Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Саясат

Ала качуу: кыздар өздөрү күнөөлүү
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 15 Jun, 2007 – 22:00 | No Comment

Амантур блоггерибиздин макаласын окуп алып, чындап эле ушул “салт” деп аталган көйгөйлүү маселенин күнөөкөрлөрү ким деген суроо салдым өзүмө.Бирок, алгач өзүм кездешкен үч окуя жөнүндө айтып берейин. Андан соң менин жыйынтыктоочу “ким күнөөлүү” деген оюмду бөлүшмөкчүмүн.2004 жылдары, менин эки эң жакын адамдарым жана бир жыл өтө бербей алысыраак тууганым ушундай жаман “салттын” жабыркоочусу болуп калышкан.Бирөөсү менин досум. Аны кудум эле окуп жүргөнүндө, Талас шаарынан ала качып кетишкен. Анын, “азыр апам келет да, силердин сазайыңарды берип, мени алып кетет” деген оюн таш каап, апасы анын ой-боюна койбой, “олтурасың!” деп кетип калат. Байкуш кыз ыйлап-сыктап, анан ошол жерде кала берет. Бирок анын “күйөөсү” экөөсүнүн ортосунда эч нерсе болбойт биринчи күнү. Ал эми таң эрте туруп алып, үйдөгүлөргө сыртка чыга коёюн демиш болуп, бул айыл үйүн сыртынан кулптап туруп, ал Бишкекти көздөй качып кетет. Ал азыр эл катары окуп-чокуп эле, «маңкурт» “болбой калган” күйөөсүнөн тышкары эле жашап, өзүнүн эркиндигине кубанып жүрөт.Экинчиси дагы менин жакын адамым. Аны жигити менен мына ана үйлөнөбүз деп турганда, шумпай “подружкасы” бөлөк айылдык адамдарга ала качып кетүүгө жардам бере коёт. Аны уурдап кеткенин уккан кыздын жигити менен үй-бүлөсү анын артынан чыгып, уруш чыгарып, кайра үйгө алып келип коюшат. Буга ыраазы болбогон эргулдар бул кызды экинчи күнү дагы уурдап кетишет. Баланын эки жолу уурдап кеткенин көрүп, анан дагы салттарга баш ийе калган кыздын ата-энеси, аны ошол жерге олтургузуп келе беришет. Боздоп ыйлап калган кыз, эмне айла табаарын билбей, анан олтуруп кала берет. Сюжет кинодогудай уланып, ал өзүнүн “агенттери” аркылуу жигитине кат жөнөтүп, анан качуу планын уюштурат. Ошентип, эки-үч күндөн кийин, ал “жаны күйөөсүн” “ачуу базар” кылып бериш үчүн шаарга алып келет да, анан ал жерден өзүнүн жигити менен качып кетет. Үч-төрт күндөн кийин, ал өз жигити үйлөнүп, анан жакшынакай жашап калышат. Read the full story »

Бийлик алигече куугунтуктоону улантууда
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 13 Jun, 2007 – 18:17 | 2 Comments

19 апрелде Кыргызстандагы оппозиция тарабынан уюштурулган демонстрациянын куулуп таркалышынын аркасынын бийлик эйфориясы күчөп, уюштуруучу жана катышуучуларды куугунтуктоону баштаган. Азырга чейин бул уланууда.Жыйырмадан ашык 19 апрел күнү митингдин милиция тарабынан куулуп жатканындагы аларга каршы таш ыргыткан жаш балдар азыркы учурда ГКНБ (Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитети) имаратында кармалып жатышкан экен. Аларга, массалык тополоңду уюштурган жана катышкан деген айып коюлуп, Кылмыш Жаза Кодексинин беренелерине ылайык сот иши күтүп турат.Ал тургай, “Канжар” аттуу жаштар кыймылынын жаш лидерлери азыркы учурда качкында жүрүшкөндүгү факт. Жалын деген бала, азырга дейре дайыны жок, издөөдө. Ал эми Адилет Айтикеев болсо Таластагы үйүнө барса, ал жерде дагы куугунтукта жүргөнүн билип, кайра ал жерден дагы качкан.Азыркы учурда бул балдар бөлөк өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүнөн “саясый качкын” наамын алууга дагы аракет көрүп жатышкан кездери. Адилет Айтикеев бүгүн интернет бетине http://adilet_aitikeev.livejournal.com аттуу блог ачты. Азырга дейре, бийлик өкүлдөрүнөн куугунтуктоонун бүтүүсүнө ишенип, алиге күтүшүүдө.

Ишкерлердин маалыматына
Written by Нурбек Абабакиров, Thursday, 7 Jun, 2007 – 7:40 | 5 Comments

25 май күнү «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жана «Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзамдарына президент Курманбек Бакиев тарабынан кол коюлду.Aйтылган эки мыйзамда:- ишкердик субъектеринин үстүнөн текшерүү жүргүзүүдөгу тартип, текшерүү процессинде атайын текшерүү органдарынын жана ишкерлердин укуктары жана милдеттери, ишкердикти коргоо;- мамлекет тарабынан ишкердиктерди колдоонун жана өнүктүрүүнүн жалпы жоболору, мамлекеттин чакан ишкердиктерди колдоп стимулдоонун формалары жана жолдору каралган (http://www.president.kg/press/news/2283)Биринчи мыйзамда атайын текшерүү органдары (салык инспекциясы ж.б) жана ишкердик субъектилеринин (жеке ишкерлер, юридикалык жактар) ортосундагы мамилер каралган. Бул мыйзам текшерүүлөрдүн түрлөрүн системалаштырган жана орунсуз текшерүүлөргө жол берилбестигин көрсөткөн. Мисалы: текшерүү кезинде атайын органдар тарабынан акчалай штраф салууга, текшерүүго тиешеси жок документ же түшүндүрмө талап кылуу жана ишкердиктин коммерциалык сырын жайууга тыюу салган (Статья 4).Кийинки мыйзамда болсо чакан ишкердиктердин мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү жөнүндө айтылган. Анын мисалдары: чакан ишкердриктерди колдоонун жана өнүгүүсүнүн инфраструктурасын куруу, жеңилдик шарттарын түзүү жана ишкердик ачууда регистрация процессин оңойлотуу ж.бБул эки мыйзам мамлекет тарабынан ишкердикке колдоо көрсөтүүнун даана белгиси деп айтса болот. Бирок, бул мыйзамдар кагаз жүзүндө эле кала бербей, ишке ашып тартиптери сакталса, жыйынтык көрсөтсө – бул ар бир ишкердин каалоосу.

Атамбаевдин башына таш тийген жокпу?
Written by Мирсулжан Намазалиев, Thursday, 31 May, 2007 – 19:00 | 3 Comments

Акыркы жумадагы Талас аймагында болгон митингдин чуулгандуу түрдө таркатылышы, ал жердеги премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин машинасынын жабыркашы, жергиликтүү активисттердин милиция кызматкерлери тарабынан кармалышы чындап эле Жер-Үй алтын-кен комбинатынын тегерегиндеги кандайдыр бир таза эмес мандем бар экендигин билдиргенсиди.Бүгүн Таластагы митингден милиция кызматкерлери тарабынан кармалган Лира Тантабаева менен сүйлөштүм. Аны бир күн  кармап, анан жаш ымыркай баласы бар болгону үчүн гана коё беришкен экен. Ошол. Бул эже мага кээ бир окуялар жөнүндө айтып берүүгө үлгүрдү.Көрсө, Талас жарандык коомунун лидерлери Алмазбек Атамбаевди Калба айылына жолугушуу өткөрүүгө чакырышкан экен.  Бирок, ал каршылык акциясы өтүп жаткан Манас айылындагы айылдык мектепте өткөрүүнү сунуштаган.  Буга жергиликтүү лидерлер таң калышкан имиш.Андан соң, Лира эженин айтуусуна караганда, премьер-министр өз сөзүндө «Не Акаев открывал Джеруй, а Майрам, силердин апчеңер, страной правил не Акаев, а силердин  апчеңер, баарын кылган силердин Майрам эжеңер, эмне  үчүн  өзүңөрдүн күнөөңөрдү  билбей  туруп, азыр кыйын болуп жатасыңар» и «Джеруй открывал не Акаев, всем правила Ваша сестра Майрам, вы талассцы почему не видите своей вины и строите из себя». Өкмөт башчысынын ушул билдирүүсүн жергиликтүү областтык телекөрсөтүүсү дагы көрсөткөн экен. Булардын баарын аты аталган эжекебиз өзүнүн жолдомосунда жазган экен. Анын ою боюнча, Атамбаев атайылап элди провокацияга жумшаган.Баса, Атамбаев манас айылына өзү менен кошо көп сандагы милиция, УВД, ГОВД, РОВД кызматкерлерин ала келген. Өзү кетип калгандан кийин ал жердеги митингди таркатуу иши башталган дешет. Ал жакта баягы эле провокатор бирөө кийирилген имиш, ошол адам милиция кызматкерлерине каршы, премьер-министрдин кортежине таш ыргыткан экен. Ушул эле адам бир аздан кийин пикетчилерге каршы көрсөтмө берген.

Бакиев – паракор эмес саясатчыбы? Абдан таң калыштуу :)
Written by Мирсулжан Намазалиев, Thursday, 31 May, 2007 – 16:52 | 2 Comments

Бүгүн Кыргызстан мекенчил партиясынын лидери Назарбек Нышанов өзүнүн версиясы боюнча өлкөдөгү паракор адамдардын тизмесин калың катмар элге жарыялады. Анын билдирүүсүнө ылайык азыркы истеблишменттин дээрлик баардыгы коррупцияга малынганын, бирок алардын ичине азыркы өлкө башчысы Бакиев кирбешин билдирет.Таң калыштуу нерсеси, тизменин алгачкылары болуп Аскар Акаев, анын аялы, бир туугандары, бөлөлөрү, жээндери, балдыз-бажалары киргизилген. Андан соң  тизмени Акаевдин учурунда кызмат ордун ээлеген мамлекеттик чиновниктер кирген. Алардын дээрлик бардыгы азыркы Бакиевдин доорунда дагы өкүм сүрүп, “кресло” ээлеп келе жаткандар. Бул катарды оппозиция лидери Феликс Кулов, азыркы өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев жана башкалары дагы түзүшөт.нг фотоАлбетте, эч ким булар паракор эмес деп айта албайт, бирок, бул “жүрөгү чоң” Назарбек аганын саясый маданиятынын төмөн экенин көрсөтүүдө деген ойдомун. Себеби, мынчалык тизме түзгүсү келсе, эмне үчүн тандоо мамиле кылат? Эмнеге президенттин аты жок болот, таптаза болуп кетсе да? (күлүүдөмүн :) )Мыйзамга ылайык ар бир тизмеге түшүп калган адам “мекенчил” Нышановго каршы даректелген, кадыр-барк жана аброюн коргоого сотко арыз жаза алышат. Себеби соттун далилинен мурун эле, бул жаран алардын атына эл астында чиркөө коюууда. Анын үстүндө, бул коомдук пикирди чогулткан сурамжылоонун жыйынтыгы эмес.Кызыктуу факттарды эскертип кетким келип жатат. Назарбек Нышановдун партиясы былтыркы жылы ушул маалда жолдомо жазышкан. Анда алар Россия Федерациясынан 100 миллиард доллар 1916 жылы болгон окуя үчүн талап кылган. Мындан тышкары Акаев учурунда Кытайга сатылып кеткен Үзөңгү-Кууш жерин мекенине кайтарып берүүнү Кытай Өкмөтүнөн талап кылган. Анан дагы, бул “акылман” Акаевдин учурунда көбүрөөк демократия бар болчу деп чыгып, Бакиевдин өзүн Акаев менен көмүскө бүтүмгө барган деп айыптаган. 2005 жылы өтө турган Президенттик шайлоого Нышанов талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган, бирок регистрациядан өткөн эмес. Ошол эле учурда ал Курманбек Бакиевдин Президенттикке болгон кандидаттык регистрациясын жокко чыгаруу сунушу менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Өзүнүн арызында ал азыркы өлкө башчысын убагына жете электе баштаган агитациясы жана жумуштук шартына байланыштуу шайлоочуларды сатып алып жатканын билдирген. Ал эми азыр болсо Бакиевди паракорчулар тизмесине кийирбегени таң калтырууда.Баса, бул жаңылыкты окуп жатып анын өзүн паракорчу деген ойго көмүскө туюмумда келдим. Анан, кайра НЛП (нейро-лингвистическое программирование) боюнча кайсы бир убакта өткөн тренингди эстедим. Анда биз шайлоо кампаниясында колдонулган кара пиар технологияларын анализдеп жатканда, тренер айткан эле, бөлөктөрдү паракор деп айыптагандар өздөрү паракор сезилет деп.Сиздердин оюңуздар кандай?