Саясат
Эгемендикти алган жылдары, Кыргызстанда экономикалык абал ич жылытаарлык эмес экенин баары эле билсе керек. Орусиянын борборунан каржыланып келген Кыргыз өкмөтү, көз карандысыздыкты алганда, аябай кыйын кезеңге туш болуп, өлкөнүн бюджети жада калса социалдык тармакта иштеген адамдардын айлык маянасын төлөгөнгө шайманы келбей калган.
Ошондой кыйын кезеңде, өлкөнүн туңгуч президенти А.Акаев жана Легендарлуу Парламенттин чечимдери аркылуу Кыргызстан бир нече эл аралык уюмдардын мүчөсү боло алды.
Гиперинфляциянын деңгээли өсүп, товарлардын жетишсиздиги күч алып, кыргыз эли кыйналып турган убакта, 1992-1994 жылдар аралыгында Кыргызстан Эл аралык Валюта Фондуна, Дүйнөлүк Банкка, Азия Өнүктүрүү Банкына ж.б.уюмдарга мүчө болуп кире алды. Жогорудагы уюмдардан көптөгөн финансылык каражаттарды алып, өлкөдө болуп жаткан абалды контролдоого чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Стабилдүүлүктүн орун алышы менен өлкөнүн экономикасы базар экономикасына акырындык менен өткөрүлүп, көптөгөн жаңы реформалар жүргүзүлүп баштаган. Бирок, кайдан-жайдан туңгуч президентибизди теке сүзүп, абал такыр башка нукка өзгөрүлө баштады.
Ар кайсынын башын айтып, жыл сайын эл аралык финансылык уюмдардан кредиттерди, гранттарды ала берип, келген каражаттарга өлкөгө пайдалуу эч нерсе жазалган эмес. Анысы аз келгенсип, мамлекеттин тышкы карызы канча бир миллиард долларга өскөн.
Эмесе, ар бир уюмду алып карап көрө турган болсок, эң биринчилерден болуп 1992 жылы 8 майда Эл аралык Валюта Фондуна мүчө болгонбуз. Бул уюм инфляциянын төмөндөшүнө, банк секторунун туруктуулугуна, тышкы карызды башкарууга кошкон салымы өтө чоң. 2007 жылга чейин Кыргызстандын бул уюмга болгон карызы 103 млн.$ түзгөн.
Ал эми Дүйнөлүк Банкка дагы 1992 жылы мүчө болуп кирип, Кыргызстандагы көптөгөн тармактар үчүн чоң жардамдар көргөзүлгөн. Мисалы , 1992 жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы каражаты 832 млн.$түзгөн 42 чоң проекттер ишке ашырылган. Кошумчалай кетчү нерсе, бул банк аркылуу берилген пайыссыз кредиттердин мөөнөтү 40 жылды түзөт.
Азия Өнүктүрүү Банкына 1994 жылы мүчө болуп, бул банктан 603,5 млн.$ карыз акча алган экенбиз. Ал акчалардын көбү айлана-чөйрөнү коргоого, жеке сектордун өсүүсүнө, инвестиция тартууга кеткен экен.
АКШнын Эл Аралык Өнүктүрүү Агентствосуна (USAID) 1992 жылы мүчө болуп катталып,ал уюмдун жардамы аркылуу көптөгөн тармактарга чоң жардамдар көргөзүлүп келе жатат. Мисалга алсак, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүдө, билим берүү тармагында, айыл чарба секторунда, экономикалык саясатты жүргүзүүдө, медициналык жардам көргөзүүдө, энергетика секторуна материалдык жана финансылык жардамдарын көргөзүп келе жатат.
Германиянын Эл Арылык Байланыщ боюнча коому (GIZ) 1992 жылы ачылып, экономикалык өнүгүүнү, укук жана сот реформаларды, саламаттыкты сактоону, баңги заттарды колдонуу жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүдөгү, билим берүү тармагында реформаларды ж.б. колдоодо салымы чоң.
Европанын Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкына 1993 жылы мүчө болуп, азыркы убакка чейин Кыргыз Өкмөтүнө 250млн.евродон ашык каражат бөлүп берген. Бишкекте жайгашкан Хаят мейманканасынын ремонттолушуна, Ысык-Көл областындагы электр зымдарынын алмаштырылышына ж.б.ушу сыяктуу проекттерди колдоп келе жатат.
Булардан тышкары Кыргызстанда Сорс Фонду, Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык уюму (ОБСЕ), Ага Хан фонду, ТИКА уюму, Жапониянын Эл Аралык Кызматташтык Агентствосу (JICA) ж.б.уюмдар иш алып барышат.
Кыргызстанда канчалаган эл аралык финансы уюмдары финансы каражаттарын бөлүп, пайызсыз кредит жана гранттарын берип келе жатышат. Кыскача айтканда, алар берген каражаттарга биздин өлкө жашап келе жатат десек туура болчудай.
Ошол берилген каражаттар туура жолдо, өз нугунда жумшалдыбы? Жок, алар мамлекеттин пайдасына эмес, кичинекей бир кландын же топтун чөнтөгүнө кетип, бүгүнкү күндө 19 кылымга кайтып бара жатабыз. Энергетика сектору жедеп эскирип, акыркы күндөрдөгү жемишин берип жатат.
Областтар, райондор аралык жолдор мышык ыйлачу абалга келип жетти. Азыр соо адамды издеп таппайсың, жашынан баштап картаңына чейин оорулуулар.
Абактардагы кыйноолор күчүп алып бара жатат, баңги затынын тегерениши, аларды колдонуучулардын саны күндөн күнгө өсүп жатат.
Кыскасы бизге жардам берип келе жаткан финансылык уюмдарга рахмат айтабыз, бул жакшы жагы. Ал эми тышкы карызыбыз күндөн күнгө өсүп, биздин жепжутаарларды байытып жатат. Минтип отурсак, бир күнү баары тең акча бербей койсо, чоңдорубуз өз жарандарын сата баштайбы?
Коомчулуктун кароосуна өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоору сунушталды. Жаңы долбоор өкмөттүн ишин оптималдаштырабы же кезектеги пайдасыз өзгөртүү катары кала береби?
Жаңы долбоордо министрлик статусундагы 5 мекеме алынып салынды:
- Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги
- Табигый ресурстар министрлиги
- Социалдык коргоо министрлиги
- Мамлекеттик мүлк министрлиги
- Суу чарбачылыгы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети
Алынып салынган министрликтердин милдеттери башка мекемелерге өткөрүлдү. Натыйжада 20 министрликтен 15 министрлик калат. Алынып салынган министрликтер эффективдүү иштебегендигин жана алардын министрлик статусу акталбаганын буга чейинки тажрыйбалар далилдеди.
Алынып салынган министрликтердин кызматкерлери жана бул министрликтерге тиешеси бар мекемеуюмдар бул долбоорго каршы чыгып жатышат. Белгилей кетсек, 5 министрликтин милдеттерин башка мекемелерге өткөрүп берүү жоюлган мекемелердин милдеттерин аткарууга таасирин тийгизбейт.
Эффективдүү эмес министрликтерди жоюп салуу жана өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу аракети колдоого алаарлык иш. Бирок эффективдүү эмес мекемелердин тизмеси дагы деле ачык, сунушталган өкмөттүн түзүмү көлөмдүү бойдон калып жатат. Бул оптималдаштыруу процессинин башталышы экенинен үмүт бар.
Маданият министрлигине туризм тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттерин өткөрүп берүү бир катар суроолорду пайда кылат. Экономика тармагын маданият менен алектенген мекемеге өткөрүп берүүнүн эмнеги кереги бар? Маданият министрлигин агенттикке которуш керек, анткени анын министрлик статусу өтө бийик жана өзүн актаган эмес. Жаңы түзүмдө Жаштар министрлиги калды. Ал эми анын түзүлүшү өз убагында популисттик кадам болгон.
Жаңы түзүм профилдик мекемелерде милдеттердин консолидациясын камсыз кылат деген божомол бар. 6 мекеменин инспекциялык жана көзөмөл милдеттери Мамлекеттик техникалык инспекциясында бириктирилген. Тамак-аш жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында башка мекемелердин инспекциялык милдеттери бириктирилет. Профилдик мекемелерде милдеттердин консолидациясы – жакшы тенденция, бирок бул мекемелерге милдеттерди өткөрүү менен коррупциялык агымдар көбөйүшү мүмкүн деген коркунучтар бар.
Экономиканын өнүгүшүнүн жоопкерчилигин персонификациялоо менен премьер-министр башында туруп, аны бүткүл өкмөткө өткөрүп бериши керек. Мүмкүн, 4 вице-премьер-министрдин болушу саясий максат менен керек болгондур.
Ушул убакка чейин чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан, дүйнөлүк жана регионалдык банктардан канчалаган пайызсыз кредитинда, пайызы бар кредитин алып келе жатабыз, ал келген финансы каражаттарынын мамлекет, эл үчүн иштегенин эч ким көрө элек.
Ал каражаттар кумга сиңген суудай болуп, жок болуп кетти. Кайда, кантип жумшалганын эч ким билбейт. Бирок, ар бир грант, кредит келгенде, өлкөбүздө бийликтин жогорку бутагында отурган адамдар, кандайдыр бир түшүнүксүзбү же сыйкырдуубу себептердин айынан байый түшөт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын карызы болжолдуу эсеп менен 3млрд.$ жетти, анын 2,8млрд.$ тышкы карыз болсо, 250млн.$ ички карызды түзөт. Жакынкы убакта дагы кредиттер берилээри белгилүү болуп калды. Алар CASA-1000 проектисинин негизинде Дүйнөлүк Банк тарабынан 200 млн.$, ЕврАзЭС уюмунун Кризиске каршы фонду тарабынан 106,7млн.$ берилээри күтүлүп жатат.
Жыл сайын биздин өкмөт тыштан карыз алат, ал эми аларды төлөш керек экени, эч кимди ойлондурбайт. Баарыбыз тең бүгүнкү күн менен жашап келе жатабыз. Бул карыздарды төлөө мөөнөтү 2015-2020 жылдарга туура келет, бул жөнүндө эч кимдин да башы оорубайт.
Акыркы убактары бюджеттин тартыштыгынан, кен байлыктарыбызды жол салганга, тышкы карызыбызды кечкенге же болбосо кандайдыр бир проектти ишке ашырыш үчүн кен байлыктарыбызды акчага алмашкан атабыз.
Жаңы келген президентибиз Американын Транзиттик Жүк Ташуу борборун жабам деп жар салып чыкты, мунун артында чоң проблемалар жатканынын айгиленейт. Аны жапканда, эл аралык финансы уюмдары, мамлекеттик эмес уюмдар ж.б.организациялар жабылып, бизди эмне күтүп турганы белгисиз.
Быйыл Транзиттик Жүк Ташуу борборунан түшкөн финансылык каражаттар 211 млн.$ түзгөн, анын ичинде ижара акысы да, ж.б.чыгымдары камтылган.
Айтор, карыз акча ала берип, бир уюмдан же мамлекеттен көз каранды болуп калышыбыз, мени аябай өкүндүрөт.
Мындай карызды кийин кантип төлөп беребиз, ушундай араң жан экономикабыз менен. Канчалаган мамлекеттер бар, уулуу таштандыларын кайда көмөөрүн билбеген. Качандыр убакта, бизге алар карызыңарды кечебиз, силердин жерге калдыктарды көмөлү десе, биздин саткын саясатчыларыбыз макул болоорунан эч шек санабайм.
Ансыз да элибиз араң жашап, өз жанын өзү багып, оокат кылып жүрүшөт. Мамлекетибизде чечилбеген көйгөйлөр аябай көп. Ошол келген каражаттарды туура пайдаланып, чоңдор өз чөнтөгүн ойлобой, элдин көйгөйүн чечип берсе, пайдалуурак болмок.
Кыргызстанда бийлик бутактарынын бири болуп сот бийлиги саналат. Сот бийлигинин өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп – көз карандысыздыгы саналат. Ушу күнгө чейин, Кыргызстандагы сот бийлиги, бийликтин башка бутактарына көз каранды болуп, чечимдерди бирөөнүн кызыкчылыга чечип берип, элдин бул бийликке болгон ишенимин төмөндөтүп келет.
2005, 2010 жылдардагы бийлик алмашуулардын бирден-бир себеби, сот системасынын паракорчулукка батып кеткени, соттордун өз алдынча чечим чыгара албай, бийликтин айтканын аткарып, бийликке коопсуздук туудурган адамдарды бийликтен четтетип, көзүн тазалаганга чоң жардам берип келген.
Мындан тышкары, бийликтегилердин күчтүү бийлигин түптөгөнгө, алардын кызыкчылыктарын коргогон бир чөнтөк органына айланып калган.
Тээ көз карандысыздыкты алган жылдардан тартып эле сот системасында реформа жазап эле келе жатабыз, анын бир убайын көрө да элекпиз. Тескерисинсе, пайдасынан зыяны көбүрөөк тийип жатат. Чыныгы өз ишин билген профессионал соттор келбей, коррупционер, билим деңгээли төмөн адамдар элдин тагдырын чечип жатканы, ар бир кыргыз атуулун өкүндүрөт.
Сотторду тандоодо жердешчилик, урук-тууганчылык, досчулук, акча берүү кызыкчылыгына басым жасалып, сот системасынын ирип-чиришине алып келди.
Акыркы убактагы мисалды эле алсак, сотторду тандоо кеңешинин толук кандуу иштебей жатышы, бийликтеги кандайдыр бир топтордун кызыкчылыгынан көз каранды экенин көрсөтүп койду.
Негизи, сот бийлиги эч кимден көз каранды болбош керек. Тилекке каршы андай болбой, аларды президенттин администрациясы же парламент башкарып келет. Мындай учурда эч качан чыныгы чечим чыгарылбай, көптөгөн бейкүнөө адамдар темир тор артына кетүүдө.
Мисалы, “карга карганын көзүн чокубайт” деген принципте иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен соттордун ортосунда кандайдыр бир ымалашуу болуп, адамдарды кыйнаган деген берене менен соттолуп жаткан милиция кызматкерлеринин акталышы, Бишкек шаарынын мэринин баласынын акталашы, 7 апрель окуясы, Ош коогалаңынын иштери каралбай жатканы энени түшүндүрөт?
Мындай мисалдар бизде өтө көп. Ушундай иштерди караган соттордун жашаган үйлөрүн, айдаган машиналарын карасаң, замандап, акыркы үлгүдөгү машиналар. Айына 30миң сомдон алышса, мындай кымбат машиналарды, үйлөрдү кайсы акчага алып жатышат? Ар бир каралган ишке пара алып жатышса, ушунтип кутурганга шарттар түзүлөт турбайбы.
Эмне үчүн сотторду тандоо кеңеши ушундай жактарын карашпайт тандап жатканда? Эч түшүнүксүз.
Кыргызстанда таза сот бийлигин курууга болот, ал үчүн бир гана адамдын (Президенттин) эрки, каалоосу болсо, ишке ашырса болот. Мисал Грузия мамлекетин алсак, М.Саакашвилинин эрки күчтүүлүгүнөн канчалаган реформалар жасалды.
Ошондуктан, жаңы шайланган президентибизден үмүтүбүз чоң. Ал элдин ишеничин актаар деген ойдомун.
Канча жылдан бери эле коррупция менен күрөшүп келебиз, бир да пайда чыккан жок. Ар бир жаңы келген жетекчи, сөзсүз коррупция менен күрөшөм, кыскартам, жоготом деп, элдин көңүлүн көтөрүп келет.
Ошенткени менен бир да жетекчи алгылыктуу иш жасаганын көргөн жокпуз. Тескерисинче, коррупциялык схемаларга жол ачып, өз чөнтөгүн толтургандан башка эч нерсе кылынбай келет.
Бул жолу да жаңы шайланган президентибиз коррупция менен күрөшөм, кыскартам деген сөзүн айтты. Муну эми убакыт көрсөтөт.
Кыргызстанда бүт жерден коррупцияны кездештирүүгө болот, жаңы төрөлгөн баланы төрөткөн адамга да акча берсек, кийин бала бакчага барганда, ал жакка киргизүү үчүн акча сурашат, анан мектеп, жогорку окуу жайлары, жумуш, жада калса адам өлгөндө да жерди сатышат, мунун баарын коррупцияга кошууга болот.
Ал эми мамлекеттик жогорку органдарды, депутаттарды, сотторду ж.б.коррупцияга малынганын айтпай эле коёлу. Кээ бир эксперттердин айтуусу боюнча коррупциянын жылдык айлануусунун суммасы, мамлекеттин бюджетинин 50% ашып кетет экен.
Transparency International уюмунун жаңы баяндамасында айтылгандай, биздин мамлекет дүйнө жүзүндөгү эң коррупцияга баткан өлкөлөрдүн катарында. 2011 жылдын отчетунда 182 мамлекеттин ичинен 164 оорунду ээледи. Жогорудагы көрсөткүч өтө өкүнүчтүү.
Акыркы убактардагы нурданган көмүрдүн келиши, сотторду тандоо кеңешинин алдыга жылбай жатышы, премьер министр болом деп акча чачып жаткан кандидаттардын кылган кылыктары мисал боло алат коррупцияга.
Коррупциянын өсүшүнүн негизги себептеринин бири катары айлык маяналарынын аздыгы, трайбализмдин өсүшү, билим деңгээлинин төмөндүгү, чыныгы профессионал жумушчулардын кылган ишинин бааланбагандыгы, коомдун жогорку жана төмөнкү катмары деп бөлүнүшүнүн негизинде келип чыгып жатат.
Коррупцияны кыскартуу ар бир коомдун катышуучуларынын өзүнөн көз каранды.Адамдар өздөрү акча бербесе, кээ бир мамлекеттик органдар өздөрү сурашпайт.
Бизде ким коррупционер, ким таза экенин жөн эле билсе болот. Аны үчүн мамлекет башчы өзү таза болуусу зарыл. Анан салык, прокуратура, сот, укук коргоо органдарын тазалап, баардыгын бириктирип бир комиссия түзүп, шаарга чыгып чоң, кымбат машиналар менен жүргөндөрдү, алардын эки кабатүйлөрүн текшкерсе, коррупционерлерди бир айдын ичинде кармаса болот.
Эгер ал кармалган адам чындыгында ошол менчиктерин мыйзам чегинде далилдеп бере алса, анда ал таза иштеген. Эгерде аны далилдей албаса, мамлекетке конфискация кылганга укук бериш керек. Ошондо коомдо өзгөрүүлөр болуп, мамлекетибиз өнүгүшү мүмкүн, эгер андай болбосо, эски таз кейпибизди кийип отура беребиз.
Бюрократиялык механизмдерди кескин түрдө кыскартуу керек. Мисалы бизнес ачам деген адамга канчалаган кереги жок документтерди чогултуу керек, жана алар канча күндү талап кылат. Аны күтпөйм деген адам. атайын бир суммадагы акча берип, убакытты үнөмдөп, тез бүтүргөнгө шарттар бар. Мунун баары коррупциялык схемалар.
Ушундай эле мисалдарды каржы сферасында, тендер өткөрүүдө, машинаны техникалык кароодон өткөрүүдө кездештирүүгө болот.
Айтор, коррупция мамлекеттин канын сүлүк курттай эле соруп жатат. Мындай нерседен тез аранын ичинде арылуубуз зарыл. Аны үчүн реалдуу реформаларды жасап, жаш, таза кадрларды тартуу керек.
Сүрөт Time.kg сайтынан алынды.
Коррупциянын деңгээли боюнча байгелүү орунга татыктуу экенбиз
20 жылдан бери 2 президент баш болуп пара алып, сатылбаса өзүнөн – өзү коррупция гүлдөмөк эмес. Дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин иликтеген «Transparency international” эл аралык уюмунун маалыматы боюнча 2005-жылы өлкөбүз коррупция боюнча 163 өлкөнүн ичинен 142 – орунга, 2007 – жылы 180 мамлекеттин ичинде 150 – орунга, 2008 – жылы 180 мамлекеттин ичинен 160 – орундарды ээлеген. Ал эми 2010 – жылы Кыргызстан байкоо салынган 180 мамлекеттин ичинен 166 – орунду ээледи. Буга Кыргызстандын мамлекеттик кызматчылары менен саясатчыларынын арасында коррупциянын өтө жогору деңгээлде өнүккөндүгүнө негиз берет. Бакиевдин 5 жылдык башкаруусунда биздин өлкө 38 орунга артка жылып, эң коррупцияланган мамлекеттердин катарына кирген. Жаңы бийлик келип, кандайдыр бир алга умтулуу болот деп ишенгем, бирок бир жарым жылдан берки башкарууну көрүп, коррупцияны бул бийлик жеңээрине ишенбей деле калдым.
Балык башынан сасыйт дегендей. Жогорку бийликте турган адамдар таза болмоюнча коррупцияны жоготуш абдан кыйын. Менин оюмча жаңы муун гана жаңы Кыргызстанды кура алат. Мисал катары Сингапур, Эстония, Монголияны алсак болот. Бул мамлекеттерде жаш лидерлер бийлике келип, жаңы реформаларды жүргүзүшүп, мамлекетти өнүктүрүшкөн. И.Раззаковдун “мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” деген сөздөрү менен бул макала аркылуу азыркы атка минерлерге кайрылып кетет элем.
Коррупциядан болгон зыян
- Мамлекеттик мүлктү, акчаны туура эмес пайдалануу
- Салыктардын жоголушу
- Жеке ишкерлердин банкрот болушу
- Өлкөгө келген инвестиуиянын азайышы
- Экономиканын өнүгүүсүнүн токтошу
- Тейлөөнүн сапатынын томөндөшү
- Социалдык теңсиздиктин өсүүсү
- Уюшкан криминалдык топтун күч алуусу
- Элдин турмушунун төмөндөшү
- Кедейлердин көбөйүшү
Коррупциянын тарыхы
Коррупциянын тамыры адамдардын алгачкы коомуна таандык болуп кетет экен. Ошондо эле элдер өздөрүнүн жол башчысына ар кандай нерселерди белек түрүндө беришкен. Убакыттын өткөнү менен бул салтка айланып, белек милдеттүү түрүндө берилип калган. Мамлекет пайда болуп, бийликтин күч алуусу менен мамлекеттик кызматкерлер ээлеген кызматын өз кызыкчылыгына пайдаланып, ар кандай параларды алып башташкан.
ХVIII кылымдан баштап батышта коомдун коррупцияга болгон көз карашы чоң өзгөрүшкө дуушар болгон. Либералдык өзгөрүүлөр “мамлекеттик бийлик эл үчүн кызмат кылат жана бийликти эл баккан үчүн чиновниктер мыйзамды сактоого милдеттүү” деген лозунг менен өткөн.
Жаратылыштын эң биринчи душманы – адам деп бекеринен айтылбаса керек. Ушу убакка чейин болгон экологиялык катастрофалардын баары адамдар тарабынан жасалып келген. Кээ бири жөн гана эрежени сактабагандыктан болсо, кээ бири жаратылыштын кесепетинен, башкалары атайылап жасалып келген.
Акыркы Япония өлкөсүндө жаратылыштын кесепетинен болгон катастрофа, ар бир адам баласын ойлондурбай койбойт. Айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу, ар бирибиздин колубузда.
Эколгиянын бузулушу менен дүйнө жүзүндө ар кандай айыкпас оорулардын түрлөрү көбөйүп, эң бир көйгөйлүү маселеге айланууда.
Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер менен бирге, биздин өлкөдө да экологиялык проблемелардын айынан, ар кандай оорулар менен ооруган адамдар күн санап көбөйүүдө.
Буга эң биринчи кезекте Советтер союзунан калган уран калдыктары көмүлгөн жерлер, ар кандай жер семирткичтер, уулуу заттар, өндүрүш жайларынан чыккан калдыктар, авто унаалардан чыккан ар кандай уулуу газдар, суунун кирдеши себеп болуп жатат.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 55 калдыктар сакталган жерлер жана 85 кенди иштетүүгө жараксыз жерлер бар. Анын ичинен 31 калдыктар сакталган жерлер жана 25 кенди иштетүүгө жараксыз жерлерде уран калдыктары сакталган.
Булардын көбү адамадар жашаган айылдарга, шаарларга жакын көмүлгөн. Мисалы: Майлуу-Суу, Миң-Куш, Сумсар, Каджи-Сай, Ак-Түз шаарларын алсак болот.
Бир гана Каджи-Сай шаарчасын алсак, Ысык-Көлдөн 1,5км гана алыстыкта сакталып турат. Эгерде жаратылыш кырсыктары боло турган болсо (жер көчкү, суу каптоо, жер титирөө), ким кепилдик берет,анын калдыктары көлгө кошулбайт деп.
Ушу калдыктар сакталган жерлер жыл сайын каралып, кайтарылып турууга тийиш. Бирок мамлекет буга эч көңүл бөлбөй келет. Ушундай шаарларда жашаган адамдар жүрөк, кан-тамыр, рак оорулары менен ооругандар боюнча биринчи орунда келишет.
Мындан тышкары айыл чарбасында жер cемирткич катары ар кандай пестициддер колдонулууда. Жыл санап алардын көлөмү да көбөйүүдө. Бул да жер кыртышынын бузулушуна, оорулардын пайда болушуна жол ачууда.
Ал эми авто унаалардын жалпы республика боюнча саны болжол менен жарым миллионго жакын. 2010 жылы техникалык кароодон 444 миң авто унаа өткөн. Андан бери 500миңге жакындап калды.
Ушунча авто унаадан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын бир жылдык эсеби 198 миң тоннаны түзөт экен. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча акыркы 5 жылдан бери абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын жалпы санын, өлкөдө жашаган баардык адамдарга бөлгөндө, ар бир адамга 7кг зыяндуу зат туура келет экен.
Дагы кошумчалай кетчү нерсе, Бишкек шаарынан 10км алыстыктагы таштанды көмүүчү жер бар, ал өтө коопсуздуу болуп саналат шаардын тургундары үчүн. Ал 1972 жылы ачылган, 10 жылдык мөөнөткө. Бирок андан бери 40 жыл өттү.
Аны башка жерге көчүрүү маселеси турат алдыда. Анын тегерегиндеги жаңы конуштарда жашаган адамдар, оорунун ар кандай түрлөрү менен оорушарын көп эле угуп жүрөбүз.
Айтор, экологиялык проблемалар бизде абдан көп. Аларды чечүүдө өкмөттүн эч кызыкчылыгы жок. Жогорудагы проблемалар өтө коопсуздуу биз үчүн. Мындай ылдамдык менен кетсек, жакынкы жылдары чоң катастрофага кабылуубуз мүмкүн.
Ар бир болгон жер титирөө, жер көчкү, суу каптоо уулуу калдыктар көмүлгөн жерлерди ачууга, бузууга түрткү берет. Тез арада өкмөт тарабынан чара көрүлбөсө, кийин абдан кеч болуп калат.
Сүрөт fergananews.com сайтынан алынды.
Негизинен энергетика экономиканын эң бир негизги тармактарынын бири болуп саналат. Биздин мисалда, тескерисинче залалын тийгизип келе жатат. Электр энергиясынын жоготуулары болжол менен 25% түзөт, ал эми уурдагандары менен төлөбөгөндөрү канча?
Ошентсе да Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай мамлекет. Бир гана суунун көлөмү канча. Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттин бир жылдык гидроэнергетикалык потенциалы 142 млрд. кВт/саатты түзөт. Мунун 10% гана колдонулат. Тагыраак айтканда 12ден 14 млрд. кВт/саат. Советтер Союзунун убагында салынган ГЭС, ТЭЦтер толук кандуу иштебей келет. Жедеп эскилиги жетип, толук кандуу оңдоп-түздөө иштерине аябай муктаж.
Мындан тышкары электр энергияларын бөлүштүрүүчү стантциялар, электр линиялары, трансформаторлор ж.б.тетиктери да эскилиги жетип, өзүнүн ресурсун түгөттү десек болот.
Эки мамлекет башчыбыздын убагынан тартып эле энергетика тармагына көңүл бөлүмүш этип, бирок эч кандай майнап чыкпай келди.
Жыл сайын эл аралык уюмдардан, банктардан, өлкөлөрдөн карыздарды ала берип, кыйратаарлык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөйт. Баягы алынган акчалар чоңдордун чөнтөгүнөн ашпайт.
Республика боюнча жалпысынан 12 чоң ГЭСтер бар, андан тышкары чакан ГЭСтерди да кездештирүүгө болот. Келечекте башка мамлекеттер менен биргелешип канчалаган ГЭСтер курулган жатат.
Бирок ушунча ГЭСтерди куруунун бизге кереги барбы? Макул курушсун.Өндүргөн энергияны кайда жана кантип сатат?
Энергияны берүүчү линиялардын эскилиги жетсе, ал энергияларды кантип сатмак эле. Андан көрө биринчи ошо линияларды оңдоп, инфрастуктурасын түзүп, анан ГЭСтерди курушса болмок.
Пакистан, Россия, Казахстан, Китайга электр энергиясын сатабыз деп пландап жатат биздин өкмөт. Аларга кантип сатмак эле эскилиги жеткен тетиктердин жармады аркылуу?
Батыш өлкөлөрүндө мындай чоң каражатты талап кылып, курулган ГЭСтерден эчак эле баш тартышкан. Ал жакта чакан гана ГЭСтерди куруп, каражатты үнөмдөп жатышат. А бизде кереги жок ГЭСтерден дагы деле баш тарта албай жатышат.
Ар бир айылда суудан көп неме жок. Ошо жерлерге чакан ГЭСтерди курса, ал ар бир айылды көз карандысыз кылып, өзүн 20-30 жылдын ичинде эле актамак.
Андайга биздин жетекчилер жол бербейт. Себеби, келген инвесторлордон 10% “шапка” сурап жатса, кимдин эле кургусу келсин.
Ошого карабастан Кытай, Россия мамлекеттеринин биздин энерго тармагына көз артышы, көптөгөн кызыгууларды жаратып келет.
Эмнеси болсо да биздин акылы кыска жетекчилер күнүмдүк байлыкка, бийликке алданбай, эч байлыгызды сатпай, мамлекетке пайда алып келчү энерго тармагын кура алат деп ишенем.
Кыргызстанда жеке менчик проблемасы ар бир адамдын жүрөгүн өйгөн маселе. Себеби, өлкөдөгү чоң-чоң бизнес кылган камапаниялардан баштап, кичине жеке ишкерлик менен алек болгон адамдарга чейин кысымдар көрсөтүлүп келет.
Андай кысымдар криминалдык топтордон баштап, паракорчулукка белчесинен баткан мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп келе жатат.
Кыргыз Республикасынын баш мыйзамында жеке менчик жөнүндөгү нормалар так жана даана көрсөтүлүп турса дагы, ушу күнгө чейин кыйратып эч кимди коргобой келет. Ал мыйзамдар кагаз бетинде эле калып, реалдуу турмушта эч качан иштебейт.
Жеке менчикти коргоо – бул экономиканын өнугүүсүнүн бирден бир булагы болуп эсептелинет. Инвесторлордун келүүсүнө да кепилдик боло алат.
Тилекке каршы өлкөдө болуп жаткан баш аламандыктын айынан инвестор эмес, жөнөкөй адам эс алып келүүдөн коркуп, баш тартып жаткандары канча бүгүнкү күндө.
Өлкө башынан бир эмес, эки төңкөрүштү өткөрдү. Экөөндө тең чоңдордун мүлкүнөн баштап, карапайым адамдардын мүлкүнө кол салуулар болуп, кылмышка тиешеси бар адамдар бүгүнкү күнгө чейин өз жазасын албай келет.
Төңкөрүштүн аркасы менен келген жетекчилер эски бийликти айыптап, аларга тиешелүү делген менчиктерин өзүнө же туугандарына каттатып алган учурлар абдан көп.
Менчикке кол салууда жеке адамдар, кылмыштуу топтор жасабашы баарыбызга белгилүү. Алар бийликтин жогорку бутактарында отурган аткаминерлердин колдоосунда жасалып келүүдө.
Буга Ак Үй, Көк Үй, сот бийлиги, милициясы, каттоочу органдар ж.б.кошсо болот.
Эң биринчи кезекте көп пайда алып келген кампаниялар, банктар, өндүрүш иш каналары кызыгуу жаратат. Мындай объекттерди атайын бонкрот кылышып, жетекчилерине иш козгоп, алардын туугандарын, балдарын коркутуп үркүтүүнүн жардамы басып алып жатышат.
Мисалы 2005 жылдан кийинки “Вечерний Бишкек” ,КООРТ каналынын 5-канал болуп өзгөртүлүшү ж.б. Ал эми 2010 ж. апрель окуясынан кийинки улутташтырылган объектилер, 5-каналдын Парламенттик болуп өзгөрүшү.
Мындан тышкары канчалаган жер басып алуулар болуп жатат, соодо түйүндөрүндөгү тоноолор – ушунун бирин коргодубу мамлекеттик органдар? Жок, тескерисинче тоноочуларга жол ачып берди!
Ушундай баш аламандыктан, басып алуучулуктан, мыйзамдардын чала бышып, иштебей жатышынан биз кантип өнүгөбүз? Ушу кебетебизди көрүп, кайдагы инвестор келмек эле?
Бирөөнүн мүлкүн тартып алып, эртеси эптеп бийликке келип, тартып алган мүлкүмдү коргосом деген эле адамдар бүгүн Кыргызстанда.
Ушинтип отурсак кыргыздар кырылып калабызго. Абдан кейиштүү абалга келип калдык. Эртеңки балдарыбыздын келечеги кандай болот?
Өткөн жылдагы окуялардан кийин өлкөбүздөгү инвестициялык абал начарлап кеткен. Көптөгөн инвесторлор бул жакта иш жүргүзүүдөн баш тартышып, калганы саясий кырдаалга жараша иш алып барып калышкан.
Акыркы 2-3 жылга салыштырмалуу, 2010 жылдагы тартылган инвестициянын көлөмү бир нече пайызга төмөндөп кеткен. Мисалы, жалпы көлөмү 2,7 млрд.долларды түзүп, 2009 жылга салыштырмалуу 40% төмөн болгон, ал эми 2009 жылы 4,5 млрд.долларды түзгөн.
Бул көрсөткүчтүн төмөндөшүнүн бирден бир себеби болуп өлкөдө туруксуздук кырдаал, басып алуучулук, коррупциалык схемалардын көбөйүшү, мыйзам тарабынан инвесторлордун корголбошу саналат.
Былтыркы апрель окуясынан кийинки бир нече объектилердин улутташтырылышы да, биздин мамлекетке келген жана келе турган инвесторлордун жүрөгүнүн үшүн алып койду десек болот.
Кыргызстанга эң көп каражат жумшаган инвестор өлкөлөр болуп Түркия, Казахстан, Кытай, Орусия, Канада жана башка батыш өлкөлөрү саналат.
КМШ мамлекеттеринин арасынан Кыргызстан инвесторлор үчүн жакшы шарттар түзүлгөн өлкө катары саналат. Себеби, салыштырмалуу башка өлкөлөргө караганда, бизде салык проценттеринин аздыгы, бир фирманы же иш-кананы каттоо оңой жана тез убакыттын ичинде, электр энергиясынын арзандыгы менен айырмаланат.
Бирок жогорудагы критерийдин баары тең иштей бербейт. Бизге кандайдыр бир инвестор келсе, өкмөт тарабынан болобу же жергиликтүү бийлик тарабынан болобу “шапка” бер деген балекет бар.
Жалпы сумманын 10%ын бер, анан иштей бер деген жактары да тоскоолдук жаратат. Буга чейин Кыргызстанга канчалаган чоң-чоң кампаниялар (унаа, сыналгы ж.б. оокаттарды чыгарган кампаниялар) келишти эле иштешели деп, чоңдордун ач көздүгүнөн, коррупцияга малынгандыгынан, ал инвесторлор иштешүүдөн баш тартышкан.
Көбүнчө инвесторлорду кызыктырган тармактар болуп банк сектору, өнөр-жай, кен-байлыктар, курулуш, жол куруу ж.б.саналат.
Кээде инвесторлор менен түзүлгөн келишимдер, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келип калып жатат. Мисалы, “Ресурстун ордуна инвестиция” деген проекттин негизинде Кытай менен биздин өкмөттүн ортосунада аз жерден түзүлүп кала жаздаган келишимди айтсак болот.
Мындай учурлар биздин мамлекетте көп кездешет.Мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп түзүшсө жетекчилер.
А.Атамбаевдин президент болуп шайланышы менен түрк инвесторлоруна чоң жол ачылат деп ойлойм. Биздеги эң ири бизнестердин көбү түрктөргө таандык.
Мындан тышкары Кыргызстан бажы союзуна кирсе, мамлекетибизде биргелешкен кытый-кыргыз жеңил өнөр жай иш-каналары ачылып, инвесторлор көп тартыла баштайт деген үмүттөмүн.
Эң негизгиси мамлекетте тынччылык, мыйзамдуулук өкүм сүрсө, бизге инвесторлор көп тартылып, өлкөбүздө абал жакшы жактарга өзгөрөт эле.
“Мамлекетке жана элге эң коркунуч туудурган бул – реформаторлор.Ал эми революция алар үчүн жашоонун булагы”. Генри Брукс Адамс (1838-1918), тарыхчы.
Акыркы 2-3 жылдан бери дүйнөдөгү мамлекеттерде болгон реформалар жөнүндө көптөгөн чоң талкуулар болуп келүүдө. Алсак, Грузия мамлекетиндеги реформаларды көбү мисал кылып келишет.
Чындыгында чоң өзгөрүүлөр бар, ошол эле учурда жүргүзүлгөн реформалардын терс жактары да болбой койбойт. Жалпысынан алганда бул мамлекетте көптөгөн өзгөрүүлөр жүрүп, башка начар мамлекеттерге чоң мисал боло алды.
Бийликке көптөгөн жаңы, жаш, таза жана профессионал кадрлар келишти. Буларды биз реформаторлор командасы деп так айта алабыз.
Ал эми биздин мамлекетибизди алсак, реформаторлор эмес тоногучтар командасы келди деп айтууг болот.
Эгемендүүлүктү алган жылдан тартып, өлкөдө баш мыйзамды өзгөртүүнүн реформаторлору гана болбосо (реформаторлор деп деле айтууга тил барбайт. Башка өлкөнүн баш мыйзамынын көчүрмөчүлөрү – ушу туура болотго), системаны толук өзгөрткөнгө эч кимдин күчү жетпеди.
Ушуга чейин үч жетекчи келди, эч кандай реформанын жыты жыттанбайт. Реформа жасадык деп бир министерствонун, агентсвонун жетекчисин алмаштырып, кызматкерлеринин санын кичине кыскартымыш болушат, булар үчүн ушу реформа аталат.
Ар бир өкмөт башчы келген сайын министликтерди кыскартат же көбөйтөт, анан бир эки кызматкерин кетиримиш болуп, коомчулукка жар салып, реформа жасаган кейпин көрсөтүшөт. Мына бизде жүргүзүлгөн реформалардын негизги өзөгү ушу.
Кыргызстанда реформаторлор деп кимди айта алабыз? Негизи ушундай адамдар барбы бизде? Бар болсо кимдер? Алар кандай реформа жасай алышты? 5 каналды парламеттик канал кылгандарды, бийликтин ар кайсы бутактарын өзүнүн менчигиндей кылып, үчкө бөлгөндөрдү, криминал менен коюн колтук алышып, аларды актап боштондукка чыгарып жиберген жетекчилерди реформаторлор деп айта алабызбы? Жок, аларды жеп-ичкичтер, тоногучтар деп айта алам.
Реформа такыр жок деп да айтууга боолбойт. 2008 жылы бизнес жаатында жүргүзүлгөн реформалардын негизинде Кыргызстан Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлүүчү “Бизнес жүргүзүү” сурамжылоосунда, алдыңкы 10 өлкөнүн ичине кирген.
Бул да болсо жакшы көрсөткүч. Акыркы убактары Экономикалык Тескөө Министри У.Ташпаевдин сунуштаган сунуштарын да колдоого алса болот. Мисалы, саны көп, сапаты жок мамлекеттик органдарды жоюу, виза маселеси боюнча иштер.
Өлкөнүн өнүгүшүнө ишенем. Келечекте көптөгөн реформалар жүрүп, биз да башка мамлекеттерге мисал боло алабыз. Аны үчүн бөлүнүп жарылбай, баарыбыз реформа жасашыбыз керек.
Соңку жылдары республикадагы оорулуулардын саны көбөйүп бара жатат. Өзгөчө жаштар арасында жүрөк, өпкө, ички органдардын ар кандай оорулары менен ооруган адамдардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө.
Кыргыз Республикасынын Статистикалык Комитетинин 2010 жылкы докладында жалпы республика боюнча 1 жаштан 16 жашка чейинки жаш өспүрүмдөрдүн ичинен 700 миңге жакыны оорулуу деп табылган. Анын ичинде ар кандай оору менен ооруган балдар катталган.
Бул өтө жогорку көрсөткүч болуп эсептелинет. Мынча оорулуулардын көбөйүшүнө айлана-чөйрөнүн, климаттын, наркотикалык жана алкоголдук ичимдиктердин эркин саталышы, спорт залдарынын аздыгы да себеп боло алат.
Жалпы республика боюнча спорт курулмаларынын саны 2010 жылы 278 түзгөн. Алардын ичинен 154 спорт аянтчалары, 11 стадион, 8 сүзүүчү бассейн, 75 спорт зал, ден-соолукту чыңдоочу комплексттер 5.
Булар азыркы учурда иштеп жаткандары, ал эми айыл жергесинде мындай жайлар өтө аз. Оңдоп түзөө иштери өз убагында жүргүзүлбөгөндүктөн, көбү четинен урап түшүүдө.
Ушундай спорт мекемелеринин аздыгынан жаш өспүрүмдөр баңги жана спирт ичимдиктерин колдонуп, улуттун ден-соолугуна чоң зыянын тийгизип жатат.
Армияга бара турган, жашы жетилип калган балдардын 60%дан ашыгы армияга жараксыз деп катталган. Анткени, мектеп курагынан тартып эле спирт ичимдиктерин колдонгон окуучулардын саны акыркы жылдары өтө көбөйүп кеткен.
2011 жылдын 1 январына карата саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 10 миңге жакын өспүрүм наркоман катары каттодон өтүшкөн.
Жаштардын спортко кызыгуусу жыл санап азайып бара жатат. Спорт залдарынын аздыгы, алардын эскилиги жеткендиги, профессионалдуу спорт кадрларынын аздыгы, мамлекет жаңыдан чыгып келе жаткан спортсмендерди колдобогондугу себеп болуп жатат.
Ушундай нерселердин кесепетинен көп жаш балдар, спортсмендер криминалдык топтордун курмандыгына айланышууда. Азыр карасак, көптөгөн адам өлтүрүүлөр, кылмыштар жаштар тарабынан жасалып жатат.
Кыргызстанда спорт жок деп так кесе айтууга болбойт. Спорт жаатында биздин өлкөнү тааныткан бир топ азаматтар бар. Ошолорго кыйратаарлык мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлбөй келет.
Республикада спорттун ар кандай түрүндө өзүнүн чеберчилигин көрсөткөн спортчуларыбыз толтура. Ошолорго кичине болсо да мамлекет көңүл бөлсө, жаштар спортко массалык түрдө тартылса, кичине кылмыштуулуктун саны азайып, улуттун ден-соолугу жакшырып, мамлекетибизде стабилдүүлүк орноор эле.
Акыркы 2 жылдын ичинде хоккей командабыз, күрөш балбандарынын, биллиард чеберлеринин ж.б. жетишкендикдиктери абдан кубандырат.
Кышкы спортту, улуттук оюндарды өркүндөтсөк да, көптөгөн жетишкендиктерге жетебиз деген ойдомун.
Сүрөт Time.kg сайтынан алынды.
Макаламдын темасын минтип койгонумдун себеби, акыркы 5 жылда болуп өткөн, кишинин чачын тик тургузчу окуялар далилдей алса керек.
Апрель төңкөрүшүнөн кийин бийликке оппозициянын өкүлдөрү келип, көп нерсени өзгөртөбүз деп убада беришип, бүгүнкү күндө эч нерсе өзгөрбөй, ошо бойдон эле калууда. 2010 жылы башталган бириккен кылмыштуу топтор менен болгон күрөш, жөн эле элди алдамай, убактылуу токтотуп турган нерседей сезилип жатат.
Кылмыштуу топтордун жөнөкөй гана мүчөлөрү кармалып, ал эми алардын лөктөрү боштондукта жүргөнү баарыбызга белгилүү. Кээ бирин актап, кайра чыгарып жиберген да учурлар бар (жакында эле акталып, боштондукка чыккан дагы бир кылмыштуу топтун анабашчысы. Ал жөнүндө Ө.Текебаев да айтып чыкты эле “өз айылына жол тосмо коюп, элдерди өткөрбөй жатат”-деп).
Шайлоого жакындаганда бул адамдын акталышы да бир кооптонууну жаратат. Баарыбызга белгилүү криминалдык топтордун жардамы жок, бир да шайлоо өтпөйт. Бул кайсы бир президенттике коюп жаткан кандидаттын кызыкчылыгынын астында болуп жатпайбы.
Жакында эле Ички иштер министрлигинин, коопсуздук кызматынын, чек ара кызматынын чоң-чоң орундарды ээлеп отурган кызматкерлери колго түшүшпөдүбү. Алар өз убагында кылмышкерлер менен коюн-колтук алышып, биргелешип кылмыш жасагандыгы, бийлик менен кылмышкерлердин эч айрымасы жок экендигин далилдей алат.
Кылмыштуулук Ак Үйдүн 7 кабатына чейин жетип, жада калса парламентте да кылмыштуу топтордун мүчөлөрү отурганын бир кездери Р.Отунбаева да белгилеп кеткен.
Мунусу аз келгенсип, бийликтин эң жогорку тепкичинде отурган бир жетекчи да Көлдө кримавторитеттер менен жолугуп жүргөнү, бул бийликтин алсыздыгын айгинелеп турат. Азыр мен мен деген спортчусунан баштап, мектептеги биринчи класстын окуучуларына чейин кылмыштуу топторго мүчө болуп жаткандыгы, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурууда. Күндөн күнгө кылмышкерлердин жаш курагы жашарып жатат.
Мектептеги кезинен баштап ушундай топторго тартылып жатса, ал баладан эмне күтүүгө болот!?
Бир гана мисал келтирейин: ушу жылдын 8 октябрында президенттике талапкер К.Ташиев Ак-Босого жаңы конушунда элдер менен чогулуш өткөрдү. Мен да барып катыштым.
М.Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деген жүйөө менен кармалган мурунку президенттин иш башкаруучусу Курманбек Темирбаевдин Ташиевди айланчыктап жүргөнүн көрдүм.
Бийликтегилер айтып чыгышты эле К.Темирбаевди камадык деп. Анын эртеси күнү эле Ата-Журт мүчөлөрү айтып чыгышты “К.Темирбаевдин бизге эч кандай тиешеси жок” – деп. Мына ушундай мисалдан кийин кимисине ишенесиң бийлигинеби, же кылмышкеринеби? Эмне үчүн ал адам боштондукта жүрөт өз жазасын албай?
Кылмыштуулук менен күрөшкөндөрүнүн жыйынтыгы ушубу бүгүнкү бийликтин? Бийлик, мыйзамдуулук үстөмдүк сүргөн мамлекетте, эч кандай кылмыштуу топ, кримавторитет деген түшүнүк болбошу керек.
Эгер андай нерселер коомдо орун ала турган болсо, анда бийлик алсыз, мамлекет мамлекеттүүлүгүн акырындан жоготуп жаткандыгы деп түшүнүүгө болот.
Бүгүнкү бийлик күрөшүп жатабыз деп беткап кийгени менен, мамлекеттин эртеңки келечегине ор казып жатышат ушундай иштери менен.




Акыркы пикирлер