Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Маданият

Бексултан Жакиев 75 жашка чыкты
Written by Нурила Батыралиева, Tuesday, 12 Apr, 2011 – 9:51 | No Comment

Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казахстандын Т.Айбергенов жана Ж. Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, Республиканын искусствого эмгек сиңирген ишмери, профессор Бексултан Жакиев 75 жашка чыкты.
Драматургдун “Атанын тагдыры” аттуу алгачкы драмасын 21 жашында жазып, ал чыгарма Кыргыз драма театрында коюлуп, жалпы коомчулукка таанылган. Бул драма улуттук драматургияга ачылыш жасап, аны менен кыргыз драмасына психологизм келген, жаңы драматургиялык каражаттар колдонулган. Чыгарма режиссер Ж Абдыкадыровдун коюсунда эле улуттук академиялык драма театрында 500дөн, ал эми Казахстандын бардык театрларында коюлуп, ошонун ичинде Алматы, Чымкент, Жамбыл, Семей театрларында 300дөн ашык жолу казак журтчулугуна тартууланган.

Б. Жакиев Москвадагы эки жылдык кино сценаристердин курсун бүтүрүп, “Кыргызфильм” киностудиясында, Маданият министрлигинде, Мамлекеттик кино комитетинде башкы редактор, Маданият министрлигинде бириккен репертуардык коллегиясын жетектеген, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун мугалими, доценти, профессору, республиканын театр ишмерлеринин союзунун катчысы, Кыргыз республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, “Манас-1000” мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, 1994 жылдан бери Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитеттин төрагасы.

Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин театрларында драматург жазган курч проблемалуу, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон “Атанын тагдыры”, “Миң кыял”, “Алтын аяк”, “Өкүм”, “Эртең Жаңы жыл”, “Жолугушуу”, “Күттүргөн жаз да келер”, “Саадак какты”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”, “Жаза” аттуу чыгармалар коюлган. Айрымдары ушу күнгө чейин жеке эле Кыргызстан эмес, башка өлкөлөрдүн театрларында да коюлуп келатат. Мындан тышкары автордун бир нече повесттери, новеллалары, аңгемелери, кино сценарийлери жарык көргөн. “Атанын тагдыры” драмасы боюнча опера, “Саадак какты” драмасы боюнча балет жазылган. Б. Жакиев Б. Брехтин, С. Алешиндин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун дүйнөгө белгилүү чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Б. Жакиев Ысык-Көлдү, дегеле жаратылышты коргоо боюнча жүрөк өйүгөн көйгөйлүү маселелер жөнүндө курч публицистикаларды да жазган. Чыгармаларында күчтүү социалдык-драмалык кагылыштар, психологиялык чиелештер арбын кездешет, адеп-ыйман маселесин ар дайым курч козгоп, жаңыча көркөм чечмелөөгө умтулат.

Кыргыз драматургиясынын классиги, жазуучу, котормочу, публицист катары мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө, улуттук маданияттын өркүндөшүнө, элибиздин рухий байлыктарын популяризациялоодо кошкон чыгармачылык ченемсиз зор салымына, активдүү коомдук иш аракетине татыктуу баа берүү максатында Бексултан Жакиевдин мааракеси татыктуу белгиленмекчи.

Курманжан Датканын сүрѳтү жѳнүндѳ
Written by Нурила Батыралиева, Friday, 8 Apr, 2011 – 19:36 | No Comment

Курманжан энебиз жѳнүндѳ маалыматтар мен үчүн дайыма кызык. Курманжан Датканын сүрѳтттѳрүн кѳргѳндѳ, ошол убакта эле Кыргызстанда фотоаппарат бар экен эле деп ойлоп койгом. Анан, бүгүн кыргыз тилдүү гезиттердин биринен , ошол фотосүрѳттѳрдүн автору жѳнүндѳ, баарыбызга белгилүү тарыхчы жана журналист Кыяс Молдокасымов архивдик булактардын негизинде таап чыгып, кызыктуу макала жарыялаптыр. Ошол тарыхый маалыматты, кыскартпай, толук берүүнү чечтим. Read the full story »

“Большие люди” долбоору казактар менен иштешет
Written by Нурила Батыралиева, Friday, 1 Apr, 2011 – 8:44 | No Comment

Бизде жаш таланттар кѳп, алардын ичинде Кыргызстандын күлкү майданын дагы бир деңгээлге көтөргөн “Большие люди” долбоорун билсеңер керек. Муну ишке ашырып жаткандардын арасында айрымдары Россиянын бир нече телеканалдарында эмгектенип, бай тажрыйба алып келген жигиттер. Мисалы, Элдияр Кененсаров орустардын СТС телеканалында “6 кадров” долбоорунда иштеп, кийин кыргызстандык Жанат Керимбаев (маркум Асанкалый Керимбаевдин уулу) жана Василий Куценко атуу кесиптештери менен бирдикте “Даешь молодежь” долбоорун ачышкан. Бай тажрыйба топтоп келген шайырларыбыз “Большие люди” долбоорун тартуулашты эле, казактар көрө калып, дароо иштешүүнү сунуштады. Кубандырганы, буга чейин кыргыз телесинде эч кимге мындай сунуш түшкөн эмес. Ошентип, жакында аталган долбоордун эгизи казактар үчүн тартылганы турат. Ага чейин өзүбүз долбоордун экинчи сезонун көрө алабыз. Азыр чыгармачыл топ “тытынып” иштеп аткан кези. Долбоордун катышуучуларынын айтымында, жаңы сериялар май айынан ортосунда көрүүчүлөргө тартууланат. Жаңы каармандар, жаңы тамашалар, мурдагыдан да бүйүр кызытарлык болот деп ишендире кетишти.

Бу-бум!
Written by Асель Шабданова, Monday, 28 Mar, 2011 – 4:22 | No Comment

Бул жакшынакай күчүктүн атактуулугуна көптөгөн коомдук ишмерлердин ичи күйчүдөй. Бу аттуу күчүктүн  баракчасын 972,357 адам “жагат” деп, ал эми досторунун саны миллиондон ашат. Оюнчуктай күчүк 2009- жылдын май айында сүрөттөрүн фейсбукка коюуп баштаган. Анын ар бир сурөтүн 10-15 миң адамга чейин жактырышат. Ал эми бүгүнкү күндө  атагы кытайлардан баштап, америкалыктарга чейин, жалпысынан дүйнө жүзүнө тараган. Кызыктуусу төмөнкүдө, Бу ар бир сурөттөргө, жазууларга кулкүлүү комментарийлерди калтырат, жыйынтыгында, адамдардын бул

күчүк алар менен чындап эле сүйлөшүп жаткандай сезим калат.  Күчүктүн ээси эмне үчүн мындай атактуу кылганы белгисиз, бирок, бүгункү күндө анын атактуулугун кайыр-садага активдүү түрдө колдонот. Мисалы үчүн, жетим балдарга жардам берүүчү We Day, жана тубаса жырык оозу менен балдарга жардам берүүчү организацияларга жардам берет.

Буну  дүйнөлүк эс алуучу компаниялар “баардыгына жага турган күчүк”  же  “эң таттуу кучүк” деп атап коюушту. Булар менен тартышуу дагы кыйын. Мындай күчүктү башкаларга жардам берүү үчүн колдонуу эң туура болуш керек.

Бул күчүктүн интернетте пайда болушу менен, сатып алууну каалагандардын саны кундөн күнгө көбөйүүдө. Мен дагы алардын катарына кошулдум окшойт. биринчиден бул кучүктүн түрү- шпиц, тагыраак айтканда – померандык шпиц. Мындан башка немец, жапон  түрлөрү бар экен.  Бизде мындай күчүктүн баасы  $500- $800  чамасында.

Жалпы характеристика. Бул кучүктөр акылдуу, ээсине берилген, активдүү келишет. Квартирада жашаганга да ыңгайлуу.


Биз кимбиз?
Written by Нурила Батыралиева, Thursday, 24 Mar, 2011 – 8:15 | No Comment

Тарыхчылардын айтымында, дүйнө цивилизациясынын башаты болуп көчмөн цивилизация турат экен.  Ошолордун арасында, кыргыздар да бар.  Бул маалымат, азыркы жол издеп турган ар бир кыргыз атуулуна, мамлекетке зор пайдасын тийгизет деп ойлойм. Read the full story »

Москвадагы «Ѳзгѳн» кафеси
Written by Нурила Батыралиева, Wednesday, 23 Mar, 2011 – 8:05 | No Comment

Москва шаары дүйнѳдѳгү ири шаарлардын бири. Ал жерде биздин мекендештер аябай кѳп. Кѳбү кара жумушта иштегени менен, ал жакка кеткендердин арасында , ѳз алдынча бизнес ачып, бир эле материалдык жактан эмес, Кыргызстандын маданиятын, тамак ашы аркылуу тараткандар да бар. Ошолордун бири,  Москвадагы,  бир нече кыргыз улуттук тамак – аштар кафелеринин кожоюну 43 жаштагы Жапар Калыков. Read the full story »

Ѳзгѳн күрүчү
Written by Нурила Батыралиева, Saturday, 19 Mar, 2011 – 14:05 | No Comment

Ѳзгѳн күрүчүн кимдер гана билбейт, андан жасалган палоону кимдер гана сагынбайт. Ушундай атагы алыска кеткен Ѳзгѳн күрүчүнүн тарых таржымалы, анын келип чыгышы жѳнүндѳ кыргыз тилинде жазылган интернет баракчаларында бир да маалымат жок. Ошол күрүч менин кичи мекенимден чыккандыктан, аны кантип ѳстүрѳѳрү жѳнүдѳ да айткым келет. Read the full story »

С. ЖИГИТОВДУН цитаталары терең жана таамай
Written by Нурила Батыралиева, Friday, 18 Mar, 2011 – 9:26 | 3 Comments


Салижан Жигитов кыргыздын улуу инсаны, илим изилдеп, чыгарма жазып, адабият майданында эле кайнай бербестен, коомдук турмуштун башка катмарларына да актив
дүү аралашкан. Кандай маанилүү мамлекеттик маселелер болбосун, ар дайым өз позициясын айтып турган. Бул инсандын артында калган цитаталары кызыктуу, МААНИСИ ТЕРЕң. Read the full story »

КЫРГЫЗ КАМЧЫСЫ
Written by Нурила Батыралиева, Monday, 14 Mar, 2011 – 20:33 | No Comment

Ар бир кыргыздын үйүндѳ, башка улуттук буюмдар болбосо да камчы сѳзсүз кездешет. Заманга жараша болуп, ал мурункудай колдонулбай, сувенир катары үйдѳ турат.  Чет мамлекетке барсак да, же ал жактан конок келсе ,мына ушул буюм сыйлуу белек катары тартуулап жүрѳбүз. Той топурларда датой ээсине, кооз жасалгалуу камчы берүү бааланат. Анын аркандай түрлѳрү бар. Мына ошол камчынын ѳзгѳѳлүктѳрү жѳнүндѳ Кабыл Макеш агайыбыз тѳмѳндѳгүлѳрдү жазат.

Камчы-ат жабдыктарынын бири. Кыргыздар эзелтен бери камчыны колдонуучу буюм катары гана урунбастан, көркөм буюм, символ катары колдонуп келишкен. Төмөндө бабалардан мурас болуп келаткан камчы жасоо өнөрүнүн күңгөй-тескейи, өзгөчөлүктөрү жана камчыга байланыштуу ырым- жырымдар тууралуу сөз кылабыз.

Камчы унааны камчылоо, мал айдоо үчүн гана колдонулбастан, эр жигиттин сүрү, куралы, бийликтин символу катары да таанылган. Жоокерчилик заманда башына коргошун уютулган камчы менен душманды жыга чапкан учурлар болгон. Кыргыз эли камчынын түрүн жасап, жылаан боор, кош өрүм, төрт кыр жана башка ыкмалар, өрүмдөр менен өрүп, кынаптап, сын-сыпаттуу жасашкан. Колундагы камчысынан эле кандай адам экенин, кимдин баласы, кайсыл жердин кулуну экенин да баамдап коюшкан. Камчынын тилеги жакшы, «наристе, эркек бала камчылансын, уулду бол» деп белекке беришчү. Камчы, ат жабдыктарын жасаган уста Ислам Исраилов камчынын жасалуу жолун төмөнкүчө айтып берди:

- Кыргыздар камчыны керегеге илгенде да салпылдатпай, бүктөп туруп илишчү экен.Азыр камчылар 300, 500, 700, 1500 миң сомдун тегерегинде бааланат. Аны буйрутма берген кардарга карата жасайбыз. Он эки , жыйырма төрт, отуз эки өрүмгө чейин өргөндөр бар. Аны биринчи өрүп, сыдыргыга салып, тилгенден кийин ар бирин бирден сыдыргы менен сыдырып, улам-улам суулап, бекем тартып, аягында дагы бир сыйра сыдыргыга салып жасалат.

Чет өлкөдөн келген мейман, туристтер кыргыздын камчысына маани берип, улуттук сувенир катары көп сатып алышаарын, камчы бизнеси да өсүп-өнүгүп жатканын «Кыял» кол өнөрчүлүк бирикмесинин башкы директору Султанбек Макашов да айтып, кийинки учурда камчынын сапатына көңүл бурулбай, эптеп пайда табууну көздөп, усталардын кадыр-баркын кетиргендер да болуп жатканын белгиледи:

- Камчынын өрүмүндө эле ар кандай ыкмалар бар. Мисалы, сегизден тартып кырк сегизге чейинки тал менен өргөн усталар бар. Кээ бир киши ойлошу мүмкүн. Бир табылганы алып туруп, бир кулач кайышты мык менен кагып койсо эле камчы болуп калат деп. Бул андай эмес камчыны жасаш татааал иш. Биз азыркы убакта бир топ камчынын түрүн чыгарып жатабыз. Боз үй, комуз, калпак сыяктуу эле камчынын да өзүнүн орду бар, көркөм буюмдар арасынан. Булгаарыдан өрүлгөн камчылардын сапаты ойдогудай деңгээлге жетпейт экен. Таза көктөн өрүлгөн камчыдан артык камчы жок. Кээ бир чеберлер пайда көрүү иретинде тез аранын ичинде кайышты ийишип, аны жакшылап илебине келтирбей, камчылардын сапатын бузуп коюшууда. Мен андай чеберлердин жасаган иштерине ыраазы болбой жүрөм.

Чынында эле камчы кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн тааныткан улуттук сувенир буюму катары таанылып баратат. Өлкөдөгү дүр-дүйнө дүкөндөрүнөн камчынын түрүн кезиктирүүгө болот. Чет өлкөлөргө барышкан кыргыздар да камчысы менен калпагын көтөрө барып, белекке берип жүрүшөт. Камчы илинип турган үйгө жин-шайтан жолобойт деген ишеним менен шаардыктар да үйлөрүнө камчы илип коюшчу болду.

Нооруз жөнүндө кызыктуу фактылар
Written by Нурила Батыралиева, Sunday, 13 Mar, 2011 – 13:08 | No Comment

Менин жакшы көргөн майрамдарымдын бири-Нооруз. Жылда бул майрамда бышырылган сүмөлөктөн ооз тийгенге аракет жасайм. Нооруз мусулмандардын майрамыбы? Каяктан, качан пайда болгон? Аны кантип майрамдоо керек? Read the full story »

Саясаттагы кыргыздын кыздары
Written by Нурила Батыралиева, Sunday, 13 Mar, 2011 – 4:00 | No Comment

Быйыл 8 мартка карата АКШ мамлекети Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаеваны «Эрдик» («За храбрость») сыйлыгы менен сыйлоону чечиптир. Бул сыйлык биринчи жолу аял-президентке ыйгарылууда. Буга чейин көбүнчө бийик жетишкендиктери үчүн укук коргоочулар татыктуу болуп келишкен. Роза айым кыргыздын биринчи аял-президенти болгону менен, элибиздин тарыхында коомдук-саясий иштерде маанилүү орунду ээлеп, саясатка аралашып,  жакшы из калтырган аялдар болгон, жана боло бермекчи деп ойлойм.

Анда эмесе тарыхыбызга саякат жасайлы:

Баатыр кыз – Жаңыл-мырза
Кыргыздын нойгут уруусунун өкүлү, даңазалуу баатыр кыз Жаңыл-мырзанын сарыбагыш уруусунан чыккан Түлкү баатыр Сарсеит уулуна болгон сүйүүсүнүн тарыхы кыргыз элинин эсинде.

XVII кылымда жашашкан кыргыздын атактуу эки жаранынын уламышка айланган кайгылуу сүйүүсү тууралуу 1924-жылы Кыргыз Автоном облусунун алгачкы Эл агартуу комиссары, профессор Касым Тыныстановдун (1901-1938) “Жаңыл-мырза” деген тарыхый-лирикалык поэмасы кагаз бетине түшүрүлгөн. 1960-жылдарда кыргыз акыны Тенти Адышова бул поэманы кайрадан кирилица арибинде иштеп чыккан. 1996-жылы нарындык тарыхчы Калкан Керимаалы уулу “Жаңыл-мырза” аталыштагы эки китептен турган тарыхый-лирикалык изилдөөнү жарыкка чыгарган.

Бул поэмада Жаңыл-мырза бардык жагынан өз калкынын камын көргөн, акылман жетекчи катары көрсөтүлөт. Өзгөчө сулуулук турпаты жана даанышмандыгы менен атактуу баатыр кыз далай эр азаматтарды суктандырган. Нечендеген коңшу өлкөнүн баатырларынын ага жетүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. Жаңыл көчмөн элинин өкүлү катары укмуштуудай чебер чабандес болгон. Ал согуштук чеберчиликти жакшы өздөштүрүү менен биргеликте жааны таамай аткан, шумкар куш жана тайган менен жогорку билгичтикте аң уулаган. Анын табиятында акылдуулук менен сулуулук, эрдик менен назиктик, баш ийбес кайраттуу мүнөз менен иштин ийгилиги үчүн өз өмүрүн курман кылууга дилгир, адамды сүйө билүү жана сүйүүнүн терең сезимдерине өзгөчө берилген инсандык сапаттар айкалышкан эле.

Поэмада айтылгандай, Жаңыл- мырза кыз намысын өтө бийик туткандыктан, капыстан болсо да, ага шек келтирген, өзү ашык болгон Түлкү баатырды чечкиндүүлүктө жаасынын жебеси менен атып, андан кол үзгөн. Мындан соң, ал Түлкү баатырдын уруулаштарынын туткунуна түшүп, өз башынан кыйын түйшүктөрдү жана кордуктарды, намыскөйлүк менен чыдамкайлыкта кечирген. Акыл-амалкөйлүк менен ыңгайлуу жагдайдан пайдаланып, туткундан бошонуп, Жаңыл-мырза кайра өз уруулаштарынын башчылыгына келип, чет элдик душмандарга калмактарга каршы боштондук күрөштү жигердүү уланткан.

Ак Байбиче менен Кенжебүбү жана Темиржан байбиче
Кыргыз уламыштарында кайратту жана эр жүрөк аял XVIII кылымда жашап өткөн Ак Байбиче жөнүндө кызыктуу маалымат айтылыт.

Ак Байбиче саяк уруусунун урук башчысы Кошкай баатырдын аялы болгон. Азыр алардын урпактары Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде орун алган Кароол-Дөбө айылында жашашат. Ал күйөөсүнүн узак убакыт калмактардын туткунунда кармалуусуна эч качан моюн сунбаган. Боюндагы Апал жана Үпөл деген эгиз кыздарды төрөрү менен Ак Байбиче өмүрлүк жарын капастан бошотуу үчүн ак элечегин башына оронуп, душмандардын аймагы болгон Жунгарияга аттанат. Бул аялдын сүйгөн адамын бошотуу жана балдарынын бактысы үчүн жасаган жоругу Жунгар ханын таң калтырып, суктандырган. Калмак башчысы мындай эр жүрөк, тапкыч аялга жогору баа берүү менен өзүнүн иш алып баруучуларына ага сый-урмат көрсөтүп кабылдап, каалаган мүдөөсүн орундоолорун буйруган.

Эл арасында XVIII кылымдын аягы, XIX кылымдын баштарында кыргыздарга башчылык кылган Атаке баатыр Тынай бий уулунун кызы баатыр кыз Кенжебүбү жөнүндө сөз айтылып келет. Кичинесинен чыйрак өскөн Кенжебүбү жоокерлик жүрүштөрдө ар дайым кол башчы атасынын жанында жүргөн жана аны бир канча жолу коркунучтан куткарганга жетишкен. Ал атасынын күчтүү каршылаштары жөнүндө кылдаттык менен маалыматтарды топтоп берип турган жана кыргыз жоокерлеринин тамак-ашына дыкат кам көргөн.

Read the full story »

Бишкегим, Бишкегим борборум сен…
Written by Нурила Батыралиева, Thursday, 10 Mar, 2011 – 12:59 | No Comment

Азыркы борбор шаарыбыз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл депутаттары 1991-жылы 5-февралдагы чечими менен эгемендүү Кыргыз Республикасынын борбору жаңыча “Бишкек” деп аталган. Ага чейин Фрунзе шаары эле. Бишкек деген сѳзбү же адамдын ысымыбы? Бул сөздүн түпкү маанисин эмдигиче илимпоздор тарабынан толук ачыла элек бойдон кала берүүдө.
Read the full story »

Ак калпактын тарыхы
Written by Нурила Батыралиева, Wednesday, 9 Mar, 2011 – 21:21 | No Comment

Белгилүү кинорежиссер Рыспек Жабировдун инициативасы менен 5 март Калпак күнү  деп жарыяланып, Бишкектин көчөлөрүндө кары жашы дебей калпак кийип чыгышты. Менимче, бул эң сонун жөрөлгө. Бирок, баарыбыз эле калпактын тарыхын биле бербейбиз. Калпак тарыхы-кыргыз тарыхы. Бул боюнча белгилүү маданиятка эмгек сиүирген ишкер Бекбай Алыкулов төмөндөгүлөрдү айтат.  Сагымбай манасчынын бир эскерүүсүндө Манас баатыр мындайча сыпатталат: “Манастын кийген кийими – башында ак кийиз калпак, үстүндө боз төө чепкен “.

Ал эми бабалар тарыхын барактап көрсөк, андан ак калпак тууралуу оголе көп маалыматтарды учуратабыз. Алардын бирин-экисине токтоло кетели: Атактуу синолог Иакинф Бичуриндин кытай жазма булактарынан алган тарыхый даректеринде кыргыздар тууралуу толгон-токой маалыматтар берилген. Ошолордун биринде: “Кыргыздардын мамлекет башчысын Ажо деп аташат. Ал кышында башына кундуз тебетей, жайында жээктери алтын менен кыюуланган, төбөсү шоңшогой, асты кайрылган кийиз ак калпак киет. Ал эми калган элдин баары кийизден уютулган ак калпак кийишет”.

Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынын башында археология илиминде чоң сенсация болгон. Ал Иле дарыясынын бир куймасы Ыссык өзөнүнүн боюнан “Алтын жоокердин” табылганы эле. Анын тулку үч миң алтын жасалга менен шөкөттөлгөн экен. Илимпоздорду баарынан кызыктырганы – анын баш кийими болду. Төбөсү 65 сантиметрче шоңшойгон кадимки кыргыз калпагына 150 алтын буюм – аркардын, канаттуу аттын, илбирстин миниатюралык статуэткалары, андан башка көптөгөн кооз жасалгалар кадалыптыр. Археология илиминде бул байыркы сак жоокери деп далилденип жүрөт.

Сактардын аты гана, башындагы калпагы гана калып, өздөрү азыр жок. Алар кайда кетти? Дүйнөдө эч нерсе жоголбойт, биринен экинчисине гана өтүп турат деген аксиомага таянсак, ошол байыркы сактардын урпактары бүгүнкү кыргыздар, казактар, каракалпактар, алтайлыктар, энесайлыктар, тувалар.

Read the full story »