Экономика
Эгерде коомдо бюрократиянын чектелбеген иш-аракеттери боло турган болсо, анда экономиканын бардык мүмкүнчүлүктөрүн туура колдонуу менен дүңгүрөп өсүүсүн элестетүү кыйын. Бүгүнкү күндө бюрократиянын аштоосуна бөгөт койбосо болбогондой, антпесе ал коомдук көйгөйгө айланып дагы калды. Бизнести жөнү жок текшерүү жана көзөмөлдөө – бул кереги жок нерсе экенин баары түшүнө баштады. Кандай жол менен бюрократияны кыскартууга (дебюрократизация) болот – өкмөттүн функционалдык бөлүгүн кыскартуу мененби? Бул макалада эң эффективдүү ыкмалардын бири болгон – электрондук өкмөт жөнүндө баяндайбыз. Ар бир мамлекеттик мекемени дыкааттык менен карап чыгып, алардын иш-аракетин кескин кыскартпасак, электрондук өкмөттү ишке ашыруу максатыбызга жетүү кыйын.
Түштүк Корея, Эстония жана Сингапур мамлекеттеринде электрондук өкмөт (ЭӨ) күнүмдүк турмуштун эле көрүнүшүнө айланган. Казакстанды ала турган болсок, ал жерде мамлекеттик башкарууда ЭӨ киргизүү менен көптөгөн жетишкендиктерге жетише башташты. Ал эми Кыргызстанда бул тууралуу көптөгөн талкуулар жүрүп келгени менен, тилекке каршы, калктын көп катмарында электрондук өкмөттүн артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты билгендер жокко эсе.
Электрондук өкмөт – бул өлкөнүн жарандарына жана бизнеске маалымат технологияларын колдонуу менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ыкмасы болуп саналат. ЭӨ иш кагаздарын жүгүртүүдө жана башкаруу процесстерин автоматташтырууга шарт түзөт. Мисалы, сиз өзүңүздүн маалыматыңызды ар бир мекемеге алып баруунун кажети жок, ал маалыматты бир гана мекеме кабыл алат, башкача айтканда мекемелер аралык маалымат алмашууну мамлекет өзү колго алат. Анда паспортту, айдоочу күбөлүктү, күбөлүктү, уруксаат берүүчү кагаздарды алуунун убактысы жарым сааттан ашпайт. Жарандар жөнү жок убакыттарын, каражаттарын коротпостон, керектүү маалыматтарды мамлекеттик органдардандын электрондук базаларынан бир нече мүнөттүн ичинде таба алышат. Ар бир адам өз үйүнөн чыкпастан эле, мамлекетти башкарууда да өз салымын кошо алат. Технологиянын өнүгүүсү менен шайлоолорду интернет аркылуу өткөргөнгө да шарттар түзүлгөн, бул өз убагында шайлоого кеткен убакытты жана каражаттарды кескин азайтканга алып келет.
Электрондук-санарип кол коюу (ЭСК) – бул электрондук өкмөттүн эң негизги аспабы жана кадимки кагаздарга кол коюудан баш тартуунун бирден-бир булагы болуп саналат. Бул аспапты колдонууда ар кандай макулдашуулардын жана уруксат берүүчү кагаздарынын саны кескин түрдө кыскарат. Электрондук өкмөттүн кагазы жок иш-кагаздарын жүгүртүү иштеринде, биз миллиондогон бюджеттик каражаттарды үнөмдөп калат элек. Бир гана Экономика жана монополияга каршы министрлигинин бир айлык чыгымын алсак, иш-кагаздарын жүгүртүү үчүн кеткен чыгым 1,5 млн. сомду түзөт экен. Жогорудагы технологияны ишке киргизүү менен мекемелер аралык кагаз документтерин ташуу, же аларды райондук, облустук, борбордук бийлик арасында жүгүртүү өз актуалдуулугун жоготот.
E-stonia
Электрондук кызмат көрсөтүү жагынан Эстония мамлекети дүйнөдө биринчи орунда турат. Эстонияда “өкмөт бизнеске” (G2B) деген кызматташуусу, бизнеске болгон чектөөлөрдүн кыскарышынын негизинде өнүккөн, мисалга алсак, бул өлкөдө кандайдыр бир компанияны интернет аркылуу каттоодогу сарпталган убакыт 18 минөттү түзөт! Электрондук тармак аркылуу каалаган лицензия жана сертификатты алууга болот. Контролдоочу мекемелердин кызматкерлери менен түздөн-түз сүйлөшүү кыскарган, бул болсо коррупциянын көлөмүнүн азайышына алып келген. Калктын 90%дан ушуун салык декларацияларын интернет аркылуу толтурушат жана жөнөтүшөт. 2005 жылдан тартып Эстония мамлекетинин жарандары кайсы гана жерде болбосун, шайлоо убагында интернет аркылуу шайлаганга шарттар түзүлүп берилген.
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин ишин жүзөгө ашырууда, электрондук башкаруу жергиликтүү калкка бийликтин иштерине катышууга шарт түзүп берет. Кабыл алына турган чечимдер тууралуу маалыматтар менен жарандарды камсыз кылуучу өлкөдөгү баардык муниципалдык башкаруу органдарынын официалдуу сайттары бар. Муниципалитеттин отурумунда каралуучу кандайдыр бир маселеге жергиликтүү калк “макул” же “каршы” деген добушун бере алат. Ушундай иш чараларды өткөрүү менен жергиликтүү бийлик жарандардын оюн, алардын бийликке болгон ишенимин биле алышат.
Эстония мамлекети ЭӨ программасын, өлкөдө информатизациялоонун деңгээлинин төмөндүгүнө карабастан ишке киргизген. Биздин мамлекеттин ушул тармактагы окшош абалын эске алып, бул балтика мамлектинин жүргүзгөн тажрыйбасын биз да колдонсок болот. Эстонияда ЭӨ долбоорун иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу, бул тармакты жакшы өздөштүргөн бизнес чөйрөсүнө тапшырылган, ал эми мамлекет болсо алармандын гана ролун ойногон.
Биздин курулай аракеттер жана иммитациялар
Кыргызстанда ЭӨ долбоорун ишке ашыруу демилгеси жөнүндө көбү биле беришпесе керек. Кыргызстанда бюджетти автоматташтыра ала турган, анын ачыктыгын жогорулатуу үчүн “IS: Казына. Бюджет 1.0” деген маалыматтык системасы иштелип чыккан. Тилекке каршы бюджеттик процессти автоматташтырууга кандайдыр бир себептердин негизинде каржы министрлиги жана борбордук казыналык ишке ашыра алышпай жатышат. Башка мекемелерде иштеп келе жаткан автоматташтырылган долбоорлор, эл аралык донорлордун каржылоосу токтогонуна байланыштуу кыймылдабай турат. Системалык, ырааттуулук ыкмасы жок болгондуктан, кээ бир министрликтердеги түзүлгөн электрондук базалар бири-бири менен төп келишпей, иштебей турат. Бийликте отурган кээ бир чоңдордун жаңы технологиялык стандарттарга өтүүнү каалабастыгы, бул проектти ишке ашыруу боюнча демилгечи топту аябай үмүтсүздөндүрөт.
Эл аралык валюта фонду (МВФ) – БУУнун адистештирилген мекемеси. МВФтин пайда болуусу 1945-жылы 27 декабрда 29 мамлекет тарабынан келишимге кол коюлуп, ушул күн МВФтин пайда болуу күнү катары таанылган. МВФ 1947-жылдын 1 мартынан баштап, Бреттон-Вуддук системанын бөлүгү катары иштеп баштайт. Азыркы убакта МВФ дүйнө жүзү боюнча 187 мамлекетти бириктирет.
МВФ кыска жана орто мөөнөттөгү насыяларды мамлекеттин төлөм балансы дефицитке учураганда насыя берет. Жагдайды жакшыртуу үчүн насыяны бергенде ар дайым ар кандай шарттар жана сунуштар берилет.
МВФтин жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге берген шарттары жана сунуштары көп жолу сынга алынган. Анткени, берилген шарттар менен сунуштар өлкөнүн экономикасы өз алдынча өнүгүп кетүүсүнө шарт түзбөй эле тескерисинче эл аралык финансылык институттарга байлап коет деп айтышуууда.
МВФтин эң негизги масаттары:
- Финансы жана валюта тармагындагы эл аралык кызматташууга жардам берүү
- Эл аралык сооданын кеңейишине жардам берүү
- Валюталардын стабилдүүлүгүн сактоо
- Валютага болгон чектөөлөрдү жок кылуу
МВФке кирген ар бир мамлекет өздөрүнүн уставына жараша кандайдыр бир көлөмдөгү акчаны төлөш керек. Ар бир мамлекеттин добушу төлөнгөн акчага жараша болот жана насыянын көлөмү дагы ушул квотага жараша болот. 1998-жылы эң көп добушту (17,78%) жана насыяны (36 млрд. долл.) алууга АКШнын укугу бар болчу. Салыштырып көрсөк Улуу Британия менен Франциянын болгону 4,98% добушу гана бар. Мындан жыйынтык кылып көрсөк, акчаны ким көбүрөөк төлөсө ошол көп укутарга ээ болот.
Кыргыз Республикасы 1992-жылы 8 майда Эл аралык валюта фондунун мүчөсү болуп кирген. Мүчө болуп киргенден кийин кандайдыр бир милдеттенмелерди өзүнө алган. Мындай милдеттенмелердин ичинде: МВФтин макулдугу жок валютаны алмаштыруу курсуна болгон чектөөлөрдү коюу, дискриминациялык валюттук режимдерди орнотуу жана көп валюттук курс тажрыйбасын колдонууга болбойт.
МВФ мурунку союздук өлкөлөрдүн баардыгын базар экономикага өтүүсүн колдом, жардам берген. Кыргыз Республикасы дагы ар кандай насыялык механизмдер аркылуу финансылык жардам алды. Биринчи жылдары Кыргыз Республикасы финансылык жардамды ар кандай финансылык кубулуштарга (инфляциялык басым, төлөм балансынын начарлоосу, өндүруштүн кыйроосу) туруштук бериш үчүн алган. Анан кийин жардамдарды ар кандай структуралык кайра курууларга, кедейликти азайтууга жана экономикалык өсүүгө насылар берилген.
Эгемендикти алган жылдары, Кыргызстанда экономикалык абал ич жылытаарлык эмес экенин баары эле билсе керек. Орусиянын борборунан каржыланып келген Кыргыз өкмөтү, көз карандысыздыкты алганда, аябай кыйын кезеңге туш болуп, өлкөнүн бюджети жада калса социалдык тармакта иштеген адамдардын айлык маянасын төлөгөнгө шайманы келбей калган.
Ошондой кыйын кезеңде, өлкөнүн туңгуч президенти А.Акаев жана Легендарлуу Парламенттин чечимдери аркылуу Кыргызстан бир нече эл аралык уюмдардын мүчөсү боло алды.
Гиперинфляциянын деңгээли өсүп, товарлардын жетишсиздиги күч алып, кыргыз эли кыйналып турган убакта, 1992-1994 жылдар аралыгында Кыргызстан Эл аралык Валюта Фондуна, Дүйнөлүк Банкка, Азия Өнүктүрүү Банкына ж.б.уюмдарга мүчө болуп кире алды. Жогорудагы уюмдардан көптөгөн финансылык каражаттарды алып, өлкөдө болуп жаткан абалды контролдоого чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Стабилдүүлүктүн орун алышы менен өлкөнүн экономикасы базар экономикасына акырындык менен өткөрүлүп, көптөгөн жаңы реформалар жүргүзүлүп баштаган. Бирок, кайдан-жайдан туңгуч президентибизди теке сүзүп, абал такыр башка нукка өзгөрүлө баштады.
Ар кайсынын башын айтып, жыл сайын эл аралык финансылык уюмдардан кредиттерди, гранттарды ала берип, келген каражаттарга өлкөгө пайдалуу эч нерсе жазалган эмес. Анысы аз келгенсип, мамлекеттин тышкы карызы канча бир миллиард долларга өскөн.
Эмесе, ар бир уюмду алып карап көрө турган болсок, эң биринчилерден болуп 1992 жылы 8 майда Эл аралык Валюта Фондуна мүчө болгонбуз. Бул уюм инфляциянын төмөндөшүнө, банк секторунун туруктуулугуна, тышкы карызды башкарууга кошкон салымы өтө чоң. 2007 жылга чейин Кыргызстандын бул уюмга болгон карызы 103 млн.$ түзгөн.
Ал эми Дүйнөлүк Банкка дагы 1992 жылы мүчө болуп кирип, Кыргызстандагы көптөгөн тармактар үчүн чоң жардамдар көргөзүлгөн. Мисалы , 1992 жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы каражаты 832 млн.$түзгөн 42 чоң проекттер ишке ашырылган. Кошумчалай кетчү нерсе, бул банк аркылуу берилген пайыссыз кредиттердин мөөнөтү 40 жылды түзөт.
Азия Өнүктүрүү Банкына 1994 жылы мүчө болуп, бул банктан 603,5 млн.$ карыз акча алган экенбиз. Ал акчалардын көбү айлана-чөйрөнү коргоого, жеке сектордун өсүүсүнө, инвестиция тартууга кеткен экен.
АКШнын Эл Аралык Өнүктүрүү Агентствосуна (USAID) 1992 жылы мүчө болуп катталып,ал уюмдун жардамы аркылуу көптөгөн тармактарга чоң жардамдар көргөзүлүп келе жатат. Мисалга алсак, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүдө, билим берүү тармагында, айыл чарба секторунда, экономикалык саясатты жүргүзүүдө, медициналык жардам көргөзүүдө, энергетика секторуна материалдык жана финансылык жардамдарын көргөзүп келе жатат.
Германиянын Эл Арылык Байланыщ боюнча коому (GIZ) 1992 жылы ачылып, экономикалык өнүгүүнү, укук жана сот реформаларды, саламаттыкты сактоону, баңги заттарды колдонуу жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүдөгү, билим берүү тармагында реформаларды ж.б. колдоодо салымы чоң.
Европанын Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкына 1993 жылы мүчө болуп, азыркы убакка чейин Кыргыз Өкмөтүнө 250млн.евродон ашык каражат бөлүп берген. Бишкекте жайгашкан Хаят мейманканасынын ремонттолушуна, Ысык-Көл областындагы электр зымдарынын алмаштырылышына ж.б.ушу сыяктуу проекттерди колдоп келе жатат.
Булардан тышкары Кыргызстанда Сорс Фонду, Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык уюму (ОБСЕ), Ага Хан фонду, ТИКА уюму, Жапониянын Эл Аралык Кызматташтык Агентствосу (JICA) ж.б.уюмдар иш алып барышат.
Кыргызстанда канчалаган эл аралык финансы уюмдары финансы каражаттарын бөлүп, пайызсыз кредит жана гранттарын берип келе жатышат. Кыскача айтканда, алар берген каражаттарга биздин өлкө жашап келе жатат десек туура болчудай.
Ошол берилген каражаттар туура жолдо, өз нугунда жумшалдыбы? Жок, алар мамлекеттин пайдасына эмес, кичинекей бир кландын же топтун чөнтөгүнө кетип, бүгүнкү күндө 19 кылымга кайтып бара жатабыз. Энергетика сектору жедеп эскирип, акыркы күндөрдөгү жемишин берип жатат.
Областтар, райондор аралык жолдор мышык ыйлачу абалга келип жетти. Азыр соо адамды издеп таппайсың, жашынан баштап картаңына чейин оорулуулар.
Абактардагы кыйноолор күчүп алып бара жатат, баңги затынын тегерениши, аларды колдонуучулардын саны күндөн күнгө өсүп жатат.
Кыскасы бизге жардам берип келе жаткан финансылык уюмдарга рахмат айтабыз, бул жакшы жагы. Ал эми тышкы карызыбыз күндөн күнгө өсүп, биздин жепжутаарларды байытып жатат. Минтип отурсак, бир күнү баары тең акча бербей койсо, чоңдорубуз өз жарандарын сата баштайбы?
Кыргызстандын деңизге чыкчу жолу жок болгондугу азыркы убакта олуттуу деле тоскоолдук эмес. Географиялык жактан евразия континентинин так ортосунда жайгашканыбызга кошумча, ачык асман саясатын ишке киргизүү бизге атаандаштык артыкчылык түзөт берет.
Ачык асман саясаты – бул эрежелерди жана эл аралык авиаиндистрияны, өзгөчө коммерциялык авиацияны – башкарууну либералдаштырууга багытталган эл аралык концепция. Башкача айтканда, авиаиндистрия үчүн эркин базар түзүү жана өкмөттүн эл аралык авиацияга кийлигишүүсүн төмөндөтүү дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле авиакомпаниянын маршруттарын аныктоодо, учактарды белгилөөдө, алардын көлөмү, билеттеринин наркын жана жүк ташуулардагы чыгарган чечимдерине өкмөттүн кийлигишпөөсүн билгизет.
Бул саясаттын негизги пайдасы: авиабилеттердин баасын төмөндөтүү, авиа билдирүүлөрдү бекемдөө, атаандаштыкты жана авиа кызматтын сапатын жогорулатуу, учактардын санын арттыруу, баардык адамдар үчүн, өзгөчө соода жана туризм секторунда алектенгендердин чыгымдарын азайтуу ж.б.
Акыркы 32 жыл аралыгында жолдорду башкарууда бир топ өзгөрүүлөр болду. Кошмо Штаттары ачык асман саясатын 1979 жылдан тартып ишке киргизишкен, бул авиабилеттерге жана дүйнө жузү боюнча жүк ташууларга болгон баалардын төмөндөшүнө, натыйжада эл аралык жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн көбөйүшүнө алып келген. Кыргызстан бир беткей тартипте ачык асман режимин ишке ашырса, жарандык авиациядан тез убакыттын ичинде пайда көрө алат, ал эми эки тараптуу сүйлөшүүлөр көп убакытты талап кылат жана дайыма натыйжалуу боло бербейт.
Арзан билеттерди чектөө
Авиабилеттердин баасынын азайышын жана аэропортубуздун сапатынын жогорулоосун бардык эле кыргызстандыктар каалашса керек. Тилекке каршы мамлекеттик саясаттын парадоксу ушул мүмкүнчүлүктөрдү чектөөдө жатат.
Кыргызстан жана башка мамлекеттер аралык аба ташымдары эки тараптык өкмөттөр аралык келишимдер аркылуу ишке ашып, эки жактын авиакомпанияларынын маршруттары менен рейстердин саны бюрократиялык структуралар аркылуу чечилип келет. Кыргыз Республикасынын территориясы аркылуу өткөн жүргүнчү жана жүк ташуучу аба транспорттору сөзсүз лицензиядан өтүүгө муктаж. Лицензия берүүдөгү сүйлөшүү процесстери таза эмес жана атайын созулуп дагы келет. Баардык талаптардын аткарылганына карабастан, лицензияны бербей да коюшу мүмкүн.
Советтер Союзунан бери калган ушундай эски система, Манас аэропортундагы өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу колдонууга жана анын өнүгүүсүнө бут тосууда. 2010 жылдагы кээ бир маалыматтарга ылайык Кыргыз Республикасындагы регулярдуу рейстердин жалпы жол жүрүүчүлөрүнүн саны 656 миң жол жүрүүчүнү түзгөн, анын 73% эл аралык рейстер жана 27% ички рейстер түзгөн. Алматы шаарынын аэропорту буга салыштурмалуу 2010 жылы 3 млн. ашык жол жүрүүчүлөрдү тейлеген. Жогорку атаандаштыктын аркасында жүк ташуучулар арасында бир эле багыттагы Бишкек аэропортунун билеттерине караганда, Алматы аэропортунун билеттери орточо эсеп менен 30-40% арзан.
Дүйнөлүк чечим
Дүйнө жүзүндөгү көп тараган тажрыйбаны эми Орусиядан кездештирүүгө болот. Орусияда мурун болуп көрбөгөн ачык асман режимин ал өлкөнүн транспорт министрлиги Владивосток аэропортунда ишке киргизди. Эми каалаган чет элдик жүк ташуучу Орусия мамлекети менен болгон аба каттамдар туураалуу келишимдерсиз эле уча алат. Мурда болсо чет элдик авиакомпаниялар бир мамлекетке өкмөт аралык келишимдердин чектөөлөрүнүн негизинде уча алышчу, ал эми ортодогу конуулар – бир гана май куюу үчүн (жол жүргүнчүлөрүн түшүрүү-отургузууга жана жүктөрдү түшүрүүгө-салууга тыюу салынат) жүргүзүлүп келген. Ачык асман саясатын ишке киргизгенден кийин, Владивосток аэропортунда транзиттик конуу убагында авиакомпаниялар ар кандай операцияларды, анын ичинде жол жүргүнчүлөрүн түшүрүү жана бортко алуу сыяктуу аткарууга мүмкүнчүлүк алат.
“Ачык асман” дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерде ар кандай түрлөрүндө ийгиликтүү тажрыйбаланат, ошонун ичинде АКШда, Гонконгдо, Түштүк Кореяда, Сингапурда, Малайзияда (АСЕАН мамлекеттеринде), Грузияда, жана ошондой эле Европа Союзунун өлкөлөрүндө. Бир гана мисал: Сеул аэропорту (Түштүк Корея) ачык асман режимин ишке киргизип, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизинде, он жылдын ичинде жол жүрүүчүлөрдүн санын эки эсеге көтөрө алган – 18 млн.дон 36млн.го чейин, ал эми транзиттик жол жүрүүчүлөрдүн саны – 5млн.дон 28 млн.го жеткен.
20 декабрда Кыргызстандын ДСУга (Дүйнөлүк Соода Уюму) киргенине 13 жыл болду. ДСУга кирүүнүн кандай жыйынтыктары бар? Кыргызстан 13 жылдын ичинде кандай пайда көрө алды?
ДСУга кирүүнүн биринчи максаттары бул соода режимин либералдаштыруу жана эркин сооданын принциптерин алга жылдыруу болчу. Эркин соода деген эмне жана анын кандай артыкчылыктары бар? Эркин соода элдин берекелүү турмушунун өсүшүнүн негизги факторлорунун бири. Эркин сооданын негизги принциптери бул эркин жасалуучу алмашуу жана өз ара пайда көрүү. Эркин жасалуучу алмашуу катышкан жактардын пайда алуу шартында гана болот. Мындан – соодада болгон тоскоолдуктарды алып салуу деген логикалык жыйынтык чыгат.
Эркин сооданын артыкчылыктары:
- Элдин берекелүү турмушунун өсүшү
- Баалардын төмөндөөсү
- Товарларды жана тейлөөлөрдү кеңири тандап алуу
- Сооданын көлөмүнүн өсүшү
- Глобалдык эмгектин бөлүнүшүнүн жана экономикалардагы адистештирүүнүн тереңдөөсү
- Салыштырмалуу артыкчылыктары бар экономиканын тармактарынын өнүгүүсү
- Экономиканын өндүрүмдүүлүгүнүн жана инновациялуулугунун өсүшү
- Атаандаштыктын күчөшү
- ИДПнын өсүшү
- Тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн бекемделүүсү
Эркин соода режими менен болгон мамлекеттер глобалдык базарга кошулуп, натыйжада анын элинин кирешелеринин өсүшүнө алпарат. Соодадагы бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салган өнүгүп жаткан мамлекеттер соодада чоӊ тоскоолдуктары бар мамлекеттерге салыштырмалуу өнүгүү ылдамдыгы үч эсе жогору экенин көп жылдык тажрыйба көрсөтүп келет.
Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында ДСУга биринчи кирген. ДСУга кирүү 1998-жылдан баштап экономикада келээрки жетишкендиктерге жардам берген. ДСУга кирүү учурунда Кыргызстандын негизги максаттары бул тышкы сооданы эркиндештирүү, анын көлөмдөрүн чоӊойтуу, экономикалык өнүгүүнү стабилдештирүү жана дүйнөлүк соода агымдарына кошулуу болгон. Кыргызстан тарифтик бааларды азайтып, орто деӊгээлде 5,1% кармаганга бир катар милдеттерди алган.
ДСУнун мүчөсү болуу менен алган негизги пайдалар:
1. Кыргызстандык товарлардын жана тейлөөлөрдүн экспорту бүткүл ДСУ мамлекеттеринде жагымдуу режим менен колдонот, ДСУ мамлекеттери эч кандай башка ДСУ мамлекеттердин кызыкчылыктарына зыян келтирген чек коюу чараларын колдонушпайт жана кыргызстандык товарлар үчүн төмөндөтүлгөн тарифтерди колдонушат, бул улуттук товарлардын башка базарларда болгон атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрөт. Натыйжада, тышкы соода көлөмдөрү 2003-жылдан баштап тез өсүп баштады. 1998-жылдан 2010 жылга чейин 1,4 млрд. доллардан башталып, 5 млрд. долларга чейин өстү. Башкача айтканда 3,5 эседен ашуун өстү. Экспорт 2010-жылы 1998-жылга салыштырмалуу 3,3 эсе өстү. Импорт болсо 3,7 эсе. Бул тышкы сооданын ИДПге салыштырмалуу 1998–2010-жылдар арасында 83%дан 108%га чейин өсүшүнө жардам берди.
2. Акыркы жылдары Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттерге жана Оруссияга импорттук товарлардын реэскпортунун регионалдык борборуна айланды. Чоӊ көлөмдүү реэкспорттук соода агымдар Борбор Азиядагы эӊ чоӊ «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары аркылуу өтөт. Дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча «Дордой» жана «Кара-Суу» базарларындагы жалпы сооданын көлөмү 2008 жылы 3,5 млрд. долл. түзгөн же ИДПнын 68%. Реэкспорт «Дордой» жана «Карасуу» базарларында 75% жана 85% түзөт. Бул базарларда түз жана жандатып 500 миӊдей адам иштейт. Же бул сан иштегенге жөндөмдүү калктын 20% түзөт.
3. Ички соодалык жана салык мыйзамдары ДСУнун эрежелери жана нормалары менен туура келтирилген. Муну менен дүйнөлүк сооданын 97% иштейт. Мыйзамдарды мындай туура келтирүү экономикага инвестицияларды тартуу жана сооданын өнүгүүсү үчүн жардам берген режимдерди коюу үчүн зарыл болгон. Чет өлкөлөрдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 2010-жылы 234 млн. долл. түзсө, 1999 жылга салаштырмалуу 5 эсе өстү. Мындай инвестициялар 2001-жылдан 2008 жылга чейин тез ылдам менен өсүп жатты. Ал эми 2008 жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып – 377 млн. долл. эӊ бийик көрсөткүчкө жетти.
4. Соодалык саясатты либералдаштыруу жагына өзгөртүү бюджетке бажы төлөмдөрдөн түшкөн кирешелерди азайткан жок. Экономика жана тескөө министрлигинин маалыматтары боюнча, либералдуу пошлиналарды киргизген учурдан баштап 9 жылдын ичинде бажы төлөмдөрдөн түшкөн кирешелер 3 эседен ашуун өстү.
5. Импорттун түзүлүшүндө өндүрүүгө керектүү ортодогу жана инвестициялык товарлар 60% ашык бөлүгүн түзөт. Бул кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн конкуренцияга жөндөмдүүлүгүн сактап калыш үчүн төмөн тарифтердин мааниси чоӊ экендигин көрсөтөт. Мисалы, кийим тигүү тармагынын тез өнүгүүсүнүн негизги себептеринин бири – бул Кытайдан, Түркиядан жана башка мамлекеттерден келген арзан кездемелерди төмөн тарифтер менен алып кирүү. Кийим тигүү продукциясынын өз наркында кездемелер 50% түзөт.
6. ДСУга кирүү менен Кыргызстан өзүнүн эл аралык имиджин көтөрдү жана конкуренцияга жөндөмдүү базар экономикасын курууга тарап алган реформалардын кайра артка кайтарылбасынын декларациясын камсыздады.
7. Улуттук өндүрүүчүлөр жана инвесторлор үчүн соода тармагында жана тейлөө тармагында белгилүү режим орнотулган. 2000-жылдан баштап тейлөө тармагы тез өсүп, 2010-жылы ИДПнин 45% ашуун бөлүгүн түзөт.
8. Бүткүл ДСУ мамлекеттери аркылуу товарлардын эркин транзити. Бул учурда кыргызстандык товарларга пошлиналар, салыктар жана чектөөлөр колдонулбайт.
Коомдук уюмдардын коалициясы жана бизнес коомчулук Жогорку Кенешти 41 өнүккөн мамлекеттер үчүн визасыз режим боюнча, мыйзамды кабыл алуу процессин тездетүүгө чакырат.
Биринчи сунушталган тизмеде 57 мамлекет үчүн визасыз режимдин киргизилгендигине карабастан, коомдук уюмдардын коалициясы жана бизнес коомчулук даярдалган мыйзам долборун толук колдойт.
Кыргызстан азыр оор экономикалык абалда турат. Апрель революциясынан кийин болгон трагедиялык окуялар, мамлекеттин инвестициялык жана туристтик жагымдуулугун төмөндөттү. Ушул жылдын 1 июлунан баштап толук иштеген Бажы Уюму мамлекеттин экономикасына терс таасир тийгизип жатат, мындай таасир келечекте дагы күчөшү мүмкүн. Бажы Уюму товарлардын экспортуна жана реэкспортуна чоӊ тоскоолдук болуп калды. Ушуга байланыштуу башка тармактардын өнүгүшүнө болгон тоскоолдуктарды алып салуу, актуалдуу жана маанилүү болуп саналат.
Биздин мамлекет туристтик статусу менен Меккедей болуп мактана албайт. Кыргызстандын конкуренттик артыкчылыктары Түркия, Франция, Малайзия, Таиланд мамлекеттерине салыштырмалуу аз. Туристтик агымдар үчүн мамлекеттер арасында конкуренциянын деӊгээли бийик. Парламент өзүнүн чечими менен Кыргызстандын конкуренттик артыкчылыктарына бир маанилүү артыкчылыкты кошо алат – бул визасыз режим.
Виза потенциалдык туристтерди качыра турган бюрократиялык тоскоолдук. Туристтер документтерди чогултууну, татаал процедураларды өтүүнү жана визаны күтүүнү талап кылбаган мамлекеттерди тандашат.
Манас аэропортуна учуп келер замат виза алуунун жеӊилдетилген режими иштейт. Бирок, учуп келген адамдар үчүн ал жеӊил болуп сезилбейт. Ал жерде катар катар элдер топтолуп, консулдар көп учурларда кечигип, 2 сааттык түшкүтамак ичүүгө кетип калышат, туристтерден акча талап кылып, коркутуп-үркүтүүлөр болот, виза алгандарга дайыма эле калган акчасын беришпейт жана башкалар. Белгилеп кетиш керек, мамлекетке кирүү үчүн башка өткөрүүчү пункттарда жеӊилдетилген виза алуу режими жок.
Өнүккөн мамлекеттер бири бирине визаларды мурда эле алып салышкан, ошону менен өздөрүнүн жарандары үчүн туристтик, иш боюнча, маданияттык жана жеке максаттар менен эркин жылып жүрүүгө жол ачышкан. Эгер өнүккөн мамлекеттердин жарандары үчүн визалык режим сакталып калса, балким Францияга 2010 жылы 76,8 млн. адам, кичине Малазияга 24,6 млн. адам барбайт болчу.
Ушул убакка чейин чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан, дүйнөлүк жана регионалдык банктардан канчалаган пайызсыз кредитинда, пайызы бар кредитин алып келе жатабыз, ал келген финансы каражаттарынын мамлекет, эл үчүн иштегенин эч ким көрө элек.
Ал каражаттар кумга сиңген суудай болуп, жок болуп кетти. Кайда, кантип жумшалганын эч ким билбейт. Бирок, ар бир грант, кредит келгенде, өлкөбүздө бийликтин жогорку бутагында отурган адамдар, кандайдыр бир түшүнүксүзбү же сыйкырдуубу себептердин айынан байый түшөт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын карызы болжолдуу эсеп менен 3млрд.$ жетти, анын 2,8млрд.$ тышкы карыз болсо, 250млн.$ ички карызды түзөт. Жакынкы убакта дагы кредиттер берилээри белгилүү болуп калды. Алар CASA-1000 проектисинин негизинде Дүйнөлүк Банк тарабынан 200 млн.$, ЕврАзЭС уюмунун Кризиске каршы фонду тарабынан 106,7млн.$ берилээри күтүлүп жатат.
Жыл сайын биздин өкмөт тыштан карыз алат, ал эми аларды төлөш керек экени, эч кимди ойлондурбайт. Баарыбыз тең бүгүнкү күн менен жашап келе жатабыз. Бул карыздарды төлөө мөөнөтү 2015-2020 жылдарга туура келет, бул жөнүндө эч кимдин да башы оорубайт.
Акыркы убактары бюджеттин тартыштыгынан, кен байлыктарыбызды жол салганга, тышкы карызыбызды кечкенге же болбосо кандайдыр бир проектти ишке ашырыш үчүн кен байлыктарыбызды акчага алмашкан атабыз.
Жаңы келген президентибиз Американын Транзиттик Жүк Ташуу борборун жабам деп жар салып чыкты, мунун артында чоң проблемалар жатканынын айгиленейт. Аны жапканда, эл аралык финансы уюмдары, мамлекеттик эмес уюмдар ж.б.организациялар жабылып, бизди эмне күтүп турганы белгисиз.
Быйыл Транзиттик Жүк Ташуу борборунан түшкөн финансылык каражаттар 211 млн.$ түзгөн, анын ичинде ижара акысы да, ж.б.чыгымдары камтылган.
Айтор, карыз акча ала берип, бир уюмдан же мамлекеттен көз каранды болуп калышыбыз, мени аябай өкүндүрөт.
Мындай карызды кийин кантип төлөп беребиз, ушундай араң жан экономикабыз менен. Канчалаган мамлекеттер бар, уулуу таштандыларын кайда көмөөрүн билбеген. Качандыр убакта, бизге алар карызыңарды кечебиз, силердин жерге калдыктарды көмөлү десе, биздин саткын саясатчыларыбыз макул болоорунан эч шек санабайм.
Ансыз да элибиз араң жашап, өз жанын өзү багып, оокат кылып жүрүшөт. Мамлекетибизде чечилбеген көйгөйлөр аябай көп. Ошол келген каражаттарды туура пайдаланып, чоңдор өз чөнтөгүн ойлобой, элдин көйгөйүн чечип берсе, пайдалуурак болмок.
Канча жылдан бери эле коррупция менен күрөшүп келебиз, бир да пайда чыккан жок. Ар бир жаңы келген жетекчи, сөзсүз коррупция менен күрөшөм, кыскартам, жоготом деп, элдин көңүлүн көтөрүп келет.
Ошенткени менен бир да жетекчи алгылыктуу иш жасаганын көргөн жокпуз. Тескерисинче, коррупциялык схемаларга жол ачып, өз чөнтөгүн толтургандан башка эч нерсе кылынбай келет.
Бул жолу да жаңы шайланган президентибиз коррупция менен күрөшөм, кыскартам деген сөзүн айтты. Муну эми убакыт көрсөтөт.
Кыргызстанда бүт жерден коррупцияны кездештирүүгө болот, жаңы төрөлгөн баланы төрөткөн адамга да акча берсек, кийин бала бакчага барганда, ал жакка киргизүү үчүн акча сурашат, анан мектеп, жогорку окуу жайлары, жумуш, жада калса адам өлгөндө да жерди сатышат, мунун баарын коррупцияга кошууга болот.
Ал эми мамлекеттик жогорку органдарды, депутаттарды, сотторду ж.б.коррупцияга малынганын айтпай эле коёлу. Кээ бир эксперттердин айтуусу боюнча коррупциянын жылдык айлануусунун суммасы, мамлекеттин бюджетинин 50% ашып кетет экен.
Transparency International уюмунун жаңы баяндамасында айтылгандай, биздин мамлекет дүйнө жүзүндөгү эң коррупцияга баткан өлкөлөрдүн катарында. 2011 жылдын отчетунда 182 мамлекеттин ичинен 164 оорунду ээледи. Жогорудагы көрсөткүч өтө өкүнүчтүү.
Акыркы убактардагы нурданган көмүрдүн келиши, сотторду тандоо кеңешинин алдыга жылбай жатышы, премьер министр болом деп акча чачып жаткан кандидаттардын кылган кылыктары мисал боло алат коррупцияга.
Коррупциянын өсүшүнүн негизги себептеринин бири катары айлык маяналарынын аздыгы, трайбализмдин өсүшү, билим деңгээлинин төмөндүгү, чыныгы профессионал жумушчулардын кылган ишинин бааланбагандыгы, коомдун жогорку жана төмөнкү катмары деп бөлүнүшүнүн негизинде келип чыгып жатат.
Коррупцияны кыскартуу ар бир коомдун катышуучуларынын өзүнөн көз каранды.Адамдар өздөрү акча бербесе, кээ бир мамлекеттик органдар өздөрү сурашпайт.
Бизде ким коррупционер, ким таза экенин жөн эле билсе болот. Аны үчүн мамлекет башчы өзү таза болуусу зарыл. Анан салык, прокуратура, сот, укук коргоо органдарын тазалап, баардыгын бириктирип бир комиссия түзүп, шаарга чыгып чоң, кымбат машиналар менен жүргөндөрдү, алардын эки кабатүйлөрүн текшкерсе, коррупционерлерди бир айдын ичинде кармаса болот.
Эгер ал кармалган адам чындыгында ошол менчиктерин мыйзам чегинде далилдеп бере алса, анда ал таза иштеген. Эгерде аны далилдей албаса, мамлекетке конфискация кылганга укук бериш керек. Ошондо коомдо өзгөрүүлөр болуп, мамлекетибиз өнүгүшү мүмкүн, эгер андай болбосо, эски таз кейпибизди кийип отура беребиз.
Бюрократиялык механизмдерди кескин түрдө кыскартуу керек. Мисалы бизнес ачам деген адамга канчалаган кереги жок документтерди чогултуу керек, жана алар канча күндү талап кылат. Аны күтпөйм деген адам. атайын бир суммадагы акча берип, убакытты үнөмдөп, тез бүтүргөнгө шарттар бар. Мунун баары коррупциялык схемалар.
Ушундай эле мисалдарды каржы сферасында, тендер өткөрүүдө, машинаны техникалык кароодон өткөрүүдө кездештирүүгө болот.
Айтор, коррупция мамлекеттин канын сүлүк курттай эле соруп жатат. Мындай нерседен тез аранын ичинде арылуубуз зарыл. Аны үчүн реалдуу реформаларды жасап, жаш, таза кадрларды тартуу керек.
Сүрөт Time.kg сайтынан алынды.
Кыргызстан дүйнө жүзүндө экономикалык көрсөткүчтөрдөн акыркы оорунда келе жатканы белгилүү. Өндүрүш эң төмөнкү көрсөткүчкө түшүп кеткен, өлкөдө болгон техниканын баары жедеп эскилиги жетип, оңдоого жараксыз абалга келип жетти.
Биздин өлкөнү эл аралык карым-катнашта кайсы жагынан таанытсак болот? Жылда төңкөрүш жазаппы же күндө ар кандай митинг, демонстрацияларды өткөрүү жолу мененби?
Же мындан башка жолдорубуз да барбы? Мисалы, айыл чарба продукциясын өндүрүп, чет мамлекеттерге эколгиялык жактан таза продукцияны сатуу жолу мененби?
Мындай жол менен өнүгүүгө бизде толук кандуу шарттар бар. Кыргызстандагы ички дүң продукттун 25% айыл чарба түзөт, ал эми жалпы калктын 67% айыл жергесинде жашашат, жумушка жарамдуу калктын 32% айыл чарбасы менен эмгектенишет.
Жалпы республика боюнча айдоо жерлеринин аянты 1280 миң га түзсө, анын 861,1миң га фермердик чарбаларга, 340,7 миң га ар кандай коллективдерге, 64 миң га жеке адамдарга таандык.
Баарыбызга белгилүү болгондой, ушунча айдоо жерибиз бар, бирок айыл чарба продуктылары менен республиканы толук камсыз кыла албай келебиз. Себеби, Кыргызстанда дыйкандар өндүргөн продуктылардын баасы өндүрүлгөн өздүк баадан төмөн, ошого байланыштуу Казахстанга же Россия мамлекеттерине экспорто кетүүдө.
Айыл чарбасына керектүү техникалардын жетишсиздиги чоң кыйынчылыктарды жаратат. Техникалар болсо да, алардын көбү Советтер союзунан калган. Ошого байланыштуу жаңы техникалар менен камсыз кылуу керек.
Дыйкандарга мамлекет тарабынан берилген кредиттердин пайызы өтө жогору, аны алган дыйкан бир жылда эч качан төлөп бүтө албайт. Бийликке келген кээ бир партиялардын 7 жана 9% пайыздык кредит беребиз дегени кагаз бетинде эле калууда.
Жер-жерлерде айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводдордун жоктугу да өтө өкүнүчтүү.
2012-2014 жылдардагы өкмөттүн айыл чарбаны өнүктүрүү программасын алсак, эмки жылга бюджеттен 1млрд.сом бөлүнөөрү, айыл чарба техникаларын алып келе турган лизинг компаниясын ачуу, дыйкандарга төмөн пайыздагы кредиттиерди берүү пландары каралган экен.
Мындай программалар ишке ашса абдан жакшы, бирок биздин чиновниктердин алкымдары абдан чоң, бул жерден да акча жазап калыштын амалдарын табышса керек. Мисалы, тендерлерди асмандагы баалар менен өткөрүп, келген техникаларды тууган-туушкандарына берип дегендей.
Акырында жыйынтыктап кетсем, биз агрардык өлкө болгондуктан, айыл чарбасы аркылуу жакшы жетишкендиктерге жетсек болот. Дүйнө жүзүнө экологиялык таза продуктыларыбыз менен таанылсак болот. Буга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.
Мен ишенем келечекте Кыргызстан өнүккөн мамлекетке айланаарын. Ал үчүн баарыбыз аракет кылышыбыз керек өкмөттү күнөөлөп отура бербестен!
Сүрөт report.kg сайтынан алынды.
Бул кубок “Ишкерлик Жумалыгы – 2011” долбоорунун негизинде Борбор Азиядагы Эркин Базар Институтунун, Бишкек Ишкерлер Клубунун, АКШ элчилигинин, Ф.Науманн фондунун, Эл аралык жаштар фондунун жана USAID жергиликтүү өнүгүү программасынын жардамы аркасында өткөзүлдү.
“Ишкерлик Жумалыгы” дүйнөнүн 115 өлкөсүнөн көбүрөөк мамлекеттеринде өткөрүлүп келе жатат. Ал эми Кыргызстанда быйыл экинчи жолу болуп жатат. Негизги максаты болуп, жаштарды ар кандай иш чаралардын негизинде, тактап айтканда ишкерлик боюнча мектеп окуучуларына тренингдерди өткөрүү, студенттерге лекция окуу жана ар кандай оюндарды өткөрүү менен коштолот.
Кыргызстандагы “Ишкерлик Жумалыгы – 2011” долбоорунун негизги уюштуруучулары болуп Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту жана Бишкек Ишкерлер Клубу саналат.
Манас Кубогу 2011 турнирин колдоочуларынын бири Кыргыз-Түрк Манас университетин да айта кетсек болот. Жыл сайын ушул университетте өтүүдө.
Негизинен Манас Кубогу 9 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат, башкача айтканда 2001 жылдан тартып. Бул жерде баардык иш чаранын баары дебат түрүндө өтүп, ага Кыргызстандын баардык булуң бурчунан келген командалар катыша алышат.
Жергиликтүү командалардан тышкары дагы, кошуна өлкөлөрдөн Казахстан, Таджикистан, Узбекистан, Туркменистан жана Пакистандан,Украина, Азербайджан, Орусия өлкөлөрүнөн келген командаларга да катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Дебат кыргыз, орус, англис тилдеринде өтүп келе жатат. Катышууну каалаган командалардын саны жыл сайын көбөйүүдө.
Эл аралык дебат боюнча турнирдин негизги максаты – студенттер арасындагы дебатты колдоо болуп саналат. Мындай дебаттарга катышуу менен студенттер талдоочулук жөндөмүн көтөрүү менен бирге, өзүнүн оюн так жана даана билдирүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Бул жолку өткөн дебатта Ишкерлик чөйрөсүндөгү проблемалар жөнүндөгү темалар каралды. Мисалга алсак, бизнести өнүктүрүү, калктын жарандык жана экономикалык активдүүлүгү, инвестиция тартуу, бизнес ачуудагы бут тосуулар, мамлекеттик жана жеке байланышты өнүктүрүү ж.б.суроолор каралды. Бул турнир констуктивдүү байланышты түзүүчү, жаңы идеяларды берүүчү жана жаштардын биригүүсүнүн башаты болуп калат.
Дебаттын негизги эрежелери жөнүндө сөз кыла турган болсок, ал американын парламенттик дебаттар форматында өтөт. Командалардын санына жараша бөлүштүрүлөт. 1/8,1/4, жарым финал жана финал болуп.
Эки команда чыгып, бири өкмөт болсо, экинчиси оппозиция болот. Берилген бир теманын негизинде катуу талкуу жүрөт. Ал оюнду сот мүчөсү алып барат. Аягында жыйынтыкты сот чыгарат.
Кыскача Манас Кубогу жөнүндөгү маалыматтар жөнүндө түшүндүрмө бере алдым десем болот. Ушундай иш-чаралардын аркасында көптөгөн жаштар өзүнүн билим деңгээлин, ой-жүгүртүүсүн көтөрө алды деп ойлойм.
Аягында не демекчимин, уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө чоң рахматыбызды айтабыз. Ушундай долбоорлор көп-көптөн болуп турсун.
Негизинен энергетика экономиканын эң бир негизги тармактарынын бири болуп саналат. Биздин мисалда, тескерисинче залалын тийгизип келе жатат. Электр энергиясынын жоготуулары болжол менен 25% түзөт, ал эми уурдагандары менен төлөбөгөндөрү канча?
Ошентсе да Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай мамлекет. Бир гана суунун көлөмү канча. Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттин бир жылдык гидроэнергетикалык потенциалы 142 млрд. кВт/саатты түзөт. Мунун 10% гана колдонулат. Тагыраак айтканда 12ден 14 млрд. кВт/саат. Советтер Союзунун убагында салынган ГЭС, ТЭЦтер толук кандуу иштебей келет. Жедеп эскилиги жетип, толук кандуу оңдоп-түздөө иштерине аябай муктаж.
Мындан тышкары электр энергияларын бөлүштүрүүчү стантциялар, электр линиялары, трансформаторлор ж.б.тетиктери да эскилиги жетип, өзүнүн ресурсун түгөттү десек болот.
Эки мамлекет башчыбыздын убагынан тартып эле энергетика тармагына көңүл бөлүмүш этип, бирок эч кандай майнап чыкпай келди.
Жыл сайын эл аралык уюмдардан, банктардан, өлкөлөрдөн карыздарды ала берип, кыйратаарлык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөйт. Баягы алынган акчалар чоңдордун чөнтөгүнөн ашпайт.
Республика боюнча жалпысынан 12 чоң ГЭСтер бар, андан тышкары чакан ГЭСтерди да кездештирүүгө болот. Келечекте башка мамлекеттер менен биргелешип канчалаган ГЭСтер курулган жатат.
Бирок ушунча ГЭСтерди куруунун бизге кереги барбы? Макул курушсун.Өндүргөн энергияны кайда жана кантип сатат?
Энергияны берүүчү линиялардын эскилиги жетсе, ал энергияларды кантип сатмак эле. Андан көрө биринчи ошо линияларды оңдоп, инфрастуктурасын түзүп, анан ГЭСтерди курушса болмок.
Пакистан, Россия, Казахстан, Китайга электр энергиясын сатабыз деп пландап жатат биздин өкмөт. Аларга кантип сатмак эле эскилиги жеткен тетиктердин жармады аркылуу?
Батыш өлкөлөрүндө мындай чоң каражатты талап кылып, курулган ГЭСтерден эчак эле баш тартышкан. Ал жакта чакан гана ГЭСтерди куруп, каражатты үнөмдөп жатышат. А бизде кереги жок ГЭСтерден дагы деле баш тарта албай жатышат.
Ар бир айылда суудан көп неме жок. Ошо жерлерге чакан ГЭСтерди курса, ал ар бир айылды көз карандысыз кылып, өзүн 20-30 жылдын ичинде эле актамак.
Андайга биздин жетекчилер жол бербейт. Себеби, келген инвесторлордон 10% “шапка” сурап жатса, кимдин эле кургусу келсин.
Ошого карабастан Кытай, Россия мамлекеттеринин биздин энерго тармагына көз артышы, көптөгөн кызыгууларды жаратып келет.
Эмнеси болсо да биздин акылы кыска жетекчилер күнүмдүк байлыкка, бийликке алданбай, эч байлыгызды сатпай, мамлекетке пайда алып келчү энерго тармагын кура алат деп ишенем.
Кыргызстанда жеке менчик проблемасы ар бир адамдын жүрөгүн өйгөн маселе. Себеби, өлкөдөгү чоң-чоң бизнес кылган камапаниялардан баштап, кичине жеке ишкерлик менен алек болгон адамдарга чейин кысымдар көрсөтүлүп келет.
Андай кысымдар криминалдык топтордон баштап, паракорчулукка белчесинен баткан мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп келе жатат.
Кыргыз Республикасынын баш мыйзамында жеке менчик жөнүндөгү нормалар так жана даана көрсөтүлүп турса дагы, ушу күнгө чейин кыйратып эч кимди коргобой келет. Ал мыйзамдар кагаз бетинде эле калып, реалдуу турмушта эч качан иштебейт.
Жеке менчикти коргоо – бул экономиканын өнугүүсүнүн бирден бир булагы болуп эсептелинет. Инвесторлордун келүүсүнө да кепилдик боло алат.
Тилекке каршы өлкөдө болуп жаткан баш аламандыктын айынан инвестор эмес, жөнөкөй адам эс алып келүүдөн коркуп, баш тартып жаткандары канча бүгүнкү күндө.
Өлкө башынан бир эмес, эки төңкөрүштү өткөрдү. Экөөндө тең чоңдордун мүлкүнөн баштап, карапайым адамдардын мүлкүнө кол салуулар болуп, кылмышка тиешеси бар адамдар бүгүнкү күнгө чейин өз жазасын албай келет.
Төңкөрүштүн аркасы менен келген жетекчилер эски бийликти айыптап, аларга тиешелүү делген менчиктерин өзүнө же туугандарына каттатып алган учурлар абдан көп.
Менчикке кол салууда жеке адамдар, кылмыштуу топтор жасабашы баарыбызга белгилүү. Алар бийликтин жогорку бутактарында отурган аткаминерлердин колдоосунда жасалып келүүдө.
Буга Ак Үй, Көк Үй, сот бийлиги, милициясы, каттоочу органдар ж.б.кошсо болот.
Эң биринчи кезекте көп пайда алып келген кампаниялар, банктар, өндүрүш иш каналары кызыгуу жаратат. Мындай объекттерди атайын бонкрот кылышып, жетекчилерине иш козгоп, алардын туугандарын, балдарын коркутуп үркүтүүнүн жардамы басып алып жатышат.
Мисалы 2005 жылдан кийинки “Вечерний Бишкек” ,КООРТ каналынын 5-канал болуп өзгөртүлүшү ж.б. Ал эми 2010 ж. апрель окуясынан кийинки улутташтырылган объектилер, 5-каналдын Парламенттик болуп өзгөрүшү.
Мындан тышкары канчалаган жер басып алуулар болуп жатат, соодо түйүндөрүндөгү тоноолор – ушунун бирин коргодубу мамлекеттик органдар? Жок, тескерисинче тоноочуларга жол ачып берди!
Ушундай баш аламандыктан, басып алуучулуктан, мыйзамдардын чала бышып, иштебей жатышынан биз кантип өнүгөбүз? Ушу кебетебизди көрүп, кайдагы инвестор келмек эле?
Бирөөнүн мүлкүн тартып алып, эртеси эптеп бийликке келип, тартып алган мүлкүмдү коргосом деген эле адамдар бүгүн Кыргызстанда.
Ушинтип отурсак кыргыздар кырылып калабызго. Абдан кейиштүү абалга келип калдык. Эртеңки балдарыбыздын келечеги кандай болот?
Жеке менчик – менчиктин бир түрү жана мыйзам тарабынан корголот. Кыргыз Республикасынын башкы мыйзамында да жеке менчик мамлекет тарабынан корголот жана эч ким аны тартып алууга укугу жок – деп жазылган.
Советтер Союзу кулап, Кыргыз Республикасынын көз карандысыз болгонуна 20 жыл толду. Мурда ашыкча мал-мүлк күтө албагандарга короо-короо кой күтүүгө, ишкерлик кылып байууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Көз карандысыз мамлекет алсыз, чабал болсо – башка байыраак, чоңураак, күчтүү мамлекетке көз каранды болуусу ыктымал. Андыктан эл аралык тажрыйбада көз карандысыздыктын негизи катары экономикалык көрсөткүчтү алып карашат.
Биздин мамлекетте 1995-жылга чейин экономикалык алга умтулуу бир топ эле аз болуп, коомчулук жаңы базар шарттарына көнбөй, жеке ишкерлер жаңы – жаңы пайда болуп баштаган. 1996-жылдардан кийин гана эл ишкерлик кылуу керектигин, мамлекеттин көрсөтмөсү менен эмес, ишкерлер өздөрү ойлонуп аракет кылуу зарылдыгын түшүнө башташкан. Ошондон кийин гана коомчулук өзү аракеттенип, базарлык алакалар өнүгө баштаган.
Жеке ишкер бүгүнкү күндө мамлекет үчүн өтө кымбаттуу, алтын адам. Айлык сурабайт жана өзү менен өзү убара. Салык төлөйт. Кала берсе башкаларга да жумушчу ордун түзүп берүүдө. Бул жалпы коом үчүн эң сонун жетектөөчү күч. Бир гана чатак жери – мамлекет ошол өзү менен өзү алектенип оокат кылып аткан кишилерди, башка элге оокат кылып аткан кишилерди тономой жагын жакшынакай кылып өздөштүрүп алышкан. Касаптын мышыгындай аңдып турат. Түпкүлүктүү, иш адамында чындап эркиндик бере турган даражадагы реформалар болгон жок ушуга чейин.
Ошентсе да жеке менчик күтүү, ишкерлик кылуу жаатында жетишкендиктер да жок эмес. Өздөрү аракет кылып, “Шоро”, “Кыргыз Концепт”, “Имарат Строй”, “Абдыш Ата” сыяктуу ишканаларды негиздеген ондогон ишкерлер пайда болду. 20 жылдык тарыхта ар бир бийлик алмашкан маалда менчик мал-мүлктөр кайрадан бөлүштүрүлүп келди. Өлкөнүн жогорку жетекчилиги же алардын үй-бүлө мүчөлөрү бирөөнүн байлыгын тартып алган учурлар болду жана бүгүн да коркунучтар жоголгон жок. Менчик корголбогон өлкөдө ишкерлик өнүкпөсүн, инвесторлор келбесин, өлкөнүн экономикасы алга умтулбасын баарыбыз билебиз. Ушул тапта менчикти коргоо жагын бекемдөө абдан маанилүү экенинин айтып коелу.
Кыргыз Республикасында сот органдары да, тескөөчү органдар да жеке менчикти коргоо үчүн иштешкен жок. Андыктан жеке менчикти коргоо жагын бекемдөө маселеси бүгүн кырынан турат.





Акыркы пикирлер