Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Маданият

Кыргыз хоккейчилери Казакстандагы VII Кышкы Азия оюндарында кичи алтын медалын утуп алышты
Written by adilet, Tuesday, 8 Feb, 2011 – 21:17 | No Comment

Астана-Алматада өткөн 7-Кышкы Азия оюндарында шайба хоккейи боюнча Кыргызстандын курама командасы 4-февралда  өзүнүн акыркы оюнун ойноп, Кувейт курамасын 15-4 эсеби менен женип, өздөрүнүн дивизионунда кичи алтын медалын утуп алышты. Бул кичи алтын медал дегенибиз, бул эстелике гана бериле турган байге. Эске салып кетсек, Кышкы Азия оюндарында хоккей 2 дивизионго бөлүнүп (топ-дивизион жана премьер-дивизион) биздин хоккей боюнча курама командабыз премьер-дивизиондо ойношту. Ошон үчүн биздин хоккейчилер кичи алтын медалды утуп алышты жана бул дивизиондо медалдар берилбейт. Кийинки Кышкы Азия оюундарында биздин хоккейчилер топ-дивизиондо ойношот анан ошондо гана накта алтын медалды утуп алышат деп үмүттөнөбүз.

Айтып кетсек, шайба хоккейи боюнча Кыргызстандын курамасы 6 оюн өткөрүп, баардыгын утуп алышкан. Буга чейин 28-январда Кыргызстандын курамасы Тайланддын оюнчуларын 15:4 эсебинде жеңип алган. 29-январда Бириккен Араб Эмиратынын хоккейчилери менен беттешип, мелдешти 14:0 эсеби менен утуп чыгышкан. 31-январдагы үчүнчү беттешүү Монголиянын командасы менен болуп, аларды дагы 13:3 эсебинде жеңип алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Алмазбек Касеновдун билдиргенине караганда, шайба хоккейинен монголдор негизги атаандаштардын бири болчу. 1-февралда кыргызстандык хоккейчилер Малайзиянын командасын 23:2 эсеби менен, 2-февралда Бахрейин өлкөсүнүн хоккей командасын 15:10 менен, 4-февралда Кувейт мамлекетинин хоккейчилери менен таймашышып 15-4 эсеби менен женип алышкан.

30-январда президент Роза Отунбаева Кышкы Азия оюндарына катышып жаткан кыргызстандык спортчулар менен жолугушкан. Иш сапарынын алкагында президент Роза Отунбаева Астанадагы 7-Кышкы Азия оюндарынын расмий ачылышына да катышты.

Кыргызстандыктар кышкы Азия оюндарында биатлон, лыжа жарыштары, шайба жана топ хоккейи жана спорттук ориентирлөө түрлөрү боюнча мелдешке катышышты.

6-февралда 7-Кышкы Азия оюндары аякталып, Казакстан курама командасы утушкан медалдары боюнча 1-орунга чыгышып, Кышкы Азия оюндарынын женген медалдары боюнча жаны рекорд коюшту. 2-орунга Япония, 3-орунга Корея чыгып, Кыргызстандын курама командасы 27 мамлекеттин арасынан 7-орунду ээлешти. Болгону бир коло медалды топ хоккейи боюнча биздин курама командабыз утуп алышты. Бул таймашта 3 мамлекеттин курама командылары ат салышып, биздин спортчулар эки командага утулуп, коло байгеге ээ болушту.

Бул тармактагы коррупцияны жоготпосо биздин спортчуларыбыз жакшы ийгиликтерге жетише алышпайт деп ойлойм. Биздин спортчуларга жеништерди гана каалап кетет элем.

Кыргыздар кантип, эмнеге фамилия колдонуп калганын билесинби?
Written by Нурила Батыралиева, Saturday, 5 Feb, 2011 – 17:48 | 4 Comments

Кыргыздар илгертен бери ата тегин изилдөөгө, алар жөнүндө маалымат издөөгө чоң маани  берген калк.  Жети атасын билбеген  кыргыз, кыргыз эмес, деп эсептелген.  Мени көптөн бери кызыктырып келген бир суроого жооп таптым, сиздер менен бөлүшүүнү тура көрдүм. Read the full story »

Башкырлардын кыргыз уруусу
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 21 Jan, 2011 – 13:14 | No Comment

Клооптогу эң популярдуу кыргызча “Кыргыз маданияты” блогунда бүгүн кызыктуу видеоматериал чыкты. Ал жерде, башкыр (башкир) улутунун “кыргыз” уруусу тууралуу орусча жакшы сюжет бар экен.

Башкырлар – түрк тилдүү калктардын бири. Тили жагынан татарларга окшош, негизинен Орусияда жашашат. Аларда “Кыргыз” аттуу уруу бар. Анда эмесе, төмөнкү видеого күбө болойлу.

Сен бай болосуң!
Written by Нурила Батыралиева, Friday, 21 Jan, 2011 – 8:06 | 4 Comments


Акыркы кездерде Бишкекте ийгиликке жетип, келечекте «Forbеs» журналына чыга турган жаштардын саны өсүүдө. Ооба, мамлекетибизде стабилдүүлүк орной албай жатат, толтура проблемалар бар. Бирок, «бирөө караңгыда кетип жатып, көлчүктөгү айды көрөт, а бирөө, ошол көлчүктөгү ылайды көрөт», дегендей, мен да позитивдүү нерселерди жазгым келди. Келечектеги миллионерлердин ар бири менен СЕНИ сөзсүз тааныштырам, деп убада берем окурманым!

Сен кедей менен бай адамдын ортосундагы айрымачылык эмнеде экенин билесинби?

Кошелектогу акчасынын көптүгүндөбү? Жок, достор, кеп акчада эмес, алардын башында, аң сезиминде. Бай адамдар өздөрүн кандай алып жүрүшөт? Эмне жөнүндө сүйлөшөт? Эмнеге умтулушат? Кандай кийинишет? Баскан турганы кандай?

Менин жазып жаткандарым, балким сиз үчүн аябай эле жөнөкөй катардагы эле пикир көрүнөөр, бирок бул «жөпжөнөкөй» нерсе, аябай маанилүү. Эмнеге? Өзүнүздөр ойлоп көрүнүздөрчү, өзү жүдөгөн, эки сөздүн башын кошо албаган адам менен кайра көрмөк турсун, сүйлөшкүң да келбейт, туурабы?

Бай, перспективдүү адамдын образын түзүп көрөлүчү:

  1. Бешенеси ачык адам.
  2. Өзүн тыкан алып жүргөн.
  3. Сүйлөгөн сөзү ишенимдүү.
  4. Кадамы чечкиндүү
  5. Өзүнүн оюн айткандан эч качан тартынбайт
  6. Лидер
  7. Дайыма ар кандай идеялары бар
  8. Байлыкты акча менен ченебейт
  9. Акча каражатынын эсеп-кысабын жакшы билет, жана башкарат.
  10. Убактысын тура бөлүштүрүп, баардык нерсеге жетишет
  11. Өзүнүн жашоосу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алат.

Бул тизмени 50 гө, керек болсо 100 гө жеткирсе болот. Эгерде сен бай жана ийгиликтүү адам болууну кааласаныз, анда ушул тизмеден баштасаныз болот. Жашооңду өзгөрткүн келбесе, азыркы ахыбалына курсант болсоң, анда өзүү бил, демекчимин.

Ар бирибиз, тээ аң сезимибиздин тереңинде кандай адам экенибизди эң сонун билебиз. Ошол аң сезимибизде өзүбүздү ийгиликтүү адам деп эсептесек, анда айланадагылар да ошондой ойдо болот. Айланабыздагы бизге берилген баа, болгону өз башыбыздагы маалыматтын чагылдырылган элеси.

Кедей адам менен бай адамдын ортосундагы 10 айрымачылыкты карап көрөлүчү. Бай болуш үчүн, КЕДЕЙ АДАМ ЖАСАГАНДЫ ЖАСАБАШ КЕРЕК!

1. Өзүн өзү айо сезими.

Кедейчилике сапар тарткан адам, өзүн өзү укмуш аяп, тагдыры тайкы экенине аябай ишенет. Өзүн өзү айо- бул аябай сонун оор якорь сыяктуу, алдыга жылууга жол бербейт.

2. Сараңдык.

Дүкөн, базарларда «Арзандатуулар» (Скидки, распродажа) деген нерселерди издөө. Дайыма үнөмдөөгө аракет жасоо, булл деген киреше чыгашаны тура эмес жол менен башкарууга алып келет. Арзандын наны татыбайт.

3. Сүйбөгөн жумушту жасоо

Read the full story »

Бишкектеги театрлардын абалы
Written by Нурила Батыралиева, Sunday, 16 Jan, 2011 – 8:02 | No Comment

Студент кезимде «Шанс» атуу билет сатып алгам, ал менен бир жыл бою театрларга бекер кирип жүрдүм. Кѳбүнчѳ Малдыбаев атындагы опера балет театрына бардым. Менимче, жаштарга, ушул сыяктуу жеңилдиктер түзүлсѳ, театр сүйүүчүлѳрдүн катары жаштар менен толукталмак. Тээ 70-80-жылдары кыргыз маданияты дүркүрөп өнүгүп, Кыргызстандын булуң-бурчтарына чейин театрлар ачылып, эл батпай аншлаг менен спектаклдер коюлуп, кассаларда билет калбай калчу дешет. Ал мезгил менен бүгүнкү күндүн айрымасы асман менен жердей. Театрлар кѳрүүчүлѳрүн жоготуп койгондой, барсаң суук, кунарсыз. Балким театрлар да, заманга жараша ѳзгѳрсѳ, күйѳѳрмандары кѳбѳймѳк беле… Read the full story »

Кянизяк- Манас менен Чыңгыз хандын тукуму
Written by Асель Шабданова, Tuesday, 11 Jan, 2011 – 14:22 | No Comment

Ак-Бука менен Кянизяктын күмбөзүАк-Бука менен Кянизяктын күмбөзү

Кыргыз элинин тарыхындагы эң залкар инсаны – Манас менен монгол элинин башчысы Чыңгыз хандын ортосунда байланыш бар экени мен үчүн таң калаарлык болду. Ошондуктан, мен төмөнкүдө ошол окуяны айтып берейин деп ойлодум.

Манастын кырк чоросунун бири, замандашы, биринчи манасчы Жайсаңдын айтымы боюнча, Манас бабабыздын 19 гана мууну болгон. Эпостон бир аз маалымат. Ала-Тоодогу кыргыздардын эр жүрөк, акылман Ногой ханы каза болгондон кийин кытай эли кысым көрсөтүп баштайт. Ногойдун тукумдары ар кайсы тарапка бөлүнүп кетишет. Ал эми эң кичүү уулу Жакып Алтайга сүрүлүп, көп жыл калмактар менен жашаганга мажбур болот. Ал жерде жер айдап, алтын издеп дүнүйө кылып, бай болот.

Жакыптын улуу агасы үйлөнгөндөн кийин бир ай өтпөй эле каза болгондуктан, Шакан (Батмазуура) аттуу жеңесин алат. Өлгөн тууганынын аялына үйлөнүү илгерки кыргыздар үчүн жайылган көрүнүш болгон. Себеби, биринчиден кыз үй-бүлөнүн мүчөсү болуп калган, экинчиден, кызга берилген калың, түз айтканда, кызды сатып алууну билдирген. (Эгерде, кыздын ата-энеси алып кетүүнү каалашса, калыңды эки-уч эсе төлөп гана алып кетүүгө укуктуу болгон). Жакып Чыйыр агасынын урматына аялын Чыйырды деп атайт. Ошентип, жашы улгайып калганда, болжолдуу 670-жылы баатыр балалуу болот. Манас, Жаңсай манасчы айтымы боюнча, элүү төрт жыл жашаган. Муундан муун болуп, он алтынчы тукуму Бука эмир деген зор комузчу болот. . .

Read the full story »

Кыргызыраак болуп калган Ричард
Written by Нурила Батыралиева, Friday, 7 Jan, 2011 – 13:45 | No Comment

Кыргызстан ачык мамлекет болгондуктан, чет элдиктер тоскоолдуксуз келе алышат. Алардын кѳбү биздин жаратылышка суктанып, сүйүп, элибиздин меймандостугун баалашат. Ошондой, кыргыз элинин, жеринин «фанаттарынын» бири Ричард Хьюитт. Ал ѳзү АКШ тургуну, Калифорниядагы мамлекеттик политехникалык институтун бүтүргөн. 1994 жылдан бери Кыргызстанда жашап окуу жайларында сабак берет жана эл аралык долбоорлорго катышат. Дүйнөгө кыргыз элдин тарыхын, маданиятын, салттарын жайылтуу менен алек. Read the full story »

Биздин «ТАМАШОУ» Азиянын чемпиону
Written by Нурила Батыралиева, Tuesday, 28 Dec, 2010 – 21:07 | No Comment

Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, патриот жаштардын арасында популярдуулукка ээ болгон «Тамашоу» дагы бир бийиктикти багынтты. Жыл аягында сонун жаңылык! 18-декабрда Алматыда өткөн КВН боюнча Евразиянын Суперлигасында өлкөбүздөн барган 2 команданын бири – “Тамашоу” курама командасы чемпиондукту жеңип кайтты. Алар  кубок, диплом жана 250 миң теңге акчалай сыйлык менен Кыргызстанга кайтышты.

“Тамашоу” лигасынын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаевдин айтымында,  Евразиянын Суперлигасы – КВН боюнча Орто Азия өлкөлөрү ортосунда өтүүчү мелдеш. Быйылкы сезондо 15 команда ат салышыптыр. “Тамашоу” Лигасынын курама командасы биринчи жолу катышып жатат. Буга чейин өлкөбүздүн атынан “KG Club” юмор клубунун жигиттери 2 ирет чемпион болушкан. Финалда Казакстандан 3 команда жана Кыргызстандан «Тамашоудан» тышкары “Азия mix” деген команда күч сынашып, тилекке каршы, 2-3-орундарды жергиликтүү “8-март” жана “Эксклюзив” командалары ээлешти. Команданын курамына Азамат Исмаилов баштаган “Тамашоу” Лигасынын мыкты 12 жигити жана “ДНК” тобунан Мирзада барды.

Read the full story »

Элибиздин ылаажысы?
Written by Асель Шабданова, Friday, 24 Dec, 2010 – 10:13 | No Comment

“ХХI кылымдын эң барктуу жана баалуу китеби болот… Манас менен гана кыргыз эли бүгүнкү татаал мезгилде сакталып калат жана бактылуу жашоого жетишет… Бул китеп менин руханий дүйнөмдү тазалайт, дегеле менин жашоомду сактап калды… Окуганда жазылган окуялар көз алдыма элестеп, өзүмдү ошол жерде болгондогудай сездим”,- деп 18-декабрда Улуттук  китепканада  мааниси чоң “Айкөл Манас” китебинин орус тилине которулганы боюнча  презентацияга катышкан адамдар бир нече жолу кайталашты.

Дегеле бул китептин жаралышы жана автору жөнүндө айта кетсем. Бул айтылган китеп бир эмес, он томдон турган жыйнак. Азыркы кездеги эң биринчи  Манас эпосундагы  тарыхый мааалыматтарды так жана, авторлордун айтышы боюнча, кырк чоронун бири Жайсаң Үмөт уулунун атынан берилген версиясы  азыркы күндөгү эң ири, кандайдыр бир сыйкырдуу касиети бар көзачык Бүбү Мариям Муса кызынын калемине тааныш.  Бүбү Мариям эже он беш жыл мурун эң биринчи манасчы ким болгон деген суроону Эркинбек Иманалиев сураган экен. Ошондо мурунку жашоосу Манас эмес, дегеле кыргыз тили, адабият менен байланышбаган адамдын өмүрү такыр өзгөрүлүп кетиптир. Манас бабабыз баскан мазарларына бел байлап, ошол тоо чокулары болобу, ээн талаа болобу, суугуна, ысыгына карабастан медитацияга түшүп, Жайсаң манасчынын арбагы менен байланышып, ошондон уккан маалыматты жазып калыптыр. Бул чыгарма мага, дегеле азыркы замандагы материяга гана ишенген адамдарга кабыл алуусу татаал жана мистикалык көрүнөт.

Read the full story »

Баланы бешикке бөлөгөндү билесиңби?
Written by Нурила Батыралиева, Monday, 29 Nov, 2010 – 11:48 | No Comment

Кыргыздарда  баланы бешикке салу  чоң той менен коштолот. Ымыркайдын киндиги түшүп, төрөлгөнүнө жети күн болгондон баштап бешикке салынат. Бешик наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыңгайлуу. Салт боюнча бешикти төрөлгөн наристенин таенеси алып келет. Ал эми наристенин бешикке салынган күнүн бешик тою дешет.

Менин ата-энем алыста тургандыктан, бешигибизди кызымдын кыркы чыккандан кийин ата-энем, таенем алып келишти. Ата бабанын салтын улап, бешик тою күнү нан бышырылып, мал союлуп, айыл-апа, куда-сөөк, тууган-уруктар, тааныштар чыкырылган. Жентек делип сары май омурулуп, досторконго жер-жемиштер, боорсоктор, таттуулар төгүлгөн. Кур кол келбей белек- бечкектерин ала келишкен коноктор наристени алкашып, бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмөлөрдү чачышкан. Баланы бешикке көптү көрүп, көп жашаган, көп төрөгөн, дөөлөттүү байбичеге салдырышат, биздин кызыбызды менин таенем жана жолдошумдук таенеси бөлөдү.

Эгер ымыркай кыз болсо – бешикке кайчы, сөйкө, шуру, эркек болсо – чүкө, камчы салынат. Оң-сол чүкөлөрдү бешикке салып, аны баш жагынан көтөрүп «бар бол», «оң бол» деп эңкейткенде чүкөлөр күлтүккө түшүп кетет. Баланы бөлөөрдүн алдында алгач бешикке ар кандай оорулар, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен бешиктин ичи-сыртын аласташат. Анан: «Шайтандар кач, кач, кач, ээси келди!»-деп алып барып жаткырышып, «Бешик апа, бек карма! Умай эне, уйку бер!» деп таңып коюшту. Бөлөп жаткан учурда ыйлаак болбосун деп оозуна боорсок тиштеп алышкан эле.  Андан соң  отургандардын баардыгы баталарын беришти.

Бешиктеги баланы уктатуу, максатында Бешик ыры ырдалат. Бул ырлардын тарбиялык мааниси терең. Бешиктеги бала бат торолуп, ата-энесине күйүмдүү болуп чоңойот дешет. Мындай ырлар мээримдин, сүйүүнүн мисалы.

Алдей бөбөк ыйлаба,
Энекеңди кыйнаба.
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу.
Элди жоодон коргогон,
Баатыр болор бекенсиң.
Эл таалайын ырдаган,
Акын болор бекенсиң.

Read the full story »

Төө жана жамбаштаган кыргыз
Written by Асель Шабданова, Saturday, 27 Nov, 2010 – 11:58 | No Comment

Илгерки кыргыздардын жашоосунда төө абдан чоң орун ээлеген. Ал 300-400 кг көтөрө алгандыктан, 45 күндөй суусуз жүрө алгандыктан көчүүлөрдө эң мыкты жардамчылардын бири болсо да, кыргыздардын ар кандай оюндарында катышкан. Ошондуктан “Кыргыздардын шаан шөкөттөрү” аттуу орус тилиндеги китептен төмөнкүдөй маалыматты кыргыз тиленди чыгарууну чечтим.

Төө сатуу. Бул шайыр көңүл ачуу эркектер менен уюштурулган. Эки катышуучунун бири оозуна кичине ун салып чайнап, төөнү аткарган. Экинчиси “төөнү” жүгөнүнөн жетелеп “Төө сатам” – деп айылды бакырып кыдырган. Жолуккандардын бири сөзсүз оюнду колдоону көздөп, колго түшкөн да “төөнү” сатып алууга макул болгон. Аны сынап жатканда, ал көнгөндөй тиштерин көрөйүн дегенде ундан жасалган түкүрүктү беткэ жеген. Бул көрүнүш көрүүчүлөрдү аябай кубаткан.

Кээ бир тарых булактары маалымдаганы боюнча мындай тарыхый маалымат кызыктуу болуп көрүнөт: “Эркектер аялдарга караганда азыраак болчу.Эркектер кулагында сөйкө тагышкан. Алар сыймыктуу жана туруктуу.Айкөлдөр колуна ийне менен чегип сүрөт тартышкан,аялдары турмушка чыккан соң, мойнуна сүрөт чегишкен.Эки жыныс тең бөлүнбөй жашашат,ошондуктан бузукчулук көп”. Мүмкүн ак чөлмөк,бет тиштемей, бел боо, төө чечмей оюндары ушундан башталат.

Read the full story »

Ордо-Сахна кайрадан Америкада!
Written by Нурила Батыралиева, Tuesday, 23 Nov, 2010 – 19:52 | No Comment

Белгилүү фольклордук «Ордо-Сахна» тобу ушул жылдын 22 сентябрнан 1 ноябрына чейин концерттик тур менен Американын 12 штатын түрө кыдырышып,  элге майрам тартуулап келишти.

Бул топту мен 2005 жылы бир кечеде көрүп, аябай жакшы көрүп калганмын. Булар башкалардан айрымаланып улуттук аспаптарга чоң көңүл бурушат. Ооз комуз, комуз, шырылдак ушул сыяктуу аспаптардын коштоосунда кыргыздын улуу күүлөрүн аткарышат. Америкага концерт койгону барышып, улуттук стильдеги декорацияларды, шырдактарды ала барышыптыр. Концерттик номердин башында манасчы Рыспай Исаков Манас эпосун айтып америкалык музыка сүйүүчүлөрдү тан калтырыптыр.

Концерттин аягында кыргыз маданиятын, салттарын, дегели кыргыздар, Кыргызстан жөнүндө билгиси келгендерге өзүнчө биздин мекенибиз жөнүндө айтып беришиптир. Бул албетте кубантаарлык. Айтмакчы, бул топто белгилүү комузчу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Токтакунова эжекебиздин улуу баласы Аслан Исабаев да бар. Асландын иниси Актан Исабаев да кыргызстандын жаштарынын сүйүктүү ырчыларынын бири.

Кыргыз салттары: Кийиз жасоо
Written by Нурила Батыралиева, Sunday, 21 Nov, 2010 – 19:49 | 4 Comments

Ала кийизди ата-бабаларыбыз биздин заманга чейин эле колдонуп келишкен. Анын жасалуу ыкмасы атадан балага өтүп отуруп, бүгүнкү күнгө чейин жетти. Ал тургай азыркы учурда заманбап килемдерге караганда кылдаттык менен сапаттуу тигилген туш кийиздер көбүрөөк баалана баштаса, көпчүлүк ала кийиз, шырдактарды да кеңири колдонушууда. Демек, учурда кийиздерге болгон суроо-талап жогору.

1-кадам – Жүндү тазалоо

Алгачкы кадам жүндү тандоодон башталат. Кийиз койдун күзүндө кыркылып алынган жүнүнөн жасалат. Ал эми жазгы жүн кийиз жасоого жарабайт. Жүндү тикенектеринен тазалап алган соң жагымсыз жыттардан арылтуу үчүн аны жууйбуз. Айта кетүүчү нерсе, жүндү ысык сууга жуубайт. Себеби ал кургаганда бири-бирине жабышып, тоголоктошуп, кийиз сымал кирип калат. Андыктан жылуураак сууга айна кошуп жууп, алгач жылуу суу менен, акырында муздак суу менен чайкайбыз. Жүндү күнөс жерге кургатып алгандан кийин аны үлпүлдөтө тытып алабыз.

2-кадам – Боёкко салуу

Боёкко салынуучу жүн ак койдун жүнү болууга тийиш. Жуулган жүн кургатылган соң ала кийиздин бетине оймо-чийме, сүрөттөрдү түшүрүү үчүн боёкко салуу керек. Алгач жүндү таразага тартып алабыз. Болжол менен бир килограмм жүнгө 100 грамм боёк сарпталат. Казанга сууну кайнатып, ага биринчи боёкту салабыз да, ал толугу менен сууга аралашканча күтө турабыз. Эми боёк сууга туз, сода, уксус кошуп, жүндү казанга салып, аны жарым сааттай кайнатабыз. Казан кайнап жаткан учурда жүндү таяк менен 5-6 жолу которуу керек. Жүн боёлгон соң аны чыгарып, жайып кургатабыз. Read the full story »