Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Саясат

Реформаторлор же шүмшүктөр командасы
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 22 Oct, 2011 – 12:34 | No Comment

Мамлекетке жана элге эң коркунуч туудурган бул – реформаторлор.Ал эми революция алар үчүн жашоонун булагы”. Генри Брукс Адамс (1838-1918), тарыхчы.

Акыркы 2-3 жылдан бери дүйнөдөгү мамлекеттерде болгон реформалар жөнүндө көптөгөн чоң талкуулар болуп келүүдө. Алсак, Грузия мамлекетиндеги реформаларды көбү мисал кылып келишет.

Чындыгында чоң өзгөрүүлөр бар, ошол эле учурда жүргүзүлгөн реформалардын терс жактары да болбой койбойт. Жалпысынан алганда бул мамлекетте көптөгөн өзгөрүүлөр жүрүп, башка начар мамлекеттерге чоң мисал боло алды.

Бийликке көптөгөн жаңы, жаш, таза жана профессионал кадрлар келишти. Буларды биз реформаторлор командасы деп так айта алабыз.

Ал эми биздин мамлекетибизди алсак, реформаторлор эмес тоногучтар командасы келди деп айтууг болот.

Эгемендүүлүктү алган жылдан тартып, өлкөдө баш мыйзамды өзгөртүүнүн реформаторлору гана болбосо (реформаторлор деп деле айтууга тил барбайт. Башка өлкөнүн баш мыйзамынын көчүрмөчүлөрү – ушу туура болотго), системаны толук өзгөрткөнгө эч кимдин күчү жетпеди.

Ушуга чейин үч жетекчи келди, эч кандай реформанын жыты жыттанбайт. Реформа жасадык деп бир министерствонун, агентсвонун жетекчисин алмаштырып, кызматкерлеринин санын кичине кыскартымыш болушат, булар үчүн ушу реформа аталат.

Ар бир өкмөт башчы келген сайын министликтерди кыскартат же көбөйтөт, анан бир эки кызматкерин кетиримиш болуп, коомчулукка жар салып, реформа жасаган кейпин көрсөтүшөт. Мына бизде жүргүзүлгөн реформалардын негизги өзөгү ушу.                                            

Кыргызстанда реформаторлор деп кимди айта алабыз? Негизи ушундай адамдар барбы бизде? Бар болсо кимдер? Алар кандай реформа жасай алышты? 5 каналды парламеттик канал кылгандарды, бийликтин ар кайсы бутактарын өзүнүн менчигиндей кылып, үчкө бөлгөндөрдү, криминал менен коюн колтук алышып, аларды актап боштондукка чыгарып жиберген жетекчилерди реформаторлор деп айта алабызбы? Жок, аларды жеп-ичкичтер, тоногучтар деп айта алам.

Реформа такыр жок деп да айтууга боолбойт. 2008 жылы бизнес жаатында жүргүзүлгөн реформалардын негизинде Кыргызстан Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлүүчү “Бизнес жүргүзүү” сурамжылоосунда, алдыңкы 10 өлкөнүн ичине кирген.

Бул да болсо жакшы көрсөткүч. Акыркы убактары Экономикалык Тескөө Министри У.Ташпаевдин сунуштаган сунуштарын да колдоого алса болот.        Мисалы, саны көп, сапаты жок мамлекеттик органдарды жоюу, виза маселеси боюнча иштер.

Өлкөнүн өнүгүшүнө ишенем. Келечекте көптөгөн реформалар жүрүп, биз да башка мамлекеттерге мисал боло алабыз. Аны үчүн бөлүнүп жарылбай, баарыбыз реформа жасашыбыз керек.

Спорт тармагы качан колдоого алынат?
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 15 Oct, 2011 – 14:26 | No Comment

Соңку жылдары республикадагы оорулуулардын саны көбөйүп бара жатат. Өзгөчө жаштар арасында жүрөк, өпкө, ички органдардын ар кандай оорулары менен ооруган адамдардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө.

Кыргыз Республикасынын Статистикалык Комитетинин 2010 жылкы докладында жалпы республика боюнча 1 жаштан 16 жашка чейинки жаш өспүрүмдөрдүн ичинен 700 миңге жакыны оорулуу деп табылган. Анын ичинде ар кандай оору менен ооруган балдар катталган.

Бул өтө жогорку көрсөткүч болуп эсептелинет. Мынча оорулуулардын көбөйүшүнө айлана-чөйрөнүн, климаттын, наркотикалык жана алкоголдук ичимдиктердин эркин саталышы, спорт залдарынын аздыгы да себеп боло алат.

Жалпы республика боюнча спорт курулмаларынын саны 2010 жылы 278 түзгөн. Алардын ичинен 154 спорт аянтчалары, 11 стадион, 8 сүзүүчү бассейн, 75 спорт зал,  ден-соолукту чыңдоочу комплексттер 5.

Булар азыркы учурда иштеп жаткандары, ал эми айыл жергесинде мындай жайлар өтө аз. Оңдоп түзөө иштери өз убагында жүргүзүлбөгөндүктөн, көбү четинен урап түшүүдө.

Ушундай спорт мекемелеринин аздыгынан жаш өспүрүмдөр баңги жана спирт ичимдиктерин колдонуп, улуттун ден-соолугуна чоң зыянын тийгизип жатат.

Армияга бара турган, жашы жетилип калган балдардын 60%дан ашыгы армияга жараксыз деп катталган. Анткени, мектеп курагынан тартып эле спирт ичимдиктерин колдонгон окуучулардын саны акыркы жылдары өтө көбөйүп кеткен.

2011 жылдын 1 январына карата саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 10 миңге жакын өспүрүм наркоман катары каттодон өтүшкөн.

Жаштардын спортко кызыгуусу жыл санап азайып бара жатат. Спорт залдарынын аздыгы, алардын эскилиги жеткендиги, профессионалдуу спорт кадрларынын аздыгы, мамлекет жаңыдан чыгып келе жаткан спортсмендерди колдобогондугу себеп болуп жатат.

Ушундай нерселердин кесепетинен көп жаш балдар, спортсмендер криминалдык топтордун курмандыгына айланышууда. Азыр карасак, көптөгөн адам өлтүрүүлөр, кылмыштар жаштар тарабынан жасалып жатат.

Кыргызстанда спорт жок деп так кесе айтууга болбойт. Спорт жаатында биздин өлкөнү тааныткан бир топ азаматтар бар. Ошолорго кыйратаарлык мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлбөй келет.

Республикада спорттун ар кандай түрүндө өзүнүн чеберчилигин көрсөткөн спортчуларыбыз толтура. Ошолорго кичине болсо да мамлекет көңүл бөлсө, жаштар спортко массалык түрдө тартылса, кичине кылмыштуулуктун саны азайып, улуттун ден-соолугу жакшырып, мамлекетибизде стабилдүүлүк орноор эле.

Акыркы 2 жылдын ичинде хоккей командабыз, күрөш балбандарынын, биллиард чеберлеринин ж.б. жетишкендикдиктери абдан кубандырат.

Кышкы спортту, улуттук оюндарды өркүндөтсөк да, көптөгөн жетишкендиктерге жетебиз деген ойдомун.

Сүрөт Time.kg сайтынан алынды.

Кылмышкер менен бийлик, экөөнүн айрымасы барбы?
Written by Рысбек Арунов, Thursday, 13 Oct, 2011 – 16:00 | No Comment

Макаламдын темасын минтип койгонумдун себеби, акыркы 5 жылда болуп өткөн, кишинин чачын тик тургузчу окуялар далилдей алса керек.

Апрель төңкөрүшүнөн кийин бийликке оппозициянын өкүлдөрү келип, көп нерсени өзгөртөбүз деп убада беришип, бүгүнкү күндө эч нерсе өзгөрбөй, ошо бойдон эле калууда. 2010 жылы башталган бириккен кылмыштуу топтор менен болгон күрөш, жөн эле элди алдамай, убактылуу токтотуп турган нерседей сезилип жатат.

Кылмыштуу топтордун жөнөкөй гана мүчөлөрү кармалып, ал эми алардын лөктөрү боштондукта жүргөнү баарыбызга белгилүү. Кээ бирин актап, кайра чыгарып жиберген да учурлар бар (жакында эле акталып, боштондукка чыккан дагы бир кылмыштуу топтун анабашчысы. Ал жөнүндө Ө.Текебаев да айтып чыкты эле “өз айылына жол тосмо коюп, элдерди өткөрбөй жатат”-деп).

Шайлоого жакындаганда бул адамдын акталышы да бир кооптонууну жаратат. Баарыбызга белгилүү криминалдык топтордун жардамы жок, бир да шайлоо өтпөйт. Бул кайсы бир президенттике коюп жаткан кандидаттын кызыкчылыгынын астында болуп жатпайбы.

Жакында эле Ички иштер министрлигинин, коопсуздук кызматынын, чек ара кызматынын чоң-чоң орундарды ээлеп отурган кызматкерлери колго түшүшпөдүбү. Алар өз убагында кылмышкерлер менен коюн-колтук алышып, биргелешип кылмыш жасагандыгы, бийлик менен кылмышкерлердин эч айрымасы жок экендигин далилдей алат.

Кылмыштуулук Ак Үйдүн 7 кабатына чейин жетип, жада калса парламентте да кылмыштуу топтордун мүчөлөрү отурганын бир кездери Р.Отунбаева да белгилеп кеткен.

Мунусу аз келгенсип, бийликтин эң жогорку тепкичинде отурган бир жетекчи да Көлдө кримавторитеттер менен жолугуп жүргөнү, бул бийликтин алсыздыгын айгинелеп турат. Азыр мен мен деген спортчусунан баштап, мектептеги биринчи класстын окуучуларына чейин кылмыштуу топторго мүчө болуп жаткандыгы, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурууда. Күндөн күнгө кылмышкерлердин жаш курагы жашарып жатат.

Мектептеги кезинен баштап ушундай топторго тартылып жатса, ал баладан эмне күтүүгө болот!?

Бир гана мисал келтирейин: ушу жылдын 8 октябрында президенттике талапкер К.Ташиев Ак-Босого жаңы конушунда элдер менен чогулуш өткөрдү. Мен да барып катыштым.

М.Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деген жүйөө менен кармалган мурунку президенттин иш башкаруучусу Курманбек Темирбаевдин Ташиевди айланчыктап жүргөнүн көрдүм.

Бийликтегилер айтып чыгышты эле К.Темирбаевди камадык деп. Анын эртеси күнү эле Ата-Журт мүчөлөрү айтып чыгышты “К.Темирбаевдин бизге эч кандай тиешеси жок” – деп. Мына ушундай мисалдан кийин кимисине ишенесиң бийлигинеби, же кылмышкеринеби? Эмне үчүн ал адам боштондукта жүрөт өз жазасын албай?

Кылмыштуулук менен күрөшкөндөрүнүн жыйынтыгы ушубу бүгүнкү бийликтин? Бийлик, мыйзамдуулук үстөмдүк сүргөн мамлекетте, эч кандай кылмыштуу топ, кримавторитет деген түшүнүк болбошу керек.

Эгер андай нерселер коомдо орун ала турган болсо, анда бийлик алсыз, мамлекет мамлекеттүүлүгүн акырындан жоготуп жаткандыгы деп түшүнүүгө болот.

Бүгүнкү бийлик күрөшүп жатабыз деп беткап кийгени менен, мамлекеттин эртеңки келечегине ор казып жатышат ушундай иштери менен.

Телекоммуникация – Кыргыз Телеком
Written by adilet, Saturday, 1 Oct, 2011 – 15:45 | No Comment

 

Байланыш азыркы убактагы эң пайдалуу өндүрүш тармагы экендиги баарыбызга белгилүү. Себеби интернет, электрондук почта, IP, IT жана башка байланыш кызматтары жок күнүбүз өтпөйт. Азыр байланыш тармагы жок күнүмдүк турмуш-жашообузду элестетүүнүн өзү кыйын. Эмне үчүн майлуу-сүттүү тармактарды өкмөтүбүз жакшы пайдалана алышпайт? Мындай тармактардан эффективдүү башкаруу болсо эле бир жылда тапкан пайдасы эле 30-40 млн. доллардан кем болушу мүмкүн эмес. Мындай тармактардын катарына “Кыргыз Телеком” да кирет. 

“Кыргыз Телеком” ачык акционердик коому өлкөдөгү байланыш боюнча башкы операторлордун бири болуп эсептелинет жана бул ишканага азыркы замандын талаптарына жооп бере турган өлкөдөгү жаңы маалымат структурасын түзүү талабы жүктөлгөн. Бул ишкананын телекоммуникациялык тармактагы биографиясы 130 жылды түзөт. Бул убакыттын ичинде ишкана айым башкарган жөнөкөй коммутатордон баштап, санариптик телефондук станцияларга жана жаңы телекоммуникациялык жабдууларга жетишкен. Абоненттердин өсүшү жана жарандарга кеңири көрсөткөн тейлөөлөрү ишкананын стабилдүү өнүгүп жатканына далил болуп бере алат. Улуттук оператордун башкы максаты – Кыргызстандын ар бир жашоочусу өлкөнүн кайсы бурчунда болбосун, дүйнөнүн баардыгы менен байланышта болуш керек.

Баарыбызга белгилүү болгондой мамлекеттик ишканалардын азыркы кебетеси абдан эле начар десем болот. Анткени, мамлекеттик болгондон кийин коррупциянын деңгээли жогору болуп, бул ишканалар эффективдүү иштебей жатат. Мындай ишканалардын катарына Кыргыз Телеком, Энергетика тармагы, ТЭЦ, Дастан, Кыргызгаз, ГЭСтер киришет. Ар бир жаңы бийлик келген сайын ушул объектилерди ар кайсы жака жулкуп башташат. Бакиевтердин кланы буларды арзан баада сатышып, элдин мүлкүн тартып алабыз деп үмүттөнүшкөн. Бирок, булардын ойлогондору ишке ашпай бул объектилер кайра мамлекетке кайтарылып берилген.

Бирок азыр мындай суроо туулат: мамлекеттик ишканалар начар иштешип, киреше алып келбегенден кийин мындай ишканалардын эмне кереги бар? Менин оюмча мындай ишканалардын акцияларынын жарым пайызын жеке ишкерлерге менчикке берсек, кичине өзгөрүүлөр болот. Анткени, жеке ишмер өзүнүн ишканасын эффективдүү иштетип, ар кандай коррупциялык схемаларга жол бербейт жана ишкананын өнүгүүсү бир топ эрте жүрөт.

Бирок, мындай мамлекеттик мүлктү сатууда ачык конкурс жарыялап, баардык ишкерлерге бирдей шарт түзүп бериш керек. Коррупциялык жол менен сатуу схемаларды токтотуп, ишти жакшы билген ишкерлерге берсек алда канча жакшы болмок.

Салык төлөөчүлөр
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 17 Sep, 2011 – 11:00 | No Comment

Салык төлөөчүлөр болуп жеке жана юридикалык тараптар саналат. Алар мыйзамдын чегинде салыктарды жана чогултуулады төлөөлөрү зарыл. Юридикалык тараптар:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизигде түзүлгөн юридикалык тарап;
  • Чет мамлекеттерде түзүлгөн юридикалык компаниялар, бирок Кыргыз Республкасынын территориясында иш алып баргандар;
  • Чет элдик кампаниялардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү салык төлөөдө юридикалык тараптарга теңелет.

Жеке тараптар:

  • Кыргыз Республикасынын жарандары;
  • Чет элдик жарандар;
  • Жарандыгы жоктор;
  • Жеке ишкерлер –мыйзамдуу түрдө катталып, жеке ишмердик менен алектенген, юридикалык билими жок жеке тараптар.

Жеке тарап болобу же юридикалык тарап болобу, ишкердик менен алектенишсе, ошого жараша салыктын түрүн төлөшөт. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 36, 39, 40, 41, 50 беренелерине ылайык, салык төлөөчү салык төлөмдөрүн ай сайын төгүүгө, бир жылдык пайдасы жөнүндөгү декларацияны тапшырууга жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө милдеттүү.

Эгерде жогорудагы мыйзамды бузуп, өз убагында төлөбөсө, мыйзамга ылайык административдик жана жаза чаралары колдонулат.

Бүгүнкү күндөгү реалдуу көрүнүштү алып көрө турган болсок, салыкты баары эле төлөй беришпейт. Төлөшсө да жаап-жашыруу фактылары өтө көп кездешет. Өзгөчө бай адамдар тарабынан.

Тигүүчү цех сферасын алсак, көпчүлүгү жашырынып иш алып барышат. Себеби, салыктын ставкалары чоң болгондуктан баарынын чамасы жете бербейт төлөгөнгө. Кээ бири төлөшсө да, салык инспекторлору менен сүйлөшүп алышып, кичине тыйын карматып жөнөтүп жиберишет. Мындай учурлар абдан көп.

Дагы бир мисал, Дордой базарында иштегендер патент алып иш жүргүзүшөт. Көпчүлүк сатуучулар салык инспекторлору менен сүйлөшүп алышып, бир ай панент алса, экинчи ай патент албай, патенттин 3/1 бөлүгүн салыкчыга берип иштешет.

Буга далил катары Ош шаарындагы күйүп кеткен базарды айсак болот. Ал жердеги ишкерлер эч патент албай иш алып барып жүрүшкөндүктөн, Ош жана Жалалабад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы ишкерлерден ал жерде иштегендигин далилдеп бергиле дегенде, эч кимиси далилдеп бере алган эмес. Муну менен ишкерлердин да, салык кызматтарынын да таза иштебегендиги көрүнүп турат.

Ал эми Салык кызматынын имаратына барсаң катарда тизилген адамдарды көрүүгө болот. Бири-бирин өткөрбөй, абдан ыңгайсыз абалды жаратышат. Ошого байланыштуу Бишкек шаарында салык документтерин, декларацияларды электрондук формада кабыл алуу кызматы 2009 жылы ишке кирген.

Бул да эффективдүү жагын берип келет. Кезекте турбай, каалаган убагында жибере берсең болот. Бул тажрыйба башка областтарда да акырындык менен колдонулуп келе жатат.

Эгерде Кыргызстанда унааларга болгон салыкты жай мезгилинде төлөсөк, кыргызчылык кылып баарыбыз убакыт бүтөөрүнө бир жума калганда барып, канчалаган адамдын аркасына кезекке туруп төлөйбүз.

АКШ мындай нерсе такыр жок. Алар бул салыктын түрүн башкача төлөшөт. Ар бир адам туулган күнү качан болсо, ошо күнү барып салык төлөйт. Бул аябай ыңгайлуу жана кезекте туруунун кереги жок.

Эмне үчүн мындай тажрыйбаларды биз колдоно албайбыз? Качанкыга чейин эле кезекте тура беребиз? Жаап-жашырганды качан токтотобуз?

Ишкерлер мамлекет тарабынан жакшы корголбойт. Алар мамлекетке салык төлөгөндөн көрө, криминалдык группаларга салык төлөгөнү, алар үчүн пайдалуу. Эмнеге? Себеби, алар ишкерлердин бизнесин карап, контролдоп, башка күчтөргө кол тийгизбей өз кызматын көрсөтүшөт.

Грузиядагы негизги реформалардын сүрөттөлүшү. Акыркы бөлүк
Written by adilet, Thursday, 15 Sep, 2011 – 16:27 | No Comment

Менчиктештирүү:

  • ·         Монетардык менчиктештирүү – эң негизги метод.
  • ·         Менчиктештирүүнү ишке ашыруу жана узак мөөнөттөгү алып сатуу укугу бар ижара (аренда) келишимдерди киргизүү. Бул төмөндөгүдөй обьектилер:
    • o   айыл чарба, шаар жана өнөр жайда колдонулуучу жер тилкелери;
    • o   балык, токой жана суу ресурстары;
    • o   деңиз флоту;
    • o   деңиз порттор жана аэропорттор;
    • o   көмүр шахталары;
    • o   оор өнөр жай заводу;
    • o   кыймылсыз мүлк, ооруканаларды алганда дагы, кээ бир окуу жана спорт мекемелер жана башкалар;
    • o   суу менен камсыздандыруу;
    • o   энергогенерированиянын жана бөлүштүрүүнүн эң негизги обьектилери, жаратылыш газын бөлүштүрүүчү компаниялар;
    • o   жердеги телефондук байланыш.

Лицензиялоону жана бизнести ачууга болгон уруксатты берүүнү реформалоо:

  • ·         Тигил же бул ишке болгон лицензияны жана уруксатты алуу оор системаны жоюу менен ордуна “бир айнек” деген системаны киргизүү.
  • ·         “Ооз ачпоо – макулдуктун белгиси” деген принципти киргизүү.
  • ·         Лицензияланган ишмердиктин тизмесин 85 пайызга кыскартуу.
  • ·         Лицензия менен уруксаттын тисмесин жоголуп бара жаткан мекемелер: жаңы лицензиялар менен уруксаттарды башка ченемдик актылар менен киргизүүгө болбойт.
  • ·         Макулдук бере турган жана көзөмөлдөө кызматтарынын санын кыскартуу.
  • ·         Уставдык капиталдын көлөмүн 2006-жылы кыскартып, ал эми 2007-жылдан баштап таптакыр жоюп салуу.
  • ·         Каалаган жаңы ишканын түрүн салык кызматынын имаратында каттоодон өтүү мөнөтү 1 күнгө чейин кыскарып – көз ачып жумганча каттоо (арыз берүү).
  • ·         Электрондук кол коюну колдонуу мүмкүнчүлүгү.
  • ·         Бизнести мамлекеттик жана салык каттоо процедурасы бириктирилген жана кыскартылган.
  • ·         Керектүү документтердин саны жана убактысы бир топ кыскарган.

Электроэнергетика реформасы:

  • ·         Инфраструктураны реабилитациялоо.
  • ·         Төлөмдөрдүн көлөмүнүн көбөйүшү (30 – 90 пайызга чейин).
  • ·         Мамлекеттик техникалык жөнгө салууну өркүндөтүү.
  • ·         Жаңы өндүрүштү дерегуляциялоо.
  • ·         Жеке инвестициянын чектелинишин жок кылуу.
  • ·         Дүң тарифтердин регуляциясын жоюу.
  • ·         Электроэнергияны сунуш кылууну жана жеткирүүнү жеке менчике берүү.
  • ·         Узак мөөнөттү келишимдерге өтүү.
  • ·         24\7 – электроэнергияны жеткирүү принципка өтүү.
  • ·         Электроэнергиянын импортун диверсификациялоо.
  • ·         2003-жылы электроэнергиянын систематикалык өчүрүүдөн 2008-жылы коңшулаш 4 өлкөгө электроэнергияны экспорттоого өтүү жана 2011-жылы Чыгыш Европага экспорттоо.

Газ секторун реформалоо:

  • ·         Дүң тарифтердин жөнгө салуусун жоюу.
  • ·         Эгерде жаңы транспорттук жана бөлүштүргүч тармагы салынса анда толук дерегулирование болот.
  • ·         Газ секторун мамлекеттик субсидиялоодон баш тартуу.
  • ·         Газдын импорттун диверсификациялоо.

Билим берүү тармагын реформалоо:

  • ·         Мектептерди жана университеттерди (жеке менчиктер дагы) тандоо укугу ваучердик каржылоо. Окууга болгон ваучердин көлөмү мамлекеттик экзамендин жыйынтыгына көз каранды болот: жогорку балл алгандарга мамлекет тарабынан берилген грант окууга кеткен чыгымдардын 100 пайызын жабат. Баардык мамлекеттик окуу жайларындагы төлөмдөр бирдей.
  • ·         Университеттерге тапшыруучуларга жана бүтүрүүчүлөргө бирдей экзамен киргизүү (computer adoptive test).
  • ·         Мектептер жана университеттер юридикалык статуска ээ болушат, алар автономдук мекеме болушат жана финансылык ишмердигин өздөрү алып барышат.
  • Мектептерди “Попечительский совет” деген башкарат жана мектептин директорун шайлашат.
  • ·         Англис тилин жана компьютерди билген мугалимдерди сертификациялашат.
  • ·         Сертификациянын жыйынтыгы менен мугалимдердин айлыгын көтөрүшөт.
  • ·         Жеке менчик мектептердин көбөйтүлүшү (окуучулардын 8 пайызы жеке менчик мектептерде окушат).
  • ·         1-класстан баштап англис тилине ээ болуучулар менен англис тилин үйрөнүү (1000 ашык мугалим).
  • ·         1-класста окуган баардык окуучуларды компьютер (нетбук) менен камсыз кылуу.
  • ·         Чет өлкөдөгү эң жакшы окуу жайларына өткөндөрдү каржылоо үчүн атайын фонд түзүлгөн.

Саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо:

  • ·         Инфраструктураны (ооруканаларды) каржылоодон жана субсидиялоодон баш тартуу. Мекемелерди эмес пациенттерди мамлекет тарабынан каржылоо системасы киргизилген.
  • ·         Менчиктештирүү.
  • ·         Саламаттыкты сактоо тармагын камсыздандыруу аркылуу каржылоого өтүү.
  • ·         Ири мамлекеттик ооруканалардан жеке ооруканаларга өтүү жана жайгашкан орду 90 пайыз элге 30 мин. жол жүргөндөй болуш керек. 

Социалдык коргоо тармагын реформалоо:

  • ·         Индекстештирилген эмес пенчиялык система (универсиалдык бюджет).   
  • ·         Социалдык жеңилдикти монетизациялоо.
  • ·         Минималдык пенсиянын көлөмү өскөн, 2003-жылы 14 лариден (6,5 доллар) 2011-жылы 100 лариге (60 доллар) чейин.
  • ·         Мамлекеттик жардамга көз каранды болгондорду табуу үчүн атайын программа ойлонуп табылган.
  • ·         Социалдык жардам:
    • o   монетизацияланган социалдык жардамды 420 миң киши алышат;
    • o   бекер медициналык камсыздоону 1 млн. киши алышат.

Аскер реформасы:

  • ·         Келишимдин негизиндеги профессионалдуу армияга өтүү.
  • ·         НАТОнун стандартарына жакындоо.
  • ·         Грузиндик аскерлерди НАТОнун стандартары менен окутуу.
  • ·         Грузиндик аскерлерди Ирак менен Афганистанга жөнөтүү.

Бул макала М.Намазалиевдин блогунан алынган. 

Грузиядагы негизги реформалардын тизмеси жана сүрөттөлүшү. Үчүнчү бөлүк
Written by adilet, Wednesday, 14 Sep, 2011 – 16:00 | No Comment


Грузиядагы 6-7 жылдан берки жүрүп жаткан реформалар дүйнө жүзүндөгү эркиндикти сүйгөн мамлекеттерди суктандырып келе жатат. Реформа, реформа деп эле көптөгөн саясатчылар какшап келе жатышат. Бирок, колунан келип турганда эчтекени жасабай, бир-эки реформаны жасап коюп, ошону менен токтоп калышат. Реформа тынымсыз жүрүп, мамлекеттин баардык тармактарын кучагына алса ошондо гана мамлекет өрчүп өнүгүп, элдин бакуубат жана жакшы жашоосу болот деп ойлойм.

Төмөндөгү реформалар Грузияда болуп өттү. Бул реформаларды Мирсулжан Намазалиев өз көзү менен көрүп, Грузиянын алгачкы реформаторлору менен бир нече жолу жолугуп келген. Бул М.Намазалиевдин блогунан орусчадан которулду.

Бажы тармагындагы реформалар:

  • Салык кызматын менен  Бажы кызматын бириктирүү.
  • 2006 – жылдын 1 – сентябрынан тартып бажы милдеттенмелерин алып салуу.
  • Импорт менен экспортко сандык чектөөлөрдү жок кылуу.
  • Бажылык тарифтер тез төмөндөтүлгөн: импорт болгон товарларга 0% – 90% чейин кээ бир айыл чарба продукцияларына жана куруу материалдарына 5% – 12% чейин
  • Тарифдик эмес барьерлер жок кылынган – техникалык нормалар EU\OECD жана КМШ Грузиянын улуттук техникалык талаптарына теңдешишет.
  • Атайын бажылык кампа деген режим киргизилген: бир гана төлөмдөр – кампадагы ээлеген ордуна гана төлөмдөр алынат.
    • “Эркин жана конкуренттүү соода жөнүндөгү мыйзамды” кабыл алуу менен, мамлекет тарабынан жеке жана мамлекеттик компанияларга монополдук укуктарды берүү токтолот.
    • Жаңы Эмгек кодексин кабыл алуу:

Ички экономикалык либерализация:

Минималдуу эмгек акынын деңгээли жок кылынган:

Жумушчулар жана жумуш берүүчүлөр өз ыктыяры жана макулдуулугу менен келишим түзө алышат.

Профсоюздардын монополдук орду жок кылынган.

  • Фондалык биржанын иштешине жаңы эрежелерди киргизүү.
  • “Төлөй албастык жөнүндөгү мыйзамды” кабыл алуу – банкроттук жөнүндөгү тартип бир кыйла кыскарды. Компаниянын негиздөөчүлөрү менен өнөктөштөрүнүн кредиторлорго болгон милдеттенмелери кыйла өзгөрдү.
  • Стандартташтыруу жана сертификациялоону реформалоо:

милдеттүү түрдө сертификациялоочу товарлардын тизмеси жок,

техникалык регламент боюнча товардын сапаты бааланышы      мүмкүн,

өнүккөн мамлекеттердин техникалык регламенти грузиндик базарда колдонулат,

чет өлкөлүк стандарттын колдонуусунун либерализациясы,

чет өлкөлүк метрологиялык текшерүүлөрдү таануу.

Тышкы экономикалык ишкердикти жөнгө салуу:

  • Грузияга келген чет өлкөлүк инвестициялардын чектөөсүн алып салуу.
  • Дүйнөнүн баардык мамлекеттери менен ачык жана дискриминациялык эмес соода мамилелерин түзүү.
  • Баардык чоң соода өнөктөштөр менен эркин соода жөнүндөгү келишимдер.
  • Даары дармек импортундагы эрежелерди өзгөртүү (либерализациялоо) жана камсыздандыруу (страхование) жана сертификациялоо тармагындагы тейлөөлөрдү ишке ашыруу.
  • Жергиликтүү жана импорттолгон товарларга акциздик төлөмдөрдүн жана НДСтин бирдей ставкаларын киргизүү.
  • Грузиянын аймагындагы товарларды авто жол менен ташууга болгон баардык транзиттик пошлиналарды, квоталарды жана башка транзиттик тоскоолдорду жок кылуу.
  • Темир жол тарифдик саясатын либерализациялоо.
  • •          “Ачык асман” саясаты – грузиндик аба майданындагы пассажирлердин санын, багытын жана учуу жыштыгын чектөөлөрүн жок кылуу.
  • •          Эркин индустриалдык жана эркин туристикалык зоналар жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу.
  • Эл аралык финансылык компаниялардын кирешеге болгон салыктан бошотуу түшүнүгү мыйзам түрүндө бекитилген.
  • Грузиядагы А+ же жогорку рейтингдеги чет өлкөлүк банктардын ишине болгон чектөөлөрдү алып салуу.
  • Чет өлкөлүктөргө бирдей абал:

Резидент эместерге карата дискриминациялык эмес регуляция

Резидент эместерге шаардагы мүлк, жер (2010 – жылдын жайдан баштап айыл чарба жер), бизнес, финансылык институттарга болгон менчик укугу чектелбейт.

Капиталга болгон репатриация укугу чектелбейт.

Чет өлкөлүктөргө жумушка болгон уруксат талап кылынбайт.

Кош салык төлөбөш үчүн келишимдер түзүлгөн жана бир нече мамлекеттер менен инвестицияларды коргоо жөнүндө келишимдер түзүлгөн.

Визалык либерализация:

  • Визалык режим дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетинин жарандарына алып салынды (дүйнөдөгү мамлекеттердин киши башына болгон ИДПсы 10 миң АКШ долларынан ашкан) Европа Биримдиги, Турция, Израиль, Япония, Канада, АКШ, Швейцария.
  • Башка мамлекеттердин жарандары үчүн кирүү визаларын алыш абдан жөнөкөй кылынган.
  • Кош жарандыкты мыйзамдаштыруу.
Жергиликтүү салыктар
Written by Рысбек Арунов, Wednesday, 14 Sep, 2011 – 10:30 | Comments Off

Жергиликтүү салыктар жана чогултуулар жеке адамдар тарабынан (анын ичинде жеке ишкерлер тарабынан), алардын Кыргыз Республикасынын жараны жана жараны эместигине карабастан, ошондой эле юридикалык тараптардан (анын ичинде чет элдик ишкерлердин катышуусунда) төлөнөт.

Жергиликтүү салыктарды жана чогултуулардын эрежелери жергилектүү бийлик тарабынан, ал эми төлөө убактысы – жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдар тарабынан коюлат.

Жергиликтүү салыкка: жер салыгы жана мүлккө болгон салык. Кыргыз Республикасынын баардык жерлеринде 2009 жылдын 1 январынан 2010 жылдын 31 декабрына чейин жергиликтүү салыктар жана чогултуулар киргизилип, 2011 жылдын 1 январынан тартып жогорудагы салыктар жергиликтүү кеңештердин башкаруусуна өттү.

Жер салыгы

Жерге болгон атайын формадагы документи бар, менчик жер ээлери жана жерди алып колдонуучулар жер салыгын төлөөчүлөр болуп саналат.

Салык алынуучу объект болуп менчик, дайыма жана убактылуу колдонулуучу айдоо жерлери саналат.

Жер салыгынын базалык ставкалары жердин кайсы жакта жайгашканына жана колдонулушуна жараша Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде коюлат.

Жер салыгы үчкө бөлүнөт: айыл-чарба жерлери,калк отурукташкан жана айыл-чарбасына ылайыкташпаган жерлер, бакчалар. Алыскы жана тоолуу райондордо жашаган калкка кээ бир жеңилдитер каралган. Алар жер салыгынын 50%ын гана төлөшөт.

Жаңы кабыл алынган Салык кодексинин негизинде жерден алынган салык, эми ошол жердин бюджетине түшүп турат.

Менчикке болгон салык

Менчикке болгон салыкты төлөөчүлөр катары организациялар же жеке адамдар саналат. Эгерде төмөндөгү менчикке ээ болушса:

  • Ишкердик үчүн эмес турак-жайлар (1 группа);
  • Ишкердик үчүн колдонулуучу турак-жайлар, пансионат, эс алуу үйлөрү, санаторийлер,административдик ж.б.имараттар (2 группа);
  • Ишкердик үчүн убактылуу колдонулуучу темир ж.б.конструкциялардан жасалган объекттер: киоск, контейнер жана бащкалар (3 группа);
  • Тарнспорт менчиги (4 группа).

Жогорудагы ар бир группадагы менчикке өзүнчө салык алынат:

  • 1 группадагы менчикке болгон ставка – 0,35% түзот;
  • 2 жана 3 группадагы менчикке болгон ставка – 1% түзөт;
  • Ал эми 4 группадагы менчикке болгон салык: ар бир унаанын жылына жана анын кыймылдаткычынын 1см3, түрүнө жараша төлөнүп келет.

Турак-жайга болгон салыктардын ставкалары республиканын ар кайсы жеринде ар кандай алынат. Бишкекте коюлган ставкалар менен алыскы райондордогу ставкалардын айырмасы өтө чоң.

Согуштун баатырлары, баатыр-энелер, инвалиддер ж.б.мамлекеттик сыйлыктын ээлери бул салыктан бошотулат. Бирок бир гана учурда, алардын жашаган жеринин жалпы аянты 100м2 ашпашы керек.

Грузиядагы 2004-2011 ж.чейинки негизги реформалардын тизмеси жана сүрөттөлүшү Экинчи бөлүк
Written by Рысбек Арунов, Thursday, 8 Sep, 2011 – 21:22 | No Comment

Биринчи бөлүктө коррупцияга каршы, укук коргоо структураларынын, кылмыш жасоо мыйзамын, мамлекеттик секторду реформалоо каралса. Экинчи бөлүктө сот, жаза өтөө, салык системасынын реформаланышы каралат.

V Сот системасынын реформаланышы

  • Көз карандысыз Жогорку Юстиция Советин түзүү (High Council of Justice);
  • Биринчи сот инстанциясын экинчи сот инстанциясынан так жана даана бөлүү;
  • Соттор үчүн так процедураларды аныктоо;
  • Укуктук системаны либералдаштыруу;
  • Жеке менчик укукту коргоону күчөтүү;
  • Соттор, адвокаттар жана прокурорлор үчүн Жалпы Сертификациалык Экзамен өткөрүү;
  • Жогорку Юстиция мектебин ачуу;
  • Соттук процесстердин эффективдүүлүгүнүн жогорулашы: кыска мөөнөттөгү соттук процесстер жана айыпталуучунун укугунун толук корголушу;
  • Соттордун айлык маяналары менен пенсияларын жогорулатуу;
  • Соттордун көз карандысыздыгынын деңгээлинин өсүшү – сотторду өмүр бою шайлоо тажрыйбасынын киргизилиши, бийликтин эки бутагынын ортосунда болгон кызыкчылык тирешинин азайышы – Парламент менен Юстиция Министрлиги эми Жогорку Юстиция Советинин туруктуу мүчөлөрүн дайындай алышпайт;
  • Маалымат ташуучуларды коргоо – кандайдыр бир маалыматты ачууда алардын укуку тебелене турган болсо, финансылык жана моралдык зыян үчүн компенсация төлөп берүү.

VI Жаза өтөө системасын реформалоо

  • Заманбап пенитенциардык имараттарды куруу;
  • Абактардагы жаза өтөө шарттарын дүйнөлүк стандарка жакындатуу;
  • Бириккен кылмыштуулук топтордун анабашчыларын жөнөкөй камалган адамдардан бөлүү, мындан ары алар атайын берилген жашыруун укуктарынан ажырайт;
  • Адамдарды кыйнап-кордогондорго катуу санциялар көрүлүп, ар кандай көзөмөлдөө механизмдери колдонулат. Абактарда байкоочу камералар орнотулуп, кызмат өтөгөндөр сөзсүз түрдө камалгандардын ден-соолугу тууралуу маалымат берип жатканда рапорт толтуулары зарыл. Сурак убагында айыпталуучу өзүнүнүн жаздыруучу аппараттарын колдоно алат;
  • Адамдарды кыйноо, алардын намысын тебелөө, мазактоого каршы тууралуу Конвенциянын Факультативдик Протоколу ратификацияланды;
  • Мамлекеттик органдардын иш-аракеттери ачыктала баштады – Башкы Прокурордун аппараты мындан ары пенитенциардык системаны көзөмөлдөй албайт; Ички Иштер Министрлигинде, Башкы Прокурордун аппаратында жана Абактар Департаментинде адамдардын иши боюнча Департаменти түзүлүп, мурунку мамлекеттик эмес уюмдардын мүчөлөрү иш алып барышат; Башкы Прокурордун аппаратында адам укуктарын коргоочу атайын бөлүм ачылды; Абактар Департаментинде айыпталуучулардын укугун коргогон бөлүм ачылды; Атайын Мамлекеттик коргоочу убактылуу кармоочу жайларга каалаган убагында кирип, текшере алат.

VII Салык системасынын реформаланышы

  • 2003 жылдан  2008 жылга чейин  салыктардын санын 26дан 6га чейин кыскартуу;
  • НДС ставкаларын 20%дан 18%га кыскартуу;
  • Кирешеден түшкөн салыктын ставкасын 12-20%ды 12%га “плоский” ставкасына алмаштыруу;
  • Пайдага болгон салыктын ставкасы 20%дан 15% түшүрүлдү;
  • Кирешеден түшкөн салык менен социалдык салыктын ставкаларын 20% түшүрүү “плоский” шкаласынын негизинде;
  • Менчикке болгон акциздик чогултууларды жана салыкты төмөндөтүү;
  • 2004 жылга чейин пайдага болгон салыкка амнистия жарыялоо;
  • Капиталга кеткен чыгымдарды кайра кайтаруу;
  • НДСти кайтаруу;
  • Финансы Министрлигинин алдында Салык Советин түзүү – салыкка байланыштуу чыр-чатактарды сот органдарына жеткирбей чечүү;
  • Салык декларацияларын электрондук формада өткөрүүгө шарт түзүү.
Грузиядагы 2004-2011 ж.чейинки негизги реформалардын тизмеси жана сүрөттөлүшү Биринчи бөлүк
Written by Рысбек Арунов, Tuesday, 6 Sep, 2011 – 15:00 | No Comment

Бул макала Мирсулжан Намазалиевдин макаласынан которулду. Грузия реформасынын негизги авторлору болуп Каха Бендукидзе, Вато Лежава, Вахтанг Мегрелишвили, Андрей Илларионов, Лариса Буракова саналат.

Негизинен бул макалада Лариса Буракованын болуп жаткан реформаларга кошкон салымы каралат.

I Коррупцияга каршы жүргүзүлгөн реформа

  • Болуп жаткан реформалардын ажыралгыс бөлүгү болуп коррупцияга каршы чаралары саналат.

Эки негизги ыкманы бөлүүгө болот:

  • Жазалоо;
  • Эскертүү, тоскоол болуу.

Жүргүзүлгөн реформалардын негизги жыйынтыгы болуп коррупциянын олуттуу түрдө кыскарышы: Эл Аралык Финансы Корпорациясынын мааалыматы боюнча, Грузиянын калкынын 2% гана пара берген же пара бергени тууралуу бирөөлөрдөн уккан.

II Укук коргоо структураларынын реформаланышы

  • Ички Иштер Министрлиги менен Мамлекеттик Коопсуздук Министрлигинин бириктирилишинин негизинде – бирин-бири кайталаган функцияларын жоюу жана бюджеттик чыгымдарды туура багытта жумшоо.
  • Реформа жүргүзүүдөгү негизги жетишкендиктер:
    • Материалдык-техникалык базанын жаңыланышы;
    • Жаңы автоунаалар жана инвентарь менен камсыз болуусу;
    • Ички Иштер Министрлигининин башкы кеңсесин жана полициялык участокторун салуу, оңдөп-түздөө жана реконструкциялоо;
    • Айлык маяналарын жогорулатуу;
    • Мамлекеттик Авто Инспекциясын жоюу;
    • Америкалык типтеги полициялык патрулду , облустук полициянын функциясынан бөлүнгөн системаны киргизүү;
    • Криминалдык полицияны реформалоо менен бирге – кылмышты өз алдынча тергөөчү (детектив) жана инспекторлор кызматын түзүү;
    • Жарандык Өзгөчө Кырдаалдар кызматын модернизациялоо (Өрт өчүрүү кызматын кошо);
    • Күнү-түнү иштөөчү телефондук центрди түзүү – 022;
    • Тейлөө агентствосун түзүү жана “Бир Терезе” принцибин жайылтуу;
    • Укук коргоо органдарынын бирдиктүү базасын түзүү;
    • Мурда иштеп жаткан жана жаңы ишке орношкон укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо, квалификациясын жогорулатуу үчүн – Полиция Академиясын түптөө.

III Кылмыш жасоо мыйзамын реформалоо

  • 2004 жылы 24 июнь бириккен кылмыштуулук жана рэкет жөнүндөгү мыйзамы кабыл алынып – “Кылмыштагы ууру” институту жоюлуп, “Уурулук” менталитети үчүн жасалоо чаралары күчөтүлгөн. Жыйынтык: “Мыйзамдагы ууру” эркиндикте жок;
  • 2005 жылдын май айынан тартып кылмыш жасоо-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Буга ылайык кылмыш жасагандыгы тууралуу фактылар алдын ала тергөө жүргүзүү үчүн негиз болуп бере алат;
  • Алдын ала тергөөдө адам укуктарынын тебелениши жөнүндөгү фактыларды азайтуу үчүн Башкы Прокурордун аппаратынын көзөмөлү күчөтүлгөн.
  • Алдын ала тергөө убактысы 9 айдан 4 айга кыскартылса, убактылуу жайда кармоо убактысы 24 айдан 12 айга кыскартылган;
  • Айыпталуучу укуктуу: ар бир тергөө амалында экиден күбө чакырганга жана өздүк тергөө амалдарын өткөргөнгө;
  • Процессуалдык макулдашуу игститутун ишке ашыруу.

IV Мамлекеттик секторду реформалоо

  • Мамлекеттеги болгон министрликтердин санын 18ден 13кө кыскартуу. Бир нече министрликтерди жана мамлекеттик агентстволорду жоюу. Мамлекеттик бааларды көзөмөлдөө инспекциясын, монополияга каршы кызматын жоюу;
  • “Көзкарандысыз” департаменттерди жана министрликтерге баш ийген бир нече департаменттерди жоюу;
  • Мамлекеттик кызматтардын санын 52ден 34кө чейин кыскартуу;
  • Министрликтерде иштеген кызматкерлердин санын 35%га жана мамлекеттик сектордогу кызматкерлердин санын 50%га кыскартуу;
  • Бирин-бири туураган мамлекеттик органдардын функцияларын жоюу;
  • Мамлекеттик кызматкерлердин айлык маяналарын он беш эсеге жогорулатуу;
  • Мамлекеттик башкарууга жаш, профессионалдуу кызматкерлерди тартуу;
  • Министрликтерди ортоңку ылдамдыкта пландоого өткөрүү;
  • Экономикалык эркиндик актысын кабыл алуу (2013 жылдын 31 декабрында күчүнө кирет). Анын аныкталышы:
  • Жарандардын жалпы мамлекеттик салыкты аныктоодогу катышуусу:
    • салыктын жаңы түрлөрүн киргизүү (негизги аныкталган беш түрүнөн бөлөк – кирешеден түшкөн, пайдага болгон салык, НДС, бажы пошлиналары, акциздер – менчикке болгон салыктан башкасын. Анын ставкасы Салык кодексинин негизинде аныкталат.) жана жогорку ставкаларды көтөрүү, бир гана Референдум аркылуу;
    • Макроэкономикалык көрсөткүчтөргө болгон лимит:
      • Бекитилген бюджеттин чыгымдары ички  дүң продукттун 30% ашпашы керек.
      • Бекитилген бюджеттин дефицити ички дүң продукттун 3% ашпашы керек.
      • Мамлекеттин жалпы карызы ички дүң продукттун 60% ашпашы керек.
    • Бюджеттин универсалдуулук принциби:
      • Мамлекеттик чыгымдар мамлекеттик кирешеден каржылануусу мыйзам тарабынан аныкталбайт.
    • Капиталды эркин жүгүртүү принциби.
Экстремисттер менен экстремистче күрөшүү зарылбы?
Written by adilet, Friday, 15 Jul, 2011 – 14:00 | No Comment

Кыргызстанда социалдык-экономикалык абалдын начардыгынан диний экстремизм күч алып бараткандыгы баарыбызга белгилүү. Акыркы жылдары диний экстремистик уюмдардын саны бир топ көбөйдү. Сырткы күчтөрдүн таасиринен улам Кыргызстандын аймагында айрым диний радикал топтордун күч алышы мүмкүн. Алардын негизги максаты – калкты толугу менен бурмаланган ислам же христиан диндерине өткөрүү. Айрыкча Кыргызстандын түштүгүндө террористтик жана диний экстремисттик кыймылардын күчөп кетүү коркунучу бар.

Анткени, баарыбызга белгилүү болгон 90 – жылдардын аягындагы Баткендеги террористердин биздин өлкөгө каршы кол салуусу жана Фергана өрөөнүндөгү экстремистик уюмдардын уламдан улам көбөйүп жаткандыгы. Мындай уюмдардын негизги максаты Фергана өрөөнүндө өздөрүнүн Ислам Халифатын (мамлекетин) түзүшүп, өзгөчө жашоо эрежесин орнотууга умтулушат.

Жашоо шартынын начардыгынан биздин өлкөнүн жарандары тыюу салынган диний уюмдарга акча менен азгырылып, тартылууда. Учурда Кыргызстанда “Хизб-ут-Тахрир” тыюу салынган диний кыймылынын 1 миң 900дөн ашык мүчөсү бар экен. 2010-жылы жана быйыл биринчи кварталда алардын 40ы кармалып, 23 адам соттолгон. Алардан миңдеген экстремисттик адабияттар, баракчалар алынган.

СССР 70 жыл Кудай жок деп келген, бирок биздин ата-бабаларыбыз Кудай бар деп баарыбызды ыйман жолуна тарбиялаган. Бүгүн Кудайга шүгүр, мечиттер салынып, намаз окуган адамдарыбыз көбөйүүдө, бирок бүгүнкү күнү ар түрдүү экстремистик күчтөр ислам динине жамынып алышып, ар кандай ыплас жолдорго барып жатышат. Былтыркы түштүктө болуп өткөн июнь окуясынын негизги күнөөкөрлөрүнүн бири экстремистик күчтөр деп тастыкталган.  Ислам дининде сен кыргызсың же сен өзбексиң деп жазган эмес, ал жерде баары мусулман деп гана жазылган. Бүгүнкү күнү мамлекеттик бийлик дин ишине кийлигишпеш керек жеп жатышат, бирок биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө ар кандай диний экстремисттик жана террорчу күчтөр коркунуч жаратып жатканда, мамлекеттик бийлик кийлигишпей кое албайт. Бизге мамлекеттибиздин бүтүндүгү керек.

Мындан тышкары июнь окуясынан кийин сепаратизм да күч алды.  Учурда улуттар аралык ырксыздыкты жаратып, өлкөдөгү туруктуулукту бузууну көздөгөндөр бар. Түштүктө былтыр болгон каргашалуу окуядан кийин бир топ адам Ооганстан жана Пакистандагы террорчуларды даярдоочу лагерлерге жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат бар. Алардын көбү жаштар экени белгилүү – бул маалыматты Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы К.Дүйшөбаев тастыктады.

Атайын кызматтын өкүлдөрү Кыргызстандын түштүгүндө ишмердүүлүгүн жандандыра баштаган радикалдык маанайдагы диний экстремисттик агымдардын катарына: салахиттер, вахабийлер, акрамийлер, Таблики жамаат, Хизб-ут тахрир жана Шарп сыяктуу уюмдарды аташты. Улуттук коопсуздук кызматынын, дин иштери боюнча агентчиликтин жана башка тартип коргоо органдарынын иштери канаттандыраарлык эмес жана бул багытта күчтүү саясат жүргүзбөсөк экинчи Ооганстан болуп калышыбыз ыктымал.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агентчиликтин маалыматы боюнча акыркы жылдары Пакистанга, Сауд Аравиясына жана башка мусулман өлкөлөрүнө окууга кетип жаткан кыргыз атуулдары ал жактан экстремисттик маанайдагы окууларга сугарылып жаткандыгын жана алардын саны жылдан-жылга көбөйүшү кырдаалды оорлотуп жибериши мүмкүн.

Сунуш катары диний экстремизм менен, “Хизб-ут Тахрир”,“Аль-Каида”, же башка болобу, алардын өздөрүнүн куралы менен күрөшүбүз керек. Биринчиден, күчкө салган метод эмес, агитация катары. Элдин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Анан кийин түшүндүрүү иш боюнча адистер жана дин маселе боюнча органдарда атайын даярдалган адистер болушу зарыл. Мисалы: “Хизб-ут Тахрир”,“Аль-Каида”, же башка экстремистик кыймылдардын атайын даярдалган элдин арасында дабаатчылары бар.

Ошолор элдин арасында жүрүп, өзүнүн көз карашын, диндик жоболорун таркатып, элди ошол жол менен тартып атат. Ошого каршы, мисалы, өкмөт дагы ошондой жол менен барып, элдин арасында көбүрөк иштеши керек. Өкмөттүк органдарда күчтүү адистер болуш керек. Ошон үчүн идеологиялык деңгээлде күрөш жүргүзүшүбүз керек. Мисалы, жалаң эле камакка алып, репрессия жолу менен күрөшүү да өзүнүн жыйынтыгын бербейт, тилекке каршы тескерисинче болушу мүмкүн.

Кыска мөөнөттүү күрөш жүргүзүү аркылуу диний экстремизмге байланышкан коркунучтарды жоюу мүмкүн эмес. Кыргызстанда бул көйгөйдүн күчөп баратышына, коррупциянын таасири күчтүү.

Ошондуктан, коопсуздукка коркунуч келтирип жатат деп тизмеленген экстремисттик, террорчул жана сепаратисттик уюмдарга каршы кандай күрөшүү алда-канча натыйжалуу болот экен.

Чекисттер Порно тараткандан башканы билишеби?
Written by Рысбек Арунов, Friday, 15 Jul, 2011 – 9:00 | No Comment

Аты айтып тургандай бул орган өлкөнүн бүтүндүгүн, чек аранын сакталышын, террористерге жана экстремисттик күчтөргө каршы туруу, чалгындоо иштери менен алек болушу керек эле.

Бүгүнкү күндө андай болбой, булар сауналарды аңдып, кыздар менен жыргап жүргөн оппозиция лидерлерин сүрөткө, видеого тарткандан башка эч нерсе билишпей калды. Мисалы: Ө.Текебаевдин порно-видеосу, К.Карабековдун саунадан тартылган сүрөттөрү.

Мындан тышкары оппозициянын өкүлдөрүн, журналисттерди кысымга алганды, телефондорун тыңшаганды жакшы өздөштүрүшкөн.

Ар кандай саясий оюндардын куралы болуп келе жатышат: матрешка-гейт, К.Ташиевдин үйүндө болгон согуш, Г.Павлюктун өлүмү ж.б.

Ушундай иштер менен алек болуп жатканда, чек ара жакшы кайтарылбай, мыйзамсыз миграция күч алып, криминалдык топтор менен күрөшкөндүн ордуна, алар менен коюн-колтук болуп, тышкы күчтөрдүн өкүлдөрү ээн-эркин кирип чыгып жүрүшсө да, аларды көрмөксөн болуп мамлекеттин коопсуздугуна залакасын тийгизишип жатышат.

Криминалга согуш жарыяладык деп жар салгандары менен андан эч жыйынтык чыкпай келет. Андай топтордун жетекчилерин кармашат да, эртеси депутаттардын суранычы менен бошотуп жиберип жатышат.

Апрель төңкөрүшүнөн кийин банктардагы кутучалардан  табылган миллиондогон акчалардын кайда кетиргендиги жөнүндө бүгүнкү күнгө чейин толук отчетун берише элек. Белгисиз, жетекчиси алганы же атайын бир ишке жумшаганы.

КГБ, СНБ, ГКНБ, ГСНБ болуп бир нече жолу өзгөрдү. Мына булардыкы боюнча реформа ушу, анда жыйынтыгы кана? Чек ара кандай болсо, ошо бойдон каралбай, контрабанда, адам сатуу, мыйзамсыз чек араны кесип өтүү күчөп жататго!?

Реформа жүргүзүүдөгү негизги проблемаларды төмөндөгүлөр түзөт:

  1. Күч органдарынын саясатташып жатышы. Буга чейин деле, азыр деле күч структуралары бир адамдын же бир топтун кызыкчылыгына иштеп жатышат.
  2. Реформа процесстерин финансылык жактан колдоо. Көптөгөн каражат бөлүнбөй, материалдык жана техникалык жактан аксоодо.
  3. Ылдыйкы тепкичтеги кызматкерден баштап, жогорку тепкичтеги жетекчисине чейин паракорчулукка малынышы. Иштеген жерине, кызматтык документине таянып, жарандардан акча алып, көбүнүн бизнестерин “крышевать” этип жүрүшөт. Криминалдык топтун мүчөлөрүн кармап, акча алып кайра коё берип жатышат.
  4. Жабык организация. Баарына белгилүү бул организация жабык болуп саналат. Каалаган учурунда керектүү маалымат ала албайсың.
  5. Билимдүү кызматкерлердин жетишсиздиги. Маянанын аздыгынан профессионалдуу кызматкерлер кетип, алардын ордуна паракорчу, билими начар, чоңдордун урук-туугандары келип отурууда.
  6. Жаш кадрлардын жетишсиздиги. 50дөн ашкан жетекчисин жумуштан кетирип, реформа кылдык деп сүйүнүшөт. Анын ордуна ошого окшогон эле бирөөнү алып келип коюшат. Жаштар жумушка тартылбай, баягы эле карт бөрүлөр отурушат.
  7. Чек ара жакшы көзөмөлгө алынбай, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келип жатат. Себеби Чек ара кызматы бирде Коргоо министрлигине өтсө, бирде Коопсуздук кызматына же өзүнчө министрлик болуп өзгөрүп келе жатат. Бул дагы көп тоскоолдуктарды жаратып жатат.

Ал эми жогоруда айтылган проблемаларды чечүү үчүн төмөндөгү аракеттерди көрүү керек:

  1. Биринчиден, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен күч структураларынын ичинде өздөрүнө ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү. Себеби Ички Иштер Министрлигинде, Мамлекеттик Коопсуздук Кызматында, Финансы полициясында, Финансы чалгындоо кызматында окшош бөлүмдөр бар бир багытта иштеген. Андай түшүнбөстүктөрдү жоюп, ар бир органга тиешелүү өздөрүнүн иштерин берүү керек.
  2. Экинчиден, ачыктык (прозрачность) менен камсыздаш керек. Себеби керектүү маалыматты алыш өтө кыйын жана бул организация бир Президентке гана баш ийет. Ачыктыкты камсыз кылсак, жарандык коомдук өкүлдөрү көзөмөлгө алса, кичине өзгөрүү болушу мүмкүн.
  3. Үчүнүдөн, жазаган ишин коомчулук алдында ар бир квартал сайын отчет берип турушу керек.
  4. Төртүнчүдөн, кошуна мамлекеттердин күч структуралары менен биргеликте иш алып барып, чек араны коргоодо, экстремисттик жана террористтик күчтөр менен бирге күрөшүү.
  5. Бешинчиден, реформа жүргүзүүдө эски эффективдүү усулдарды калтырып, кереги жогунун ордуна жаңы эффективдүү усулдарды кабыл алуу керек.

Мына ушуларды ишке ашырсак кичине бирдеме өзгөрөөр……

Күчтүү жана заманбап армияны канткенде курабыз?
Written by Рысбек Арунов, Tuesday, 12 Jul, 2011 – 16:13 | No Comment

Бүгүнкү күндө баардык мамлекеттерде улуттук коопсуздук, чек араны сактоо маселелери күч структураларына жана коргоо кызматына (армияга) жүктөлгөн. Өзгөчө армия чоң ролду ойнойт. Ал үчүн армия күчтүү болуш керек, заманбап техника менен камсыздалышы керек.

Бирок баардыгы аракет кылганы менен, бул өтө көп каражатты талап кылат. Кээ бир өлкөлөр жыл сайын жаңы техника алышса, башкалары эски техника болсо да алмаштырганга аракет кылышат. Мисалы, акыркы убакка чейин мамлекетти коргоого жана армияга көп короткон мамлекет – бул АКШ болуп саналат. 2010 жылкы бюджеттен армияга 698 млрд.$ бөлүнсө, экинчи орунда Кытай – 119 млрд.$, Улуу Британия – 59,6$,Франция – 59,3$, Орусия – 58,7$ бөлүнгөн экен.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин чыгымын карасак, 2008 жылкы маалыматка ылайык Кыргызстан -79,3 млн.$, Казакстан – 1млрд. 281 млн.$, Өзбекстан – 1млрд. 422 млн.$ түзөт экен.

Ишке жарактуу жана жараксыз техникалардын Кыргызстандагы саны: БМП-298, самолет-58, вертолет-11, танкалар-215 ж.б.курал жарактар түзөт. Булардын көбү жараксыз, муну биз Ош окуясында баарыбыз көрдүк. Жоокерлердин саны 10 миңден 12 миңге чейин жетсе, Өзбекстандыкы -70 мин, Казакстандыкы-60 миң, Таджикистандыкы-12 миң адамды түзөт.

Бизде 12 миң болгону менен сапаты жагынан начар даярдыкта. Буга чейин канча жолу армияны реформа кылышты, эч жыйынтык чыккан жок. Себеби Коргоо Министрлигинде 1 же 2 отделди жоюп, 100гө жакын кызматкерди кетиришсе, реформа кылдык деп ойлошчу. Материалдык жана техникалык база жаңыртылмак турсун, тескерисинче сатып жатышат.

Кыргызстанда жыл сайын кызмат өтөөгө жашы жеткендердин саны 50 590 адамга жетсе, алардын 5 миңи ар кайсы бөлүктөрдө кызмат өтөшөт. Альтернативалык формада кызмат өтөгөндөр 15 миңге жетет.

Бүгүнкү күндө контракттык формада кызмат өтөгөндөрдү кээ бири 30% түзөт десе, башкалары 70% түзөт деп жатышат. Так маалымат жок. Алардын маяналары 12 миң сомду түзөт.

Убагында экс-президент К.Бакиев жана көптөгөн эксперттер да айтып чыгышты эле

“бизге чакан, мобилдүү, тажрыйбалуу, заманбап курал-жарак жана техника менен камсыздалган контракттык формадагы армия керек” деп.

Мен да бул идеяны колдойм. Бирок андай боло турган болсо, алардын маянасын 12 миң эмес, депутат, министрлердикинен 2-3 эсе көтөрүшүбүз керек, башкача айтканда 50миң кылсак, ошондо бир майнап чыгышы мүмкүн. Азыркы акчага тойбогон, жутунган депутаттар чек араны кайтарып калышат беле депутаттык, президентик оорунга жутунгандан көрө.

“Контрактниктерге”  кетчү каражатты Манас аэропортундагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборунан түшкөн салыктарды колдонсок болот. Жылына 150 млн.$ төлөшөт.

Ал эми бүгүнкү күндө республикадагы армия техникаларынын көбү борборубузда. Аларды түштүк регионго мобилизациялаш керек. Коргоо Министрлигин толугу менен көчүрүш керек. Себеби ал регион өтө кооптуу болуп саналат бүгүнкү күндө.

Көптөгөн саясат таануучулар, эксперттер айтып жатышат:

“жакынкы 10-15 жылдын ичинде Фергана өрөөнүндө көптөгөн сууга, жерге байланышкан конфликттер чыгышы мүмкүн” деп.

Биз материалдык жана техникалык базабызды жаңыртышыбыз керек. Заманбап курал-жарак, техникаларды алып, армияны күчтөшүбүз керек. Качан гана күчтүү армия болгондо, кошуна мамлекеттер эсептеше башташат. Азыр мышык ыйлачудай кебетебизди көрүп, үнүбүздү укпаган да ошо себептен.

Генерал, полковник, подполковник деген наамдарды бергенди азайтышыбыз керек. Өтөгөн кызматынын стажына карап берилиши керек негизи. Жөнөкөй жоокерлерге караганда, полковниктер өтө көп бизде. Пайда барбы ошолордон? Кызматтык тепкич менен өсүү жолун жөнгө салышыбыз керек. Мисалы, бир генерал жумуштан кеттиби, анын ардунакийинкисин, аныкына андан кийинкисин коюш керек. А бизде майор болуп, бир нече убактан кийин генералга жеткен фактылар көп.

Айтор, контракттык армияга өтүп, машыктырууну жана техникаларды чыңдап, натыйжалуу армияларды курууга өтүүбүз керек деп ойлойм. Андан башка жол жок…