Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Маданият

Кино тартуу тозогу…
Written by Мирсулжан Намазалиев, Sunday, 12 Aug, 2007 – 14:06 | 7 Comments

Кыргызстандагы кино тармагы анча онуго албай, бирок, акыркы жылдары кичине жылыш болуп келаткандыгы козго урунууда. Ушундай абалдын негизи баягы эле финансыга барып такалат.Жакында эле, менин бир досум киного тартылып жатат эле, ошонун “сьемкасына” барып, катышып келдим. Башкача айтканда, аларга колдоо корсотуп, “массовка” тузуп, ошону менен бирге эле, биздин олкодо кинону кантип тартат болду экен деген кызыгуу менен барган элем.Тан эртеден, саат 7 ден баштап, кино-тартуу башталды. Асмандан, капталдан голливуд кинолорундагыдай видеокамераларды тутуп, тарта турган эч кандай аппарат деле коро алганым жок. Жалгыз гана камера, жана бир микрофон.Актерлор, бир кыймылын он-чактыдан кайталап деле жадаса керек, себеби, улам сайын ар-бир дублду алар кайталашса, оператор бир жакын, бир алыс туруп алып тартат. Ошентип, фильмде беш минута чыга турган тасманы 3 сааттын ичинде эптеп тартып бутушту. Менин оюмча, анча деле профессионалдуу болбосо керек.Бирок, ушундай тозогу бар болгону менен, акыркы жылы кыргыз киносу эларалык аренада кайсы бир белектерди, орундарды ала баштады. Ата кетсек, нурбек Эгендин “Аталардын керээзи” кинотасмасы Кичине Оскар алууга жетишти, андан башка фильмдер, Канныдан дагы орундарды алышууда.Айта турганым ушул эле болчу :) , бизди узбой окуп турунуз, деп, автор.

Кыргыз Сувенирлери…
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 30 Jul, 2007 – 15:43 | 3 Comments

[inspic=8,right,fullscreen,200] – “Эмнеге мынчалык кымбат?”, деп ар-дайым чет элдик туристтер кыргыз сувенирлери жонундо сурашат. “Жашоо денгээли томон, бирок бул жасалгалар абдан эле кымбат экен!…“. Бирок ушуга карабай, миндеген чет элдик жер-коруучулор, бул жасалгаларды суйунуп сатып алышат да, мекендерине алып кетишет.

Азыркы учурда улуттук жасалгаларды жасоо – кай бир адамдардын адистиги болуп калды. Аларды коозураак кылуу учун коптогон убактыларын коротуп, жасалгасынын коркун чагарып, анан аларды сатыкка алып чыгышат.

Коптогон мындай сувенирлер борбор калаанын супермаркеттеринде, кичине магазиндеринде, ош-базарында жана башка жерлерде сатылат. Алардын баасы жергиликтуу калк учун чынында эле кымбат.

Сувенирлердин карамагына ар-кыл кичине, чон килемдер, куурчактар, сумка, баш-кийим, чермей ж.б. баары кирет. Мен учун кобун эсе баш кийим жана сумкалары кызыктуу болчу.

 

 

- “Мен бул килемди 3 айдан ашык тиктим, тигил досторуна сатып берчи”, деп суранды Ысык-Колдогу Тамчы айылында отуп жаткан жарманкедеги бир сатуучу аял. Чындап эле коздун жоосун алган жасалга экен. Аны килем катары дубалга илип койсо дагы болот. Бирок баасы да озуно жараша. 200 доллар.

- “Hey, it is so cute” (хэй, укмуштай экен…), деп ооздорун ача таныркашты менин жанымдагы досторум. Бирок, укмуштай кымбат экен, деп кайгырышты алар.

Чынында эле, кыргыз сувенирлери абдан эле кымбат турат экен. Озгочо жергиликтуу калк учун. Бирок ага карабай, мен, озумо сумка жана баш-кийим сатып алууну чечтим.

Веб-сайтта берилген сурот treeflower Flickr ден алынган.

 

B’Art – Бишкек Чеберчилик Борбору…
Written by Гульсали, Monday, 23 Jul, 2007 – 12:46 | No Comment

Откондо, жайдын баштапкы кундорундо университеттен чыгып келе жатып жарыяны окуп калдым. Ал жерде, Бишкекте “Чеберлик Борбору” ачылып жатат, ошонун презентациясына келгиле деген эле. Анын устундо бул жарнак англис тилинде жазылган сон, абдан эле кызыктуу болсо керек деп ойлоп койдум.Презентация кунуБишкектеги Эски Суротчулор шаарчасын америкадан келген жаш чеберчилердин жардамы менен B’Art – Бишкек Чеберчилик Борбору деп аташкан экен. Бул жерде жалан эле аты озгорбой, анын заты дагы озгоргондой. Ал жерде эски, журбой, чирууго жакындап калган басаярды (автобусту) алар озгортуп, аны кинозал кылып коюшкан экен.басаярдын алгачкы кейпиозгоргон басаяравтобустагы кинозалДегеле, басаярдан тышкары абдан эле коп нерселер озгоруп, ал жерде “инновациялык” коркомдошкону корунуп турду. Анан дагы, булардын баары жонокой, жана аз бюджетке курулган.креативдуу монументКопчулук жергиликтуу суротчулор, презентациянын катышуучулары бул чеберчиликке ыраазы болушуп, ал жерде басып журушту. Бир гана адам – тажрыбалуу суротчу Адыл, келгиндердин ишин критикалап, “бизди уйротпогуло, биз советтик доордо абдан сонун билим алганбыз” деп суйлонуп жатты сахнада.Ал эми, организаторлордун бири Джи Ли, биз эч кимди эч нерсеге кыйнап уйроткону келген жокпуз, бир гана чеберчиликте “инновацияны” колдонуунун жолун корсотууну гана каалайбыз деди.суроттор Б’Арттын авторлорунун англисче блогунан алынган. Блогдун дареги: http://cecartslinkcentralasia.blogspot.com

Ала Качуу: Жакшы турмуш болобу?
Written by Максат Аскеров, Thursday, 21 Jun, 2007 – 8:04 | 5 Comments

Мен өзүм ала качууну бир эле жолу көргөм ошондо дагы өзүм катышкан эмесмин. Менин тайакем бир кыз менен таанышып экинчи күнү эле ала качкан, үйүнө алып барып отургузуп, бири-бирин жакшы эле билбей үйлөнүп алышкан, чынын айтсам экөө каршы эле эмес болчу бирок жакшы көрүү сезими дагы жок болчу, көрсө экөөнүн жашы жыйырма беш-жыйырма алтыларга келип турмушка чыгыш кеч болуп калып уят болбойун деп үйлөншкөн. Бирок кийин урушуп талашып жакшы турмуш болбой калып ажырашып кетишти. Ойлонуп көрсө бул жактан эч нерсе пайда чыккан жок, уят болбой эрте кыз алайын деп кайра ажырашып ага бетер уят болуп алды.Шаарда ала качуу деген көп болбойт жана андай ойго деле келбейт. Албетте ала качуу жөнүндө оюмду айта кетсем, мен Ала Качууга тап-такыр каршымын. Бул жерде көп мыйзам жана адамдын укугу бузулуп жатат жана эң башкы өзүңдүн жашооң деле жакшы болбойт. Жакшы көргөн кызды кыйнап алып анан жакшы жашоо болот деген болбой калат ко, албетте аны жакшы көргөн кыз деп айтса да болбой калат. Бул кандай болмок эле? Сени жакшы көрбөгөн адам менен кандайча жакшы турмуш жасаса болот?Ушунчалык салтты сактагысы келсе, бүт баарын сүйлөшүп алса болот да. Сүйлөшүп жүргөн кыздын макулдугун алып жасаса болот. Кээ бир адамдар бул менен макул боло албаса эң жакшы түшүнүү бул жерде өзүн кыздардын ордуна коюп элестетсе болот. Кыз эрте алып өзүңдүн алдыңа коюлган максатыңа жетиш дагы кыйын болуп калат, андан жаманы жетпей дагы калышы мүмкүн. Бул жерде жакшы турмуш деле жок калат.

Ала качуу: Чыныгы эр жигиттер үчүн эмес.
Written by Нурбек Абабакиров, Saturday, 16 Jun, 2007 – 20:43 | 6 Comments

Чынында эле ала качуу азыркы кездин орчундуу маселердин бири. Ошондой эле биздин салттардын ичинен адам укугун сыйлабаган жана адилетсиз салт деп эсептейм.Көбүнчө ала качуу жоруктарын тааныштарыман угуп калам. Кееде жаш жигиттер кызды жакындан тааныбай туруп деле, бир той-топурда же туулган күндө көргөн жеринен эле алып качат экен. Алар окуяларын чоң эрдик кылгандай айтып беришет. Бир жагынан алардын кантип ала качканы көп күлкүлүү болот, бирок эркектер арасында кыздын тарабы көп деле эске алынбайт. Аны угуп ойго батасын: «Ушул да боло бу эми. Бири бирин жакындан билбесе… экоо кантип турмуш куруп кетет?».Бирде кимдендир угуп калдым «Алакачуу – бул лоторея, утушуң же уткузушуң белгисиз,» -дегенди. Утуш же уткузуу деген эми эркек кишинин позициасынан караганда алып качкан кыздын ички мүнөзү кандай болуп чыгышы күмөн деген. Кееде алып качуу – бул базарда дарбыз тандаганга да окшоп кетет: же аябай ширеси тамган таттуу болушу мүмкүн же али жетиле элек сумсак дарбыз болушу мүмкүн. Кыскасы, турмуш курууда тобокелчилик эң эле жакшы жолдордон эмес.Бир жагынан ала качуу бул жигиттердин эле тескери сапатын көрсөтөт. Алып качкан жигиттер көбүнчө кимдер? Менин билишим боюнча алар өзүнө ишенбеген, «кыздын алдына барып колун сурагандан көрө кара жерге киргеним оңой» дегендер. Чыныгы жигит болгондон кийин, эгер бир кызга көңүлү түшсө же аны менен турмуш кургусу келсе, алып качуусуз деле ийгиликке жетишсе болсо керек. Аны ар бир эркек билсе керек. Буга Айкөл Манас да Каныкейдин колун суроо менен мисал болгон.

Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан кийин “Манас” эпосунун Түркияда изилдениши
Written by Ажара Дуйшембиева, Tuesday, 5 Jun, 2007 – 8:45 | 11 Comments

Бул макала Neweurasia нын кыргызча бөлүмүнүн жаңы автору, жаш изилдөөчү Ажара Дуйшембиева тарабынан жазылган, жана биринчилерден болуп биздин интернет-бетке жарыяланууда.

Кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы – гениалдуу  “Манас” эпосу элибиздин каада-салтын, үрп-адатын, социалдык түзүлүшүн, рухий баалуулуктарын чагылдыруу менен   эчендеген кылымдарды карытып, муундан-муунга өтүп оозеки түрдө  сакталып келген. Бекеринен Ч.Валиханов “Манасты” “… кыргыздардын бардык мифтеринин, жөө жомокторунун, уламаларынын энциклопедиялык жыйнагы” деп жазбаса керек2. Ал эми академик В.В.Радлов “Манас” эпосун “…элдин бардык турмушунун жана бардык умтулууларынын чагылышы” деп баамдаган3.

“Манас” эпосун дүйнөлүк коомчулукка белгилүү себептерден улам биринчи  кыргыздар эмес, Валиханов, Радлов, Алмаши сыяктуу чет элдик окумуштуулар тааныткан. Алар эпостун айрым бир эпизоддорун котормолор жана комментарийлер менен коштоп жарыялап, дүйнө аалымдарынын кызыкчылыгын пайда кылышты. Түрк илимий чөйрөсүнүн кыргыздардын улуу баатырдык эпосу менен таанышуусунда да котормо негизги ролду ойногон. Read the full story »