> Биздин авторлор
Мирсулжан Намазалиев - neweurasia кыргыз тилчи блогунун координатору. Саясат таануу илими боюнча Бишкек Гуманитардык Университетинин үчүнчү курсунда окуйт. Саясый процесстерге, жергиликтүү интеграция кыймылдарына, жана дүйнөдөгү проблемалык, конфликттик региондорду окууга кызыгат. Келечектеги өзүнүн ордун өлкөдөгү кыймыл-аракеттерге таасир бере ала турган жерде элестетет. “Эркин Муун” либералдык жаштар шериктештигинин тең-төрагасы. Азыркы учурда Бишкектеги жаштардын либералдык клубун жана Либералдык Платформаны тузуу аракетинде. Жеке блогунун дареги – http://mirsulzhan.livejournal.com. Э-дареги: mirsulzhan@neweurasia.net. Skype: Mirsulzhan
Гульсали – Бишкек шаарынын тургуну, маданият тармагына кызыгат, жана ошол боюнча иш алпарат. Neweurasia’га автор болуп ушул жылдын башынан келген. Өзүнүн макалаларында көбүн эсе өз пикирин билдирип, өзү көргөн нерселерди жазат.
Изкубар -Кыргызстандын жараны, азыркы учурда Чехиянын Прага шаарында турат. Көптөгөн жылдар бою журналист катары иштеп келген, жана саясый процесстерге кызыгат.
Амантур Рыскулов – Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинин Экономика факультетинин 4 курсунда окуйт. Китеп окуганды жана ар кайсы элдердин тыйындарын чогултканды жакшы көрөт. Бош убактысын ар түрлүү китептерди окуу жана кинолорду көрүү менен өткөзөт. Келечекте каржы жана банк чөйрөсүндө иштөөнү энсейт. Жеке блогу: http://amantur.moy.su. Э-дареги: amantur_r [at] yahoo.com.
Айбек Дунаев – Прагадагы (Чехия) DHL компаниясынын Европа IT борборунда иштейт. Адистиги боюнча компьютердик инженер. Окууну бүткөндөн кийин Турциядагы METU (Middle East Technical University) Университетинде адистик алган. Ага чейин Сингапур (DHL) жана Тайванда (Datatronics) иштеп келген. Бош убактысында интернет, саякаттоо жана футбол менен алек болот, андан сырткары түрдүү темада китеп окуганды, жаңы тил үйрөнгөндү жана фотосүрөт тартканды жактырат. Жеке блогу: http://aibek.nomadlife.org/. Э-дареги: aibek_dunaev [at] yahoo.com
Ажара Дуйшембиева - Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде төртүнчү курсунда окуйт. Сүрөт тартканга жана бийлегенге кызыгат. Э-дареги: ajarochkina [at] gmail.com.
Нурбек Абабакиров – Борбордук Азиядагы Америка Университетинин (АУЦА) бизнес башкаруу факультетинин биринчи курсун аяктады. Спортко, саякатка жана кызыктуу кинолорду көргөнгө кызыгат. Жеке блогу: http://kyrgyzbala.blogspot.com/. Э-дареги: n.ababakirov [at] gmail.com
Земфира Иногамова - Бишкектеги “Айгине” аттуу изилдөө борборунда иш алып барат. Адистиги боюнча маданий антрополог. Э-дареги: inogamova [at] gmail.com
Марлен Акималиев - Алыскы Нарындын Ак-Талаа районунан болот. Кыргыз-Турк Манас Университетин 2004 жылы аяктаган. Э-дареги: m_akimaliyev [at] yahoo.com.
Максат Аскеров - Кыргыз Улуттук Университетинин студенти. Ротари-Клубунун стипендианты. Жеке блогу: http://youngkyrgyz.blogspot.com/. Э-дареги: almaxas88 [at] gmail.com.
…Бул жерде сиздин атыңыз дагы болушу мүмкүн. Ал үчүн сиз бизге кошулууңуз зарыл
.
Recent Comments