Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Экономика

Neweurasia-кыргызча: Жылдын жыйынтыгы (экономика)
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 19 Dec, 2007 – 14:24 | No Comment

Текшерүүчүлөр азайды:

Ушул өтүп бара жаткан жылдын экономикалык көз-караш менен алып караганда эң керектүү өзгөрүү – бул 25 май күнү «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жана «Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзамдарына президент Курманбек Бакиев тарабынан кол коюлгандыгы болду. Бул мыйзамдык акт ишкерлердин ишине тоскоол кылып, коррупцияны күчөтүп жаткан чиновниктердин текшерүү санын азайтууга алып келүүсү керек эле. Бул жөнүндө Нурбек Абабакиров макала жаза салган.

Завод.Завод.Завод. – же, Президенттин жомогу:

Ошол күндөрү таанышым менен сүйлөшүп калып, Бакиевдин экономикалык саясатын талкууга алдык. Анан мен, “илгерки” кичинекей кезимдеги “экономикага инвестициялоо деген эмне?” деп ойлонуп, “аа, бул завод куруу болсо керек” деп ойлогонум эсиме түшүп, аларга айтып досторум менен саам күлдүк. Бирок, бул күлө турган сөз эмес го?! “Тилекке каршы, өлкө башчыбыз, экономикалык өсүш дегенди – завод куруу деп түшүнсө керек” деп. Себеби, чынында эле, бизнестин үстүнө жамгыр жаагандай болгон бюрократиялык барьерлерден арылтуу, чымындай жабышкан налогдорду пайызын азайтып, бул секторго эркиндик берүү тарабында иш жүргүзүлбөй эле, кайдагы бир “заводду” эки жылдан бери кура албай бийликтин дагы айласы кетти. Ал заводдо ким иштейт десең, же ал эмне, бардыгын жумуш менен камсыз кылгандай бекен? Мен, жана менин тааныштарым 3000 сомго заводго иштеген жаткан жокпуз, – деп билдирген элем.

Капиталды амнистияладыкпы?:

Быйылкы жыл экономикада дагы бир нерсеси менен эсте калды. Ал, капиталды амнистиялоо аракети болчу эле. Бирок, амнистиянын жакшы пландаштырылбагандыгынан, ал эффектиси жок болду да калды. Демилге жаңы көтөрүлүп келе жатканда, мен Neweurasia’га төмөндөгүдөй жазган элем: Чынында эле, капиталды амнистиялоодо эмне жаман жагы бар? Жокко эсе!… Өлкөдөн качып кеткен капиталдарды кайтарсак, өлкө ичиндеги мыйзамсыз акчаларды легалдаштырсак, эмнеси жаман? Бирок, бул жердин “бирогу” бар. “Капитал” өзүнөн-өзү эле амнистиялана бербейт. Бир нече кадамдарды дагы жасоо зарыл. Маселен, салык саясатын карап чыгыш керек, анын ичинен бажы алымын жоготуп, салыкты азайтуу зарыл (бул учурда алар легалдуу ишин улантып кете алат). Толуктаганда, чыныгы либералдык реформаларды баштоо зарыл.

Баа кымбаттады:

Июль айынан тарта Кыргызстандын базарларында ун, дан жана нандын баасы кымбаттады. Керектөөчүлөр нандын баасы 1 сомго, ундун 1 кг 3-5 сомго, ал эми буудай данынын баасы 2-4 сомго кымбаттады деп Азаттык үналгысына шилтеме жасап, андан соң өзүнүн оюн дагы билдирип Кыргыз Мырза баяндады. Чындап эле, экономикадагы быйылкы жылдын негизги чечилбеген маселеси ошол баанын кымбаттоосу эле.Кыймылсыз мүлк агенттигинде иштеген бир тааныш эжем мага төмөндөгу нерсени айтканында, мен ишенбестиктен эки-үч жолу тактап сурадым. Анын айтымында, аларда азыр Бишкектин борбор тарабынан 17 с. жердин баасы 600 000 доллар деген жарыя турат, деп мүлктүн дагы кымбаттоосу тууралуу баян кеткен.

ВТОго киргиздик:

Экономикада дагы бир кабар болду. Анда, Кыргызстан Украинанын Дүйнөлүк Сода Уюмунун катарына кирүүсүнө уруксат берди. Тээ илгертеден (Советтер Доорунан) калган 27 миллион долларга жакын карызды доолап, өз айтканынан кайтпаган Кыргыз Өкмөтү акыры ошол өлчөмдөгү акчаны гуманитардык жардам катары алмай болду.

Бизнес ассоциациялардын альянсы пайда болду:

Марат Джаанбаевдин чакыруусу аркылуу Бизнес Ассоциациялардын Улуттук Альянсынын (НАБА) жыйынында катыша алдым. Хаятта өткөн форумдан кийинки болгон бул биринчи жыйында алар «бизнестин бириккен добушу» боло турган жаңы шериктештиктин уюмдук түзүлүшүн жана башка стратегиялык иш-аракеттерди талкуулашты. Мен үчүн ушундай компания жана бизнес мекемелерин бириктирген ассоциациялардын парламенттик шайлоо алдында өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана элдин жыргалчылыгына алып келе ала турган жергиликтүү жана чет элдик бизнесмендер үчүн жана экономикалык демилгечиликке ылайыктуу шарттарды түзүү тууралуу идеяларын сүрөмөлөө үстүндө чогулушканы кубанычтуу болду.

Эч нерсеге жетишкен жокпузбу?

Биздин жаны авторубуз Мелисбек, озунун кичинекей жылдын жыйынтыгын чыгарган эле. Анда ал 2007 жылы эмнеге жетиштик? Саясатта – артка кайттык. Экономикада – артка кайттык. Маданиятта – статикалык турдо турабыз жылбай, – деп билдирген. Эми биз озубуз эмне деп ойлойбуз?

Кыргыз тыйындары
Written by Melisbek, Saturday, 15 Dec, 2007 – 16:23 | 3 Comments

Баардыгыныздар билгендей, 2008 жылдын январь айынан баштап кыргызстанда монеталуу тыйындар чыга баштайт. Ал эми томондогу тыйындардын кайдан пайда болгонун табыныздарчы:[inspic=37,,,150] [inspic=38,,,150][inspic=39,,,150] Read the full story »

Бизнестин омбудсмендери
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 3 Dec, 2007 – 9:04 | No Comment

Бул менин орус тилинде жазылган макаламдын котормосу.

Ушул өтүп кеткен дүйшөмбү күнү Марат Джаанбаевдин чакыруусу аркылуу Бизнес Ассоциациялардын Улуттук Альянсынын (НАБА) жыйынында катыша алдым. Хаятта өткөн форумдан кийинки болгон бул биринчи жыйында алар «бизнестин бириккен добушу» боло турган жаңы шериктештиктин уюмдук түзүлүшүн жана башка стратегиялык иш-аракеттерди талкуулашты. Мен үчүн ушундай компания жана бизнес мекемелерин бириктирген ассоциациялардын парламенттик шайлоо алдында өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана элдин жыргалчылыгына алып келе ала турган жергиликтүү жана чет элдик бизнесмендер үчүн жана экономикалык демилгечиликке ылайыктуу шарттарды түзүү тууралуу идеяларын сүрөмөлөө үстүндө чогулушканы кубанычтуу болду.Албетте сонунду куруткан куруткурлар болушат эмеспи. Бул жолугушуу дагы аларсыз өтпөдү. Кай бирөөлөр (1-2 адам) бирдиктүү шапкенин алдында биригип, бирдиктүү максаттарды алга сүрөөгө чындап эле каршылыктарын көрсөтүп жатышты. Оюмча, мындай тоскоолчулук ал кай-бир адамдардын амбициясынын, көрөгөчсүздүгүнүн жана эскичиликтин айынан болсо керек. Эмне болуптур. Аларсыз деле бул идея жашап кете алат деп толук ишенем. Албетте сиздер, эмнеге азыркы учурда ансыз деле көптөгөн мындай ассоциациялар турса, маселен, Кыргызстандын Ишкерлер бирикмеси, Бишкек Ишкер Клубу, Жумуш берүүчүлөр Конгресси, Бизнес Ассоциациалар Конгресси, Экспедиторлор Бирикмеси ж.б., дагы бир жаңысын жаратуу керек деп сурайтсыздар. Мен дагы ошентмекмин. Бир гана, карама каршы суроо: Ушул саналып кеткен ассоциациаларды бириктирип, жаман жана тар эмес экономикалык программасы, күчтүү сүрөмөлөө тобу бар жаңы бизнес-ассоциациянын түзүлүүсүндө эмне жаман бар?Эми, мен НАБАнын эмне экендигин түшүнгөнүмө жараша айтып берейин. Эң алгач, бул азыркы калыптанып калган бизнес ассоциацияларынын шериктештиги. Ушундай тартипте, азыркыдай убакыт тар кыйын кезеңде, гана иш алпарууга болчудай. Себеби убакыт дагы ага каршы ойноп жатпайбы. Анын үстүндө мүчө бизнес компаниялар менен иштешкенче, аларды мурда эле бириктирип койгон ассоциациялар менен иштешкен дурус эмеспи, алардын дагы материалдык жана мүчөлүк базасын колдонуу менен. Экинчиден, «бизнестин бирдиктүү добушу», жок дегенде бизнес-коомчулукту бириктирүү менен анын кызыкчылыктарын алга сүрөө аракети деп дагы таанысак болот. Өнүккөн бизнес тармак болсо – ошончолук өнүккөн коом жана аз коомдук проблемаларга дуушар болобуз. Үчүнчүдөн, жеке сектордун корголуусу. Бизнестин жана бизнес-коомчулуктун кызыкчылыктарын коргоо менен бирге эле бул альянс автоматтык түрдө «бизнестин омбудсмени» болуп калат. Баса, НАБАнын өзүнүн экономикалык платформасы дагы бар. Аларга ишенип, өтүнүчтөр аткарылса, анда бизнес дагы оорчулуктан кутулуп, ал эми мамлекеттик казына болсо өзүнүн кирешесин чогултмак эле.Демек, урматтуу партия мүчөлөрү, эгер сиздерге ушинетип бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү келип, экономика менен бизнеске эмне керек деп айтып беришсе, мындай сунушка каршы жооп берүүдөн мурда жүз жолу ойлонуңуздар. Албетте, мен түшүнөм, бизде эркин рынокту колдогон либерал-реформисттик партия жок, бирок ошентсе да, бизнестин сунуштары көңүлүңүздөрдүн бурууусуна татыктуу, ал эми ишке ашырсаңыздар, анда бул иш пайдалуу жана асыл десе дагы болот.

КЫЙМЫЛСЫЗ МУЛК КЫМБАТТООДОБУ?!
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 5 Oct, 2007 – 14:09 | One Comment

Кыймылсыз мулк агенттигинде иштеген бир тааныш эжем мага томондогу нерсени айтканында, мен ишенбестиктен эки-уч жолу тактап сурадым. Анын айтымында, аларда азыр Бишкектин борбор тарабынан 17 с. жердин баасы 600 000 доллар деген жарыя турат.

Мамлекетибиз кедей болгонуна карабастан кыймылсыз мулк абдан эле жогору баада. Коптогон чет элдиктер бизге тан калышат, кантип эле ушундай мулктор бизден дагы кымбат болуп кетсин деп.

Азыркы учурда, кыймылсыз мулктун улумдан-улам кымбатташы жонокой калкка дайым эле осо берет деген корунушто сезилет. Ошондуктан алар ар-дайым акчасын ушундай мулкко инвестициялап, анын негизинде конкуренциянын аркасынан баа дагы осуп жаткан кербези.

Мындан тышкары, орточо айлык алган (мен бюджеттиктерди айтпай эле коеюн), ал тугул жашоо минимумунан 20 эсе коп айлык алган адамдар дагы мындай мулкторду сатып ала алышпайт.

Кыргызстандагы мектептердин абалы…
Written by Гульсали, Monday, 17 Sep, 2007 – 10:08 | 3 Comments

Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынан, жана анын пландаштыруусундагы болгон жыртыкчалардын азабынан азыркы учурда мектеп окуучулары сапаттуу билим ала албай, кыйналып келишет.Айыл жергесинде бир класста 30 адам окуса, анын ичинен копчулук учурда сабакка келгени 15-18. Элетте мындан тышкары мугалимдер тартыш болгондуктан, «Эмгек», же «Дене тарбия» сабагынан берген мугалим озунун кесибинен тышкары «Математика», «Тарых» жана башка дагы сабактарды берип, билим сапатын дээрлик томондотушуудо.Эми Бишкеке кайтып келсек, бул жакта жагдай бир аз жакшыраак. Мектептерде акча кобуроок толонгондуктон, коптогон мугалимдер ордуларында эле калып калышкан. Бирок, борбордогу мектептерде коптогон акча жыйноо процесстери журуп, мамлекет тарабынан тыюу салынса дагы, «мектеп фондуна» деп жылдап, айлап окуучулардан каражат топтоп келишет.Бишкекти тегеректеген коптогон жаны конуштар бар. Алардын биринде №81 мектеби дагы жайгаштырылган. Анын ачылуусуна экс-президент озу катышып, белек берип кеткен. Азыркы учурдагы мектептин жагдайы – айтып буткус. Башталгыч класстарда окуучулар укмуштуудай коп болуп, класстар жетишпегендиктен, мектеп администрациясы кай бир класстарды бириктирип салган. Анын жайынтыгында азыркы учурда ар бир класста 37-40 адам окуп, окууга мумкунчулуктор кыйла кесилген. Бул жагдайды менин билгенимдин себеби, менин кичу карындашым ошол жерге окуйун деп барган эле.

Жеңишбек Дыйканов: “Мен келечекте артка кылчайып, азыр кантип ойлонгонумду эстеп туруу максатында блог ачтым”
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 15 Aug, 2007 – 12:33 | One Comment

Жеңишбек Дыйканов азыркы учурда Туркияда иштейт. Анын Кыргызстандан кеткенине 10 жыл толду. Ал, мекенине кез-кезде келип турганы менен, көпчүлүк убактысы башка өлкөдө өткөнүнө карабастан, бир нече жума мурун өзүнө жеке блог ачып, ага кыргыз тилинде жазып баштады. Андан тышкары, Жеңишбек биздин бул долбоорго дагы жазып тураары жөнүндө билдирди. Анын колу боштугун билип, андан төмөнкүдөй интервью алууга жетиштим:

Neweurasia: Жеңишбек байке, Туркияга кантип барып калдыңыз?Жеңишбек: Түрк лицейинде окуганым бул жакка келүүмө көп таасир тийгизди окшойт. 95 жылы лицейде 9 классты бүтүргөн соң мени менен кошуп 3 баланы Туркияга 20 күндүк эс алууга алып келишкен. Анан албетте жакшы жерлерин көргөзүшкөн да. Анын сыңарындай, Стамбулда, дегеле Туркияда кооз жерлер көп эмеспи. Жаштык, бала кыял менен ушундай чоң, тарыхый шаарга окусам деп кызыктым.Айрыкча бизге окшогон тоолук жигиттерге деңиз өтө кызыктуу көрүндү окшойт. Ага чейин өзүбүздүн көлүбүздү дагы көргөн эмес элем да.Neweurasia: Ошол кезде Стамбул шаары Бишкектен абдан эле айырмаланып турса керек? Эң өнүккөн шаардай сезилгендир?Жеңишбек: Албетте! Өзүңүз элестетип карап көрүңүз: 95 жылы чоң-чоң авто магазиндердин алдында жаңы машиналар сатыкта турат. Анан алтын саткан дүкөндөр да көздүн жоосун алып, текчелеринде жалтырап турат. Анан ойлойт экенсиң, бул жер бизден алда канча өнүккөн шаар экен деп. Балалык көз-караш менен экономиканы ушинтип түшүнөсүң да… Ал жылдары Азамат автобазары деле азыркыдай чоң болбосо керек.Neweurasia: Акыркы жолу Бишкекке качан келдиңиз? Өзгөрүү байкалабы?Жеңишбек: Бишкекте акыркы жолу Казахстанга командировкага барганда 3 күнгө баргам. Иштер менен алек болгондуктан, анчейин деле өзгөрүүнү байкай албадым. Мен бирок жалпы Кыргызстандагы өзгөрүү жөнүндө айта кетейин, кааласаң…Neweurasia: Албетте, ушул жагы кызыктуу болсо керек.Жеңишбек: Биздин өлкө деле, акыркы он жылда аз да болсо өнүктү. 3-4 жаңы соода борборлору курулду. Бирок менин көңүлүмө толбогону, соода тармагына көптөн-көп инвестиция болгондой. Ал деген алып-сатуу эле да, ал эми көзгө көрүнөрлүк өнөр-жай ишканаларына инвестиция жок. “Производство” деп орусча айтып коюшат го.Биз өзүбүздүн продукциябызды иштетип, дүйнөлүк рынокко сата албай жатабыз. Албетте, бул жерге 1-2 фирманы кошпой эле коёлук. Жалаң гана Кытайдын товарларын сатып, жан баккандайбыз. Тоо-кенди айтпай эле койсом. Биз алтыныбыз бар деп мактанабыз, бирок андан пайда таппаганыбыз жалпыга маалым. Read the full story »

“Баурластарда” ун кымбаттаса, бизде нан жок болот?!
Written by Гульсали, Tuesday, 31 Jul, 2007 – 14:40 | 2 Comments

Июль айынан тарта Кыргызстандын базарларында ун, дан жана нандын баасы кымбаттады. Керектөөчүлөр нандын баасы 1 сомго, ундун 1 кг 3-5 сомго, ал эми буудай данынын баасы 2-4 сомго кымбаттаганын байкашты деп билдирет Азаттык үналгысы. Эгин оруп-жыюу иши 70-80% аяктап калган учурда ун, нандын баасы жогорулашы жергиликтүү калкты таң калтырды.Адистер дүйнөлүк базарда азык-түлүк данынын көтөрүлүп жатканы менен байланыштырышууда. Дүйнөлүк базарда азыр азык-түлүк данынын бир тоннасы 350 долларга чыкты, бул өткөн жылга караганда 30-40 пайызга кымбат, дейт кабарчы Замира Кожобаева.Коомчулукта мындай баанын жогорулашын, Казахстандын кыргыз мамлекетине эмес, башка мамлекеттерге кобуроок экспорт кылып баштоосу, жана озундо буудайдын тартыш болуп жатканынан деп эсептешет.Мындан тышкары Кыргызстандын базарларын жана тегирмендерин дан менен камсыз кылып келген Казакстандын өзүндө да буудай тартыш болуп жаткандыгы да айтылууда.Азаттыктын билдирүүсүнө карата, расмий маалыматтар боюнча Кыргызстан өзү бир жылда 1 млн 200 миң тонна дан керектейт. Күнүмдүк жашоону нансыз элестете албаган карапайым калк дан, ун жана нандын баасынын көтөрүлгөнүнө нааразы болууда.

Ысык-Көл – дегеле куттуу жер экен…
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 30 Jun, 2007 – 17:21 | No Comment

Быйыл, казак жарандары Ысык-колдогу пансионаттардагы 80 пайыздан ашык “путевка” орундарын сатып алышкан. Бул тууралуу коомчулукта ар-кыл ой-пикирлер жүрөт, бирок менин оюмча, бул кайрадан жакшы.Бул теманы эстегенимдин себеби, эки-үч күн мурун кереметтүү Көл калаасынан кайтып келдим. Абасы салкын, суусу таза, куму абдан эле сонун, дегеле дүйнө жүзүндө мындай жер жоктой сезилет экен. Кара, Каспий деңиздерине караганда мекенибиздеги көлүбүз бир топ эле жогору турат дешет менин тааныштарым, башка кол, деңиздерди коруп келгендер. Баса, азыркы учурда көлүбүздүн суусу абдан таптаза экен. Бул, сезондун баштала элегинде окшойт деп койдум, оюмда.Ушундай керемет жерибизге мына эми туристтер дагы жабылып келе башташты. Мурдагы жылдары көп келе албай калышкан, алар саясый туруксуздуктун айынан деп эсептешет эксперттер.Айтор, эгерде биздин сулуу тоолорубуз жана Ысык-Көлүбүз жок болсо, анда эмне болмок деп ойлонуп келдим ичимен. Чын эле, көздүн жоосун алган бул сулуулук жон жеринен чет элдик туристтерди өзүнө тартып жаткан жок да. Ушундан колдонуш керек эми, дагы көбүрөөк туристтерди өзүбүзгө тартышыбыз керек. Бар гана, экологияны дагы ойлой билсек…

Капиталды амнистиялоого качан барабыз?
Written by Мирсулжан Намазалиев, Thursday, 14 Jun, 2007 – 10:35 | One Comment

[inspic=5,left,,130] Тааныш досторум, “Кыргызстандагы капиталды амнистиялоо” аттуу темадагы ушул алтынчы күнү тартыла турган теле-талкууго чакырышты. Бул темага мындан мурун дагы кызыгып, окугандыктан, макулдугумду бердим.Капиталды амнистиялоо деген – бул мурун мыйзамсыз деген “көлөкө” базарындагы айланып, жана миграциядан түшүп жаткан ресурстарды, амнистиялап, аларга легалдык жолго түшүүгө жардам боло турган иш-аракет. Мындан жалаң гана “капиталы” бар адамдар пайда көрбөстөн, мамлекет дагы чоң жардам алат, себеби, салык алуу базасы көбөйөт жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрү өсөт.[inspic=6,right,,180]Бул практиканы казак эли алты жыл мурун эле ишке ашырып, укмуштай зор пайда алышкан. Амнистия аркылуу алар 480 миллион АКШ долларына (Ички Дүң Продукциясынын 2%) тете акчаны мыйзамдаштырган. Бул ишке 3 миңдей адам катышып, алар “көлөкө” базарында болуп келген 88 пайыз нака акчаны алып келишкен. Эки айдын ичинде эле (2001 жылдын июнь-июль айлары) банк системасына кошулган элдик салымдын суммасы 46 пайызга өскөн (51,7 млрд. теңге). Коңшу Казахстан бул иш-аракетке барганынын себеби, өлкөдөн капиталдардын качуусу, “көлөкө” базарынын чоңдугу, жана ошондой эле улуттук экономиканы бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн болгон кошумча инвестициялардын керектиги эле.Биздин шордуу Кыргызстан бул айтылып кеткен “проблемалар” менен эчак эле алек. Бирок, алиге чейин “капиталды амнистиялоо” демилгеси калың көтөрүлүп, кандайдыр бир саясый күчтөр аркылуу лоббиленген эмес. Бизде деген ИДПнын 40% ашыгын “көлөкө” маркети түзөт эмеспи. Данияр Усенов бир-эки жолу ушул идеяны айтып келген, ал эми Курманбек Бакиев болсо, өзүнүн президенттик шайлоо алдындагы берген интервьюлардын биринде минтип айткан:

«Жакынкы аралыкта реалдык секторду өнүктүрүү үчүн өкмөт уч чоң иш-аракет жасоону пландаштырууда, булар: эски 1990 жылдан бери калган карыздарды кечиртүү, салык амнистиясын өткөрүү жана кирешелерди мыйзамдаштыруу”, деген ал.

Чынында эле, капиталды амнистиялоодо эмне жаман жагы бар? Жокко эсе!… Өлкөдөн качып кеткен капиталдарды кайтарсак, өлкө ичиндеги мыйзамсыз акчаларды легалдаштырсак, эмнеси жаман?[inspic=4,left,,160]Бирок, бул жердин “бирогу” бар. “Капитал” өзүнөн-өзү эле амнистиялана бербейт. Бир нече кадамдарды дагы жасоо зарыл. Маселен, салык саясатын карап чыгыш керек, анын ичинен бажы алымын жоготуп, салыкты азайтуу зарыл (бул учурда алар легалдуу ишин улантып кете алат). Толуктаганда, чыныгы либералдык реформаларды баштоо зарыл.Эми, эн кыйын нерсе болуп бул, “акчасын кайттыруучуларды” кандайча үгүттөө болуп эсептелет. Аларга деген кепилчилик бериш керек.

“Завод.Завод.Завод” жана “3000 сом”
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 13 Jun, 2007 – 18:58 | 2 Comments

Бүгүн дагы бир тааныштарым менен сүйлөшүп жатып, кайрадан эле саясатка көңүл бурдук. Бирок бул саамда, экономика жагына. Анан мен, “илгерки” кичинекей кезимдеги “экономикага инвестициялоо деген эмне?” ойлонуп, “аа, бул завод куруу болсо керек” деп ойлогонум эсиме түшүп, аларга айтып досторум менен саам күлдүк. Бирок, бул күлө турган сөз эмес го?!Анан баягы эле азыркы өлкө саясатын кемчиликтерин талкуулап жатып, бир нерсеге такалдык: “Тилекке каршы, өлкө башчыбыз, экономикалык өсүш дегенди – завод куруу деп түшүнсө керек” деп.Себеби, чынында эле, бизнестин үстүнө жамгыр жаагандай болгон бюрократиялык барьерлерден арылтуу, чымындай жабышкан налогдорду пайызын азайтып, бул секторго эркиндик берүү тарабында иш жүргүзүлбөй эле, кайдагы бир “заводду” эки жылдан бери кура албай бийликтин дагы айласы кетти. Ал заводдо ким иштейт десең, же ал эмне, бардыгын жумуш менен камсыз кылгандай бекен? Мен, жана менин тааныштарым 3000 сомго заводго иштеген жаткан жокпуз.Андан көрөкчө, демилгелүү жеке рынокко эркиндик берип, алар аркылуу алга сүрөө деген ой жетишпей жатса керек деп кейидик.