз, итальян, орус, өзбек, казак, кыргыз, фарси, азербайжан, армян жана кытай тилдеринде суйлөшөт. Бул аспект азыркы учурда борбордук азия элдеринин нукуру тилинде чыга баштаган блог-беттеринде өзүн көрсөтүүдө.
Эксперттер
Ар-кыл тажрыйбага ээ адамдар биздин блогдо макала жана комментарий жазып турушат, алардын ичинде: гуманитардык уюмдардын ишкерлери, студенттер, эларалык изилдөө борборлорунун аналитиктери, элчиликтердин ишкерлери. Neweurasia – алкактын татаал чындыктары менен кызыккан ар-кыл адамдар ортосунда тажрыйба алмашууга жана дискуссия алып барууга болгон идеалдык орун.
Биз блоггерлерди издейбиз
Эгер сиз Борбордук Азия аймагын изилдөөгө кызыкдар болсоңуз, анда, биздин жаш өнүгүп келе жаткан долбоорубузга кошулуңуз. Өз ойуңузду neweurasia беттеринде сиз билген тилде жарыялап, тажрыйба бөлүшүп, биздин блогдорубузду редактордук элекке салууга жардам берип, жана биздин макалаларды рекламалоого жана таркатууга жардам бере аласыз.
Neweurasia блогунун Кыргыз тилиндеги блогуна да жардам көрсөтсөңүз биздин окурмандарыбыз үчүн абдан зор жардам болоор эле деген ишенимдебиз.
Кызыктыңызбы?
Анда, mirsulzhan@neweurasia.net дарегине кат жөнөтүп, биз менен байланышыныз.
Акыркы пикирлер