Маданият
Күжүрмөн кыргыз эли байыркы мезгилдерден бери эле жашап келаткан улуттук оюндарыбыз менен сыймыктана алат. Өзгөчө калк арасында ат оюндары кеңири жайылган (көчмөн жашоого байланыштуу). Мындай оюндар эл арасында намысты алдырбаган чыныгы эрлердин чыгуусуна шарт түзгөн. Мына ушундай оюндардын эң улуусу болуп көкбөрү саналат.
ТАРЫХЫНАН
Кыргыздардын жылкыга жасаган өзгөчө мамилеси, ат оюндарына кызыгуусу байыркы замандардан эле болгондугу маалым. Илгертеден эле кыргыздардын бир да майрамы көкбөрүсүз өткөн эмес. Мейли ал чоң той болсун, бешик той болсун же согуштагы жеңиш болсун, жадакалса тарыхта жөн гана доор алмашканда да улак тартылгандыгы маалым. Айтор, көкбөрүнүн тарыхы кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Элибиз көз карандысыздыкка карай улуу жолдо улуттук маданиятын жоготпой сактап келгендей эле көкбөрүнү да унутушкан эмес. Албетте, көкбөрүгө тыюу салынып, анын жок болуп кетүү коркунучу алдында калган күндөр да болгон. Ал мезгил улуттук өз алдынчалык колдоого алынбаган совет мезгилине дал келген. Бирок кылымдарды карыткан оюн бардык сыноолордон татыктуу өтүп, ушул күндөргө чейин сакталып калды. Эми бүгүнкү күндө кыргыздын азаматтары той-топурлардан тышкары Көз карандысыздык майрам күнү да ат жалында өз өнөрлөрүн тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Айта кетчү нерсе, көкбөрүнү олимпиадалык спорт түрлөрүнүн катарына кошуу аракеттери жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Азырынча бул демилге кыял болуп турат.
ЭМНЕ ҮЧҮН КӨКБӨРҮ?
Кыргыздар атамзамандан бери эң меймандос экендиги жөнүндө көп айтылат. Анан да, эт жеген боюнча карышкырдан кийин турат деп калышат. Ата-бабабыздан калган салт, үрп-адаттар акыркы учурларда унутта калып бара жаткансыйт. Заман өзгөрүп, доор алмашкан сайын өзүбүздү заманбап адам катары көрсөткүбүз келгени жашыруун эмес. Улуу адамдардын “Жаштар эч нерсени билбей калды, кыргыз элинин нукура салттары ушинтип эле унутта калабы” деп кейиштүү айткан кептерин кулак сыртынан кетирип жатканыбыз анык. Конок келсе кой союп сыйлоо биздин ата-бабабыздан калган жакшы салттардын. Азыркы заманда акчаң болсо баары даяр, конок тосо турган болсоң мал базарга барып ошол эле жерден алган малыңды сойдуруп, жиликтетип, ал тургай ичеги-карынын жуудуруп алып келсең болот. Бирок эр жигиттин кой союп аны жиликтөөнү, эт бышырып табак тартууну билбегени уят.
Жакында тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Мурзакметов Абдымиталиптин Боз үйдүн керемети жөнүндө жазганын окуп, сиздер менен кыскача бөлүшкүм келди.
Мен окуучу кезимде аябай кызыгып окуган америкалык жазуучу Марк Твендин “Том Сойердин окуялары” (“Приключения Тома Сойера”) аттуу романы кыргыз тилинде жарык көрүптүр. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына Бишкектеги К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын коом менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Мадина Сыдыкова билдирди.
Анын айтымында, роман кыргыз тилинде 1 миң 300 нускада жарык көрдү.
“Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында китептин бетачары өтөт, андан соң, республикадагы баардык китепканаларга таратылат. Аны басып чыгууда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги колдоо көрсөткөн. Элчиликтен китепти которууга, аны басып чыгууга мүмкүнчүлүк бар экендигин айтышып, кайсыл чыгарманы которуу керектиги тууралуу биз менен кеңешишкен. Өз кезегинде биз балдарга арналган чет элдик адабий көркөм чыгарма жок экендигин эске алып “Том Сойердин окуяларын” которуу керек экендигин билдиргенбиз”, – деди М.Сыдыкова.
Бул эң сонун кабар. Кыргыз өспүрүмдөрүнүн сүйүктүү китебине айланат деп ойлойм.
Өлкөдөгү саясий кырдаалга карабай, маданият тармагындагылар акырындап болсо да дүйнөлүк аренага өз күчтөрү менен чыгып жатышат. Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрынан 24-октябрга чейин 5 күнгө созулган эл аралык кинофестивалда дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 120дан ашуун кино тасма көрсөтүлгөн. Кыргызстандын 10 кино тасмасы Камбоджа шаарында (Вьетнам) өткөн эл аралык кинофестивалда көрсөтүлдү.
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын ресторандары жыл сайын өсүүдө. Менин угушума караганда, Оруссиядан баштап АКШга дейре биздин ашканабыз жайылып баштады. Интернеттен мага Лондондогу кыргыз-казак ресторанынын сүрөтүн жиберишкен экен.
Cүрөт Flickr’дин eatswords’ине таандык.
Кыргыз эли байыртадан эле мал жандуу эл. Айрыкча жылкы остурууну жакшы корушот. Анткени, жылкы кыш кундору кобунчо талаадан кар тээп оттойт, колдго анчалык карабайт. Минсе каалаган жерине оз убагында жеткирет, ишеничтуу унаасы болот.
Ошондуктан, кыргыз эли бугунку кундо да «ат адамдын канаты» дешип жорго, таскактуу аттарды жогору баалашат. Аны остурууго коп конул болушот. Дуйного белгилуу болгон кымыз да жылкынын сутунон ачытылат.
Ошону менен эле катар байыртадан эле кыргыздардын жашы да, карысы да, уулу да, кызы да аттын куланы менен тен ойноп, ойноктото бастырып, ат устундо ар турдуу оюндарды ойношкон, конул ачышкан. «Келин жарыш, кыз жарыш » оюну да ат устундо ойнолуучу оюндардын бири. Ал азыр да элдик майрамдарда, ар кандай салтанаттарда откорулуудо.
Оюн тегиз, ташы жок кенен талаада ойнолот. Оюнга 13 жаштан 23 жашка чейинки 5-6 кыз-келин жасалгаланган ат жабдык токулуп, уртуктолгон кулук аттарга алчыланта минип катышат. Улуттук кийимдерин кийишет.
Ат чабыш кыргыз элини эн манилуу жана кызыктуу оюндарынын бири. «Манас эпосунда » да ат чабыш коп маалыматтар бар. Кулук аттарды заяпкерлер таптайт.
Чабылуучу аттын кандай кулук экендигин алдын ала коро билген сынчылар, чабышка тушкон аттардын суроочулору болот. Ат азыр кобунчо айлампада, кээде туз жолдо чабылат. Атты токулуу да, жайдак да чапса болот. Кулукту минип чапкан бала чабендес деп аталат.
Мелдешке 8-14 жаштагы уландар 3 жаштан жогорку бардык тукумдагы атты минип катыша алат. Ат 1200 метрден 50 километрге чейинки аралыкка чабылат. Ат чабышта жолду кыскартууга, башка бироонун атын камчы менен чабууга, жолдон тороого болбойт.
700 жыл мурда Изник шаарынан Анадолулук түрктөр менен бир катарда салгылашкан кыргыз жоокерлеринин соңку баш калкалаган жерин табышкан. Кыргыздардын ата-бабалары өзүлөрүн кайраттуу, эр жүрөк жоокерлер катары көрсөтүшкөн. Алар бекем чепке биринчилерден болуп киришкен, ошонусу үчүн султан Орхан Гази башкарып турганда ушул жерде баатырларга эстелик катары күмбөз тургузууга буйрук берилген.
Стамбулдан 120 км жана Бурсадан 85 км аралыктагы азыркы Изник шаарынын аймагында, анын чет жакаларында шаардык дубалдардын урандылары, дарбазалар, чептер, чиркөө жана тарыхтын башка эстеликтери сакталып калган. Шаардын тышында үч жолдун кесилишинде жергиликтүү тургундарга “Кыргызлар тюрбеси” катары белгилүү болгон күмбөз же экинчи миң жылдыктын башталышында ушул шаарды алуу учурундагы салгылашууларда курман болушкан кыргыз жоокерлеринин эстелиги-мемориал бар. Кийинчерээк Изник шаары бир аз убакта Улуу Селжукиддер империясы мамлекетинин княздыктарынын биринин борбору болгон.
2004-жылдын октябрында күмбөздүн жанына кыргыз айкелчиси Т.Садыков жасаган кыргыз баатырынын эстелиги орнотулган.
Сүрөт Керим Саргазаковго тиешелүү.
Кыргыз элинин ат устундо ойнолуучу спорт оюндарынын бири. «Манас» эпосундагы:
Болунуп ордо, чын морой,
Атпай турган жер бекен?
Жатпай оюн, кок бору
Тартпай турган жер бекен?
деген саптар кок борунун байыркы оюндардан экендигин баяндайт. Кок бору тегиз жерде ойнолот. Оюнга 10-15 жаштагы уул балдар кунан минип катышат. Оюнчулардын саны чектелбейт. Оюнчулар оздорунон оюнга калыс шайлашат. Калыста эчкинин чылгый териси болот. Ал «Кок бору» деп аталат.
Кыргыз элинин эн байыркы оюндарынын бири. Оюн каалаган жерде ойнолот. Кыз-улан аралаш ойнойт. Оюнчулар жашына жараша жаатка болунушуп, оюнга калыс шайлашат.
Ар бир жаатка ат коюлат. Мара белгиленет. «Ак чолмок» узундугу соомчо келген ак соок (бодонун шыйбылчагы), жонулган же ак менен сырдалган жыгач болот.
Калыс оюнчулардын бардыгына ак чолмокту корсотуп, андан кийин оюнчуларды тескери каратып тургузуп, алар ак чолмок кайсыл тарапка ыргытылганын билбей калсын учун бир тарапка таш, экинчи тарапка ак чолмокту ыргытат.
Ыргытылган ак чолмоктун кайсы жерге тушконун баамдоого эки жак тен даяр турушат. Тушор замат жапырт чуркашып ак чолмокту издей башташат. Биринчи тапкан оюнчу оз жаатынын атын унун бийик чыгарып атайт да, мараны коздой чуркап жонойт.
Азыркы күндө Бишкектеги театрлардын абалы өтө эле оор. Себеби Кыргыз мамлекеттик драма театрында эки-үч жыл бою театрдын имаратында оңдоо жүрүп жатса, Шаардык театрынын актерлору мурунку Касымаалы Баялинов атындагы китепкананын имаратынан көчүп кеткен соң, сахнанын жытын сагынып, эл алдында ойноону эңсеп турган кези. Алардын тагдыры дагы деле чечиле элек.
“Жаштык” деп аталган түштүк 3-кичирайондо жайгашкан имарат берилет деп убада беришкени менен, азырынча ал убада жөн гана куру сөз бойдон калды да, баягы эле актерлорго, театрдын жалпы жааматына кыйын болду. Себеби аларга берилген имараттын ичинде сахна деле жокко эсе. Актерлор мектептерге, айылдарга спектакль коюп жүрүшөт, бул деле жумуш, бул деле тажыйырба, бирок актер деген сахнада тренинг алыш керек, ар убак машыгып туруш керек. Жан дүйнөсүн, келбетин өркүндөтүүгө аракет кылыш керек. Ал үчүн мамлекет, театрыдын башкармалыгы актерлорго шарт түзүп бериш керек. Жаш көрүүчүлөрдүн театрында да жогуруда айтып кеткендей көрүнүш, алардын да имаратын оңдоо бүтпөй койду.
Курманжан Датка тууралуу даректүү тасма тартылууга даярданып жатат. Тул тасманын режиссеру Замир Эралиев. Мен Алайдын өкүлү катары бир чети сүйүнүп, бир чети өкүнүп жатам. Анткени алгачкы жолу ушундай ыйык, улуу инсан тууралуу даректүү тасма тартылып, кийинки муунга мурас катары Курманжан Датканын жасаган ишин, эрдигин, бийиктигин даңазалай турган бир маалымат болот деп тиленсең, экинчиси бул тасманы тарткан режиссер, бул чыгарманы жарата турган адам ушул тасманы бийик деңгээлде жаратканына көзүм жетпей турат.
Себеби Замир Эралиев буга чейин “Гора” (“Тоо”) деген кыскаметраждуу тасмасын аягына чейин чыкпай, же акчадан жок, же тасмадан жок болгону көпчүлүккө маалым болсо керек. Бул киши тасма топтун директоруна бардык күнөөнүү шылтап койду да, ошол менен тим болду.
Менин оюмча Курмажан Датка тууралуу тасма да ушундай тагдырга ээ болот. Бул тема абдан оор, көптөгөн эмгекти, каражатты талап кылган тема. Мен чын дилимден бул тасма жакшы, жаш муунга, келечекке керектүү болсо деп тилеймин, бирок ушундай масштабдуу жумуш Замир Эралиевдин колунан келбейт деген ой мени тынчымды алганы алган. Read the full story »








Акыркы пикирлер