Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Маданият

Naga Jiu Jitsu боюнча Дүйнө чемпиону болдук !!!
Written by Төлөгөн Аматов, Monday, 6 Feb, 2012 – 16:00 | 5 Comments

Америкада өткөн Naga Jiu Jitsu боюнча таймашта биздин спортсмен жигиттерибиз чемпион деген наамга эр болушту.
Таймаш 2012-жылы 4-февралда Америкада Пенсильвания штатында Филадельфия шаарында өткөн.

Керим Кушубаков БИРИНЧИ орунду алды. (60 кг салмак категориясы менен (132 pound))
Абдыкеев Болот БИРИНЧИ орунду алды (85 кг салмак категориясы менен (187 pound)).
Мирбек Сагынбеков ҮЧҮНЧҮ орунду алды. (70 кг салмак категориясы менен (149 pound)).


Керим Кушубаков

Керим Кушубаков жана Мирбек Сагынбеков

Керим Кушубаков

Керим Кушубаков,  Абдыкеев Болот, Мирбек Сагынбеков

Мирбек Сагынбеков

Чын журөктөн куттуктайм!
Алга Кыргызстан!

Кыргыз тилине байланышкан 17 кызыктуу сайт
Written by Төлөгөн Аматов, Friday, 27 Jan, 2012 – 10:51 | No Comment

Акыркы убакта кыргыз тили тууралуу жана анын тегерегинде көбүрөөк кеп кылына баштады. Тил үйрөнүүгө арналган же жардам берген интернет булактарына кыскача сереп сала кетүүнү чечтим.

Бирок буга чейин “Кыргыз тилин эмне үчүн үйрөнүш керек?” деген суроого өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларынын биринин студенти Маргарита Скочилодон мекендештерибизге лирикалуу жооп:

«Биздин жер жылуулукка, жарыкка, көк-жашылга, сүйүүгө каныктырылган. Баарында жеңилдик жана мээрим сезилет.

Ал эми кыргыз тили – желдин аймаганындай жумшак. Ушул жер үчүн атайылап ушундай жаралгандай. Ал биздин тоолорубузду, өзөн сууларыбызды, кайталангыс токойлорубузду сүрөттөө үчүн жаралган. Жана жерде жок сулуулук, Кыргызстандын жүрөгү – Ысык-Көл так ушул тилде сүрөттөлүшү керек.

Биздин Ысык-Көлгө бир да океан, бир да деңиз тең келбейт. Ысык-Көл – бул кичинекей, жылуу көл. Ошол эле учурда горизонтко, оролуп келген толкундарга көз жүгүртсө, анын жаны бар экенин, ал жандуу экенин жана өз толкундарынын шыбыры менен биз менен сүйлөшүп жатканын сезсе болот.

Кай бир жерде, сенден болгону эки жүз чакырым аралыкта Ысык-Көл шарпылдап турганын билүүнүн өзү – бакыт. Ал эмес ушул көз ирмемде, так сенин өлкөңдө. Жана мен кыргыз жеринде – эң кооз жерде – жашаарымды, кыргызстандык катары ушул ыйык сууга кол тийгизе аларымды, тоо-токойдун, албууттанган дарыялардын, бутка оролгон чөптүн тилинде, көк карагай, кызгылт күн чыгыш менен көпкөк көлдүн тилинде – КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ – сүйлөөрүмдү сыймык менен айтам!»

Read the full story »

Жеңүүчү баланы өстүргүң келеби?
Written by adilet, Wednesday, 30 Nov, 2011 – 9:58 | No Comment

Жеңүүчүнү калыптандырган фразалар:

  • Мен сен менен сыймыктанам
  • Мен сага ишенем
  • Сенин колуңан баары келет
  • Сен баарынан мыктысың
  • Сенин жасаган жумуштарың милдеттүү түрдө аткарылат
  • Сен бар үчүн мен бактылуумун
  • Мен сени ар дайым жакшы көрөм
  • Мен сени дайыма коргойм, эч ким сени таарынтпайт
  • Сен менин жардамыма жана колдоомо ар дайым таянсаң болот
  • Мен сен үчүн кубанам

Өзүңөрдүн жүрөгүңөрдү угуп, балдарыңарга ишенсеңер силер бактылуу ата-эне болосуңар. Балдар улуулардан акылдуу келишет, ошондуктан балдарыңарга ишенгиле. Эгерде ага жардам керек болсо ар дайым жанында болгула.

Ата-энелерге эскертүү:

  • Баланын жасап жаткан жумушуна кийлигишпес керек. Жардам сураганда гана жардамдашыш керек.
  • Кереги жок көйгөйлөрдөн жана чыр-чатактан алыс болуш үчүн баланын мүмчүлүгүн көрүп, көп талаптарды койбош керек.
  • Эгерде бир сөздү 10 жолу айтуудан жыйынтык чыкпаса, анда кайра кайра кайталоонун кажети жок. Башка жолду тандап, башкача сөздөр менен түшүндүрүш керек.
  • Баланын жөндөмдүүлүгү өзү кызыккан гана тармакта өнүгөт. Ошондуктан балаңыз эмнеге кызыкса да, аны а дайым колдоп туруу керек.
  • Балага өзү жасаган жумуштарынын, кылык-жоруктарынын анан кийин келечекте өзүнүн жашоосунун жоопкерчилигин өткөрүп берүү  ата-эненин эң чоң камкордугу десек болот.
  • Акырындык менен балага жоопкерчилик менен камкордукту өткөрүп бериш керек.
  • Бала өз алдынча болуш үчүн жасап жаткан ишинде ката кетирсе да унчукпаш керек.
  • Баланы канчалык урушсаң ошончо жаман болот. Туура эмес кылыктарды жасаса урушкандын ордуна жакшы бир нерседен ажыратып коюш керек.
Стив Джобс. “Ачка болгула. Аңкоо болгула”
Written by Төлөгөн Аматов, Friday, 25 Nov, 2011 – 18:29 | Comments Off

Стив Джобстун Стэнфорд университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сүйлөгөн сөзү

Бүгүн мен дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин биринин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында болушум менен өтө сыймыктанып турам. Чынын айтсам мен эч качан колледжди бүтүргөн эмесмин жана бүтүрүүчүлөргө азыркыдан жакын болуп көргөн эмесмин. Мен силерге өз башымдан өткөзгөн үч окуяны айтып берейин деп чечтим. Болгону үч окуя…

Read the full story »

Баланы кантип тарбиялоо керек?
Written by adilet, Thursday, 24 Nov, 2011 – 17:20 | No Comment

Бала өзүнө тың, ийгиликтүү жана бактылуу болуп өсүш үчүн эмне кылыш керек жана кандай болуш керек? Өзүңдүн балаң менен жакын ишенимдүү мамиле түзүүгө болобу же кандайдыр бир карама-каршы пикирлер болошу мүмкүнбү? Келгиле баарыбыз биригип ушул суроолорго жооп беребиз.

Мектепте жана университетте бизди ар кандай тармакта жана адистике окутушат. Бирок, алардын арасында кантип үй-бүлө куруу, кантип балдарды тарбиялоо жөнүндө эч нерсе окутушпайт. Бала бул жаоодо өзүнө тың, ак-жолдуу, ийгиликтүү жана бактылуу болуп өсүш үчүн ата-энесикандай аракетти жана сөздөрдү тандаш керек. . .

Ата-эне баласына кеңеш берүүдө бир аксиома бар. Балдар дайыма ата-энесинин күзгүсү болуп эсептелинет. Бала менен эмне болсо дагы, ар дайым ата-эне балдарынын журүш-туруштарынын негизги себеби болушат. Ата-энеси айткан сөздөрдү, жасаган иштерди балдар үлгү, чындык катары кабыл алышат. Ошондуктан тарбиянын эң жакшы жолу  – ата-эненин үлгүсү.

Наристе жаңы дүйнөгө келгенде өзүн жана өзүн курчаган дүйнөнү жакшы көрөт. Чоңоюп өскөн сайын курчаган дүйнөнү кызыгып тааный баштайт. Бул жерден ал “болбойт” жана “жаман” деген сөздөр менен таанышат. Жашап кетиш үчүн бала ар кандай психологиялык коргоолдорду коюп баштайт, башкача айтканда жаңы жашоо шартына ылайыкташат. Мындай ыкмалар кээде ата-энеге жакпайт. Көп учурларда жазалап, урушуп коюшат. Ар дайым бала ата-энесинин мээримин күтөт (“сен дүйнөдө бар үчүн мен сени жакшы көрөм”) жана кабыл алуу (“эмне болсо дагы мен сени кандай болсоң дагы кабыл алам”). Эгерде бала ата-эненин мээримин албаса анда кежирленип, жини келип, баардык нерсеге көңүлү жок болот. Баланын тил албастыгынын себебин таап, аны жоюш керек.

Баланын тил албастыгынын себептери:

  1. Көңүл бурууга болгон күрөш. Эгерде балага жетиштүү көңүл бурулбаса анда ал өзүнүн ыкмасын колдонуп – сөздү укпай, тил албай коет.
  2. 2. Өз алдынча болуу үчүн ата-эненин ашыкча камкордугуна жана өкүмдүк кылуусуна каршы күрөш. Эгерде эскертүүлөр жана кеңештер улам-улам айтылса, буйрук жана сындоо катуу болсо, бир нерседен сактап калуу апыртуу болсо бала кежирленип баштайт.
  3. Өчүн алуу каалоосу. Көп учурларда балдар ата-энелерине таарынып калышат. Ар кандай себептер менен: катуу эскертип коюу, аткарылбаган убада, адилетсиз жазалоо. Бала өзүнүн ички дүйнөсүндө азап чегип, сыртына нааразычылыгын, тил албастыгын, агрессиясын көрсөтөт. Ушундай жол менен ал өч алат.
  4. Өзүнүн ийгилигине ишеничин жоготот. Бул өзүнүн күчүнө ишенбей калгандыктан болот. Өзүнө ишенбегендиктен эч нерсе жасагысы келбей, жасасам да менин колуман эч нерсе келбейт деп калат. Жүрүш-турушу менен баардык нерсеге кош көңүлдүгүн көрсөтүп, жаман болсом боло берем дейт.

Балага кантип жардам берүү керек:

  • Эгерде балага көңүл бөлүү маселеси турса, бул маселени чечүүнүн жолун таап, балага кошумча көңүл бөлүш керек (бирге ойноо, сейилдөө).
  • Эгерде бала өз алдынча болом десе тескерисинче азыраак көңүл буруу керек.
  • Эгерде тил албастыктын себеби кандайдыр бир таарыныч болсо, анда сиз кайсы жерден ката кетиргениңизди таап, ошол катаны оңдош керек. Ошондо бала менен болгон мамиле оңоло баштайт жана баланын эмоционалдык абалы жакшы болот.
  • Эгерде бала өз күчүнө ишенбей турса, андан чоң талаптарды аткаруусун сурабаш керек. Ар кандай себептерди таап аны мактап коюш керек (ар кандай мааниси кичинекей дагы себептер болсо). Сиз балаңызга эмнени айтсаңыз да ошол сөз зор мааниге ээ. Сиз айткан сөздөрдүн баардыгы баланын ички аң-сезимине программаланып калат.

Жолу болбогон кишини түзүүнүн сценарийинин фразалары:

Сенден эчтеке чыкпайт, сен оңолбойсуң, жинди, жаман бала, жалкоо, мээси жок, келесо, мен сени жакшы көрбөйм, ыйлак, уяты жок, милдеттүүсүң. Мындай создөрдү жазып туруп, өзүңүз окуп көргүлө. Балаңыз мындай сөздөргө татыктуубу? Балаңыз мындай сөздөрдү башка кишиден укса эмне кылат? Сиз эмне кыласыз? Эгерде балаңызга мындай сөздөрдү айтсаңыз башка кишиден эмнеңиз артык?

Google Translate Кыргызча.
Written by Төлөгөн Аматов, Wednesday, 2 Nov, 2011 – 15:21 | No Comment

Google Translate котормосуна кыргыз тилин киргизүү боюнча долбоор.

Бул долбоордун максаты – тил которуу боюнча дүйнөдөгү эң таанымал “Google Translate” кызматына кыргыз тилин киргизүү жана кыргыз тилин такай колдоо үчүн интернет платформасын түзүү.

Google Translate котормочусу – бул 58 дүйнө тилинин ортосунда көз ирмемде которуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү акысыз котормо кызматы. Ал сөздөрдү, сүйлөмдөрдү жана веб барактарды киргизилген тилдердин каалаганынан каалаганына которо алат.

“Кыргыз тилинин “Google Translate-те” пайда болушу… Read the full story »

Спорт дүйнөсү
Written by adilet, Wednesday, 12 Oct, 2011 – 13:45 | No Comment

Спорт – англис  тилинен которгондо кандайдыр бир эрежелер менен уюштурулган “оюн-зоок, көнүл ачуу” дегенди  түшүндүрөт экен. Спорттун тарыхы адам баласынын жаралганынан баштап эле пайда болгон дешет кээ бир серепчилер. Илгерки Кытайда биздин заманга чейин  4000 миң жыл мурун гимнастикага окшош спорт түрү бар экени далилденген. Бирок, азыркы биз билген спорт жана спорттун түрлөрү кийин эле пайда болуп, ар кандай мелдештер уюштурулуп келе жатат.

Спорт мелдеш, атаандаштык катары гана эмес адам баласынын ден соолугун чыңдоодо эң башкы ролду ойноорун билишибиз керек. Анткени, спорт аркылуу адам баласы ден соолугун чыңдап, каарылыка чейин оорубай, узун өмүр сүрүүнүн жолдорунун бири. Ошондуктан дээрлик баардык өлкөлөрдө спорт менен машыгуу улуттук деңгээлге көтөрүлгөн.

Олимпиадалык оюндар

Эң биринчи Олимпиадалык оюндар 1896-жылы Греция, Афинада өткөрүлүп, спорттун тарыхында эң маанилүү окуялардын бири болуп калган. Бул Олимпиадалык оюндарды франциялык коомдук ишмер Пьер де Кубертен кайрадан жаратып, ишке ашырган.

Олимпиадалык оюндардын түпкү тамыры Илгерки Грецияда биздин заманга чейин болуп өткөн спорттук оюндарга барып такалат. Анткени, Илгерки Грецияда Олимпия деген кыштакта диний жана спорттук майрамдар өткөрүлгөн. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак биздин заманга чейин 776 – жылы Геракл тарабынан бул спорттук оюндар уюштурулган. Бирок, кээ бир булактардын айтуусу боюнча бул спорттук оюндар мурун эле уюштурулчу деп белгилейт.

Азыр Олимпиадалык оюндар 4 жылда бир өткөрүлөт жана кышкы жана жайкы Олимпиада оюндары деп бөлүнөт. Бул спорттук майрам дүйнө жүзүндөгү спортсмендерди, тренерлерди, журналисттерди жана жөн эле спорт күйөрмандарын чогултат. Олимпиадалык оюндарды өткөрүп жаткан мамлекет майрамды гана уюштурбастан жакшы киреше да көрүшөт.

Кыргызстандагы спорт

Кыргыз элинде илгертеден баштап эле спортко өзгөчө көңүл бурушчу. Анткени, көчмөн калк болгондуктан жана ар кандай согушка даяр болуш үчүн кыргыздын эр азаматтары спорттун ар кандай түрлөрү менен машыккан. Мисалы, улуттук каада-салттагы спорттук оюндар: балбан күрөш, эр сайыш, жамбы атмай, эр оодарыш, ат чабыш, улак тартыш жана стратегиялык маанидеги оюндар: ордо, тогуз коргоол, чатыраш.

Азыркы спорттун түрлөрү Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин өнүгүп баштаган. Эгемендүүлүктү алгандан кийин өзүбүздүн спортчуларыбыз Кыргызстандын желегин желбиретишип, ар кандай мелдештерде жакшы жыйынтыктарга жетишишкен.

Спорт менен машыккыла жана спортту сүйгүлө демекчимин!

Маданияттын туу чокусуна качан жетебиз?
Written by Рысбек Арунов, Friday, 7 Oct, 2011 – 16:00 | No Comment

Коомдук жайлардан, эс алуу, сейилдөө парктарынан, коомдук транспорттон азыркы жаштардын сөгүнүп-сагынып, отурган жерлерине түкүрүнүп, улууларды көзгө илбей калганын байкасак болот.

Маданият десе эле театр, опера, концерт ж.б.түшүнө бербөө керек. Бул жерге өзүн-өзү алып жүрүү, сүйлөө, тамак ичүү, кийинүү ж.б.киргизүүгө болот.

Чоң чоң шаарлардын өсүшү менен өзүнүн маданияттуулугун жоготуп бара жаткан жаштар көбөйө баштады. Шаардын жашоосу салт-санаанын, үрп-адаттын жоголушуна чоң шарт түзүп берет. Баардык адамдар күнүмдүк жашоосу менен алп урушуп жүрүп, жөнөкөй эле салттын түрлөрүн унутуп койгон учурлар көп кездешет.

Батыштын кино, музыкаларын угуп, алардын жүрүм-турумун туурап, кийингенин туурап, өзүбүздүн ким экенибизди да унутуп бара жатабыз.

Азыркы жаштар биздин улуу жазуучулардын чыгармаларын эч билишпейт, ал эми батыштын ырчыларын, актерлорун сурасаң, уктап жатып да айтып бере алышат.

Театр, опера жана балет, сүрөт көргөзмөлөрүнө барсаң, жалаң улгайган адамдарды көрүүгө болот. Жаштарды анда-санда гана кездештиргө болот.

Акыркы учурдагы жаш ырчылардын ырларынын маанисин уксаң, эми жөнөкөй эле сөздөр менен жазылган, арасында уят сөздөрдү да кошуп ырдап жатышат. Ушу биздин маданиятыбызбы? Ошондой ырчыларга биздин өкмөт Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти же маданият ишмери деген наамдарды ыйгарып жатышат.

Мындай ырчылардын ырларын электен өткөргөн эч ким жокпу бизде? Же бизде баардыгы акчага сатылып калганбы? Ушунтип отурсак кайдан маданияттуу болобуз?

Мамлекетибизге келген туристтер маданий борборлорду толук көрүүгө шарттар түзүлгөн эмес. Көбүнүн эскилиги жетип, урап түшөйүн деп калган. Өз убагында оңдөп түзөө иштери жүргүзүлбөй келет.

Мамлекет боюнча 583 эстелик республикалык каттоодо турса, 1269 эстелик жергиликтүү бийликтердин каттоосунда турат. Булардын 90% оңдоп түзөөгө муктаж. Ушу убакка чейин эки гана эстелик реставрацияланса, ошого кеткен чыгымдарды ЮНЕСКО уюму жана Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилиги каржылашкан.

Мындан тышкары канча китепкана, театр, клуб ж.б.маданият мекемелери бар республика боюнча. Алар да реконструкцияга муктаж бүгүнкү күндө.

Музыкалык окуу жайлары да заманбап мызыкалып аспаптардын жана мугалимдердин жоктуганан, бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээли төмөн болуп, мааниси жагынан начар ырларды жазгандыгынын себеби да ошондон.

Жалпысынан айтканда мамлекет маданият тармагына көп көңүл бурбай калды. Жардам сураса эле каражат жок деп, эки иинин куушуруп келет. Ошонун айынан аз жерден Манас эпосубузду кытай элине тарттырып жибере жаздадык.

Бул тармакка мамлекет чындыгында көп көңүл бурушу зарыл. Маданиятсыз, элдин аң-сезими эч качан жогору болбойт.

Үркүндөгү кыргыздардын жашоосу
Written by Асель Шабданова, Thursday, 11 Aug, 2011 – 21:41 | No Comment

1916- жыл кыргыздардын тарыхындагы кыргын Уулу Үркүн деп калган.   Баардык кыргыздар качкан эмес, жеринде калган элдин жашоосу тууралуу Тарых Музейинде көргөзмө өтүп жатат. Бул көргөзмөдө Европа окумуштуулары Генри Мозер Шарлоттенфельз, Вилли Рикмер Рикмерс, Вальтер Боссгард  ж.б. Европа окумуштуулары жана фотографтарынын эмгектери чагылдырылган. Бүгүнкү технологиялар өөрчүгөн,  заманбап адам космостон сүрөттөрдү көрүп жаткан кезде, ата-бабаларыбыздын жөнөкөй деле эмес, өзүнчө оор турмуш-тиричилигинин сүрөттөрүн көргөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кызыгы, мен ал көргөзмөдөн Таджикстанда жашаган улуту кыргыз тарыхчы Курбанов Исраил менен таанышып калдым. Ал Үркүн жөнүндө өз ойу менен дагы бөлүштү.

Ал эми төмөндө көргөзмөдөгү сүрөттөр:

Боз үйдөгү жашоо жана иш.

Баласы менен казах эне. Чий өрүү. 1908-жыл

Совет армиясынын уландары Памирде. 1925- жыл

Күрөш жана ырдап жаткан кыргыз.

Айыл.

Мүрзөө.

Кыргыздардын коомунда дайым эле эки дин чогуу жашап келген го.  Дуба кылып жаткан мусулман жана шаманчы.

Шырдак токуу.

Мындай керебетте жаткан кандай болду экен?

“Тургула сот келатат!” Райондук сот өтүп жатат.

Бишкекте бала бакча жетиштүүбү?
Written by adilet, Monday, 8 Aug, 2011 – 9:00 | No Comment

Тарбия чын эле наристе 2-3 жашка чыкканда башталат. Анан наристенин ата-энеси “бала бакчага берсекпи же үйдө эле тарбияласакпы?” деп ойлоно баштайт. Анткени, көпчүлүк ата-энелерди бала бакчага барган бала тез-тез ооруйт, ойдогудай каралбайт, курсагы тойбойт деген фразалар ойлондурбай койбойт. Чындыгында эле ушундайбы? Негизи эле бала бакча эмнеси менен жакшы?

Бала бакча жөнүндө

Наристени бала бакчага берүү үчүн эң жакшы курак – 3 жаш болуп эсептелинет. Анткени, ал ушул куракта өзүн курчап турган дүйнө тууралуу көп нерселерди билип калат. Наристенин өнүгүүсү үчүн дал ушул убакта чоңдордун жашоосун оюн аркылуу чагылдыруу эң маанилүү. Мисалы, доктур болуп ойноо, дүкөнчү – сатып алуучу болуп ойноо. Ал эми бул оюндарды өз алдынча алып кетүүгө баланын жашоосундагы тажрыйбасы жетишсиздик кылат. Оюнчуктар бөлмөдө толуп турса да үч жаштагы бала зеригип кетет. Анан оюнчуктарга ал туура эмес мамиле кыла баштайт: ыргытат, сындырат, бузат.
Толук кандуу ойногондон, оюндагы пикирлештердин жана каршылаштардын мамилесинен, жеңүүгө жана жеңилүүгө кабылуудан баланын өнүгүүсүндө ийгилик жаралат. Психологдор бала оюндун искусствосун канчалык жакшы өздөштүрсө, кийин анын жашоосу да татаал болбойт дешет.
Мындан тышкары бала бакча наристени киши менен мамиле түзүүгө үйрөтөт. Сүйлөшүү, мамиле түзүү тажрыйбасы эң жөнөкөй нерселерден башталат: чогуу тамактанып, чогуу уктоодон, чогуу пайдаланган оюнчуктардан, бөлмөдөн. Бири-биринин бут кийиминин боосун байлоого жардамдашуу, оюнчуктарды ынтымакташып, бөлүшүп ойноо – бул келечектин пайдубалы. Ал эми бүгүнкү заманбап турмушта ар кандай адамдар менен мамиле түзүү жана сүйлөшө билүү канчалык маанилүү экендиги айтпасак да белгилүү.

Бала бакча жетишсиздик көйгөйү

Бүгүнкү күндө  балдарды бала бакчага орноштуруу канчалык оор экендигин бул түйшүктү башынан кечиргендер гана жакшы билишет. Совет мезгилинде ата-энелер биринчи кезекте балдарын үйлөрүнө жакын, тамак-ашы даамдуу, педагог-тарбиячылары балдарына мыкты тарбия-таалим берген бала бакчаларга орноштурганга аракеттенишчү. Бүгүнкү күндө  балдарын бала бакчага берүүнү көздөгөн ар бир ата-эне жогорудагы ой-тилектер куру кыял экендигин жакшы билишет. Эмне үчүн?

  • Биринчиден – баш калаабыздагы совет мезгилиндеги 206 бала бакчанын 128 прихватташтырылып, 78и гана калган.
  • Экинчиден, эгемендүүлүктүн 20 жыл аралыгында, өзгөчө  көп кабаттуу кичи райондордогу жеке менчикке айлангандардын көпчүлүгү бала бакча эмес, башка максаттагы имараттарга айланган. Жаңы бала бакчаларды курууга бюджетте каражат жок.
  • Үчүнчүдөн – бүгүнкү күндө  шаардагы Бишкек мэриясына караштуу бала бакчалар балдарын орноштурууну каалаган ата-энелерден – 100-300 доллардан кем эмес мүчө акы жана бала бакчаларга мыйзамдай бекем орунчук алган демөөрчүлүк көрсөтүү шарт. Айла канча, ар бир ата-эне ал шарттарга макул.
  • Дагы бир көйгөй бул – кыргыз тили маселеси. Шаардагы көп бала бакчаларда жалаң гана орусча үйрөтүлүп, кыргыз тили такыр эле каралбайт. Тарбия бала бакчадан башталгандан кийин Кыргызстандын ар бир атуулу кыргызча билиш керек.

Бишкектеги бала бакчалар
Бишкектеги бала бакчалар мамлекеттик жана жеке менчик бакчалар болуп экиге бөлүнөт. Мамлекеттик бала бакчалар жетишпейт. Бишкектеги көп бала бакчаларда бир топто 40-45тен бала, аларды караган болгону бир тарбиячы, бир няня бар. Жеке менчик бакчаларга бергенге көпчүлүк ата-энелердин тапкан айлык маяналары жол бербейт. Ал эми тарбиячылар болгону 2-4 миң сомдун тегерегиндеги айлык алышат. Демөөрчү катары ата-энелер жардамдашкан учурлар көп кездешет. Ал эми балдардын ата-энелери айына 1000 сомго чейин акы төлөшөт.

Ал эми жеке менчик бакчаларда бир топто 5-10 баладан тарбияланат. Көпчүлүгүндө 1,5 жаштан баштап кабыл алышат. Бирок, кээ бир учурларда 4-6 айдан баштап багып беришет жана булардын төлөмү бир топ жогору (100-300 $ чейин).  Айрымдарында балдарды машина менен өздөрү ташуу шарттары каралган. Мындан тышкары да бардык шарттар түзүлгөн. Чет тилдерди, компьютерди үйрөтүшөт. Ошого жараша баалары да кымбат.

Эми азыр борбоор калаабыздагы мамлекеттик бала бакчаларда 24 миң наристе тарбияланат жана 3 миңден ашуун балдар өз кезегин күтүүдө (көбүнчө акчасы жок үй-бүлөдөгү балдар). 10 жылдын тегерегинде Бишкекте бир дагы жаңы мамлекеттик бала бакча курула элек. Эмне үчүн бала бакча жетишпесе курушпайт? Жылына 2-3 бала бакча курушса дагы бул тармактагы көйгөй чечилмек. Азыркы өкмөттөгү аткаминерлерге бул көйгөйгө көнүл буруусун айтар элем.   

 

Кыргызстандагы даары-дармек өнөр жайы
Written by adilet, Tuesday, 2 Aug, 2011 – 15:40 | No Comment

Фармацевтика – бул даары дармектерди жасоо дегенди түшүндүрөт. Даары жасоо илгертен бери эле пайда болуп, ар кайсы элдин даары жасоодо ар кандай ыкмасы болуп келген. Эң күштүү даары дармектер илгерки Кытайда чөптөрдөн жасашып, көп элдер Кытайга келишип, даарыланышып турушкан. Кыргызда да илгертеден бери даарыны чөптөн жасап, ооруларды айыктырышкан. Бирок, биздин өлкөдө даары дармек өнөр жайы өрчүп өнүккөн эмес жана азыркы заманда даары дармек жасоо тармагында көп эле компаниялар бар (Antares ОсОО, Азия ОсОО, Ак-Суу Фарм ОсОО, Медицина-Юг ОсОО, Инджект-Фарм ОсОО, Научно-производственная фирма Бурана-Фарм ОсОО, Фармнатур ОсОО, Pharmaco group ОсОО, Galenpharm ОсОО ж.б.), бирок чыгарган даарылары биздин өлкөнүн муктаждыгына жетпейт.

Тарых

Даары жасоо айтып кеткендей эле илгерки заманда пайда болсо дагы, фармацевтика өнөр жайы 19 – кылымдын башында Америка Кошмош Штаттарында пайда болуп, анан кийин башка мамлекеттерде да пайда боло баштаган. Даары жасоо ыкмасы күндөн күнгө өзгөрүп, дарыны ар кандай жолдор менен жасашат.

Фармацевтика өнөр жайы – азыркы заманда глобалдуу бизнес тармагына айланган. Көбүнчө фармацевтикада акчаны изилдөө жана иштеп чыгуу тармагына салышат жана фармацевтикалык чоң-чоң компаниялар өнүккөн мамлекеттерде жайгашышкан. Дүйнөлүк фармацевтикалык тармак изилдөө жана иштеп чыгууга салынган инвестициялары боюнча экинчи орунду ээлейт.  Айтып кетчү нерсе, киреше алып келүү тармак боюнча дагы дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Мындай чоң компаниялар АКШ, Улуу Британия, Германия жана Швейцарияда жайгашкан.

Дүйнө жүзү боюнча жүрөк кан-тамырлар оорулары үчүн эң көп даарылар жасалат экен. Анткени, бул оору менен ооруган адамдар жылдан жылга көбөйүп келе жатат. Дагы эң көп даарыларды неврологиялык, онкологиялык, психиатриялык оорулар үчүн чыгарышат.

Дүйнөлүк даары дармек базары – 2009-жылы 700 млрд долларга бааланган. Эң көп үлүш АКШ менен Канадага туура келет экен – 47 пайыз. Европа мамлекеттери – 30 пайыз, Япония – 10,7 пайыз, Африка, Азия жана Австралия – 8 пайыз, Латын Америка – 4,2 пайыз.

Кыргызстанда көбүнчө фармацевтика тармагында иштеген компаниялар даары дармектерди башка өлкөлөрдөн алып келишип сатышат. Мисалы “ ОсОО Неман” компаниясын алып көрсөк, Кыргызстан боюнча эң көп даары сатуучу аптекалары бар, бул тармакта монополистке айланган.

Фармацевтика тармагын биздин өлкөдө жакшылап көзөмөлдөп, даарылардын баасын элге алгылыктуу кылып, бул тармака көңүл буруш керек.

Ден соолукту кантип чыңдөө керек
Written by adilet, Friday, 29 Jul, 2011 – 15:42 | No Comment

Ден соолук – бул адам баласынын жашоосунун эң негизги шарттарынын бири. Ден соолугу жок адам баласынын бул дүйнөдө жашап кетүүсү абдан эле кыйын. Анткени, адам баласы кыймылдап, басып туруп, ар кандай жумуштарды аткарыш үчүн ден соолугу бекем болушу керек.

Ден соолукту чыңдоо англисче “healthy lifestyle”, орусча “здоровый образ жизни” – деп которулат экен. Кайсы тилде болбосун ден соолука өзгөчө көңүл бурушкан.

Адам күнүмдүк жашоосунда өзү жөнүндө жана өзүнүн ден соолугу жөнүндө унутуп калат. Ал өзүнүн күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүү менен алек болушат. Азыркы заманда адамдын ден соолугу начарлап, бир оорууга чалдыкпайынча же оорууканага жатып калбайынча жүрө беришет. Төшөкө жатып калгандан кийин анан ден соолук деген көйгөй пайда болот. Ден соолук көйгөй болбой тескерисинче жашоо шарты болуш керек. Ар дайым ден соолука көңүл буруп, каарылыка чейин оорубай, дайыма өзүбүздү жакшы алып жүрүш үчүн жаш кезден баштап ден соолугубузду жакшы карап, ар кандай физикалык машыгууларды, тамактануу режимин, ар кандай витаминдерди жана ысык – суука өзүбүздү көп кармабай жүрсөк ден соолугубуз ар дайым чың болот. 

Көп кылымдан бери ден соолукту сактоо жөнүндө ар кандай элдик медициналар сакталып калган. Кыргыз элинин да ар кандай ооруларга каршы жана ден соолукту сактоо жөнүндө элдик медицина көп кылымдан бери сакталып келген. Көбүнчө ден соолукту чыңдоодо кыргыздар чөптөн ар кандай даары дармектерди жасашып, анан аларды кайнатып ичип турушкан. Дагы бир ден соолукту чыңдоочу катары кыгыздар күчтүү тамактанышып, койдун этин жана, жылкынын чучугун жешип, кымыз ичишип, таза абада эс алышкан.  Ошон үчүн илгерки тоодо жашаган кыргыздар узак өмүр сүрүшүп, көп оорушкан эмес.

Ден соолукту сактоого ар кандай факторлор таасир этет. Мисалы: туура тамактануу, оптималдуу эмгек убактысы, тазалык, активдүү кыймылдоо,тамеки чегүү жана алкоголь суусундуктарын ичүүдөн баш тартуу,жакындарды урматтоо жана сүйүү, жашоону позитивдүү кабыл алуу. Бул факторлор психикалык жана физикалык ден соолукту каарылыка чейин сактоого жол ачат.

Ден соолуктун чың болушу адам баласынын жашоо шартынан, жашаган жеринен, климаттан көз каранды болот. Мисалы: жашоо шарты жакшы Европа мамлекеттерин алып көрсөк, ден соолугу жакшы жана узак өмүр сүрүшөт. Анткени, Европа мамлекеттеринде экономикалык абал абдан жакшы болгондуктан элдин маанайы ачык болуп, жакшы өмүр сүрүүнүн бирден бир шарттары болуп эсептелинет.

Мисал катары  Кавказ элдерин алып көрсөк жашоо шарттары анча деле жакшы болбосо дагы, бул жакта жашаган элдердин ден соолугу чың жана дүйнөдө эң узак жашаган адамдар катары таанылган. Анткени, бул жактагы климат адамдын жашоосуна ылайыктуу.

Кыргызстанды алып көрсөк жашоо шарты бир топ эле начар болгондуктан, элдин көп бөлүгү ден соолука көп деле көңүл бурушпайт. Кыргызстандын түндүгү жашоо шартына абдан эле ылайыктуу,бирок ар кандай себептердин кесепетинен элдин ден соолугу анча деле жакшы эмес. Тоого жакын жашаган кыргыздарды деле алып көрсөк, узак жашагандар аз кездешет.Бул эмнени түшүндүрөт? Бул деген ошол кыргыздардын ден соолукту сактоого болгон мамилеси бир топ эле ылдый десек болот.

Ден соолукту сактоо – мамлекеттин, коомдун, жеке адамдын-негизги максаты болуш керек деп эсептейм. Анткени, ден соолугу жок адам бул дүйнөдө эч кимге кереги жок болуп калат. Ошондуктан келгиле баарыбыз биригип, бул күндөн тартып өз ден соолугубузга көңүл бурабыз.

Ден соолукту сактоого 12 кадам:

  • Мээни активдүү иштетүү
  • Жагымдуу жумуш
  • Рационалдуу тамактануу
  • Өзүнүн жашына карата тамактануу
  • Өзүнүн жеке ой пикири
  • Сүйүү
  • Секс
  • 17-18 градустагы 6-7 саат уктап эс алуу
  • Дайыма физикалык машыгууларды жасоо
  • Кез-кезде таттууларды жеп туруу
  • Позитивдик энергияны таратуу
  • Күлкү шаңга батуу
Кыргыздар ат-жабдыктарынын усталары
Written by Асель Шабданова, Wednesday, 29 Jun, 2011 – 9:00 | One Comment

Кыргыздардын маданиятына кызыккандар, сүйүнгүлө: Кыргыз Республикасынын  тарых музейинде “Кыргыздардын ат жабдыктары. XIX-XX кк.” аттуу көргөзмөсү өтүп жатат. Мен дагы  бүгүн өз көзүм менен көрүп  анан окурмандар менен бөлүшөйүн деп, барып келдим. Көргөзмөдө көрсөтүлгөн буюмдарда чеберлердин кылдаттык менен аткарган жумуштарында алардын эстетикалык табити жана жылкылырга болгон сүйүүсү даана байкалып тура .

Бул көргөзмөгө киргенде эле эки жылкынын макети, ат жабдыктарынын эң кооздорун көрсөтүп турушту.

Аялдар жана эркектерге ар канда аттар тандалчу экен. Айымдарга бою кичинерээк келген аттар туура келип, анын жабдыктары дагы мырзаларга арналгандардан айырмаланып турчу.


Көргөзмөдөгү буюмдар кымбат-баалуу болгондуктан, илгерки байлардын буюмдары деп айтсак, жаңылбайбыз. Мисалы үчүн, төмөндөгү тердик күмүш менен жасалгаланган.

Ар бир буюмдарда жөн эле күмүштүн бөлүгү эмес, чыныгы таң калтыра турган оймолорду, баалуу таштарды камтыйт.

Бул жерде териден өрмө түрүндө жасалган жабдыктар: кайшы камчы, куюшкан, басмайыл, ат тушоо.

Булардын баарын көргөндөн кийин: “Буларды кантип жасашты экен, кандай инструменттерди колдонушкан?”- деген суроо пайда болот. Ага төмөнкү устанын шаймандарынын сүрөтү жооп берет: кыпчуур, ийги, сыдыргы, шибеге, мыкбаштар ( сыктары жасаоо үчүн арналган).

XX кылымдын башында  ат жабдыктар мындай болгон экен. Бул жерде басмайыл, куюшкан жана камчы көрсөтүлүп турат.

Ал эми бул – тойлордо, же майрамдарда колдонулуучу  ат жабуу.

Мен жогоруда айтып кеткендей, жабдыктар жыныс боюнча дагы бөлүнөт. Айымдарга арналган үзөңгүлөр тоголок болуп, ал эми мырзалардыкы кеңири белгилүү болгон төрт бурчтуу.

Төмөнкү сүрөттөгү  буюм аттарга эч кандай тиешеси жок. Бирок, бул эмне экенин билбеген мен үчүн кызыктуу болду. Биздин ата-бабалар боз үйүнүн эшигин ачык таштап койуп эле, мал кайтарып жүрбөптүр. Ага далилдөө – бул кулпу.

Ат жабдыктарынын баардыгын атап кетсем: ээр, үзөңгү, жааз, канжыга, жүгөн, нокто, чылбыр, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, желдик, тердик, ичмек, көрпөчө ( көпчүк), ат жабуу, үртүк, камчы.

Кыргыздар көчмөн калк болгондуктан көркөм өнөр искусствосунун жетишкендиктери башка элдердикине салыштырганда кемираак көрүнөт. Айрыкча, архитектуралык жетишкендиктерин эстесек. Бирок, көчмөн кыргыздардын прагматикалык мүнөзүн эсибизден чыгарбашыбыз керек. Атка кыргыз элинин мамилеси такыр башкача болчу, менин оюмча, кимдин аты кандай жабдыктарды жамынса, ошол адамды байлыгын көрсөткөн.  Ошондуктан, жабдыктард өтө кылдаттык жана көңүл менен жасатылган.  Мен бул көргөзмөдө көргөн буюмдарды көрүп,  “кыргыздар жалкоо, жакшы жумуш аткара алышпайт” деген сөздөргө жообум даяр болду.