Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Саясат

Жарандар милицияны реформалоодо эмнени күтөт?
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 19 May, 2012 – 11:09 | No Comment

Ар бир жаш улан укук коргоо органдарында иштегиси келет, себеби ал жерде иштөө – бул чоң сыймык, айлана-чөйрөңдө кадыр-баркка ээ болосун, мындан тышкары эффективдүү аткарылган жумуш үчүн айлык акынын үстүнө кошулган сыйлык акы да аласың. ИИМге калк тарабынан болгон ишеним 70% ашык. Автоунаалардын ээлери эшиктерин ачык калтыргандан коркушпайт. Түн ичинде шаардын көчөлөрүндө сейилдөө – коопсуз. Көчөлөрдө видеокамералары орнотулган күзөт унаалары менен кетип бара жаткан, дайым жылмайган ИИМдин кызматкерлери – чоң бир ишенимди жаратышат.

Бул баяндама сиздин кулагыңызга жат угулуп атабы? Мындай нерселер мүмкүн эмес дейсизби? Оюмча, мүмкүн. Жогоруда айтылып өткөн фактынын баары окурманга жакканы, мунун өзү Ички Иштер Министрлигиндеги (ИИМ) абалды өзгөртүү муктаждыгын көрсөтүп турат. Мунун баардыгын өз орду менен түшүндүрүп берүү үчүн жөнөкөй 6 суроого жооп берсек.

Анда эмесе, биринчи суроо “Эмнеге?”. Кандайдыр бир нерсе жасаардан мурун, жасала турган иштин көйгөйүн аныктап алсак туура болчудай. Мисалы, эмнеге айдоочу өзүнүн унаасынын дөңгөлөгүн алмаштырат? Себеби алдыда кыш жакындап келе жатат, ал эми дөңгөлөктүн шиналарынын эскилиги жетип калды. “Эски” шиналар менен унааны айдап жүрүш – бул жашоого өтө кооптуу, анткени ар кандай күтүүсүз жол кырсыктарына алып келиши мүмкүн. Эмне үчүн ИИМди реформалашыбыз керек? Бүгүнкү күндө укук коргоо системасы кандай абалда экенин, баардыгыбыз беш колдой билебиз. Реформаларга эксперттик топтор, бул министрликте иштеген кызматкерлердин кай бирөөлөрү да кызыкдар, анткени алар бул системанын ички көйгөйлөрүн жакшы билишет. Мунун чындыгын коопсуздук боюнча эксперт, Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Равшан Абдукаримов ырастап келет. Бир гана эксперттер эмес, жада калса карапайым калк да милициянын көйгөйлөрүнөн беш колундай санап берет. Эл аралык Республикалык Институт тарабынан өткөрүлгөн акыркы сурамжылоолордун жыйынтыгына көз салсак, Кыргызстандын жарандары коррупцияга белчесинен баткан түзүмдөрдүн бири – ИИМ деп эсептешкен. Калктын 95% милицияны паракор катары баалашат экен. Жарандык коомдун ой-пикирин чагылдырган, ИИМди реформалоо боюнча альтернативдик концепция төмөнкүнү билдирет: “жарандар погон тагынган адамдардан коркушат, милицияга болгон калктын ишеними өтө төмөн, ал эми ички иштер органдарында болгон коррупция жөнүндө бир гана жалкоо гана айтпайт”. Мына, өзүңөр айткылачы эми, биздин “унаалардагы” шиналарды алмаштыруу зарылбы? Талашсыз!

Read the full story »

Оппозиция бийлик менен сүйлөшүүгө келген жок
Written by aidai, Wednesday, 25 Apr, 2012 – 23:57 | No Comment

Бүгүн 18-апрелде оппозиция лидерлери премьер – министр менен жолугушмак. Бул тууралуу эртен менен ЖКнын депутаты Камчыбек Ташиев билдирген.

Эскерте кетсек, оппозиция лидерлери буга чейин, тактап айтканда март-апрель айларында жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүп, бир нече талаптарды коюп, анын бири өкмөттүн отставкага кетүүсү болгон. Мындай талаптар коомчулукта ар кандай ой-пикирлерди жаратып келип, массалык маалымат кызматтары да теле аркылуу бул жөнүндо оппозиция өкүлдөрүнүн биринин оюн уккан болчу. Оппозициянын айтымында, өкмөт өздөрүн кызыкчылыктары үчүн иштеп, элге көңүл бурулбай калып, ал гана эмес, бийлик оппозицияны кабыл албай жатат деп, нааразы экенин айтышкан эле.

Ушул себептен, премьер-министр Өмүрбек Бабанов оппозиция лидерлерин жолугушууга чакырган. Алар макулдугун билдиришсе дагы бүгүн кечинде Ала – Арча мамлекеттик резиденциясында боло турган жолугушууга келген жок. Жолугушууну чагылдырып берүү үчүн 50дөй чамасындагы журналисттер барган.

Ал эми журналисттердин суроосуна оппозиция өкүлдөрү  жолугуушунун форматы аларды канаатандырбай, теледе түз эфирде өткөрүүнү талап кылгандарын билдиришет.

Бул маалымат аз гана мүнөттөрдүн ичинде элге тарап, интернет колдонуучулардын арасында көптөгөн талкууларды жаратып жаткан учуру:

www.barakelde.org

Mangust: Оппозиция резиденцияга эмне бармак эле? Башында эле айтышбадыбы тегерек столго олтурбайбыз деп. Суйлошсок баардык телеканалдардын туз эфирине тартылуу аркылуу суйлошобуз, Элге ачык-жарыя суйлошобуз деп Мадумаров,Келдибеков,Ташиев чогуу айтышбадыбы!
Биздин талап кызматка алмаштырылып сатылбайт деп ташка тамга басып айтылды го? Бабанов эмне эле кочугу тигилген борудой айласын таппай тыбырчылап атат? Муну Таластын Эли колдобой шермендеси чыккандан кийин, коп кетенчиктебей башында мелжешкен жерге барбайбы?
Многу кошоматчыларга айткым келет, ишенген кожонор Бабуин болсо селденерди урган адам жок! Хе..! Окшошкон уйдо баатыр жоодо жок уурулар!

www.knews.kg

Tima: Ай, эти ребята хоть понимают, что такое “оппозиция”?! Все стрелки набивают, приглашают “выйти, разобраться”, то хотят тет-о-тет, то прямую трансляцию им подавай. Ну и уровень!!! Тупые, некультурные и плохо образованные, но хитрожопые и продажные. Воду мутят, строят из себя защитников народа, народ держат за быдло, а сами готовы на ВСЕ ради бабла. Я не поклонник Бабанова, но эта троица в сто раз хуже. ДОСТАЛИ!!! Ташиев и Кельдибеков хоть один нормальный закон разработали? Вот их прямая обязанность, а не митинги устраивать и стрелки набивать.

000: Бабанов ОТРК ,а не АлаАрча резиденция. Народ решит в Прямом Эфире. А так это диствительно Порожняк. А так Правительство вы проиграли . Выступауть на нетралной Стороне. А все осталное это пиар самии вами раздутый. (минус Большой Большой:гг) и где Прес секретаря Бабанова Которое Было сдесь не ожидал от Вас Инфо.:-(:-(:-(

Azzattyk.kg

Тилек: Оппозиция бош челектей калдырак экендигин далилдеди.Окмот менен бетме бет отуруп аргумент,далил,талаптарды салыштырганга жарай албады. Шылтоосу – туз эфирде корсотулобйт экен,анан монтаждалып кетсе эмне болот дешет.Бу жерде аябай уттурушту.Биринчиден ал жолугушууну чагылдырууга 50дон ашык журналист барыптыр.Эгер монтаждалып кетсе оппозициянын эле чырагына май тамып,кошумча дагы 50 пиар жасаганга сонун мумкунчулугу болмок. Эл тажады митингден.Оштун озундо Алайлык карыя митингден тажаганын,келечектен умуту узулгонун айтып озунн озу орттоп коз жумду. Атамбаев,Бабановго анан Мадумаровго ишенем дептир.Ташиев Келдибековдор жок.
Ошон учун Атамбаев менен Бабановдун ишине тийишпей,улам бир кетсин деген талаптарды кое бербей конкреттуу милдеттерди жуктоп анан талап кылсын да.Президентти эптеп шайлап алып эле 3 айдан кийин кетсин дей беребизби.Же Мадумаров,Ташиев эптеп президент болгондон кийин 3 айдан кийин эле кетсин деп отставкасын талап кыла берсе кете калмак беле.Бу деген кыргызча йтканда котон зордук же куру калдырак ызы чуу дейт.

Бул шилтеме аркылуу Азаттык желесинде Өмүрбек Бабановдун берген маегин, өзүнүн ой-пикирин көрө аласыздар.

Көп вектордуулук – бул саясий сойкулукпу?
Written by Рысбек Арунов, Friday, 30 Mar, 2012 – 15:09 | No Comment

Акыркы убактары, Кыргызстан тышкы саясатта өзүнүн өнөктөшүн тандоосу керек деген кептер көп айтылып келе жатат. Кээ бири айтат, биз Орусия менен, экинчиси Америка менен, үчүнчүсү Кытай менен, төртүнчүсү Туркия менен, дагы бирөөсү Евросоюз менен болушубуз керек деп.

Мындай өнөктөштү тандоо суроосу бекеринен туулбаса керек. Себеби, Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен геосаясий абал жагынан, жогорудагы атап өткөн мамлекеттерге көптөгөн кызыкчылыктарды жаратат.

Жаңы президент шайланаары менен бул суроо абдан курчуп кетти десем жаңылышпайм. Анткени, айтпасак да белгилүү, орус бийлиги биздин жетекчилерди кысымга алып, силер биз менен гана бирге болосуңар таризинде мамиле жазап келе жатат. Бул жерден бир суроо туулат: Эмне үчүн биз бир гана Орусия менен бирге болушубуз керек? – деген. Бүгүнкү күндө бир да мамлекет жок, бир векторлуу саясат жүргүзгөн. Ошо себептен, ар бир эгемендүү мамлекет каалаган мамлекет менен карым-катнаш түзүүгө укуктуу.

Кыргызстанда башка мамлекеттерди кабатырлантканы, бул – АКШнын Жүк ташуучу Транзиттик Борбору. Өзгөчө Орусия менен Кытай мамлекеттеринин бүйүрүн кызыткан суроо ушул база тууралуу.

Эгерде жогоруда аталган мамлекеттер менен болгон мамилени өз-өзүнчө карай турган болсок, анда америкалыктардын максаты ачыктан-ачык көрүнүп турат. Бул региондо америкалыктарды колдой турган элдин катмарын түзүү.Орусия менен Кытайдын ж.б.өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын кайраштыруу, кагылыштыруу. Бул регионду толук колго алып, ислам өлкөлөрү менен карым-катнаш түзүү.

Ал эми Кытай мамлекети менен болгон алакабыз тээ Советтер Союзу ураган жылдардан тартып, бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Бирок Кытай мамлекетинин эң негизги кызыкчылыктарынын бири: бул – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу, Кыргызстандан электр энергиясын экспорттоо, биздин кен байлыктар жайгашкан жерлерди толук колго алуу.

Ал эми Орусия мамлекети менен канчалаган жылдардан бери бирге келе жатабыз. Биздин эң негизги стратегиялык өнөктөшүбүз. Канчалаган биргелешкен орус-кыргыз компаниялары бар, андан тышкары бир нече регионалдык уюмдарга мүчөбүз. Мындан сырткары ЖККУнун биргелешкен Канттагы базасы жайгашкан. Акыркы убактары бул базанын тегерегинде бир топ кызуу талкуулар жүрүүдө.

Негизинен, биздин региондо болгон кызыкчылыктардын күрөшү, ушу үч мамлекеттин ортосунда жүрүп келүүдө. Өзгөчө АКШ менен Орусиянын.

“Оңгө бассаң атың өлөт, солго бассаң өзүң өлөсүн, түз кетсең экөөң тең өлөсүң” – деген сөздү айла жок эстейсиң. Бул үчөөнүн бирин тандаш өтө кыйын. Бирин тандасаң экинчиси кысым көрсөтүп кирет, үчүнчүсүн тандасаң, тиги экөө кысым көрсөтүшөт, айтор, бул маселе биздин жетекчилердин чоң бир көйгөйүнө айланды.

Ошондуктан, биз көп векторлук саясатты тандаганыбыз оң. Баардык жакка тең мамиле жасашыбыз керек. Бирок, бул Орусияга жакпаары, баарыбызга түшүнүктүү. Биз Орусияга жакпайт деп эле башка өлкөлөр менен алакабызды үзүп салган болбойт да…..

CAFMI: Болбогонду болтурган өкүмзар өкмөттү баалоо
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 15 Feb, 2012 – 10:03 | No Comment

Жакында эле кыргыз өкмөтү мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгү жөнүндө индикаторлорду киргизүү боюнча жарыя салды. Албетте, бул демилгени колдоо керек. Өкмөттүн көп демилгелери прогрессивдүү эле, бирок көйгөй алардын ишке ашуусунда. Ар дайым акыркы чечимдер кабыл алынбай, анан дагы чечимдер аткарылбай келет. Эгерде чынында эле өкмөт өздөрүнүн жасаган жумушун объективдүү индикаторлор менен бааласа, анда коомчулук мамлекеттик органдардын начар иштеп жатканына дагы бир жолу күбө болушмак.

Эмне үчүн өкмөттүн эффективдүүлүгүнүн индикаторун иштеп чыгыш мынча маанилүү? Өкмөт – экономикада жана коомдун жашоосунда негизги ролду ойнойт. Эгерде өкмөттүн жумушун баалабасак жана эффективдүүлүк индикатордун негизинде тартипке алып келбесек, мындай өкмөт экономикада жана салык төлөөчүлөрдүн жашоосуна бир топ көйгөйлөрдү пайда кылат.

Экономика министрлиги ар бир мамлекеттик орган үчүн эффективдүүлүктү баалоо критерийлерди иштеп чыгып, коомчулука жарыялады. Бирок, эффективдүүлүктү баалоо критерийлеринин ыраатсыздыгы жана системдик жолу жок экени табылды.

Эффективдүүлүк индикаторлор кайсы принциптерге туура келиш керек:

  • Индикаторлордун ченемдүүлүгү. Албетте, “экономиканын өнүгүсүү” же “мекемеде паракорлукту азайтуу” деген критерийлер индикатор боло албайт. Анткени, аларды өлчөөгө болбойт. Адамдын боюн өлчөөчү көрсөткүч жок ченей алабызбы? Индикаторлордун ченемдүүлүгү өкмөттүн жумушун калыс жана объективдүү баалоо үчүн керек. Ченелген индикаторлор өкмөттүн чыныгы жасалган жумушун көрсөтүп, баалоодо жеке пикирди азайтат.
  • Мекеменин максатына байлануу. Мекеменин эффективдүүлүк индикаторлору мекеменин негизги максатына байланышы керек.
  • Акыркы керектөөчү гана баалайт. Эффективдүүлүк индикаторлор өкмөттүн тейлөөсүнүн акыркы керектөөчүлөрүнүн баалоосуна таянышы зарыл, б.а. салык төлөөчүлөргө. Ар бир мекеме өзүнүн акыркы керектөөчүлөрүн аныктайт.
  • Индикторлорду башка өлкөлөрдүн индикаторлору менен салыштырмалуулугу, жыйынтыкты аныкташ үчүн жана салыштырма анализ үчүн керектелет.

Экономика министрлигинин 7 эффективдүүлүк индикаторлорун айтып кеткен принциптери менен кошо карап көрөлү:

  1. Экономикага келген жеке инвестицииялардын көлөмү – Колдоого татыктуу индикатор, ченеп же башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырсак болот.
  2. Экономикага келген мамлекеттик инвестицииялардын көлөмү – Биринчи индикаторго карама-каршы келет. Мамлекеттик инвестициялардын негизги булагы – салык төлөөчүлөрдүн каражаты, б.а. мамлекеттик инвестициялардын көбөйүшү жеке ички инвестициялардын азайышына алып келет. Башыбыздан өткөн тажрыйбага ишенсек мамлекеттин эффективдүү инвестор болушуна шек пайда болот. Бул көрсөткүч тышкы карыздын, ички карыздын, салыктын көбөйүшүнүн себеби болуп калышы мүмкүн. Мындай абал өлкөнүн макроэкономикалык стабилдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет.
  3. Чоң ишмерликтин катталган/иштеген субъектилеринин саны.
  4. Кичине жана орто ишмерликтин катталган/иштеген субъектилеринин саны – Акыркы эки көрсөткүч министрликтердин эффективдүүлүк индикатору боло алышпайт. Анткени, ишкерликтин субъектилеринин саны ар кандай факторлорго көз каранды.
  5. Тышкы сооданын өсүү темпинин көлөмү – Колдоого татыктуу индикатор.
  6. Соода балансындагы экспорт-импорт маанисинин өзгөрүшү – Колдоого татыксыз индикатор, анткени терс соода балансы жаман кубулуш эмес. Америкада жана Европанын көп өлкөлөрүндө көп жылдардан бери терс соода балансы байкалып келе жатат. Товардын кайсы мамлекетке бара жатканы маанилүү деле эмес, негизгиси – товардын агымынын көлөмү.
  7. Административдик баръерлерди кыскартуу: лицензиялар, уруксаттар, чектөөлөр – Абдан маанилүү чара. Бирок мекеменин жумушунун узак мөөнөттөгү көрсөткүчү боло албайт.

Эмне үчүн бул көрсөткүчтөр экономика министрлиги тарабынан эффективдүүлүк индикаторлордун катарына кирген эмес:

  • Ар бир жаранга болгон ИДПнын көрсөткүчү?
  • Тышкы түз инвестициялардын көлөмү (FDI)?
  • Экономика министрлигинин жумушу кандай даражада ишкерлерди канааттандырат?

Өкмөттүн объективдүү эффективдүүлүк индикатору катары эл аралык рейтингдер боло алат. Эл аралык рейтингдин жыйынтыгы изилденген маалыматтарга таянат. Карамагыбызда ар кайсы тармактагы көптөгөн эл аралык рейтингдер бар. Булар өздөрүнүн отчетунда Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн колдонот. Эл аралык рейтингдер өкмөттүн негизги эффективдүүлүк индикатору болушу мүмкүн (коомдун/салык төлөөчүлөрдүн ишенүү индекси менен биргеликте).

Эффективдүүлүк индикаторлор жөнүндө маалымат чогулткан уюмдар өкмөттөн көз каранды болушу керек. Бул объективдүү жана актуалдуу индикаторлордун милдеттүү шарты болуп саналат. Мисалы, коомдун ишенүү индексин мамлекеттик орган жана өкмөт менен байланышкан мекеме изилдебеши керек. Бул көрсөткүчтү изилдөө үчүн кадыр баркы бар жана бул тармакта таанылган мекеме жасоосу керек. Мисалы, “Gallup Media” деген компания коомдук сурамжылоону дүйнөнүн 140 өлкөсүндө жүргүзөт.

Read the full story »

Кыргызстанды каржылап келе жаткан финансылык уюмдар
Written by Рысбек Арунов, Wednesday, 28 Dec, 2011 – 10:47 | No Comment

Эгемендикти алган жылдары, Кыргызстанда экономикалык абал ич жылытаарлык эмес экенин баары эле билсе керек. Орусиянын борборунан каржыланып келген Кыргыз өкмөтү, көз карандысыздыкты алганда, аябай кыйын кезеңге туш болуп, өлкөнүн бюджети жада калса социалдык тармакта иштеген адамдардын айлык маянасын төлөгөнгө шайманы келбей калган.

Ошондой кыйын кезеңде, өлкөнүн туңгуч президенти А.Акаев жана Легендарлуу Парламенттин чечимдери аркылуу  Кыргызстан бир нече эл аралык уюмдардын мүчөсү боло алды.

Гиперинфляциянын деңгээли өсүп, товарлардын жетишсиздиги күч алып, кыргыз эли кыйналып турган убакта, 1992-1994 жылдар аралыгында Кыргызстан Эл аралык Валюта Фондуна, Дүйнөлүк Банкка, Азия Өнүктүрүү Банкына ж.б.уюмдарга мүчө болуп кире алды. Жогорудагы уюмдардан көптөгөн финансылык каражаттарды алып, өлкөдө болуп жаткан абалды контролдоого чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Стабилдүүлүктүн орун алышы менен өлкөнүн экономикасы базар экономикасына акырындык менен өткөрүлүп, көптөгөн жаңы реформалар жүргүзүлүп баштаган. Бирок, кайдан-жайдан туңгуч президентибизди теке сүзүп, абал такыр башка нукка өзгөрүлө баштады.

Ар кайсынын башын айтып, жыл сайын эл аралык финансылык уюмдардан кредиттерди, гранттарды ала берип, келген каражаттарга өлкөгө пайдалуу эч нерсе жазалган эмес. Анысы аз келгенсип, мамлекеттин тышкы карызы канча бир миллиард долларга өскөн.

Эмесе, ар бир уюмду алып карап көрө турган болсок, эң биринчилерден болуп 1992 жылы 8 майда Эл аралык Валюта Фондуна мүчө болгонбуз. Бул уюм инфляциянын төмөндөшүнө, банк секторунун туруктуулугуна, тышкы карызды башкарууга кошкон салымы өтө чоң. 2007 жылга чейин Кыргызстандын бул уюмга болгон карызы 103 млн.$ түзгөн.

Ал эми Дүйнөлүк Банкка дагы 1992 жылы мүчө болуп кирип, Кыргызстандагы көптөгөн тармактар үчүн чоң жардамдар көргөзүлгөн. Мисалы , 1992 жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы каражаты 832 млн.$түзгөн 42 чоң проекттер ишке ашырылган. Кошумчалай кетчү нерсе, бул банк аркылуу берилген пайыссыз кредиттердин мөөнөтү 40 жылды түзөт.

Азия Өнүктүрүү Банкына 1994 жылы мүчө болуп, бул банктан 603,5 млн.$ карыз акча алган экенбиз. Ал акчалардын көбү айлана-чөйрөнү коргоого, жеке сектордун өсүүсүнө, инвестиция тартууга кеткен экен.                                                                                    

АКШнын Эл Аралык Өнүктүрүү Агентствосуна (USAID) 1992 жылы мүчө болуп катталып,ал уюмдун жардамы аркылуу көптөгөн тармактарга чоң жардамдар көргөзүлүп келе жатат. Мисалга алсак, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүдө, билим берүү тармагында, айыл чарба секторунда, экономикалык саясатты жүргүзүүдө, медициналык жардам көргөзүүдө, энергетика секторуна материалдык жана финансылык жардамдарын көргөзүп келе жатат.

Германиянын Эл Арылык Байланыщ боюнча коому (GIZ) 1992 жылы ачылып, экономикалык өнүгүүнү, укук жана сот реформаларды, саламаттыкты сактоону, баңги заттарды колдонуу жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүдөгү, билим берүү тармагында реформаларды ж.б. колдоодо салымы чоң.                                                                                  

Европанын Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкына 1993 жылы  мүчө болуп, азыркы убакка чейин Кыргыз Өкмөтүнө 250млн.евродон ашык каражат бөлүп берген. Бишкекте жайгашкан Хаят мейманканасынын ремонттолушуна, Ысык-Көл областындагы электр зымдарынын алмаштырылышына ж.б.ушу сыяктуу проекттерди колдоп келе жатат.

Булардан тышкары Кыргызстанда Сорс Фонду, Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык уюму (ОБСЕ), Ага Хан фонду, ТИКА уюму, Жапониянын Эл Аралык Кызматташтык Агентствосу (JICA) ж.б.уюмдар иш алып барышат.

Кыргызстанда канчалаган эл аралык финансы уюмдары финансы каражаттарын бөлүп, пайызсыз кредит жана гранттарын берип келе жатышат. Кыскача айтканда, алар берген каражаттарга биздин өлкө жашап келе жатат десек туура болчудай.

Ошол берилген каражаттар туура жолдо, өз нугунда жумшалдыбы? Жок, алар мамлекеттин пайдасына эмес, кичинекей бир кландын же топтун чөнтөгүнө кетип, бүгүнкү күндө 19 кылымга кайтып бара жатабыз. Энергетика сектору жедеп эскирип, акыркы күндөрдөгү жемишин берип жатат.

Областтар, райондор аралык жолдор мышык ыйлачу абалга келип жетти. Азыр соо адамды издеп таппайсың, жашынан баштап картаңына чейин оорулуулар.

Абактардагы кыйноолор күчүп алып бара жатат, баңги затынын тегерениши, аларды колдонуучулардын саны күндөн күнгө өсүп жатат.

Кыскасы бизге жардам берип келе жаткан финансылык уюмдарга рахмат айтабыз, бул жакшы жагы. Ал эми тышкы карызыбыз күндөн күнгө өсүп, биздин жепжутаарларды байытып жатат. Минтип отурсак, бир күнү баары тең акча бербей койсо, чоңдорубуз өз жарандарын сата баштайбы?

Өкмөт жаңы түзүм менен эффективдүү иштей алабы?
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 21 Dec, 2011 – 12:47 | No Comment

Коомчулуктун кароосуна өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоору сунушталды. Жаңы долбоор өкмөттүн ишин оптималдаштырабы же кезектеги пайдасыз өзгөртүү катары кала береби?

Жаңы долбоордо министрлик статусундагы 5 мекеме алынып салынды:

  1. Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги
  2. Табигый ресурстар министрлиги
  3. Социалдык коргоо министрлиги
  4. Мамлекеттик мүлк министрлиги
  5. Суу чарбачылыгы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети

Алынып салынган министрликтердин милдеттери башка мекемелерге өткөрүлдү. Натыйжада 20 министрликтен 15 министрлик калат. Алынып салынган министрликтер эффективдүү иштебегендигин жана алардын министрлик статусу акталбаганын буга чейинки  тажрыйбалар далилдеди.

Алынып салынган министрликтердин кызматкерлери жана бул министрликтерге тиешеси бар мекеме­уюмдар бул долбоорго каршы чыгып жатышат. Белгилей кетсек, 5 министрликтин милдеттерин башка мекемелерге өткөрүп берүү жоюлган мекемелердин милдеттерин аткарууга таасирин тийгизбейт.

Эффективдүү эмес министрликтерди жоюп салуу жана өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу аракети колдоого алаарлык иш. Бирок эффективдүү эмес мекемелердин тизмеси дагы деле ачык, сунушталган өкмөттүн түзүмү көлөмдүү бойдон калып жатат. Бул оптималдаштыруу процессинин башталышы экенинен үмүт бар.

Маданият министрлигине туризм тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттерин өткөрүп берүү бир катар суроолорду пайда кылат. Экономика тармагын маданият менен алектенген мекемеге өткөрүп берүүнүн эмнеги кереги бар? Маданият министрлигин агенттикке которуш керек, анткени анын министрлик статусу өтө бийик жана өзүн актаган эмес. Жаңы түзүмдө Жаштар министрлиги калды. Ал эми анын түзүлүшү өз убагында популисттик кадам болгон.

Жаңы түзүм профилдик мекемелерде милдеттердин консолидациясын камсыз кылат деген божомол бар. 6 мекеменин инспекциялык жана көзөмөл милдеттери Мамлекеттик техникалык инспекциясында бириктирилген. Тамак-аш жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында башка мекемелердин инспекциялык милдеттери бириктирилет. Профилдик мекемелерде милдеттердин консолидациясы – жакшы тенденция, бирок бул мекемелерге милдеттерди өткөрүү менен коррупциялык агымдар көбөйүшү мүмкүн деген коркунучтар бар.

Экономиканын өнүгүшүнүн жоопкерчилигин персонификациялоо менен премьер-министр башында туруп, аны бүткүл өкмөткө өткөрүп бериши керек. Мүмкүн, 4 вице-премьер-министрдин болушу саясий максат менен керек болгондур.

Read the full story »

Кыргызстандын тышкы карызы
Written by Рысбек Арунов, Monday, 19 Dec, 2011 – 14:31 | No Comment

Ушул убакка чейин чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан, дүйнөлүк жана регионалдык банктардан канчалаган пайызсыз кредитинда, пайызы бар кредитин алып келе жатабыз, ал келген финансы каражаттарынын мамлекет, эл үчүн иштегенин эч ким көрө элек.

Ал каражаттар кумга сиңген суудай болуп, жок болуп кетти. Кайда, кантип жумшалганын эч ким билбейт. Бирок, ар бир грант, кредит келгенде, өлкөбүздө бийликтин жогорку бутагында отурган адамдар, кандайдыр бир түшүнүксүзбү же сыйкырдуубу себептердин айынан байый түшөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын карызы болжолдуу эсеп менен 3млрд.$ жетти, анын 2,8млрд.$ тышкы карыз болсо, 250млн.$ ички карызды түзөт. Жакынкы убакта дагы кредиттер берилээри белгилүү болуп калды. Алар CASA-1000 проектисинин негизинде Дүйнөлүк Банк тарабынан 200 млн.$, ЕврАзЭС уюмунун Кризиске каршы фонду тарабынан 106,7млн.$ берилээри күтүлүп жатат.

Жыл сайын биздин өкмөт тыштан карыз алат, ал эми аларды төлөш керек экени, эч кимди ойлондурбайт. Баарыбыз тең бүгүнкү күн менен жашап келе жатабыз. Бул карыздарды төлөө мөөнөтү 2015-2020 жылдарга туура келет, бул жөнүндө эч кимдин да башы оорубайт.

Акыркы убактары бюджеттин тартыштыгынан, кен байлыктарыбызды жол салганга, тышкы карызыбызды кечкенге же болбосо кандайдыр бир проектти ишке ашырыш үчүн кен байлыктарыбызды акчага алмашкан атабыз.

Жаңы келген президентибиз Американын Транзиттик Жүк Ташуу борборун жабам деп жар салып чыкты, мунун артында чоң проблемалар жатканынын айгиленейт. Аны жапканда, эл аралык финансы уюмдары, мамлекеттик эмес уюмдар ж.б.организациялар жабылып, бизди эмне күтүп турганы белгисиз.

Быйыл Транзиттик Жүк Ташуу борборунан түшкөн финансылык каражаттар 211 млн.$ түзгөн, анын ичинде ижара акысы да, ж.б.чыгымдары камтылган.

Айтор, карыз акча ала берип, бир уюмдан же мамлекеттен көз каранды болуп калышыбыз, мени аябай өкүндүрөт.

Мындай карызды кийин кантип төлөп беребиз, ушундай араң жан экономикабыз менен. Канчалаган мамлекеттер бар, уулуу таштандыларын кайда көмөөрүн билбеген. Качандыр убакта, бизге алар карызыңарды кечебиз, силердин жерге калдыктарды көмөлү десе, биздин саткын саясатчыларыбыз макул болоорунан эч шек санабайм.

Ансыз да элибиз араң жашап, өз жанын өзү багып, оокат кылып жүрүшөт. Мамлекетибизде чечилбеген көйгөйлөр аябай көп. Ошол келген каражаттарды туура пайдаланып, чоңдор өз чөнтөгүн ойлобой, элдин көйгөйүн чечип берсе, пайдалуурак болмок.

Сот бийлигинин мышык ыйлачудай абалы
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 10 Dec, 2011 – 15:42 | No Comment

Кыргызстанда бийлик бутактарынын бири болуп сот бийлиги саналат. Сот бийлигинин өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп – көз карандысыздыгы саналат. Ушу күнгө чейин, Кыргызстандагы сот бийлиги, бийликтин башка бутактарына көз каранды болуп, чечимдерди бирөөнүн кызыкчылыга чечип берип, элдин бул бийликке болгон ишенимин төмөндөтүп келет.                                                                                                                                 

2005, 2010 жылдардагы бийлик алмашуулардын бирден-бир себеби, сот системасынын паракорчулукка батып кеткени, соттордун өз алдынча чечим чыгара албай, бийликтин айтканын аткарып, бийликке коопсуздук туудурган адамдарды бийликтен четтетип, көзүн тазалаганга чоң жардам берип келген.

Мындан тышкары, бийликтегилердин күчтүү бийлигин түптөгөнгө, алардын кызыкчылыктарын коргогон бир чөнтөк органына айланып калган.

Тээ көз карандысыздыкты алган жылдардан тартып эле сот системасында реформа жазап эле келе жатабыз, анын бир убайын көрө да элекпиз. Тескерисинсе, пайдасынан зыяны көбүрөөк тийип жатат. Чыныгы өз ишин билген профессионал соттор келбей, коррупционер, билим деңгээли төмөн адамдар элдин тагдырын чечип жатканы, ар бир кыргыз атуулун өкүндүрөт.                                                                                                              

Сотторду тандоодо жердешчилик, урук-тууганчылык, досчулук, акча берүү кызыкчылыгына басым жасалып, сот системасынын ирип-чиришине алып келди.

Акыркы убактагы мисалды эле алсак, сотторду тандоо кеңешинин толук кандуу иштебей жатышы, бийликтеги кандайдыр бир топтордун кызыкчылыгынан көз каранды экенин көрсөтүп койду.

Негизи, сот бийлиги эч кимден көз каранды болбош керек. Тилекке каршы андай болбой, аларды президенттин администрациясы же парламент башкарып келет. Мындай учурда эч качан чыныгы чечим чыгарылбай, көптөгөн бейкүнөө адамдар темир тор артына кетүүдө.

Мисалы, “карга карганын көзүн чокубайт” деген принципте иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен соттордун ортосунда кандайдыр бир ымалашуу болуп, адамдарды кыйнаган деген берене менен соттолуп жаткан милиция кызматкерлеринин акталышы, Бишкек шаарынын мэринин баласынын акталашы, 7 апрель окуясы, Ош коогалаңынын иштери каралбай жатканы энени түшүндүрөт?

Мындай мисалдар бизде өтө көп. Ушундай иштерди караган соттордун жашаган үйлөрүн, айдаган машиналарын карасаң, замандап, акыркы үлгүдөгү машиналар. Айына 30миң сомдон алышса, мындай кымбат машиналарды, үйлөрдү кайсы акчага алып жатышат? Ар бир каралган ишке пара алып жатышса, ушунтип кутурганга шарттар түзүлөт турбайбы.

Эмне үчүн сотторду тандоо кеңеши ушундай жактарын карашпайт тандап жатканда? Эч  түшүнүксүз.

Кыргызстанда таза сот бийлигин курууга болот, ал үчүн бир гана адамдын (Президенттин) эрки, каалоосу болсо, ишке ашырса болот. Мисал Грузия мамлекетин алсак, М.Саакашвилинин эрки күчтүүлүгүнөн канчалаган реформалар жасалды.

Ошондуктан, жаңы шайланган президентибизден үмүтүбүз чоң. Ал элдин ишеничин актаар деген ойдомун.

Кыргыз элинин байлыгын соргон коррупция
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 3 Dec, 2011 – 14:08 | No Comment

Канча жылдан бери эле коррупция менен күрөшүп келебиз, бир да пайда чыккан жок. Ар бир жаңы келген жетекчи, сөзсүз коррупция менен күрөшөм, кыскартам, жоготом деп, элдин көңүлүн көтөрүп келет.

Ошенткени менен бир да жетекчи алгылыктуу иш жасаганын көргөн жокпуз. Тескерисинче, коррупциялык схемаларга жол ачып, өз чөнтөгүн толтургандан башка эч нерсе кылынбай келет.

Бул жолу да жаңы шайланган президентибиз  коррупция менен күрөшөм, кыскартам деген сөзүн айтты. Муну эми убакыт көрсөтөт.

Кыргызстанда бүт жерден коррупцияны кездештирүүгө болот, жаңы төрөлгөн баланы төрөткөн адамга да акча берсек, кийин бала бакчага барганда, ал жакка киргизүү үчүн акча сурашат, анан мектеп, жогорку окуу жайлары, жумуш, жада калса адам өлгөндө да жерди сатышат, мунун баарын коррупцияга кошууга болот.

Ал эми мамлекеттик жогорку органдарды, депутаттарды, сотторду ж.б.коррупцияга малынганын айтпай эле коёлу. Кээ бир эксперттердин айтуусу боюнча коррупциянын жылдык айлануусунун суммасы, мамлекеттин бюджетинин 50% ашып кетет экен.               

Transparency International уюмунун жаңы баяндамасында айтылгандай, биздин мамлекет дүйнө жүзүндөгү эң коррупцияга баткан өлкөлөрдүн катарында. 2011 жылдын отчетунда 182 мамлекеттин ичинен 164 оорунду ээледи. Жогорудагы көрсөткүч өтө өкүнүчтүү.

Акыркы убактардагы нурданган көмүрдүн келиши, сотторду тандоо кеңешинин алдыга жылбай жатышы, премьер министр болом деп акча чачып жаткан кандидаттардын кылган кылыктары мисал боло алат коррупцияга.

Коррупциянын өсүшүнүн негизги себептеринин бири катары айлык маяналарынын аздыгы, трайбализмдин өсүшү, билим деңгээлинин төмөндүгү, чыныгы профессионал жумушчулардын кылган ишинин бааланбагандыгы, коомдун жогорку жана төмөнкү катмары деп бөлүнүшүнүн негизинде келип чыгып жатат.

Коррупцияны кыскартуу ар бир коомдун катышуучуларынын өзүнөн көз каранды.Адамдар өздөрү акча бербесе, кээ бир мамлекеттик органдар өздөрү сурашпайт.

Бизде ким коррупционер, ким таза экенин жөн эле билсе болот. Аны үчүн мамлекет башчы өзү таза болуусу зарыл. Анан салык, прокуратура, сот, укук коргоо органдарын тазалап, баардыгын бириктирип бир комиссия түзүп, шаарга чыгып чоң, кымбат машиналар менен жүргөндөрдү, алардын эки кабатүйлөрүн текшкерсе, коррупционерлерди бир айдын ичинде кармаса болот.

Эгер ал кармалган адам чындыгында ошол менчиктерин мыйзам чегинде далилдеп бере алса, анда ал таза иштеген. Эгерде аны далилдей албаса, мамлекетке конфискация кылганга укук бериш керек. Ошондо коомдо өзгөрүүлөр болуп, мамлекетибиз өнүгүшү мүмкүн, эгер андай болбосо, эски таз кейпибизди кийип отура беребиз.

Бюрократиялык механизмдерди кескин түрдө кыскартуу керек. Мисалы бизнес ачам деген адамга канчалаган кереги жок документтерди чогултуу керек, жана алар канча күндү талап кылат. Аны күтпөйм деген адам. атайын бир суммадагы акча берип, убакытты үнөмдөп, тез бүтүргөнгө шарттар бар. Мунун баары коррупциялык схемалар.

Ушундай эле мисалдарды каржы сферасында, тендер өткөрүүдө, машинаны техникалык кароодон өткөрүүдө кездештирүүгө болот.

Айтор, коррупция мамлекеттин канын сүлүк курттай эле соруп жатат. Мындай нерседен тез аранын ичинде арылуубуз зарыл. Аны үчүн реалдуу реформаларды жасап, жаш, таза кадрларды тартуу керек.

Сүрөт  Time.kg сайтынан алынды.

Коррупция
Written by adilet, Monday, 28 Nov, 2011 – 12:29 | No Comment

Коррупциянын деңгээли боюнча байгелүү орунга татыктуу экенбиз

20 жылдан бери 2 президент баш болуп пара алып, сатылбаса өзүнөн – өзү коррупция гүлдөмөк эмес. Дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин иликтеген «Transparency international” эл аралык уюмунун маалыматы боюнча 2005-жылы өлкөбүз коррупция боюнча 163 өлкөнүн ичинен 142 – орунга, 2007 – жылы 180 мамлекеттин ичинде 150 – орунга, 2008 – жылы 180 мамлекеттин ичинен 160 – орундарды ээлеген. Ал эми 2010 – жылы Кыргызстан байкоо салынган 180 мамлекеттин ичинен 166 – орунду ээледи. Буга Кыргызстандын мамлекеттик кызматчылары менен саясатчыларынын арасында коррупциянын өтө жогору деңгээлде өнүккөндүгүнө негиз берет. Бакиевдин 5 жылдык башкаруусунда биздин өлкө 38 орунга артка жылып, эң коррупцияланган мамлекеттердин катарына кирген. Жаңы бийлик келип, кандайдыр бир алга умтулуу болот деп ишенгем, бирок бир жарым жылдан берки башкарууну көрүп, коррупцияны бул бийлик жеңээрине ишенбей деле калдым.

Балык башынан сасыйт дегендей. Жогорку бийликте турган адамдар таза болмоюнча коррупцияны жоготуш абдан кыйын. Менин оюмча жаңы муун гана жаңы Кыргызстанды кура алат. Мисал катары Сингапур, Эстония, Монголияны алсак болот. Бул мамлекеттерде жаш лидерлер бийлике келип, жаңы реформаларды жүргүзүшүп, мамлекетти өнүктүрүшкөн. И.Раззаковдун “мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” деген сөздөрү менен бул макала аркылуу азыркы атка минерлерге кайрылып кетет элем.

Коррупциядан болгон зыян

  • Мамлекеттик мүлктү, акчаны туура эмес пайдалануу
  • Салыктардын жоголушу
  • Жеке ишкерлердин банкрот болушу
  • Өлкөгө келген инвестиуиянын азайышы
  • Экономиканын өнүгүүсүнүн токтошу
  • Тейлөөнүн сапатынын томөндөшү
  • Социалдык теңсиздиктин өсүүсү
  • Уюшкан криминалдык топтун күч алуусу
  • Элдин турмушунун төмөндөшү
  • Кедейлердин көбөйүшү

Коррупциянын тарыхы

Коррупциянын тамыры адамдардын алгачкы коомуна таандык болуп кетет экен. Ошондо эле элдер өздөрүнүн жол башчысына ар кандай нерселерди белек түрүндө беришкен. Убакыттын өткөнү менен бул салтка айланып, белек милдеттүү түрүндө берилип калган. Мамлекет пайда болуп, бийликтин күч алуусу менен мамлекеттик кызматкерлер ээлеген кызматын өз кызыкчылыгына пайдаланып, ар кандай параларды алып башташкан.

ХVIII кылымдан баштап батышта коомдун коррупцияга болгон көз карашы чоң өзгөрүшкө дуушар болгон. Либералдык өзгөрүүлөр “мамлекеттик бийлик эл үчүн кызмат кылат жана бийликти эл баккан үчүн чиновниктер мыйзамды сактоого милдеттүү” деген лозунг менен өткөн.

Экологиянын бузулушу менен ар кандай оорулар көбөйүүдө
Written by Рысбек Арунов, Tuesday, 22 Nov, 2011 – 14:34 | No Comment

Жаратылыштын эң биринчи душманы – адам деп бекеринен айтылбаса керек. Ушу убакка чейин болгон экологиялык катастрофалардын баары адамдар тарабынан жасалып келген. Кээ бири жөн гана эрежени сактабагандыктан болсо, кээ бири жаратылыштын кесепетинен, башкалары атайылап жасалып келген.

Акыркы Япония өлкөсүндө жаратылыштын кесепетинен болгон катастрофа, ар бир адам баласын ойлондурбай койбойт. Айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу, ар бирибиздин колубузда.

Эколгиянын бузулушу менен дүйнө жүзүндө ар кандай айыкпас оорулардын түрлөрү көбөйүп, эң бир көйгөйлүү маселеге айланууда.

Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер менен бирге, биздин өлкөдө да экологиялык проблемелардын айынан, ар кандай оорулар менен ооруган адамдар күн санап көбөйүүдө.

Буга эң биринчи кезекте Советтер союзунан калган уран калдыктары көмүлгөн жерлер, ар кандай жер семирткичтер, уулуу заттар, өндүрүш жайларынан чыккан калдыктар, авто унаалардан чыккан ар кандай уулуу газдар, суунун кирдеши себеп болуп жатат.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 55 калдыктар сакталган жерлер жана 85 кенди иштетүүгө жараксыз жерлер бар. Анын ичинен 31 калдыктар сакталган жерлер жана 25 кенди иштетүүгө жараксыз жерлерде уран калдыктары сакталган.

Булардын көбү адамадар жашаган айылдарга, шаарларга жакын көмүлгөн. Мисалы: Майлуу-Суу, Миң-Куш, Сумсар, Каджи-Сай, Ак-Түз шаарларын алсак болот.

Бир гана Каджи-Сай шаарчасын алсак, Ысык-Көлдөн 1,5км гана алыстыкта сакталып турат. Эгерде жаратылыш кырсыктары боло турган болсо (жер көчкү, суу каптоо, жер титирөө), ким кепилдик берет,анын калдыктары көлгө кошулбайт деп.

Ушу калдыктар сакталган жерлер жыл сайын каралып, кайтарылып турууга тийиш. Бирок мамлекет буга эч көңүл бөлбөй келет. Ушундай шаарларда жашаган адамдар жүрөк, кан-тамыр, рак оорулары менен ооругандар боюнча биринчи орунда келишет.

Мындан тышкары айыл чарбасында жер cемирткич катары ар кандай пестициддер колдонулууда. Жыл санап алардын көлөмү да көбөйүүдө. Бул да жер кыртышынын бузулушуна, оорулардын пайда болушуна жол ачууда.

Ал эми авто унаалардын жалпы республика боюнча саны болжол менен жарым миллионго жакын. 2010 жылы техникалык кароодон 444 миң авто унаа өткөн. Андан бери 500миңге жакындап калды.

Ушунча авто унаадан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын бир жылдык эсеби 198 миң тоннаны түзөт экен. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча акыркы 5 жылдан бери абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын жалпы санын, өлкөдө жашаган баардык адамдарга бөлгөндө, ар бир адамга 7кг зыяндуу зат туура келет экен.

Дагы кошумчалай кетчү нерсе, Бишкек шаарынан 10км алыстыктагы таштанды көмүүчү жер бар, ал өтө коопсуздуу болуп саналат шаардын тургундары үчүн. Ал 1972 жылы ачылган, 10 жылдык мөөнөткө. Бирок андан бери 40 жыл өттү.

Аны башка жерге көчүрүү маселеси турат алдыда. Анын тегерегиндеги жаңы конуштарда жашаган адамдар, оорунун ар кандай түрлөрү менен оорушарын көп эле угуп жүрөбүз.

Айтор, экологиялык проблемалар бизде абдан көп. Аларды чечүүдө өкмөттүн эч кызыкчылыгы жок. Жогорудагы проблемалар өтө коопсуздуу биз үчүн. Мындай ылдамдык менен кетсек, жакынкы жылдары чоң катастрофага кабылуубуз мүмкүн.

Ар бир болгон жер титирөө, жер көчкү, суу каптоо уулуу калдыктар көмүлгөн жерлерди ачууга, бузууга түрткү берет. Тез арада өкмөт тарабынан чара көрүлбөсө, кийин абдан кеч болуп калат.

Сүрөт fergananews.com сайтынан алынды.

Эскилиги жеткен энергетика тармагы
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 12 Nov, 2011 – 15:12 | No Comment

Негизинен энергетика экономиканын эң бир негизги тармактарынын бири болуп саналат. Биздин мисалда, тескерисинче залалын тийгизип келе жатат. Электр энергиясынын жоготуулары болжол менен 25% түзөт, ал эми уурдагандары менен төлөбөгөндөрү канча?

Ошентсе да Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай мамлекет. Бир гана суунун көлөмү канча. Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттин бир жылдык гидроэнергетикалык потенциалы 142 млрд. кВт/саатты түзөт. Мунун 10% гана колдонулат. Тагыраак айтканда 12ден 14 млрд. кВт/саат. Советтер Союзунун убагында салынган ГЭС, ТЭЦтер толук кандуу иштебей келет. Жедеп эскилиги жетип, толук кандуу оңдоп-түздөө иштерине аябай муктаж.

Мындан тышкары электр энергияларын бөлүштүрүүчү стантциялар, электр линиялары, трансформаторлор ж.б.тетиктери да эскилиги жетип, өзүнүн ресурсун түгөттү десек болот.

Эки мамлекет башчыбыздын убагынан тартып эле энергетика тармагына көңүл бөлүмүш этип, бирок эч кандай майнап чыкпай келди.

Жыл сайын эл аралык уюмдардан, банктардан, өлкөлөрдөн карыздарды ала берип, кыйратаарлык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөйт. Баягы алынган акчалар чоңдордун чөнтөгүнөн ашпайт.

Республика боюнча жалпысынан 12 чоң ГЭСтер бар, андан тышкары чакан ГЭСтерди да кездештирүүгө болот. Келечекте башка мамлекеттер менен биргелешип канчалаган ГЭСтер курулган жатат.

Бирок ушунча ГЭСтерди куруунун бизге кереги барбы? Макул курушсун.Өндүргөн энергияны кайда жана кантип сатат?

Энергияны берүүчү линиялардын эскилиги жетсе, ал энергияларды кантип сатмак эле. Андан көрө биринчи ошо линияларды оңдоп, инфрастуктурасын түзүп, анан ГЭСтерди курушса болмок.

Пакистан, Россия, Казахстан, Китайга электр энергиясын сатабыз деп пландап жатат биздин өкмөт. Аларга кантип сатмак эле эскилиги жеткен тетиктердин жармады аркылуу?

Батыш өлкөлөрүндө мындай чоң каражатты талап кылып, курулган ГЭСтерден эчак эле баш тартышкан. Ал жакта чакан гана ГЭСтерди куруп, каражатты үнөмдөп жатышат. А бизде кереги жок ГЭСтерден дагы деле баш тарта албай жатышат.

Ар бир айылда суудан көп неме жок. Ошо жерлерге чакан ГЭСтерди курса, ал ар бир айылды көз карандысыз кылып, өзүн 20-30 жылдын ичинде эле актамак.

Андайга биздин жетекчилер жол бербейт. Себеби, келген инвесторлордон 10% “шапка” сурап жатса, кимдин эле кургусу келсин.

Ошого карабастан Кытай, Россия мамлекеттеринин биздин энерго тармагына көз артышы, көптөгөн кызыгууларды жаратып келет.

Эмнеси болсо да биздин акылы кыска жетекчилер күнүмдүк байлыкка, бийликке алданбай, эч байлыгызды сатпай, мамлекетке пайда алып келчү энерго тармагын кура алат деп ишенем.

Баскынчылыкка жол ачкан мамлекеттик органдар
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 5 Nov, 2011 – 15:32 | No Comment

Кыргызстанда жеке менчик проблемасы ар бир адамдын жүрөгүн өйгөн маселе. Себеби, өлкөдөгү чоң-чоң бизнес кылган камапаниялардан баштап, кичине жеке ишкерлик менен алек болгон  адамдарга чейин кысымдар көрсөтүлүп келет.

Андай кысымдар криминалдык топтордон баштап, паракорчулукка белчесинен баткан мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп келе жатат.

Кыргыз Республикасынын баш мыйзамында жеке менчик жөнүндөгү нормалар так жана даана көрсөтүлүп турса дагы, ушу күнгө чейин кыйратып эч кимди коргобой келет. Ал мыйзамдар кагаз бетинде эле калып, реалдуу турмушта эч качан иштебейт.

Жеке менчикти коргоо – бул экономиканын өнугүүсүнүн бирден бир булагы болуп эсептелинет. Инвесторлордун келүүсүнө да кепилдик боло алат.

Тилекке каршы өлкөдө болуп жаткан баш аламандыктын айынан инвестор эмес, жөнөкөй адам эс алып келүүдөн коркуп, баш тартып жаткандары канча бүгүнкү күндө.

Өлкө башынан бир эмес, эки төңкөрүштү өткөрдү.  Экөөндө тең чоңдордун мүлкүнөн баштап, карапайым адамдардын мүлкүнө кол салуулар болуп, кылмышка тиешеси бар адамдар бүгүнкү күнгө чейин өз жазасын албай келет.

Төңкөрүштүн аркасы менен келген жетекчилер эски бийликти айыптап, аларга тиешелүү делген менчиктерин өзүнө же туугандарына каттатып алган учурлар абдан көп.

Менчикке кол салууда жеке адамдар, кылмыштуу топтор жасабашы баарыбызга белгилүү. Алар бийликтин жогорку бутактарында отурган аткаминерлердин колдоосунда жасалып келүүдө.

Буга Ак Үй, Көк Үй, сот бийлиги, милициясы, каттоочу органдар ж.б.кошсо болот.

Эң биринчи кезекте көп пайда алып келген кампаниялар, банктар, өндүрүш иш каналары кызыгуу жаратат. Мындай объекттерди атайын бонкрот кылышып, жетекчилерине иш козгоп, алардын туугандарын, балдарын коркутуп үркүтүүнүн жардамы басып алып жатышат.

Мисалы 2005 жылдан кийинки “Вечерний Бишкек” ,КООРТ каналынын 5-канал болуп өзгөртүлүшү ж.б. Ал эми 2010 ж. апрель окуясынан кийинки улутташтырылган объектилер, 5-каналдын Парламенттик болуп өзгөрүшү.

Мындан тышкары канчалаган жер басып алуулар болуп жатат, соодо түйүндөрүндөгү тоноолор – ушунун бирин коргодубу мамлекеттик органдар? Жок, тескерисинче тоноочуларга жол ачып берди!

Ушундай баш аламандыктан, басып алуучулуктан, мыйзамдардын чала бышып, иштебей жатышынан биз кантип өнүгөбүз? Ушу кебетебизди көрүп, кайдагы инвестор келмек эле?

Бирөөнүн мүлкүн тартып алып, эртеси эптеп бийликке келип, тартып алган мүлкүмдү коргосом деген эле адамдар бүгүн Кыргызстанда.

Ушинтип отурсак кыргыздар кырылып калабызго. Абдан кейиштүү абалга келип калдык. Эртеңки балдарыбыздын келечеги кандай болот?