Neweurasia - Kyrgyzstan » Шайлообек Дуйшеев

БӨТӨНЗОРДУК | Бөтөнгөндүгүбүз бөтөндөлгөн
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эларалык сыйлыктын лауреаты. Дүйшеев агайдан бүгүн “Бөтөнзордук” аттуу ыр саптар менен коштолгон макаласынын биринчи бөлүгүн чыгарып жатабыз.

Адам сыягы барларыңды айбанга айлантып, акыл-эстүүлөрүндү жолго жолотпой ыргыштап, бар байлыгыңды жалаң дүнүйөкор ач көздөргө жулуп берип, жейин, ичейин, жутайын, мен гана болоюн, менин бала-чакам, туугандарым гана болсун, менден кийин эмне болсо ошол болсун деп, өзүңдөн бойлууларыңды өз-жатка бөлө тартып, басса басынтып, турса тушап, жүрсө жүдөтүп, тиктесе тизеге чаап…Бийлериң менен бектериңе баш көтөрүп кылапат айтканга жарабаганыңа, тегизиңин келки болгонуна, эгизиңин телки болгонуна, ээгиңин буркуйганына, ээриңин кыйшыйганына, булагыңын булганганына, жериңин уурдалганына, кабыргаңын эзилгенине, каалгаңын бекилгенине, тытылганыңа, жүдөгөнүңө, чачылганыңа, түктүүнүн бутун жалаган Жеркарамалыгыңа, күчтүүнүн күлүн чыгарган Күнкарамалыгыңа кейийм!.. Ушунун баарын көрүп, билип туруп ЖЫРТЫГЫҢЫН ТЕШИГИҢЕ, ТЕШИГИҢИН ЖЫРТЫГЫҢА күлүп турганына кейийм!х х хДарак чирип жок болордо кайсыл тамыры кантип соолуп баратканын сезбей калат деген ушулбу? Бул өңдүү бутак-тамырларыбыздын буга чейин канчасы кыйрап, канчасы кыркылып жок болду?Үй-жайсыз балдардын өзүнчө бир үйүр-тобу келатат келечекке… Таштанды күрмө жыттанып, түрмө жыттанып…Кейпи начар, кийими ала-дүлөк,Керзи өтүгү өзүндөй кара жүдөөк.Тачка сүйрөп, жан багып таңдани кечке,Ош базарда бир жетим бала жүрөт.Каргадайдан башына токмок салган,Каректерин карадым кош-кош жанган.Каректерин карасам от айланбай,Чоң кишинин көзүндөй токтоп калган.Жеңи менен мурунун сүртүп алып,Желип барат жүгүн ал түртүп алып.Кесел болгон кемпирдей туралбастанЖерде жатты жетимге тийчү жарык.Кап көтөрүп карааны караңдаган,Кабагынан баланын салаңдаган.Ата Журтум бечара сени көрдүм,Ала качып көздөрүн алаңдаган.Билем кыргыз баласы экендигин,Тилеп турдум Кудайдан эсендигин.Жалгыз ушул баланын тачкасындаКелаткансыйт сүйрөлүп Мекен бүгүн…х х хКөрсө көр дүйнө ушундай экен да, Абыке–Көбөш көбөйгөн элде Манас азаят экен да. Кошомат көбөйгон элде Азамат азаят экен да. Айчүрөктүн ордун адам албагырлар, Курманжандын ордун кудай албагырлар басат экен да!Кечирип кой, бир кездеги Улуу Кыргыз урпагы!Бир кездеги көкжал Манас тукуму!Мен сени жаманатты кылайын деген кымындай оюм болсо, карегим аягыңа коргошундай агып түшсүн! Минтип кемзаара кейбир, маңгибаш мал гана жашайт. Малдын да малы бар. Мал ичинен кой гана ушинтип жашайт. Биз чын эле кой болуп калдыкпы, кагылайын Кыргызым!х х хМатай олуя: «Акылы абжип эл бузаар,Жатыны абжип эр бузаар» деген экен.Арстанбек олуя: «Адашы кесел ардыкчыл,Алаасы кесел каргышчыл» деген экен.х х хУшул олуя бабаларым айткандай устаранын мизинде аласалып турган бу жалган дүйнөдө өзүмдү эмес, өмүр өзөгүмдө, жүрөк жүлүнүмдө жаткан кагылайын элим, Арстанбап токоюмдай аз элим, Сен, өнөгөлүү салтың туруп өнүккөн элге окшоп бакубат жашоо кура албай, көрүнгөндүн намазын окуп, көрүнгөндүн сакалын коюп, көрүнгөндүн дамбалын кийип жүрүп, жок болуп кетпегей элең деп корком.Энем жок болор, Атам жок болор, бирок Ата Журтум сен жок болсоң, асыл Элим сен жок болсоң, алтын Тилим сен жок болсоң, анда мага бул дүйнөдө жашап эмне кереги бар?Элин атка эмес, итке мингизип, эл эсебинен жашап, «эл» болуп көрүнгүсү келген бир ууч төбөлдөрдүн эмне кереги бар?х х хБиз акырындап БӨТӨНЗОРДУК жашоого көнүп бүттүк. Жерде жаткан таштай тепселгенге, мелтейип үн катпаганга, чирип атса да, сийип атса да эч нерсе сезбегенге көнүп бүттүк. Мындай БӨТӨНЗОРДУККА көнгөн элдин өмүрү ыпыр-сыпыр салган таштанды челекке окшоп каларын, бир калыптагы кайдыгер турмуш жүрөктүн отун өчүрүп, жандүйнө кедерине кетип, коом кылмыш менен баңгиликтин жана аягы суюктуктун батташкан этегинин алдында каларын билип туруп көнүп бүттүк.х х хҮзөңгү – Куушуң дагы, Каркыраң дагы БӨТӨНЗОРДУК менен кетти. Алдуу-күчтүү жана айбаттуу мамлекеттердин БӨТӨНЗОРДУГУНАН кутулуу үчүн адегенде кыргыз өз үйүңө өзүң КОЖОЮН болушуң керек. Адегенде өзүң өзүңө, бириң бириңе жасап келаткан БӨТӨНЗОРДУКТАН кутулушуң керек. Антиш үчүн тирилишиң керек. Жылан эски терисин алмаштыргандай сен да буга чейинки «териңди» таштандыга ташташың керек. Эгер антелбасак, биз кыргыздар БӨТӨНДӨЛГӨНҮБҮЗ БӨТӨНДӨЛГӨН…

Соңу. Биринчи жана экинчи бөлүмдөрү.

БӨТӨНЗОРДУК | Эски тарых эмне дейт?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эларалык сыйлыктын лауреаты. Дүйшеев агайдан бүгүн “Бөтөнзордук” аттуу ыр саптар менен коштолгон макаласынын үчүнчү (соңку) бөлүгүн чыгарып жатабыз.

Илгери кыргыздын түпкү аталары көп сандаган кол менен Кытай падышалыгынын 2 борборун, 2 императорлугу менен эбегейсиз көп байлыгын басып алат. Бийлигин орнотуп, Көк туусун саят. Айдан ай, жылдан жыл агат…Душманын кантип жок кылуу жолун өмүр бою эсинен чыгарбаган кытайлар акырыныдык менен кыргызга аралашат. Тилин үйрөнүп, дилин сиңирип, сулуу-сулуу кыздарын кыргыздардын койнуна салат. Жеңиш менен байлыкка, бийликке  өрөпкүгөн кыргыздар кайра-кайра катын алат. Алары чубуртуп тууй баштайт. Бирок кытай катындан туулган балдар кыргыздардын үрп-адат, салт-санаасына бой салбай, чоочун өсөт. Ал эми падыша сарайында тарбия алган кыргыз уландары шамдагай жана эр жүрөк болушканы менен «өздөн жатты   ажыратуу», «тууган ким, душман ким» деген сезимдерден такыр эле куружалак чоңоюшат. Кытай акылмандары мындай жаракага улам шынаа кагып, жырылган жерге улам суу куюп, ордонун очогун ойрондой берет…Бийликтеги кыргыздар душманын такыр эле унутуп, ич ара араздашып, бирин бири сатып, бирин бири жеп, акылдууларын, алдууларын, кыйындарын жок кылганга өтөт. Ата-бабалары кечээ эле мурастап кеткен  нарк-насилдерин чанып, бөтөн тилде сүйлөп, бөтөн тилде мейман күтүп, өз элин жерий баштайт. Акыры бул орду толгус мүшкүлгө алып келет. Эр жүрөк кыргыздар тез эле согуш өнөрүн унутуп, жоокерчилик деген эмне экенин билбей калат. Кечээ эле ат жалында закымдап, шамал менен жарышкан кыраан кыргыз ат мингенди унутуп, кычы болуп, кир болуп, сасыган сандал сүйрөп, базар-учарларда көр-жер саткан, алып-сатар соодагерге айланат.  Соода кыргыздын  дилин талкалап, пейилин бузуп, дүйнөсүн тыйындай майдалап, канына ач көздүктүн үрөнүн сээп, адам насилинен ажыратат…Кытайлар айлап, жылдап так ушул күн келерин күткөн. Аябай күткөн. Дал ушундан пайдаланып, кыргыз каганынын башын кыргыздардын өзүнө алдыртып, кытай катындан туулган «өз кыргызын» такка олтургузушат. Таккка олтурган күндүн эртеси кыргыз аттуунун бирин калтырбай жок кылуу жөнүндө буйрук чыгат.Миң-миңдеген өлүктөр бир ай бою Улуу Кытай Сепилинин сыртына качыр арабалар, киши арабалар менен ташылып, алты ай бою жердин бети адам этин жеген иттерден, көктүн  бети асманды айланып учкан жору-кузгундардын көптүгүнөн көрүнбөй турган дешет…х      х      хБул ойдон чыгарылган жомок эмес. Болгон тарых. Ошондон тартып Улуу Кыргыздын омурткасы омкорулуп, арка мойну астында калган. Ошондон тартып «курама жыйып журт кылган эл» куурдай сөгүлүп, «тентиген жыйып журт кылган эл» текейдей тепселип, качып, бозуп, житип, тербип кеткен экен…Ошонун азабын ошол күндөн ушул күнгө дейре тартып келебиз. Ошонун азабынан ушул күнгө дейре саны Саянга, теги Тереңге батпаган кыргыз жери бейиш экенине карабастан тукумсуз үрөндөй өнүп-өспөй, көбөйбөй олтуруп, үч миллионго жетип-жетпей келебиз.Бул Улуу Кыямат учурунда туш-туштан агып олтуруп Манаска куйган. Атаңдын көрү – ай, бизге тарых да сабак болгон жок!х    х     хКайрадан Л. Н. Гумилевго кайрылалы. Улуу түрколог минтип жазыптыр: «Чыгармачыл жашоону билбеген, жалкоо, эмоция жана акыл жагынан кем, бирок турмуштан өзүнө көбүрөөк нерсе алып калууга умтулган адамдар болот. Булардан дурус жоокер же жакшы иштерман чыкпайт, кокус алар кылмыш жолуна түшсө өмүрлөрү эшафот менен бүтөт. Мындайлар чексиз төлдөп, көбөйө берет. Алар: «биз кандай болсок ошондой бол, күндүк өмүрүң босо түштүгүңө жорго мин принциби менен жашашат, жеп-ичкенден башкага умтулба деген императивди жетекчиликке алышат.Мындай адамдар ар кандай өсүп-өнүгүүнү жек көрөт, ишмердик шылдыңга алынып, интелектуалдуулуктун үзүрлүү жемиштери менен кубанычтары алардын кыжырын келтирет. Искусстводо стиль төмөндөйт. Илимдеги мыкты изилдөөлөр орто заар иликтөөлөр менен алмашат. Коомдук турмушта коррупция күчөйт. Бийликтегилер каракчынын кейпин кийип, өз үзөңгүлөштөрүнөн шектенүү, артынан аңдуу, керек болсо өлтүрүү жолуна түшөт. Ушул фазада орнотулган тартипти «демократиялуу» деп айтуу кыйын, анны «обускрация» деп атоо гана туура болот.Мында чакан топ гана бийлик кылып, элдин ич  майын жеген мите куртка окшоп жашаганга өтөт. Жашоону да, өздөрүнө чейин жасалган нерселерди да сактоону билишпейт. Алар адамдардын денесине жабышкан айыкпас жарадан бетер, элдин организмин ичтен жемирип-жей берип «жеңишке» жетет, тагыраак айтканда элин өлтүрүп тынып, акыры өзүлөрү да тукум курут болушат.Европанын Батышы менен Чыгышындагы элдер мындай обскурациялык «алжууга» туш боло тургандай азырынча картаң эмес. Салыштырмалуу кийинки мезгилдерде болуп өткөн окуялар жөнүндө эскерүүлөр кыргыздардын, жунгар ойротторунун (Кытайлар менен болгон ХХ11 кылымдагы согуш), пуэбло (тэба) индейлеринин жана башка бир кездеги өтө зор этностордон азыркы аз сандагы «урууларга» айланып калган элдердин дастарында гана калган.Обускрация фазасынын коркунучтуулугу… Чөйрөнүн тез жана туруктуу өзгөрүп турушунун учурунда ал чөйрөгө ылайыкташуу мүмкүн болбогондуктан этнос бир бүтүн система катары сакталбай, бүлүнүп жок болот».Л. Н. Гумилев. «Этногенез жана жердин Биочөйрөсү». Бишкек 1999, 497-511-б.б.х    х    хМен ошон үчүн корком. Кагылайын кыргызым, өмүр бою бири-бириңди колдон-буттан тартып, бириңдин тамырыңды бириң кыркып, өзүңдү өстүргөндөн эмес, өзүңдү өлтүргөндөн ырахат алып,  көкүрөгүң сокуруң көздүүлөрүңү көралбай, ичи тарың иштерманыңа жол бербей, ичиң күйүп, билеги жоонуң билимдүүңдү жайлап, талантсызың таланттууңу талкалап, кыжынып, кыйылып, көзүңө көр топурак тыгылып көр албай, обдулсаң эле ор казганы чуркап, такка минсең эле тамыр кырккың келип, жакшыңды жалаага жыгып, мыктыңды мыкчып өлтүрүп, адалыңды паралап айыпка жыгып, кыйыныңды кызматтан айдатып, чыгааныңды азуулууңун алдына жара тартып берип, туугандарыңды кутуртуп, четке туруп алып былтыйтмаңды былтыйтып, кылтыйтмаңды кылтыйтып, кыл үстүндө кылтылдап, жол үстүндө мүлтүлдөп, той үстүндө жылтылдап, асты акыретте тунайын, арууланайын, агарып-көгөрөйүн дебегениңе кейийм!О туманың көчкүр, тукумуң өскүр, Кыргызым!

Башталышы бул жерде. Уландысы кийинки жазууда чыгат.

БИШКЕК
Бишкек, Бишкек… Билбегенге биздин шаар,Бирге – чылбыр, экисине –тизгин шаар.Бир карасаң калдай каалга, кан сарай,Бир карасаң кара баткак, мискин шаар.Көдөөсү көп, көр-жер тарткан көлүк шаар,Көздүү жактан келип түшсөң “өлүк” шаар.Байкушуна – базар, мазар, баш паанек,Байларына – байлык, айлык, өрүкзар.Милийсасын тизип алып таңгактап,Бир көчөсүн жууп-жуктап, ардактап.Өйүз-бүйүз эл шыкалган ал жерденӨкмөттүк колонна өтөт дардактап.Миң көчөсүн жылда жамайт жырыйган,Маршрутка көп, машина көп чымындан.Үйгө барып чөнтөгүңдү аңтарсаң,Колу чыгат МАИлердин шымыңдан.“Артис тамдар” салынганы салынган,Антсе деле шаар болуудан жаңылган.Белден өйдө келе бакан кыштактар,Белден ылдый ала бакан айылдар.Уркуюшуп арасынан муз-кардын,Варикозу сыяктанып буттардын.Ташын-кумун тээп салып асфальттынТамырлары качып барат дубдардын.Тиштериңдин баары металл коронка,Бишкегиңдин баары бензоколонка.Азыр бул шаар махабаттын шаары эмес,Бир жиндинин колундагы воронка.Ээсиз үйүн кытайларга толтурган,Эри да жок, эли да жок кол сунган.Бишкек мага кемпир болуп элестейтЭски-ускусун сатып бурчта олтурган…

ТҮШ
Кеберсийт талаа. Чөккөн күн,чөл сүйрөп келет аптабын.Өрөөнгө түшкөн өрттөгүөзөндүн онтойт таштары.От жаккан мештей ысылап,үйлөр үп. Үймөк чөп жошо.Кызыл ат – кырга кызыл от,төө өркөч тоого – көз бото.Арыктын суусу балдырттап.айыл тынч өткөн түндөрдөй.Жалгыз бак – жалгыз балмуздак,жамгырсыз күндөр,  күйгөн жер.Закымды жиреп унчукпай,желесин тартат зым мамы.Учалбай турат чымчыктар,шишкебек болуп зымдагы.Коруктан түшпөй кыйкырган,короздун үнү түгөнүп.Кол члгы чарчап шылкыйган,короодо талды сүйөнүп.Таранчы чоктой бүркүлгөн,жалбырттап жатат бул аңыз.Ак түтүн болуп илкигенжол гана алсыз чубалып…

ЖАМГЫР
Көл-шал түшүп жамгыржан,көнөктөттү калбырдан.Булут басты тоо башын,бурганактап кар кылган.Кыян жүрүп заматта,кырды-кырдай чабат да.”Чарт” дей түшөт асмандынчагылганы чала аткан.Желеленип аңыздар,жер – деңиздей, алыстанАгындыдай чайпалатагыш сарай, агыш там.Көк чылгый жол кенебей,көктү тиктейт теребел.Кылыч окшоп кыяк чөпкыткылыктайт беделер.Даалдап суулар чапкылап,дарак жыргап аптыгат.Санаасы жок кашкаңдап,сайдын ташы каткырат.Көшөрдү күн көшөрдү,көзү ачылбай нөшөрдүн.Өйүз менен тең болуп,өңү албырат өзөндүн.Ээн талаа. Бар атчан,эрбең-эрбең бараткан.Эмне издеди бейубак,агат, агат, агат жаан…

КҮЗ
Алыстап аптап көздөгү,ала бел. Айдын чөккөнү.Аштоону тиктеп алаят,ак торпок үймөк чөптөгү.Арыктап токой, тал жүдөп,айыл суз. Аста сай күлөт.Агарган бейит алдында,акырын оттоп мал жүрөт.Жон жатат боздоп “ЗИЛ” аккан,жол бойлоп турат бир ак там.Жомокпу, малбы, сүйүүбү,жок издеп барат бир атчан.Саргарып аңыз күндү өрүп,сары кыр жондор сүйрөйүп.Өтүктөн түшкөн чулгоодойжол келет бутка сүйрөлүп.Кабар жок кайткан куштардан,кан-сөлсүз асман сустайган.Кагаздай талаа… Зым мамы –карандаш өңдүү учталган…

КУДАЙДЫН ТООСУ КУЛАДЫ
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эларалык Адабий сыйлыктын лауреаты

Автордон: Бул жоктоо ыры улуу жазуучу жерге берилерден бир күн мурун жазылган. Эртеси коштошуу зыйнатында филармонияда Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаев коштоп турган.

Мухити соолуп кыргыздын

Муңканып турган чагыбыз.

Мурдараак жетип барганга

Муунтканы калган ажалдан

Муназа кылып алганга

Муунабай койду алыбыз.

Келбеси кетип кыргыздын

Кетилип турган чагыбыз.

Кездешип жакын барганга

Кешигиң каткан ажалдан

Келе деп сууруп алганга

Келалбай койду алыбыз.

Желеги түшүп кыргыздын

Жер муштап турган чагыбыз.

Жетсе да ажал чет жерде,

Жергелүү кыргыз элиңе

Жетелеп алып кеткенге

Жеталбай койду алыбыз

Кош эми Чыке, дүйнөдө

Өлүмгө айла жок экен.

Өөдө-ылдый өкчөй бербестен

Өзөккө тийчү ок экен.

Өкүмү катуу түгөнгүр

Өлчөөсү өтө зор экен.

Бир келген өлүм башта бар,

Бир базар өтсө сезербиз.

Бир башың жетөө болсо да

Бир бирден жалгыз экенбиз.

Биз дагы ушул дүйнөдөн

Биликтей жалп деп этербиз.

Билинбей кирип башбагып,

Билектей чымды жазданып,

Бир күнү өтүп кетербиз.

Жыдытчу өлүм башта бар,

Жылбышкан кезде сезербиз

Жылдыздай көпбүз десек да

Жыгылсак жалгыз экенбиз.

Жылмайган ушул дүйнөдөн

Жың-жыңсыз жайга этербиз.

Жыландын пирин тутсак да,

Жылгадан алтын сузсак да

Жылаңач бойдон кетербиз.

Айланган ажал башта бар,

Ай баткан кезде сезербиз.

Атадан алтоо болсок да

Ар бирден жалгыз экенбиз.

Армандуу ушул дүйнөдөн

Акырет жайга этербиз.

Алты кез жерди жай кылып,

Ак шыбак көрдү там кылып

Алакан жайып кетербиз.

Күүлөнүп ажал келгенде

Күн туруштук бербептир.

Гүлдөгөн бейиш, кыз-улан,

Гүл туруштук бербептир.

Түйшүктүн баарын жашырган,

Түпкүргө барып жашынган

Түн туруштук бербептир.

Үмүтүн таппай жоктогон,

Үшкүрүп ырга коштогон.

Үргөнчүн кечип сүйүүнүн

Үркөрдүн үйрүн козгогон.

Үйүнө барбай ай-жылдап,

Үкөйлөп кырда боздогон

Үн туруштук бербептир.

Алуучу ажал келгенде

Ай туруштук бербептир.

Сандаган дайра, сан өзөн

Сай туруштук бербептир.

Кайыгып тили байланып,

Кареги тетир айланып.

Кабылан Манас, Алмамбет

Капырай,

Кан туруштук бербептир.

Качырып ажал келгенде

Калдактап алга безалбай,

Кайгынын чаңын кечалбай.

Карарган ушул дүйнөдөн

Кайып бир болуп кеталбай.

Кара тер басып, жаш кулап,

Каргадай кара жаны үчүн

Канатын Айга чапкылап.

Калканыч таппай андан да

Капкагын Жердин каккылап,

Катыгүн Чыке деги эле,

Жан туруштук бербептир.

Желмаян берсе безалбай,

Желжетпес берсе кезалбай.

Денесин катчу жай издеп,

Деңизге түшүп кеталбай.

Же,

Куюндап көккө жеталбай.

Же,

Куюугуп кумду тешалбай,

Ошо,

Жел туруштук бербептир.

Жээлигип ажал келгенде,

Желелеп баарын буу каптап,

Жексендеп топон суу каптап,

О Чыке,

Жер туруштук бербептир.

Тарткылык экен кантели,

Тамылжып Күндөй баттыңыз.

Табият берген таланттын

Тамырын ойлоп актыңыз.

Таберик болуп кыргызга

Тарыхты көздөй бастыңыз.

Таржымалын замандын

Таш китепке жаздыңыз.

Таманы жука кыргызга,

Табылгыс байлык каттыңыз.

Талашпай оокат кылгын деп

Табытка барып жаттыңыз.

Ысмайыл акын айткандай

Ала Тоонун байрагын

Ыргап жүрүп өттүңүз.

Жыласы көп дүйнөдө

Жыргап жүрүп өттүңүз.

Баасы кымбат талантты

Багып жүрүп өттүңүз.

Батыш менен Чыгышка

Барып жүрүп өттүңүз.

Кандай заман келсе да

Карагердин тизгинин

Кагып жүрүп өттүңүз.

Кандай бийлик келсе да

Канторунда алардын

Карып жүрүп өттүңүз.

Жанар тоодой дайыма

Жанып жүрүп өттүңүз.

Жалгыз тийген Күнгө окшоп,

Жарык жүрүп өттүңүз.

Жалганы көп жашоодо

Жаза басапай бир дагы,

Жагоосу тик жандарга

Жагып жүрүп өттүңүз.

Асман-Жерди соолутпай

Арасында ааламдын

Агып жүрүп өттүңүз.

Эми,

Багынтып ажал жеңгенде,

Баа жеткис курак келгенде.

Балдаксыз таштап элиңди

Балбылдап Күндөй өчтүңүз.

Эми,

Батаңды журтка бергисиз,

Батмандап алтын берсек да,

Бастырып кайра келгисиз,

Чыке, Барса-Келбес деген бир,

Башка бир жайга көчтүңүз.

Канча бир дубан шаарыңдан,

Кайгырып калың эл келди.

Канаттуу уулун жоготуп,

Кара жер сыздап термелди.

Карайлап бүгүн Алтынай,

Казангап ыйлап сенделди..

Кайыгып жолдо Толгонай,

Кан жутуп турган Сейдеңби.

Кайрылып Чыке ким берет,

Катүгүн,

Кайта эми бизге сендейди.

Кысылып булут кыраңдан

Кыйгачтап акты булагы.

Кылтыйып келген ажалдын

Кырсыктуу беле сурагы?

Кымбаттуу уулун жоготуп,

Кыйналып журтуң турабы?

Кыйла элден келип канчанын

Кылгырып жашы кулады.

Кыйырды билген адамга

Кыргыздын эле тоосу эмес,

Кыямат,

Кылымдын тоосу кулады.

Теминип булут тектирден

Тескери акты булагы.

Тебелеп келген ажалдын

Текебер беле сурагы.

Теңдешсиз уулун жоготуп

Теңселип журтум турабы.

Тескейден келип канча элдин

Термелип жашы кулады.

Тегизди билген адамга

Тектирдин эле тоосу эмес,

Теңирдин тоосу кулады.

Куюндап булут кумайдан

Кубулуп акты булагы.

Кубалап келген ажалдын

Куужолтой беле сурагы?

Кунда жок уулун жоготуп

Кумсарып журтум турабы.

Кургуйдан келип канчанын

Кумайга жашы кулады.

Куранды билген адамга

Курдайдын эле тоосу эмес,

Кудайдын тоосу кулады!..

Кол калды тарткан жебеде,

Коңгуроо калды кемеде.

Конушун таппай айланып,

Кош тулпар калды желеде.

Коштошуп калды комуз күү

Кол булгап муздак денеңе.

Колуна кармап таягын

Коштошуп калды кереге.

Кордуктун арты ушу экен,

Колдогу алтын элеңиз,

Кор кылбай сизди кыргызга

Койнуна катты Жер Эне.

Ала Тооң калды суналып,

Арманы ичте тунарып.

Ай-Күндөй Соң-Көл да калды

Ак өрүм чачы чубалып.

Азаңды тартып алыстан

Ак көбүк чачып кубарып.

Ак толкун болуп жер муштап,

Арманын жээкке чыгарып.

А көрө айтчы, калайык,

Айтматов бизге таштаган

Абийирди кандай кылалык?!

Ысык-Көл калды суналып,

Ылдыйтан өйдө чубалып.

Ырыстан бүткөн эмедей

Ыраңы көккө кыналып.

Ыр болуп турган кайран көл,

Ый болуп муңун чыгарып.

Ызасын тартып Чыкемдин

Ыргыштап толкун жер муштап,

Ызгаарын чачып кубарып.

Ырасын айтчы, калайык,

Ыйлап бир бизге калтырган

Ыйманды кандай кылалык?

Чолпону көктө жаркырап,

Чокусун жылдыз өпкөн жер.

Чолпусу жарк деп мөңгүнүн

Чоюлуп булут өткөн жер.

Чоң Маймак, Шекер, Манас тоо,

Чолпонбай, Чынгыз өскөн жер

Чогуусу менен ал калды,

Чоң-кичүү далай жан калды.

Такалуу аттын изи жок,

Талантын издеп тал калды.

Талааны бойлоп Танабай,

Таякчан Момун чал калды.

Таластын суусу шолоктоп,

Табытың тиктеп Ай калды.

Таарыса огу ажалдын,

Тагдыр ай,

Таап ала турган ал барбы?

Каныкей ашкан бел калды,

Кан Манас баскан жер калды.

Кайгырып ини-карындаш,

Катарлаш өскөн тең калды.

Каарманың калды канча бир,

Калк үчүн кымбат кен калды.

Кантели Чыке, билгенге

КАБА ТАШ кылып ааламга,

Кадырлап алчу эл калды.

Көзөнөк ушул дүйнөдөн

Көчпөгөн барбы, оо Чыке?

Көк менен Жерде түбөлүк

Көктөгөн барбы, оо Чыке?

Өтүрүк ушул дүйнөдөн

Өтпөгөн барбы, оо Чыке?

Өлбөчү суу деп киринтип,

Өлбөйт деп кайра тирилтип,

Өчпөгөн барбы, оо Чыке?

Кечээ,

Шап мылтык кармап сүйүнгөн,

Шамадагай эле түйүлгөн.

Шайтанын кууп эчкинин

Шагылдуу тоодо жүгүргөн.

Шаштырып ажал чыкканда

Шайманы кетип түңүлгөн.

Шамчырак жанын каталбай,

Шагылга кирип жаталбай,

Шаа мерген Кожожаштын да

Шамалга сөөгү илинген.

Өксүтүп үрөй учурган,

О, Чыке,

Өлүмдөн кимдер кутулган?

Арга жок акка көндү го,

Ай-Күнсүз жакка төндү го.

Асылын далай кыргыздын

Армандуу кырсык бөлдү го.

Айланып кетпей ажалы

Акыры жерге көмдү го.

Ашуудан отчет берчү эле,

О, Чыке, кечээ Байдылда,

Ажалга отчет берди го.

Байдылда деген ким эле,

Балтилдүү ырдын пири эле.

Балдакчан баспай калса да

Балбаны эле, пили эле.

Кыргызга мындай акындар

Кылымда келет бир эле.

Тамшантып турган өз элин

Таңдайы таттуу тил эле.

Арбак ур ажал ага да,

Айласыз барып кас болгон.

Азгырып кеткен ат жолдон.

Ак калпак кыргыз эл сыздап,

Азалуу көзгө жаш толгон.

Атасыз калган батальон,

Атасыз калган “Таш коргон”.

Аманат экен ушул жан,

Ажалдан кимдер кутулган.

Кечээ,

Таластын төмөн жагында,

Там-ташы токол айылда.

Тагдыры татаал күндө өскөн,

Тайгүлүк кезде өзүңдүн

Таалимиң алып үндөшкөн.

Тарбия, билим алган соң,

Танабай менен сүйлөшкөн.

Таптаган Гүлсары атыңды

Такалап бизче сүйлөткөн.

Жакыпбек уулу Ашымды

Жараткан өзү кайра алып,

Жалаңкат чымга жашырды.

Теңирге теңеп Манасын

Теңдешсиз жазып кагазын,

Тең таппай турган кезинде.

Тездетип ажал санатын

Көрүнөө чиркин алды эле,

Көз көргүс жайга салды эле.

Көзү жок ажал жөн турса,

Көп жазары калды эле.

Көгөрүп китеп жазгандын

Көзөлү эле, алды эле.

Уңгулуу сөздүн ири эле,

Улут деп күйгөн пил эле.

Уу жүзүң курсун, шум ажал,

Унчукпай келип Ашымды,

Уйпалап салды тим эле…

Бой бербейт экен эчкимге,

Болбойле колдон жулдурдук.

Болжолсуз кайран талантты

Боо түшуп куран окуган

Бозоргон дөбө кум кылдык…

Таластын берки башынан,

Таамай чыккан жашынан.

Таап алып ажал аны да

Табытын көздөй ташыган.

Жаш кетти кайран жигит деп,

Жан тургай таш да жашыган.

Өлөрүн эрте билгендей

Өрчүтүп ишин жылгызды.

Ыйманы ысык жан эле,

Ыраазы кылып кыргызды.

Ырдатып салды тим эле,

Ырасул менен Чыңгызды.

Өлүмдөн ким бар бошонгон,

Өлбөс жан барбы ошондон.

Өкүнтүп кеткен Аманың

Өзгөчө жазган өзүңдү,

Өзгөчө мыкты которгон.

Көпүрө-Базар айылы,

Көөнө жер болчу кайыны.

Көз тийип Аман өлбөсө

Көкөлөп турмак дайыны.

Көкүрөк дарты ачылбай,

Көк жондон соккон закымдай

Көр чеңгел ажал көрсөткөн,

Ал дагы,

Көз көргүс жакка кайыды…

Эсебин эчким таппаптыр

Этектен алып ажалды.

Эмгеги элин көтөргөн

Ээсине бердик далайды.

Анделектей кезинде

Аласын терип актаган,

Алымкул өзү таптаган.

Агарып чыгып батадан

Ак калпак кыргыз элнне

Алтымыш жылы какшаган.

Шаң эле анын болушу,

Шартылдап турчу комузу.

Шайырың эле бир келген

Шаңкылдап турчу добушу.

Даңзасы болчу өткөндүн,

Дайрасы болчу сөздөрдүн.

Дарысы болчу ырчынын,

Дабасы болчу көптөрдүн.

Телегейи тең эле,

Тебетейи кең эле.

Теминип жалгыз чыкканы

Театрга тең эле.

Тегеренип кыргызга

Теңирден түшкөн эр эле.

Эсилим Чыке, караңыз,

Эси жок ажал тойбойбу,

Эгерде өтпөс жаралса,

Элиңдин сүйгөн эркеси

Эстебес өтпөй койбойбу.

Калкына сиңген эмгеги

Канчалардын жаны өткөн.

Канаттуу дулдул элдеги

Кадырман Калый кары өткөн,

Кайыңдай Чолпон бала өткөн.

Өкейдин уулу Төлөмүш,

Өкеан талант а да өткөн.

Сүймөнкул, Динар, Болоттой

Сүйүктүү жандар дагы өткөн.

Рыскулов Муратбек,

Рыспай ырдын жаны өткөн.

Тулпарың Жолон, Турардай

Туйгундардын баары өткөн.

Серпилип ажал серпкенде

Секиде жаткан чал өткөн.

Сескенге жашы жетпестен

Сегизге чыккан бала өткөн.

Жумадыл уулу Советбек

Журтуңдун улуу уулу эле

Жулкунбай жүрүп а да өткөн.

Кечээ эле,

Добулбас болгон дооруна,

Дооронбек деген иниңиз

Догурунбай ооруга,

Тагдырын таштап үйүнө,

Талаада калгыр азыркы

Таарынып заман түрүнө.

Тартылып кетти кантели,

Таяксыз көрдүн түбүнө.

Кайыр кош Чыке, жакшы жат,

Калганын карап сактайлы.

Кара Джип минген биз эмес,

Карарган чымдын алдында

Кабылан Манас жатпайбы.

Кошуңуз Чыке, асылым,

Эми артыла берет баркыңыз,

Аламды баскан даңкыңыз.

Айтматов деген ысымың

Ааламдын соккон төшүнө

Ак жылдыз болуп орносун.

Түрүлгөн кыргыз элинин

Түгөтпөй турсун ордосун.

Түрк дүйнөнүн түбөлүк

Түркүгү болуп колдосун!

Ыраазыбыз сизге эми,

Ысмакем бир кез айткандай:

“Сексенге чейин жеттиңиз,

Сегиз жылга татырлык

Ырахат көрүп кеттиңиз”.

Ыраазы болгун бизге эми,

Канча миң кылым өтсө да

Кыргызың эстеп жүргөндөй

Эстелик койсун сизге эми!…

ЖАЗГЫ ТАҢ
Аруу жел агып көктөмгө,агарып жылдыз өчкөндө.Мөңгүдөн түшкөн өзөндүнмөлт этти жашы чөптөргө.Агыш нур аздан тарап жай,ачылып айыл барактай.Тарбаңдап чуркап келататташ жолду бойлоп дарактар.Жөжөдөй алсыз, уяң да,жөө келип бул таң туманда.Жөөлөсөң кулап кетчүдөйжөлөнүп турду тулаңга…

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: КЫРГЫЗ ТАҢЫ
Редактордон: Урматтуу окурмандар, ушул кундон баштап Шайлообек Дуйшеев аттуу адабий жана журналистика адисинин ыр-турмокторун блог бетине чыгара баштайбыз. Анда эмесе, ийлигик Шайлообек агай!

Кылаңгыр нурга жык толуп,булуттар булайт үлбүрөп.Атка окшойт бул таң нык тоюп,акырда турган үргүлөп.Жылгалар аздан агарып,”жылт” этет тоого төнүп жол.Арчалар белди таянып,адырлар чубайт өгүз жон.Жашыл төр. Жалбыз аңкыган,бел, бейит көзгө жай жылат.Жылкылар түшөт кайкыдантуяктар көктө шаңгырап.Жээгине мел-калт шыкалып,жең болуп жерде агат сай.Чала уйку көздөй кызарыпчарчаган чычырканактар…Жалгыз там. Бешик сырдалган,ээр токум. Жалгыз сарай тур.Ашкана. Керме кир жайган,аш үстөл. Жаайт таранчы…