Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Экономика

Кумтөр Кыргызстанга канча пайда алып келет?
Written by Нурила Батыралиева, Saturday, 30 Apr, 2011 – 1:32 | No Comment

Кыргызстан эң ири алтын кенин иштетүү боюнча Канаданын “Камеко” корпорациясы менен 1992-жылы келишимге кол коюшкан. Акаевдин бийлиги Кыргызстандын бүтүндөй келечегин байланыштырган “Кум-Төр” кенин элге чыккынчылык кылуу менен канадалыктарга жең ичинен сатып жиберген, деген ойлор коом ичинде айтылып келет.

Аскар Акаевдин бийлиги канадалыктар менен түзүлгөн эки тараптуу келишимде “Кум-Төр” кенинен канча алтын казылса, ошону тең бөлүүнүн ордуна, тескерисинче, өз элине карасанатайлык менен кенди иштетүүдөн түшкөн таза кирешени гана бөлүштүрүүгө макулдугун берген. Бухгалтериянын тили менен айтканда, таза киреше деген сөз – бул түшкөн пайдадан аны алууга коротулган баардык чыгымдарды кемиткенден кийинки аз гана өлчөмдөгү таза киреше аталат. Өз мезгилинде, мындай келишим канадалыктарга абдан ыңгайлуу болгон. Натыйжада канадалык тарап кенди казууга кеткен чыгымды кагаз түрүндө атайылап көбөйтүп көрсөтүшүп, “Кум-Төр” кенинен кыргыз мамлекетине жарытылуу пайда бербей келет.

Келишимдин тарыхы

1992 жылы түзүлгөн келишим 2003-2004-жылдары Николай Танаевдин өкмөтү тарабынан дагы бир жолу өзгөртүлгөн. Тагыраак айтканда, алгачкы келишим боюнча “Кумтөр” кенинин акциясынын 70 пайызы Кыргызстанга, калган 30 пайызы канадалыктарга тиешелүү болуп, келишимдин мөөнөтү 2003-жылы толугу менен аяктап, алтынды иштетүү кыргыз тарапка өтүшү жазылган эле. Ушул жылы тескерисинче, кыргыз бийлиги “Кум-Төрдү” Кыргызстанга алуунун ордуна, аны дээрлик толугу менен чет өлкөлүк атуулдарга жең ичинен сатып жиберишкен.  Ошол кездеги кыргыз бийлиги чет өлкөлүктөр менен жашыруун сүйлөшүү жолу менен “Центерра голд” компаниясын түзүшкөн. Анын курамына “Кум-Төр” кенин киргизишкен. Бирок, “Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшү таң калыштуу жол менен мурдагы 70 %дан 33 %га түшүрүлгөн. Мындан сырткары, ал акциялардын жарымынан көбү 82 млн. долларга жең ичинен сатылып кеткен. Кыргызстандын колунда болгону 15, 66 % акция калган.
2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин да келишим дароо өзгөртүлгөн эмес. 2007-жылы гана сүйлөшүүлөр башталып, аны ал кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев баштаган топ жүргүзгөн. Ал сүйлөшүүлөр жыйынтыгында канадалыктар Кыргызстандын акция боюнча үлүшүн 29, 4 %га жеткирүүгө макул болгон. Бирок, келишимди жакшыртуу максатында жаңы өкмөт башчы Игорь Чудинов башында турган дагы бир топ иштеп, алар Кыргызстандын үлүшүн 33 % га жеткирүү, жалпы өндүрүлгөн продукциядан 18 % салык төлөө боюнча макулдашууга жетишкен. 1997-жылдан тартып, 14 жыл бою “Кум-Төр” долбоорунан Кыргызстанга 342 миллион доллар киреше түшкөн. Ошол эле маалда Канада тарап 237 тонна алтын казып алып, 3 миллиард 681 миллион доллар киреше тапкан. Башкача айтканда, жалпы кирешеден мамлекетке тогуз пайыз гана пайда түшкөн. Буга нааразы болгон жергиликтүү калк келишимди толугу менен өзөртүүнү талап кылышууда. Алар таза кирешени эмес, казылып алынган алтынды тең бөлүүнү сунушташууда.

Күнүнө үч жүз килограмм алтын өндүрүлөт
Ушундан улам келишим түзүүдө таза алтындан эмес, өндүрүштөн тапкан киреше тең бөлүнүшү керек деген пикирлер коомдо айтылып келет. Балыкчыда акыркы жолу болуп өткөн митинг учурунда Коомдук көзөмөл кеңештин өкүлү Жаныбек Толкунов: “Алтын өндүрүү көбөйдү. Мен он эки жыл ал жакта иштегем. Биздин балдар айткан маалымат боюнча, күнүнө эки жүз элүү, үч жүз килограммга жакын алтын өндүрүлөт. Бирок, кожоюндары расмий документтеринде 40-50 килограмм деп көргөзүшүүдө”, – деп ММКларга  билдирген.

Эң өкүнүчтүүсү, коркунучтуусу алтынды башкалар казып, кыргыз элине кенди иштетүүдөн уулуу зат калдыктарын калтырышууда. Маселен, “Кум-Төр” кени деңиз деңгээлинен 4 000 метр бийиктикте, кереметтүү Ысык-Көлдүн сырт тарабында жайгашкан. “Кум-Төрдөгү” ачык кен казып алуу иштери 2004-жылы эле аяктамак жана жер алдынан алтын казып алуу иштери башталууга тийиш болчу. Бирок, канадалыктар чыгым көп кетет деп жер алдына киришпей, бүтүндөй тоону томкоруп алтын казышып, Петровка аттуу бийик тоо түп орду менен жок болгон. Эң коркунучтуусу алар кен иштетүүдөн чыккан уулуу зат калдыктарын ошол эле 4 миң, метр бийиктиктеги Нарын дарыясына жана кереметтүү Ысык-Көлгө куючу суунун үстүндөгү тоо арасында курулган дамбаларга ойду-келди төгүп келишет. Адистер ал дамбалардын эл аралык талаптарга ылайык эмес, туура эмес курулганын белгилешет.  Ага көңүл бурган эч ким жок. Мындан сырткары, оор жүк ташуучу машиналар Балыкчыдан тартып “Кум-Төр” кенине чейинки жолду аралап өткөндүктөн, жол жээгиндеги карапайым адамдардын үйлөрү, курулуштар, жайыттар, айлана-чөйрө олуттуу жабыркоого учурап жатат.

Уйлар Кыргызстанды сактап калабы?
Written by Нурила Батыралиева, Tuesday, 5 Apr, 2011 – 9:14 | One Comment

Кыргызстанда саясатчылар элди күлдүргѳнгѳ аракет кылышабы, же чын жүрѳгүнѳн жакшы иш жасайын десе, күлкү болобу билбейм. Бири, койлорго паспорт берели десе, дагы бири тезек терип болсо да жылыналы дейт.  Малга жакын саясатчылардын дагы бири-  Алмазбек Атамбаев. Read the full story »

Кытайдан келген жумурткалар ден соолука зыянбы?
Written by adilet, Tuesday, 29 Mar, 2011 – 5:38 | No Comment

Көп жылдан бери Кытай Республикасы дүйнө жүзүнө арзан баадагы кийимдерден тартып, электроника, транспорттук жана курулуш техникалары, текстилдик индустриядагы товарларды жана тамак ашын экспорттойт. Акыркы 30 жылдан бери Кытайдын экономикасы абдан бат өнүгүп, Ички Дүң Продукциясы (ВВП) боюнча 2010-жылы Япониядан ашып, экинчи орунга чыгып, Америка Кошмо Штаттарынан эле арта калат.

Биздин өлкөдө кийимдерден башка электротехника, тамак – аштан: тооктун буттары, күрүч, жер жемиштери жана жумурткаларды алып келип сатышат. Кытай тамак – аш өндүрүүчүлөрдүн колунан адамдын саламаттыгына шек келтирчү нечендеген химия жолу менен жасалчу тамак – аштары жаралууда. Алардын эң коркунучтуусу катары тооктун жасалма жумурткасын атоого болот.

Химиялык жол менен жасалган жумурткалардын жасалыш жолу төмөнгүчө:

  • Sodium Alga Asid – деп аталган химиялык жасалма жолдогу компоненттерди суу менен аралаштырып, 1,5 саат коет.
  • Ал аралашмага саргайткыч зат кошулуп, көбүктөрү кеткиче он мүнөткө коюшат.
  • Андаң соң аралашмага бензоат содасы, лактон, карбаксиметилцеллюлоза, карбид кальцийи, лизин деген химикаттар кошулат. Ошентип белок деген даяр болот.
  • Белоктун жарымына, жумуртканын сарысын алуу үчүн  тамак-ашты кызарткан зат кошушат.
  • Боелгон белокту кальций хлориддин аралашмасы куюлган калыпка куюп, жумуртканын сарысынын формасына келтиришет.
  • Даяр сарыны жумуртканын формасындагы калыпка салышып, үстүнө белок куюшат. Жасалма жумуртка туруктуулукка ээ болушу үчүн, кальцийдин аралашмасын кошушат.
  • Ошондон кийин жумуртка даяр болот. Жумуртканын формасы кальций хлоридинин аралашмасына турукташкыча, анын сырткы кабыгы даярдалат. Ал үчүн катуу парафинди (нефтиден чыгарылуучу ак эритме зат) балкытып эритип, ага гипс кошуп аралаштырат. Кабыктын аралашмасы даяр болгондо, жумуртканын үстүнө тегиз куят.

Ошентип, даяр жумурткалар базарларга, супермаркеттерге жиберилет.

Химиялык-жумуртканы кантип билсе болот

Ден – соолукка таптакыр пайдасы жок болсо дагы, бүтүндөй химиядан жасалган жумуртканын көрүнүшүн табигый тоок жумурткасынан айырмалоо мүмкүн эмес экендиги көйгөй жаратат. Бирок, жасалма жумуртканы сатып келип, тамак жасаарда, анын кабыгынын катуулугунан жана ичи химиялык кошулмалар жыттанганы менен айырмачылыкты байкоого болот. Башкача айтканда, эгерде жумуртканын ичи кызыктай жыттар менен жыттанса, анда мындай жумуртка химиялык жол менен жасалган жана бул жумурткаларды дароо эле ыргытып жибериш керек.

Биздин ден соолугубуз өзүбүздүн колубузда

Кыргызстанга мындай ден – соолукка зыян жумурткалардын канчасы алып келинип жатканын эч ким так айталбайт. Ал эми башка өлкөлөр мындай азык – түлүктөргө эшигин жаап, базардагы сатылып жаткан азык – түлүктөрдүн сапатына көзөмөл коюшкан. Анткени, бул өлкөлөр элинин эртеңкисин, таза келечегин ойлошот. Ал эми биздин өлкөдө сырттан келген азыктардын сапатын, колдонуу убактысын текшерүүчү лабораториябыз да жок. Ошондуктан Кытайдан келген жумурткаларды болушунча абайлап колдонушубуз зарыл. Анткени биздин ден – соолугубуз өзүбүздүн колубузда.

Кыргызстан 2011-жылдын Менчик укуктардын эларалык индексине кирбей калды
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 23 Mar, 2011 – 8:40 | No Comment

Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту 2011 жылдын Менчик укуктардын эларалык индексине катышпай калгандыгын билдирет. Бул индекс бүткүл дүйнөнүн Ички Дүӊ Продукциясынын 97 пайызын түзгөн 129 мамлекетиндеги менчик укуктарынын сакталышын өлчөйт. Бул отчёт физикалык жана интеллектуалдык менчик укуктарынын мамлекеттин экономикалык өнүгүшүнө болгон таасирин табууга аракет кылат.

Менчик укуктарынын эл аралык индексине таянсак, менчик укуктарынын эӊ туруктуу режимдери Швеция менен Финляндияда, ал эми Венесуэла акыркы 129-орунда турат. КМШ мамлекеттери терс жыйынтыктарды көрсөттү: Казахстан 100чү жана Орусия  93чү орундарда. Тилекке каршы, Кыргызстан 2011 жылкы отчётко маалыматтар жетишпеген үчүн кирбей калды, бирок 2010 жылы 97чи орунду алган эле.

Экономикалык өнүгүү менчик укуктарынын сакталышы менен тыгыз байланышта экендиги албетте түшүнүктүү. Мисалы, жеке менчиктин туруктуу режимдери бар болгон мамлекеттерде бир адамга болгон Ички Дүӊ Продукциясы орточо $38,000 түзөт. Ал эми сакталбаган режимдерде болгону $5,000 түзөт. Кыргызстанга окшогон өнүгүп жаткан мамлекеттерге жогорку жашоо дэӊгелине жетиш үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Соттун көз карандысыздыгы
  • Мыйзамдын үстөмдүгү
  • Физикалык менчик укуктарынын корголуусу

Менчик укуктары боюнча белгилүү серепчи Эрнандо де Сото менчик укуктарынын сакталбашы көбүнчөсү өнүгүп жаткан малекеттерде байкалат. Ушул мамлекеттердин жарандары экономикалык өнүгүүгө абдан муктаж болушат, ошондуктан алардын менчиктерин коргоо абзел деп белгилейт.

«Менчикке болгон укуктар Кыргызстанда начар корголот. Былтыркы убактылуу өкмөттүн декреттери менен болгон чоӊ менчиктердин экспроприяцияланышы менчик укуктардын бузулуусун тастыктайт. Мындай аракеттер бизнес чөйрөгө жана инвестициялык долбоорлорго терс таасирин тийгизет», – деп CAFMIнин экономикалык серепчиси Баходиржон Раджапов белгилейт.

CAFMIнин башкаруу директору Сейитбек Усманов менчик укуктарды коргоо жетишпегендиги жана саясый туруксуздук мамлекетти алсыздандырып келет, андыктан менчикке кол тийбестикти күчөтүү тармагында тез чараларды көрүү абзел билдирет.

Кыргызстанда чыныгы бизнесмендер кимдер?
Written by Нурила Батыралиева, Monday, 21 Mar, 2011 – 6:38 | No Comment

Кыргызстанда жалпысынан алганда бизнесмендер кѳп. Алардын арасында, кѳбү мамлекеттик кызматка келип, жумуш ордунан кыямат пайдаланып,  керек болсо, мамлекеттин мүлкүнѳ кол салып, ошол аркылуу байлыкка жетип, бизнестерин ѳнүктүргѳн «бизнесмендер» бар.  Алардын атын атабаса деле белгилүү.  Бирок, мен бүгүнкү макаламда, ѳзүнүн идеясы менен бир эле байлык эмес, эл оозуна алынган, жаштарга үлгү боло ала турган, чыныгы бизнесмендер жѳнүндѳ жазгым келди. Read the full story »

Жапониядагы жер титирөө дүйнөлүк абалга кандай таасир тийгизет?
Written by Асель Шабданова, Wednesday, 16 Mar, 2011 – 6:28 | No Comment

Башка бирөөнүн көйгөйү бизге  түздөн туз таасир бербесе, боор ооругандан башка сезимдерди козгобойт. Бирок, Жапониядагы  1920-жылдан бери болуп көрбөгөндөй кырсык, дүйнөдөгү мамлекеттердин тынчын алды. Башынан баштасам, 11-марттагы Жапониянын түштук-чыгышындагы Рихтер шкаласы боюнча 8.5-9 баллга жеткен жер титирөө ири цунаминин козголтуучусу болду. Азыркы маалда башка мамлекеттердин жана Жапониянын адистери жаратылыш кырсыктары качан токтоорун жана дүйнөлүк экономикага, экологияга кандай таасир тийгизээрин божомолдоп жатышат.

Глобалдык экономиканын жаңылануусуна таасири

Глобалдык экономикадагы маанисин эске алганда, жер титирөөнун айынан экспорттун токтотулушу башка өлкөдөгү компанияларга, аргасыз терс таасир тийгизет.

Бирок, америкалык компания “Commodore Research” башчысы Джеффри Ландсберг белгилеп кеткендей, “дүйнөлүк экономиканын коз карашынан алганда, жер титирөөнүң терс таасири тез арада жок болот”. Ал эми,  “Мудис” компаниясынын экономисти Альфредо Коутиньо: ” Калыбына келүү процесси, жана материалдардагы керектик глобалдык  сооданы өөрчүтүүгө кандайдыр бир дңгээлде түртү болот”.

Экологиялык паника

Фукусима АЭС станциясынын бөлүктөрүнүн жаралышы, жашоого коркунуч түзгөн ( Эл аралык ядердик окуялар шкаласы боюнча) 6 -деңгээлге жетти, ал эми норманы, Киодо маалымат агенттиги билдирген боюнча, миң эсе ашты. Салыштырма үчүн, Чернобыль авариясына 7-деңгээли берилген. Франция жана Германия мамлекеттери атомдук станцияларды иштен чыгарууга митингдерге чыгып жатышат. Азыркы учурда, радиацияны жок кылуу процесси Фукусима-1де жүргүзүлүп жатат.  Акыркы билдирүүлөр боюнча, Фукусима ж.б. АЭСтердин жарылса, баардык планетага оңор эмес терс таасир тийгизет.

Жердин ортоңку огу 17 см ге жылды. Эми жер тезирээк айланып, күн 1.8 микросекундага кыскарды.

Нефть жана темирдин баасынын арзандашы

Нефть импортер катары Жапония дүйнөдө 3-орунду ээлейт.  Ал эми жер титирөө нефтти иштетип чыгаруучу жасалгаларды бузгандан кийин, Жапония нефть сырьесун азыраак сатып ала баштады, жемек баасы да төмөндөдү. 11 мартта Нью-Йорктук биржада жумада биринчи жолу 1 баррель үчүн  100 доллардан төмөң түздү.

Нью-Йорктук товардык биржанын трейдери айтканы боюнча, Жапониядагы катуу жер титирөө нефттин арзандашына алып келет, бирок, бул тез өтчү көрүнүш болот. Себеби, жаратылыш кырсыктарында,  сырьего баа башында төмөндөйт, ал эми мамлекеттин өзүнө келээринен баштап. кайра көтөрүлө баштайт, себеби сурам жогорулайт.

Read the full story »

Кыргыз Республиканын улуттук обьекттердин сатылышынын проблемалык аспекттери
Written by Мирсулжан Намазалиев, Tuesday, 15 Mar, 2011 – 11:59 | No Comment

Белгилүү болгондой, 2010 жыл Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болду. 7 апрелден баштап жаӊы өкмөт Курманбек Бакиев жана анын жакындарына тиешелүү деп ойлогон объекттерди улутташтыруу процедурасын көтөрүп чыкты. Алар Убактылуу Өкмөттүн Декреттери менен улутташтырылды. Алардын ичинде акционердик коомдордо жана жоопкерчилиги чектелген коомдордогу катышуу бөлүктөрү, жерлер, курулуп бүтпөгөн обьекттер, автотранспорт, самолет, кемелер жана башкалар бар. 2011 жылы республиканын бюджетинин чоӊ бөлүгүн ушул улуттук обьекттерди сатуудан түшкөн кирешелер түзөт. Бул макалада биз ушул обьекттерди сатуудагы укуктук коллизияларды  талкулайбыз.

1 Улуттук объекттердин жалпы проблемалары

1.1 Убактылуу өкмөттүн декреттери нормативдик-укуктуу акттар болуп эсепке алынбайт.

Убактылуу өкмөттүн декреттери Кыргыз Республиканын укуктуу системасына кирбейт жана «Кыргыз Республиканын нормативдик-укуктуу актылар» жөнүндө 2009 жылдын 20 июлундагы №241 мыйзамынын 4 беренесинде жазылбаган. Андан сырткары, төмөнкүлөр жөнүндө дагы суроолор пайда болууда: а) Убактылуу өкмөт норма чыгаруучу орган болуп эсептелинеби; б) Декреттерди Кыргыз Республиканын нормативдик укуктук акттардын мамлекеттик реестринде каттого мүмкүнбү?

1.2 Улутташтыруу Кыргыз Республиканын улутташтыруу институтуна туура келбейт

Улутташтыруу жеке мүлк ээсинен мүлктү зордук менен тартып алуунун бир түрү. Жарандык кодекстин 83 беренесине туура келүү үчүн улутташтыруу төмөнкү шарттарда гана болушу мүмкүн:

a)     Конституцияга жооп бере ала турган мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзамды кабыл алуу жана

b)    Мүлкү улутташтырылган ээге мүлктүн наркын жана тартып алууга байланыштуу болгон зыяндардын наркын төлөп берүү.

Убактылуу өкмөт тарабынан өткөрүлгөн улутташтыруу кампаниясы жогорку аталган беренеге ылайыксыз.

2 Улутташтырылган объекттерди сатуудагы өзгөчөлүктөр

2.1 Юридикалык жактардагы катышуу бөлүгүнүн сатылышы

2.1.1 Акционердик коомдор

Кыргыз Республиканын мыйзамына ылайык, документарсыз формадагы баалуу кагаздарга жеке мүлктүн укугу реестерлерди алып жүрүү системасында реестрди кармап жүрүүчүнүн жеке счетторунда жазылат же депозитарийлердеги баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алганда анда депозитарийлерде депо счетторунда жазылат. Баалуу кагаздарга болгон менчик укуктун келип чыгышы, которулушу, өзгөртүүсү жана токтотулушу жарандык укуктук келишимдердин негизинде жүргүзүлөт, жана Кыргыз Республикасынын мыйзам ченеминде жүргүзүлөт.

Баалуу кагаздардарды жана ачык акционердик коомдордун акцияларын сатып алуу келишимдери мамлекеттик органдын баалуу кагаздар базарын жана баалуу кагаздар менен соода жүргүзүү шарттарын тескөө боюнча болгон  нормативдик укуктук актыларынын негизинде фонддук биржада жүргүзүлөт.

Проблемалык аспект

2009 жылдын 24 июлунда кабыл алынган Кыргыз Республиканын №251 баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамынын 38 беренесине көз чаптырсак, депозитарий же көз карандысыз реестр кармап жүрүүчү катталган кармап жүрүүчүнүн счетунан башка счетко баалуу кагаздарды төмөнкү негиздеринде которсо болот:

- катталган жактын тапшырмасы

- фонддук биржада болгон келишимдерди далилдеген документтер

- өткөрүлчү укукту далилдеген документтер

- сот чечими

Read the full story »

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА ЖЕКЕ ШЕРИКТЕШТИК – КЫРГЫЗСТАНДЫН ИНФРАСТРУКТУРАСЫНЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЖАЛГЫЗ ЖОЛ
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 5 Mar, 2011 – 11:51 | No Comment

Энергокамсыздоо, тиричилик таштандылары жана канализация, суу менен камсыздоо, транспорт, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу тейлөөнүн ар кыл инфраструктурасынын болушу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн жана анын жарандарынын татыктуу жашоосун камсыз кылуунун негизги маанилүү шарттары болуп саналат. Өлкөнүн инфраструктурасына мамлекеттик инвестицияны жумшоодо каражаттын жетишсиздиги Кыргызстанда Мамлекеттик жана Жеке Шериктештиги (МЖШ) деген жаңы мамилени түзүүнү шарттап жатат.

Мында мамлекет инфраструктуралык тейлөөнү жападан жалгыз мойнуна алган милдеттен четтетилет. МЖШ ишинин негизи деп инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мамлекет менен жеке менчик сектордун ортосундагы келишимдик милдеттер эсептелет. МЖШнын негизги максаты -менчик сектордон инфраструктуралык долбоорлорго сапаттуу башкаруу илимин жана ири көлөмдүү инвестиция тартуу. Дүйнөлүк тажрыйбада МЖШнын механизмдери төмөнкү тармактарда колдонулат:

  • Электроэнергияны иштеп чыгуу жана бөлүштүрүү
  • Темир жол линиялары
  • Суу менен камсыздоо
  • Пенитенциардык мекемелер
  • Калдыктарды кайра иштетүү жана жок кылуу
  • Аэропорттор, аба жолдору
  • Саламаттыкты сактоо
  • Авто жолдору
  • Билим берүү
  • Стадиондор жана парктар

Мисалы, АКШнын МЖШны колдонгонуна 200 жылдын чамасы болду. МЖШ боюнча Улуттук Кенештин айтуусунда, учурда Американын ар бир шаарында 23-25 чакты муниципалдык кызматтар менчик бизнес менен тыгыз иштешет. Анын мындай долбоорлорго катышуусу жергиликтүү бийликке 20дан 50 пайызга чейинки бюджеттик каражатты үнөмдөөгө шарт түзөт. Францияда болсо мындай шериктештик 450 жылдан бери белгилүү. Улуу Британия болсо МЖШнын долбоорлорунун жалпы саны боюнча да, аны колдонууда да алдыда. Так ушул өлкөдө да эң биринчи менчик түрмө пайда болгон.

МЖШнын ар түрдүү моделдери тейлөө келишиминен башкаруу келишимине чейин, лизингтен концессияга чейин болот.

  • «Сатып алуу-куруу-иштетүү» (ВВО-Buy-Build-Operate):

Мамлекеттик буюмдардын келишим негизинде жеке менчикке өтүүсү жана ал өткөрүлгөн буюмдар жаңылануусу жана айрым гана убактарда колдонулуусу керек.

  • «Куруу-иштетүү-өткөрүп берүү» (BOT-Build-Operate-Transfer):

Узак концессиондук келишимдин негизинде жеке шерик долбоорлойт, каржылайт, курат жана келишим күчүн жоготконго чейин күчүндө болот. Келишимдин мөөнөтү бүткөндө менчиктөө укугу мамлекетке берилет.

  • «Реабилитациялоо-иштетүү-өткөрүп берүү» (ROT-Rehabilitate-Operate-Transfer):

Жеке шерик өзүнүн ресурстары менен объектилердин акыбалын реабилитациялайт, белгилүү келишим мөөнөтүндө колдонот, андан кийин мамлеккетке өткөрөт. Объектилерди менчиктөө жана көзөмөл укугу, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү боюнча мамлекеттин алдында болот.

  • «Куруу-кирелөө-иштетүү-өткөрүп берүү» (ВLOT-Building-Lease-Operate-Transfer):

Мамлекеттин менчиги болгон объектини жеке шерик киреге алат. Курулушка же жаңылоого өз капиталын инвестициялайт. Колдонот жана долбоор аяктаганда мамлекет менен болгон келишимге ылайык өткөрүп берет.

  • Каржылоого гана катышуу (Finance only):

Жеке шерик долбоорду түздөн түз же түрдүү механизмдер аркылуу каржылайт: узак мөөнөттүү кире же баалуу кагаздарды чыгаруу.

  • «Долбоорлоо -куруу» (DB-Design-Build)

Жеке шерик объектилерди ошол замат экплуатациялоо курулуш келишиминин негизинде курат жана долбоорлойт. Мунун себеби, – мамлекеттик сектордун тейлөөгө болгон кайрылууларын канааттандыруу үчүн.

Read the full story »

Кыргызстанда кантип жеке менчикти сактай алабыз?
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 28 Feb, 2011 – 12:45 | No Comment

Акыркы маалда жеке менчикти сактоо, улутташтыруу жана рейддик операциялар сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр биринен бири ашып, өлкөбүздү каптай баштады. Андыктан, бул макалада Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту кантип жеке менчикти сактоо керек экендиги тууралуу өз пикирин билдирет.

Жеке менчикке ээ болуу, колдонуу жана аны күндөн күнгө арттыруу базар экономикасынын негизги кыймылдаткычы болуп саналат, себеби азыркы жашоодо инновациялар жана инвестициялар жеке менчиксиз мүмкүн болмок эмес. Жеке менчик анын ээсинин тегерегинде өзгөчө эркиндик мейкиндигин жаратат. Ал мамлекет кийлигишпөөдөн пайда болгон эркиндик. Андан тышкары бир жеке менчикке ээ болгон киши менен экинчисинин ортосундагы мамилелердин чектерин аныктап турат. Ошентип жеке менчик адамдын коомдук активдүүлүгүнүн бардык түрүнүн шарты болуп калат. Менчик системасында мыйзамдын өкүмдүгү да чоң ролду ойнойт. Мыйзам менчикке болгон укуктардын коопсуздугун камсыз кылат, коммерциялык чечимдерди кабыл алууда жеке жана юридикалык тараптарда ишенимди жаратат жана узак мөөнөттүү пландаштырууга жана кирешелердин коопсуздугуна кепилдик түзөт.

Көйгөйлөр

Азыркы учурда жеке менчикке болгон укук Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын укуктук колдоосуна ээ болгон. Бирок ошол эле убакта жеке менчик институту ушул күндөргө чейин көпчүлүктүн урматына жана колдоосуна ээ боло албагандыгы үчүн өнүкпөй келет. Буга көптөгөн эл аралык иликтөөлөр күбө болуп келет. Мисалы Кыргызстан IPRIдын көрсөткүчү боюнча 125 орундан 97-орунда турат. Heritage Foundation аттуу уюмдун тыянагы боюнча жеке менчикке болгон укукту коргоодо Кыргызстан 100 упайдан 25 гана упай алган. Азыркы учурда Кыргызстанда жеке менчик жааты эбегейсиз кыйынчылыктарга дуушар болуп турган кези. Биздин оюбузча жеке менчик институнун өнүгүүсүнө тоскол болуп жаткан негизги көйгөйлөр төмөнкүлөр:

  • Жеке менчиктен себепсиз айырылып калуу мүмкүнчүлүгү;
  • Интеллектуалдык менчикке болгон укуктун бузулушу;
  • Көз карандысыз сот бийлигинин жоктугу.

1. Менчиктен себепсиз айрылып калуу мүмкүнчүлүгү

2010-жылдын 27-июнунда референдумда Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы кабыл алынган. Мурдагы Конституциядай эле, жаңы Конституцияда да менчикке болгон кол тийбестик жөнүндөгү жобо орун алган. Жободо эч ким мүлкүнөн себепсиз ажырап кала албайт жана мүлккө болгон укуктан ажыратуу соттун гана чечими менен ишке ашырылат деп жазылган. Ошол эле учурда жаңы Конституцияда мүлктөн ажыратуунун төмөндөгү жоболору айтылган:

  • Улуттук коопсуздукту коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу, калктын саламаттыгын сактоо жана башка жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо максатында, мыйзам тарабынан каралган учурларда соттун чечимисиз мүлкүнөн ажыратуу. Мындай учурда айтылган иш аракеттин мыйзамдуулугу сот тарабынан сөзсүз түрдө каралышы шарт;
  • Мүлктүн баасын жана тартып алуудагы болгон башка чыгымдарды төлөп берүүнү алдын ала адилетүү камсыз кылып, соттун чечими менен мыйзамда каралган коомдук зарылчылыктар үчүн мүлктү алып коюу;
  • Мүлктүн баасын жана башка чыгымдарды төлөп берүү тууралуу мыйзамдын негизинде ишке ашырылган жарандардын же юридикалык тараптардын мүлкү болуп саналган мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү (улутташтыруу).

Алгач жогоруда айтылган жоболордун али чийки экендигин белгилей кетели. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун, адеп-ахлагын, башка жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында деген шылтоо менен соттун чечими чыкпай туруп мүлктү алып коюу өтө эле аша чапкан негиз. Ушул эле негизге таянып мүлктү компенсация төлөп бербей эле алып коюуга да жол ачылат. Ушундай учурлар мыйзамда кандайча чечилээри түшүнүксүз: бул иш атайын мыйзамдарда каралгандай мүлктү тартып алуунун жалпы эрежелери менен жүргүзүлөбү же ушундай ар бир объект боюнча өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен ишке ашабы? Мүлктү тартып алуунун мыйзамдуулугун сот кандайча тартипте териштире турган процедурасы да анча айкын эмес: мындай териштирүү алдын ала болуш керекпи же улантылып иштеп туруш керекпи, ушундай иштер кайсы процессуалдык нормалардын негизинде жүрүшү керек жана натыйжада кандай соттук актылар чыгарылышы керек.

Read the full story »

Бюджет 2011: Кирешеден Чыгаша Көп
Written by adilet, Monday, 28 Feb, 2011 – 5:20 | No Comment

Бюджеттин параметрлерин эсептөө үчүн макроэкономикалык көрсөткүчтөр  алынган. Бул көрсөткүчтөр экономикалык тескөө министрлиги тарабынан даярдалган. Ички дүн продуциясынын (ИДП) номиналдуу көлөмү болжолуу менен 2011-жылга – 245,5 млрд. сом, 2012-жылга – 280,4 млрд. сом, 2013-жылга – 319,4 млрд. сом. 2011-2013 жж. ИДП-нын өсүшү болжолуу менен 6.3%, 6,8%, 6,4%. 

3-5 жылга бюджеттик политиканын эн негизги багыты – узун убакытка туруктуу өнүгүүнүн шарттарын түзүү, инвестциялык климатты жакшыртуу, конкреттүү жыйынтыктарга жетүү, бюджеттик чыгашалардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу.

Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 68 млрд. 453 млн. 552,9 миң сом суммасында жана чыгашалар 89 млрд.  710 млн. 934,6 миң сом суммасында (өнүктүрүү бюджетинин алкагында 7 949 860,8 миң сом суммасындагы гранттык каражаттарды кошкондо) Кыргыз Республикасынын бюджет боюнча 2011-жылга Мыйзамынын долбоорунда жазылган. Бул Мыйзамдын долбоору 10 – февралда Жогорку Кенеште каралып, 69 депутат макулдугун беришип, биринчи кароодон өттү.

2011-жылкы Кыргыз Республикасынын бюджети

Республикалык бюджеттин кирешесинде салыктан түшкөн кирешелер 2011-жылы   – 43,2 млрд. сом, 2012-жылы – 46,9 млрд. сом, 2013-жылы – 50,5 млрд. сомду түзөт. Бюджетке салыктан тышкары түшкөн кирешелер 2011-жылы – 11,2 млрд. сом, 2012-жылы – 9,9 млрд. сом, 2013-жылы –9,7 млрд. сом.

Социалдык тармакта иштегендерге жана айыл чарбада иштеген фермерлерге «Фермерлерге насыя» (1 млрд. сом) 2011-жылдын республикалык бюджетинде акча каражаттары каралган. Ош менен Жалалабатты калыбына келтирүү жана өнүктүрүү Мамлекеттик дирекциясына 2011-жылы 2,4 млрд. сом каралган. 

Бюджеттин дефицити 2011-жылы 21,3 млрд. сом же ИДП 8,7 % түзөт. Бул дефицитти жабыш  үчүн ички булактардан 5,9 млрд. сом, тышкы булактардан 15,4 млрд. сом каралган.

Республикалык бюджеттин чыгаша тарабын карап көрсөк: Мамлекеттик кызматка – 29,9 млрд. сом (бюджеттин 33,4 %), коргоого – 3,2 млрд. сом (бюджеттин 3,5 %), коомдук тартип жана коопсуздука – 6,9 млрд. сом (бюджеттин 7,7 %), экономика тарабына – 23,4 млрд. сом (бюджеттин 26,1 %), токой чарбаны коргоого – 0,5 млрд. сом (бюджеттин 0,5 %), турак жай жана комуналдык тейлөө кызматына – 0,8 млрд. сом (бюджеттин 0,8 %), саламаттыкты сактоого – 5,7 млрд. сом (бюджеттин 6,3 %), эс алуу, маданият жана динге – 1,2 млрд. сом (бюджеттин 1,3 %), билим берүү тармагына – 5,3 млрд. сом (бюджеттин 5,9 %), социалдык коргоого – 12,8 млрд. сом (бюджеттин 14,3 %).

УЛУТТАШТЫРУУ КИМГЕ ПАЙДАЛУУ? КЫРГЫЗСТАНГА ЭМЕС
Written by Мирсулжан Намазалиев, Tuesday, 22 Feb, 2011 – 9:54 | No Comment

Улутташтыруу процесстери Кыргызстанда 2010 жылдын апрель айынан башталган.  Автомобилден баштап, экономика негиздерин түзгөн «Мегаком» сыяктууга чейин 47 объект улутташтырылса дагы, бул процесстердин пайдалуулугунун кыргызстандыктарга  дагы да болсо түшүнүксүз. Мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаевдин билдиргендей, “Кыргызстанда объекттердин улутташтыруусунан мамлекет бир тыйын дагы пайда көргөн эмес.”

Мындан тышкары, «Мегаком» уюлдук операторунун улутташтыруу процессинин мыйзамдуулугу  көбүн эсе талаш-тартыштарды жаратууда. Тагыраак айтканда, аны өткөрүүгө кайсы ведомстволор укуктуу жана бул учурда алар кайсы нормативдик актыларга таянаары  суроо болуп калууда. КМШ өлкөлөрү менен иш алып барган инвесторлордун укугун коргоо тууралуу Конвенциянын 9-пунктуна ылайык, аны Кыргызстан 2000-жылы  ратификациялаган Мыйзамда көрсөткөн: «Инвесторго компенсацияларды төлөмөйүнчө улутташтыруу жүргүзүлбөйт». Бирок Конвенциянын иши  «Мегакомду» жана башка объекттерди улутташтырууда байкалган жок. Менчик ээлерине эч кандай төлөм кайтарылбай, сот чечимдери дагы болгон жок- бир гана Убактылуу Өкмөттүн Декрети негиз болуп кала берди. Ал  2010-ж. апрель окуяларынан кийин дароо кабыл алынган. Улутташтыруу тууралуу юрист- эксперт Мурат Мадыковдун ою боюнча,  “адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн, мүлк  рынок наркы менен бааланып,  компенсация  алып салуу учуруна чейин болуусу шарт. Ошондой эле мүлк ээсин алып салуу фактысын жана алынып жаткан мүлктүн наркын  кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарыл.”

«Мегакомдун» улутташтыруусу коомду эки лагерге бөлдү: бири, бул чаралар ишканаларды каражаттарды уурдоонун схемаларынан арылтат деген ойдо бийликтин иш-аракетин колдосо,  башкалар кай бир чиновниктердин кызыкчылыгын көздөгөн рейдерлик деп эсептейт. Кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенин  тиешелуу органдар чечет. Бир гана нерсе түшүнүктүү – аталган  окуялар биздин өлкөгө болгон чет элдик инвесторлордун мамилесине доо кетирет, мүмкүн Кыргызстандын эл аралык мамилелерине дагы таасирин тийгизет.

КР мүлк Министирлиги, «Мегаком» Максим Бакиев жана анын айланасындагылардын   компаниясы «Альфа Телеком» Жабык акционердик коомуна тиешелуу деп, улутташтырууну колдоп жатышат.  Чынында эле, 2009-ж. алар  россиялык инвесторлордон тартып алып, «БиМоКом» ЖЧКсынан «Альфа Телеком» ЖАКка катташкан. Бирок, мурунку инвесторлор ээ болуу укугун жергиликтуу жана эл аралык соттордо далилдешкен, чын-чынына келгенде алардын бөлүгүн- «Мегакомдун» 51% аларга кайтаруу зарыл эле. Бул чечим менен  Жогорку Кенештин улутташтырылган мүлк боюнча Комиссиясы макулдугун билдирип, Өкмөттү аталган суроодо чечим чыгарып, чекит коюууну милдеттендирген.

Read the full story »

Паспортизация. Ким миллионер болгусу келет?
Written by Нурила Батыралиева, Sunday, 20 Feb, 2011 – 21:59 | No Comment

Акыркы эки айдан бери Малекеттик катто кызматынын паспорту жаңылоо боюнча инициативасы кѳңүл чордонунда болуп келет.  Жогорудагы кызматтын Статс-секретарынын айтымында, азыркы кезде колдонулуп жаткан ID карталар (ички паспорттор) колдонууга ыңгайсыз, аны алуу үчүн жарандар 20 күн күтүп 100 сом тѳлѳѳсү керек. Бул паспорттордун  сапаты да начар болуп, мамлекет чыгарууга кетирген чыгашаны жабууга мүмкүн болбой жатат.  Бирок, ушул эле сѳздѳр 2003-2005 жылдары айтылып ID картаны алганыбыз эсибизде.

Эмнеге кыргызстанда бат баттан паспорт алмашып турат? Бул  кээ бир бийликтегилердин капчыгын толтуруучу бизнестин түрүбү? Эмнеге мамлекет ѳз жарандарын туруктууу паспорт менен камсыздабай жатат?  Массалык маалымат каражаттары маалымдагандай, 2003 -2005 жылдары паспорт алмаштыруудан жеке менчик ишкана , орто эсеп менен 80 миллиондон 150 миллион АКШ долларына чейинки пайда кѳргѳн. Read the full story »

КЫРГЫЗСТАНДЫ ТУРИЗМДИН ӨЛКӨСҮНӨ АЙЛАНДЫРУУ
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 18 Feb, 2011 – 6:35 | 3 Comments

Туристтик тармакты реформалоонун негизги максаты туристтерге жана чет өлкөдөн келгендерге мамилени толугу менен өзгөртүүдө турат. Мунун өлчөнүүчү көрсөткүчү болуп бул тармакта бюрократиянын өтө аз болушу абзел, б.а. виза алуу, аэропортко келгенде паспорттук текшерүүдөн өтүү, өлкө ичинде жүрүү жана өлкөдөн кайра чыгып кетүүдө келген коноктун эң аз убактысын алышы керек. Меймангерчилик тууралуу түзүлгөн жакшы ой, ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдүн жарандарына визасыз режим Кыргызстанга чет өлкөлүк туристтердин келүүсүн көбөйтөт. Төмөндө Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту тарабынан даярдалган, ушул темага байланыштуу, изилдөөнү тапсаңыздар болот.

КӨЙГӨЙЛӨР

Өлкөдө туризмди өнүктүрүү үчүн бир нече маселелер жан кыйынчылыктар бар жана алар ар түрдүү изилдөөлөрдө чагылдырылган. Бишкек шаарындагы жана Ысык-Көл областындагы 2036 ички жана чет өлкөлүк туристтер арасында өткөргөн изилдөөсү боюнча «Маркетинг Сервис Бюронун» отчётунда төмөнкүмаселелердин тизмеси келип чыккан:

Таблицадан көрүнүп тургандай,негизги маселелер:

  • Инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү
  • Тейлөөнүн төмөнкү деңгээли, эс алуучу жайлардын канааттандырбастыгы
  • Бажы жана виза кыйынчылыктары
  • МАИ тарабынан болгон тоноолор

Инфраструктура:

Инфраструктура маселеси бүгүнкү күндө эң курч маселелерден болуп келүүдө. Жолдордун аябай начар акыбалы, коңшу өлкөлөрдүн туристтерин өз унаалары менен келүүсүнө жол тосууда. Атаандаштыкка туруштук берүү жөнүндөгү Глобалдык Отчетко (2009-2010) таянсак, инфраструктуранын сапаты боюнча Кыргызстан Африкаөлкөлөрүнөн гана алдыга өтүп, 133 өлкөнүн ичинен болгону 112 орунду ээледи.

  • Инфраструктуранын жалпы сапаты……… 112-орун
  • Жолдордун сапаты …………………………… 122- орун
  • Суу жолунун сапаты………………………….. 132- орун
  • Аба жолунун сапаты…………………………. 127- орун
  • Электроэнергия берүүнүн сапаттуулугу…  125-орун

Бажы жана виза: Туристтер бажы жана чек ара кызматтарынын документтерди чектен ашыкча текшерүүсүнө нааразы. Андан сырткары,айрым өлкөлөрдүн жарандарына виза алуу машакаты жеңил болгону менен,бул процесс айрым учурларда пара берүүгө мажбурлоо жана алдоо менен байланышкан. Визасыз режим болгону 14 өлкөнүн жарандарына тиешелүү, алардын катарына КМШ өлкөлөрү, Турция, Малайзия, Куба жана КЭДРсы кирет.

Дүйнөдө туризмди жайылтуу боюнча алдыда турган АКШ, Германия, Франция, Улуу Британия, Япония, Австралия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга келүү үчүн виза алуусу татаалданбашы керек эле. Алар визаны «Манас» аэропортуна келгенден кийин 30 $-70 $га сатып алууга шарттары бар, бирок каттоо процедурасынын өзү эле 2 сааттан ашык убактыны алат. Уяты жок кызматкерлер ушундай учурду пайда табууга колдонушат. Бул жерде дагы бир ыңгайсыз факт – виза бир гана “Манас” аэропортунда берилгендиги. Бул процедураны кеңейтип, башка чек ара кесилиштериде да берүүгө мүмкүн кылып койсо болмок.

Пара берүүгө мажбурлоо. Коррупцияланган МАИ жана милиция, жолдордогу жана көчөлөрдөгү тынымсыз текшерүүлөр туристтердинөлкө ичинде бейкапар эс алуусуна тоскоол болууда.

КӨЙГӨЙДҮ ЧЕЧҮҮ

Транспорттук инфраструктура: негизги жол артерияларын инвесторлорго концессияга берүү же мамлекеттик-менчикформасындагы шериктештик жолу менен өнүктүрүүгө чыгаруу. Жолдордон көбүрөөк киреше көрүш үчүн инвесторлор туристтик аймактарды Кыргызстандын чоң шаарлары жана коңшу өлкөлөр менен бириктирген сапаттуу жолдорду курууга аракет жасашмак. Мисалы,жол куруу боюнча менчик сектор менен биргеликте Бишкек-Чолпон-Ата жана Чолпон-Ата-Алма-Ата автожолун ремонттосо болор эле. Андан сырткары, инвесторлорду тартуу менен Ысык-Көлдүн жээгине Тамчы аэропортун куруу чет өлкөлүк туристтердин санын арттырмак.

БАЖЫ ЖАНА ВИЗА. Виза жана бажы документтерин толтуруу, текшерүү убактысын азайтуу жана жүктү алуу түйшүгүн жеңилдетүүзарыл. Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна (ОЭСР) мүчөболгон өлкөлөрдүн, ошондой эле ИДПу жан башына эсептегендеКыргызстандыкынан 3 эсе көп болгон өлкөлөрдүн жарандарына да виза режимин жоюу зарыл. Негизи, виза алуу түйшүгү өтө маанилүү,анткени өлкөбүзгө келип жаткан туристтин биздин өлкө жөнүндөгү алгачкы таасири ушундан башталат.

Read the full story »