Маданият
1 жыл – Чыт той
Үйлөнгөндөрүнө бир жыл болгон жаш жубайлар Чыт (кездеме) тоюн белгилей алышат. Бул той көбүнчө Европа өлкөлөрүндө белгиленип келет. Ошол күнү аялы менен күйөөсү мамилебиз бекем болсун деген мааниде бири – бирине чыт кездемесин белекке беришет. Эгер кездеме ак же кызыл түстө болсо, сүйүүсүнүн актыгын жана тазалыгын билдирет. Кездеменин түсү тунук эмес түстө болсо, мындан аркы мамилебизди бекемдейли деген маанини түшүндүрөт.
5 жыл – Жыгач той
Аялы менен күйөөсү бирге жашаганына беш жыл болгондо Жыгач тоюн белгилей алышат. Бул күнү жоро-жолдоштору, тууган-уруктары белекке жыгачтан жасалган идиш же эмеректерин белекке беришет.
7 жыл – Бал той
Бал тою – жети жылдан кийин белгиленүүчү той. Бул күнү мындан аркы жашообуз балдай ширин болсун деп, балдан же таттуулардан жасалган тамак-ашты көп жасап, бири – бирине акчалай белек беришет.
10 жыл – Роза той
Роза той бирге жашагандарына 10 жыл болгондо белгиленет. Ырым – жырымдарга караганда бул тойго жакын туугандары, достору канча роза гүлүн алып келсе, аялы менен күйөөсү көп жыл бирге өмүр сүрөөрүн түшүндүрөт.
15 жыл – Хрусталь той
Хрусталь тою 15 жылдан кийин белгиленүүчү той. Негизи тойго келген коноктор хрусталь идиштерин белекке берүүсү зарыл. Мындан аркы жашооңор хрусталдай таза жана тунук болсун деген маанини билдирет. Бирок Хрусталь тою болуп жатканда акчалай сыйлык белекке албайт. Себеби, өкүнүчтүн, жамандыктын белгисин билдирет.
20 жыл – Фарфор той
Бирге түтүн булатканына 20 жыл болгондо фарфор тоюн белгилешет. Тойго келген конокторду фарфордон жасалган идиштерге тамак – ашты толтуруп сыйлашат. Ал эми белекке берилген идиштерди биринчи болуп өздөрү колдонбой, жакын адамдарына белекке берип, андан кийин колдоно алышат.
25 жыл – Күмүш той
Бир кылымдын төрттөн бирин жашаган жубайлар күмүш тоюн белгилей алышат. Башкача айтканда жашагандарына 25 жыл болгондо белгиленүүчү той. Бул тойдо аялы менен күйөөсү аты жок бармагына күмүш шакегин тагуусу зарыл.
30 жыл – Бермет той
Арадан беш жыл өткөндөн кийин бермет тою белгиленет. Жолдошу ушул күнү аялына бермет көзү бар мончокту белекке берүүсү керек. Эгер жолдошу ошол күнү аялына башка нерсе белекке берсе, анда ошончо жыл бирге жашаганына нааразы экендигин түшүндүрөт.
35 жыл – Рубин той
Рубин тою 35 жылдан кийин белгиленүүчү той. Жолдошу аялына рубин көздүү алтын шакекти белекке берет. Эгер рубин көзү жок шакек берсе, анда жолдошу 35 жыл бою аялы менен бактысыз жашагандын белгисин билдирген.
50 жыл – Алтын той
Алтын той – 50 жылдан кийин белгиленүүчү той. Бул тойдо аялы менен күйөөсү алтын шакекти бири – бирине белекке беришет. Эскилерин жаңы үйлөнүп жаткан неберелерине, балдарына белекке калтырат. Жарым кылымдын белгиси болгон алтын шакек туруктуулуктун, бактылуулуктун жана бакыттын белгисин билдирет.
60 жыл – Алмаз той
60 жылдан кийин Алмаз тою белгиленет. Алмаз баалуу таштардын эң катуусу. Бул никенин бекемдигинин белгисин берет. Бактылуу карылыкка жетип, мындан кийин балдарыбыздын сый -урматынын үстүндө жүрөлү деп элден ак баталарын алуу максатында белгиленет.
Бул тойлорлу жыл сайын өткөрүүнүн эч кандай кажети жок деп эсептейм. Бирок ар бир мамлекеттин өзүнүн каада – салты, үрп – адаты болгондуктан биз бул нерсени тескери кабыл албашыбыз керек. Себеби, батыштын менталитетине туура келген көз караштар азыркы жашообузга дал келет. Биздин кыргыздын салтын бузбайбыз дегенибиз менен жашоо, заман өзгөргөн сайын салт дагы өзгөрүүгө дуушар болот экен. Күмүш той, Алтын той, Алмаз тойлорду өткөрүп туруу керек. Себеби, ар бир адамдын эсине кала тургандай орто жаштан кийин белгилесе келечектеги өсүп келе жаткан жаш муундарга сабак болчудай. Анткени ошол өткөрүп жаткан адамды көрүп кандайдыр бир суктануу менен карап, биз да ушул тойго жетсек деп ойлонуп калгыдай кылып өткөрүү керек. Той өткөрүү да канчалаган каражатты талап кылат. “Той болот, тойдун эртеси да болот” деген сөз бар. Бүгүн карыз алып, эртең акчасын төлөй албай карызга баткандан көрө өткөрбөй эле койгон жакшы. Ошондуктан алдын ала тойго даярдык көрүп, элдин ак батасын алган жакшы деп ойлойм.
Кыргыз Республикасында азыр жоголуп бара жаткан жаныбарлардын саны жылдан жылга азайып бара жатат. Бул маселеге жаш муундар азыр көңүл бурбасак, келечекте бул жаныбарлар такыр эле жоголуп, айлана – чөйрөнүн бузулушуна алып келет. Кыргызстандагы биотүрдүүлүк региондогу эң ири түрдүүлүк болуп эсептелет жана климаттык ыңгайланышуу менен мөңгүдөн баштап субтропиктик жана мээлүүнгө чейинки экосистеманы түзөт. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, аймагы дүйнөлүк кургактыктын 0,1 пайызын гана ээлегенине карабай, Кыргызстанда баардык түрлөрдүн 1 пайызы жайгашкан жер болуп саналат. Кыргызстанда гана табылган жергиликтүү түрлөр жана анын түркүмдөрү 200дөн ашык өсүмдүктөрдү, 3000ден ашык омурткасыздарды жана 17ден ашык омурткалуу, 47 субэндемикалык омурткалууларды өз ичине камтыйт. Кыргызстан кээ бир сейрек кездешкен жаныбарлардын (мисалы Марко Поло аркары, гималай күрөң аюусу жана сибир аркары) жашоосу мөңгүлөр менен тыгыз байланышкан жана жоголуп бара жаткан ак илбирстин мекени болуп эсептелет.
Азыр биздин өлкөдө жоголуп бара жаткан жаныбарлар мыйзам түрүндө корголот. Бул жаныбарлар кызыл китепке киргизилип, аңчылыка тыю салынган. Дегеле айлана – чөйрөнү коргоодо кызыл китептин мааниси зор. Себеби, аны жаратылышты коргоо боюнча жобо деп атасак болот. Кызыл китепке кирген жаныбарлар, курт-кумурскалар жана өсүмдүктөрдү Кыргызстандын баардык жарандары сактоого милдеттүү. Кызыл китепке киргизилген жандыктар менен өсүмдүктөр жергиликтүү экология кандай абалда экенин көрсөтүп турат.
Биринчи кызыл китеп 1985 – жылы жарык көргөн. Эл аралык жоболор боюнча кызыл китеп ар беш жыл сайын чыгарылышы керек. Бирок Советтер Союзу кулап, жаңы эгемен мамлекет курулуп жаткан кезде экологияга эмес, башка көйгөйлөргө деле көңүл бурууга өкмөттүн күчү жетчү эмес. Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик орган да бирде түзүлүп, бирде башка мекемелерге кошулуп отуруп, кызыл китепти чыгаруу, анын аткарылышын көзөмөлдөө колго алынбай калган. 2005 – жылы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Андан көп өтпөй, кызыл китепке кирчү жандыктардын тизмеси Өкмөттүн жобосу менен бекитилген. Бирок кызыл китепти чыгарууга каражат табылбай, акырында бул китеп үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы токойлорду сактоо боюнча атайы программа 20 миң АКШ долларын бөлүп берген. Бул китепте сейрек кездешкен Марко Поло аркары, гималай күрөң аюусу, сибир аркары, ак илбирс, кызыл карышкыр, ителги жана башка өңдүү жоголуп бара жаткан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн 202 түрү кирген. Салыштырып көрсөк, кызыл китептин биринчи чыгарылышында бул сан эки эсеге аз.
Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын жоголуп бара жаткан себептери
- Биринчи себеп катары аңчылык десек болот. Анткени, Кыргыз Республикасы боюнча аңчылык абдан эле өнүккөн. Эгерде кызыл китепке кирген жаныбарларды кимдир бирөө атып өлтүрсө мамлекет тарабынан бул кишиге чоң суммадагы айып салынып, же кээ бир учурларда эркинен ажыратылат. Бирок, мындай чаралар деле азыр жардам бербейт деп ойлойм. Анткени, өлкөдөгү коррупциянын деңгээли жогору болгондуктан оной эле акчанын жардамы менен кутулуп кетишет. Кээ бир учурларда илбирсти атып салган адамга болгону 10 миң сом айып салынат экен. Бул тармакта биздин парламент мыйзамды өзгөртүп, чечкиндүү чечимдерди кабыл алышы керек.
- Мөңгүлөрдүн эриши. Кыргызстандын мөңгүлөрү глобалдык жылуулуктан улам эрип бара жатат деп билдиришет окумуштуулар. Бул арада серепчилер мөңгүлөрдүн азайышы Кыргызстандын суу, энергетикалык катастрофасына жана анын суусуна көз каранды болуп ылдый жакта коңшу жайгашкан мамлекеттердеги жергиликтүү экосистема, өсүмдүктөр жана жапайы жаратылыш дүйнөсүнүн олуттуу бузулуусуна алып келүүсү мүмкүн деп алдын ала эскертишет. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр эч нерсе болбосо да, кээ бир түрлөрдүн жок болуу коркунучу бар. Өлкөдөгү Ысык-Көл көлү биотүрдүүлүккө ээ болгон эң белгилүү областтардын бири болуп эсептелет. Кыргызстандын түндүгүндөгү Тянь-Шань тоолорунда 1600 метр бийиктикте жайгашкан көл дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн бийиктиги боюнча экинчи орунда турат. Андан суу агып чыкпайт жана дарыялар келип куят. Дарыялардын суулары болсо негизинен мөңгүдөн келет. Көлдө жыйырмадан ашык балыктын түрлөрү бар деп эсептелген. Көлдүн айланасындагы ар түрдүү ландшафта жаныбарлардын ар кандай түркүмдөрү жашайт. Бул ланшафт кургак тарткан жарым чөлдөн тартып тоо кыркаларына чейин кетет. Тянь-Шанда 4000ден ашык ар түрдүү жергиликтүү өсүмдүктөр өсөт. Көлдүн өзү келгин куштардын аялдамасы болуп эсептелет, 80 миң суу кушу анын айланасында кыштоо үчүн чогулат. Мөңгүлөрдүн эриши менен көлдүн экосистемасын дагы коопсуздукка салуусу мүмкүн. Көлдүн суусунун деңгээли акыркы он жылда муздардын эриши менен өзгөргөн.
Келечекте айлана – чөйрөнү сактап калыш ар бир атуулдун милдети деп эсептейм!
Кыргызстанда коомдогу баардык тармактар баткакта турганын айтпаса да белгилүү. Алардын ичинде билим берүү системасы да бар. Мен депутаттарга таң калам, экономикабыз өнүкпөй, мамлекетибиз жок болу коркунучунда турганда, азырынча керексиз мыйзамдар менен алпурушушат.
Мисалы, депутат Каныбек Иманалиев менен Карганбек Самаков “Манас” трилогиясын сактоо, өнүктүрүү жанан популяризациялоо” тууралуу мыйзамын иштеп чыгышты. Ага ылайык бала бакчаларга, мектептерге жана жогорку окуу жайларына “Манас таануу” сабагы киргизилмекчи. Буга чейин Билим берүү жана илим министри Канат Садыков “Манас таануу” сабагы мектептерге киргизилгени менен адистердин жоктугунан иш жүзүнө ашкан эместигин билдирген. Каныбек Иманалиевдин айтымында жаңы мыйзам “Манасты” бир гана филологияда эмес, тарыхта, философияда, политологияда, укукта, этнопедагогикада өнүктүрүүгө шарт түзөт. Төрага А.Келдибеков “Манас атанын урпактары экенине сыймыктанаарын” айтып, улуу инсандарды даңазалоо үлгүсүн депутаттар көргөзүшү керектигин билдирген. Аталган мыйзам Жогорку Кеңештин кечээ күнкү жыйынында үч окууда тең кабыл алынды.
Мен студент болуп 2003 жылы Бишкек Гуманитардык университетинде билим алганмын. Экинчи курста окуп жүргөнүбүздө «Манас таануу» сабагынын баардык курстар үчүн киргизилгенин уктум. Башкалар эч капа болбостон, сессия жакындаганда акчасын даярдай башташты. А мен акчага эмес, өзүмө ишендим. Себеби, өзүм айылдан, кыргыз мектепти бүткндүктөн «Манас» эпосу жөнүндө билимиме ишендим. Нары, кайсы гана сабак болбосун, өз күчүм менен гана бүтүрчүмүн. Айтмакчы, университет боюнча жападан жалгыз, бир эле, жашы да бир топко барып калган агай «Манас таанытат» экен. Анан экзамен болчу күнү келсем, бир да курсташтарым жок, «Манас таанытуучу» агайды араң издеп таптым. Ага барсам, ар кайсы суроону жанына отургузуп бере баштады, а мен Манас жөнүндө билгенимди айттым. Бирок, жанагы агайым, мени укусу да келбей 50 сом талап кылды. Мен аябай таң калдым. Көрсө, университет боюнча, бир да студент экзамен тапшырбаптыр. Жөн гана, 50 сомдон группа групасы менен чогултушуп, «оптом» зачеткаларына баа алышыптыр. Анан мен көгөрүп, тапшырам деп туруп алдым. Агай мени укпай кетип калды. Эртеси дагы келдим издеп. Эки күндүн ичинде Ыссыккөлгө эс алганы кетээрин айтып демитти. Мен да айылыма барып, ата энеме жардам беришим керек эле. Айла жоктон, чарчап, тажагандыктан баягы 50 сомду берип баа алдым. Бул менин биринчи жана акыркы жолу пара беришим эле. Аны берип атып, агайды бир аз да болсо уят кылайын деп, «Сизди Манас атабыз» кату колдоп аткан учуру экен» дедим. Каяктан, нарагында бар адам мындай кадамга бармак беле. Күлүп тим болду. Кийин уксам, ал агай. Ошол жылы өзүнө жаңы машина сатып алыптыр.
Эми депутаттарыбыз кайра менин агайымдай «Манас таанытуучуларга» жол ачууда.
Май айынан баштап кымыздын убагы башталат. Ата бабабыздан калган булл касиетүү суусундук, бээнин сүтүнөн жасалып, жагымдуу, кычкыл даамга ээ. Кымыз сүйбөгөн кыргыз жок болсо керек, биз эле эмес, немистер да сүйүп ичишип, кымызды даярдоо технологиясын патенттеп алгандары жөнүндө ММкларда айтылып жүрөт. Read the full story »
Ушул күндөрү «Манас» кинотеатрында Данияр Абдыкеримовдун «Как выйти замуж за Гу Чжун Пё?» деген аталыштагы жаңы фильми көрсөтүлүүдө. Көпчүлүк жаштардан калбай, мен да ал киного барууну чечтим. Жок, мен Гу Чжун Пёнун күйөрманы эмесмин, болгону бул филмде мен жакшы тааныган кыз да катышкан.
Гу Чжун Пё деген ким?
Биздин убагыбыздагы жигиттер, Брьюс Ли, Жан Клоуд Ван Дам, Жеки Чан, деген спортсмендерди кумир тутуп, ошолордукундай булчуР чыгарууга аракеттенип, ошолор машыккан спорттун түрлөрү популярдуу болоор эле. Курбу кыздар да, бул актерлорго ашык болушуп, сүрөттөрүн топтошот эле. Азыркылардын кумири - Гу Чжун Пё. Бул жигит, кызга окшош аябай назик, сулуу, «Цветочки после ягодок» корей сериалындагы актер. Бул кинону Бишкектеги 14-жаштан 20 жаштагылардын бары сүйүп көрүшүп, көптөгөн жигиттер Гу Чжун Пёнун стилинде кийинишип, ошондой чач жасалга жасашып, айтоор назик «жигиттер» көбөйүп кетти. Ал эми ал назик жигиттерге ашык болгондор, мынддан көп. Киного барсаңыз, жалаң эле, «Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыкса болот экен?», -деген суроолору менен келген кыздар.
Бизде, ким эмне жасабасын, жактырбай, ал гана эмес, сынап, жамандап, көрө албастык кылгандар арбын. Аны көргөнү баргандардын арасында да, кылдан кыйкым тапкандар отурушту. Кинону көрүүнүн маданиятын билбегендер жөнүндө айтпай эле коеюн. Ооздорун поп-корнга толтуруп алышып, мынтпейби, антпейби, деп өздөрүнчө режиссер, сценарист болгондоручу… Айтмакчы, таштандыга толуп, чалдыбары чыккан кинотеатр, азыр заманбап кинотеатрлардын катарына кошулуп, жаштардын борборуна айланыптыр. Келгендердин аягы үзүлбөйт, шаңдуу. Бул сонун жөрөлгө деп ойлойм.
Кыргыздарда илгертен кыздын себин даярдоого олуттуу көңүл бөлүшкөн. Ошол кызга сеп берүү салты бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп, өз күчүн жоготпой келет. Албетте, заманыбызга жараша, ар ким алына жараша калың берип, сеп даярдайт. Read the full story »
Мындан 3-4 жыл мурун Ыссык-Көлдө эс алып жүрүп, кыргызчага окшош тилде сүйлөгөн, кыргыздардыкындай саймалуу кийим кийген аял менен таанышып калдым. Анын аты Саяна эле, өзү Алтайдан. Аны менен сүйлөшүп отуруп, мектепте окуп жүргөндө, «Саяно-алтайские киргизы» деген китеп эсиме түштү. Ар бир улут, мамлекет тарыхы менен улук. Ошондуктан, кээде саясаттан тышкары, тарыхый маалыматтарды да окуп, биле жүрүү керек. Алтайлыктар менен кыргыздардын уруулук байланышы кандай? Read the full story »
Кыргыз элинин ак өргөөсү аталган боз үйдүн жасалышын, тигилишин көрүп-билип жүргөнүбүз менен анын бөлүктөрүнүн аталышын, жасалуу ыкмасын, дегеле боз үй тууралуу жалпы маалыматты жаштар толук билбей турганыбызды моюндашыбыз керек. Акыркы учурларда боз үй негизинен жайлоого чыкканда жана адамды алыскы сапарга узатаарда гана тигилип калды. Анда булл жерде боз үйдүн тарыхы тууралуу Амантур Акматалиевдин изилдөөлөрү жөнүндө маалымат бар.
Кыргыздын боз үйү көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмактуулукка ээ, журтчулугубузду даңазалоочу бөтөнчө күчкө барабар. Элибиз байыртан такай көчмөн турмушту баштан кечирип келген. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган журтчулук каалаган жерге-мейли тоодо, мейли түздө жашоого оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилик түрткү берген. Кыргыздар боз үйдү жаратыш үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган. Көчүүгө жеңил, каалаган жайга конууга ылайыкташкан, табияттын ар кандай катаал каршылыгына, сырткы күчүнө туруктуулук кылган боз үйүбүз ичине от жагууга жана жылуулукту сактоого оңтойлуу. Боз үй төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
Босого таяк -бул боз үйдүн жыгачынын бир бөлүгү. Үйдүн эшигинин жана каалгасынын жыгач кашеги. Бул уук-кереге менен түндүктүн тең салмакта тигилишин аныктайт. Үйдүн босого таягынын узуну болжолдуу 1,4 метр, туурасы 1 метр, жазылыгы 25 см келип, ал “таяк-босого”, “баш босого”, “каалга” болуп үч бөлүктөн турат. Бири-бирине ашталат да, кереге саканактары менен сызма же эшме жип аркылуу бекитилет. Баш босогонун үстүнөн үч-төрт кыска эшик уугу орун алат. Босого-таяктын жазылыгы 10-12см, калыңдыгы 3 см, бийиктиги жана кенендиги боз үйдүн көлөмүнө жараша болот.
Жабык баш -көбүнчө кийизден оюлуп жасалып, боз үйдүн ички уугунун билегине тегерете тосулуучу көркөм буюм. Боз үйдүн көрүп отура турган ички жасалгаларынын эң негизгилеринин бири.
ЖЕЛ БОО (түндүк боо) – Таар буюму, боз үйдүн боочуусуна кирет. Ал түндүктүн эки жагына тагылат да, көбүнче термеден болот. Үй тигүүдө – түндүк көтөрүүдө боо бакан менен кошо кармалат, Аны мындайда көбүнчө уук-керегеге кыстарып коет, Анын оң-тетири тарабы дайыма көрүнүп турат. Ошондуктан, муну эки жүздүү терме кылып согуу максатка ылайыкташат. Жел боо жөнөкөй эле сызмадан же эшме жиптен да жасалат. Түндүк боого окшош эшик боо согулат. Ал да көркөм көчөттөрү аркылуу кооздук берет. Эшик боо түндүктөн арта салынып, баш босогого байланат. Мунун да “жел боодой” (түндүк боо) оң-тетири тарабы көрүнүп турат.
КААЛГА - (боз үйдүн каалгасы) – үй жыгачынын бири. Бул мыксыз эле баш босого менен аяк босогого ашталып бекитилген эки бөлүктөн турган тактайча. Тактап айтканда, түндүк босого менен бут босогодогу тегерек чуңкурчага каалганын баш-аяккы эки-үч элидей уурчугу өзү эле элпек кирип, элпек ачылып-жабылат.
КЕРЕГЕ -Үй жыгачынын негизги бөлүгү. Кереге боз үй жыгачынын уук бекитилүүчү төмөнкү бөлүгү. Мисалы, талаптагыдай боз үйдүн керегесинин дм 2,6-3,7 см, узундугу 235-305 см, баш-аягы бирдей жумуру (52-62) саканактардан (таякчалардан) турат. Саканактардын баары бир аз ичин көздөй ийилип, уук байланчу баш жагынын 15-20 см жери сыртын көздөй кайкалай маталат.Саканактардын ар бири 14-15-15-19 см аралыкта бири-бири менен кайчылашкандай кылып, эки жагы түйүлгөн көк менен бекитилет. Кереге жайылганда саканактардын кайчылашуусунан төрт жагы бирдей көзчөлөр пайда болот. Саканактардын баш (жоон) жагынан 70-80-72-82 см жеринин ичкибети алакандалып (жалпайтылып), ага 6-12 издүү сай салынат. Керегенин ар бир канаты узуну боюнча 18-20 көздөн, бийиктигии (туурасы) боюнча 10 көздөн турат. Жыйылган керегенин бийиктиги 2 мдей, эни 75 см болот. Жазганда бийиктиги кичине төмөндөп, эни 2-2 ,5 метрге жетет.Керегенин уук байланчу жогорку ачакейлери -”кереге башы”, анын карама-каршы төмөнкү бөлүгү – “керегенин аягы” деп аталат. Кереге канаттарын бириктиргендей алардын четки саканактары бири-бирине дал келип ашталганда, “канат боо” менен орой чалып байлайт. Канат боо – жайылган керегени тыкандап байлай турган эшме жип же сызма. Боз үйдүн чоңдугу кереге канаттарынын санына башкача айтканда уук баштарына жараша болот.
КЕРЕГЕ ЧАЛГЫЧ - өрмөкчүлүк аркылуу бүткөн боз үйдүн боочуларынын бири. Жайылган кереге баштарына чалына оролуп, тегерете курчалган сызма. Мунун эни “үзүк боо”, “жабык баш боо” өңдүлөрдөй келет. Өрмөктүн эриши ошолордой күзүктөлөт да, аларга түшүрүлүүчү көркөм көчөттөр терилет,
КЕРЕГЕ ТАҢГЫЧ - жайылган керегенин белинен курчала турган сызма өңдүү болот. Ал көбүнчө өрмөк согуучулук жана килем токуучулук ыкмасы аркылуу пайда болот. Эни 70 смге барабар. Мына ушундай энде өрмөк дүкөнүн жана килем дүкөнүн куруп, килем жана өрмөк ыкмасы аркылуу “кереге таңгыч” токулат.
КЫЛДЫРООЧ -Бул – боз үйдүн сыртына канат чийи менен керегесинин ортосу аркылуу тегерете жабылган буюм. Кылдырооч таардан да, кийизден да тартылат. Албетте, терме кылдырооч нарктуураак көрүнөт. Кылдыроочтун чети чачыкталат. Ал – тегиричтин бир түрү. Кылдырооч “эр жак”, “эпчи жак” деген эки бөлүктөн турат. Көчкөндө бул кооз буюмду шаан-шөкөт үчүн жүктүү төөнүн мойнуна салаңдата ороп же жаап коюшкан.
ТЕГИРИЧ – боз үйдүн таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип өрмөктүн эки четине келтирилет. Абалы “тумарча көчөтүн” берип, анын ортосуна “кыял көчөтүн” салуу зарыл, Муну “мүйүз кыял” десек да болот. Анткенибиз, ошол “мүйүз көчөт”, “чатармак көчөт” сыяктуу элдик эски түрлөр өрмөкко түшүрүүчү кооздукту өзүнчө “кыял” сыяктантып берүүгө негиз болот. Ушундан улам аны айрым айылдарда “чагармак”, “мүйүз” деп да аталышы төгүн эмес. Термечи ушул мүйүз сымалданган көчөттү терип чалууда көк менен кызыл тал жиптерди түгөйлөп алат. Жүз эки жиптин теңи эриштин астына түшөт (ургаачы делинет), теңи үстүнөн чыгат (эркеги делинет) да, күзүктөлөт.
ТИЗГИЧ (уук тизгич) – боз үйдүн боочууларынын бири. Жапырт сайылган (тигилген) ууктардын жылып кетпеси үчүн билегине кыркалай имере оролгон сызма таар. Мунун өрмөгүнө жети гана тал жип чалынып, ууктан оң-тетири тарабы көрүнүп тургандыктан көбүнчө көркөмдүк үчүн эки жүздүү терме түрүндө согулат. “Уук тизгич” сызма түрүндө да, эшме түрүндө болушу ыктымал.
ТҮНДҮК - “Аталар түндүгүн көтөрүп, энелер уугун улаган (элден), бул – боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир чебердин колунан анча келе борбейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакей калктын көз элегинен өтөт. Түндүкчүлөр жеринен сейрек учурайт. Бул болсо өнөрдүн өтө кылдаттыгын, сыпаалыгын жана татаалдыгын аныктайт.
УУК -Орточо алганда ууктун алаканынын (билегинип) керегеге байлануучу жагы-нын узундугу 45-55-47-57 см, эни 2-35 2,2-36 мм келет. Анын аягында көзөнөк-чөсүндө жүндөн эшилген же колдо чалынган, же өрмөктө согулган “уук боосу” болот. Уук керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2,2-2,5 см, төрт кыр учталат. Ууктун жалпы узундугу 2,5-3 м дей келет. “Ууктарын учтатып, учу сайын ууктун, учуна манат тыштатып” (“Манастан”). Демек, көчкөндө ууктардын учу сынбасын үчүн ага көбүнчө кийизден, таардан жасалган “уук-учтук” (уук кап) кийгизилет. Аны да айрым чеберлер колу билгендей чачылап, саймалап-оймолоп жиберет. Боз үйдүн башкы босогосунун (босого жыгачтан) үстүнө төрт кыска эшик уук сайылат. Керегенин жайылышы аркылуу боз үйдүн көлөмү менен көркү аныкталат.
Уук ийүүдө да чен бирдиктери так сакталат. Эгер 73 баштуу үй болсо ууктун узундугу 3 м, 65 баштуусунуку 2,8 м, 55 баштуунуку 2,6 м болот. Мында ууктардын жоон-ичкелиги бирдей келет. Анын түп жагынан жоондугу – 16 см, баш жагы 8 смге барабар. Ууктун алаканынын жазылыгы төрт см, узундугу 70 см, ошондо алаканга сегиз сай чыгат. Ууктун башынан уук жип байлоочу тешигине чейин сегиз-он см болот да, уук учуна 90 кыйгач кесип, керегенин сырткы капталына-билегине такалат. Ал канат чийди тиреп жыртпайт, уук ылдый кетпейт.
ҮЗҮК -Бул- боз үйдүн кийизинин бир түрү. Уук үстүнөн келүүчү көлөмдүү жабуусу. Боз үй алдыңкы үзүктөн жана төркү үзүктөн турат. Бул да үзүктөй эле койдун күзгү жүнүнөн уютулат да, жабыла турган үйдүн чоңдугуна жараша бири-бирине окшобогон төрт бурчтуктай бычылат. Болжолдо үзүк баш жагынан узундугу 180-200-190-210 смдей, этек жагынан (ылдый) узундугу 730-825-750-850 смдей, жандарынын бийиктиги 180-230-200-250 смдей келет. Үзүктүн чети бүйрүлүп калбасы үчүн жылкынын жал-куйругунан, топоз менен эчкинин кылынан чыйрак эшилип жээктелет.
Дзюдо – бул 19 – кылымдын аягында Жапонияда жаралган спорттун бир түрү. «Дзюдо» – кызгызчага которгондо – «жеңил сапар» дегенди билдирет. Негиздөөчүсү болуп Зигоро Кано 1882 – жылы «Кодокан» деген мектепти ачып, анан ошол жерде дзюдо менен биринчи жолу машыгып башташат жана дзюдо – бул спорттон тышкары да өзүнчө бир философия болгон. Бул спорт аркылуу ден соолукту гана чыңдабастан, өзүнүн интеллектуалдык жактарын өнүкүтүрүү, тартиптүүлүкө, өзүн өзү кармоого, этикетти жана тазалыкты сактоого чакырат.
Кыргыз Республикасында дзюдо 1972 – жылдан тартып өнүгүп баштайт. Кыргыз дзюдо мектебинин негиздөөчүсү болуп Александр Задворный эсептелет. Александр Гвоздик дагы Кыргыз дзюдо мектибинин негиздөөчүлөрүнүн катарына кирет. Өзүнчө мамлекет болгондон кийин Кыргыз Республикасынын Дзюдо Федерациясы 1991 – жылы пайда болгон. Кыргыз дзюдо мектебинин жетишкендери болуп, 1992 – жылдан тартып, биздин дзюдочулар Олимпиадалык Оюндарга катышышкан.
Эң биринчи болуп 1992 – жылы Барселонадагы Олимпиада Оюндарына Д. Максутова аттуу спортчубуз катышкан жана 2000 – жылы Сиднейде болгон Олимпиадалык Оюндарга Н. Кулигина, О. Артамонова, В. Сергеев, С. Садыков, А. Смагулов аттуу дзюдочуларыбыз каташышып, Айдын Смагулов Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында биринчи болуп Олимпиаданын коло байгесин жеңип алган.
Бирок, бул спортчу башка өлкөдөн алып келинген легионер болгондуктан, бул жеңишке көп көңүл бурулган эмес жана көптөр бул жеңишти да билишпейт. Бирок, мындай жеңиш тарых барактарында кала бермекчи.
Дзюдо – Франциядагы биздин спортчуларыбыз
Дзюдо спорту биздин өлкөбүздө акыркы 10 – 15 жылдын ичинде абдан эле жакшы өнүгүп келе жатат. Азыр бул спорттун түрү менен машыккан жаш балдардын саны көбөйүдө. Азыркы убакта биздин дзюдо боюнча үч спортчубуз Франциянын борбор калаасында, Парижде Франциянын улуттук командасы менен биргеликте машыгып жатышат. Алар: 73 кг чейинки салмактагы Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, Азия чемпионатынын коло байгесинин жеңүүчүсү, спорттун чебери – Азат Кубакаев, 90 кг чейинки салмактагы Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, спорттун чебери – Чингиз Мамедов жана +100 оор салмактагы жаш спортчубуз, Кыргыз Республикасынын спорт чебери – Юрий Краковецкий аттуу балбандарыбыз. Парижде машыгып жатканына бир жылдан ашык убакыт өттү жана биздин балбандарыбыз ал жакта Кыргызстандын намысын коргоп жатышат.
Парижке болгон сапар
Парижде биздин спортчуларыбыз Эл Аралык Дзюдо Федерация тарабынан каржыланышат. Мындайча айтканда, жашаганы, ичкен тамактары жана башка өлкөлөрдө болгон таймаштарга, машыгууларга кеткен акчанын баардыгы ошол Эл Аралык Дзюдо Федерация тарабынан төлөнөт. Биздин өлкө тарабынан бир да сом бөлүнүп берилбейт. Мындай шартты түзүп берген, Кыргыз Республикасынын Дзюдо Федерациясынын мурунку секретары Кубанычбек Конгантиевдин эмгеги. Анткени 2009 – жылы чакыруу менен биздин өлкөгө Эл Аралык Дзюдо Федерациясынын башчысы келгенде, ушундай келишимдерге жетишкен. Анткени бул спортто ар дайым башка балбандар менен күрөшүп, биргеликте машыгууларды өткөрүп турушу зарыл. Ошондуктан Европада машыгуу биздин спортчуларыбыз үчүн абдан пайдалуу. Бул 2012 – жылкы Олимпиадага даярдык десек болот. Анткени, бул. келишим ушул 2012 – жылкы Олимпиадага чейин созулат жана биздин балбандарыбыздан көп жетишкендиктерди күтөбүз.
Азия чемпионаты
Жакында эле Бириккен Араб Эмиратында Азия чемпионаты болуп өттү. Биздин өлкөнүн желегин 7 дзюдочу айым жана 7 дзюдочу эркек балбандарыбыз коргошту. Тилеке каршы биздин дзюдочуларыбыз чоң ийгиликтерди жарата алышкан жок. Коло медалга болгон таймаштарда биздин беш спортчубуз атаандаштарынан жеңилип калышкан: – Азат Кубакаев (73 кг), Чингиз Мамедов (90 кг), Юрий Краковецкий (+100 кг), Елена Проскуракова (63 кг), Нагира Сарбашова (+78 кг) жана бешинчи орунду ээлешкен. Калган төрт дзюдочу жетинчи болушса, беш спортчубуз биринчи таймаштарында эле жеңилип калышкан. Келечекте биздин дзюдочуларыбызга чоң ийгиликтерди каалап кетмекмин жана баардык жаштарды спорт менен машыкканга чакырам.
Кандайдыр бир конфессиянын мүчөсү болбогон адамды дагы, христиан дининдеги сыйкырдуу от, Каабадагы абада илинип турган таш, ж.б. укмуштуу нерселер таасир калтырат. Булар же кудайдын бар экенинин белгисиби же табияттын кубулушубу, так жооп жок. Ошентсе дагы, мен ислам жана христиан дининдеги бүгүнкү жашоодогу болуп жаткан сыйкырдуу көрүнүштөрү жөнүндө баяндап кетсем.
Ар бир жылы православдык христиандар Пасха майрамынын башында Иерусалимдеги Иисус Христостун мүрзөөсүнө – Кувуклияда кудайдан түшкөн жалынды күтүп келишет. Жалындын мааниси православдык христиандыктарга абдан чоң- эгерде ал күйбөй калса, анда кудай менен байланыш жок болду, акыр замандын келишин түшүнүшөт. Ошон үчүн жалындын жануу процесси православдыктар үчүн бактылуу окуя, ал шашма түрдө дүйнө жүзүндөгү православдык чиркөөлөргө жеткизилет. Мына бизге дагы 27-апрельде чырак менен жеткизилген. Жалындын жаңы түшкөн учурунда, тагыраак айтканда 1-2 мүнөт ал күйгүзбөйт, священниктер беттерин, колдорун кадимкидей жууп алышат, бирок, кийин күчөп, кадимкидей эле от болуп калат. Православдыктардын терең ишенүүсүндө, бул жалын Иисус Христостун кайра тирилүүсүнүн символу. Жалын чоң болуп күйбөйт, кичинекей үңкүрдө кичинекей жалын пайда болот, кувуклиядагы священник жалынды пахта менен акырын күйгүзүп алып, жалынды чоңойтот. Священниктин өзү менен жалынды кувуклияга киргизбеш үчүн бүгүн израильдик полиция текшерет, процессте арабдар да катышат. Бул жалын жөнүндө биринчи маалыматтар 4 кылымдарга таанымал. Бирок, ал кездеги жалын, кувуклиянын эшиктери жабылып, адамдын жардамы жок эле, чырактарды, шамдарды жандырчу деп белгиленет.
Бүгүнкү күндө скептиктер бул жалындын өзү эчак эле күйбөй калганын, священниктердин өздөрү эле кылып койгонун, жана жасоо жолун айтып кетишет. Бул жалын жөнүндө биринчи маалыматтар 4 кылымдарга таанымал. Бирок, ал кездеги жалын, кувуклиянын эшиктери жабылып, адамдын жардамы жок эле, чырактарды, шамдарды жандырчу деп белгиленет.
Ошондой эле православдыктардын укмуштарына чокунуу маалындагы алынган суунун бузулбашын жана иконалардын ыйлашын айтып кетсек болот.
Абадагы таш
Мусулмандар Мекка шаарындагы Каабадагы ташка да чоң көңүл бурушат, намаз окуганда туура тарапты көрсөтүүчү ориентир катары эсептешет. Ажыга барганда мусулмандар ташты өбүп же сылап коюуга умтулушат. Анткени, алардын ишеничинде, бул таш кечирүүнү, жана тазарууну түшүндүрөт. Кара таш сууда чөңбөйт жана абада илинип турушу мүмкүн. Анын ( арабча “аль-Хаджар аль-Эсвад“) пайда болгону жөнүндө мындай пикир бар. Адамдын периштеси болчу, бирок, айып кылуудан сактап калбаган соң, кудай аны ташка айлантып салган.Бирок, башында бул таш аппак болчу. Адамдардын күнөөлөрүнөн кийин сырты кара болуп, бирок, ич жагы ак бойдон калган деген ой бар. Ал эми таштын Кааба менен курулушунун себеби, Ибрахим мечитти тургузуп жаткан кезде, адамдар аны айланууну туура аткарыш үчүн белги катары тандаган.
Мусулмандар кара ташка урматтоо гана мамиле кылышат, анткени Мухаммад Аллахтан башка эч кимге жана эч нерсеге сыйынбаш керектигин айткан. Христиандарга же иудейлерге окшобой, Мухаммад каза болгон жерди ыйык кылууга тыюу салган. Каабанын ислам дини орношконго чейин бутпарастыктын ыйык жери болгону белгилүү. Кара таштан башка ал жерде 300гө жакын кудайлардын символдору бар болчу, Мухаммад баардыгын жок кылып, аны ыйык, Аллахтан берилген деп, сактап койгон. Демек, кара таш кандайдыр бир сырдуу мааниге ээ болсо дагы, ал башкы орунда турбайт. Мухаммад пайгамбар кылганды мусулмандар дагы кайталашат эмеспи, ошентсе да таштын пайдасы дагы, зыяны дагы жок экенин белгилешет.
Ар бир адам кандайдыр бир убакыттан кийин өзүнө ылайыктуу кылып, ар кандай диндерден чогултуп, өзүнүн динин ойлоп табат. Ошон үчүн, мындай сыйкырдуу белгилерди кандай түшүнүү жана кабыл алууну өзү гана чечет. Ким таң калтыруучу диндик белгилерге жолуккан?
Мен колумдан келишинче, Бишкек шаарыбыздын көчөлөрүнүн тарых таржымалдары жөнүндөгү маалыматтар топтооого аракет жасайм. Аны биз билүүбүз абзел деп ойлойм. Бүгүнкү макала Койбагаров атындагы көчөдө жөнүндө.
Борборубуздун түштүк тарабындагы төрт-беш кабат үйлүү үчүнчү, төртүнчү кичи райондор менен чектешкен бул көчө мурда, тоого жакын жайгашкандан болсо керек, Подгорная деп аталчу экен. Ар нерсенин башталышы, тарыхы болгон сыңары көчөлөрдүн да өзүнчө тагдыры, таржымасы бар. Бул тууралуу ардагер журналист Бекбай АЛЫКУЛОВ
буларды жазган:
- Элүүнчү жылдардын ортосу болсо керек. Элдин согуштан кийинки турмуш-шарты дагы эле оңоло элек болчу. Ошол жылдарда жекече үй-жай курууга жакшы шарт түзүлгөн. Айрыкча шаардын түштүк жагындагы бош жаткан такырларга үй-жайлар түшүп, ал бат эле канатын жайып, тоо таяна баштаган. Ошондон улам бул көчөнүн атын Подгорная деп аталып калган. Койбагаров шаардын чоң кызматында иштептир. Борборубузда турак-жайларды курууга чоң салым кошкон адам экен. Айрыкча, ушул аймакты өздөштүрүү ошол кишинин демилгеси болуптур.
Макиш Койбагаров шаар башчысы болуп иштеп, республиканын борборун эң оор мезгилде 1945-1955-жылдарда, туура он жыл башкарыптыр. Фрунзе
шаардык советинин сессиясы 1945-жылдын 18-январында аны шаардын аткаруу комитетинин төрагасы кылып бекитиптир.
Макиш ага борбор шаарыбыздын ушул жаңы жаш аймагына чынында эле көп күчүн, аракетин, убактысын жумшаган экен. Келечекки муундар үчүн деп акактай таза ак тилегин калтырыптыр. Бул көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин, эли менен жерине жакшылык эмгегин өмүрүнүн соңуна чейин шыпкап берип кеткен залкар инсандын шаар башчысы болуп турганда бүткөргөн башка иштери да аябагандай көп. Алардын айрымдарын санап өтөлү. Ошол жылдары Фрунзедеги “Аккула” ат майданы курулган, республикалык айыл чарба көргөзмөсү ачылган. “Кыргызавтомаш” заводу, пахтадан жип ийирүү фабрикасы пайдаланууга берилген. Биринчи троллейбус жүргөн. Кыргыз мамлекеттик университети, политехникалык институт курулган. Кыргыз Илимдер Академиясы, опера жана балет театры илимий, маданий борборго айланган.
Элине эмгеги сиңген уул-кыздардын ысымдарын көчөлөргө коюу жакшы белги. Макиш Койбагаровдун ысымынын да Бишкектин бир көчөсүнө коюлгандыгы да ошол жакшы жышаандын бири. Ал ишмердик күч-кубаты толуп турган 54 жашында 1971-жылдын 9-январында дүйнөдөн өтүптүр. Борбор калаабыздын өсүшүнө кошкон белсемдүү салымы үчүн Фрунзе шаардык советинин аткаруу комитетинин 1973-жылдын 19-апрелиндеги чечими менен мына ушул көчө Койбагаров атындагы көчө деп аталыптыр.
Ушул жерден удаалаша келген бир жакшы жышаанды белгилеп кетели. Ал – мындан он күн мурда көчөнүн Койбагаров аталганына 38 жыл болгондугу, бүгүн болсо, 29-апрелде Бишкек шаарынын өлкө борборуна айланганына 133 жыл толгондугу. Бул көчөдө ар кандай соода, тейлөө түйүндөрү, гимназия имараттары да жайгашыптыр. Соода түйүнүнө кирип калдык. Анын ээси Мукадас Ахметжанова көчөнүн атын алып жүргөн адам илгери шаар башчысы болгонун билээрин айтты.
Жакшы адам ушинтип жасаган иши менен түбөлүк жашай берет тура.
“Эгерде ээн талаа, эрме чөлдө бирөө алдыңан чыкса, ага ушунчалык аздектүү мамиле жасагын, экөөңөр айрылышып кеткен соң ал көпкө чейин сени эсинен чыгарбай жүргүдөй болсун!”
Чыгыш макалы
«Бир жолу туз татыган жериңе, миң жолу салам айт!», «Суу ичкен кудукка, түкүрбѳ!»
Кыргыз эл макалы
Кыргыз элинде, адеп ахлакка үйрѳткѳн толтура макал лакаптар бар. Бирок бүгүн кеп
макал жѳнүндѳ эмес , жѳй, бирок күндѳ кездешүүчү, маанилүн эки адеп жѳнүдѳ кеп козголот. Бабалар адебин топтоп, жазган Улан Аттокуров атуу инсан. Анын жазгандарын окуп чыгып, сиздер менен бѳлүшүүнү чечитим.
Саламдашуу Адеби
Тааныш же бейтааныш эки адам бири-бирине кезигип калышса сөзсүз түрдө салам берип көрүшүүлөрү зарыл. Тааныштар саламдашып туруп калбай, бири-биринин ал – акыбалын сурашуулары абзел.
Бир адам экинчи адамга салам берсе, ал адам дароо алик алып, саламынын жообун берсин.
М: Саламды толук түрдө “Ассалому алейкум” деп айтсын. “Ассалоом алейки”; “Салам алейкум”; “Салам”, же болбосо “Салам бердик” деш жарабайт. Саламдын жообу – “Воалейкумусалам” болот. Муну “Алейким салам” же жөн гана “Алейкум” деп айтуу туура эмес. Бул араб сөздөрү. Мааниси “Ассалоому алейкум” – “Сизге тынчтык болсун”, “Воалейкумусалам” дегени – “Сизге дагы тынчтык болсун”
Башты ийбестен, колдорду көкүрөккө коюп салам берүү сунуш кылынат. Көпчүлүккө учурашып жаткан адам, алардын ар бирине салам бербестен, бардыгына, жалпы жонунан бир гана жолу салам айтса жетиштүү. Жашы кичүү адам улууга, басып бара жаткан адам отурган кишиге, атчан жөөгө салам бериши зарыл. Кемсинтип, шылдыңдагансып ылжайып салам берүү адептүүлүк эмес. Салам чын дилден болсун. Саламга алик алган киши башын кыймылдатып гана койбосун. Саламдын жообун урмат менен түгөлдөй угуза айтсын. Бир адам таанышын алыстан көрүп калып, анын жанына келүүгө ылаажы таппаса, ошол жерден туруп эле колун көкүрөгүнө коюп салам ишарасын кылса болот. Кол берип саламдашкан чакта, кол учун гана узатып саламдашуу адептүүлүккө жатпайт. Мындай кылуу салам берген адамды кемсинтүү, аны көзгө илбөөчүлүк болот. Узак убакытка бири-бири менен көрүшпөгөн адамдар кучакташып саламдашса боло берет.
Уруксат суроо адеби
Тунжураган адамдын оюн бөлбө, иштеп жатса анын дилин алагды кылба. Анткени, баары өз тиричилиги менен алек, андан кичине эле алагды болсо, кийин бир топто барып араң өз кайрыгына түшөт. Демек, көп күч, рух сарптоо менен оңуна келет. Бир адамдын үйүнө барып, аны менен учурашууңуз же бир иш туурасында сүйлөшүүнү кааласаң, үй ээсинен кирүүгө уруксат алгын. Үндөбөй – нетпей эшикти ачып кирип келүү адепсиздик жана тартипсиздик катары саналат. Оболу эшикти секинирээк такылдаткын. Үйдөн эч бир дабыш чыкпаса, бир аздан кийин дагы тыкылдаткын. Ушул абалда үч жолу такылдаткандан кийин дагы эч ким жооп бербесе, үйдө адамдын жоктугу же үй ээси эч кимди кабыл алууну каалабайт. Ошон үчүн улам эле такылдата бербестен, аркага кайтканыңыз оң.
Өмүрдүн уландысын, укумтукумдун жалгоочусу болгон баланы чоңойтууда, багууда кыргыздар өзүнчө бир улуттук түстөгү бала багуу маданиятын калыптандырган. Балага бүт эле бардыгын арноого даяр турган атаэненин оозунан балага эң бийиктиктеги ак тилек создор куюлушуп чыккандан болок, бала туулгандан баштап эле түрдүү ыңгайда маараке өткөрүп, элден бата алып берүү, бата менен баланы узак өмүрлүү, бакдөөлөттүү кылуунун аракетин жасаган. Read the full story »













Акыркы пикирлер