Маданият
Кыргызстанда тарыхка бай тарыхый-архитектуралык эстеликтер аз эмес. Алар жайгашкан жерлер ар бир кыргыз үчүн ыйык. Мисалы, Манастын күмбөзү, Бурана, Таш-Рабат, Сулайман-Тоо, Пазыл-шаа (Шах-Фазил) күмбөзү ж.б. Бүгүн Бурана тарыхый-архитектуралык эстелигинен маалымат берүүнү туура көрдүм. Read the full story »
Мен ѳзүм улуттук буюмдарга кызыгам, ал эми курбу кызым, буларды жасатып сатат.Бул буюмдарга кыргыздар кыйыгын салып койбогону менен, башка өлкөлөрдүн улуттары кызыгуу менен көңүл бөлгөн улуттук колоритти өзүнө камтып, жүрөк эргиткен улуттук буюмдардын орду чоң. Улутту улут кылып көрсөткөн мындай сувенирлерди, улуттук кийимдерди карап отуруп булар кимдин алтын колунан жасалды экен, же болбосо кандай түйшүктөр менен жаралды экен деген ой кетет. Эгерде сиз да кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн сувенирлерге кайдыгер карабасаңыз бул макалага көңүлүңүздү бурабыз.
Кыргызэли илгертен жылкыга жакын болгондуктан, анын жабдыгына да чоң көңүл бөлүнгөн. Ошол жабдыктын бир элементи ээр болуп эсептелет. Жакында сүрөтчү, элдик чебер Шаршенбиевдин айтып берген маегин угуп, анын кыскача мазмунун таратууну чечтим. Кыргыз болгон соң мындай нерселерди билген ашыкчалык кылбас. Read the full story »
Борборубуздун айрым имараттарынын капталдары кечинде таптаза туруп эле, эртең менен кызыл-тазыл сүрөт же жазуу түшүп калганын көрүп жүрөбүз. Бул көчө сүрөттөрүнүн аталышы – граффити. Кыргызстанда 1991 жылдары пайда болгон. Бишкектеги эң белгилүү боек чеберлеринин бири Виктор Цой. Анын граффити дүйнөсүнө сүңгүгөнүнө он жылдай болуптур.
Дүйнө жүзүндө канчалаган улут бар. Алар эмнеси менен айырмаланат? Албетте, бири-бирине окшобой өзгөчөлөнүп турган үрп- адаттары, каада-салттары, тили, дили менен улуттун улут экенин көрсөтүп турат. Кылымдарды карыткан кыргыз эли канчалаган кыйын кезеңди башынан өткөрүп, аларга моюн сунбаган жан келебиз. Өз кыздарын бир ууч талкан үчүн бай – манаптарга берип койгон көрүнүштөр да болбой койгон эмес. Кыз ала качуу бул биздин салтпы?
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз. “Баарын убакыт дарылайт” деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысмы калган инсандарыбызды биз ар дайым билишибиз керек. Ошлордун бири Бүргѳ баатыр. Read the full story »
9 жыл бою каза болуп калган өз ээсин күтүп, ар кечке жуук вокзалга барып турган Хатико аттуу акита-ину пародасындагы иттин тарыхы абдан кызыктуу, жана кейиштүү. Ал тууралуу 2009 жылы тартылган «Хатико: иттин тарыхы» аттуу кинотасма ит менен адамдын ортосундагы чыныгы достукту тастыктап, жан кейитип, көздөн жаш чыгарат.
Бул тасма жөнүндө мурда эле ушуп, көргүм келгени менен, болгону бүгүн гана ОнлайнТВ.KG вебтелеканалынан көрө алдым. Кеңседе олтуруп көргөндүктөн, өзүмдү кармап, жаш чыгарбаганга аракет кылып турдум. Бирок, жүрөк туйлап, тасманын алгачкы мүнөтүнөн аягына дейре демим кыстыгып, өзүмдүн кичинемдеги ит-досторумду дагы эстедим.
Кинотасма
Университеттин профессору Паркер Уилсон (актер: Ричард Гир) Жапониядан Америкага алынып келинип, бирок адашып калган күчүктү вокзалдан таап алат. Аны эч ким издеп чыкпаганынан кийин, өзү менен калтырганга аргасыз болот. Күчүктүн мойнунда жапон тилинде «сегиз» (жапончо: «хачи») деген жазуу болот. Андыктан, анын аты Хатико деп коюлуп калат. Хатико менен Паркердин ортосунда достук сезимдери күчөйт. Ар күнү Хатико жумушка кетип бара жаткан өз ээсин вокзалга чейин узатып, андан соң кечки саат беште тосуп алып турат. Күндөрдүн бир күнүндө, университетте сабак берип жаткан кезинде профессордун жүрөгү кармап, каза табат. Ал эми Хатико өз ээсин ар күнү күтүп, ишениминен жазбай келет.
Каза тапкан Паркердин аялы менен кызы мурдагы жашаган үйүн сатып, жаңы жерге көчүп кетишет. Хатикону дагы ала кетишет. Бирок, ал качып кетип турат. Алыс болсо дагы, кайрадан эле баягы станцияны таап келет. Бир нече убакыттан кийин, ар дайым өз досун күткөн Хатико жөнүндө гезитчилер угуп калышып, ал жөнүндө макалаларды чыгарышат. Бирок, Хатико ар күнү, качан менин досум поездден чыгат экен дегенсип, токтогон поезддердин эшиктерин жалдырап карап, өз ордунда өз ээсин күтүп келет. 9 жылын зарыгып күтүү менен өткөрүп, акыры өзү дагы каза табат.
Чыныгы окуя
Бул кинотасма чыныгы окуянын негизинде тартылып алынган эле. 1923 жылы 10 ноябрда Хатико жапониянын Акита аттуу префектурасында жарык дүйнөгө көз ачкан. Окуя кинодогудай Америкада уланбай, ошол эле Жапонияда болуп өткөн. Токио Университетинин профессору Хидэсабуро Уэнонун колунда өскөн Хатико, тасмадагыдай эле өз ээсин ар күнү Сибуя станциясына узатып, андан соң тосуп келип турган. Күтүлбөстөн каза тапкан өз ээсин ал тогуз жыл бою күткөн. Акыры, 1935 жылдын 8 мартында өзү дагы көз жумган.
Хатиконун каза болоорунан бир жыл мурун, 1934 жылдын 21 апрелинде, анын катышуусу менен ошол вокзалдын тушунда ага эстелик орнотулган. Анын ачылышында өзү дагы катышкан эле. Ал эми, анын көз жумганында, бүткүл Жапонияда бир күндүк траур жарыяланган. Экинчи Дүйнөлүк Согушта анын эстелигин согуштук керектөөгө жумшап салышкан эле, бирок, ал каргашалуу окуялардан кийин, кайрадан эстеликти калыбына келтиришкен. Бүгүнкү күндө, Сибуя станциясы сүйүшкөндөрдүн жолушуучу жери болсо, Хатико өзү түбөлүк сүйүү жана берилгендиктин символу болуп кала берди.
Кыргыздын кумайыгы
«Ит – адамдын досу» – деген макал кыргыз гана элинде эмес, бүткүл дүйнөдө тараган. Ошол эле учурда, биздин тарыхый жана адабий материалдарыбызда дагы иттин канчалык адамга жакындыгы терең белгиленип келген. Бухарада өсүп, анан эр жеткен кезинде Семетейге Каныкей эне төмөнкүдөй кеп айткан:
Атаңдын көзү өткөндө, Көзүнүн жашы төгүлүп, Аза күткөн Кумайык. Атаңды жууган жерине Алты күнү үн баспай, Улуп турган Кумайык, Өөдө болуп жойлобой, Бөгүп турган Кумайык, Көздүн жашын иргелтип, Төгүп турган Кумайык
Кумайык, өзүңүздөр билгендей, Манастын эң жакын ити эле.
Убакыт зымырык куштай учуп, кызым да жакында бир жашка чыгат. Азырынча, бир нерселерге таянып 3-4 кадам жасай баштады. Ошондуктан ата-бабанын салтын улап тушоо кесүү тоюн ѳткѳрүүнү ойлонуп жатабыз. Бул боюнча маалымат издеп, «Кутман» атту сонун сайттан бул боюнча кеңири жазылган макаланы таап алдым. Аны сиздер менен бѳлүшүүнү чечтим.
Кыргыз эли илгертеден эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз-каз турушу, баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн. Жаш келиндерге балдарын багууга, тарбиялоого байбичелер, бала багууга өтө жөндөмдүү аяддар жакындан жардамдашышкан. Бала тамтаң-тумтаң баса баштагандан тартып, ага атайын чыгырык жасап, баланы чыгырык менен жетелеп бастырышкан. Чоң ата, чоң эне, ата-энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн. Тушоо кесүү тоюн өткөрүүгө атайын даярда-нышкан. Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тойго келгендерге атайын дасторкон жайылып, сый көрсөтүлгөн.
Баланын тоюн өткөрүү үчүн той башкаруучу дайындалат. Жарышты баштоочу жер жана мара белгиленет. Башкаруучу тойго келген аксакалдарды баш кылып эркектерди, аялдарды маранын айланасына, жердин шартына жараша катар отургузат. Жарышка өңчөй уул балдар же кыздар катышат. Чоң кишилерди жарыштырган учурлар да болот. Тушоосу кесилүүчү баланы таза кийинтип, марадан 10—15 метр алыстыкта атасы же апасы, же болбосо айыл аксакалдарынын бири эки бутун ала жип менен тушап кармап турат. Башкаруучунун жардамчылары жарышка катышуучуларды чуркай турган жердин башталышына алып барып тизет да, чуркоого белги берет. Башкаруучу болсо марада турат. Жарышка катышуучулар марага жарышып чуркап келишет.
Баланы атасы же апасы кармап турса, тушоону жарышта биринчи болуп келген бала кесет. Тушоону кескен бычакты же макини ошол кескен бала алат.
Баланын тушоосун аны кармап турган карыя адам кессе, ал балага «өмүрүң узун болсун, өнүп-өс, келечегиң кең болсун, элиңдин ишине жара, ата-энеңдин сыймыктанган уулу же кызы бол!» — деген сыяктуу жакшы сөздөрү менен батасын берип, тушоосун кесет. Марага келгендерге келүү кезегине жараша белгиленген байгелер берилет.
Андан кийин тушоосу кесилип жаткан бөбөктүн үстүнө жаба мурунтадан ата-энеси даярдап койгон чачыла чачылат. Чачыланы тойго катышкандар талап кетишет. Чачыла деп момпозуй, кант, боорсок ж. б. ушул сыяктуулар аталат.
Баланын тушоосу кесилгенден кийин, аны жаш балдар колтуГунан сүйөй кармап, тай-тайлап жетелеп, «сен да биздей жүгүрүп жүргүн!» — деп тилек, каалоо сөздөрүн айтышат. Ошентип, тушоо кесүү тою аяктайт.
Баланын тушоосун бешик үйдө (ясли) да кесүүгө болот. Бөбөк тарбияланып жаткан тайпанын тарбиячысы баланын ата-энеси менен бирдикте тушоо кесүү салтанатына даярдык көрөт. Ата бакчадагы бардык тарбиялануучулар чакырылат. Тайпанын тарбиячысы. келгендерди катарга тизип тургузат. Жарыш башталчу жер жана мара белгиленет. Жарышка катыша турган 15—20 тарбиялануучу тандалат. Оюнчулар жарышышып, марага чуркап келишет. Баланын тушоосун биринчи болуп чуркап келген тарбиялануучу кесет. Марага келгендерге келүү кезегине жараша байге ыйгарылат. Байгеге оюнчук, дептер, карандаш, калем сап ж. б. берсе болот. Тушоосу кесилген баланы биринчи жана экинчи келген тарбиялануучулар колунан жетелешип, «сен да бизге окшоп жүгүрүп ойноп жүргүн»,— деп, тай-тайлашат. Бөбөктү тай-тайлаган тарбиялануучулар аны ата-энесине алып келишет. Баланын ата-энеси анын боюнан ылдый чачыла чачышат. Чачыланы салтанатка катышкандар терип алышат. Салтанатты ыр-күү коштоп турса абдан көңүлд үү болот.
Ар бир кыргыз ата-бабалардын салтын үрп-адатын билип, кийинки муунга берүүсү керек. Себеби элди эл кылган, жана башка элдерден айрымалаган бул-улуттук баалуулуктар. Ошолордун ичинде, кыргыздардын баш кийимдери. А силер, кыргыздын оймо-чиймелеринин ар бир сызыгында мани бар экенин билдгенсиңерби? Анда, кыргыз маданиятын таратуунун кѳздѳгѳн сайттан алынган маалымат ашыкчалык кылбайт. Read the full story »
Кереметүү боз үй кѳптѳгѳн чет элдиктерди таң калдырып келет. Жакында, «Кыял» бирикмесинин директорунун радиодо берген маегин угуп калдым. Анын айтымында, Японияда ѳткѳн кѳчмѳн элинин цивилизациясына арналган кѳргѳзмѳдѳ казак туугандар 60 тан ашык боз үй тигип, кѳргѳзмѳгѳ келгендерди таң калтырыптыр. Алардын айтымында, бул боз үй казактарга таандык экен. Баса белгилеп кетчү нерсе, ал боз үйлѳр Кыргызстанда жасалып, казактар сатып алышыптыр. Мындай кѳрүнүштѳр чет мамлекетте кѳп эле кездешкени малым. «Кыял» бирикмесинин директорунун айтымында, боз үй, калпак, комуз сыяктуу улуттук баалулуктарыбызды мамлекеттик деңгээлде тийиштүү мыйзам аркылуу патенттеп албасак, бул баалулуктарды тартырып жиберүү коркунучунда турабыз. Эгер, бизден мурун казактар патенттеп алса, биз алардын уруксатысыз жасоо, эл аралык кѳргѳзмѳгѳ алып чыгуу укугунан айрылып калышыбыз мүмкүн. «Манасты» Кытайлар талашкандай, Боз үйдү казактар талашабы? Read the full story »
Акыркы кезде, чет жакадан келген чет өлкөлүктөр кыргыз тилин үйрөнүп, ал эми алардын сөздөрү интернетке чыгып жатат. Акыркы жолу мен Жапон кыздын кыргызча видеосун бул жерден сунуштадым эле. Ал эми бүгүн, Филлипинден келип, 1 жыл 7 ай Кыргызстанда жашаган волонтер кыз бул видеодо кыргызча сүйлөп, биздин өлкөнү сагынгандыгын айтып, жана Мирбек Атабековдун “Сенин гана” деген ырын ырдап берет!
Кыргыз элинин улуттук оюндарынын кээ бири «Кыргыздар» китебинен алынган маалыматтар.
Ак чѳлмѳк оюну.
Кыргыз элинин эң байыркы оюндарынын бири. Оюн каалаган жерде ойнолот. Кыз-улан аралаш ойнойт. Оюнчулар жашына жараша жаатка бөлүнүшүп, оюнга калыс шайлашат. Ар бир жаатка ат коюлат. Мара белгиленет. «Ак чөлмөк» узундугу соомчо келген ак сөөк (бодонун шыйбылчагы), жонулган же ак менен сырдалган жыгач болот. Калыс оюнчулардын бардыгына ак чөлмөктү көрсөтүп, андан кийин оюнчуларды тескери каратып тургузуп, алар ак чөлмөк кайсыл тарапка ыргытылганын билбей калсын үчүн бир тарапка таш, экинчи тарапка ак чөлмөктү ыргытат. Ыргытылган ак чөлмөктүн кайсы жерге түшкөнүн баамдоого эки жак тең даяр турушат. Түшөөр замат жапырт чуркашып ак чөлмөктү издей башташат. Биринчи тапкан оюнчу өз жаатынын атын үнүн бийик чыгарып атайт да, мараны көздөй чуркап жөнөйт. Атаандаштары ак чөлмөктү андан тартып алууга аракеттенишет. Ал тарттырып жибербей буйтай качып, жазгырып же өнөктөрүнүн бирине бере салууга аракеттенет. Эгер атаандаштары ак чөлмөктү тартып алса, алар да өз тобунун атын кыйкырып атап качууга тийиш. Ак чөлмөктү марага алып келген жак кайра ыргытат. Ак чөлмөктү марага бир жолу таштаган жаатка 1 упай эсептелинет. Калыс упайларды эсептейт, оюндун жыйынтыгын чыгарат. Оюн эрежесинин туура сакталышына көз салат. Эрежени оюнчулар бузган убакта «ышкырып» белги берип оюнду токтотот. Калыстын буйругун аткарбаган оюнчу оюндан чыгарылат. Оюндун жыйынтыгында кайсы жаат көп упай топтосо ошол жаат утат. Упайлар барабар болуп калса кайсы жаат оюнду аз бузса, ошол жаат жеңет. Ак чөлмөктү талашууда кийимден, колдон, буттан тартпастан, түртпөстөн, оюнчунун колундагы ак чөлмөктү гана алууга аракеттенүү керек. Оюн күч сынашмай оюндарынын катарына да кирет. Оюн көбүнчө айлуу түндө ойнолот. Бул оюн «ака чөөл» (?) деп да аталат.
Алты Бакан
Кыргыз элинин эң эски жана кеңири тараган оюндарынын бири. Бак-дараксыз жерде үч бакандын (шыргыйдын) башын бир жагына бууп бириктирип, ошондой эле үч баканды экинчи жагына коюп, ошол алты баканга кош аркан байланып селкинчек салынат. Алты бакандын үстүнө туурасынан устунча орнотулган учурлар да көп жолугат. Оюнчулар эки жаатка бөлүнүшөт. Арканга эки оюнчу (көбүнчө бир жагына кыз, экинчи жагына жигит) чыгып, арканды бекем кармап бетме-бет турушат. Оюнга катышуучулар селкинчекти күүлөнтүп коюшат. Андан кийин тээп аткандар өздөрү күүлөшөт. Ошентип, алты бакан селкинчек тебүү кезек менен улантылат. Кайсы жааттын оюнчулары белгиленген бийиктикке көп көтөрүлсө ошол жаат жеңет. Алты бакан селкинчек ыр, бий, куудул сөз менен коштолот.
Кѳк бѳрү
Кыргыз элинин ат үстүндө ойнолуучу спорт оюндарынын бири. «Манас» эпосундагы:
Бөлүнүп ордо, чын мөрөй,
Атпай турган жер бекен?
Жатпай оюн, көк бөрү
Тартпай турган жер бекен? - деген саптар көк бөрүңүң байыркы оюндардан экендигин баяндайт.
Көк бөрү тегиз жерде ойнолот. Оюнга 10-15 жаштагы уул балдар кунан минип катышат. Оюнчулардын саны чектелбейт. Оюнчулар өздөрүнөн оюнга калыс шайлашат. Калыста эчкинин чылгый териси болот. Ал «Көк бөрү» деп аталат. Деги эле «Көк бөү» деген терминдин келип чыгышы, илгерки күчкө толуп турган жигиттер кадимки эле бөрүнү (карышкырды) чаап алып, талашып- тартышып ойношкондугу менен байланышкан. Азыркы мезгилде бул оюн шартка ылайыкташтырылып, кыйла маданиятташтырылган. Эгер көк бөрүгө 17 жаштанөткөн карылуу жигиттер катышса, башы кесилген улак (көбүнчө серке), айрым учурда торпок да тартылат. Көк бөрү тартылуучу жер, мара белгиленет. Калыс оюнчуларды шамдагайлыгына, чабендестигине жараша барабар санда эки жаатка бөлөт. Ал атчан келип, колундагы көк бөрүнү оюнчулардын ортосуна таштайт. Оюнчулар ат менен жоолошуп келип, алардын ичинен мыкты чабендеси көк бөрүнү эңип алып качып жөнөйт. Ал көк бөрүнү ыңгайы келсе өнөктөштөрүнө берүүгө, аягында марага таштоого, ал эми атандаштары көк бөрүнү андан жулуп алып, өздөрү марага таштоого аракеттенишет. Оюндун жүрүшүндө кайсы жаат көк бөрүнү марага таштаса, ошол жаатка бир упай берилет. Калыс, упайларды каттап турат. Оюндун акырында упайлар эсептелет. Кайсыл жаат көп упайга ээ болсо, ошол жаат, оюнда утут. Бул оюн «Улак тартыш» деп да аталат.
Калган оюндар жѳнүндѳ кийинки макаламда жазам.
Жакында бир тааныштарымдан талак айтыптыр деген сѳздү угуп, түшүнбѳй калдым. Кийинчэрээк, ал эмне экенинин издесем, ислам дининде эр-катындын ажырашуусу үчүн “талак” деген сөздүн өзү жетиштүү экен.






Акыркы пикирлер