Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Саясат

Парламенттин алдындагы митинг
Written by Асель Шабданова, Thursday, 17 Mar, 2011 – 9:35 | No Comment

Ак үйдүн тушунда отүп жаткан митингдин күбөөсү болуп калдым. Окуудан чыккандан кийин кыйкырыктарга көңүл бурдум. Жакыныраак келип карасам, сөздөрүн түшүнө баштадым. Алар: шаардын мэри – Иса Омуркулов,Р. Отунбаеванын дарегине жылуу сөздөр эмес экен. Катышуучулар Ош базардын сатуучулары. Базардын территориясындагы жолдорду оңдоосун кийинчерээк кылуусун сурап жатышат. Эмнегедир милиция: “Бул жакка келгиле деп, Ак Үйдүн дарбазаларына топтоп жатат. Ал эми катышуучулар анын дарбазасын күч менен ачууга аракет кылып жатышкан.

Роза Отунбаева Нобель сыйлыгына татыктуубу?
Written by adilet, Tuesday, 15 Mar, 2011 – 12:50 | No Comment

Роза Отунбаеваны 2011-жылы Нобель сыйлыгына көрсөтүү сунушу менен  Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча мусулман комитети жана Казакстандын мусулмандар союзу чыкты. Бул коомдук уюмдар Роза Отунбаеваны 2010-жылдагы эң мыкты мамлекеттик ишмер деп табышты”, – деп кабарлайт “Интерфакс-Казахстан” булагы. Айтып кетсек. Казакстандын президенти Н.Назарбаев дагы Р.Отунбаеваны 2011-жылы Нобель сыйлыгына көрсөтөрүн айтып кеткен. «Кыргызстандагы демократиялык оппозициянын башында туруп Роза Отунбаева коррупциялашкан бийликти кетирүү мүмкүнчүлүгүнө жетишти жана өлкөдө болуп кетүүсү мүмкүн болгон жарандык согушту токтотту»,-деп айтылат аталган уюмдардын басма сөз кызматтары тараткан маалыматтарында.

Тарыхты карап көрсөк

Нобель сыйлыгы эң даражалуу эл аралык сыйлыктардын ичине кирет. Бул көрүнүктүү илимдик изилдөө же илимдик ачылыш, маданиятка кошкон салым.         1901-жылдан тартып Швецияда, Стокгольмдо ыйгарылат. Альфред Нобельдин калоосу боюнча, бул сыйлык беш тармакта ыйгарылат – 1. физика, 2. химия, 3. литература, 4. физиология жана медицина, 5. дүйнөдө тынчтыкты орнотууга кошкон салым жана ушул тарап боюнча биздин президентибиз Роза Отунбаева сыйланышы ыктымал. Сыйлыка биргелеше болжолу менен 1,5 млн. америкалык доллар акча премиясы да берилет. 2000-жылдан бери, бул тармактагы сыйлыка СССРдин мурунку президенти же биринчи секретары Михаил Горбачев, Бириккен Улуттар Уюмунун мурунку жетекчиси Кофи Аннан, Альберт Гор, АКШнын азыркы президенти Барак Обама татыктуу болушкан.

Сыйлыктар
Мурунку эле жумада Вашингтондо, 8 мартка карата АКШ мамлекети тарабынан Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева «Эрдик»  сыйлыгы менен сыйланды. Бул сыйлык биринчи жолу аял-президентке ыйгарылууда. Буга чейин көбүнчө бийик жетишкендиктери үчүн укук коргоочулар татыктуу болуп келишкен. Роза айым кыргыздын биринчи аял-президенти болгону менен, элибиздин тарыхында коомдук-саясий иштерде маанилүү орунду ээлеп, жакшы из калтырат деп ойлойм.

Жумуштан SMS аркылуу алынган журналист, таяк жеген журналист
Written by Нурила Батыралиева, Sunday, 6 Mar, 2011 – 4:01 | No Comment

Дүйнө жүзү боюнча эң кооптуу кесиптердин бири-журналисттик кесип экени белгилүү. Айрыкча акыркы мусулман өлкөлөрдө болуп жаткан революциялар, баш аламандыктар муну тастыктайт. Болуп жаткан кандуу окуяларды элге жеткиребиз деген журналисттердин далайы Ливиядагы, Египет, Тунистеги согуштарда жарадар болушту, аларды толкуган эл ур-токмокко алышып, зордуктаганга чейин барышты. Кыргызстанда да журналистик кесип  аябай кооптуу кесип. Апрель окуяларында кээ бирине ок да тийди, Оштогу кыргыз-өзбек согушунда да журналисттер өз өмүрлөрүн тобокелге салып иштеп жүрүштү, Акаевдин, бакиевдин убагында да далай журналисттер куугунтукталып, керек болсо өлтүрүлүп, саясий качкындарга айлангандары айтпаса деле белгилүү. Мына эми Бакиев кетти, чындап өнүгүү жолуна түштүк, сөз эркиндиги сакталып, акыйкаттык орноду деп азыркы Президентибиз Роза Отунбаева расмий жолугушууларда айтып жүргөнү менен, иш жүзүндө мурункудай эле. Read the full story »

ӨЛКӨДӨ КӨЗ-КАРАНДЫСЫЗ СОТ СИСТЕМАСЫН КАНТИП ТҮЗҮҮ КЕРЕК?
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 19 Feb, 2011 – 6:42 | No Comment

Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту сот системасы, анын канчалык көз карандысыз абалы укуктук жана цивилизациялуу мамлекеттин өнүгүү деңгээлин көрсөтүүчү маанилүү бир тармагы деп эсептейт. Жарандардын,о.э. мамлекеттин экономикалык, социалдык жана саясий абалына олуттуу таасир этүүчү ишкерлик кылуу субъектилеринин укуктары менен эркиндиктеринин сакталыш сапаты сот системасынын сапатына жараша болот. Жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын укуктарын коргоодо, о.э. мыйзам алдында баарынын укугу бирдей, соттун чечимине ар бир адам толук ишенет деген талапка негизделген шарттагы коопсуз коом курууда сот системасы ишенимдүү жана адилет калканч болууга кызмат кылышы керек.

КӨЙГӨЙ

Биринчи кезекте соттук-укук системасында азыркы учурдагы негизги көйгөйдү белгилеп алуу керек, тактап айтканда:

  • сот органдарынын бир топ натыйжасыз иштөөсү (кабыл алынып жаткан көптөгөн чечимдердин, аныктамалардын,өкүмдөрдүн адилетсиздиги) булардан башка төмөнкү шарттар менен коштолгон:
  • судьяларды шайлоо, дайындоо жана кызматтан алуу системасынын жетишсиз натыйжалуулугу
  • соттордун бийликтин башка бутактарынан белгилүү деңгээлдеги көз карандылыгы
  • жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин өтө эле көптүгү
  • соттордун коррупцияланышы, элдин ишенбеши жана кадрдык проблема.

Көпчүлүккө жеткиликтүү болуш үчүн төмөндөгү сунуштар негизги эки маселени чечүүгө багытталат:

  1. Бийликти бөлүштүрүү жана соттордун көз каранды болбоо принциптерине ылайык сот системасынын тийиштүү деңгээлде иштөөсү үчүн шарттарды түзүү.
  2. Жергиликтүү соттордун судьяларын шайлоо механизмин реформалоо.

ЧЕЧИМ:

1. Биздин сунушта жергиликтүү соттордун судьяларын судьялар Кеңеши менен алдын ала макулдашылган соң жергиликтүү Кеңештердин сунуштамасы боюнча Президент (дайындоодон баш тартуу укугу болбогон) дайындап жана иштен алуу сунушталат. Анткени жергиликтүү Кеңештердин депутаттары өз районундагы судьялардын ишин жакшы билишет, ошол аймактын элинин кызыкчылыктарын жактаган соң, жергиликтүү соттордун судьялыгына татыктуулардын шайланышына алардан өткөн кызыкдар адамдар жок. Судьялар Кеңешинин үчтөн бири (жаңы Конституциянын долбоорунда ушундай сунушталган) соттордон тургандыктан, алар жергиликтүү соттордун судьялыгына сунушталып жаткан талапкердин кесиптик жогорку компетенттүүлүктө болуусун көзөмөлдөйт.

Read the full story »

Жоопкерчиликтүү өкмөт бизде качан болот?
Written by Seyitbek Usmanov, Wednesday, 16 Feb, 2011 – 19:13 | 2 Comments

Эки ыңкылап максатына жетпеди. Эмне дегенде, бүгүн эмне өзгөрдү? Эч нерсе. Тетирисинче – эл бийлике ишенбейт, бийлик элге ишенбейт. Кыргызстанда өкмөт өзүнчө, эл өзүнчө – эки түрдүү планетада жашайт. Мындай түзүлүшкө эл каршы эмес, тескерисинче, өкмөттөн алысыраак болсок эле дейт. Анткени, өкмөттүк мекемелер менен кездешкен сайын толгон токой көйгөйлөр башталат.

Ушундай курч кырдаалга төмөнкү көрсөткүчтөр далил:

  • Ички иштер министрлиги биздин коопсуздук үчүн жоопкер болсо да, элдин аларга болгон ишеними кылмышкерлер менен бир деңгээлде;
  • Кээ бир адамдарга «Беларус» тракторун таратып койгону болбосо, Айыл чарба министирлигинен дыйкандар бир да пайда көрбөйт;
  • Билим берүү министирлиги болгону менен эл сапатсыз билим алат. Мисалы, мектеп окуучулары PISA тестинин натыйжасыда 2010-жылы 65 мамлекеттин ичинде 65-чи орунду алды;
  • Коррупцияга (жемсөөлүккө) каршы комитет болгону менен биз дүйнөдө коррупциянын деңгээли боюнча 166 орундабыз.

Бул проблемалар Кыргыз өкмөтүнүн ишин талапка ылайык аткарбай жаткандыгынын көрсөткүчү. Өкмөт азыркы милдеттерин аткара албаганына карабастан жылдан жылга жаңы жоопкерчиликтерди мойнуна алууда. Алсак, 2009- жылы Мамлекетик мүлк министирлиги түзүлгөну менен мамлекеттик мүлк мурдакыдан натыйжалуураак колдонулуп, коррупция азыраак болуп калдыбы? Жок. 2010- жылы Жаштардын иши боюнча министирлик түзүлгөнү менен жаштардын акыбалы жакшырдыбы? Жок. Министрликтердин жана агентстволордун саны көбөгөйгөнү менен элдин эң негизги проблемалары: жумушсуздук, коопсуздук, билим берүү, мыйзамдуулук, ден соолук чечилбей турат.

Жүздөгөн програмалар жазылган, миӊдеген мыйзамдар кабыл алынганы менен алардын көбү кагаз бетинде гана калып келет. Эмнеге? Мыйзам жазуу же комиссия түзүү бул элдин көӊүлүн башкага буруу, негизи максат болсо элди алдоо. Саясатчылар сөзүндө бирди айтып, иште башкача кылып келет – бул бийликтердин жүзү.

Өкмөт 20 жылдан бери элдин негизги проблемаларын чечпеди

Эгер өкмөт элдин эң негизги жана маанилүү проблемаларын чечпей жатса, демек, азыркы 20 министрилик жана 30 чакты агенство, комиссиялардан кандай пайда? 2010- жылы өкмөт 1.2 миллиард доллар сарптады (мамлекеттик бюджет), демек, биз салыкты бекер эле төлөп жатабызбы? Ооба. Азыр каражат натыйжасыз колдонулуп жатса, анда эмнеге жылдан жылга өкмөт бюджетти көбөйткүсү келүүдө? Жоопкерчиликтүү өкмөт болмоюнча 10 миллиард долларлык бюджет деле биздин орчундуу проблемаларды чечпейт. Министрлер жоопкерчиликке тартылбаса, натыйжалуу иштегендин эмне кереги бар?

20 жылдан бери Кыргызстанда өкмөттөр кантип иштегенин, министирлер кандай кыйратышканын жана кандай үйдө жашагандарын көрүп келебиз. Ошол эле маалда жалпы жашоо деңгээлибиз дүйнө элдеринин эң артында; мугалимдер болсо дагы деле 2 000 сом айлык алат; жаштар болсо жумушсуз. Эгер өкмөттү жана министирлерди жоопкерчиликке тарта албасак, алар 20 жылдан кийин деле эч нерсе аткарбай, мойнубузга минип олтура беришет.

Кантип жоопкерчиликтүү өкмөт түзүү керек?

Жоопкерчиликтүү өкмөт – бул чакан өкмөт. Анда анын иштери жөнөкөйлөтүлгөн жана түшүнүктүү, ачык болот.

Проблеманын негизи өкмөт мойнуна өтө көп милдеттерди алып алганы. Натыйжада иштери чала же такыр эле аткарылбай калууда. Мындан алыс болуш үчүн өкмөт өз жоопкерчиликтерин беш негизги багытка бөлүп жана алардын аткарылышын дүйнөлүк деңгээлде ченегендей болушу керек. Ошондо беш министирлик гана калат:

  1. Коопсуздук- коопсуздугубузга жоопкер;
  2. Мыйзамдуулук- мыйзамдар айкын аткарылышына жоопкер;
  3. Экономикалык өнүгүш- жеке ишмердиктердин өнүгүүсүнө жоопкер;
  4. Социалдык өнүгүү- билим берүүнү, саламатттыкты сактоону жана пенсияны реформалоого жооптуу;
  5. Каржы- салык, бажы чогултуу, анан ошондон ачык бюджет түзүүгө жооптуу.

Беш министирлик, беш жоопкерчилик. Ар бир жоопкерчиликтин аткарылышы дүйнөлүк деңгээлде ченелет. Азыр болсо министирликтер өздөрүн өздөрү баалайт, анан жакшы иш аткардык деп өздөрүн өзү куттуктап, кубанышат. Мындан алысташ үчүн, министирликтердин ишин төмөнкүдөй бааланат.

Эл аралык достук чындыкпы?
Written by Асель Шабданова, Tuesday, 15 Feb, 2011 – 13:12 | 2 Comments

Эл аралык достук ( бул жерде Россия менен Кыргызстан жөнүндө)  барбы, же бул күчтүү сөздөр мамлекеттер деңгээлинде эле калганбы? Бул суроо менде  башка тилдеги топонимдерди  кыргыз тилине которуу  боюнча орустардын  талкууларынан пайда болду.

Башынан баштасам, 10- февралдагы Фабула гезитинин чыгарылышында, Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы Кыргызстандын калкына, президент Р.Отунбаевага, Жогорку Кеңешке, жергиликтүү мамлекеттик акимчиликтерге, Өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жөнөттү. Кайрылууда тез арада айыл-кыштактардын абалкы, тарыхый аттарын кайтарып берүү демилгеси көтөрүлүп, аты-жытын кыргыз баласы эгерим билбеген Васильевка, Константиновка, Лебединовка, Малиновка, Алексеевка, ж.б. толуп жаткан “овка” жана “евка”  деген аттардан гана эмес, ошондой эле түштүктөгү айрым айылдардын өзбекче аталыштардан айрылыш керек. Авторлордун оюу боюнча, Совет кездеги 80  жыл бою чогулткан байлыктар, акыркы 20 жылдан бери тонолуп жок болгон. Башка Орто Азиядагы мамлекеттерге салыштырганда, биз эле  башка тилдеги административдик жергелердин аттарын өзгөртпөй  калтырыптырбыз. Эртеси күнү бул ойду сунуштаган Азимжан Ибраимовду Роза Отунбаева жумуштан алды.

Аддатагыдай эле, жакшылык кылалы  деген ой менен элдин баарына жаман көрүнүштү. Коомдо дагы Улуткомиссиянын баштоосу жакшы кабыл алынган жок. Көпчүлүгүнүн пикиринде, мындай реформаларды азыркы убакытта өткөрүүнүн кажети жок.

Бактыбек: “Во сколько обойдется все переименования? Такую сумму нужно привлечь для поэтапного, цивилизованного обучения киргизскому языку. От переименований нас.пунктов знание и дух языка не возродиться. Посмотрите на цены, зарплаты в КР. Сначала людям надо дать работу, спокойствие. А так очередная комиссия по языку – популисты”.

Фрунзенец : “Данные популисты сидят в теплых кабинетах,на мягких креслах,получают исправно деньги,и ковыряя в носу придумали для себя очередной пиар.Народ для них быдло,они о нём и не думают,как он живёт,чем питается?Названия н.п.с “овка” и “евка” им глаз мозолят,от переименования народу житься лучше не станет.” Мен патриотмун ( рационалдуу түрдөгү) деген адамдар өлкөбүздө азыркы учурда чечүүчү маселелер арбын деген пикирге макул болушат.

Read the full story »

Финполиция жоюлбайт
Written by Нурила Батыралиева, Friday, 4 Feb, 2011 – 12:55 | No Comment

Жакында массалык маалымат каражаттарына  Финансылык полиция кызматы  он күндүн ичинде жоюлат  деген маалымат Президент Роза Отунбаеванын атынан тараган.  Бирок, мага жеткен маалыматтарга караганда, Президенттин басма сөз кызматы туура эмес маалымат таратыптыр. Президент  Отунбаева өткөн жумада Ош облусунда болгон иш сапарында, бир жыйында  Финполициянын жана Ички иштер министрлигинин түштүктөгү  аймактар аралык башкармалыктарын он күндүн ичинде жоюуу боюнча айткан.  Демек, Отунбаева Финполициянын бир гана башкармалыгын жоюуу керектигин айткан.

Read the full story »

Кийинки президентибиздин аты ким?
Written by KGanalyst, Monday, 24 Jan, 2011 – 11:33 | 4 Comments

Кечээ эле шайлоо оюндары бүттү эле, бүгүн болсо келе жаткан президенттик шайлоого расмий эмес даярдыктар башталганы сезилип турат. Жакындагы кээ бир партия лидерлеринин массалык малымат каражаттары менен болгон маектеринде ушул жылдын октябр айында өткөрүлчү президенттик шайлоо жөнүндө өз ойлорун айткандары алардын даярдык көрүп жаткандыгын аныктайт.

Мисалы келтирсек, Ата Журт партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Азаттыкка берген интервьюсунда анын партиясы айтылган шайлоодо талапкерин көргөзүүсүн белгилеп кетти. Дагы бир партиянын лидери, Феликс Кулов (Ар Намыс), өзүнүн пресс конференциясында мамлекетибиздин премьер министри президенттике аттанышына каршылыгын билдирди. Куловдун айтымында, өкмөттүн башчысы президенттикке жарышкандын ордуна, мамлекеттин экономикалык жана социалдык кыйынчылыктарын чечүүнүн үстүндө иштеш керек. Кулов эч кимдин атын атабаса дагы, мындай билдирүүнү бүгүнкү премьер министр Атамбаевди өзүнүн атаандашы катары көрүп, аны шайлоодон четтетүү аракеттери катары баалаганга туура келет.

Күзгө чейин көп убакыт калса дагы (айрыкча, мамлекетибизде эртен эмне болуп кетерин эч ким билбей турган абалда), саясатчыларыбыздын кимиси Кыргызстандын кийинки президенти болуш үчүн аттанышы мүмкүн деген суроо күндөн күнгө курч болоорун көрүп, өз ойлорум менен бөлүшөйүн дедим эле.

Талапкер № 1 – Алмазбек Атамбаев.

Жакында эле өкмөт башчысы болуп бекитилген Социал-Демократиялык партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев мен божомолдогон президенттике талапкерлердин тизмесине биринчи болуп кирди.  Анткени, Атамбаев чынында эле өкмөттүн башында узак убакытка турууну кааласа, ал биринчи оорунда бийликти өз колуна алып, манилүү министирликтерди жана башка мамлекеттик органдарын туздөн түз башкарганга аракет кылмак. Ал эми бүгүн өкмөттүн ичинде ким эмне үчун жооп бергенин жана кимде көбүрөөк бийлик бар экенин карасак,  Атамбаев эмес эле, анын биринчи замы, Республика партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, көбүрөөк жоопкерчилик алып, өкмөттүн чыныгы башчысы болгондой сезилет. Мындай жагдай капыстык болбостон, башында эле бул эки саясатчылырдын пландарына дал келет деген ой туулат. Күзгө чейин Атамбаев өкмөттү жетектеп, саясий дивиденттерди топтоп, шайлоо жарыйланганда премьер министирликтен кетип (ал орун Бабановго өтүүсү менен) президенттике талапкер болуп чыгат окшойт. Ал эми шайлоого чейин, өкмөттүн үстүндө туруп, шайлоочулардын күйүүчү майды арзандатып, фермерлерге арзан кредит берип көңүлүн алган талапкер Атамбаев мамлекетибиздин кийинки президенти болуп калышы толук ыктымал.

Талапкер № 2 – Феликс Кулов

Мындан 10 жыл мурда өзүнүн президенттик амбицияларын көргөзүп чыканда,  аягы бул саясатчы үчүн түрмө менен бүткөн. Акыркы парламенттик шайлоодо Куловдун партиясы үчүнчү болуп келип, коалиция түзүү сүйлөшүүлөрүндө өз орунун таппаганын себеби – саясатчынын премьер министрден башка орунга макул болбогону баарыбызга белгилүү. Бул жерде белгилеп кетчүү нерсе, Куловдун азыркы премьер министр Атамбаев менен мамилеси, алардын бир бири менен атаандашкандыгы,  Ар Намыс партиясынын лидери президенттик орунга ат салышуусуна чоң түрткү берчидей. Жөнөкөй депутат болуп калуу – өлүмгө тең деп ойлогон Кулов, жакында биринчилерден болуп президенттике баруусун жарыялайт окшойт.

Талапкер №3 – Камчыбек Ташиев

Былтыр өткөн парламенттик шайлоодо биринчи орунда келген Ата Журт партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өзүнүн партиясынан президенттике талапкер болоору күтүлүүдө. Жакында эле Азаттык менен курган маегинде Ташиев Ата Журт партиясы сөзсүз түрдө келе жаткан президенттик шайлоодо өзүнүн талапкерин көргөзөт деп белгиледи. Ал адамдын атын атабаганына карабастан, мен үчүн талапкердин ысымы анык – бул Камчыбек Ташиев. Биринчиден, бул амбициялары күчтүү саясатчы азыркы учурда көптөгөн шайлоочулардын колдоосуна ээ экенин билет, ошого жараша Кыргызстандын кийинки президенти болуп калышы толук ыктымал экенин түшүнүп турат. Андан сырткары айтып кетчүү нерсе, Ата Журт коалицияга киргенден кийин, партиясынын эң белгилүү жана күчттүү лидери  болгондон кийин, парламенттин спикери болушуна Ташиевдин толук акысы бар эле. Бирок,  ал орунду өзу ээлебестен, партиялашы Ахматбек Келдибековго мүмкүнчүлүк бергени, спикердин креслодон бийигиреек орунду көздөп турганын түшүндүрөт.

Талапкер №4 – Өмүрбек Текебаев

Бул саясатчынын президенттик амбициялары күчтүү экени муурдатан эле белгилүү. Эки жолу мамлекет башчысын ордуна ат салышканы  көптү түшүндүрөт. Мурунку шайлоолордо утулушун алдын ала билип туруп, аны карабастан аттанган Текебаев, азыркы абалда, шайлоонун таза өтүшүн түшүнүп туруп, катышпай койушу түшүнүксүз болуп калгыдай. Өткөн парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке келген партиялардын арасында акыркы болуп келгени, Текебаевдин спикерликке өтпөй калганы, партиясы өкмөт коалициясына кирбей калышы  – мунун баардыгы Текебаевге жана анын партиясына президенттик креслону ээлешине чоң түрткү берет.

Талапкер №5 – Темир Сариев

Акыркы президенттик шайлоодо үчүнчү болуп келген Ак Шумкар партиясынын лидери мамлекет башчысынын ордуна келишинкаалап турган кези. Партиясы парламентке өтпөй калып, Жогорку Кеңеш менен өкмөттөн чектенип калган Сариевге келе жаткан президенттик шайлоо бийликке келиш үчүн (беш жылдан кийинки шайлоолорго чейин) акыркы мүмкүнчүлүгү болуп турат. Менин оюмча, Сариев бул мүмкүнчүлүгү менен колдонот.

Талапкер №6 – Адахан Мадумаров

Жакында өткөн шайлоонун жыйынтыктары (Мадумаровдун партиясы парламентке өтүш үчүн аз добуш жетпей калганы белгилүү) бул саясатчы шайлоочулардын арасында колдоосу бир топ экендигин көрүп, өзүнө ишенип турган маалы. Акыркы массалык малымат каражаттарына берген интервьюсунда, күзүндө өтө турган шайлоо жөнүндө көп сүйлөп, ага катышам деп ачык айтпаса дагы, маегин угуп мен ошондой жыйынтыкка келдим.

Өйдө айтылган саясатчылардан башка президенттике аттанган талапкерлер дагы болот. Алардын ичинде шайлоо учурунда пайда болуп калган доктур-саясатчылар (Назаралиев, Кубанычбек Апас) жана Путин менен сүрөткө түшкөнүнө мактанган “Орусия премьер министринин достору” (Акбараалы Айтикеев, Темирбек Асанбеков) сыяктуу талапкерлер чыга калары бизде саясий салт болуп калган. Кандай болсо дагы, келе жаткан шайлоо ачык жана таза өтүшүнө тилектешмин.

ИСЛАМ ЭКСТРЕМИЗМИ МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН БАШКА ЖОЛДОРУ
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 22 Jan, 2011 – 6:19 | No Comment

Бүгүнкү күндө ислам диний экстремизми Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн эң олуттуу коркунуч болуп саналат. 90-жылдардан баштап ар кандай исламдык кыймылдар жана уюмдар республиканын ичинде активдүү аракет жүргүзүүдө. Натыйжада алардын ишмердүүлүгүно кошулган адамдардын саны көбөйүүдө. Андан сырткары бул кыймылдарга жана уюмдарга каршы республиканын күч структурасынын адаттагыдай кысым көрсөтүү ыкмасынын колдонулушу алардын кыймылы андан да күчтүү экстремисттик мүнөз алды.

Ушуга байланыштуу ислам диний экстремизми менен күрөшүүдө салттуу эмес башка ыкмаларды колдонуу зарыл. Бул макалада исламдык диний экстремизми деп ислам уюмдарынын жана кыймылдарынын мүчөлөрүнүн өз иштеринде чектен чыккан көз караштары жана иш аракеттерине берилгендигин түшүнөлү. Ушул теманы кеңири талкууга алып чыгуу үчүн, Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту төмөнкү сунуштарды даярдап чыкты.

КӨЙГӨЙ:

Кыргызстандын өкмөтү ушуга чейин ислам кыймылдары жана уюмдары менен күч ыкмаларды колдонуп күрөшүп келүүдө. Бийлик аларга мамлекеттин коомдук жашоосуна эркин катышууга мүмкүнчүлүк бербөөдө. Акыркы он беш жылдын ичинде күч структурасынын негизги иши бул кыймылдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн кармоо жана камакка алууга багытталган. КР ИИМдин басма сөз кызматынын айтышынча, 1999-2003- жылдар аралыгында күч түзүмдөрү ислам кыймылдары менен уюмдарынын 358 өкүлүн камакка алган. Күч структуралары ушул багыттагы ишин кийинки жылдары да уланткан. Мисалы, жогоруда алынган 4 жылдын ичиндеги кармалгандардын санына салыштырсак, 2009-ж. 9 айында эле 100дөн ашуун өкүлү кармалган.

Бирок бул кыймылдар менен уюмдардын өкүлдөрүн кармоо жана камакка алуу республикадагы экстремизм менен күрөшүүдө натыйжасыз чечим болду. Аларды камака алуу менен өкмөт башка бир көйгөйгө кабылды. Камалгандар абакта отургандар менен активдүү иштеп башташты, анткени абактагылар эркин жүргөн адамдарга караганда күч колдонуу ыкмасына жакын келишет.

Күч структураларынын бул кыймылдар менен уюмдарга каршы күчөтүлгөн программасына карабай, аларды колдогондордун саны өсүп баштаганын белгилөө керек. Мамлекеттик телеканалдардын бирине берген интервьюсунда дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурунку директору Каныбек Осмоналиев мындай диний кыймылдарды жактоочулардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканын айткан. Акыркы 5 жыл ичинде күч структураларынын кысымына кабылган ислам кыймылдары менен уюмдарынын өкүлдөрүнө жан тартып, боор ооругандардын саны көбөйгөн.

Read the full story »

Децентрализация!
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 19 Jan, 2011 – 5:06 | No Comment

Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу (децентрализация) аракеттери көз-карандысыздыкты алгандан бери эле көтөрүлүп келген маселе. Бирок, алигече ишке ашкан эмес. Бул тармакта кандай көйгөйлөр бар, аларды кантип чечүү зарыл жана башка суроолорго Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту төмөндөгү өзүнүн сунуштарында жооп берет.

Кыргызстандын өнүгүүсүн мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу жана элдик бийликтин жергиликтүү өз алдынча башкаруу (МСУ) институтун өнүктүүрүсүз мүмкүн эмес. Муну ишке ашыруу үчүн жергиликтүү деңгээлдеги башкарууну кайра түзүү керек. Жергиликтүү башкарууну кайра түзүүнүн максаты – жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүнү натыйжалуу камсыз кылууга жана калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтө алууга жөндөмдүү жергиликтүү башкаруу системасына өтүү болуп саналат.

Көйгөйлөр:

Бул максаттарга жетүүгө төмөнкү проблемалар тоскоол берет:

  • Административдик-аймактык түзүлүштүн чоңдугу
  • Милдет жана укуктарды бөлүштүрүү механизмдеринин так эместиги

Жергиликтүу өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын каржы –экономикалык жактан чабалдыгы

  1. Кыргыз Республикасында коомдук-саясий турмушта олуттуу өзгөрүүлөр жүргөнү менен мамлекеттик башкаруунун аймактык уюштурулушу ошол эле бойдон калган: Республика (борбор) –облус-район-шаар/айыл. Борбордук мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдарынын ортосунда, областтык жана райондук деңгээлдеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле министрликтер менен административдик ведомстволордун көптөгөн аймактык бөлүмдөрү да иштейт. Булар башкаруунун тизгинин узартканы аз келгенсип, кээде биринин ишин экинчиси кайталап да калат. Ушунун баары мамлекеттик башкаруунун натыйжасына, аймактардын (облустар, райондор, шаарлар жана айылдар) социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө башкаруунун райондук деңгээли деп эсептелген мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ органынын ортосунда ажырым пайда болду, анткени мында аткаруу бийлиги мамлекеттик болуп, ал эми түз шайлоонун негизинде куралган өкүлчүлүктүү орган жергиликтүү бийлик болуп калды.
  2. Аймактардын экономикалык өнүгүүсүндө жана табигый-климаттык шарттарындагы чоң айрымачылыктардан улам Кыргызстандын муниципалитеттери ар кандай каржылык-экономикалык деңгээлде болуп калды. Ушунун айынан Кыргызстандагы 70%дан ашуун эл чарба тармагы (муниципалдык институттар) дотациялык абалда. 25-30% тармак калган 70-75% тармакты багып жатса, мындай абал экономикалык ресурстардын тең салмактуу эмес бөлүштүргөнүнөн кабар берет. Демек жергиликтүү бюджетти жана бюджет аралык мамилелерди түзүүдө калыптанган көз карашты кайра карап чыгуу зарыл.
  3. ЖӨБ органдарына мамлекеттик укуктарды каржылык булактары менен кошо камсыз кылып берүүдө мыйзам так талаптарды койгон, бирок бул норма азырынча иштебей жатат.
  4. Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу иши шаардык жана айылдык ЖӨБ органдарынын деңгээлинде токтоп калды, чынында бул иш мүмкүн болушунча өркүндөтүлүшү керек эле.

ЧЕЧИМ:

Мамлекеттик башкаруу жана административдик-аймактык түзүлүш ишин борбордук бийлик органдарынын төмөнкү функциялары чектелгендей кылып уюштурууга өтүү керек. Алар төмөнкүлөр:

  • мыйзамдуулук
  • тышкы саясат жана тышкы иштер
  • улуттук коопсуздук жана коргонуу
  • улуттук программа жана саясатты иштеп чыгуу
  • мамлекеттик бюджетти түзүү жана бөлүштүрүү

Ал эми жергиликтүү жамааттар шайлап жана көзөмөлдөөчү жергиликтүү бийлик органдарынын кароосуна төмөнкүдөй кызмат көрсөтүү функциялары кириши керек:

  • билим берүү
  • саламаттык сактоо
  • социалдык коргоо
  • маданият
  • спорт
  • адамдардын эс алуусу

Read the full story »

Бишкек Терракттары
Written by Асель Шабданова, Tuesday, 18 Jan, 2011 – 8:52 | 7 Comments

Адамдарга ар дайым күнөөлүүлөрдү таап, бирөөдөн жинин чыгарып алыш керек.

Өкмөт 2010-ноябрь айында “Бакиевчилерди” таппай, же тапкысы келбей, биринчиден  “Альфа” командасын тапкан. Бирок, алардын күнөөлүү экенине жарым эл ишенип, жарымы такыр терс чыккан.

Акыркы  мезгилде Бишкек шаарында  бир топ теракттар  болуп  өттү. Анын аягы 3 милиционер жана 3 шектүү адамдардын, алардын ичинде бир “Альфа” командасынын мүчөсүнүн жана 2 диний экстремисттик топтун инсандарынын  ажалы  менен аяктады. Окуяны башынан хронология боюнча айтып кетсем.

  • 30-ноябрда Спорт  Ордосунда колго жасалган бомба жарылган. “Бакиевчилерди  соттоо” процесси ушул күнү план боюнча Спорт Ордосунда болуп өтмөк. Бирок кызык нерсеси, Бакиев деген фамилиясы менен бир дагы адам эмес, 7-апрельдеги экс-башчылардын буйругун аткарганг  “Альфа” спецбөлүгүнүн солдаттары соттолмок.  Жыйынтыгында 4 адам жаракат алган, официалдык  булактардын информациясы боюнча уюштуруучулар соттун аткарылышына тоскоол кылгандар деп чечишкен.
  • Кийинки окуя баягы эле колго жасалган, Спорт Ордосуна окшош болгон бомба 25-декабрда МИИМ имаратынын жанында машинада орун алган. Бирок, кандайдыр бир сыйкырдуу жол менен бул терактты алдын ала токтотуп калышкан.
  • 5-январды карай түнү 8-мкр милиция капитаны  -   Самат Барпыкулович Жээнбеков, старший лейтенант милиции –      Алмазбек Асылбекович Сулайманов, милиция лейтенанты –  Пириндибай Маматович Исманов шектүү көрунгөн адамдардын паспортторун текшерүү максатында автомат Калашниковдон  атылып каза болушкан. Спецслужбанын айтышында,  кылмыш жасалган жерден буюмдук далилдөө боюнча, мурунку теракттарды уюштурган адамдар бул өлтүрүүгө да жөндөмдүү деп чечишкен. Ушул окуядан кийин экстремизм жана терроризмге каршы күрөш мурункудан чоң күч алып баштады. Ошол эле күнү Беш-Күнгөй айылынан ИИМдин спецбөлүгү күнөөкөрлөрдү кармоо боюнча операцияны аткарууда 2 шектүүлөр атылып, бир “Альфа” спецгруппасынын мүчөсү Женишбек Бабараимов  жаракат алып, жолдо көз жумган.

Эми бириктирип айтканда, Спорт Ордосундагы, ИИМдин жанында, жана милиция мүчөлөрүн өлтүрөндөр диний экстремисттик джихадисттердин группасы. ГКНБнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымдаганы боюнча, 9 адам камакка алынды, ал эми бешөө изделүүдө.

Негизги ой-толгоолор:

  1. Кармалгандардын куралдары жоголгон мамлекеттик куралдардын санына кирет. Кайсы жол менен Мамлекеттик Сактоо Службасында , жоголгон деп саналган , автомат Калашникова менен пистолет Макарова  кылмышкерлердин колуна түшүп калды?
  2. Кантип, өткөн жылдын  ноябрында эле мамлекеттин душмандары болгон “Альфа” командысы менен Мамлекеттик Спецслужба жылдын башында элди куткаруучу баатырларга айланып кетти? Бул кандайча, керек болгондо коргоочу, керек эместе жок жерден садага боло берүүчү топко айланат?
  3. Кандай ыңгайлуу, бир ок менен болуп өткөн теракттардын күнөөкөрлөрүн диний экстремисттик топко байлап коюу. Бул окуялардын байланышы сөзсүз эмес да?

Read the full story »

Партия лидерлеринин “оюндары”
Written by KGanalyst, Thursday, 13 Jan, 2011 – 13:51 | No Comment

29 декабр күнү, Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Шайлоо Кодексинине өзгөртүү киргизуу учун мыйзам долбоорун колдоп беришти. Бул мыйзам долбоорунун маңызы  - парламентен мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна шайлоодон чейин бекитилген партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер эмес, партиянын жогорку саясий кеңеши тандаган талапкер келип депутаттык креслого отурмак болду. Мындай мыйзам долбоорду ЖКнын уч фракциясыялары (Ата Журт, Ар Намыс жана Республика) «ойлоп-таап чыгып», башка эки фракциялардын (Ата Мекен, КСДП) каршылыгына карабай, көпчүлүк добуш менен парламенттин жыйынында биринчи окууда кабыл алышты.

Эске сала кетсек, 2007 жылы кабыл алынган Шайлоо Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, парламенттен мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен депутаттын ордуна партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер келип отурат.

Долбоор бекитилери менен, өлкөбүздүн ар кандай коомдук уюмдары мындай өзгөртүүгө каршы чыгып, долбоордун мамлекетибиздин Конституциясына дал келбестигин айтып чыгышты. Алардын айтымы боюнча, бул өзгөртүү саясий азчылык өкүлдөрүнүн (аялдар, жаштар жана этникалык группалардын өкүлдөрү) мамлекетибиздин башкы мыйзамында камтылган укуктарын бузат, анткени, партиялардын тизмелери тузүп жатканда өлкөбүздүн Конституциянын саясий азчылык өкүлдөрү тууралу талаптары эске алынган. Андан сырткары,  бул жаны мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күчүнө киргизүү боюнча” мыйзам сыяктуу көптөгөн башка мыйзамдарга дал келбейт дешет жарандык коомдун өкүлдөрү.

Азыркы убакытта, бул маселе тууралуу көп ойлор айтылып, ар бири өз түшүнгөнүн, билгенин айтып турган кези. Бирок, мен мындай кадам канчалык мыйзамдуу экенин талкуулабастан, эмне үчүн мындай аракеттер менин тынчсыздыгымды алып турат деген суроого көнүл бургум келет.

Read the full story »

Стилисти жок, дайыма наушник кийип, ipad ка кызыккан Отунбаева
Written by Нурила Батыралиева, Tuesday, 28 Dec, 2010 – 22:03 | Comments Off

Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева жыл аягында гезиттерге, радио, телевидение, маалымат агенттиктерине кеңири маек бере баштады. Ошол маектердин арасынан мен үчүн кызыктуу деп, Акипресс агенттигин белгилегим келет. Мында чын эле кызыктуу маек анан сонун сүрөттөр бар экен. Орус тилинде болгондуктан, кызыктуу жерлерин кыскача кыргыз тилине котордум. Oтунбаева маегинде саясат, жеке кызыкчылыктары, пландары ,ал жөнүндөгү ушак айыңдар жөнүндө айтып бериптир. Read the full story »