Маданият
Прагага кыргыз цирки келип, 400-500дөй киши баткан кооз алачыкта бир ай бою өнөр көргөзүп кетти. Мындан ары кышка дейре Чехиянын башка шаарларын, Германияны кыдырып, андан кийин бир ай Францияда, бир жума Голландияда болушат экен. Андан кийин эң башкысы – Монте-Карлодогу дүйнөлүк чемпионатта мелдешке чыгат. Бул тууралуу Азаттык үналгысы видео дагы тарткан:
Акыркы жуманын дээрлик катуу талкууланган темасы, бул Бакиевдин жаңы реформалары гана эмес, Бишкектеги аюунун адамга кол салып, ээсин чайнап жеп салгандыгы дагы болду. Менин коңшуларымдан ушул окуяны аз дегенде 5 жолу уктум.
22-октябрь күнү Бишкек циркинде чоң кырсык болуп, орусиялык муз үстүндө цирк тартуулаган орусиялык труппанын үйрөтүлгөн аюусу адамдарга кол салган. Натыйжада “маньяк” аюунун ач азуусунан 25 жаштагы труппанын администратору Дмитрий Потаповдун денеси жулмаланып, ошол жерден мүрт кеткен. Ал эми дагы бир жабырлануучу гастролдоп келген орусиялык дрессировщик Евгений Поповдун абалы өтө оор. Ал эми адамдарга ач азуусун кайрыган аюунун мындай аракети эмнеден улам келип чыккандыгын териштиришүүдө. Беш жаштагы “маньяк” аюуну Свердлов райондук ИИБинин кызматкерлери келип, башка атып өлтүрүштү.
Эмне үчүн дал Кыргызстанга келгенинде ал ээсине кол салды болду экен? Эгерде ал аюу сыртка чыгып кетсе, анда Кинг-Конг киносундагыдай болуп, ал дагы көчөдөгү адамдарга зыянын келтирип алмак экен.
Бүгүн Кыргыз улуттук консерваторияcында “Джаз-Бишкек-Күз” өткөн концертке бардым. Концертке Кыргызстандын джаз музыканттары – Александр Акимов, Александр Юртаев, Бакыт Кыдыкбаев, Нургиз Чекилова, Таалай Бейшеев, Викрам Рузахунов, джаз топтору “Аура”, “Джазок”, “Жума” катышышты. Ошондой эле Ташкенттен ырчы Тамила Курмакаева дагы келип, ал жергиликтүү топтор менен биргеликте сахнага дагы чыгып берди.
[inspic=268,left,,270]Консерваториянын чоң залы адамдарга шыкалып, ал тургай олтурганга орун болбоду. Билбейм, балким бул концерттин бекер болгонунанбы (ошондой окшойт), же Бишкекте чындап эле Джазды сүйүүчүлөр пайда болуп калганбы, айтор, угуучулар абдан көп болду. Анан дагы, Джазды угуп, көңүлдү башкага буруп, мээни сергиткен албетте жакшы да.
Бирок, менин айтаарым ал эмес. Ал жакта Жума аттуу топтун чыгышы мени таң калтырды. Ал жактагы комузчу комузду төрт кылдуу кылып жаратып, аны гитарадай эле ойноду. Албетте, чыныгы джаз музыкасы болбойт дечи, бирок, бул дүйнөлүк жанрга жаңыча формат тартуулагандай эле болду. Бирок, ошентсе дагы, комуздун төрт кылдуу кылып чыгаруу биринчиден ачылыш болсо, кай бир адамдар үчүн таң калтырчу шок болду. Бир таанышым айткандай, комуз үч кылдуу болгон, жана ошол бойдон кала берүүсү керек. Менин оюмча, маданият дагы өнүгүүгө укуктуу, демек төрт кылдуу комуз – проблема болбошу керек.
Сапаты абдан начар болсо дагы, интернетке чыгып жаткан маданий иштерди чагылдырып коюу – кызыктуу болот деп ойлодук. Төмөндө menkyrgyz аттуу блог тарабынан даярдалган үй-бүлө тамырларынын аталыштары:[inspic=269,,,0]
Дастан Сарыгуловду бардыгыбыз теңирчи катары таанып, анын кыргыз уруулары тууралу көптөгөн кепти козгоп келгендигин билебиз. Бүгүн анын Назар гезитине берген интервьюсуна көз салып, идеяларына ой жүгүрттүм. Анын айтымында уруучулук маселеси төмөнкүдөй маңызга ээ:
Бул да болсо 70 жыл жүргүзүлгөн саясаттын калдыгы. “Уруучулук элди бөлүп, жарат” деген саясат Совет доорунда жүргөн. Ал кыргызды алсыратып, ынтымагын ажыратууну гана көздөп, уруучулукту атайын жамандаган. Атамзамандан бери кыргыз эли уруучулук менен жашап келген. Уруу түзүлүштүн түптөлгөнүнө бери дегенде эле 15 миң жыл болду. Ошондуктан, биз аны жок кыла албайбыз. Кыргыз өзүн тааныймын десе уруучулукка кайрылыш керек. Бирок, бир шартта гана. Ал – Мекен, улутту туу тутуп, “мен кыргызмын” деп сыймыктанып, кырк уруу кыргызды бийик коюсу керек.[inspic=266,right,,300]Мундуз уруусунун чакыруусу менен барып, алардын Курултайына катышып келдим, саясат жөнүндө бир дагы сөз болгон жок. Мен ал жерден бөлүнүп-жарылууну байкаган жокмун. Болгону Текебаевдин айылында өткөндүктөн бийлик тараптагылар жыйындан чочулашып, аңдып, коопсузданышты…Сол канаттын эки уруусу курултайын өткөрдү, эми оң канат, ичкилик туугандар өткөрөт, биз, буйруса өткөргөнү турабыз. Тарыхты, санжыраны аныктап алсак эмнеси жаман? Мекенчил, улутчул сезим күчөсө мунун эмнеси жаман? Бүгүнкү күндөгү жаштарга тарыхыбызды, санжырабызды, ата-тегибизди айтып, түшүндүрүп бергенибиздин эмнеси жаман? Азыркы жаштардан ата-тегин сурасаң билбейт. Анан аларда кайдагы мекенчил сезим болот?Санжыра кыргызды, кыргыз санжыраны сактап келди. Ошентип кыргыз жок болуп кетпей, 21-кылымдын босогосун аттап олтурат.Союз урагандан кийин Баш мыйзам сегиз жолу өзгөрдү. Кыргыз эли Баш мыйзам менен жашаган жок. Атүгүл, ал канча жолу өзгөргөнүн да унутуп коюшту. Жамандык-жакшылыкта бийлик жардам бербейт. Биз ошону эске алышыбыз керек. Уруучулук менен, жамааттын жардамы менен салтыбызды, наркыбызды сактап келатабыз. Биз эки жылдан бери ушул ишти түшүндүрүп, акырындап мекенчиликке үндөп келатабыз.
Мамлекеттик тилдин 20 жылдыгына карата атайын кыргызча окуу куралдарын чыгардык. Студенттер үчүн жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз. Анткени биз агрардык мамлекет болгондуктан көпчүлүк балдар айылдан келишет да орусча билишпейт. Орус тайпалар деле сабактарды кыргыз тилинде өтүшөт. Ошондуктан студенттерди өзүнүн адистиги боюнча кыргызча окутканга аракет кылып жатабыз, – дейт окуу жай ректору Т.Кубатбеков.
Өткөндө эле кыргыз бизнесмендери менен сүйлөшкөнүмдө алар Агрардык университеттен келген адамдардын же англис же орус тилинде сүйлөбөгөндүгүнө таң беришип, алардын жумуш таппай кыйналгандары тууралуу кеп алышкан элек.Эми жогорудагы жана төмөндөгү маалымат прессада пайда болуп, бирок канчалык деңгээлде бул студенттердин чет элдик тилдерди үйрөнүүсү тууралуу жазышпаган.
Ошентсе да бул окуу жай мындай абалдан чыгуунун жолун таап алган. Былтыркы окуу жылынын апрель айында окуу жайда иштеген окутуучулар арасында мамлекеттик тилде жазылган окуу куралдарын чыгаруу жана кафедралар арасында иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча конкурс жарыялаган. Андан сырткары окуу жайда иш кагаздарды, документацияларды кыргызчалатуу боюнча да алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келет.
“Намазга кудум мурдагы айт-намаздарына катышканчалык эл чогулган. Мындай топту кээ бири 75 миң адам десе, кээ бири 100 миңге чыгарып ийишчү”, – Азаттык радиосунун веббаракчасында бугунку чыккан макаладан.
Жылдан жылга намазга жыгылган жаштардын саны осуп бара жаткандыгын Досбор Нур уулу айтып, кубангандыгын дагы билдирген. Томондо ушул эле макаладагы анын айткан кебинен:
Куттук сөзгө жалгыз гана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу чыгып, оболу быйылкы орозодо Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев бардык дубандарда ооз ачыруу расмисин өткөргөнүн, жалпысы, ал расмиге 3,5 миңдей орозо кармаган адамдар жана аксакалдар катышкандыгын, мурунку жылдары президенттик иптарлык Бишкекте гана 100дөй адамга берилип келгендигин баян кылды.
Албетте, кай бир адамдар динге берилип, азыраак куноо кылуу максатында анын эрежелерине баш ийгендиги жакшы корунуштур. Менин кооптонгонум, намазга жыгылгандардын саны жылдан жылга осуп бараткандыгы диний билим беруунун сапатынын озгоруусуно алып келди болду бекен.Же, дале “чала молдо дин бузарлар” коомчулукка билим берип, бири “мамлекетин негизги ролу мусулман динин онуктуруудо” десе, экинчиси “мусулмандар гана бейишке чыгат” дегенден тышкаркы соду дале айта албай келишеби,
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эларалык сыйлыктын лауреаты. Дүйшеев агайдан бүгүн “Бөтөнзордук” аттуу ыр саптар менен коштолгон макаласынын үчүнчү (соңку) бөлүгүн чыгарып жатабыз.
Илгери кыргыздын түпкү аталары көп сандаган кол менен Кытай падышалыгынын 2 борборун, 2 императорлугу менен эбегейсиз көп байлыгын басып алат. Бийлигин орнотуп, Көк туусун саят. Айдан ай, жылдан жыл агат…Душманын кантип жок кылуу жолун өмүр бою эсинен чыгарбаган кытайлар акырыныдык менен кыргызга аралашат. Тилин үйрөнүп, дилин сиңирип, сулуу-сулуу кыздарын кыргыздардын койнуна салат. Жеңиш менен байлыкка, бийликке өрөпкүгөн кыргыздар кайра-кайра катын алат. Алары чубуртуп тууй баштайт. Бирок кытай катындан туулган балдар кыргыздардын үрп-адат, салт-санаасына бой салбай, чоочун өсөт. Ал эми падыша сарайында тарбия алган кыргыз уландары шамдагай жана эр жүрөк болушканы менен «өздөн жатты ажыратуу», «тууган ким, душман ким» деген сезимдерден такыр эле куружалак чоңоюшат. Кытай акылмандары мындай жаракага улам шынаа кагып, жырылган жерге улам суу куюп, ордонун очогун ойрондой берет…Бийликтеги кыргыздар душманын такыр эле унутуп, ич ара араздашып, бирин бири сатып, бирин бири жеп, акылдууларын, алдууларын, кыйындарын жок кылганга өтөт. Ата-бабалары кечээ эле мурастап кеткен нарк-насилдерин чанып, бөтөн тилде сүйлөп, бөтөн тилде мейман күтүп, өз элин жерий баштайт. Акыры бул орду толгус мүшкүлгө алып келет. Эр жүрөк кыргыздар тез эле согуш өнөрүн унутуп, жоокерчилик деген эмне экенин билбей калат. Кечээ эле ат жалында закымдап, шамал менен жарышкан кыраан кыргыз ат мингенди унутуп, кычы болуп, кир болуп, сасыган сандал сүйрөп, базар-учарларда көр-жер саткан, алып-сатар соодагерге айланат. Соода кыргыздын дилин талкалап, пейилин бузуп, дүйнөсүн тыйындай майдалап, канына ач көздүктүн үрөнүн сээп, адам насилинен ажыратат…Кытайлар айлап, жылдап так ушул күн келерин күткөн. Аябай күткөн. Дал ушундан пайдаланып, кыргыз каганынын башын кыргыздардын өзүнө алдыртып, кытай катындан туулган «өз кыргызын» такка олтургузушат. Таккка олтурган күндүн эртеси кыргыз аттуунун бирин калтырбай жок кылуу жөнүндө буйрук чыгат.Миң-миңдеген өлүктөр бир ай бою Улуу Кытай Сепилинин сыртына качыр арабалар, киши арабалар менен ташылып, алты ай бою жердин бети адам этин жеген иттерден, көктүн бети асманды айланып учкан жору-кузгундардын көптүгүнөн көрүнбөй турган дешет…х х хБул ойдон чыгарылган жомок эмес. Болгон тарых. Ошондон тартып Улуу Кыргыздын омурткасы омкорулуп, арка мойну астында калган. Ошондон тартып «курама жыйып журт кылган эл» куурдай сөгүлүп, «тентиген жыйып журт кылган эл» текейдей тепселип, качып, бозуп, житип, тербип кеткен экен…Ошонун азабын ошол күндөн ушул күнгө дейре тартып келебиз. Ошонун азабынан ушул күнгө дейре саны Саянга, теги Тереңге батпаган кыргыз жери бейиш экенине карабастан тукумсуз үрөндөй өнүп-өспөй, көбөйбөй олтуруп, үч миллионго жетип-жетпей келебиз.Бул Улуу Кыямат учурунда туш-туштан агып олтуруп Манаска куйган. Атаңдын көрү – ай, бизге тарых да сабак болгон жок!х х хКайрадан Л. Н. Гумилевго кайрылалы. Улуу түрколог минтип жазыптыр: «Чыгармачыл жашоону билбеген, жалкоо, эмоция жана акыл жагынан кем, бирок турмуштан өзүнө көбүрөөк нерсе алып калууга умтулган адамдар болот. Булардан дурус жоокер же жакшы иштерман чыкпайт, кокус алар кылмыш жолуна түшсө өмүрлөрү эшафот менен бүтөт. Мындайлар чексиз төлдөп, көбөйө берет. Алар: «биз кандай болсок ошондой бол, күндүк өмүрүң босо түштүгүңө жорго мин принциби менен жашашат, жеп-ичкенден башкага умтулба деген императивди жетекчиликке алышат.Мындай адамдар ар кандай өсүп-өнүгүүнү жек көрөт, ишмердик шылдыңга алынып, интелектуалдуулуктун үзүрлүү жемиштери менен кубанычтары алардын кыжырын келтирет. Искусстводо стиль төмөндөйт. Илимдеги мыкты изилдөөлөр орто заар иликтөөлөр менен алмашат. Коомдук турмушта коррупция күчөйт. Бийликтегилер каракчынын кейпин кийип, өз үзөңгүлөштөрүнөн шектенүү, артынан аңдуу, керек болсо өлтүрүү жолуна түшөт. Ушул фазада орнотулган тартипти «демократиялуу» деп айтуу кыйын, анны «обускрация» деп атоо гана туура болот.Мында чакан топ гана бийлик кылып, элдин ич майын жеген мите куртка окшоп жашаганга өтөт. Жашоону да, өздөрүнө чейин жасалган нерселерди да сактоону билишпейт. Алар адамдардын денесине жабышкан айыкпас жарадан бетер, элдин организмин ичтен жемирип-жей берип «жеңишке» жетет, тагыраак айтканда элин өлтүрүп тынып, акыры өзүлөрү да тукум курут болушат.Европанын Батышы менен Чыгышындагы элдер мындай обскурациялык «алжууга» туш боло тургандай азырынча картаң эмес. Салыштырмалуу кийинки мезгилдерде болуп өткөн окуялар жөнүндө эскерүүлөр кыргыздардын, жунгар ойротторунун (Кытайлар менен болгон ХХ11 кылымдагы согуш), пуэбло (тэба) индейлеринин жана башка бир кездеги өтө зор этностордон азыркы аз сандагы «урууларга» айланып калган элдердин дастарында гана калган.Обускрация фазасынын коркунучтуулугу… Чөйрөнүн тез жана туруктуу өзгөрүп турушунун учурунда ал чөйрөгө ылайыкташуу мүмкүн болбогондуктан этнос бир бүтүн система катары сакталбай, бүлүнүп жок болот».Л. Н. Гумилев. «Этногенез жана жердин Биочөйрөсү». Бишкек 1999, 497-511-б.б.х х хМен ошон үчүн корком. Кагылайын кыргызым, өмүр бою бири-бириңди колдон-буттан тартып, бириңдин тамырыңды бириң кыркып, өзүңдү өстүргөндөн эмес, өзүңдү өлтүргөндөн ырахат алып, көкүрөгүң сокуруң көздүүлөрүңү көралбай, ичи тарың иштерманыңа жол бербей, ичиң күйүп, билеги жоонуң билимдүүңдү жайлап, талантсызың таланттууңу талкалап, кыжынып, кыйылып, көзүңө көр топурак тыгылып көр албай, обдулсаң эле ор казганы чуркап, такка минсең эле тамыр кырккың келип, жакшыңды жалаага жыгып, мыктыңды мыкчып өлтүрүп, адалыңды паралап айыпка жыгып, кыйыныңды кызматтан айдатып, чыгааныңды азуулууңун алдына жара тартып берип, туугандарыңды кутуртуп, четке туруп алып былтыйтмаңды былтыйтып, кылтыйтмаңды кылтыйтып, кыл үстүндө кылтылдап, жол үстүндө мүлтүлдөп, той үстүндө жылтылдап, асты акыретте тунайын, арууланайын, агарып-көгөрөйүн дебегениңе кейийм!О туманың көчкүр, тукумуң өскүр, Кыргызым!
Башталышы бул жерде. Уландысы кийинки жазууда чыгат.
Кыргызстанда 16-17 жыл ичинде 60 медресе, 7 институт, 1 университет ачылды. Бул окуу жайлар Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан каттоодон өтүп, устав, программаларды алып, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин күбөлүгүнө ээ болгон.Копчулук учурда лицензиялар берилбегендиктен, диний окуу жайлар иш алпаралбай, иштерин токтотуп калышууда.[inspic=255,,,400]1990 жылдары Кыргызстанда болгону 39 мечит бар болгон. Азыркы учурда, олкодогу мечиттердин саны 2,5 минден ашуун.
Фотосурот Азаттыкка таандык.
Аш-тойлорго болгон чыгашаларды мамлекеттик деңгээлде чечип, аларга чектөө коюу маселеси эми Кыргызстанда көтөрүлүүдө. Демилгечи болгон мурдагы ырчы, азыркы депутат Ибрагим Жунусовдун айтымында «…аттар, уйлар жана койлор кыргыз өлүп калбаса экен деп жалынып башташты, себеби кээде аш учурунда беш атка дейре, 20 койго дейре союлуп кетет экен».Анын пикиринде айыл жергесиндеги аксакалдар молдолорго ишенип, бул маселенин чечилишин күтүшкөн. Бирок, эч кандай жыйынтык жок болгондуктан, мамлекет тарабын чектөөлөр киргизилүүсү зарыл.Мыйзам аркылуу той-тополоңдордогу чыгымдарды кыскартуу мүмкүнчүлүгү бар экендигине ишенесиздерби?
Кеберсийт талаа. Чөккөн күн,чөл сүйрөп келет аптабын.Өрөөнгө түшкөн өрттөгүөзөндүн онтойт таштары.От жаккан мештей ысылап,үйлөр үп. Үймөк чөп жошо.Кызыл ат – кырга кызыл от,төө өркөч тоого – көз бото.Арыктын суусу балдырттап.айыл тынч өткөн түндөрдөй.Жалгыз бак – жалгыз балмуздак,жамгырсыз күндөр, күйгөн жер.Закымды жиреп унчукпай,желесин тартат зым мамы.Учалбай турат чымчыктар,шишкебек болуп зымдагы.Коруктан түшпөй кыйкырган,короздун үнү түгөнүп.Кол члгы чарчап шылкыйган,короодо талды сүйөнүп.Таранчы чоктой бүркүлгөн,жалбырттап жатат бул аңыз.Ак түтүн болуп илкигенжол гана алсыз чубалып…
Көл-шал түшүп жамгыржан,көнөктөттү калбырдан.Булут басты тоо башын,бурганактап кар кылган.Кыян жүрүп заматта,кырды-кырдай чабат да.”Чарт” дей түшөт асмандынчагылганы чала аткан.Желеленип аңыздар,жер – деңиздей, алыстанАгындыдай чайпалатагыш сарай, агыш там.Көк чылгый жол кенебей,көктү тиктейт теребел.Кылыч окшоп кыяк чөпкыткылыктайт беделер.Даалдап суулар чапкылап,дарак жыргап аптыгат.Санаасы жок кашкаңдап,сайдын ташы каткырат.Көшөрдү күн көшөрдү,көзү ачылбай нөшөрдүн.Өйүз менен тең болуп,өңү албырат өзөндүн.Ээн талаа. Бар атчан,эрбең-эрбең бараткан.Эмне издеди бейубак,агат, агат, агат жаан…
Алыстап аптап көздөгү,ала бел. Айдын чөккөнү.Аштоону тиктеп алаят,ак торпок үймөк чөптөгү.Арыктап токой, тал жүдөп,айыл суз. Аста сай күлөт.Агарган бейит алдында,акырын оттоп мал жүрөт.Жон жатат боздоп “ЗИЛ” аккан,жол бойлоп турат бир ак там.Жомокпу, малбы, сүйүүбү,жок издеп барат бир атчан.Саргарып аңыз күндү өрүп,сары кыр жондор сүйрөйүп.Өтүктөн түшкөн чулгоодойжол келет бутка сүйрөлүп.Кабар жок кайткан куштардан,кан-сөлсүз асман сустайган.Кагаздай талаа… Зым мамы –карандаш өңдүү учталган…



Акыркы пикирлер